Halloween party ideas 2015

Меккеде миңден ашуун ажылык зыяратына барган адамдар мейманканада чыккан өрттөн улам эвакуацияланды. Алар негизинен азиялык зыяратчылар экени маалымдалды.

Маалыматка ылайык, 17-сентябрь күнү таң эрте зыяратчылар жайгашкан мейманканалардын биринин 8-кабатында өрт чыккан. Өрттөнгөн аянттын чоңдугунан улам 1208 адам эвакуацияланган. Бул боюнча Сауд Аравиянын куткаруу кызматы билдирген.

Алардын маалыматында, Аз-Азизия районунда жайгашкан бул мейманканада азиялык зыяратчылар болгон. Өрттөн 2 адам жабыркап, аларга учурда тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Саудия бийлиги азырынча өрттүн себептери тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

http://maralfm.kg

The post Меккедеги мейманканадан чыккан өрттөн азиялык зыяратчылар жабыркады appeared first on FORMULA.KG.


September 19, 2015 at 09:59AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.