Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Бейиш. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

🏻 Намаздын өтө баалуу жана маанилүү экендигин, анын үстүнө шарттарынын да өтө жеңил жана аз гана убакытты сарптоо менен окулаарын, ал эми намаз окубаган адамдын жеткен акылсыз жана зыяндуу болоорун, эки жерде эки төрт болгону сыяктуу ачыкайкын түшүнгүң келсе, ушул мисалда айтылган окуяга кара жана салыштырып көр: Бир жолу улуу бир өкүмдар эки кызматкеринин ар бирине жыйырма төрт алтындан берип, эки ай алыстыктагы өзүнө гана таандык болгон сонун бир жерине туруктуу жашап калуулары үчүн жөнөтөт. Жөнөтүп жатып аларга мындай деп буйрук берет:
«Бул акчаны жолго жана жол акысына жумшагыла жана ал жердеги турак жайыңарга керектүү кээ бир нерселерди сатып алгыла.
Бир күндүк алыстыкта бир бекет бар. Ал жерде машина да, кеме да, поезд да, учак да бар.
Калган акчаңарга карап булардын бирине түшө аласыңар». Эки кызматкер өкүмдардын бул насаатын уккандан кийин жолго чыгышат.
Алардын бири бактылуу эле, айтылган бекетке чейин акчасынын бир бөлүгүн каржылайт. Бирок, ошол акчасын сарптоо менен кожоюнуна жага тургандай сонун бир соода кылат дейсиң, акчасы бирден миңге чейин көбөйөт. Экинчи кызматкер болсо, бактысыз жана акылсыз болгондугунан бекетке жеткенге чейин эле жыйырма үч алтынын сарптап жиберет. Кумар ойноп акчасын уткуруп жиберет. Ошентип, жалгыз гана бир алтыны калат. Жолдошу ага: «Эй досум, сен эми ушул алтыныңды билетке жумша.
Ошондо гана бул узак жолдо жөө жана ачка калбайсың. Анын үстүнө биздин кожоюнубуз өтө мээримдүү, балким, ырайым кылаар, кылган каталарыңды кечирип жиберээр. Сени да учакка миндирип коѐр. Ошентип, туруктуу жашап кала турган жерибизге бир эле күндө жетип бараарбыз.
Болбосо эки айлык узак бир чөлдө ачка, жөө жана жалгыз кетүүгө мажбур болосуң» – деп айтат.
Таң калыштуу, эгер бул адам өжөрлөнүп, ошол жалгыз алтынын олжолуу бир казынанын ачкычы сыяктуу болгон билетке бербестен, убактылуу ырахаттар үчүн бузуку жолго сарптай турган болсо, анын абдан акылсыз, зыяндуу жана бактысыз экендигин эң акылсыз адам дагы түшүнбөйбү?
Мына, эй, намаз окубаган адам жана эй, намаз окууну жактырбаган напсим!

Мисалда айтылган өкүмдар падыша болсо, Раббибиз Жаратуучубуз.
Ошол эки кызматкер жолоочулар болсо, биринчиси – динге моюн сунган, намазын жан-дили менен берилип окуган, ал эми экинчиси болсо, Кудайды унуткан, намаз окубаган адамдар.
Ал эми жыйырма төрт алтын болсо – жыйырма төрт саат, бир күндөгү өмүр. Ошол өзүнө гана таандык болгон сонун жер болсо – Бейиш. Ошол бекет болсо – мүрзө.
Ал саякат болсо – мүрзөгө, Хашрга жана түбөлүктүү жашоого алып баруучу адамзаттын сапары. Кылган амалдарына жана такыбаалыгына карап, ошол узак жолду ар түрдүү даражада басып өтүшөт.
Кээ бир такыбаа адамдар чагылган сыяктуу миң жылдык жолду бир күндө басып өтүшөт. Кээ бирлери болсо; кыял сыяктуу элүү миң жылдык аралыкты бир күндө кесип өтүшөт.
Бул акыйкатка Ыйык Куран эки аяты менен ишарат кылат. Ал эми билет болсо – Намаз. Беш убакыт намаз үчүн бир гана саат даараты менен бирге жеткиликтүү. Кызык, жыйырма үч саатын бул кыска дүнүйөлүк өмүрүнө жумшаган жана ошол узун, түбөлүктүү өмүрүнө бир саатын да жумшабаган адам өзүнө өтө чоң зыян кылат, напсисине да зулумдук кылган болот жана таптакыр акылга терс аракет кылган болот. Анткени, миң адам биргелешип ойногон лотерея кумарына акчасынын тең жарымын берүүнү акылы кабыл кылса, а бирок утуу ыктымалы миңде бирөө гана. Ал эми жыйырма төрт сааттын бир саатын токсон тогуз пайыз утуу кепилдиги бар болгон түбөлүктүү казынанын ачкычы болгон намазга бербей коюу – канчалык акылга жана даанышмандыкка терс аракет кылганын жана канчалык акылсыздык болоорун өзүн акылдуумун деп ойлогон адам түшүнбөйбү?
А бирок мындан сырткары:Намазда рухтун, жүрөктүн жана акылдын да өтө чоң ырахаты бар, ары денеге да анчалык оор бир иш эмес. Анын үстүнө намаз окуган адамдын мубах болгон башка дүнүйөлүк амалдары да жакшы бир ниет менен ибадат өкүмүн алат. Мына ушундайча бүткүл өмүр байлыгын Акыретине мүлк кыла алат. Убактылуу өмүрүн да бир жагынан түбөлүктөштүрүп алат…

