Halloween party ideas 2015

Бул жашоодо өтүп кет­кениңден кийин, артыңда кал­гандар эмне кылышарын, сени канча убакыт эстеп жүрүшө­рүн билгиң келеби? Анда бул дүйнөдөн өткөн адамдардын артындагыларына көз чаптыр. Бир адам кайтыш болду. Буга чейин анын Эшмат деген элге белгилүү аты бар эле. Бүгүн анын аты өчтү. Элдин баары сөөктү жууш керек, майит­ти кепиндеш керек, мүрданы жерге бериш керек деп сүйлөп калды. Эч кимдин оозунан Эш­матты жууйлу, же Эшматты ке­пиндейли деген сөз чыкпады. Аты өчөт деген мына ушул. Адамдар ыйлашты, кайгырыш­ты, кээ бирөөлөр чындап кай­гыга батса, кээлери элди туурап ыйламыш болду. Кээ бирөөлөр анын мындан аркы жашоодо такыр болбостугун эстеп муң­канышса, кээлери анын мал- мүлкүн эсептеп, анын канчасы өзүнө тийерин эстеп ичинен кымыңдады. Кыскасы, ызы- чуу, ый-муң аралаш аны жерге беришти. Анын Ташматов де­ген фамилиясы бар эле. Ал да­йыма аты менен бирге Ташма­тов Эшмат деп чакырылчу. Бү­гүн анын фамилиясы да өзгөр­дү. Адамдардын баары маркум Эшмат деп сүйлөп калышты. Арадан бир күн өттү. Ызы-чуу, кайгы-муң кечээкиден азайды. Адамдар ал жөнүндө аны-му­ну сүйлөп олтурушту. Арадан дагы эки күн өттү. Адамдардын ыйы токтоду. Ал жөнүндө анча- мынча эле сөз болбосо, ар ким өз тирилигин сүйлөй баштады. Анан жетилик, кырктык, жыл­дык дегендерин өткөрүштү. Ошону менен аны эч ким эсте­ген жок. Бир жылда бир жолу “Баланчынын өлгөн күнү бол­чу” деп эстеп жүргөн жакын туугандары да эми такыр эле эстебей калышты.

Мына ушундай, же ушул сыяктуу тагдыр баарыбыздын башыбызда. Сен тирүү кезиңде сени өмүр бою эсинен чыгар­бай тургандай сезилген жакын­дарың, ушунчалык аз убакытта сени эсинен чыгарышат. Себе­би, дүнүйө ушундай жаралган, ушундай улана берет. Сени ар дайым эстеп жүрүүгө адамдын күчү жетпейт, же сени унутууга жашоо өзү аны мажбур кылат. Жашоо ушундай. Ушундай болгон соң, бир нерсени эси­ңе бекем түй. Сени эч качан унутпай турган жана унутууга мажбур болбой турган бирөө бар. Ал – сени жараткан Аллах. Жашооңдун баарын Ал үчүн багышта. Ал – сен тирүү бол­соң да, өлсөң да, жер бетинде болсоң да, жер астында бол­соң да унутпайт. Аны менен жакшы мамиледе бол. Ал эч качан сенин жакшы мамилеңе жамандык менен жооп бербейт. Ал сени унутпайт, сен да Аны унутпа!

Алайчы Сеитбеков

The post Өлүмдөн кийин бул дүйнөнү көргүң келеби? appeared first on FORMULA.KG.


September 30, 2015 at 03:38PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.