Halloween party ideas 2015

Адам баласы жашоонун өйдө-ылдыйында жакшылык менен жамандыктын, каигы  менен кубанычтын ортосунда өмүр сүрүп келет. Жашоонун, өлүмдүн өзөк маани-маңызын  аңдабай туруп адамдын бул дүйнөгө келгендеги сыр-максатын толук түшүнүү мүмкүн  эмес. Ар бир адамдын башына келе турган өлүм менен адам баласы жакындан  таанышуусу керек. Мүлк сүрөсүнүн экинчи аятында:

«(Ал) өмүр менен өлүмдү силердин кимиңер жакшы амал кылаарыңарды  аныктоо үчүн жараткан» деп буюрулат.

Ал эми Анбия сүрөсүнүн 35-аятында:

«Ар бир жандуу өлүмдү татат. Биз силерди жакшылык менен да, жамандык менен  да сынайбыз. Силер Бизге гана кайтарыласыңар» делет.

Бул дүйнө Жараткан Алланын сынак өткөрчү жайы, ал эми өлүм – бул акыретке  ачылган каалга. Мавляна мындай дейт: «Тирилүү үчүн көз жумгула!» Жүрөк напсинин азгырыктарынан баш тартуу менен  тирилет, жанданат.

Азирети Пайгамбарыбыз ( саллаллаху алейхи васаллам):

«(Терс) арзуу- каалоолордун бардыгын түп тамыры менен омкоргон өлүм жөнүндө көп ойлогула!» деген  (Тирмизии, Кыямат, 26).

Өлүм жөнүндө ой толгоо – бул көз жумганга чеиин өлүмдү эстөө. Напсинин  азгырыктарынан алыстап, Жараткандын алдына жарык маанай менен барууга чын  ыкластан олуттуу түрдө даярдык көрүү. Бул ыйманга таянган аң-сезим. Адам баласынын түгөнбөс терс арзуу-каалоолору, убактылуу үмүттөрү, адал жолдо  жүрбөгөнүн билсе да, өзүн-өзү ар түрдүү шылтоолор менен жооткотуп-сооротуулары  булар көр топурагы менен көздөн кайым болбос оор азаптын мисалдары гана! Мүрзөлөр өмүрлөрүн өтөсүнө чыгарган чоң ата, чоң энелерибиз,  айрымдарыбыздын ата-энелери, бала-бакырасы, жакын туугандарыбыз, досторубуз жаткан  жер. Бул дүйнөдө кансараида жашасак да, мал сарайда жашасак да акыр-аягы көргө  кирээрибиз бышык. Өлүмдөн качып кутула турган убакыт да, баш калкалаи турган жер да  жок.

Куран аяттарынын биринде:

«Силер кутулуу үчүн качып жүргөн өлүм силерди (бир күнү болбосо, бир күнү  ажалыңар келээр замат) сөзсүз түрдө кармайт. Андан соң силер жашыруунду да,  ачыкты да Билүүчү (Алла Таалага) кайра кайтарыласыңар. Ошондо Ал силерге ар  бир кылган ишиңерди кабарлайт» (Жума сүрөсү, 8-аят) деп буюрулат.

Үнсүз-кыймылсыз турган ар бир эстелик турган турпаты менен адам баласына үн  салып, акыл-насаатын аиткан акыреттин кабарчысы сыяктуу. Өлүмдүн оорлугун сөз менен  түшүндүрүү эч мүмкүн эмес!

Мүрзөлөрдүн шаар ичинде, жол боюнда жана айрым  мечиттердин короосунда орун алышы ар бир адам үчүн өлүмдүн жандуу мисалы болуп,  жашоолорун ошого жараша тартипке келтиришине эң сонун өбөлгө түзөт.

Бул дүйнө утурумдук сынак жайы болсо, акырет түбөлүк жашоо. Адам баласы  көпчүлүк учурда бул дүйнөнүн миң бир түрлүү кубулуп туруучу азгырыгынан чыгалбай  келет.Утурумдук бул дүйнөдө азгырыктын капканына түшүп калуу коркунучу жан кокого  келгенге чейин жандуулугун сактайт! Акырет жашоосуна кайдыгер мамиле жасоо менен өмүр кечирүү – бул напсинин араанын ачкан дүйнөлүк «оюнчуктар» менен алпурушуу,  түбөлүк бактысына өз колу менен балта чабуу, дегенди түшүндүрөт.