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2yzMeui
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись БЕЙИШИҢДИН БИЛЕТИ- НАМАЗ БОЛОТ! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Демейде биз инсандар жакшы жашоо, жеп -ичүү, кийинүү үчүн жаралгандан тээ өткөнгө чейин жашоо менен күрөшүп, аракет кылып тырмалап,күндүн суугуна, ысыгына карабай кыштын камын жазда көрүп, ар ким өз эмгеги,мээнети менен кампасын толтуруп, жашоо менен алышып өмүрүбүз кандай өткөкүн да сезбей калабыз. Өкүнүчтүүсү бул зор түйшүк мээнеттер бул дүйнөдө эле калып,убактынча аз гана өмүрүбүзгө пайдасын берип өлөөрдө күл болоору өкүндүрөт! Өлүм хак дегендей узаак болгон акырет сапарына ар бир жандын кетээри чындык. Биз менен кошо кете турган,коргой турган,сактай турган бир гана сооп амалдарыбыз гана болот. Акырет бейиши үчүн Аллах Таалам пенделери үчүн чексиз ырайымы, мээрими менен соопторду жыйып, түбөлүк жашообуз үчүн кампаларыбызды толтуруп алуубуз үчүн бир жылда бир келүүчү мусулмандардын көптөн күткөн Курбан айт майрамын,зульхижжа айынын он күнүн,анын ичинде улуу күн арафа күндөрүнө өзүнүн сан жеткис сооп -сыйлыктарын тартуулады. Ким бул мүмкүнчүлүктү пайдаланган болсо пайдаланды, пайдаланбагандар көптөгөн жакшылыктар,сооптордон кур калды…

Арафат күн – Аллахтын алдындагы эң улуу күндөрдүн бири. Анткени бул күн – күнөөлөр кечирилип, Тозоктон куткарыла турган күн. Ошондой эле ушул күнү Аллах Таала периштелерге Арафатта турган пенделерин айтып сыймыктанат. Бул туурасында Аллахтын Элчиси мындай деп айткан:
«Аллахтын алдында Арафат күнүнөн да улугураак эч бир күн жок. (Ошол күнү) Аллах дүйнө асманына түшүп, Жердеги жашоочуларды айтып асман ээлерине (периштелерге) сыймыктанат. Аллах айтат: «Менин пенделеримди карагылачы! Алар чачтары жүдөгөн, денелери чаң баскаң, (тальбия айтып) кыйкырышып Мага келишти. Алар алыскы жолдордон келишти. Алар Менин ырайымымды каалашат, а бирок Менин жазамды көрүшкөн эмес. Арафат күнүндөгүдөй Тозоктон куткарылган эч бир күн болбойт». (Сахих Ибну Хиббан)..

Аллах Таала Куранда Арафат күнү менен ант берген. Бүткүл улуулуктун Ээси болгон Аллах Таала улуу нерсе менен гана ант берет. Мына ошол күбөлүккө өткөн улуу күн – Арафат күнү. Аллах Таала айтты:
«Күбө болуучу жана күбөлүк кылынган менен ант!». Бурууж сүрөөсү (85:3)
Аллахтын Элчиси айтты:
«Убадаланган күн – Кыямат Күнү, күбө кылынган күн – Арафат Күнү, ал эми күбө болуучу күн – Жума күнү…». (Тирмизи)
Ошондой эле Арафат күнү – Куранда Аллах Таала ант берген так күн.
«Жуп жана так менен ант!». Фажр сүрөөсү (89:3)
Ибну Аббас аяттын тафсиринде: «Жуп (күн) – бул Курбан Айт күнү, ал эми так (күн) – бул Арафат күнү»,– деп айткан.

Арафат күнү Аллах Таала Курандын бул аятын түшүргөн:
«Бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылдым, силерге нээматымды толук бердим жана силерге Исламдын дин болушун кааладым». Маида сүрөөсү (5:3)
Бул аяттын улуулугун жөөттөр дагы түшүнүшкөн. Күндөрдүн биринде алар Умар ибну Хаттабка: «Эй, мусулмандар! Китебиңерде айтылган бир аятты силер дайым окуйсуңар. Эгерде ошол аят бизге түшкөндө, анда биз ал күндү майрам кылмакпыз»,– деп айтышат. Умар алардан: «Ал кайсы аят?»,– деп сурайт. Алар: «Бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылдым, силерге нээматымды толук бердим жана силерге Исламдын дин болушун кааладым»,– деген аят деп жооп беришет. Ошондо Умар, радыяллаху анху, аларга карап мындай дейт:
«Аллахка ант болсун! Мен ал аяттын кайсы күнү, кайсы убакта, кайсы жерде түшкөнүн жана ошол кезде Аллахтын Элчиси кайсы жерде болгонун анык билемин. Бул аят биз Арафатта турганда Аллахтын Элчиси хутба кылып жатканда түшкөн».
Мына ошол күнү Аллах Таала Өзүнүн динин толук түшүрүп бүтүргөн. Анткени мусулмандар ага чейин Ажылык ибадаттарын аткарышчу эмес. Ошол жылы ажылыктын парз кылынышы менен Исламдын негиздери толукталган….

Арафа күнүн пазилеттер..

4) Арафат күнү тутулган орозо эки жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот. Бул туурасында Пайгамбарыбыз мындай деп айткан:
«Арафат күндүн орозосу өткөн жана келерки жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот деп Аллахтан үмүт кыламын». (Ибну Хиббан)..

«Арафа күнү орозо кармаган адамга Адам алейхиссаламдан Сур’а үйлөгөн күнгө чейин жашаган бардык адамдардын эсеби канча болсо андан эки эсе көп сооп жазылат.»(Р. Насыхин)

«Арафа күнү кармалган орозо миң күн [нафил] орозого барабар.» (Табарани)

«Арафа күнү кармалган орозо эки миң кулду азат кылууга, эки миң төөнү курмандыкка чалууга жана Аллахтын жолунда жихад үчүн берилген эки миң атка барабар.» (Т. Гафилин)

«Арафа күнү кармалган орозо өткөн жана келерки жылдын күнөөлөрүнө кафарат болот.»(Муслим) [Б.а., Арафа күнү кармалган орозо өткөн жана келерки бир жыл ичинде кылынган тооболордун кабыл болуусуна себеп болот.]

