Halloween party ideas 2015

Сауд Арабиянын муфтийи зыяратчыларды улуу ажылык мезгилинде саясатты унутуп, ажылык амалдарын аткарууга чакырды. Ошондой эле муфтий ажыларга дүйнө сөздөрүн жана талаш-тартыш жарата турган пикирлерди талкуулабаганга өзүнүн кеңешин берди,-деп жазат Инфо-ислам.
«Ажылык- бул саясий оюндарды ойноо жана бири-бирин көрө албастык менен мусулмандары бөлүп жарууга чакыруу убактысы эмес. Ажылык биримдикке чакыруучу убакыт»,-деди шейх Абдул-Азиз аль-Ашшейх Эр-Рияда болгон жума намазында.
«Зыяратчылар Жараткан Алла Тааланын сөзүн кайталап, анын китебин окуп, Харам мечитин таваф кылуулары керек жана терс чакырыктардан алыс болуулары зарыл»,-деп баса белигледи Сауд Арабиянын муфтийи.

Muftiyat.kg

The post Сауд Арабиянын муфтийи зыяратчыларды ажылык убагында саясатты талкуулабаганга чакырды appeared first on FORMULA.KG.


September 16, 2015 at 11:21PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.