Halloween party ideas 2015

Алла Таала Курани Каримде Айт күнүнүн пазилеттери жөнүндө мындай деген:

{ فَصَلِّ لِرَبِّكَ وَانْحَرْ }

“Эми Роббиңе (сыйынып) намаз окуп, курмандык чал”. (Кавсар сүрөсү).

عَنْ ابْنِ عَبَّاسٍ عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنَّهُ قَالَ: “مَا الْعَمَلُ فِي أَيَّامٍ أَفْضَلَ مِنْهَا فِي هَذِهِ قَالُوا وَلَا الْجِهَادُ قَالَ وَلَا الْجِهَادُ إِلَّا رَجُلٌ خَرَجَ يُخَاطِرُ بِنَفْسِهِ وَمَالِهِ فَلَمْ يَرْجِعْ بِشَيْءٍ”.

(صحيح البخاري).

Ибн Аббастан риваят:

Пайгамбарыбыз САВ Зул хижжа айынын биринчи он күндөрү жөнүндө мындай деген:

“(Башка мезгилде кылынган) сооп иштердин даражасы ушул күндөрдө кылынган сооп иштерге жетпейт”-деп айтканда, “Казатка чыгуу делеби?”-деп сурашат. Анда Пайгамбарыбыз САВ: “Бул күндөрдөгү сооп иштерказаттагы сооптордон да ашып түшөт. Тек гана, бир киши өзүнүн өмүрүн, бардык мал-мүлкүн коркунучка келтирип,(казатка чыгып)жанын, мал-мүлкүн курбандыкка чалган болсо (ошол гана абзел боло алат)”-деп айткан.
(Бухари, 969)

Зул хижжа айы ислам календарынын 12-айы. Бул айдын 8-күнүнөн тартып, 13-күнүнө чейин мусулмандар Меккеге барып, ажылык парзын өтөшөт. Ошондой эле ушул айдын 10-күнүндө Курман Айт майрамы майрамдалат.

Айт күнүн майрамдоонун сырлары:

  • Курбан айт зул хижжа айынын 10-күнүндө майрамдалат.
  • Зул хижжа айынын биринчи 10 күнүПайгамбарыбыз САВ өз хадисинде айткандай, жыл ичиндеги эң абзел жана улуу күндөр.
  • Зул хижжа айынын 9-күнүндө ажылар Арапа өрөөнүндө Аллага жалынып-жалбарып, анын мээримин алуу үчүн дуа кылышат.
  • Ажыга барбай калган мусулмандар Арапа күнү орозо кармашса, алардын эки жылдык күнөөлөрү (мурдагы жана кийинки) кечирилери жөнүндө хадистерде айтылат.

Курман Айттын так күнү:

Курман Айт зул хижжа айынын 10-күнүндө майрамдалат. Зул хижжа айы үстүбүздөгү жылдын 6-октябрында кирүүсү аныкталганына байланыштуу, быйылкы жылы Курбан Айт майрамы 15-октябрда майрамдалуусу күтүлөт.

Айт намазынын өкүмү

Балагатка жеткен, акыл-эси жайында, ден-соолугу таза, сапарга чыкпаган ар бир мусулман эркек Айт намазын окууга милдеттүү.

Айт намазын окуу убагы

Айт намазы күн чыгып көтөрүлгөндө, чашке маалында окулат. Буюрса,быйылкы Курман Айт намазы 2013-жылдын 15-октябрында саат 7:30 да окулуусу күтүлүүдө.

Айт намазына барууга чейинки адептер:

  • Мисвак колдонуп, тиштерди жуу.
  • Бүт денесин жууп, гусул алуу.
  •  Эң жакшы кийимдерди кийип, жагымдуу атырлардан себинүү.
  •  Курман Айт намазын окуганга чейин тамактанбоо.(Эрте мененки тамакты курбандыктар чалынгандан кийин жесе жакшы болот).
  •  Колуна күмүш шакек тагуу.
  •  Мусулмандар менен саламдашып, бактылуу экендигин билдирип, конокко баруу.
  •  Ыйман келтиргендерди куттуктап, Аллах Таала алардын курбанчылыгын кабыл кылуусун каалоо.
  •  Мүрзөлөргө, туугандарынын күмбөздөрүнө зыярат кылып, садака берүү.
  •  Намазга баратканда“Аллоху акбар! Аллоху акбар! Лаа илааха иллаллох, валлоху акбар, Аллоху акбар, ва лиллахил хамд”-деп такбир айтуу.
  •  Намазга бир жол менен барып, ал жактан кайтканда башка жол менен келүүсү сүннөт.