«Арафа күнү[Бисмиллах менен]миң Ихлас окуган адамдын күнөөлөрү кечирилип, дубасы кабыл болот»(Абу-ш-ш)

«Шайтан Арафа күнүнөн башка заманда андан да жаман, маскара, пас жана кектүү көрүнбөйт.»(И. Малик)

«Аллаху таала Арафа күнү кымындай ыйманы бар адамды кечирет.»Гунйа)

«Арафа түнү ибадат кылган адам Тозоктон азат болот.»С. Абадиййа) (Ибадат катары илим үйрөнүү эң пайдалуусу. Илмихал окуу аркылуу эң ылайыктуу илим үйрөнгөн болобуз.)

«Дубанын пайдалуусу – Арафа күнү кылынган дуба.»Байхаки)

«Арафа күнүн урматтагыла! Арафа Аллах тарабынан баркталган күн.»Дайлами)(Урмат кылуу күнөө кылбоо менен жүзөгө ашат.)..

Демек мусулман бир тууганым! Мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланып калгын! Анткенибул күндөргө канчалаган мусулман бир туугандарыбыз жетпей калды,а сенин бул күндөрдө жашап жатканың эле чоң бакыт! Андыктан бул күндөрү орозо карамап,зикирлерди чалып,дубаларды,тооболорду кылып, Жараткандын жакшылыктарынан,сооп сыйлыктарынан кур калбай шашылып калгын!

Оо,Аллахым! Ар бир мусулман пендесинин ойлогон ой максаттарын,тилеген тилектерин, Сенден чооң үмүттөр менен көтөргөн колдорун кур калтырбай дубаларыбызды кабыл кылгын! Омииийн!

Запись КҮНДӨРДҮН УЛУУСУ ЖАКЫНДА АРАФА впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жакында мындай окуя уктум. Мурдараак Сауд Аравияда эки бир тууган бири-бирин сотко берет. Алар энесин меникинде жашайт деп өз ара  бөлүшө албай атыптыр. Кичүү уулу башка шаарда окууда жүргөндө улуу баласы аны бир нече жыл багып келген экен. А кичүү уулу окуудан келгенде апасын өз үйүнө алып кетем дептир. А улуусу бергиси келбейт, Бейиштин эшигин кантип бермек элем деп…
Энесине өзүң танда дептир. Бирок, ал да эки уулунун бирин тандай албаптыр. Сот кичүү уулунукунда жашасын деп чечиптир.  Эки уулунун үйү бир эле шаарда экенине карабай, улуу уулу көз жашын төгүп энесин узатыптыр…

Запись Бейиштин эшигин кантип бермек элем… впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Абдишүкүр ажы Нарматов

Бисмиллаахир-рохманир-рохиим. Мээримдүү жа на ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдардын жаратуучусу Аллах Таалага мактоо айтабыз. Андан жардам сурайбыз, кетирген күнөө лөрүбүздү кечирүүсүн суранабыз. Напсибиздин жана амалдарыбыздын жамандыгынан коргоо тилейбиз.

Аллахым, бизге туураны туура көрсөтүп, туура жолуңда алып жүр. Катааны катаа көрсөтүп, адашуудан өзүң сакта.

Аллахым, ар бирибизди пайдасыз илимден сакта. Өзүңдөн коркпогон жүрөктөн сакта. Кабыл кылынбаган дубадан сакта. Өзүңө көтөрүлбөгөн амалдан сакта.

Аллахым, өлүм кекиртекке келген мезгилде, ыйманыбыз менен жаныбызды алып, кабыр азабынан өзүң сакта.

Күбөлүк берем Ал Аллах жалгыз, Анын шериги жок, Ал бардык нерсеге күчү жетүүчү, Кудреттүү. Ал, Аллах адамзатты топурактан жараткан, кайрадан топуракка айландырат жана кыяматта кайра тирилтет. Ал, Аллах ыймандуу пенделери үчүн кабырды бейиш бакчасына айландырат. Ал эми ыймансыз каапырлар үчүн кабырды тозоктун жалынына толтурат.

Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллахтын элчиси жана кулу. Ал, Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) үммөтүн кабыр азабынан сактанууга чакырган. Өзүн жана үммөтүн кабыр азабынан сактагын деп Аллахка жалбарып дуба кылган улуу Пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына Аллахтын саламы жана салаваты болсун. Пайгамбарыбыз Мухаммад: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Кабыр, акырет орундарынын эң биринчиси. Ал же бейиштин бакчасы, же тозоктун өрөөнү» – деген. Баардык жандуулар өлүм даамын татат. Ыйык Кураанда Аллах Таала: «Ар бир жандуу өлүм даамын татуучу» – деген. Өзүнүн эң сүйүктүү пендеси болгон Пайгамбарыбызга кайрылып: «Чындыгында сен дагы, алар дагы өлүүчү» – деп айткан. Өлүм, бул эч эскертүүсүз жана кезексиз келүүчү нерсе. Мына ушул эскертүүсүз келген өлүмдүн артында ар бирибизди кабыр күтүп турат.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Кабыр, бул акырет орундарынын эң биринчиси. Кабырга бирөөнү ээрчитип алып кире албайсың. Кабырга чырак же свет коюп коё албайсың. Өмүр бою жыйган мал-мүлкүңдөн, байлыгыңдан бир тыйынды катып кете албайсың. Болгону эки ором кепин менен оролосуң да кетесиң. Кепиндин чөнтөгү болбойт. Өлүмдүн акыйкаты да, коркунучу да, кайгысы да мына ушунда. Жаныңдан миң сом акчаңды түшүрүп койсоң, канча кыжалат болосуң. Аны издеп канча убара болосуң. Бирок бул арзыбаган акча бүгүн болбосо эртең кайра табылат. Ал эми өлүм келгенде, өмүр боюу тырмышып жүрүп тапканыңдын баары калат. Мал-дүйнө эмес, өмүрлүк жарың, сүйүктүү балаң, сүймөнчүк кызың, баары калат. Бул өтө чоң өкүнүч. Бирок, андан да өткөн өкүнүч, эми ошол мал-дүйнөң, үй-бүлөөң үчүн Аллахтын алдында жооп бересиң. Кабырдагы эң биринчи түндү элестетип көргүн. Түндүн караңгылыгы, кабырдын караңгылыгы, а сен болсо жалгызсың. Усман (Аллах андан ыраазы болсун) кабыр жөнүндө угаар замат көз жашын агызып ыйлайт эле. Сахабалар: эй Усман, тозок жөнүндө уксаң ыйлабайсың, бейиш жөнүндө уксаң ыйлабайсың, кабыр жөнүндө угаар замат ыйлайсың мунун кандай себеби бар деп сурашканда: үлгү– Мен эгер бейиште болсом адамдар менен бирге болом. Эгер тозокто болсом дагы адамдар менен бирге болом. Ал эми кабырда менин жанымда эч ким болбойт. Мен ошол үчүн ыйлаймын – деп жооп берет. Бүгүн биз өз ишеничибиз менен таяныпсөйөнүп алган байлык, бийлик, күч-кубат баары бизден бөлүнөт. Аллах Таала Кураанда: «Силер бизге жалгыз-жалгыздан, алгач ирет жараткан сымал болуп келесиңер. Биз силерге бергендердин баарын артка калтырасыңар. Силер кулчулугуңарда (Аллахка) шерик кылып алган колдоочуңарды силер менен бирге көрбөйбүз. Силердин араңардагы байланыштар үзүлгөн жана силер ойлоп жүргөн нерселер силерден жок болгон» – деген.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Бүгүн, рухуң, этиң, сөөгүң, мал-мүлкүң, жасаган амалдарың бар. Эртең ажал жетип жан берип, кабырга киргениңде, рухуң Аллахка барат, этиңди курт жейт, сөөгүң топуракта калат, малмүлкүң мураска кетет, жасаган соопторуң кылган күнөөлөрүң менен жуулат. Кабыр акыреттин эшиги. Пенде үчүн эң биринчи суроо кабырдан башталат. Жаратканың ким? Диниң кайсы? Пайгамбарың ким? Болгону үч суроо. Үч жеңил суроо. Бирок кимге Аллах Таала жеңил кылса ошол үчүн жеңил. Кимдин жүрөгүнүн Аллах Таала орун алса ошол үчүн жеңил. Кимдин жашоосу дин болсо, дин үчүн өмүрүн арнаса, ошол үчүн жеңил. Ким Пайгамбарды сүйсө, анын сүннөтү менен жашаса, ошол үчүн жеңил. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) уулу Ибрахимди жерге жашырып жатып:

– «Эй, Ибрахим, азыр сенден жаратуучуң ким деп сурашса, Жаратуучум Аллах Таала деп жооп бергин. Диниң кайсы деп сурашса, диним Ислам деп жооп бергин. Пайгамбарың ким деп сурашса, Пайгамбарым менин атам Мухаммад деп жооп бергин» – деп көзүнөн жашы агып осуят айтат. Ошондо Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жанында турган Умар (Аллах андан ыраазы болсун) буркурап ыйлап жиберет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Эй, Умар, сени эмне ыйлатты» – деп сураганда:

– Эгер Аллахтын эң сүйүктүү пендеси Мухаммадын уулу Ибрахимге ушундай суроолор боло турган болсо, анда Хаттабтын уулу Умардын абалы кандай болоорун элестете албай жатам – деп жооп берет. Карап көрүңүз урматтуу бир тууганым. Аллахтын сүйүктүү Пайгамбарынын уулу үчүн сурак болсо, эң улуу сахабалардын бири Умар кабыр сурагынан коркуп ыйлап жатса, биздин абалыбыз кандай болот. Өмүрүндө бир жолу Аллахты эстебегендер кантип жооп берет? Өмүрүндө бешенесин бир жолу жерге тийгизип сежде кылбагандар кантип жооп берет? Өмүрүндө бир күн орозо кармап, Аллахты ыраазы кылбагандар кантип жооп берет? Аллахтын берген өмүрүн арак ичүү, зина, уурулук ж.б. күнөөлөр менен өткөрүп, Аллах, дин, Пайгамбар деген түшүнүгү жок байкуштар кантип жооп берет.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Өлүм бул ачуу чындык. Андан канчалык коркпойлу, кайда качпайлы баары бир башыбызга келет. Бүгүн бир адамды жууп кепиндедиң. Суунун ысык суугун сезип турдуң. Эртең сени да бирөөлөр жуушат. Бирок суунун ысык суугун сезбейсиң. Бүгүн Имамдын артында туруп бир адамга жаназа окудуң. Эртең да адамдар жаназа окушат, бирок сен имамдын алдында болосуң. Бүгүн бир адамды ийниңе көтөрүп кабырга алып бардың. Эртең сени да бирөөлөр ийнине көтөрүп кабырга алып барышат. Бүгүн бир маркумга арнап дуба кылдың. Эртең сага да бирөөлөр дуба кылышат. Бүгүн бирөө Мункар-Накирдин суроосуна жооп берди. Эртең бул суроолор сага да берилет. Бүгүн бирөөнүн жакындары боздоп ыйлашты, сен аларды угуп турдуң. Эртең сенин да жакындарың боздоп ыйлашат, бирок сен аларды укпайсың. Бүгүн амал кы лууга кудуретиң бар, эсеп-кысап берүү жок. Эртең эсеп-кы сап болот, бирок амал кылууга кудуретиң жок. Ошол себептен улуу сахаба Умар (Аллах андан ыраазы болсун) айт кандай бирөөнүн алдында эсеп кылынганча, өзүңө эсеп берип ал. Бул дүйнөнүн жарык күндөрүнөн пайдаланып кабырдын караңгылыгына даярдан. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткандай, кабат-кабат үйлөргө кызыгып, эки кулач кабырды эсиңден чыгарып койбо. Канткен менен, кабат-кабат үйүңдү, катар-катар машинаңды, сүйүктүү бала-чакаңды калтырып, бара турган жериң кабыр. Аны эч качан эсиңден чыгарба.