Өлүм адамдын жеке кыяматы. Андыктан кыяматыбызга чейин ойгонолу, ойлонолу,  түбөлүк касырет тартпайлы десек… Себеби ар бир адам белгисиз бир учурда, белгисиз бир  жерде Азраил  менен жолугаары бышык. Өлүмдөн качып кете тургандай эч жерде түнөк  жок. Ошондуктан адам баласы убактысын текке кетирбей «Аллага жүгүргүлө…» (Зарият  сүрөсүн 50-аят) деген буйрукка баш ийип, Жараткан Алла Тааланын чексиз ыраайымына  баш калкалаганы дурус.

Өлүк дене турган турпаты менен берип жаткан акыл-насаатка дүйнөдөн келген  жооптор – болгону көз жаш жана куру айкырыккыикырык гана болуп жатат, тилекке  каршы…

Кандай гана өкүнүчтүү!… Беш күндүк бул дүйнөдө адамдын өзүн-өзү алдаганы…  Күн сайын маркумдарды түбөлүк сапарга узатса да, өлүмдү өзүнөн алыс сезгени…

image (1)

Чындыгында адам рухуна дене кийими кийгизилип, бир эшиктен дүйнөгө  киргизилген соң түбөлүктүн жолоочусуна айланат. Ал ошол жолдун даярдыгы көрүлө  турган жерге киргенине карабастан көпчүлүк учурда акыйкаттан кайдыгер жашайт. Бир  күнү рух денеден чыгарылат да, акыреттин каалгасына кадам таштап, «көр» деген дагы  бир даңгыр жолго түшөт. Аяттардын биринде: «Биз кимге узун өмүр берсек, анын дене турпатын алсыз кылып коёбуз. Акыл  калчап, ой жүгүртүшпөйбү?» (Ясин сүрөсү, 68-аят) деп буюрулат.

Бул аятта Жараткан Өзү адам баласына эскертүү берип жатат. Бул дүйнөнүн көзгө  басар өзгөчөлүгү – оопасыздык. Бергенин кайра тез алат. Бир күнү көккө чыгарса, эртеси  кургуига житирет. Ал көлөкө сыяктуу. Аны кармагың келсе, дайыма качат, жете албайсың.  Сен качсаң да, артыңдан калбаит. Анын артынан сая кууп, ал жердеги түркүн түстүү  «оюнчуктарды» бүгүн-эртең алам деп жүргөн кезде Азраил периштеге жолукканыңды  билбей каласың. Дүйнөгө жан дил менен жипсиз баилануу пендени өз кулуна аилантат. Ал  учуру келгенде адамды жерге каалагандаи чабат. Азгырык-шыбыштардын аягы болбоит.  Өзүнө жипсиз байлангандарды өтө тез унутат.

Андыктан адам баласы бул дүйнөдө өлүмдөн кача турган жер да, көрдөн кайра бул  дүйнөгө кайта турган мүмкүнчүлүк да, кыяматтын айбардуулугунан баш калкалай турган  түнөк да жок болгондугун эсине түйүп алышы абзел…

Сахабалардан бири Пайгамбарыбыздан ( саллаллаху алейхи васаллам): –

Эй, Алланын Элчиси! Эң акылдуу мусулман ким? – деп сурайт.

Азирети Пайгамбарыбыз ( саллаллаху алейхи васаллам):

– Өлүм жөнүндө көп оилоп, өлүмдөн кииинки жашоосу үчүн эң көп кам көргөн  адам. Мына ошолор чыныгы акылдуулар… деп жооп берет (Ибн Маажа, Зухд, 31).

Азирети Мухаммад ( саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз дагы бир  хадисинде:

«Өлүм жана көз жумгандан кийин дененин, сөөктөрдүн чиригени жөнүндө  ойлогула! Акырет жашоосун эңсеген адам утурумдук дүйнөнүн сулуулугунан (түркүн  түстүү азгырыктарынан) баш тартат» деген (Тирмизии, Кыямат, 24).

Фудаил бин Ийаз мындайдейт:

«Адам баласына насаат катары өлүмдүн өзү жетиштүү!»

