Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бразилияда Санта Клаустун кейпин кийген кылмышкер вертолетту уурдап кеткен. Бул туурасында ишемби күнү жергиликтүү полиция кызматкерлери маалымдашты.

Маалыматка ылайык, кылмышкер “Санта Клаустун” кийимин кийип бир компаниянын вертолетун ижарага алган. Robinson 44 вертолету менен бара турган жерине аз калганда учкучка тапанча такап, вертолетту токтотуусун талап кылган. Конгон жерден башка кишилерди да алгандыгын качууга жетишкен учкуч айтып берген. Бул туурасында мексикалык Sinembargo маалымат порталы жазат.

Учурда кылмышка шектүүгө издөө салынып, кылмыш иши козголгон.

http://maralfm.kg/


November 29, 2015 at 07:19PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

img_5284

Бүгүн Баткен облусуна караштуу Исфана шаарында заманбап үлгүдө курулган “Ашыр Мухаммад” атындагы мечитинин ачылуу аземи болуп өттү. Ачылыш салтанатка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Токтомушев Максатбек ажынын Тажикстан Мусулмандарынын Муфтийинин орун басары Мусазада Хусанжандын, Азирети Муфтийдин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Махманаби Арзыкулов, Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун, Лейлек районунун акими, Исфана шаарынын мэри жана башка имам хатибдер, диний окуу жайлардын жетекчилери катышты.

Маалыматка ылайык жаңы ишке берилген “Ашыр Мухаммад” мечитинин ордунда 1830-жылы курулган эски мечит болгон, мечитти бир канча жолу оңдоп түзөө аркылуу пайдаланылып келген, Ал эми бүгүн анын ордуна 300 кишиге ылайыкташкан мечит элдин демилгеси жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн көмөктөшүүсү менен курулган.Мечиттин курулушуна 4 млн сомго жакын акча каражаты сарпталган.
Мечиттер адамдын адеп ахлакын, кулк мүнөзүн оңдоочу, тарбия алуучу жай. Мечитке келген мусулмандар жараткандын алдында бай же кедей экендигине, түсүнө, улутуна карбастан бирдей болуп саналат. Ошондуктан мечиттер элдердин ынтымагын, улуттардын арасындагы достукту бекемдей турган жай катары болуусу керек экендигин Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Токтомушев Максатбек ажы мечиттин ачылуу аземинде баса белгилеп өттү жана жергиликтүү элди ар дайым мечитти жандандырып турууга чакырды.

“Ашыр Мухаммад” мечитинин ачылуу аземине келген коноктор мечит элибиз үчүн жакшылыкты үйрөнүп, жамандыктан арылуучу, ынтымакты бекемдөөчү эң негизгиси амал үзүлбөгөн мечиттерден болуусуна тилектеш экендиктерин айтышты. Мечиттин ачуу аземинин соңунда Азирети Муфтий жалпы элибиз үчүн дуа кылды.

Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы


November 29, 2015 at 07:13PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

“Ыйман жан дүйнө азыгы” программасынын бул чыгарылышында “Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа с.а.в” тууралуу кеп курдук. Студиябыздын коногу Кыргызстан Алымдар кеңешинин төрагасы, Кыргызстан ислам университетинин ректору, белгилүү аалымАбдышукүр Нарматов болду.

Мухаммед Пайгамбар (араб. Мухаммад محمد, туулган убагы 22-апрель, 571-жылы (же 570-ж.), рабиүль-Аввал айынын 12синде, дүйшөмбү күнү, күндүн чыгышына аз калганда, Меккеде — каза болгон убагы 632-ж., 8-июнь, Мадинада.) — Исламдын акыркы пайгамбары. Ислам ишеними боюнча Кудай Мухаммед пайгамбарга ыйык китеп болгон Куранды түшүргөн. Андан тышкары саясий инсан, анын башкаруусунун натыйжасында Араб жарым аралыгында күчтүү жана жетишээрлик чоң мамлекетке айланып кеткен умма мусулмандар жамаатынын негиздөөчүсү жана башчысы. Пайгамбар с.а.в дын өмүр баяны:

Көчмөн бедуиндер үй-бүлөсү, акы төлөп баласын бактыра турган адам издешип Меккеге барышат. Аялдар бир-бирден бала алышат. Болочок пайгамбарды “атасы жок жетим экен, жарытып акы төлөбөйт да” деп эч ким албай коёт. Халима аттуу аял башка бала табылбагандан кийин кичине Мухаммедди алып үйүнө кайтат. Өздөрү кедей турушкандыктан Халима өзүнүн наристеси менен Мухаммедди катар эмизип багат Аравиянын көптөгөн жери кургак, суусуз болгондуктан жалгыз төөсүнөн сүт да чыкпай калган. Бала Мухаммедди алып келген күндөн баштап төө сүттү мол бере баштайт. Мухаммед 3-4 жашка келгенде аянтчада балдар менен ойноп жүрсө үйгө Халиманын өз уулу жүгүрүп келип, “баланы ак кийимчен эки адам келип жыгып жатат” дейт. Халима күйөөсү экөө жүгүрүп чыгышса, Мухаммед супсур болуп туруптур. Халама аптыгып: “Эмне болду, балам? Алигилер кимдер?” деп сураса: “Көөдөнүмдү ачып, жүрөгүмдү сууруп алды да, алтын жүрөк салды, кимдер экенин тааныбайм” деп Мухаммед чоң адамча токтоо жооп бериптир. Аңызга караганда Кудайдын амири менен келген Жебирейил Мухаммедге башка жүрөк салып кетет. Буга таң калган жана корккон Халима баланы аман турганда энесине алып барып берели деп, аны Меккедеги Аминага алып келет. Ошондо сезим тал Амина: “Эмне болуп кетти, эмнеге алып келдиңер?” деп чочулайт. Халима эмне дээрин билбей аны-муну айткан экен, Амина анысына көнбөй чындыкты айттырыптыр. “Мухаммед туулганда жерге “чыр” этип түшөөрү менен чалкасынан жаткан калыбында эки чыканагына таянып, башын көтөрүп, чон адамдай өйдө караган эле” деп Амина уулун алып калыптыр.
Ал 6 жашка толгон кезде энеси Амина кайтыш болуп, жетим калган баланы атасы Абды Мутталип колуна алып тарбиялаптыр. Абды Мутталип ак сөөк тукумунан чыккан бай эмес адам экен. Мухаммед 8 жашка чыкканда сүйүктүү атасы да кайтыш болуп, баланы агасы (атасынын иниси) Абу Талип өз тарбиясына алган экен. Ак көңүл, жан дүйнөсү кең Абу Талип өтө кедей өмүр кечирип, Мухаммедди элдин кой-эчкисинин артында жүрө турган бакмачылыкка берүүгө мажбур болуптур. Тоо-ташты, чөлдү сызгырган аптапта жападан жалгыз мал артынан жүргөн жетим бала абдан сезимтал, байкагыч, ойчул болуп өсүп, кичинесинен калп айтканды билбеген, өтө чынчыл, жагымсыз жыт-жыбырдан жүрөгү айнып ооруп калма, орунсуз сүйлөбөгөн бала болгон. Буга дейре Аравияда ар түрдүү кудайларга сыйынуу кеңири жайылган. Алардын сыйынуучу касиеттүү жери Мекке шаарындагы Кааба болуптур. Мында көп замандан бери эле жыл сайын арабдар белгилүү убакытта чогулушуп, Каабанын айланасындагы ар түрлүү кудайлардын бейенесине сыйынып, курмандык чалышып, Зам-зам кудугундагы касиеттүү суудан ичип тарашчу экен.

Мухаммед (с.а.в) – адеп-ахлактын үлгүсү

Эгерде биз тарыхта жашап өткөн улуу инсандар тууралуу айта турган болсок, биринчи эле элесибизге Ислам пайгамбары Мухаммед (с.а.в) келет. Ал Азирети тууралуу канчалык жазсак, канчалык айтсак дагы жетишсиз. Анын жашоо амалы бир гана мусулман үммөтүнө эмес, баардык адамзаттарга үлгү. “Чындыгында силер үчүн да, Аллахты, акырет күнүн үмүт кылгандар жана Аллахты көп эске алган адамдар үчүн да Аллахтын элчисинде изги өрнөк, үлгү бар.” (Ахзаб 21-аят) Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) биринчиден эң сонун адеп-ахлагы менен белгилүү, андан соң ички дүйнөсүнө жарашкан келбети, кийими, жүрүм-туруму тарыхта баяндалат. Кадыр-барктуу, таза үй-бүлөдө туулган, аруу аялдын сүтүнөн азыктанып жетилген, эч убакта Кудайга ширк келтирбеген, эч убакта бирөөнүн мүлкүн-акысын жебеген, эч кимге колу, тили менен да азар бербеген адам болгон. “Жараткан Аллахтын ырайымы менен сен аларга жумшак мамиле жасадың. Эгер таш боор, орой болгонуңда, анда алар сенден эбак алыстап кетмек…” (Аалу Имран 159-аят) Аллах тараптан жиберилген пайгамбарлардын ар бири өзүнчө касиеттерге ээ болуу менен өз доорундагы олуттуу маселени чечишкен. Мисалга Ибрахим (а.с) доорунда бутка, ташка, ай-күнгө жана башка жаралган нерселереге сыйынуу күчөп турганда, ал Азирети (а.с) негизги маселе болгон “ширк” (Аллахтан башкага болгон сыйынуу) менен күрөшкөн. Муса (а.с) Фараондун доорунда жашап, пенделерди заалым падышага баш ийүүдөн баш тарттырган жана ыкластык менен бир гана Кудайга ибадат кылууга үндөгөн. Иса (а.с) болсо улуттардын бөлүп-жарылууларына каршы болуп, бардык элди бири-бирин сүйүп, урматтоолоруна чакырган. Ал эми Ислам пайгамбары Мухаммед (с.а.в) бузукулук, алсыздарга зулумдук күчөп турганда Аллах тарабынан шайланган жана чыныгы “Ахлакты” амалы менен баяндаган. Аялдарга, балдарга өзгөчө кыздарга болгон зулумдук (тирүүлөй көмүү) менен күрөшкөн. Жапайычылык, оройлук, таш боорлукту жоюуга умтулган. Андыктан ал Азирети биринчиден инсандык эң жогорку адеп-ахлакка ээ болгон: “Сен улуу кулк-мүнөз ээсисиң” (Калам 4-аят) Пайгамбарыбыздын негизги максаты Аллахтын бирлигин таанытуудан кийин эле пенделерге адеп-ахлактуу болууну үйрөтүү эле. “Чындыгында мен адеп-ахлак кереметин жеткирүү үчүн шайландым”, – деп буйруган ал Азирети.

Мухаммед Пайгамбардын осуяттары:

Беш түрдүү нерсеге кепил болуңуздар, мен да сиздер үчүн бейишке кепил болоюн:

Биринчиси – мурастарыңызды бөлүштүргөндө бири-бириңиздерге кыянат жана зулумдук кылбаңыздар;
Экинчиси – адамдарга, өзүңүздөргө ынсап кылыңыздар;
Үчүнчүсү – душман менен боло турган согуштарда коркоктук кылбаңыздар;
Төртүнчүсү – олжо бөлүшкөндө кыянаттык кылбаңыздар;
Бешинчиси – зулумдардан эзилгендердин, кордолгондордун акысын өндүрүп бериңиздер.

Урушканда кимиңиз биринчи салам берсеңиз, ошонуңуз Кудайга жагымдуурагыңыз. Садаганын жакшысы – эсенчиликтегиси: мал-мүлкүң жайнап, жашоонун баркын билип жана бар-жокту эске алып турган кезиңде кылган садагаң. Садага кылууну узакка созбо, жаның алкымыңа келген учурда мал-мүлкүңдүн мынчасын баланчага, мынчасын түкүнчөгө дегениң менен пайдасы жок, себеби ал убакта сен айтпасаң деле мал-мүлкүң баланча-түкүнчөлөрдүкү болот.

Адамча үч түрдүү сапат бар;
Биринчиси – оорулууну барып көрүү;
Экинчиси – коңшуң сенден жакшылык көрсө жашырат, жамандык көрсө ашырат;
Үчүнчүсү – катының бирге болсоң кароо болот, жок болсоң кыянаттык кылат;

Ар түрдүү амал бар, алар ар бир момундун түздөн-түз милдети:
Биринчиси – оорулууну барып көрүү;
Экинчиси – жаназага барып катышуу;
Үчүнчүсү – чүчкүрүп “алхамдулиллях” деген кишиге “ярхамука-ллоху ва яшфик” деп жооп кылуу.

Ар түрдүү иш бар, аларды үмөттөрүм эч аткарбай коё алышпайт:
Биринчиси – тек-жааты менен сыймыктануу;
Экинчиси – өлүккө өкүрүп ыйлоо;
Үчүнчүсү – жылдыздар менен пал ачуу.

http://maralfm.kg/


November 29, 2015 at 12:46AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

how-to-stop-drinking-alcoholЖер титиреген Чайчи айылында арак сатууга тыюу салынды. Бул боюнча кечээ, 27-ноябрда Чайчи айылында өткөн жыйында белгилүү болду. Жыйынга өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Кара-Суу районунун баш имам хатиби Сүйүн ажы Калыков жана облустук, райондук баардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйында жер титирөөдөн жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн жылуу чатырлар менен камсыздалганы, мобилдик контейнердин жетиштүүлүгү, азык-түлүк жана көмүр менен камсыздоо, элдин ден-соолугун кароо маселелери каралды. Тапшырманы талаптагыдай аткарбаган жетекчилерге тез арада кемчиликтерди оңдоо эскертилди. Жыйында Кызыл-Суу айылдык кенешинин депутаттары атайын токтомдун негизинде арак сатууга тыюу салышкандыгын билдиришти. Мындай жакшы саамалыкка улай эле Чайчи жана Алп ордо айылдарындагы жер титирөөдөн жабыркаган 2 мечитти жаңылап, заман талабына ылайык жаңы мечит куруп берүүнү Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар уюмунун өкүлү өз милдетине алды.

http://maralfm.kg/


November 29, 2015 at 12:42AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Worried About Life

Улукман Хаким уулуна насаат кылат: Уулум эки нерсени унутпа деди:

Биринчи: Алланы. .

Экинчи: Өлүмдү. .

Биз пенделер кайда болбойлу, кайда жүрбөйлү, эмне кылбайлы Аллах Тааланы эстеп жүрүүбүз керек. Ал Улук Зат. Бизди кандай гана жоктон бар кылып, эч кимдин акылы жеткис кылып жаратып койду. 24 саат бою жүрөгүбүздү соктуруп, бул ааламдын кооздугун көрүү үчүн көз берди, канча сүйлөсөң да, эч качан чарчабас сүйлөөгө тил берди, жыттарды сезүүгө мурун, үндөрдү угууга кулак, каалаган жериңе басып, каалаган ишиңди кылууга колу-бутту берди. Айта берсек баарын эсептесең миңдеген айтып бүткүс адамдын өзүндө эле канчалаган кереметтер жайгашкан. Булардын баары СубханАллах Тааланын кудурети менен жаралды. Ушундай Улуук Затты эстеп Ага шүгүрчүлүк кылуу биз пенделердин милдети жана парызыдыр. Аллах Тааламды жакшылыктарбызда да, жаман башыбызга кайгы түшкөндө да эстеп Аны менен бир болуубуз керек.