Айт намазын окуунун тартиби:

Айт намазын мечиттен сырткары, ээн жерде окуу сүннөт. Айт намазы 2 рекеттен турат

1-рекет:

Такбир айтып, колду байлап, Санаа дубасын окуган соңтакбир айтып,3 жолу кулак кагат. Ар бир кулак какканда эки колун көтөрүп кулагына тийгизет. Андан кийин үнүн чыгарбастан Аъуузуну, бисмилланы айтат. Андан соң Фатиханы, ага дагы бир сүрөнүкошуп окуп, рүкү кылып, саждага барат.

2-рекет:

Экинчи рекетке турганда ичинен бисмилланы айтып, Фатихага кошуп дагы бир сүрөнү окуган соң, 3 жолу такбир айтып, кулак кагат, 4-жолкусунда рүкүгө такбир айтып, рүкү кылат. Намаздын калганы кадимки намаздардай эле окулат.

Кыскача айтканда,

1-рекетте: 3 жолу такбир айтып, кулак кагуу фатиханы окуудан мурда болот.

2-рекетте:3 жолу такбир айтып, кулак кагуу рүкүгө кетүүдөн мурда болот.

Курмандыкка кайсы малдар жарактуу

Курмандык чалуу адеби

Курмандыкка:

– кой,

– эчки,

– уй,

– топоз,

– төө же ушул айбандардын түрдөштөрүнөн чалынат.

Бүткүл ислам аалымдарынын бул жөнүндөгү көз карашы бирдей. Курандагы Хаж сүрөсүнүн 34-аятында көрсөтүлүп өткөн “төрттүлүк мал” – төө, уй, кой жана эчкилерден турары белгилүү. Өзгөчө, пайгамбарыбыз (САВ) менен сахабалары жогорку малдардан бөлөк эч кандай бир айбан түрүнөн курмандык чалган эмес.

Ушул кемчиликтердин бири болсо, мал курмандыкка жараксыз:

– эки көзү же бир көзү сокур болсо;

– союлар жерге басып келе алгыс төкөр болсо;

– эки кулагы же бир гана кулагы жок болсо;

– тиштеринин көп бөлүгү түшүп калган болсо;

– эки мүйүзү же бир гана мүйүзү түбүнөн сынган болсо;

– чыбыгы же эмчек үрпү жулунган болсо;

– куйругунун үчтөн биринен көп бөлүгү кесик болсо;

– сөөгү уркуйган өтө арык болсо;

– кулагы же куйругу тубаса жок болсо;

– башкарганга, жетелегенге, жем чөп бергенге жараксыз жинди болсо;

– анык оорулуу болсо.

Ушул кемчиликтердин бири болсо, мал курмандыкка жарактуу:

– көзү чалыр же чала көрүүсү;

– бир бутунун аксак болушу;

– тубаса токол, же мүйүзү кичине сынган болуусу;

– кулактары тешик тилик же учу кесик болуусу;

– бир-эки тиши түшкөн болуусу;

– оттоосуна тоскоолсуз анча-мынча жинди болуусу;

– куйругу, кулагынын үчтөн биринен аз бөлүгү кесик болуусу;

– кулагы тубаса кичине болсо;

– котур болсо да, семиз болсо да курмандыкка чалуу макрүх бирок жарай берет.

Курмандыкта малдын жынысы, жашы кандай болуш керек?

Кой-эчки, уй-топоз жана төөнүн эркек, ургаачылары бирдей курмандыкка жарай берет. Тек гана койдун эркегин, эчкинин ургаачысын курмандыкка чалган абзел.

Кой жана эчкинин кем дегенде бир жашка толгону курмандыкка жарайт. Бирок алты айга толгон жарым жаш кой бир жашар кой сыяктуу семиз, эттүү болсо курмандыкка жарайт. Эчки болсо сөзсүз бир жашка толгон болуусу керек. Уй-топоздун эки жашары төөнүн беш асыйга толгону курмандыкка жарайт.

