Halloween party ideas 2015

Падышанын жан дүйнөсү тарып, ички сырын жарыла айтып бук чыгарууга ылайыктуу киши таба албай өзүн жаман сезип олтурду. Колундагы бийлиги да, байлыгы да түккө татыбай, бир нерсесин жоготуп алгансып көпкө кыйнал­ды. Жанында чарк айланып кошо­маттанган жанжөкөрлөрү көзүнө албарстыдай көрүнүп, жүрөк тере­ңинде алардын ар бир кыймылы жалган сыяктуудай туюлду.

Жалгыз олтуруп мындан жети жыл илгери зынданга салдырган аалымды эстеди. Ошондо мунун каарынан да, заарынан да корк­погон аалым алдына келип, кем­чилигин бетине айткан эле. Аа­лымдын айтканы чындык экенин билип турса да, пенделик алсыз­дыгы менен падышалык текебер­лиги кошул-ташыл болуп анын сөзүнө сынгысы келген эмес. Тес­керисинче, аалымды сындырууга аракет кылган. Бирок, кашайып ал да айтканынан кайтпай туруп ал­ган болчу. Акыры экөөнүн талашы аалымдын зынданга ташталуусу менен аяктаган. Андан бери жети жыл өтүптүр. Буга чейин бир, эки курдай гана аны эстебесе, эсинен такыр эле чыгарып койгон экен. Эмнегедир бүгүн ошол аалым эсине түштү. Кызык, жети жылда ал кандай өзгөрдү экен? Падыша вазирин чакырып, аалымды алып келүүгө буйруду.

Аалым жылуу салам айтып кир­ди. Ооба, чач-сакалы агарып, өңү бозоруп, жүдөңкү тартып калып­тыр. Бирок, көздөрү баягыдай эле ишенимдүү тиктеп, жанып турат.

– Мага каршы сүйлөйм деп, агымга каршы сүзгөн кемеге тү­шүп алганыңды сездиңби? – деп сөз баштады падыша, аалымды сынай карап.

– Мен дарыгермин, – деди аалым, – оорулуу адамга кирсем насаатымды айтам. Падышанын кашы серпиле түштү. Ооба, деди ичинен, мунун көзү да, сөзү да ошол бойдон экен.

– Мага насаат айтууну сага ким буйруду?

– Бул тактыга олтурууну сага ким буйруду? – деп, суроого суроо ме­нен жооп берди аалым.

– Мен калайык-калктын каа­лоосу менен бул тактыда олтура­мын.

– Мен калайык-калктын Жара­туучусунун каалоосу менен сүй­лөймүн.

– Адамдардын башчысына кар­шы сүйлөгөн адам, тумшугу менен зынданга түшөрүн сен дагы эле биле элексиңби?

– Ооба, аны жакшы билип кал­дым, бирок ааламдардын Жара­туучусуна каршы сүйлөгөн адам тумшугу менен тозокко түшөрүн сен али биле элек окшойсуң, па­дышам?

– Эмне үчүн аалымдардын баа­ры сен айткан нерсени айта алыш­пайт?

– Жети жыл зынданда жатуудан коркушат. А мен үчүн бурадарым Жусуптай болуп зынданда жатуу – чындыкты жашыруудан жакшы­раак.

– Мен сени зынданга салып, жети жылдык өмүрүңдү текке ке­тирдим, эми каалаганыңды сура, мен сени ыраазы кылайын, – деди падыша бир аз жумшарып.

– Туура айтасың, менин кырчын курагым өтүп картайып калдым, эми менин бир эле суранычым бар, менин жаштыгымды кайта­рып бер, – деди аалым бир аз ийи­ле.

– Бул менин колумдан келбейт.

– Андай болсо, менин ден соо­лугум начарлап бара жатат, мени өлүмдөн сактап кал.

– Бул да менин колумдан кел­бейт, менин колумдан келчү нер­сени сура! – деп бети-башы кыза­рып чыкты падышанын.

– А мен болсо булардын баарын аткара алуучу Затка жакындап бара жатам, – деди аалым, – баса сен да Ага жакындап бара жата­сың, – деп кошумчалап койду анан.

– Сен менден бир нерсе сурап алмайынча, бул жерден чыгар­баймын! – деп кыйкырып жибер­ди падыша буулугуп.

– Эгер бир нерсе суроого мук­таж болсом сенден эмес, мобу кулуңдан сурап алмакмын, – деди аалым эшик тоскон желдетке кол жаңсап.

– Бул сенин акмактыгың, мен­ден таппаган нерсени кулумдан тапмак белең?! – падыша дагы ачууланды.

– Кулуңдан сурайм десем ачуу­ландың, мен дагы сага окшогон алсыз кулунан сураганым үчүн Жаратуучу Падышамдын ачуула­нуусунан коркомун.

– Мен сага менден бир нерсе сура деп жатам! – падыша кыйкы­рып жиберди.

– Макул, андай болсо артыңа үч кап буудай көтөрүп чыгып бер, ала кетейин, – деди аалым камы­рабай.

– Бул оңой эле, – деп падыша жумшара түштү, – бирок, үч капты мен көтөрө албайм.

– Үч кап буудайды артыңа көтө­рө албасаң, калың журттун мил­детин моюнуңа кантип көтөрүп жүрөсүң? – аалым падышага су­роолуу карады, – биз бул заманда эл милдети эмес, өз арабабызды жарытылуу тарта албай калдык.

Падыша башка сөз сүйлөгөн жок. Тескери бурулуп, аалымга “чыгып кет” дегенсип кол жаңса­ды. Эшик акырын жабылып, анын кадамынан чыккан дабышы угул­бай калганча нес болгон эмедей катып турду. Анан гана оор үшкү­рүп тактысына басып келди. Аа­лымдан жеңилгенине ичи күйүп турса да баягыдай кыйналбай өзүн жеңил сезип калды. Колун асман­га созуп, акырын шыбырай башта­ды: “Оо, ааламдардын Жаратуучу­су, алсыз пендеңдин күнөөсүн кечире көр. Тозок отуна тумшугу менен кирүүчүлөрдөн кылба. Оо, Жараткан…” Чын ыклас менен жү­рөктөн чыккан тообаны коштой, көздөрдөн куюлган жаш тамчыла­ры сакал ылдый агып жатты…

 

The post Аалым менен па­дыша appeared first on FORMULA.KG.


September 15, 2015 at 05:19PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.