Аббас уулу Абу (Аллах андан ыраазы болсун) айтымында: Бир жолу Алланын Элчисинин (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) арка жагында олтурдум эле бир маалда Ал:

«Жаш жигит! Мен сага айрым сөздөрдү үйрөтөйүн: Алланы ар дайым көңүлүңдөн чыгарба, ошенсең Алла сени коргойт. Алланы эч эсиңден чыгарба, ошентсең Ал сага аброй, кадыр -барк бергенин көрөсүң. Эгер сурасаң Алладан гана сура. Эгер сен жардам издесең Алладан гана изде. Билгин: Эгер сени эл чогулуп мартабаңды, даражаңды көтөргөнү жатышса, алар сенин мартаба даражаңды Алла сенин тагдырыңа жазгандай гана көтөрө алышат. Билгиниң: Эгер эл чолугуп сага залал зыян келтиргени жатышса да алар сага тагдырыңа Алла жазган залалды гана келтире алышат. Калем (кагаздан) ажыраган жана барактар кургаган»-деди. (Тирмизи)

Ошон үчүн Аллана болгон бекем ишеним менен баар жок Ага гана таандык, баары Анын колунда экенине ынанып жашоо керек. . .

Өлүмдү эстөө жүрөктөрдү тазартат, күнөөлөрдөн арылтат. Анткени өлүмдү эстеп жүргөн адам Аллах Тааладан коркот жана өлүмдөн кийин эмне болоорун билет. .

Шаддад бин Авс (Аллах андан ыраазы болсун) айтымында. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты:

«Өзүнүн напсисин тарбиялаган жана өлүмдөн кийинкиге даярданган киши акылдуу. Акылсыз киши өзүнүн напсисин ээрчип, бирок Аллахтан (Аллах Таала баарын кечирет) деп үмүт кылган киши» (Тирмизи)

Биз пенделер кандай болбосун, кайда жүрбөйлү, эмне кылбайлы аягы өлүм менен бүтөт. Кандай гана унаанын зорун, кымбатын, мерс, жип, лексус минбейли бир күн келет акыркы мингенибиз жыгачтан жасалган табыт болорун унутпайлы!

Кийимдин кандай гана кооз, алды, модасын, кымбатын чертип, тандап кийбейли бир күн акыркы киймибиз эң арзан болгон ак сурп кепинибиз болорун унутпайлы!

Үй жайды кабат-кабат, кафе, ресторандарды курбайлы бир күн акыры бараар жерибиз кап-караңгы Кабыр болот!

Жумшак төшөк, жумшак диван, жумшак олтургучта олтурбайлы бир күн жатаар жерибиз топурак болоорун унутпайлы!

Ошон үчүн өлүмдү эстөө керек, өлүмдү эстесең өлүм келбейт, унутсаң ал унутпайт кайда барба айга учуп чыксаңда кашыңдан пайда болот.

Кабыр бир күндө адамдарга беш жолу намаз убагында кайрылат экен:

«Эй жер үстүндө жүргөн адам баласы! Жакшына жүр, таза жүр бир күн менин кучагыма келип сыйымды көрөсүң, жаман, күнөө иштери менен алек болсоң:

Мен жалгыздыктын үйүмүн, Мен караңгылыктын үйүмүн, Мен курт -кумурсканын үйүмүн, Мен коркунучтун үйүмүн мага келерңиди унутпа!». . . .

Усмандын (Аллах андан ыраазы болсун) кулу Ханинин (Аллах андан ыраазы болсун) айтымында. Усман (Аллах андан ыраазы болсун) мүрзөнүн алдына токтогон кезде сакалы суу болгончо ыйлаар эле.

Бирөөлөр сурады «Сиз бейиш же тозокту эстегенде мынчалык ыйлабайсыз, а мүрзөнү эстегенде эмнеге мынчалык ыйлайсыз?».

Ал жооп берди:

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты:

«Мүрзө-бул акыреттин биринчи тепкичи, ким ушунан жеңил кутулса, андан кийинкилери да андан да жеңил болот. Ал эми ким ушундан кутулбаса, андан кийинкилери да анбан да жаман болот». Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) дагы мындай деп айткан: «Кабырдан коркунучтуурак жер көргөн эмесмин». (Тирмизи)

Өлүмдүн ачуусу келгенче алды-артыбызга карап, кадамыбызды туура койуп, туура жолдо жүрүп, саналуу өмүрдө амалдын жакшы-жаманын айырмалап, эртеңки күндү күтпөй, бүгүнкү күн менен жашап бир күн болсо да жакшы амалдарды кылып алуу керек. . .

Өлүм өлүм кандай күтпөгөндө келип канчалардын жан дүйнөсүн талкалайсың. Сени эч ким күт пөйт, Сенден качат, сенден коркот адамзаттын баарысы. А сен болсо эч кимдин каалоосуна карабайсың. Ата – энени баладан, баланы ата – энеден, жакындардан суук ажалың менен алып кетесиң. Өлүм сени кээде тааш боорсуң деп айтткым келет. бирок сен адамзаттын башына келе турган жазылган тагдырсың. Сенин айтпай келгениң канчаларды шорун курутасың, жашоолорун астын үстүн кыласың. Эмне деп айтмакмын сени келишиңе баш ийүүмдөн башка айлам бар бекен. Өлүм жалоочунун жолунун бүткөнү, Өлүм өмурлөрдүн түгөгөнү, жүрөктөрдүн сокпой токтогрну, жарыктыктын өчкөнү, тирүүлүктүн токтогону. . .

ЭХ, ӨЛҮМ. ӨЛҮМ!

Махмуд бин Лабидден (Аллах андан ыраазы болсун) риваят. Пайгамбарыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты:

«Инсандар эки нерсени жаман көрүшөт(биринчиси) өлүм, бирок ал бузукулуктан жакшы, анын себебинен динин сактай алат. Экинчиси дүйнө-мүлүктүн аз болуусу, бирок дүйнө-мүлктүн аз болуусу-Акырктте сурак болгондо сурактын жеңил болуусуна алып келет». (Ахмаддын “Муснады”)

Күнү-убагы бүткөндөр кете берет артынан калгандар ыйлап кала берет.

Бирок кайтып келбес өмүр өлүм менен ошентиип эстен чыгып кете берет…

Өлүм мен сенден коркпоймун -өлүмгө даяр болбой калуудан коркомун. .

Өлүм мен сенден коркпоймун -Азабыңа туш болуудан коркомун. . .

Өлүм мен сенден коркпоймун -Кабырымда жалгыз калуудан коркомун. . .

Өлүм мен сенден коркпоймун -Акыретимдин азабынан коркомун. . . .

«Чындыгында биз Аллахка таандыкпыз жана ага кайтуучубуз» (2:156)

Насиба Абдуллаева,

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»


November 28, 2015 at 08:43PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Аты – Иблис;
Шаары – бейкапарлардын жүрөгү;
Уруусу – жалган илахтар ( илах – бардык ибадат кылына турган заттар);
Туруктуу жашап кала турган жери – Тозок;
Наамы – биринчи даражадагы бузуку;
Өлкөлөрү – Алланын ысымы эстелбеген өлкөлөр;
Жүргөн жолу – кыйшык;
Капиталы – кыялдануулар;
Жыйыны – базарлар жана ыплас жайлар;
Жолунун душмандары – мусулмандар;
Далилдери – закым (мираж);
Урааны – адеп-ахлак бөлүгү;
Кылган иштеринин түсү – бардык түстөр, хамелеондукундай;
Шайтандар дүйнөсүнүн аялдары – жылаңач жана жарым-жылаңач кийинген аялдар;
Кимди жакшы көрөт – Алланы эстебегендери;
Аны эмне тынсыздандырат
– тооба кылуу (кечирим суроо);
Анын кол жазмалары
– татуировкалар;
Анын үйү – дааратканалар, жана мончолор;
Анын мүнөзү – туруксуз;
Анын биринчи пайда болушу – Адам алейхис-саламга сажда кылуудан баш тарткан күн;
Анын достору – эки жүздүүлөр;
Азык-затынын булагы – арамдан табылган оокат;
Өзүнүн иштерин жазаган кабинети – булганыч жана күнөөлөр жасалып жаткан жерлер;
Анын кызматы – тыюу салынгандарга буйруйт жана түрткүлөйт;
Анын буйругу – сойкулукка жана башка ыплас иштерге буйруйт;
Анын дини – куфр;
Анын кызмат оруну – Алланын каарына калгандардын жана адашкандардын бөлүмүнүн башкы мүдүрү;
Кызмат мөөнөтү – Акырет Күнүнө чейин;
Бара турган багыты – Тозок;
Соодасынын пайдасы – шамалга чачылган чаң;
Жанындагы достору – жиндердин жана адамдардын шайтандары;
Иш боюнча достору – чындыкты айтбагандар;
Транспортунун түрү
– жалганчылык;
Энчиси – ал жана анын жолундагылар толук жазасын алышат;
Байланыш каражаттары – жалаа, ушак, аңдуу;
Жакшы көргөн тамагы – өлгөндөрдүн эти;
Кимден коркот – такыбалардан жана ыймандуулардан;
Кимди жек көрөт – Алланы тез-тез эстеп туруучуларды;
Коргонуусу – анын айла-амалдары алсыз;
Анын тору – аялдар;
Анын максаты – бардык адамдарды кафир кылуу;
Анын акыры – белгиленген Акырет Күнү;
Анын жакшы көргөн кишиси – педерастия жана лесбиянство;
Анын өзүнүн жолундагыларына айтчуу жашыруун сөзү – “Мен” текеберлердин сөзү;
Кимдер аны кубандырат – актёрлор, актрисалар жана маскарапоздор;
Анын убадасы – ал силерге жакырчылыкты убада кылат;
Аны эмне ыйлатат – көп сандагы саждалар.

🔃 ЖИНДЕРДИН АДАМГА ЗЫЯН КЫЛУУ ДЕҢГЭЭЛДЕРИ.

Толук зыян кылуу – мында жин адамдын мээсине кирип, аны өз эркин аткарууга аргасыз кылуу менен адамдын организмине толук бийлик жүргүзөт.
Жарым-жартылай зыян кылуу – мында дененин ар кайсы мүчөлөрүнө зыян кылат, бирок дене мүчөлөрү атровия болбойт. Мисалы: көз, кулак жана колу-буттар.Убактылуу зыян кылуу – бул уктоо учурунда болушу мүмкүн жана жин адамдын денесинде убактылуу гана болот.
Эскертүү! Толук же жарым-жартылай зыян кылуу – экөө тең туруктуу же мезгилдүү болушу мүмкүн.

📛 ЖИНДЕРДИН АДАМГА ЗЫЯН КЫЛУУНУН СЕБЕПТЕРИ.

1. Жиндин адамга болгон кумары: – бул эң кыйын дарылай турган жин ооруларынын бири, анткени жин өзү кумарланган адамдан жеңил эле кете койгусу келбейт.
2.Адамдардын жиндерге кылган зулумдугу: – бул болсо адамдардын жиндер дүйнөсүн билбегендиги себептүү жиндерге карата кылган зулумдугу (зомбулугу) жана ушуга байланыштуу жиндердин адамдардан өч алуусу. Мисалга: алардын үстүнө жыгылып түшүү, алардын үстүнө бир нерсе таштоо, от менен же ысык суу менен аларды күйгүзүү анткени адам жиндер жөнүндө билбейт, аларды көрбөйт жана алардан коргонууну билбейт. Жана ошондой эле жердеги ийиндерге же өсүмдүктөрдөгү боштуктарга заара кылганда жиндерге зыян болот, анткени бул боштуктар жиндер жашай турган жайлар болот.
3. Жиндердин адамдарга болгон зомбулугу: – адамдардын арасында болгондой эле жиндердин да арасында да зомбулук, зулумдук кыла турган каадандар да бар. Бирок Алла Таала жиндердин адамдардын денесине киришине төрт гана учурда жол берген:Катуу ачууланган учурда;Катуу корккон учурда;Өтө эле бейкапар, камырабастык, эч нерсеге көңүл койбостук учурунда;Кандайдыр бир кумарланууга берилгенде, тактап айтканда адам күнөө кылганда.
4. Сихр. Эгерде сыйкырчы кимдир-бирөөнө каршы сыйкыр жазаганда, ал жинди (шайтанды) жиберет жана шайтан адамдын ичине кирип кетиши мүмкүн (эгерде Алла Таала жол берсе). Сихр жанып кетбеши үчүн аны кайтарган жин сихрдын ачылышына жолбогонго аракет кылат.

❗АДАМДЫН ЖИНДЕРДЕН ЗЫЯН БОЛГОНДОГУ БЕЛГИЛЕРИ.