Аллахым, өтүп кеткен мусулман бир туугандарбызды кабыр азабынан өзүң сакта. Биздин да башыбызга өлүм келип, кабыр босогосун аттаганда суроолорго жеңил жооп берүүнү дилибизге салгын. Ар бирибиздин кетирген күүнөлөрүбүздү кечир. Өзүңдүн кереметтүү бейишиңде чогуу болууну насип кыл. Ассалааму алайкум ва рахматул-Лоохи ва баракатуху.

Запись КАБЫР БЕЙИШТИН БАКЧАСЫ ЖЕ ТОЗОКТУН ЧУҢКУРУ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир олуя болгон экен.Анын аялы текебер, ачуулуу экен.Олуя азирети күн сайын түн жарымында тахажуд намазын окуу үчүн мечитке барып, ал жерден биротоло таңкы багымдат намазын окуп, кийин окуучуларга сабак беруу үчүн медресеге өтүп кетет экен. Медреседеги окуучулардын бирине;

” Бар биздикине барып, жене жакшы жатып турдунузбу? Устазыбыз сурап жатат деп кабар алып кел”-деп дайындайт экен.

Бир күнү бир окуучу барып;”Жеңе жакшы жатып-турдуңузбу? Устаз сурап жатат”- дептир. Ал аял:

” Ээ устазың өлүп устазсыз калгыр, ошол бетпакты устаз кылып алганыңа таң калам”-деп бакыра баштаптыр.Шакирт артына бурулуп качыптыр.Жолдо өзүнчө ойлонуп, устазга болгон окуяны айтуу адепсиздик болор деп, медресеге келип “жеңем жакшы экен” дегенден башка сөз айтпаптыр. Күндөрдүн биринде олуя дагы бир окуучуну жиберип биринчи окуучуга айткан сөзүн кайталайт..

Аялы да биринчи окуучуга айткан жообун айтат..ошондо баягы окуучу таң калыптыр да, олуя адамдын аялы да ушундай болобу?

Азыр барып болгон окуяны айтып беремин деп устазынын алдына келиптир да:

“Устаз, сиз аалым жана олуя болсоңуз. Мындай аял менен жашап эмне кыласыз, талагын берип кое бериң”-дептир. Ошондо олуя:
” Эй балам , аялымдын айрым бир амалы кудайга жагып калыптыр да , мени ага туташтырыптыр. Менин айрым бир кылыгым кудайга жакпай калганбы, аны мага туш келтириптир.
Мен- ал үчүн ырахатмын, ал- мен үчүн АЗАП.Мен ошол азаптарга сабыр кылсам, кудай буюрса бейишке кирем. Эми айтчы бейишке киришиме себепчи болуп жаткан аялды кандай кылып талак берип коё берем”- дептир..

Запись АЯЛ ЗАТЫНА САБЫР КЫЛУУ ДА БЕЙИШ ЖОЛДОРУНАН” впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Аллах бейишти жаратып, аны Жабрайил периштеге барып, көрүп келүүсүн буюрат. Ал барып келген соң:”Өзүндүн атыңа ант! Бул жакты көргөндөр  киргенче чыдай алышпайт го” дейт.

Андан кийин Аллах бейишти кыйынчылыктар менен курчап коёт (б.а. такыбаалык, намаз, зекет, зикир, хадж ж.б.)

Аны көргөн Жабрайил периште: “Эми бул жакка эч ким кире албайт го деп корком” дейт.

Ошондой эле Аллах тозокту жаратып, аны Жабрайил периштеге барып, көрүп келүүсүн буюрат. Жабрейил периште келип: “Өзүндүн атыңа ант! Бул жакты көргөндөр, эч кимиси жоломок эмес” дейт.

Ошондо Аллах тозоктун тегерегин кооздук менен курчап коёт, (б.а. бул дүйнө жыргалчылыгы, бой көтөрүү, байлык топтоо, зынаакордук) кыскасы, акыретти унуттуруучулар менен курчап коёт.

Аны көргөн Жабрайил периште: “Эми бул жактан эч ким чыга албайт го деп корком” дейт.

Урматтуу мусулман бир тууган дегеним – “ошол” кооздукка кызыгып акыретти, эсеп берүүчү күндү унутпайлы. Аллахым баарыңыздарга жогорудагы кыйынчылыктарды жана ошого бекем болууңуздарды насип этсин. Оомиинь!

Пайгамбар алейхи салам айтты :

Бейишти кыйынчылыктар курчаган.
Тозокту жыргалчылыктар курчаган. 
(Сахих Муслим 2822)

Бейишке кирем деген адам жыргап напси каалаганын аткара бербейт. Ал дайым ар бир кылган ишин көзөмөлдөйт. Алла тыйгандан тыйылат буйругун аткарат.

Ал эми тозокко кирүүчү адам арам адал менен башы оорубайт.Бул дүйнөдо жыргап,ар бир напсисине тарткан ишти жасай берет.[1]

Запись Бейишти кыйынчылыктар, Тозокту жыргалчылыктар курчаган. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бах Жаннат! Бах Бейиш! Тууралуу уккан адамдын жан дүйнөсү тынчтанып ,өзүнчө ырахаат аласың.  Ким баргысы келбейт Бейишке баары эле каалайт,анткени Аллах Таалам Бейишти мусулмандар үчүн жаратты, алардын жыргалчылыгы,кубанычы,түбөлүк бактылуулугу үчүн даярдап койгон. Бейишке жакшы амалдар кылып жүргөн мусулман пендеси гана бара алат.  Анда сөз башынан болсун Жаннат, Бейиш тууралуу билгиңиз келсе  төмөнкүлөргө көңүл буруп окуп чыгыңыз!

