Halloween party ideas 2015

Сауд королдугу Меккедеги зыяратчылар менен болгон кырсыктан каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 млн риял же 266 миң доллардын тегерегинде компенсация төлөмөй болду. Ал эми кырсыкта жеңил жараат алгандарга 500 миң (133 миң доллар) риялдан акча төлөнөт.

Маалым болгондой, 11-сентябрда мусулмандардын ыйык шаары Меккедеги “Аль-Харам” мечитинде кран кулап, жүздөн ашуун адам каза болгон. Ал эми жабыркагандар да ондоп саналат. Сауд Аравия бийлиги король Салман бинь Абдулазиздин жарлыгы менен кырсыкта каза болгондорго жана жаракат алып майып болгондордун үй-бүлөлөрүнө 266 миң доллардын тегерегинде жардам бере тургандыгын билдиришти. Ал эми кырсыкта жеңил жаракат алгандар үчүн 133 миң доллардын тегерегинде компенсация төлөнөт. Ошондой эле каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнөн 2сү кийинки ажылык зыяратында Сауд королдугунун чакыруусу менен акысыз барат.

Ал эми кырсыкка себепкер болгон курулуш компаниясы Бен Ладендин үй-бүлөсүнө таандык экени буга чейин айтылган. Учурда крандын кулаганы боюнча териштирүү ишетри жүрүп, Бен Ладендин үй-бүлөсүнө чет өлкөгө чыгууга тыюу салынды.

Расмий маалымат боюнча Меккеде кулаган крандан улам 110 адам каза болуп, 235 адам жаракат алган. Маркумдардын сөөгү Меккеде жерге берилди.

Maralfm

The post Сауд королдугу Меккедеги кырсыкта каза болгондорго төлөнүүчү компенсациянын суммасын жарыялады appeared first on FORMULA.KG.


September 16, 2015 at 01:54PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.