✔Өңүндө билинүүчү белгилери:
Баш аламандык, кеп-сөздөрүндө жана иштеринде тартиптүүлүктүн жоктугу.Акыл-эсинен айныгандык жана кем акылдык.Обочолонуу, жалгыздыкка аракет кылуу, түнттүк. Адамга бардыгы ага душман жана адилетсиз сыяктанып көрүнөт.Эч себепсиз күлүү жана кайгыруу.Диний милдеттерден жана дүйнө иштеринен баш тартып, өзүнөн өзү четтөө: намаз, жумуш, окуу, үй иштери ж.б.Чаржайыттык, конкреттүү бир темага көңүл топтой албастык.Жүүнү боштук (кош көңүлдүк) жана жалкоолук.Кайдыгерлик, кайдыгер көз караш.Сөздөрүндө жана иштеринде туруктуулуктун жоктугу, чечимдерин тез-тез өзгөртүү.Кайсы гана болбосун органдын жарым-жартылай же толук эмес кыймылсыздыгы (параличтен айырмаланып атрофия болбойт).Адамдын көрүнбөгөн бирөө менен сүйлөшүп жатканын башка бирөөлөр байкаган учурда жиндердин ошол адамга кандайдыр бир нерсени (жандыктын) түрүндө көрүнүшү.Медициналык (органикалык) себептерсиз баштын тынымсыз оорушу, баштын жарым-жартылай же ьолук оорушу.Талма оорусу, оорулуунун эс-учун жоготуу менен жерге жыгылышы.Аялдардын этек киринин бузулушу.Туалетте же ваннада көбүрөөк болгонго умтулуусу.Күйөөсү аялын кабыл албашы же тескеринче аялы күйөөсү менен жыныстык катнашты (байланышты) каалабашы.Кош бойлуулуктун тынымсыз үзүлүшү, органикалык (медициналык) себептерсиз кош бойлуулуктун 2-3-4-айларында бойдон түшүп калышы.Жуучулуктун тынымсыз үзүлүп калышы жана ушул себептүү үйлөнүүгө же турмушка чыгууга мүмкүнчүлүктүн болбошу.Аялы менен күйөөсү медициналык жактан таза болгондугуна крабастан аялдын боюнда болбошу.
✔Уйкуда (түшүндө) билинүүчү белгилери:
Уйкусуздук, адам кыйынчылык менен уйкуга кирет жана узакка чейин уктай албайт (уйку узакка созулбайт).Дайыма коркуу жана тынчсыздануу сезиминде болуу, адам тынч уктай албайт жана кичинээ дабыштан ойгоно берет.Уктап жатканда дайыма тишин кычыратуусу, кээде өңүндө дагы.Коркунучтуу, баш-аламан түштөрдү көрүү, түшүндө кандайдыр бир нерседен кулай берет, чөгөт, учуп жүрөт ж.б.Түшүндө уйку-соонун ортосунда аны кимдир-бирөө дайыма муунтуп, ал онтойн,, бирок кыймылдай албайт жана сүйлөөгө алы келбейт.Төшөгү жылып бара жаткандай же кыйшыйып бара жаткндай сезим болуп, ар дайым эле ушундай боло берет.Түшүндө ар дайым жыландарды, иттерди, мышыктарды, жолборсторду, дагы ушу сыяктууларды жана чийки эттерди көрө берет.Түшүндө ар дайым көлөкөлөрдү же көрүмчүлөрдү көрө берет.Уктап жатып сүйлөнө берет, күлөт, онтойн же туруп басып кетет.Түшүндө жиндин өзүн көрөт же аны менен сүйлөшөт.Түшүндө крестти же чиркөөнү көрүшү, бул болсо жиндин динин көргөзүшү мүмкүн.Эскертүү: Эгерде адамда ушул белгилердин бешөө болсо – үчөө түшүндө экөө өңүндө, анда бул адамда жин бар деп анык айтса болот. Кээ бир учурларда үч эле белги жетиштүү болот.

The post 💥 ИБЛИСТИН ӨМҮР БАЯНЫ 💥 appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.

November 28, 2015 at 09:30AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

1. Шамсуддин Абдыкалык уулунун китептерин окусак болобу устаз? Москва,Өмүрбек

Жооп: Шамсуддин Абдыкалык уулу салафий багытындагы инсан. Китептери ошол багытта жазылган. Китептеринде мага жана Абдишүкүр ажыга кыйыр түрдө сын айтып жазат. Анын “Кадияния-Ахмадия” агымы жөнүндөгү эмгегин окууну сунуштайт элем. Кудай Таалам баарыбызга хидаят-туура жол насип этсин, тура жолдон тайдырбасын…

2. Бир тууганым менен бир себептер болуп таарынышып кеткенбиз. Эч сүйлөгүм келбейт ага, устаз! Сүйлөшкүм келбеген адам менен кантип мамиле кылам?! Ипотекага үй алса болобу? Москва, Барчын 

Жооп: Агайынды жаман деп тууганды кайдан табасың? Бир туугандар менен мамилени үзүүгө болбойт. Арам. Эки адам урушуп кетсе, акылдуураагы күнөөкөр болот. Туугандардан мамилени үзгөн адамдан Кудай Таалам да мамилемди үзүп коём дегени бар. Туугандар менен катташкан адамдын өмүрү узун болуп, ырыскысы кенен болот. Ушул жоопту окууруң менен бир тууганыңа телефон чал! Андан кечирим сура! Ким күнөөлүү экенин териштирүүнүн да кажети жок. Кыяматта ага убакыт табылат. А бул жалган дүнүйө ал маселеге арзыбайт…

Ипотека дегениң кредиттин бир түрү. Москванын өзүндө болсоң, мусулман эмес банктан же мусулман эмес адамдан алсаң болот. Бирок төлөөгө кудуретиңди эсептеп туруп алууң керек. Анткени, ханафий мазхабтын эрежесине ылайык, дааруль харбда муслим менен харбийдин ортосунда сүткордук жүрбөйт.

3. Ассалааму алейкум! Мурунку каза намаздарды кантип толуктаса болот? Түшүндүрүп коюңузчу, устаз! Аты белгисиз

Жооп: Каза намаздардын тартиби:

Парз намаздар менен витир ваажып намазы гана каза болуп окулат.

Сапарда жүрүп каза болгондор сапардагыдай таризде, б.а. касыр болуп каза кылынат. Ал эми толук түрдө каза болгондор, толук түрдө казасы окулат.

Азан менен кооматта, каза намаз менен жөн намазда айырма жок.

Ниетте “каза намазды” ниет кылуу керек.

Күн батып баратканда, чыгып баратканда, так төбөгө келгенде окууга болбойт. Калган бардык убакытта каза окуса боло берет.

4. Саламатсызбы! Эгер аялы күйөөсүнө төшөктө жетиштүү рахат бере албаса эмне кылуу керек? Башка кыздарга барса болобу? Ош, Алим

Жооп: Андай учурда экинчи аял алуу керек. Кыздарга баруу арам. Ал ойноштук деген сөз. Айта турган маселе, балким, аялың деле сенден рахат ала албай жаткандыр? Деги эле сен рахат туурасында аялың менен сүйлөшүп көрдүң беле?

5.Устаз келинчегиме боёнбо десем «мен өзүм билем, өзүм жооп берем» дейт кыяматта. Ушул кандай болот? Аты белгисиз

Жооп: Аялың өзү билбейт. Кудай Таалам билет. Көчөгө боёнуп чыгуу арам. Кыяматта күнөөкөр болот. Кудайдын каргышы тиет…

6. Музыка укса болобу, устаз? Мисалы: Эне жөнүндө, комуз күүлөрүн дегендей. Ноокат, Нурбай

Жооп: Мен угуп жүрөм сен айткандарды… Ал эми фатва чыгарууга келсек, бул оорураак маселе…

7. Ассалааму алейкум! Биздин айылда көп жыл мурун ажырашып кеткен адам жашайт. Алардын балдары азыр жашы 35-40ка барып калды, атасы менен катташалы десе такыр болбойт. Көп жыл болду кечирим сурап атышат. Бирок жыйынтык жок. Балдары эмне болот? Ал киши башка үй-бүлө менен жашайт ошол айылда. Аты белгисиз 

Жооп: Атага таарынылбайт… Атага таарынган адам, жарыбайт. Атасын эптеп кадырлап албаган адам, башканын кадырына жетет беле? Кээде, эненин тарбиясын алып калган балдар, аялдай болуп ойлонуп калышат. Андай болбойт…! Туура, атасынын да кемчилиги бар, аларды таштап кеткен экен! Бирок, битке өчөшүп, көйнөктү отко салган туурабы?

8. Ассалааму алейкум Чубак ажы! Азыр тойлордо чыгымдардын көп кетип, ысырап болуп жатканы баарыбызга маалым. Ошондуктан устаз, ушул боюнча элге кайрылуу жасап, элге жеткиликтүү бир видео тартып чыксаңыздар жакшы болор эле. Москва, аты белгисиз

Жооп: Буйрутмаңыз кабыл алынды. Күтө туруңуз.

9. Чачты кара түстөгү хнага боёсо, гусул өткөрбөйт дейт. Ушул туурабы? Москва, аты белгисиз

Жооп: Негизи хнанын баары эле гусул өткөрө берет. Бирок, хнанын өзүнүн түсү кара болбойт. Боёк менен боёгон учурда гусул өтпөй калуу коркунучу бар деп айтылат.

10. Мусаапыр болуп башка шаарга барып калганда, мечиттеги имамга аялдар уюса болобу? Салафит же Шафий мазхабындагыларга Ханафийлер уюса эчтеке болбойбу? Москва, аты белгисиз

Жооп: Мечиттеги имамдарга аялдар уюса болот. Салафит же Шаафий мазхабындагылардын баарына уюса жарай берет. Салафий имам даарат алганда байпагына масх тартып, ошол бойдон имамчылыкка чыккандыгын көрсөңүз, ошол намазда ага уюбайсыз. Көрбөсөңүз уюй бересиз. Шаафий мазхабтагы адамдын мурду канап, бирок даарат албай эле имамга өтсө ага да уюбайсыз. А бирок, көрбөсөңүз уюй бересиз. Анткени, жогорудагы эки шартта тең ханафий мазхабында даараты жок деп эсептелет. Ал эми, көрбөгөн учурда жакшы күмөн кылууга милдеттүүбүз…

11. Туура жолдомунбу деп көп изденем. Мисалы, Ф. Гулендин «хизмет» жамааты жөнүндө айтып бериңизчи. «Бул секта» дегендин канчалык чындыгы бар. Деобанд деген эмне? Ушуга тиешелүү китептерди окусам болобу? Бишкек, Роза

Жооп: Гүлен мырза жөнүндө менин макалам бар эле. Гезиттин жетекчилигинен суранып көрөйүн. Балким, гезиттен орун беришер. Бербесе, “Акыйкат жолу” китебимди таап окусаңыз, жакшы болот. Ал эми “Хизмет” кээ бир адамдарга жакпаганы менен, берекелүү кызмат. Кудайдын калыс ниеттүү кулдарынын ак дил кызматы… (ред. Чубак ажынын суранычы менен айтылган макала эмки санында жарык көрөт).

Деобанд дегенибиз Индиядагы кыштактын аты. Англис колонизаторлору Индияны басып алганда, аларга каршылык иретинде медреселерди ачып, илим аркылуу каршы турууга аракеттенген ханафий мазхабын карманган багыт. Менин кээ бир устаздарым деобандийлер болуп эсептелет. Мисалы, Аллаама Хаалид Айюбий устазымдан “Нуурул анваар” менен “Шархул викааясын” окугам.

12. Мен Москва шаарындамын. Жумуш жок болгондо жумага барып турам. Жума намазынын казасы кандай болот. Эртеден кечке каза намаздарды окуса боло береби? Мисалы: Багымдаттын казасын бешимге чейин 15-20 күндүн казасын окусам болобу? Каза намаздын ниети кандай айтылат? Ар бир намаздан кийин теспе тартуу зарылбы? Кененирээк айтып бериңизчи. Москва, Нурсултан

Жооп: Кененирээк билүү үчүн атайын арзып билим алуу керек, чырагым. Суроолоруңдун кээ бирине жогоруда жооп айтылды. Ар бир намаздан кийин теспе тартуу сүннөт. Аткарсаң жакшы, аткарбасаң анчалык деле зыяны жок. Жума намаздын казасына бешим намаздын казасы окулат. А эгер, жумага барбай калсаң, анда бешим намаздын өзүн окуйсуң. Намазды калтырба! Билбейм, деги бул дүйнөдө намаздан башка дагы эмне зарылыраак боло алат эле?…

13. Ассалааму алейкум! Мен жогорку окуу жайда иштейм. Келбеген студенттерге баа койдурушат. Айла жок коюп беребиз. Бул күнөөбү? Ушинтип иштегеним болобу? Аты белгисиз

Жооп: Окубаганга, билбегенге жакшы баа коюп берүү арам. Андай тартипте иштегенге болбойт. Алардан алган параң дагы арам.

14. 34кө чыкканда намаз окуй баштадым. 20 жылдык каза намаздарды санасам, болжол менен 40 000 намаз окуш керек экен. Ушунун баарын окуп чыгышым керекпи же башка да жолу барбы? Тахажжуддун ордуна каза намаздарды окуганым жакшыбы? Москва, аты белгисиз

Жооп: Каза намаздарыңды колуңдан келишинче окуй бер. Пендеси колунан келген нерселерден суралат… Тахажжуддун ордуна каза окуганың абзел, карагым!

15. Адамга жин эмне себептен кирет? Аты белгисиз

Жооп: Шарият так сакталбай, сүннөттөргө маани берилбегендиктен кирет. Ыплас жерде жүрсө, таштандыларда басса да кирет. Кээде сыйкырдын күчү менен да кирет. Кээде, Кудай сактасын, жин адамдарды сүйүп калып да кирет. Мунун баарын Жыргал каарыкемден сурап жаздым. Канткен менен бул нерседе а кишиге жетээрибиз жок эмеспи…

16. Малдын омурткасынын ичиндеги чучук адалбы? Аты белгисиз 

Жооп: Малдын омурткасынын чучугу макүрөө, арам эмес.

17. Боюнда бар аялдын маңдайындагы чачынан тегиздеп кыркса болобу? Аты белгисиз

Жооп: Боло берет. Таптакыр кырып салса деле эч нерсе болбойт. Болгону, аялзатына чачын өстүрүп жүргөнү назиктигине жана сулуулугуна төп келе турган адеми жумуш.

18. Аял затына каш тергенге болобу, устаз? Аты белгисиз

Жооп: Аялзатына каш тергенге болбойт. Арам. Бирок каштан сырткаркы түктөрдүн баарын тергенге болот. Ошол эле учурда каштын тегерегиндеги бейбаш түктөрдү да терип салууга болот. Аял киши апсайып-сапсайбай, жагымдуу кебете менен жүрүүгө милдеттүү.

19. Молдо кайненеме «сенин кара жиниң бар, келиниңди бирөө окутуп салган» деп айтыптыр ошондой да болобу? Ишенбейли десек, молдо куран окуйт. Аты белгисиз

Жооп: Эгерде, жин окуганды билген адис молдо болсо, анда сизде жиндин бар же жок экендигин аныктай алат. А бирок, өзү көрбөгөн келинди окутуп коюшканын билип койгону кызык экен? Ар бир эле Куран окуган кишинин бардык сөзү туура боло бербейт. Курандын маанилеринин кыргызча котормосун окуп жүргөн Анарбек Усупбаев деген динбезер-теңирчи жүрбөйбү, оозунан бир ырыстуу сөз чыга элек.

20.Саламатсызбы! Менин таанышым аялын кийинтпейт, ооруса карабайт, «акча жок, ажалың жетсе акыры өлөсүң да», – дейт. Ажырашсам, Алланын алдында күнөөкөр боломун деп эркек ажырашпайт. Эмне кылуу керек? Балыкчы, Жамал

Жооп: Эгерде, бирге жашоонун улануусу кыйынчылыкка туруп, адамды динден кайтарып жиберчүдөй болсо, анда ажырашууга уруксат берилет. Аялын даарылоо, аны ылайыгына жараша кийинтүү, эркелетип, көңүлүн көтөрүү – эркектин айныгыс милдети.