Жаннат! Бейиш!.. бул туурасында адамзаттын алсыз тили толук сайрап бериши, ажыз акылы толук элестете алышы мүмкүн эмес. Ошентсе да, биз бар болгону, Куран жана хадисте келген айрым бир гана маанилерден азыноолак айта кетмекчибиз.

Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Жаннатта көз көрүп, кулак укпаган, адамдын кыялынан өтпөгөн нерселер бар», — деген.

Анда не бир сонун кооз бактар, шаркырап аккан дарыялар, көз жоосун алган ажайып шаарлар, салкын саялуу жан сергитер жайлар бар. Жер менен жети кабат асмандын кеңдиги да бейишке тең келе албайт. Бейиш мына ушундай кенен-жайкын жай! Анын жыпар жыты 100 жылдык аралыктан келип турат. Бейиш кабат-кабат болуп жаратылган, анын эң жогоркусу «Фирдаус жаннаты» деп аталат. Бул дүйнө жок болуп кетет. Ал эми, бейиш болсо эч жок болбойт.

Бейиштин 100 даражасы бар. Адамдар бул дүйнөдө жакшы иштерди канчалык көп жана көркөм кылгандыктарына карай түрдүү даражада жай алышат.

Бейиштин абасы жанга жагым. Ал суук да эмес, ысык да эмес. Ар дайым жаз мезгилиндегидей мээлүүн болуп турат. Эртең мененки күн чыгар алдындагы ак таң бар го, бейиште мына ошондой таза жана пакиза абал болот. Ал жерде күн болбойт. А бирок, Алланын нуру менен бардык жак жап-жарык болуп турат.

Бейиштин мөмөлөрүнө келсек, алардын канча миң түркүн экенин Алладан башка эч ким билбейт. Алар азыр бышып жетилип, бейишке кирчү адамдарды күтүп турат. Алар эч качан айнып-бузулбайт, жыттанып да кетпейт. Тик туруп үзөм десең да, олтурган жериңден үзөм десең да, жанбаштап жатып үзөм десең да бейиш мөмөлөрү сенин алдыңа келип турат. Алар ушунчалык таттуу дейсиң, анын даамы эч качан жадыңдан кетпейт.

Эгер эт жегиң келип калса, алдыңа түрдүү куштар учуп келишет Сен кайсынысын тандасаң, ал ошол замат каалаганыңдай бышып, алтын идиште алдыңа келет.

Бейиште бир адамга миң кызматчы болот. Алар ар убак азык-оокат алып келишкенде, алтын идиште дүйүм тамактарды, кадактарда түркүн ичимдиктерди алып келишет. Тандаган даам-тамагыңдан каалашыңча жей бересиң. Каалаган ичимдигиңден канганча иче бересиң. Кардың толуп кетпейт. Тамактан кийин заара ушатуу, заң чыгаруу деген болбойт. Жеген оокатың жеңил терге айланып, өзү чыгып кете берет. Денеңден чыккан терден ажайып атырдын жыты келет. Бейиште чимкиринүү, түкүрүнүү, жөтөлүү, шамалдоо, сыркоолоо жок. Алла ал жерде бардык адамдарга жаңыдан дене пайда кылып берет. Денеңде кан, какырык, ириң болбойт. Дем алып, дем чыгарганыңда оозуңдан өз-өзүнөн хамду-сана жана тасбих чыга берет. Бейиште ар бир адамга тамак жеп-ичүү жана башка иштер үчүн 100 адамдын күчү берилет.

Бейишке кирерде кемпирлер жаш кыздарга айланышат. Чалдар жигит болушат. Бейиште бардык адамдар бирдей куракта, 33 жашта болушат. Эч ким карыбайт, өлбөйт. Ар дайым жаш жана чырайлуу болуп жүрө беришет. Бейиште бир базар болот.

Бейиште бир деңизде суу, бир деңизде сүт, дагы бир деңизде бал, башка бир деңизде ичимдиктер болот. Мына ошол деңиздерден дарыялар агып чыгат. Дарыялар үйлөрдүн астынан агып өтөт, бирок, эч кимге зыян келтирбейт. Ал жерде дагы бир дарыя бар. Ал дарыянын боюнда сулуу кыздар болот. Алар эң бир мукам үн менен ыр ырдашат. Адамдар келип алардын ырларын угушат. Мындай үндү дүйнөдөн али эч ким укпаган. Ошол кыздардын кайсы бири кимдир бирөөгө жагып калса, Алла аны ошол адамга тартуу кылат. Анын ордуна Алла ошол замат дагы башкасын жаратып коёт. Бейиште Алла ар бир кишиге, ага кызмат кылсын үчүн 72 кыз соога кылат. Алардын экөөсү бейиштин үрлөрүнөн, жетимиши бул дүйнөдөгү кыз-келиндерден болот. Бейиште аял-кыздар үчүн да абдан көп-көп жакшылыктарды даярдап койгон.

Бул дүйнөдө кем амал кылган, бейишке баарынан кийин кирип, эң аз сыйлык ала турган адам тууралуу айтсак, ал адамга бейиште бериле турган бактар, гулзарлар жана шаарлар азыр биз жашап турган дүйнөгө ушул дүйнөдөн дагы 10у кошуп берилет. Мына көрдүңүзбү? Бейиштеги эң аз сыйлык ушундай болгон соң, эми абдан көп амал кылган адамга бериле турган сыйлыкты кандай элестетсе болот?

Бейиштин шаар жана көчөлөрү, үй-имарат жана сарайлары, короо-жайлары алтын-күмүштөн, жакут жана забаржаддан, марварид жана зумруддан болот. Жеринде чаң жана кирлер жок. Топурагы жагымдуу жыт тарата турган заъфарон болот. Жаннатка кирген адамдарда иренжүү, жек көрүү, көңүл калуу, жийиркенүү, капалануу, кайгыруу, кооптонуу, коркуу деген сыяктуу сезимдер болбойт о.э. аларда чарчоо деген нерсе да болбойт.