Күндөрдүн биринде сахабалардан бирөө бул жарык дүйнө менен кош айтышат.  Курбу-курдаштары аны аябай мактап, анын ибадаткөйлүгү тууралуу айтышат. Алланын элчиси ( саллаллаху алейхи васаллам) унчукпай алардын сөзүн угуп олтурат. Алар сүйлөп  бүткөндөн кийин Азирети Пайгамбарыбыз ( саллаллаху алейхи васаллам): –

Жанатан бери мактап жаткан адамыңар өлүм тууралуу көп ойлончу беле? – деп  сураит. Сахабалар: «Жок» – деп жооп беришет.

Пайгамбарыбыз:

– Напсинин пайдасыз ашкере арзуу-каалоолорунан көпчүлүк учурда баш тарта алчу  беле?деп сураган экинчи суроосуна да «жок» деген жооп алат.

Анда акыркы Элчи  ( саллаллаху алейхи васаллам):

– Андай болсо досуңар силер мактаганчалык деле эмес экен! – деген экен  (Хаисамии, Мажмауз-Заваид, 10, 308-309).

Абдуллах бин Умар (Алла ага ыраазы болсун) мындай дейт:

«Азирети  Пайгамбарыбыз ( саллаллаху алейхи васаллам) мени колумдан кармап: «Бул дүйнөдө чоочундай, алтургай, жолоочу адамдай жүр! Өзүңдү көз  жумгандардын, мүрзөдөгүлөрдүн катарынан деп бил!» деди»

Сахабалардан кииинки муундун өкүлдөрүнөн Мужахид бин Жабр (Алла аны Өз  ыраакымына бөлөсүн) аттуу аалым бул багытта мындай дейт: Абдуллах бин Умар (Алла ага ыраазы болсун) ушул (жогорудагы) хадисти  маалымдаган соң мага төмөнкү насаатын айтты:

«Эи, Мужахид! Таң атканда напсиңдин «кечинде» деген шыбышына алданба! Ал  эми кечинде анын «таң заарынан» деген азгырыгына алданба! Оорудан мурун ден- соолугуңдан, көз жумганга чеиин жашооңдон паидалана бил! Себеби сен эртең кандаи  абалда (тирүүбү, өлүүбү) болооруңду билбеисиң!» (Тирмизии, Зухд, 25).

Анас бин Малик (Алла ага ыраазы болсун):

«Жер адам баласына күн сайын мынабу  он насаат менен кайрылат: Эй, адамзаада!

  1. Үстүмдө кезип жүргөнүң жүргөн. Бир күнү мага кайтып келээриңди эсиңе түиүп ал!
  2. Бүгүн үстүмдө күнөөнүн түрүн жасап жүрөсүң. Бир күнү менин коинумда анын азабын тартаарсың.
  3. Бүгүн үстүмдө каалаганыңдаи жүрөсүң. Бир күнү ыилаарсың.
  4. Үстүмдө күлүп-жыргап жүрөсүң. Бир күнү каигы-муңга батаарсың.
  5. Үстүмдө (адал-арамды ылгабаи) мал-мүлк топтогонуң топтогон. Бир күнү коинумда бушаиман болоорсуң.
  6. Бүгүн үстүмдө арам тамак жеп жүрөсүң. Бир күнү коинумда курттарга жем болоорсуң
  7. Үстүмдө бои көтөрүп манчыркаисың. Бир күнү коинумда кор болоорсуң.
  8. Үстүмдө кубанып жүрөсүң. Бир күнү коинумда касырет тартаарсың.
  9. Үстүмдө жарыкчылыкта жүрөсүң. Бир күнү астымда караңгыда жалгыз калаарсың.
  10. Үстүмдө адамдар менен аралашып жүрөсүң. Бир күнү коинума жалгыз өзүң кирээрсиң!» дейт (Ибн Хажар ал-Аскалании, Мунаббихат, 37).