21. Урматтуу Чубак Ажы, адамды маймылдан жаралган деп айтышат. Ошол сөзгө ишенсек болобу? Аты белгисиз

Жооп: Эми, бир тууганым, азыр бул кепке эч ким ишенбей калган. Бирок башка теорияны мен айтайын деп турам. Адамдар маймылдан жаралган эмес, маймылдар адамдардан жаралат. Мисалы бети-башын боёп алган эркек, жынысын өзгөрткөн адамдар маймылдан да жаман абалга келип калды. Мас болуп ар кайсы жерге жатып калгандарды айтпай эле кой… Бомж болуп калган маймылды уга элекпиз, а адамдарды көрүп эле жүрөбүз. Өз кызын зордуктаган айбанды маймыл дешке да оозуң барбайт.

http://saresep.kg/


November 27, 2015 at 09:27PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Дин таануучу кол салуу артында радикалдуу топтор турганын жана ишмердиги менен байланыштуу экенин айтты.

Маликов 26-ноябрда кечинде Бишкектеги Асанбай кичи районундагы “Народный” дүкөнүнүн жанында белгисиз эки адамдан бычак жеп ооруканага түшкөн. Милиция окуяны турмуштук чыр-чатак деп билдирип “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иш козгоду.

Кадыр Маликов бычакталышы боюнча өзү айтып берди. Кол салуу алдын ала уюштурулганын жана бычак, электрошокер менен кол салгандардын максаты аны өлтүрүү болгонун билдирди:

– Мен унаама барганда аны кара түстөгү терезелери караңгылатылган БМВ үлгүсүндөгү унаа тороп алыптыр. Алар мени унаасына отургузуп алгандан кийин мени электрошокер менен сабай башташты. Бычак менен моюн тушка саюуга аракет кылышты. Кол салгандар экөө болчу жана “Аллоху акбар” деп кыйкырып жатышты. Мен да аларга жооп кылып “Аллоху акбар” деп кыйкырып, каршылык көрсөтө баштадым. Алар мени унаанын арткы орундугуна түртүп отургузууга аракет кылып жатканда качып чыкканга үлгүрдүм. Канжалап жанымдан өтүп бараткан унаалардан жардам сурай баштадым.

Кадыр Маликов учурда ооруканада жатат

Кадыр Маликов учурда ооруканада жатат

Кадыр Маликов бул кол салуунун артында “Ислам мамлекети” террордук уюмун колдогон радикал топтор турат деп эсептейт. Анын билдиришинче, буга чейин эскертүүлөр, артынан аңдуу болгон:

– Ушул жылдын жай айында Сириянын Ракка шаарындагы “Ислам мамлекетин” колдогон террорчул топтор мени жана Казакстандагы дагы бир дин таануучуну өлтүрүү боюнча чечим чыгарышканы тууралуу менде маалымат бар болчу. Бул жүз пайыз тастыкталган маалымат. Ошондой эле жайында мени өлтүрүү үчүн үйүмдүн жана мен намазга барып турган мечиттин жанында топтор аңдып турган. Ошондуктан мен “Ислам мамлекети” тууралуу пикиримди айтуудан убактылуу карманганга мажбур болгом. Кечээги окуя “Ислам мамлекети” жана такфир идеологиясына каршы чыккандардын баарынын өмүрү коркунучта экенин көрсөттү.

Кадыр Маликовдун тууганы Тимур Элебесов 27-ноябрда журналисттер жыйынында милицияны туура эмес маалымат берип жатат деп айыптады жана кылмыш иш адам өмүрүнө кол салуу беренеси боюнча козголушу керектигин билдирди:

– Кадыр буга чейин аны коргоп берүү тууралуу өлкө жетекчилигине бир канча жолу кайрылган. Ага газ тапанча колдонууга уруксат бергенден башка жардам бере алышкан эмес. Тилекке каршы, ал тапанчаны пайдаланганга үлгүргөн деле жок. Биз, анын туугандары күч органдарынан бул окуяга олуттуу мамиле жасашын суранат элек. Анткени радикал топтор чектен чыгып, бул жакта да кол салууну баштады.

Азыр милиция бул окуяны кер-мур айтышуудан чыккан турмуштук чыр-чатак деп билдирип жатат. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун маалымдашынча, кол салгандардын тек-жайы аныкталды, бирок азырынча колго түшө элек, унаа болсо конуштардын биринен табылды:

– Маликовго кол салган эки жарандын ким экени такталды. Алар 1986-жылы туулган Бишкек шаарынын тургундары. Алар унаасын Бишкектеги “Алтын ордо” конушунун экинчи көчөсүнө таштап кеткен. Ал жерде кылмышка шектүү бир адамдын тууганы жашайт экен. Ошол адамдын үйүнүн эшигинин алдынан табылды. Азыр алардын туугандары, үй-бүлөсү, баары менен иш жүрүп жатат. Бул факт боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иш козголгон. Биздеги оперативдүү маалымат боюнча “Аллоху акбар” деп Маликов кыйкырган. Биздин тергөөчүлөр сурашканда “Кудай сактасын” деп келме келтиргем дептир. Ал эми экинчи тарап антип кыйкырбаптыр.

Азыр Кадыр Маликов Бишкектеги Травматология жана ортопедия бөлүмүндө жатат. Кол салуудан бети-башы көгөрүп оң жак бети жана колу тилинген, кан көп кеткен. Ага 26-ноябрь күнү кечинде операция жасалып, 27-ноябрда эртең менен реанимациядан палатага которулду. Абалы оор, бирок туруктуу.

http://azattyk.kg/

The post Маликов кол салууну ИМден көрүүдө appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 27, 2015 at 07:30PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Раббым Аллах! Мен беремин күбөлүк.
Ал Улуу Зат, жашайт билсең түбөлүк.
Кечиргенди жакшы көрөт пендесин,
Тообо кылып, ибадатта жүрөлүк.

Раббым Аллах! Улуу Арштын Эгеси.
Улуулугун сезбей келет пендеси.
Ал Даанышман, сени мени жараткан.
Сажда кылып, өкүнбөйлү эртеси.

Раббым Аллах! Элчилерин жиберген,
Ал Мээримдүү, күнөөлөрүн кечирген.
Пенделерге туура жолду көрсөтсүн деп,
Бирок пенде, көп каталык кетирген.

Раббым Аллах! Баарыбызды көрүп турат,
Ал Угуучу, баарыбызды угуп турат.
Жакшы-жаман иш жасоонун башында,
Момундары Улуу Хакты эстеп турат.

Раббым Аллах! Биз Аллахка кайтуучубуз,
Биз алсызбыз, Улуу Хактан коркуучубуз.
Жанды берген пенделерге аманат деп,
Акыйкатта, чындык сөздү айтуучубуз.

Раббым Аллах! Тооболорду кабыл кылат,
Пенделерин жаман жолдон тосуп турат.
Амал кылып, Хакты сүйгөн пенделерге,
Ин шаа Аллах Бейиш төрүн насип кылат.

Раббым Аллах! Сен кулусуң унутпагын!
Улуу Заттын ар бир сөзүн улуктагын!
Пайгамбарын себеп кылып жиберген!
Өкүмүнө баш ийели Улуу Заттын!

Раббим Аллах! Мээримине муктажмын!
Күнөөлөрдү кечирүүсүн сураймын!
Ал Боорукер! Түбөлүктүү Туруучу!
Мен ишенем! Бир күнү Ага кайтамын!

Раббим Аллах! Улуктугун билип жүр!
Мактоо айтып, өлүмүңө даяр тур!
Андан башка Кудай жок деп айтууга!
Ар бир күнү, ар бир мүнөт даяр тур!

👤Бүбүмариям Ибрагимова
👪«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

The post Раббым Аллах!… appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 27, 2015 at 07:16PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

maxresdefaultКелиндин айтып бергендерин угуп келатып бүтүндөй бир тасма көргөндөй болдум. Баёолугунанбы же жетишпеген турмуштун айынанбы, өзүнөн улуу аялдарга алданып бөтөн жердин түрмөсүндө отуруп келген келиндин тагдыры чын эле боор ооругудай эле…

Көр тириликтин айынан мугалимдиктен соода тармагына өткөнүмө сегиз жылдын жүзү болду. Бишкектен поезд менен Россияга товар ташып жол түйшүгүн жакшы эле тарттым. Казактын бажычыларынын, орустун кызыл шапкечендеринин уудай сөздөрүнө чыдап, зилдей жүктөрдү өзүм көтөрүп, Россиянын ызгаарына тоңуп, деги койчу, бул соода дегениң оңой оокат эмес экен. Анткен менен жашоомо нааразы эмесмин. Ушинтип жүрүп үйбүлөбүз белчебизден баткан карызыбыздан кутулдум, үч баламдын ар бирине бирден машина мингизип, айылдагы тамыбызды элде жок кылып заңгыратып тургуздум. Жесир болсом да жашообуз айылдагы элдин алды десем жаңылышпайм. Сегиз жылдын ичинде жолдун сырын эң жакшы өздөштүрүп, ошол эле убакта бул жолдордо таңкалыштуу да, коркунучтуу да, кыскасы, көп нерселерге күбө болдум.

Мындан эки ай мурун кезектеги сапарым менен Новосибирск шаарынан Бишкекти көздөй келаткам. Мени менен бир вагондо чачы куудай ак, бетин толтура майда бырыш баскан бир келин бар эле. Келинди сыртынан караган адамга анын жашын божомолдоо кыйын эле. Экөөбүз маңдай-тескей отуруп келатсак да станциядан чыкканы мага ооз ачып эч нерсе сүйлөгөн жок. Тек гана кусалык, сагыныч, муң, арман толгон көздөрүн терезеден албай келе берди. Мен да сүйлөгөнгө батынган жокмун. Жол жүргөнүбүзгө экинчи сутка болгондо гана түшкү чайды чогуу ичип калдык. 4-5 кесим кара нан, азыраак сыр жана чакмак кантын сумкасынан алып чыгып, столдун үстүнө коюп, унчукпастан чайдан куюп иче баштады. Ошондо гана ичим бышып:

– Сиңдим, Кыргызстандан болосуңбу? Жаман көрбөсөң, сүйлөп отур, жол алыс,- дедим. Келин тунжурап саамга отурду да, сумсайган калыбынан жазбай:

– Ооба, эже, Кыргызстанданмын. Жаш дейин десем жүзүн толтура бырыш баскан, кыргыз дейин десем кыргызга окшобойт деп мага таңкалып келе жатсаңыз керек?- деп койду андан бетер табышмактатып.

– Байкашымча, ооруп же кыйналып келе жаткандайсың…

– Эмнесин айтасыз, эң бир оор жылдарды башымдан өткөрүп келатам. Кээде өзүмдү коркунучтуу түш көргөндөй сезип кетем. “Ойгонуп кетсем түшүм болуп, жашоом мурункудай болуп калса” деп ойлойм. Бирок, андай эмес, аттиң… Баары башкача болмок, бирок…

– Сиңдим, эгер көкүрөгүңдөгү жараңды тырмап алсам, кечирип кой. Жан­дүйнөң кыйналып жатса, айтпай деле кой. Мен сенин кейиштүү тагдырга туш болгонуңду вагонго адеп киргениңде эле муңайым жүзүңдөн окугам,- дедим келинди чын дилимден аяп.

– Жок, эже, айтып бир чети бугумду чыгарып алайын. Экинчиден, балким, менин тагдырым башкаларга сабак болоор. Сиз бирөөгө айтсаңыз, ал дагы башка бирөөгө айтса…

– Мен Ош тараптагы Өзбекстан менен чектеш айылдардын биринде бир үйдүн жалгыз кызы болуп чоңойдум. Бойго жетип мектепти бүтөөрүм менен кошуна айылга алакачып кетишти. Биз жакта салт катуу эмеспи, “баланчанын кызы бир жерге барып келген” деген сөздөн намыстанышкан туугандарым отургузуп коюшту. Өмүрүңдө көрбөгөн эле бирөө менен өмүр бою бактылуу жашап кеткен көрүнүштөр чанда кездешет экен. Мен болсо алгач “жашоом оңолуп кетээр” деп үмүттөнгөнүм менен бир уулдуу болгондон кийин отубуз күйүшпөй ажырашып, алты айлык балам менен ата-энемдин төрүнө кайтып келдим. Ата-энем канчалык көзүмдү карашканы менен ага-жеңелерим менен батышкан жокмун. Бир туугандарыма балам менен түртүнчүк боло бергенден тажап, Өзбекстандан майда-чүйдө күнүмдүк керектелүүчү товарларды арзан алып чыгып, соода кылууга өттүм. Ушул сооданын арты менен менден он жаштай улуу эки коммерсант аял менен таанышкан элем. Көп товар менен Россияга катташаарын алгач таанышканда эле айтышкан. Сооданын жолун таап буттарына туруп калышканы кийген кийимдеринен, кулак-моюндарындагы кат-кат алтындарынан эле билинип турчу. Ошол аялдар менен акыркы күндөрү эмнегедир жакшы сүйлөшүп кеттим. Бир күнү дагы сүйлөшүп отуруп бирөөсү: “Биз менен Россияга каттабайсыңбы? Чыт халат менен шейшептик кездемелер ал жакта жакшы өтөт. Ушинтип жүрүп бир жылда тапкан акчаңды Россияга бир барып келгенде таап коёсуң”,- деди. Аялдын айтканын эп көрүп, “күзүндө балам мектепке барат, ошого чейин кичине акча чогултуп алайын” деген ой келип, аялдар менен Россияга барып келүүнү чечтим. Үйдөгүлөргө айтсам, “өзүң бил” дешти.

Ошентип, жолго чыкчу күн да келди. Биринчи жолу алыс жолго чыгышым. Такси менен Оштон Бишкекке келгенден кийин тиги эки аял: “Акчаңды бизге бер, сен камданганча сенин товарыңды биз алып коёбуз”,- дешкенинен болгон акчамды бергем. Темир жолго келгенде гана: “Мына сенин товарларың”,- деп эки чоң ала сумканы көрсөтүштү. Анан бирөөсү: “Пакет көтөрүп жүдөбөй, ичиндеги майда-чүйдөлөрүңдү бул сумкага салып ал”,- деп жаңы кол сумка бергенинен оюмда эч нерсе жок эле ыраазы болуп алып алгам. Жолмо-жол автоматтары менен милициялар чыгып жанагы ала сумкаларыбызды бирден тытып чыгышат. Улам халаттарыбызды чачып, кайра сумкаларыбызга салып отуруп төрт суткага жакын жол жүрүп, акыры түн бир оокумда Новосибирск шаарына жетип бардык. Поездден түшөөрүбүз менен такси кармап түз эле бир жакка жөнөдүк. 1-1,5 саат жол жүргөнүбүздөн кийин бир үйгө жетип барып эшигин такылдатсак, жашы элүүлөрдөгү бир орус аял ачты. Жакшы учурашып, көпкө сүйлөшкөнүнө караганда көптөн берки тааныштардан окшойт. Бирок, эмнелерди сүйлөшүп жаткандарынан кабардар боло алган жокмун. Анткени, мен анда бир да орусча сөз түшүнчү эмесмин. Үйгө кирсек керебетте 80дердеги оорукчан кемпир жатыптыр. Сумкаларыбызды жайгаштырып, өзүбүз да жай алган соң Бишкектен чыгаарда мага кол сумка “белек кылган” аял берген сумкасын алып, анын ички кабатын акырын лезвие менен тилип чыгып, андан кичинекей пакеттерге оролгон бир нерселерди алып чыкты. Анан керебетте жаткан кемпирди так көтөрүп, ал пакеттерди керебетке кат-кат салынган матрацтардын алдына катып, кемпирди кайра жаткырып коюшту. Мен эч нерсе түшүнбөй эле оозумду аңырдай ачып отуруп калдым. Менин мындай абалыма көңүл да буруп коюшпай столдун үстүн жайната салып, “жолубуз ачык болуп, аман-эсен келип алганыбыз үчүн” деп үчөө арак ичишти. Андан кийин гана бир шойкомду сезип, үрөйүм учуп турган мага болгон окуяны түшүндүрүп киришти. Көрсө, жанагы сумкадан алып чыккан нерсе баңгизат экен. Мен бул нерсенин атын гана угуп, жаман нерсе экенинен кабарым бар болчу, бирок, өмүрүмдө көргөн эмесмин. Эми болсо төрт суткадан бери өзүм кармап, ушунча жолдон эч нерсе болбой келип калганымды ойлоп муундарым калтырап кетти. Анда аялдар: “Бул биздин минтип экинчи жолу келишибиз, мурун кездемелерди эле алып келчүбүз. Коркпо, негизгиси, аман-эсен келип алдык. Кудайдын бул жолу да бизге боору ооруду. Эми алып келбейбиз”,- дешти. Менин калтыраганым баарыбир басылган жок.