Айтор, адамдарга эмне жакса, анын бардыгы жаннатта. Адамдарга эмне жакпаса, анын баары жаханнамда болот.

Урматтуу боордоштор, жаннат мына ушундай, ага шашылгыла!

Бейиштин акыйкат экендигине, анын момундар үчүн даярдап коюлуп, капырлардын андан түбөлүк куру жалак калгандыгына ыйман келтирүү акырет күнүнө болгон ыймандын бир бөлүгү эсептелет.

ЭМИ БЕЙИШКЕ БАРУУНУ КААЛАЙТ БЕЛЕҢИЗ!

Насиба Абдуллаева.

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ »

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

✍ Жокчулуктун куржуну -толбой, кыйналып жатсаңыз эч качан капа болбоң, бул сыноо жашоодо кээде ток болосуз,кээде ач болосуз, кыйынчылык артында сөзсүз жеңиш, жакшылык бар экенин унутпаң!

Эгер билсеңиз кедейлик бул -сыноолордун эң негизгиси анын артында сиз сабыр кылсаңыз эмнелер күтүп турат анда Пайгамбарымдан (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) өз сөзүнө көңүл буруңуз...

      Харис бин Вахабдын (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабарланат: «Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин укканмын: «Силерге кимдин Бейишке кирээри тууралуу кабарлайынбы? (Алар төмөнкүлөр):  Ар бир алсыз -күчсүз (болгондуктан динсиздерге) жек көрүнгөн (мусулман адам) алсыз кедей : бирок алар ант ичишсе, алардын антын Аллах сөзсүз ишке ашырат.  Силерге ким Тозоко түшөөрүн кабарлайынбы? Алар төмөнкүлөр:  Ар бир орой,ач көз жана текебер адамдар ». (Бухайрий, Муслим) .

      Абу Са 'ид ал -Худри (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлайт: «Качандыр бир кезде Бейиш менен Тозок өз ара талашып кетишип,Тозок айтты: "Менде таш боорлор дана текеберлер болушат ". Бейиш айтты: "Менде алсыз жана кедей адамдар болушат ". Экөөсүн талашын Аллах Таала минтип чечти : "Чындыгында, о,Бейиш, сен -Мен кимге кааласам көрсөтө турган Ырайымым болосуң; а сен, о,Тозок,сен Мен кимге кааласам Өзүм тарттыруучу жазам болосуң жана силерди толтуруу Менин милдетим! »(Муслим)

      Усма (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлайт : «Мен Бейиштин дарбазаларынын алдына токтодум да,ал жакка киргендердин көпчүлүгү кедейлер экендигин көрдүм. Ал эми байларга келсек,алар кармалып турушуптур,бирок тозокулар Тозокко ыргытылууга буюрулду. Жана,мен Тозоктун дарбазаларынын алдына токтодум да,ал жака киргендердин көпчүлүгү аялдар экендигин көрдүм »(Бухарий,Муслим).

      Эми сиз ойлонуп көрүң, өткөнчү өмүрдө кыйналып,жашап шүкүр кылсаңыз барына, жогуна сизди түбөлүк жыргалчылык Бейиши күтүп турат. Сиздин айырмаңыз эмнеде көңүл буруң сиз кедей болуп Бейишке эсепсиз ,токтоосуз киресиз. А Байлар Аллах берген байлыгына эсеп берип токтолуп, сурак бериш үчүн кармалып турушат. Эгер бул дүйнөдө текебер,байлар сизди кемсинтип күлгөн болсо,Акыретте сиз аларга күлөсүз.  Чындыгында кедей,алсыз,эң төмөн  таква кедей бул дүйнөдө кимдер үчүн эч ким эместир. А акыретте даражасы бийик инсандар катарында болот,мындан өткөн бакыт болбосо керек.  Ошондуктан шүкүр кылып жашаганды үйрөнөлү! Бул дегени жок деп "алма быш,оозума түш "дегени эмес,Аллах Тааламдын ырыскы,нээматтары чексиз, болгону аз болсо да адал эмгек менен таап, барына канаат кылып ,сабыр ,аракет кылсаңыз Аллах Таалам жакшылыгынан кур калтырбайт!

http://formulasy.blogspot.com/2016/..

‍‍‍"Бактылуулук Формуласы".