Азирети Пайгамбарыбыз ( саллаллаху алейхи васаллам) кутман сахабаларына Кусс  бин Саида аттуу сөзмөр адам жөнүндө айтып мындай дейт: «Кусс бин Саиданы «Указ» деген жерде төөнүн үстүндө элге төмөнкүчө  каирылып жатканын уктум:

«О, эл-журт! Келгиле, сөзүмө кулак төшөп, маанисин өзүңөр калчап алгыла! Ар  бир жандуу көз жумат, көз жумган кайтпаит, боло турган да ошол. Жамгыр жаайт,   чөп өсөт, балдар төрөлөт. Алар ата-энелеринин ордун басат. Андан соң бул дүйнөдө  баары жок болот. Окуялар түгөнбөйт, биринин аркасынан бири боло берет. Көктө кабар  бар, жерде ибарат-үлгү бар. Жер бети жайылган төшөк, көк асман бииик шып.  Жылдыздар учат, деңиздер турат. Келген калбайт, кеткен келбейт. Алар барган   жеринен ыраазы болушкандыктан ошол жерде калып калышты дейсиңерби, же болбосо,  терең уйкуга кириштиби…

Эй, Ияд уруусу! Ата-бабаларыңар кайда кетти? Таштан хансарайларды салган   Ад, Самуд коомдору кана? Ал эми бул дүйнөдө мансабына манчыркап, өз элине «Мен  силердин кудаиыңармын!» деген Фараон менен Намруд каида?!

Жер аларды өзүнүн жаргылчагына салды, күкүмгө айлантты. Сөөктөрү дагы  чирип жок болду. Үйлөрү дагы урап, ээн калды. Ал жерлерде азыр иттер жүрөт.   Абайлагыла! Ошолордун кеипин кийип калбагыла! Кайдыгерлик кылып, алардын жолуна   түшпөгүлө! Бул дүйнөдө бүт нерсе утурумдук. Жалгыз Алла Таала гана түбөлүктүү! Өлүм дайрасына кире турган жерлер көп. Бирок анын чыга турган жери жок…»  дейт.

Жашоонун акыркы көшөгөсү болгон өлүм ар кимдин өз акыбетин көрсөтө турган  өзүнчө күзгүнүн сыңары. Ким напсинин үстөмдүгүндө, бул дүйнөнү гана максат кылып  жашаса, көр ал адам үчүн караңгы үңкүргө айланат. Ал эми ким напсинин  тоскоолдуктарын ашып, өлүм жөнүндө ой-толгоонун натыижасында жан дүйнөсүн  көкүрөгүндө катылуу асыл касиеттери менен ажарын ачып адал жолдо сапарын уласа,  өлүм жанга жагымдуу келип, Жараткан Алланын алдына жарык маанаи менен барууга  мүмкүнчүлүк жаралат. Көпчүлүк учурда адамдарга аибардуулугу менен белгилүү өлүм  мындай адам үчүн өзүнчө чексиз бакыт. Жараткандын алдына жарык маанаи менен баруу  үчүн напсинин түркүн түстүү азгырыктарын артка таштап, ыиык Куран жана сүннөт менен  жуурулуша жашоо аркылуу руханий жактан баралыбызга келишибиз керек.

Руханий жактан бышып жетилүүдө өлүм тууралуу ойго батуунун өзгөчө таасири  бар. Бул багытта Раби бин Хусаин мындай дейт:

«Жүрөгүм өлүмдү эстөөдөн алыстаса, анын бузулуп кетишинен корком. Эгер  өзүмдөн мурункуларга каршы чыкпай турганымда, көз жумганга чейин мүрзөдө  олтурмакмын!» (Байхакии, Китабуз-Зухд, 212).

Жүрөк жакшылык менен жамандыктын ортосунда адам баласы көз жумганга чейин  чайпалып турганы турган. Өлүм – түбөлүк акырет жашоосунун башталышы. Андыктан  түбөлүк сапарга чыкканга чейин анын камын көрүү кажет. Жүрөктү «марифатуллах»  (Жаратканды жан дил менен таанып, Анын буйрукжарлыктары менен жуурулуша жашоо)  аркылуу көркүнө чыгарып, түбөлүккө даярдык көрүү зарыл. Ошондо гана «көз жумганга  чеиин көз жумгула (б.а., өзүңөрдү теске салгыла)!» деген насааттын сырын чечип,  напсинин үстөмдүгүн кулатып, анын ордуна Жаратканга бапестелген эң жогорку аруу  сүйүүнү толук орноткон болобуз.

Осман Нури Топбашы, “Тасаввуф” китебинен.

“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

The post Өлүм жөнүндө ой толгоо appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 17, 2015 at 10:48AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.