Таң атканда базарга барып халаттарыбыз менен кездемелерибизди сураган эле баасына кармата берип, кайра орустун үйүнө келдик. Күүгүм кирип калганда эшик такылдап, тажиктерге окшогон лөкүйгөн эки жигит кирип келди. Орусчалап бир нерселерди сүйлө­шүшкөн соң кемпирди көтөрүп пакеттердеги жанагы балээни алышып, орус аялга көп акча беришти. Алар кеткен соң акчанын азыраак бөлүгүн өзүнө калтырып, калганын аялдарга берди. Аялдар болсо акчаны тең үчкө бөлүшүп, бир бөлүгүн менин колума карматышты. Чынын айтсам, мен али мындай акчаны кармап көрө элек болчумун. Көзүмө оголе көп акча болуп көрүндү. Мындай акча колума тийген соң денемдеги майда калтырагым токтоп, коркуу сезимим өзүнөн-өзү тарап кеткендей болду. Ошентип, эртеси жолго чыктык. Чөнтөгүм толо акча, кечээки окуяны унутуп, өзүмчө эле кудуңдап алгам. Дагы төрт суткадай жол жүргөндөн кийин Бишкекке жетип келдик. “Дордой” базарына барып балама, ата-энеме, бир туугандарыма толтура кийим-кечелерди алдым, айылга алпарып сатканга майда-чүйдө товар алдым, ошентсе да акчамдын азыраак бир бөлүгү гана короду. Менин мындай чоң табылга менен барганыма үйдөгүлөр кудуңдап эле сүйүнүп калышты.

Акчамдын жарымын катып койдум да, жарымын иштетип, товарларымды бир топ көбөйтүп алдым. Баягы окуядан кийин бир айдай убакыт өткөн эле. Бир күнү эле базарда соода кылып отурсам кайдан-жайдан баягы аялдын бири пайда болду. Сүйлөшүп отуруп дагы Россияга бара жатышкандарын, бирок, берки “товары” жок эле, жалаң кездеме менен халат алып кетип жатышкандарын айтты. “Барасыңбы, жүр. Дагы бир байып аласың. Бирок, албетте, баягыдай акча болбойт. Ошентсе да товарды көп алсаң, жакшы эле түшөт”,- деди. Мен аялдын сөзүнө ишенип, “андай болсо барам” деп дароо эле макул болдум. Үйгө каткан баягы акчадан алып, “мага да товар алып коюңуз” деп аялга бердим. Баягыдай эле көрүнүш. Оштон Бишкекке, Бишкектен Новосибирскке жөнөдүк. Анан дагы эле баягы орустардын үйүнө бардык. Жайланышкан соң мага тиешелүү товар салынган ала сумканын бирин ачышып, эң түбүнө салынган халаттардын биринин этегине тыкандык менен кошо тигилген баягыдай пакеттерди алып чыгышканда дагы бир жолу мени пайдалангандарына түшүн­дүм. Бул жолу бир топ үйрөнө түшкөн­мүн­бү, биринчи жолкудагыдай абалга туш болгон жокмун. Бирок, баарыбир жүрөгүм алдыдагы жагымсыз бир нерседен кабар бергендей бир башкача согуп жатты.

Эртеси түн оокумда баягы балдар дагы келишти. Бирок, бул жолу баягыдай тез эле кетип калбай, көпкө чейин талашып-тартышышты. Бирөөсү эмнегедир ачууланып, аялдарга чала-була кыйкырып да алды. Акыры бир пикирге келишпегенден соң балдар кетип калышты. “Эмне болду?” деп сурасам: “Акчалары аз экен, болгон товарды ушул акчага бергиле деди эле, биз бербей койдук. Анда азыр жетпегенин алып келебиз деп кетишти”,- деди. Менин жүрөгүм бир нерсени сезгендей: “Жүргүлө, кетип калалы, карматып коюшпасын!”,- деп жалдырап жибердим. Анда мени жоошутушуп: “Карматышпайт. Булар биздин ишеничибизге кирген. Азыр акча алып келишет”,- деп такыр эле камаарабай коюшту. Өзүм качып кетейин десем түн ортосунда кайда бараарымды билбейм же бир ооз орусча сөз билсемчи. Акыры кетүүгө жалдырап жатып аялдарды көндүргөндөй болдум. Бирөөсү: “Чын эле кетели, кокус карматып коюшпасын”,- десе, экинчиси: “Дагы жарым саат күтөлү, келбесе, анан кетели”,- деп калды. Биз да анын сунушуна көнүп отуруп калдык. Бирок, арадан жарым саат эмес, 10-15 мүнөт өтпөй эле эшик такылдап, тигил экөө­нүн ордуна милиция кийимдерин кийген жайнаган адамдар кирип келишти. Бизди дубалды каратып тургузуп коюшуп, өздөрү үйдүн чаң-тополоңун чыгара тинтип киришти. Ары чачышты, бери чачышты, эч нерсе таппаганда акыры кемпирди көтө­рүп, матрацтарды оодарышып, андагы “товарларды” таап чыгышты. Анан орусчалап сүйлө­шүшүп, кагаздарга бир нерселерди жазышты да, кемпирден башкабызды машинага салып алып кетишти. Мы­на ошентип, баары бүттү…

Көпкө созулбай сотубуз болду. Сотто бизди издеп барган эч ким болгон жок. Болгону орус аял биз жөнүндө билгендерин: “Экөө Кыргызстандан келген сайын биздин үйдө акча төлөп жашашат, бирөөсү эч нерсени түшүнбөйт, жаңы келди. Мен алардын баңгизат сатаарын билген эмесмин. Апам оорукчан, сүйлөй да, баса да албайт. Ошондуктан, анын астына баңгизат бекитип жүрөөрүн билбегем…” деп жазып бериптир. Сот болгондо да күбө катары келип ушуларды айтып, өзү акталып чыгып кетти. Бизди болсо түрмөгө кесип жиберди. Мени 15 жылга, тигил экөөнү 25 жылдан.

kadin_cezaevi_ic

Мына ушинтип бир чети тигилерге алданып, экинчиден, өзүмдүн да кыска ойлонгондугумдан түрмөнүн тузун татып чыктым. Алгачкы жылдары ит көрбөгөн кордукту көрдүм. Түрмөнүн аялдары жылаңачтантып бийлетишип, тил билбегенимден алардын айткандарына түшүнбөй калсам дагы кордошуп… Ий, бети курусун, алардын мага көрсөтпөгөнү калган жок. Бир жылдан кийин мени мындай азаптан башка түрмөдөн которулуп келген өзбек аял кутултту. Азиат деп жан тарттыбы же чын эле менин абалыма боору оорудубу, жакшы эле колдоо көрсөттү. Бирок, мен түрмөдө ушунча жатып нашаа, тамеки дегенди оозума алган жокмун. Орусча үйрөндүм, атүгүл, акыркы жылдары кайтаруучулар менен жакшы болуп, сырттан тамеки, тиш паста сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү нерселерди ыңгайын келтирип алдырып, бир аз акча да топтоп алгам. Отурганыма беш жыл болгондо мунапыска туш болуп, жүрүш-турушу жакшы делинип биротоло бошонуп чыктым. Беш жыл бою ата-энемден, уулумдан бир кабар ала алган жокмун. Жаңыдан отурганымда болгонун болгондой кылып төкпөй-чачпай жазып жөнөткөм. Бирок, жооп келген жок. Балким, ал катым жеткен деле эместир. Уулум ошол жылы 1-класска бармак, эгер барса, азыр 5-класста окуп калгандыр. Кандай болуп чоңойду экен? Мен жөнүндө укту болду бекен? Мен барсам тааныбай калса керек? А ата-энемчи? Алар мени ойлоп картайып, чачтары куудай агаргандыр? Деги аман-эсен болушту бекен?..

Ага боорум ооруп, айтып бергендери көз алдымдан кетпей жүрүп отуруп Бишкекке кантип келип калганымды да билбей калдым. Анан темир жолдон экөөбүз жылуу коштошуп, эки тарапка кеттик. Ошол бойдон көргөн жокмун. “Байкуш келин эмне болду экен? Ата-энеси кандай кабыл алышты? Уулучу?” деп бассам-турсам ойлой берем. Чын эле эмне болду экен?…

The post Москванын турмөсүндө 5 жыл отурган аял appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 26, 2015 at 11:38PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

image (6) image (9) image (1) image (4) image image (8) image (2) image (7) image (5) image (3)

Кечээ 25-ноябрда Шейх Чубак ажыга таандык болгон “Хадис академиясынын” ачылуу алдындагы түлөө-марафону болуп өттү.

Белгилеп кетүүчү эн негизги нерсе,терен ыраазылыгыбызды баардык жардам берген бир туугандарга Аллах ыраазы болсун.

The post Шейх Чубак ажыга таандык болгон “Хадис академиясынын” ачылуу алдындагы түлөө-марафонунан бир элес. appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 26, 2015 at 10:40PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кайсы заманда экени белгисиз, кыскасы бир шашма адам жашаган экен. Ал үйлөнгөндөн кийин бир канча жыл балалуу болбой жүрүп, акыры балалуу да болот. Аялы экөөсүнүн кубанычтары койнуна батпай баласын бапестеп багып жүрүшөт.

Бир күнү аял адаттагыдай эле баласын күйөөсүнө калтырып, карай турган адамы жок жалгыз кемпирдин тамак-ашын даярдап, кир-когун жууп берүү үчүн чыгып кетет. Кашайып ошол учурда бир топ желдеттер келип:

-Сени хан чакыртып жатат, кечикпестен биз менен жүр! – деп талап кылышат. Тиги же баласын таштай албай, же хандын талабын жок дей албай айласы кетет. Акыры бир чечимге келип, баласын жаткырып, жанына үйдөгү чоң мышыгын калтырат да, жолго чыгат.

Алар үйдөн узап кеткен соң босогонун алдынан бир кара чаар жылан сойлоп кирип, балага жакындай баштайт. Сергек мышык анын алдынан тосуп, экөө арбаша кетишет. Акырында мышык так секирип жыланды кекиртектен тиштейт да, муунтуп өлтүрөт. Башы-көзү канга боёлгон мышык, өз эрдигине корстон боло эшик алдына жата кетет. Хан сарайдан шашып келген үй ээси эшиктен кирип эле, оозу-мурду канга боёлуп уктап жаткан мышыкты көрүп нес болуп калат.

Оюна жамандыктан башка эч нерсе келбеген үй ээси «Сага ишенип таштап кетсем, сен ушуну кылдыңбы» деп кыйыкырып, колундагы таягы менен мышыкты башка чаап өлтүрөт.

Анан таягын сүйрөп, шалдайып төркү бөлмөгө кирет. Кирсе баласы жаткырган жеринде мемиреп уктап жатат. Баланын аяк тарабында канга боёлгон жансыз жылан суналып жатыптыр. Иштин төркүнүнө эми түшүнгөн адам өз шашмалыгына өкүнүп, таягы менен башына чапкылагысы келет. Бирок, өткөн ишке өкүнгөн менен айла жок эмеспи, бармагын тиштеп отуруп калгандан башка айла жок.

The post Шашкан шайтандын иши appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 26, 2015 at 04:30PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Адам баласынын турмушунда максатсыз жашоо болбосун жакшы түшүнөбүз. Башка жаныбарлардан, тирүү жандыктардан айырмаланып, адам баласы максатсыз жашабайт. Жашоодогу максатыбыз көпчүлүк учурда бактылуу болушту самайбыз. Бакыт өзүнөн өзү келбейт. Бактылуу болушту кааласаң ага адал оюң, ак тилегиӊ, ак эмгегиң, ак ниетиң менен аракет жасасаң ага жетээриң бышык.

Убакыт өткөн сайын, учурунда болуп өткөн урунтуктуу окуялар жүрөк сезимиңде тарых барактары катарында түбөлүк сакталып кала берет. Бул жалган сыноо дүнүйөгө кимдер гана келип, кимдер өтпөгөн. Жараткан ар бир пендеге ар түрдүү тагдырды насип кылып, бирине түйшүктү жүктөсө, кээ бирөөсү түйшүктөн кабары жок турмуш өткөрөт. Бардык нерседен өлүм улук экенин унутуп, тирүүлүктө түмөн түйшүктөрдү баштан өткөзүп, артыңда эсте калаарлык эч нерсе жасабай бул дүйнө менен коштошуп кеткендер канча?

Жашоо өмүрүн максат-тилек менен өткөрүп, жасаган иштери, элге болгон ак, адилет, калыс мамилеси, камкордугу менен өмүрүн өткөзгөн адамдардын артында жылуу сөз, тунук ой, таза пикирлер аңыз болуп айтылып элдин сезиминде, жүрөк түпкүрүндө сакталып калаарын кээ бир айкөл адамдардын басып өткөн жолу айгинелеп туураарына күбөө болуп жүрбөйбүзбү. Ыйман ызаат, ата-бабалардан калган нарк дөөлөттү сактап жашоо бул айкөлдүк эмей эмне. Адам баркын адам билет дегендей, элге жасаган адал кызматын, эл унутта калтырбай эскерип, муундан муунга өтүп элдин жүрөк түпкүрүндө сакталып калаары бышык. Табияттын табышмактуу мезгили ɵтүп кеткенден кийин, өкүнгөн менен өткөндөрдү ордуна келтирүү оңой болбой калат. Ошондуктан ар бир нерсени убакытка уттурбай, убагында жасап калуубуз зарыл.

