Halloween party ideas 2015

Кечээ Сауд Арабиясынын Мекке шаарында ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын өкүлдөрү жана ажы башчылар Мина өрөөнүнө келишип кыргызстандык зыяратчылар үчүн жай алышты.
Иш чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары, ажылык штабынын жетекчиси Эратов Равшан ажы, борбордук текшерүү комиссиясынын жетекчиси Араев Абдужапар ажы жана Сауд Арабиясынын кыргызстандык зыяратчыларды тейлөө штабынын жетекчиси Ваадиъ Асъад Кунг катышып, Мина өрөөнүнөн ажыларыбызга атайын жай бөлүп берди.
Андан соң штаб өкүлдөрү Мекке шаарындагы Сулейман Аль Раджи мечитин зыярат кылышып, Умар Аль Фархи мырза менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Умар Аль Фархи Мекке шаарындагы мечиттердин архитектуралык жасалгаларынан тарта, коопсуздугуна чейинки маалыматтарды айтып, штаб мүчөлөрүнө өз тажрыйбасынан бөлүштү.
Жыйындын акырында ажылыкты уюштуруу боюнча штаб өкүлдөрү жана Эратов Равшан ажы кыргызстандык зыяратчылар үчүн кам көрүшкөн Ваадиъ Асъад Кунг мырза менен Умар Аль Фархи мырзага өздөрүнүн белек-бечкекетерин беришип, кыргыз элинин атынан ыраазычылыктарын билдиришти.

Muftiyat.kg

The post Кыргызстандык зыяратчылар үчүн Мина өрөөнүндө орундар бөлүндү appeared first on FORMULA.KG.


September 16, 2015 at 02:02PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.