Halloween party ideas 2015

ФАТВА №016-13

СУРОО: Кумар оюндары боюнча шарият кандай карайт?

ЖООП: Кумар – бул эч кандай эмгек кылбастан башка адамдардын акыларын жөн жерден алуу дегенди түшүндүрөт. Бүгүнкү күнү кумардын түрү абдан көбөйүп көптөгөн адамдарды өз таасирине алып коомдук көйгөйлөрдү жаратып жаткан чакта мындай жолдордон оолак болуу ар бир адам үчүн өтө маанилүү. Кумардын зыяны айтпаса да айдан ачык.

Ислам дининдеги чоң күнөөлөрдүн бири – кумар ойноо. Исламда адал киреше табуу жолдору белгилүү. Мусулман адам өзм аңдай тери менен иштеп, эмгек кылып акча табышы зарыл. Ислам дини кумар оюндарына ачык-айкын тыйуу салган. Бүгүнкү күнү кеңири кулач жайган лотерея, оюн автоматтары, «картошка», казино ойундарынын Кумар ойноо, ойнотуу баары кумарга кирет.

Куранда кумар ойноо жана ойнотууга тыйуу салынгандыгын баяндап төмөнкүчөбуюрулат:

«Оо, момундар! Арак, кумар, (сыйынууүчүн) орнотулган таштар жанажа анын огу менен төлгөтартуу – шайтандын ыплас иштеринен болуп саналат. Мындан сактангыла! Мүмкүн кутулаарсыңар. Шайтан арак, кумар менен ортоңорго кек салып от жагып, Алланы эскерүүдөн жана намаздан тосууну каалайт…» (Маида сүрөсү, 90-91-аяттар).

Ошондуктан исламда ар бир мусулман адамга, кумар ойноо жана ойнотуу тыйуу салынган арам иш деп белгилеген.

Muftiyat.kg

The post Кумар оюндары боюнча шарият кандай карайт? appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


September 11, 2015 at 10:39AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.