Адамдар ортосундагы мамилелер сый урматка негизделип, пейил тарытпай, адам көӊүлүн оорутпай жасаган мамиле тасирдүү болуп түбөлүк эс тутумуӊда калаары шексиз. Мындай мамилелерге негизделген жашоону бактылуу турмуш десек жаӊылышпайбыз.
Жеке кызыкчылыкты, оӊой олжону ойлоп дүнүйөнүн, мансаптын кулу болуудан алыстап, ак эмгек, таман акы, маӊдай тер менен тапкан жашоо тиричиликке эмне жетсин!
Замандын өйдө ылдый болгонуна байланыштуу чоң кызматтарда иштеген тааныш тууган-туушкандардын, куда-сөөктөрдүн колдоосу менен убактылуу кызматка келип, мансапка ээ болуп өздөрүн бактылуу сезип, кулк-мүнөзү таңкаларлык деңгээлде терс жагына бурулуп, өзгөргөндөр жок эмес. Дарамети жок болсо дагы, утурумдук бийликтин ичи койнуна кирип ар кандай жолдор менен, айла-амал менен кызматка орношкондордон жана кызматты сатып алгандардан кур эмеспиз. Бирок тагдырды сатып ала албайсың.

Мансапка жеткенде акыл токтотпой текеберчилик кылып, эл менен эсептешпей, билимдүү тажрыйбалуу адамдардын айткандарын көкүрөккө түйүп калбай, кулак сыртынан кетирип, көзү ачылбай өзүм билемдик өкүм сүрүп, тагдырга маани бербей жүргөндөр көп эле кездешип жүрөт. Ошондуктан тагдырдын бакыт нурун чачкан жүзүн көргөндө жарылбай, сүйүнүчтөн ашып-ташыбай, ага манчыркап калбай жашоо, бактылуу турмушту баалай билүү болуп саналат. Ал эми тагдырдын муздак борошон менен келген караңгы бетин көргөндө, мүңкүрөп муңайбай көтөрө билүү акылдуулук.

Тийиштүү билим, такшалган тажрыйба болбосо эл менен камыр-жумур болуп, эл кызыкчылыгын көздөп иштеп кетүү сейрек кездешет. Мындай кызматчылардын ишмердигин эл тез аныктап, ойлорун ортого салып, эл ичинде адилет баа берип, кезеги келгенде аларды ордуна коюп жүргөнүн билбейбизби? Мындай элдин купулуна толбогон эл кызматында жүргөндөрдү убагында ордуна коюп туура жолго салбаса аягы өкүнүчтүү, кайгылуу окуялар менен бүтөөрүнө көп эле күбөө болуп жүрбөйбүзбү.

Адамдын кулк-мүнөзүнө, намысына, ишмердигине, иштеги топтогон эл ичиндеги аброюна жараша тажрыйба топтолот. Өмүр тагдырың Жараткандын колунда болсо, жашоо тагдырыңдын бир учугу өз колуңда. Адал оюң, ак эмгегиң, чын пейлиң менен ишке болгон мамилең болбосо сага келген дөөлөт түбөлүктүү болбошуна ишене бергин. «Мээнет жалпак, бакыт тоголок», -деп айтылгандай келген бакыт-таалайды акылдуулук менен көтөрө билип, ардактап асырай албасаң андан ажырап калуу каш-кабактын ортосунда экенин көп эле жолуктуруп жүрөбүз. Улуу Жараткан адам баласына бакытты байлык, бийлик, мансап ж.б. аркалуу сынак кылып берээрин унутпайлы.

Аллах Таала айтты:

«Раббысы инсанды (байлык) менен сынап, ага жоомарттык көргөзсө жана нээмат берсе «Раббым мени урматтады» – дейт. Ал ъми, аны (кембагалдык менен) сынап, ырыскысын ченеп берсе, «Раббым мени кордоду» – дейт» (Фажр: 15-16)

Бай болгондо, бийлик келгенде, аны Кудайдын сыноосу катарында кабыл алып, аны туура пайдаланып, адамдык бийик сапатты сактап калбасак, бул жакшылыктардан ажырап калганыбызды, ал колдун кириндей жуулуп кеткенин өзүбүз дагы сезбей калышыбыз мүмкүн.

Жараткандын жазасынан коркуп, келген бакытты көтөрүмдүүлүк, токтоолук, сабырдуулук, айкөлдүк менен асырабасаң андан тез эле ажырап каласыӊ. Ал ар түрдүү кырсыктар, оору-сыктоолор аркылуу да келиши мүмкүн. Убагында жасалбай, убакытка уттуруп ийген учурду кайтаруу кыйынга туруп калат.

Алдыга албан максаттарды коюп ага жетүүнүн жолун, Кудай көрсөткөн жолдон чыкпай, Пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) берген таалим-тарбиясы аркылуу аракеттенсек ошол максаттарга сөзсүз жетишебиз.
Жаман-жакшылыктарды башынан көп өткөзгөн Чоң атам Ызак –

«Өзгөлөргө, башка адамдарга канчалык көп кубаныч алып келип, алардын кубанычы аркылуу өзүңдү бактылуу сезсең мындан артык бакыт барбы», – деп айтаар эле.

Өмүрдүн баркы сенин ордуң, адамдарга жасаган жылуу мамилең менен аныкталат. Эч ким жалгыз жашоого мүмкүн эмес. Ошондуктан: Бакыт айланаңдагылар менен болгон мамилеге байланыштуу. Жылуу мамиле оор кезди жеңилдетип, жашоону жагымдуу кылат. Кыйынчылыгыңды бирөөгө айтсаң жеңилдеп калаарыңды ар бир адам башынан өткөрсө керек. Ошондуктан аны айтыш үчүн дагы жылуу мамиледеги адам керек. Жылуу мамилени ар бир адамга аны акыркы ирет көрүп жаткандай экинчи ирет көрбөй калчудай мамиле жасасаң ортодогу мамиленин жакшыраарында шек жок. Ошол эле убакытта адамга чоң ишенич болуш керек. Ишенүү бакыттын пайдубалы. Ишенимсиз мамиле узак болбойт. Ишенүү жан дүйнөнү күмөнсүнүүдөн, кабатыр тартуудан, тынчсыздануудан, коркунучтан сактайт.

Бактылуу болууну ар бир адам каалайт, ага жетүүнүн жолун издейт. Адам баласы ден соолугу таза, алты саны аман эсен тɵрɵлгɵндɵ эле ата-энесине бактылуулукту тартуулап, бактылуу турмуштун башталышын башынан ɵткɵрɵ баштайт. Анын кийинки турмушунун бактылуу болушу ага берген тарбиядан, алган билиминен, жашаган коомдон, айлана чɵйрɵдɵгү байланышкан адамдардын тийгизген таасиринен, үй-бүлɵдɵгү мамилелерге дагы байланыштуу болоору күмɵн туудурбас.

Бактылуу болуу кандай экендигине ой жүгүртүп, сɵз менен түшүндүрɵ алгыз сезимдерди ой сезимиӊден ɵткɵрүп бүтɵ албайсыӊ. Жашоодо кээ-бир учурларга байланыштуу болгон окуяларга, жасаган иштериӊдин жыйынтыгына канааттануу менен, байланышкан адамдардан алган жылуу мамиле-сезимдердин негизинде, балдарыӊдын жетишкен ийгиликтери, алардын ата-энеге жасаган мамилелери, дегеле койчу толуп жаткан жагымдуу учурлар менен ɵзүӊдү бактылуумун деп эсептесеӊ болот. Бирок жашоо турмушуӊ нечендеген санаа чектирген жат кɵрүнүштɵр, уккан жагымсыз сɵздɵр, кɵӊүл ооруткан кɵрɵалбастык менен жасалган мамилелер, ар-кандай ишке байланышкан уйкусуз түндɵр менен бирге болоору адам баласы үчүн оӊойго турбаган иш. Ɵзүӊдү бактылуумун деп эсептегениӊ менен жогорудагы жагымсыз учурлар түйшүккɵ салып, жүрɵк түпкүрүндɵ сакталып кала берет.
Бактылуу болууга жүгүрткɵн ой-толгоом пайгамбар жашынан ɵткɵн жашоо турмуштагы ɵткɵргɵн тажрыйбадан алган ой-пикирлеримдин жыйынтыгы сыяктуу эсептелет.

Ушул убакыттын ичинде ɵз бактыбыз үчүн талыкпай эмгектенип, жасаган аракеттерибизге аралаш ɵткɵргɵн, түрдүү оор кɵрүнүштɵргɵ жык толгон нечендеген ай-күндɵрдү кɵз алдымдан чубатып кɵп ɵткɵрɵмүн. Жашаган ɵмүр дээрлик бир кылым болсо дагы тарых ɵлчɵмү менен алганда бул кɵз ирмем убакыт турбайбы.

Жүз жашка чыгып бул дүйнɵ менен коштошоорго жакындаган адамдан:

-Жашап ɵткɵн бир кылымдык ɵмүргɵ кандай баа бересиз? -деп сураган суроого:
- Бул ɵмүр мен үчүн үйдүн бир эшигинен кирип, бир эшигинен
чыгып бараткадай эле сезилип жатат, - деп жооп берген экен.

Кɵрсɵ адам ɵмүрүндɵгү бир кылымдык убакыт бул деле кɵз ирмем убакыттай сезилгени менен, анын баалуулугу ушул убакытта эмне менен алек болдун, кандай ийгиликтерге жетиштиӊ, акырет үчүн кандай кам кɵрдүӊ, кимдер менен байланыштыӊ, кимдерге жардамыӊ тийди, коомдогу ээлеген ордуӊ, сага жалпы элдин берген баасы ж.б.у.с. ɵлчɵмдɵр менен ɵткɵн ɵмүрдүн аз-кɵптүгүн ɵлчɵсɵ болот турбайбы.

Демек ɵткɵргɵн ɵмүр ɵлчɵмү, убакыт менен эмес андагы жасалган жакшы иштер менен ɵлчɵнɵɵрүн ар бирибиз билишибиз зарыл. Жашообуздун бактылуу деп бааланышы бул Улуу Жараткан кɵрсɵткɵн жолдор менен жашап ɵтүүгɵ умтулуу деп түшүнɵм.

Келечектеги биздин урпактардын жашоосу, ата-эненин, үй-бүлɵɵңдүн, коомдун берген тарбия таалиминен башталат. Тарбиянын туу чокусу ыйман, Улуу жараткандын кɵрсɵткɵн жолу менен тарбиялоо.

Ислам дини жер жүзүнɵ таркала баштаган убакыттан бери 1435 жылдан ашык ондогон жүздɵгɵн жылдар өттү. Мезгил оошуп, нечен заман алмашты. Жүз элүү жылдай орус калкы менен аралаш, ирегелеш жашадык. Тилин үйрөнүп, сырын тарттык. Ата бабаларыбыз калтырган ыйык мурастарын, башкача айтканда ыйман туурасында, ата-бабаларыбыздан калган үрп адат, каада-салттарыбызды, астейдил мамилелерди азда болсо азыр да жерде калтырбай улантып келатабыз.

Ошону менен бирге тууган-туушкандар, мусулман боордоштор менен байыртан бери жайсак дасторконубуз, ичсек чайыбыз чогуу болуп келгенин мындан ары дагы улантсак жаман болбос эле. Мындан бир-бирибизге болгон бир туугандыгыбыз ашса ашып, бирок эч бир убакытта кемимек эмес. Тууган-уруксуз, карым-катнашсыз ынтымагы жок жашоо толук эмес, муну тарых тастыктады. Кудай ынтымак-ырашкерчиликти Кыргызтандын элине түбөлүк кут кылсын!

Ар бир адамдын жашоо-турмушунда, ɵткɵргɵн ɵмүр бул тарыхтын кɵп кырдуу барактарынан түзүлүп, ар бир адамдын жашоо турмушу ал тарыхтын ɵзүнчɵ бир кайталангыс барактарын түзɵɵрү шексиз. Жашоодо ар түрдүү адамдар менен кездешесиӊ, акыл бɵлүшɵсүӊ, турмуштун түрлүү кыйынчылыктары менен бирге кубанычтарды дагы бирге бɵлүшɵсүӊ. Бирɵɵ туура түшүнүп, жетишкен ийгиликтериӊди ɵз ийгилигиндей кабыл алып канааттануу менен мамиле жасаса, оюӊа ой кошсо экинчисинен кɵӊүлүӊ калган учурлар дагы болбой койбойт.

Бирок жашоо турмушунда кɵӊүл кубанткан бактылуу орчундуу учурларды, кубанычыӊды жакын санаалаш адамыӊ менен бɵлүшкүӊ келет. Себеби кайталангыс жана унутулгус учурларда жаныӊда жакын санаалаш адамдарыӊ болмоюнча ал маӊызсыз болуп калаарында күмɵн болбос. Мына ушундай учурларды, жакшылык менен жаманчылыктарды бирге ɵткɵрүү үчүн менин тагдырымда жакшы жолдоштордон Улуу Жараткан кур калтырган жок. Алардын ар биринин атын атап олтуруунун кажети жок. Алар аны ɵздɵрү жакшы билишет.

Эки дүйнɵдɵ бактылуу болуунун жолун издесек, Ислам динине ишенүү менен бирге Аллах Таала кɵрсɵткɵн жолдорунан чыкпай жашап, бул дүйнɵ жашоосунда Жараткандын буйруктарын так аткарып, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) кɵрсɵткɵндɵй жол менен жашасак адашпайбыз.

Ден соолукта болуп, алты саныбыз аман, буту- колубуз соо туруп, Кудайдын аткарууга милдетүү болгон буйруктарынын бири намаз окууга мүмкүнчүлүк болгонуна топук кылганыбыз, ыраазы болгонубуз дурус болоор. Ушуга байланыштуу болгон бир окуяны айта кетейин.

Дубай шаарына чоӊ мекеме-уюмдун чакыруусу менен барып калдык. Чакырган жактын ɵкүлү Сыдык деген адам менен шаарды кыдырып таанышып жүрүп, деӊиз үстүндɵ салынган абдан кымбат чоӊ мейманкананын жанынан ɵтүп бара жатып, майып, кɵзү сокур бир адамды коляскага олтургузуп сүйрɵп баратканын кɵрүп, дароо токтоп ага карап саламдашты. Ал ɵтүп кеткенден кийин бизге кайрылып:
-Карагылачы мына бул адамга. Бул кишиге ата энелеринен мурас катарында жүз миллиондогон байлык калган. Ɵзүнүн байлыгы дагы абдан кɵп. Мына ушу кишиге; сага бутуӊду ордуна келтирип, эки кɵз берели, сен болгон байлыгыӊды бер десе жок дебейт эле, туурабы!? А биз болсок бардык мүчɵлɵрүбүз аман туруп Кудайдын бизге берген чексиз байлыгына шүгүрчүлүк кылабызбы? Буйруктарын аткарабызбы? Жок, биз болгон байлыгыбызга «Колдо бар алтындын баркы жок» болуп баа бере албашыбыз мүмкүн. – деп улутунуп алды.

