Halloween party ideas 2015

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы 23-сентябрь күнү Москва шаарында өтө турган борбордук мечиттин ачылыш салтанатына жөнөп кетти.
Бул саамалыкка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Ракиев Замир кары жана КМБДнын уюштуруу жана катчылык бөлүмүнүн адиси Скаков Азиз катышмакчы.
Ачылыш салтанатка Орусия федерациясынын президенти Владимир Путин, дүйнөлүк диний лидерлер жана ислам өлкөлөрүнүн башчылары катышышат деп маалымдалат islam-today.ru сайтында.
Бул саамалыкка мусулман өлкөлөрүнүн лидерлери, Палестина, Иордания, Катар, Кувейт, Сауд Арабиясы, Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Тажикистан, Иран жана Өзбекстандан атайын коноктор келишээри пландалууда. Түркия, Чад, Судан, Индия, АКШ, Ливия жана Ирак мамлекеттеринин өкүлдөрү аталган саамалыкка келишери күтүлүүдө.

The post Азирети муфтий Москва шаарындагы борбордук мечиттин ачылышына катышуу үчүн Орусияга жөнөп кетти appeared first on FORMULA.KG.


September 22, 2015 at 05:15PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.