Башка жандыктан курмандык чалынабы?

Ибадат маселесинде эң майда делген формаларына чейин Куран менен сүннөткө төп келүүсү талап кылынат. Андыктан жылкы, тоок, каз-өрдөк, жейрен-кийик ж.блар курмандыкка жарабайт. Буларды курмандык чалуу ниети менен мууздоо оор макрүх. Себеби ислам сыртындагы айрым негизсиз диндерге окшоп калуу келип чыгат.

Кайсы мал курмандык кандай чалынат?

Кой жана эчки тек гана бир адам үчүн курмандыкка чалынат. Уй-топоз түрүндөгү бодо малдар ар бирөө бир адам үчүн курмандыкка чалынуусу дурус болгону сыяктуу эле, жети кишиге арналып, орток курмандыкка чалууга да болот. Курмандык чалууда бир бодо малга ортоктошкон адамдардын баарысы мусулман адамдар болуусу, ар бирөө курмандык ибадатын аткаруу ниети менен ортоктошкон болуусу шарт. Эгерде шериктешкендердин бирде-бирөөсү курмандык чалуу ниетинде эмес тек гана бир бөлүк этке ээ болуу ниетинде кошулса, эч бирөөнүн курмандыгы дурус болбойт.

Курмандык чалуунун убактысы

Курмандык чалуу – Курман айттын биринчи күнү айт намаздан кийин башталып, айттын үчүнчү күнү шамга жакын мезгилге чейин аткарылса болот. Бирок курмандык чалуунун эң жакшы жана абзел убактысы – Курман айттын алгачкы күнү айт намаздан кийин түшкө чейин экени талашсыз. Аргасыз себептерге байланыштуу курман айттын намазына барып катыша албай калган адам айт намазы окулуп бүткүдөй убакыт өткөндөн кийин курмандыгын чала берсе болот. Пайгамбарыбыз (САВ) курмандык чалуунун убактысы жөнүндө айткан хадистерден мисал келтирсек, Бараа бин Азиб (р.а.) мындайча баяндайт:

“Алланын элчиси (САВ): “Биздин ушул күндө алгач жасачу ишибиз намаз окуу, андан соң кайтып келип курмандыгыбызды чалуу. Ким ушул боюнча жасаса сүннөтүбүзгө ээрчигени, кимде ким мындан мурда курмандыгын чалчу болсо бул курмандык үй ичине союлуп берилчү эттен айырмасы жок. Мунун курмандык болуусу мүмкүн эмес”.

Башка бир хадисте: “Ким намаздан мурун курмандыгын чалса, кайра баштан курмандыгын чалсын” деп баса айтылат. Демек, намаздан мурун чалынган мал курмандык катары эсептелбөөсү анык эскертилип жатат.

Курмандык чалууга милдеттүүлөр

“(Материалдык) абалы, (курмандык чалуу) убагы (баары) жайында болсо дагы, курмандык чалбагандар биздин намаз окуган жайыбызга жакындабасын” (Хадис шариф).

Курман айт майрамында курмандык чалууга милдеттүү болуу үчүн төрт шарт талап кылынат:

1. Мусулман болуу.

2. Акыл-эси жайында жана балагатка жеткен куракта болуу.

3. Жолоочу болбоо.

4. Белгилүү мал-мүлккө ээ болуу.

Ханафий мазхабында курмандык чалууну важиб кылган байлыктын өлчөмү зекетте жана фитир садакасында талап кылынган байлык өлчөмү менен бирдей. Тактап айтканда, карыздарды жана негизги муктаждыктарды эске албаганда, 20 мыскал (85 гр) алтын же 200 дирхам күмүш өлчөмүндө эсептелет. Материалдык мүмкүнчүлүгү мындай абалдагы аялзаты же жетилген балдар курмандык чалууга милдеттүү болуу менен бирге, өмүрлүк жолдошу же атасы булардын атынан (белек жолу менен) курмандык чалуусу жетиштүү болот. Ал эми башка мазхабдар курмандык чалууну туруктуу сүннөт катары эсептешкендиктен, курмандык чалуу милдети үчүн өзүнчө бир байлык өлчөмү аныкталган эмес.

The post Курман Айт күнүнүн пазилеттери appeared first on FORMULA.KG.


September 15, 2015 at 02:01PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.