Улуу Жараткандын буйруктарын аткарбаган, кɵрсɵткɵн туура жолу менен жашабаган адам, жашоо турмушунда ар түрлүү кырсыктарга кабылып, түрдүү кордуктарды башынан ɵткɵрүп жатканына маани бербей жашоосун ɵз билгенинче ɵткɵрɵ берет.
Чындыгында бардык мүчɵлɵрүбүз аман туруп, эки рекет намаз окуп Аллага шүгүрчүлүк айтып, анын буйруктарын аткарып жатабызбы? Жок. Тегерек четибизге кɵз жүгүртсɵк, акыл калчасак канча деген адамдар ушул эле убакта оору-сыркоонун азабынан тɵшɵктɵ жатып, багууда болуп, ɵзү тамактана албай жаткандар канча? Акыл-эстен адам сапатынан ажырап, үй-жайсыз ар кайсы жерде тентип жүргɵндɵрдү кɵрбɵй жүрɵбүзбү?

Бизге Кудай берген байлыкка ыраазы болуу менен бирге, Анын буйруктарын аткаруудан баш тартууга кандай баа берүүгɵ болот. Мүмкүн жалкоочулуктур? Кудай сактасын, эгер биз бир күнү бизге буюрган мүмкүнчүлүктɵн ажырап калсак, ɵкүнгɵнгɵ кеч болуп калбайбы?

Бул турмушта ишеним менен жашоо биздин жашап жана жасап жаткандарыбыз Улуу Жараткан кɵрсɵткɵн жолго туура келээрлигинин далили катарында каралышы керек. Адам болгондон кийин ар бирибизде татыктуу жашап бактылуу турмуш ɵтɵɵгɵ аракет болорунда күмɵн болбос. Ɵмүрүнүн маани-маӊыздуу болушун кɵздɵбɵгɵн, бактылуу болушун каалабаган адам жок экендиги талашсыз эмеспи. Кɵпчүлүгүбүз бакытка жетиш үчүн эмне кылыш керектигин жакшы билебиз, бирок ага жетүүнүн жолунун артынан түшүп аткарууга эркибиз жетишпейт. Колу-бутубуз кишенделип калгандай абалда болобуз. Кɵздɵгɵн максатка жетпей калсак ага чекит коюга ашыкпайлы. Артынан түшүп, жолун издейли. Ар бирибиз максатыбызга жетүүнүн аракетинде бололу. Ошондо гана ага сɵзсүз жетебиз.

Жашоодо эмне иш жасадык, эмне жараттык, ɵзүбүздɵн кийинкилерге эмне калтырдык, булардын баардыгы ойлондурчуу нерсе.
Кызматта иштеп жүргɵн учурда, кызматтагы адамдар мен муну жасадым, аны жасадым деп айта беришет. Бирок эмне жасаганыбызга бааны кɵпчүлүк эл бергени жакшы. Менин ɵзүмдүн баамымда ɵткɵн турмушка кɵз чаптырсам, кɵп нерсени жасаганга үлгүргɵн жокмун. Тийиштүү шарт дагы болгону жок. Турмуш деген улана берет экен. Азыркы жаш муундарга туура билим, тарбия, үлгү, насаат берилсе жасалбай калган иштерди улантып кетээр деп ойлоймун. Ыйман болбой жасалчуу иштердин жыйынтыгы дагы болбойт.
Ыйман, ынтымак, ак дил, ак ой, асыл максат болбой ийгилик дагы болбосун кɵӊүлүбүздɵн чыгарбайлы.

Жарык дүйнɵгɵ келгенден кийин, биз жашоо тарбиясын ата-энебизден, бала-бакчадан, мектептен, атайын орто жана жогорку окуу-жайлардан, ошондой эле жашаган чɵйрɵдɵн алабыз. Биз алып жаткан тарбия Алла Тааланын кɵрсɵткɵн жолуна, Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) жашоосуна окшойбу, же ɵз билгенибиздей жашоо турмушту ɵткɵзүп жатабызбы? Кеп мына ушунда!

Коомубуздагы ар бир инсандын, улуттун кызыкчылыгы үчүн болгон аракети ички ыйман сезими менен күчтүү болсо гана, анда анын руханий мансап дөөлөттөрүн бүткүл дүйнөгө таркатуунун түрдүү жолдорун издөөсүнө көмөк түзмөк. Мүмкүн ошондуктан ыйман маселесин балдарыбызды тарбиялоодо өзгөчө маани берип, бул баалуулукту кимге болсо дагы түшүндүрүүгө аракет жасасак жаман болбойт эле.
Ыйман, жашоодо биз ойлобогон жетишкендиктерге, ийгиликтерге жеткизет. Анын кандай учурда кандай шарттарда келгенин өзүбүз дагы сезбей, билбей калабыз. Ыйман жанга ырахат берет, жүрөгүбүздү нурлантып, рухубузду азыктандырат, зыяндуу нерселерден ажыроого мүмкүндүк берет.
Жакшы нерседен үмүт кылсак ички дүйнөбүздү тазалап, күмөн саноодон арылып, руханий байлыгыбызды арттырып, жашоодогу туруктуулукту калыптандырган күч пайда болоруна күбөө болобуз.

Жасаган ишибиз Алла Таала кɵрсɵткɵндɵй ак пейилден, ак дилден, кɵӊүл коюлуп аткарылса ал ɵзүбүзгɵ дагы , башкаларга дагы кубаныч, ырахат таруулайт.
Арам ойдон, арам иштен, арам деп аталган азыктардан алыс болуу, башкача айтканда мас кылуучу ичимдиктерди ичпɵɵ, баңги заттарга жолобоо, кумар ойноодон алыс болуу, ууру кылбоо, ушак сɵздɵрдү сүйлɵп, адамдардын арасында чыгымчылык жасабоо, бирɵɵнүн адал эмгеги менен тапкан акыларына кыянаттык кылбоо, сүткорлукка жол бербɵɵ, убадага бекем болуп, аманатты так аткаруу жана ушул сыяктуу жакшы жол жоболорду адам баласына аткарууга буюрулган.

Бул насааттарды аткарса бактылуу болоору, аткарбаса, кɵп жаман иштерге аралашса жашоодо убайым тартып, санаага баатып, түрдүү кордуктарга учураары дагы айтылган. Бул жашоо эрежелеринен кабары жок адам келген түйшүктɵрдү кырсык катарында кабыл алып жашоосун уланта берет. Булардын баардыгы Улуу Жараткандын бул жашоодо анын буйруктарын аткарбагандыгы үчүн жиберилген жазасы экендигине кɵӊүл бɵлбɵйт.

Бул дүйнɵнүн азап-кордуктары жашоо ɵмүр ɵткɵн соӊ токтойт. Бирок акыреттеги түбɵлүк ɵмүрдɵгү азап-кордуктардан кантип кутулабыз? Кеп мына ушунда! Улуу Жараткандын кɵрсɵткɵн жашоо эрежелерине туура келбеген иштерибизге ɵзүбүз жооп беребиз, ага эч ким жоопту эмес. Убактысы келгенде бул дүйнɵдɵ кылган кыӊыр иштерибиздин азабын тартууну алыстата албай кордукка дуушар болуп, жооп берүү мɵɵнɵтүн узартууга мүмкүн болбой калат.

Жашоодо бизге берилген аз убакытта, түбɵлүктүү акреттеги ахвалыбыздын камын көрүп жашасак, ал дүйнɵдɵгү тозок азабынан кутулууга мүмкүнчүлүк түзүлɵɵр беле деген үмүттɵн алыстабашабыз керек.

Мен дин багытындагы кɵп китептерди, пайгамбарлардын тарыхын, пайгамбарыбыздын ɵмүр баянын, курандын маани маӊыздарынын котормолорун ж.б. кɵптɵгɵн маалыматтарды бир канча ирет окуп чыгып, Алла Тааланын Ыйык Китебине жана Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) такталган сүннɵттɵрүнɵ таянып, жаман иштерди жакшыдан ажыратыш үчүн, баскан жолубузда тозок отуна дуушар кылуучу, Улуу Жараткандын бизге кɵрсɵткɵн жашоо эрежелерине каршы келүүчү арамзалык, мансапкорлук, адилетсиздик, кызганыч, кыянаттык, жалганчылык, кастык, куулук, зулумдук, ичитардык сыяктуу жалпы адам баласы үчүн залалы бар сапаттар менен бирге зыян тийгизүүчү жаман саналган иштердин кээ бирɵɵлɵрүнɵ токтоло кетейин.

Алардын кыскача түшүндүрмɵлɵрү тɵмɵндɵгүчɵ:

-Диндеш, дилдеш бир туугандарыӊа анын жаман иш кылып жатканын билип турсаӊ дагы, ага жаманчылык кылбагын. Мүмкүн ал кылып аткан иштеринин Алла Тааланын туура жолуна туура келбестигин, туура эмес жасаган иштерине кандай азап, жасалар болорун түшүнбɵй, билбей жаткандыр. Ошондуктан ага түшүндүрүп насаат айтсаӊ кабыл алаар.

Туугандарыӊдан, бир туугандарыӊдан кол үзбɵй катташып тур.
Пайгамбарыбыз ( ага Аллахтын салават-саламдары болсун) айтканы бар:

«Туугандарыӊыз менен мамиле жакшы болушу үчүн уругуӊуз менен тегиӊизди жакшылап билип алыӊыздар. Ɵзү жакын турганы менен мээримдүү, күйүмдүү болбосо, анын жакындыгынан пайда жок. Ɵзү ыраак турганы менен күйүмдүү, мээримдүү болсо, ыраактыгынын залалы жок».

Адамдарга жакшылык кылуу, туугандар менен жакын алакада болуп, ал-жай сурашып туруу – бул сообу бат тие турган кайырдуу иштерден экендигин жана кыямат күнүндɵ Алла Таала эки адамга назар салбаасын Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салават-саламдары болсун айткан. Биринчиси -тууган уруктан кол үзүп кеткен адамга; экинчиси – жаман коӊшуга.

– Жаман кылык жоруктарды, Жаратканга жакпаган жаман иштерди эл ичине таркатпагын. Жаман жүрүм турумдарды кɵрсɵтүүдɵн сак бол. Улуу Жараткан Куранда

«Ырасында, ушундаай момундардын ичинде чыгымчылык, жалаа таркалуусун жактыргандарга дүйнɵдɵ жана акыретте оорутуучу азап бар. Аллах –билет, силер –билбейсиӊер» (24: 19) –деп айткан.

– Жалган жалааларды жаап, тактыгын аныктабай, ушак таркатып күнɵɵсүз аялдарга ар түрдүү бирɵɵлɵр менен кɵӊүл табышып кетиптир деген ушактарды айтып абийирине шек келтирүү туура эмес. Аллах Таала айтты:

«Акыйкатта, абийрдүү, ак ниеттүү момун аялдарга жалаа жапкандар – бул дүйнɵдɵ да, акыретте да каргышка калышат. Албетте алар үчүн чоӊ азап бар». (24: 23)

– Ачык айтылган туура, түз жолдордон адыштыргандарга катуу жаза бар экенин, ошону менен бирге күнɵɵлɵрүн мойнуна алып, туура жолго түшкɵндɵрдүн абалы оӊолорун билели. Аллах Таала айтты:

«Чындыгында, биз ачык-айкын ɵкүмдɵрдү жана туура жолду Китепте (Куранда) адамдарга баян кылгынгандан кийин, аны жашыргандарга Аллах наалат айтат. Ошондой эле каргыш айтуучулар да (периштелер) аларды каргашат. Бирок тобо кылып, абалдарын оӊдогондордун жана (курандагы чындыкты) баян кылгандардын күнɵɵлɵрүн кечиремин жана Мен тоболорун кабыл кылуучу, Мээримдүүмүн». ( 2: 159-160)

– Бактылуу адам – бузукулуктан, кайраштыруудан оолак жүргɵн жана оор кайгыга сабыр кыла билген адам. «Сиздер адамдарды короо-короо мал, эсеби жок дүнүйɵӊɵр менен канааттандыра албайсыздар, балким жаркын маанай, жакшы пейлиӊиздер менен гана ыраазы кылышыӊыздар мүмкүн», -деп Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) айткан.

«Ошондой эле орозо, намаз жана садака берүүдɵн дагы ɵйдɵ турган амалдан кабар берейинби?! Ал арыздашкан эки кишини жараштырып коюу, ал эми бирɵɵлɵрдүн ортосун суутуп бузуп-жаруу дин кыргыны», – деген.

Негизсиз терс иштерге берилген адам, алардан арылмайынча жасаган соопту иштерин Алла Таала кабыл кылбашын Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) айтып кеткен.
– Ата эненин каргышына кабылуудан сактан, курмандык чалсаӊ, малыӊды Алла Тааланын ыраазычылыгын үмүт кылып сой. Биздин элде куран окутуп, түлɵɵ кылып жана башка жакшылыктарга мал союп Алла Тааланы унутуп койгон учурлар жок эмес. Бул чоӊ күнɵɵ. Мал сойгондо жакшылыкты Алла Тааладан сурансак туура болот.

– Жетекчилер калыс, элине ырайымдуу болушу керек. Берген убадаларын аткарууга милдеттүү. Кабыл алган чечимдери калыс акыйкатты кɵздɵгɵн чечим болушу зарыл. Муну жасабаган жетекчилерге Алла Тааланын, элдин, периштелердин каргышы тийээрин Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) айткан.

Ар нерсеге кɵз артпай, жашоо турмушта болгон нерсеге канимет кылып жашоо ж.б.у.с.
Кудай бизди жогоруда кɵрсɵтүлгɵндɵй жаман жолдорго түшүп, Алла Тааланын мээриминен, ыраазычлыгынан ажыратып, каргышына калтырып, тозок отуна дуушар кылуучу иштерден оолак кылсын!

Ар бирибиз Алла Тааланын мээримине жана ырайымына муктажбыз. Ансыз тозок отунан кутулуу мүмкүн эмес. Ошондуктан жасаган жаман иштерге ɵкүнүп, анын туура эместигин дилибиз менен кабыл алып, кайталабашка убада берип, туура жолго багыттансак Жараткандын ыраазычылыгына татыктуу болуп, күнөөбүз кечирилип тозок азабынан кутулушубуз мүмкүн.

Жараткандан суранаарым: Жараткандын көрсөткөн ак жолунан адаштырбай, андан башка колдоочу жок, ийгилик жок, өмүр да жок экенин билүүчүлөрдөн кылгын. Жаратканга жакса экен деген үмүттө жасаган иштерибизди, жакшы санаа ой тилектерибизди кабыл кылып, жакшылык ырайымдарынан насип кылса экен. Урпактарыбызды туура жолго түшүрүп, ыйман берип, өзүӊө моюн сунуучулардан кылып, ыйман келтирүүчү мусулмандардан кыла көргүн, моюн сунбай, наадандыктын жолунда, текеберлик кылуучулардан болуудан сактагын. Ыйман жолунда күмөн саноочулардан кылбагын. Бузукулук жаман ишти жасатып, акыретте зыян тартуучу адамдарга кошпогун!!

