Halloween party ideas 2015

Кечээ 11-сентябрь күнү Сауд Арабиясынын Мекке шаарында нөшөрлөп жамгыр жаап, суунун деңгээли кескин көтөрүлүп жолдорду суу каптап сел жүрүү коркунучу пайда болгон. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында мындай окуя сейрек кездешет. Катуу шамаалдан улам зым карагайлар жана Каабанын айланасындагы курулуш краны кулап кеткен. Мекке шаарында болгон кырсыкта азырынча жапа чеккендердин арасында азырынча Кыргызстандык зыяратчылар жок. Учурда ар бир ажы башчынын тобундагы ажылар толукталып такталууда.
«Ажылыкты уюштуруу боюнча Республикалык штабдын өкүлдөрү таң атканча Кыргызстандык зыяратчыларды толуктап, ар бир ажы башчы менен тыгыз иштешти. Учурда дагы иш катуу жүрүүдө. Азырынча кырсыкка кабылгандардын арасында биздин Кыргызстандык жарандар жок»,-деди жеринде ажылыкты уюштуруу боюнча Республикалык штабдын өкүлү Умар Карыпов.
Азыркы бизге жеткен маалымат боюнча Меккеде болгон кырсыктан 87 киши каза болуп, 201 киши жабыркаган.

http://muftiyat.kg/

The post Мекке шаарындагы болгон кырсыктан жапа чеккендердин арасында Кыргызстандыктар жок appeared first on FORMULA.KG.


September 12, 2015 at 12:06PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.