Жаратканыбыз биздин бата дубаларыбызды кабыл кылып, тилегибизди колдоп, даражабызды бийик кылып ыймандуу пенделерден болууну насип кылсын.
Бул дүйнө сынагынан ийгиликтүү өтүп Жараткандын ыраазылыгына жетишүү, адамдын алдына койгон эң биринчи максаты болушу керек. Ошондуктан бактылуу болгусу келген адам, жаман кулк-мүнөздөрүн, жосунсуз жоруктарды таштап, Улуу Жараткандын гана ыраазылыгына дал, ылайык келген сапаттарга ээ болуп, адамдык ариет, ар намысы менен өмүр сүрүүбүздү ар бирибизге насип кылсын.

Бул бɵлүмдү жыйынтыктап жатып, Алла Таалага шүгүрчүлүк келтирип, болгонуна канимет кылып Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) айтып кеткен сɵзү менен аяктаймын.

«Ɵлүмдɵн мурун тирүүчүлүгүӊдү, ооруп калуудан мурун саламаттыгыӊды, чолоосуздугуӊдан мурда бош убактыӊды, карылыгыӊдан мурун жаштыгыӊды, жакырчылыгыӊан мурун байлыгыӊды канимет деп бил».

Кабылбек Жумалиев

http://islam-kg.com/

The post Бактылуу болуунун эң жакшы жолу Ислам жолуна түшүү appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 26, 2015 at 01:06PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Терроризмдин Исламга тиешеси жок!

Устаз Абдишукур ажы Нарматов

The post Абдишукур ажы Нарматов: «Терроризмдин Исламга тиешеси жок!» appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 26, 2015 at 10:18AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Күнөө – коомго көйгөй алып келет…

Аллах Таала адамзатты жаратып, жөн гана таштап койгон эмес. Ага жашоонун тартибин көрсөтүп, кайсы ишти аткарууга болорун жана кайсы ишти аткарбоо керектигин үйрөткөн. Аллах Таала аткарууга буйрук кылган иштерди аткарган адам, акыретте сооп-сыйлыкка ээ болуп, Бейишке кирет. Ал эми тыюу салган ишти аткарган адам, акыретте азапка дуушар болуп, тозокко кирет. Бирок, тыюу салынган иштерден тыйылуу, буюрулган иштерди аткаруу Акыретте гана пайда-зыянын тийгизет деген түшүнүк туура эмес. Аллах Таала буюрган ар бир иштин бул дүйнөдө да пайдасы бар. Ошондой эле, тыюу салынган ар бир иштин зыяны бул дүйнөдө эле тиет. Аллах Таала тыюу салган иш, мейли ал чоң күнөө болсун, мейли кичине болсун, аны кылган адам анын зыянын көрмөйүнчө бул дүйнөдөн өтпөйт. Аллах Таала Куранда мурдакы өткөн доорлордогу күнөөкөр адамдарды кантип азаптагандыгы тууралуу айтып өткөн. Алардын баарын акыркы замандын жашоочуларына үлгү болуусу үчүн айткан.

Аллах  Таала  адам  затты  жаратып,  жөн  гана  таштап  койгон  эмес.  Ага  жашоонун  тартибин  көрсөтүп,  кайсы  ишти аткарууга болорун жана кайсы ишти аткарбоо керектигин үйрөткөн. Аллах Таала аткарууга буйрук кылган иштерди аткарган адам, акыретте сооп-сыйлыкка ээ  болуп, Бейишке кирет. Ал эми тыюу салган ишти аткарган адам, акыретте азапка дуушар болуп, тозокко кирет.  Бирок,  тыюу  салынган  иштерден  тыйылуу,  буюрулган  иштерди  аткаруу  Акыретте  гана  пайда-зыянын  тийгизет деген түшүнүк туура эмес. Аллах Таала буюрган ар  бир  иштин  бул  дүйнөдө  да  пайдасы  бар.  Ошондой  эле,  тыюу  салынган  ар  бир  иштин  зыяны  бул  дүйнөдө  эле  тиет. Аллах Таала тыюу салган иш, мейли ал чоң күнөө  болсун,  мейли  кичине  болсун,  аны  кылган  адам   анын  зыянын көрмөйүнчө бул дүйнөдөн өтпөйт. Аллах Таала  Куранда мурдакы өткөн доорлордогу күнөөкөр адамдарды кантип азаптагандыгы тууралуу айтып өткөн. Алардын баарын акыркы замандын жашоочуларына үлгү болуусу үчүн айткан.

Аллах  Таала  пенделерине  мээримдүү,  ырайымдуу,  ошол эле убакта чектен чыккандарга өтө каардуу.

«Аллахтан корккула жана билгиле, Аллах – азабы катуу Зат » деген сыяктуу аяттарды Курандан өтө көп кезиктирүүгө болот. (Бакара, 196-аят).

Аллахтын азабы өз  заманына жана ордуна карап ар түрдүү болот. Ар кайсы  коом жасаган күнөөсүнө жараша ар кандай азапка дуушар болот. Анда эмесе кайсы күнөө кандай азапка туш  кыларына көңүл буралы:

  1. Топон суу  каптап,  суунун  алдында  калуу.  Аллахка жана Анын элчиси  Нух пайгамбарга баш ийбей, аны  шылдың кылганы үчүн Аллах Таала Нух пайгамбардын  коомун топон суунун астында калтырган. Бул туурасында  Куранда:  «Биз  Нухту  өз  коомуна  пайгамбар  кылып  жибердик. Ал элинин арасында элүү жылы кем миң жыл  турду. Анан аларды заалым болуп турган жеринде топон  суу каптады» деп айтылган. (Анкабут, 14-аят).  Мындан  башка дагы бир канча аяттарда бул топон суу жөнүндө  баян кылынган.
  2. Бороон-чапкын менен учуруп, талкалап жок кылуу.  Худ  пайгамбардын  коому  пайгамбарына  ишенбей:  “Сен  эмне,  бизди  өз  кудайларыбыздан  кайтарганы  келдиңби? Эгер чынчыл болсоң, бизге убада кылган (азаб)ыңды  (тезирээк) келтирчи?! деп айтышты. Аллах аларды катуу бороон менен талкалап жок кылды. Бул туурасында  Куранда: «Ал бороон,  Роббисинин буйругу менен бардык  нерселерди талкалап жиберди. Анан алардын  (теп-тегиз  болуп  калган)  короолорунан  башка  эч  нерсе  көрүнбөй  калды. Биз күнөөкөр коомду ушинтип жазалайбыз» -деп  айтылган. (Ахкаф, 25-аят).
  3. Ачуу кыйкырык  үн  менен  кулактарын  жарып,  чачыратып  жиберүү.    Салих  пайгамбардын  коому,  анын  жолуна түшпөй, Аллах сыноо үчүн жиберген төөнү союп  салышканда,  Аллах  аларды  катуу  чаңырык  үн  менен  кыйратып  жок  кылган.  Бул  туурасында  Куранда:  «Биз  аларга бир чаңырык жибердик эле, короо курган (чабан)  дын  куурайындай  болуп  (төгүлүп)  калышты»   деп  айтылган. (Камар, 31-аят).
  4. Асмандан кызыган  таш  жаадырып,  күйгүзүп  жок  кылуу. Лут пайгамбардын коому, бачабаздыкка берилип,  аялдарды  карабай,  эркектер  менен  жакындык  кылып  калышканда, Аллах аларга таш жаадырып жок кылган.  Куранда бул окуя: «Жана аларга таң мезгилинде үзгүлтүксүз (таш бороону) келди» деп айтылган. (Камар, 38аят).
  5. Оттуу чагылган менен күйгүзүп жок кылуу. Шуайб пайгамбар коомуна: «(Оо коомум) өлчөөнү толук кылгыла! Кемитип тартуучулардан болбогула. Туура тараза менен тарткыла» деп насаат кылды. (Шуара, 181-182-аяттар).  Бирок,  алар  аны  уккусу  келбей:  «Биз  сыяктуу  эле  адамсың.  (Кантип  тамак  жеп,  базарда  жүрө  турган  жөнөкөй адам пайгамбар болсун). Биз ойлойбуз: Сен бизди  алдап жатасың. Эгер чынчыл болсоң, биздин башыбызга  асмандын  бир  бөлүгүн  түшүрүп  жиберчи»   деп  каяша  кылышты.  (Шуара,187-аят).  Аллах    аларды  булут  астынан  чыккан  от  менен  күйгүзүп  жок  кылды.  Алардын  кыйроосу Кураанда: «Аны (дагы) жалганга чыгарышты  эле, аларды (капыстан) көлөкөлүү күндүн азабы кармады. Бул улук күндүн азабы болчу» деп баян кылынган.
  6. Суу  алдына  чөктүрүү.  Ошондой  эле  Аллах  Таала  өзүн кудаймын деген Фираунду жана анын желдеттерин  деңизге чөктүрүп жок кылган.
  7. Адамдарды маймылга  же  чочкого  айландыруу.  Исраил  коомунда  Аллах  Тааланын  буйругуна  каршы  болуп,  Аллахты  алдайбыз  деп  күнөөкөр  болгон  адамдардын маймылга айланып калгандыгы тууралуу Куранда  минтип айтылат: “Силердин араңардагы ишемби күндү  бузгандарды  билесиңер.  Биз  аларды:  “Кор  болгон  маймылдарга айлангыла” дедик. Биз муну ошол убактагы  адамдар үчүн, келечек муундар үчүн жана такыбаларга  үлгү (болсун үчүн) кылдык”. (Бакара, 65-66-аяттар).

Жогоруда айтылган жаза-азаптар Аллах Тааланын күнөөкөр пенделерине жөнөткөн азаптарынын кээ бирлери гана. Улуу Пайгамбарыбыз Мухаммаддан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

-Оо Аллахтын элчиси, арабызда жакшы адамдар болсо да кыйроого учурайбызбы? – деп Зайнаб энебиз сураганда:

-Ооба, эгер бузукулук көбөйүп кетсе деп жооп берген.

Бузукулук, күнөөнүн көбөйүүсү бир гана күнөө кылып  жаткан  адамга  эмес,  жалпы  коомчулукка  зыянын  тийгизет. Кайсы бир элде зекет берилбей калса, ал жерде кургакчылык болуп, түшүмдүн берекеси кетет. Кайсы жерде зина кылуу көбөйсө, ал жерде айыкпас оорулар  көбөйөт. Кайсы элде сүткорлук көбөйсө, ал элде жинди  болгон  адамдардын  саны  өсөт.  Таразадан  алдоо  көбөйгөн  жерде,  адилеттүүлүк  жоголот.  Жамандыктан  кайтарып, жакшылыкка чакырбаган элдин дуба-тилеги кабыл болбойт. Ата-энесин сыйлабаган бала, өз баласынан  жакшылык  көрбөйт.  Бирөөнүн  өңү-түсүн  шылдыңдап  күлгөн  адам,  өзүнүн  баласынын  ошондой  болуп  калганына күбө болот. Кыскасы, ар бир күнөөнүн өзүнө жараша жазасы болот. Чоң күнөөгө чоң жаза, кичине күнөөгө кичине жаза. Мындан эч ким, эч качан качып кутула  албайт.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)  бир  хадисте:

“Арак  ичпегиле,  ал  бардык  жамандыктын  ачкычы”   деп  айткан.

Азыркы  учурдагы  жамандыктардын кайдан чыгып жатканын айтпаса да түшүнүктүү.   Такталбаган  маалыматтарга  караганда,  Кыргызстанда  ар бир адамга орто эсеп менен жылына 6.3 литр арак, 6.8  литр пиво, 0.9 литр вино, 0.09 литр шампан, 0.07 литр коньяк  туура келет. Жылына Кыргызстан элинин талабын канааттандыруу максатында 3 млн 200 миң декалитр  арак  талап  кылынат  (1  декалитр  -10  литр).  Кыргызстан  2-2,3  млн  декалитр  чыгарат. 50 миң декалитр  чет мамлекеттерден  импорттолуп  алынат.  Ал  эми  700  миң  декалитр   арак кол менен жасалган жасалма арактар.

Кыргызстанда  17  арак  чыгаруучу  ишкана  иштейт.  30   ишкана вино чыгарат, 3 ишкана шампан, 2 ишкана коньяк  чыгарат.  Арактын айынан биринчи кезекте адамдардын ден-соолугу жабыркайт.

Алкоголь, анын  ичинде арак ичилгенден кийин ашказандан  канга  2  мүнөттөн  кийин  кошулат.  Кан  аны  организмдин  бардык  клеткаларына  жеткирет.  Алкоголдон  улам кан тамырлар кеңейип, кан мээге көп бара баштайт.  Бул  нерв  борборлорун  кескин  дүүлүктүрө  баштайт  да,  натыйжада,  адам  өзүн  шайыр  сезе  баштайт.  Алкоголь  кандагы  эритроциттерди  (кызыл  кан  денечелери)  жана  лейкоциттерди  (ак  кан  денечелери)  зыянга  учуратат.  Натыйжасы  анемияга,  инфекциялардын  бат  жугушуна,  кан  агууларга алып келет.  Ичкиликти көп ичүү кандагы холестеринди  жогорулатат.  Жүрөктүн  миокард  оорусуна,  кан-тамыр  ооруларына  алып  келет.  Ичегинин  клеткаларынын түзүлүшү өзгөрөт да, тамак аркылуу келген керектүү заттарды, витаминдерди соро албай калат. Натыйжада, адам арыктай баштайт. Ашказанда жара пайда болот.  Организмге  кирген  ичимдиктин  95  пайызын  боор  иштеп  чыгарат, андыктан аракты көп ичкен адамдын боору гепатитке, кийин циррозго учурайт. Бул орган инсулинди иштеп чыккандыктан, ичимдиктин айынан иштөөсү бузулат  да, кант оорусу (диабет) келип чыгат. Ушунун баары келип,  адамдын өлүмүнө себеп болот.

Ал  эми  арак  ичип  алып,  кылмыш  жасагандарды,  кырсыкка учурап өзүн, же башка күнөөсүз адамдарды өлтүргөнүн күн сайын угуп-көрүп жатабыз.

Сөздүн  кыскасы,  элибиздин:

“Колуң  менен  кылганды,  моюнуң менен тартасын” деген накылын эстен чыгарбай,  күнөөдөн  сактанып,  Жаратканга  тооба  кылып  жүрбөсөк,  эртедир-кечтир бир балээге кабыларыбыз чындык.

Ошондуктан өзүбүз да күнөөдөн сактаналы, башкаларды да күнөө кылуудан токтотолу!

“Бейиш” гезити

 

The post Колуң менен кылганды, моюнуң менен тартасың! appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 25, 2015 at 06:22PM
Технологии Blogger.