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Отунчу отун жыйнап, жыйнаган отундарын чоң үймөк кылып үйүп койгон болчу. Отунун үйүнө ташып кетээрден мурда, бир аз эс алып алайын деп отурат. Ошол кезде алыстан жаш жигиттин карааны көрүнүп калат. Ал жигит чуркап, чарчап, чаңкап отунчунун жанына келет да: "Мени артымдан эки душман кууп келе жатышат, эгер алар мага жетип алышса мени өлтүрүп коюшат, мени отундун үймөгүнө жашырып коюңуз" - деп суранат. Отунчу: "Макул! Мына бул чоң үймөктүн ичине кирип жашынып ал! " – деп, жаш жигитти жашырып коёт да, отун чаап, отун жыйнамыш болуп ишин улантат. Бир аздан кийин отунчу, шашып чуркап келе жаткан эки кишини көрөт. Ал экөөсү отунчунун жанына келип: "Биз жаш жигитти издеп жүрөбүз, эгер сиз көргөн болсоңуз кайсыл тарапка кеткендигин айтып коёсузбу" -  деп анын боюнун узундугун, өңү-түсүн жана башка белгилерин айтып сүрөттөп берет. Отунчу ошол замат: "Ооба, силер айткан жигитти көрдүм, ал бир аз мурда силерден качып менин жаныма келди, мен аны бул үймөктүн ичине жашырып койдум. Жакшылап издеп көрсөңөр табасыңар" - дейт. Үймөктүн ичине жашынган жигит, отунчунун сөздөрүн угуп турган болот. Эми мени таап алышат экен деп корккондугунан жүрөгү түшүп, ажалы көзүнө көрүнө калат. Кууп келген кишилердин бири экинчисине: "Бул ою жаман отунчу, бизди отундун ичин издетип алек кылып, жигитти качып кетсин деп жатат, анын сөзүнө ишенбе, ойлоп көрсөң, өзү отундун үймөгүнө жашырып, кайра өзү кайда экендигин айтмак беле? Бул акылга сыйбаган сөз. Андан көрө жүр, артынан кууп жетели" – деп, чуркап кетип калышат. Ал экөөсү алыстап, көзгө көрүнбөй калган кезде, бир тарабынан тигилерден кутулгандыгына сүйүнсө, экинчи тараптан толкунданган, таң калган жигит үймөктөн ачуулуу чыгып, отунчуну жемелегенсип мындай дейт: "Бул эмне кылганыңыз? Өзүңүз жашырып, кайра өзүңүз менин кайда экендигимди айтып койгондугуңуз эмнеси? Жүрөгүңүз таш сыяктуу катуубу? Сизде мээрим деген жокпу? ". 
Отунчу: 
"Ээ, балам! Эгер аларга калп айтсам, алар сени издеп таап алмак да өлтүрүп коюшмак. Түбөлүк эсиңде тут! Эгер калп айтып өлүмдөн аман калуу мүмкүн болсо, анда чындыкты, акыйкатты айтып аман калуу алдаканча жогору" – деп, насаатын айтып жигитти жолго салат.
Абдишүкүр ажы Нарматов.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Имам Табарааний “аль Авсатта” риваят кылган хадисте мындай айтылат:
“(Оо аялдар!) Өз күйөөсүнөн боюнда болуп, күйөөсү андан ыраазы болсо, ал аял Алла Таала жолунда түнү менен намаз окуп, күнү менен орозо кармаган адамдын сообундай соопко ээ болгонуна ыраазы болбойсуңарбы?
Ошол аял (төрөт учурунда) бир толгоо тартканда асмандагылар менен жердегилер биле албай турган, көз кубанта турган соопко ээ болот!

Ошол аял төрөгөң соң, ар бир тамчы сүтүнө, (перзентинин) ар бир соргонуна сооп жазылып турат!

Эгер ошол аял түнү менен перзентин карап уктабай таң атырса, Кудай жолунда жетимиш кулду азаттыкка чыгаргандай соопко ээ болот!

Силер билесиңерби, мындай соопторго кандай аялдар татыктуу болушат? Алар күйөөлөрүнө баш ийип, такыбалыкты карманган саалиха, күйөөлөрүн “мени эч жыргатпадың!” деп жакшылыктарын билбей койбогон пакиза аялдар!”.

Имам Ибнул Жаузий бул хадисти “Мавдууьаат” китебинде риваят кылып, Абу Хаатем Ибну Хиббандан бул хадистин мавдууь (жасалган, жалган) хадис экендигин айткан сөзүн келтирген.

Башка бир хадисте төрөттөн өлгөн аялдын сообу шейиттердей болору тастыкталган. Имам Ахмад, Абу Дауд, Насааий жана Ибну Маажа риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз алайхис салам:
“Кудай жолунда курман болгондордон башка да жети түрдүү шахиддер (шейиттер) болот” деп айтып келип, жетинчисинде “курсагындагы баласы чоңоюп калган учурда өлгөн аял да шейит” деп белгилеген.
Кээ бир аалымдар “хасан” даражасын ыйгарган, Ьабд бин Хумейддин муснадында, Ибну Аби Дуняанын “Китаабул ьияаал” деген китебинде, Ибнул Жаузийдин “Ахкаамун нисаа” китебинде риваят кылынып, Ибну Умардан азирети Пайгамбарыбызга “марфууь” болгон хадисте Пайгамбарыбыз алайхис салам мындай дейт:
“Аялзаты боюна көтөрүп, төрөп, эмчектен чыгарганга чейин Кудай жолунда шейит болуп, өз канына жуурулушкан адамдын сообундай соопко ээ болот! Эгер ушул аралыкта акыретке сапар тарта турган болсо (өлсө), ал аялга шейииттин сообу берилет!”.
Бул хадистин маанисинен, төрөгөн, баласын эмизген жана баккан аялга берилген соопту, төрөттөн каза болгон аялга берилген соопту, бул түрдөгү аялдардын кичине күнөөлөрүнүн кечирилүүсүнө себеп боло турганын түшүнө алабыз.

Жыйынтык сөз: Төрөгөн аялдын кичине күнөөлөрү төрөттөгү кыйынчылыгы менен кечирилет, ал эми чоң күнөөлөрүнө атайын тообо кылуу шарт.
Чубак ажы Жалилов
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

“Ыйман жан дүйнө азыгы” программасынын бул чыгарылышында “Бейиш” тууралуу кеп курдук. Студиябыздын коногу коомдук жана диний ишмер Мыктыбек Арстанбек.

Мусулман бейишке умтулат

– Мусулман бейишке умтулат. Бирок негизги максат мусулмандын жашоосунда бейишке чыгуу эмес. Бейиш Аллах Тааланын пендесине берген ыраазылык. А негизи мусулмандын жашоосунда умтулуусу Кудайдын буйругун аткаруу. Жараткан Жаратуучусу буйрукту берди жана аны пенде аткарат, ошондой эле аткарууга дилгир болот. Буйрукту аткаргандыгы үчүн Аллах Таала ага бейиш берди. Эгер пенде Аллахтын бейишине чыгайын десе анда бул туура эмес. Биз бейишти назарга тутпайбыз. Негизгиси Роббунун буйругун аткаруу үчүн ибадат кылабыз.

Бейишти биз элестете албайбыз

– Аллах Таала Куранда өтө көп жерде бейиш жөнүндө айтат: “Бейиш – бул такыбалар үчүн, бейиш – бул кулдары үчүн, бейиш – бул жакшы амалдарды кылган үчүн ж.б. Бейишти биз элестете албайбыз. Бейишти Роббубуз айткандай жана Пайгамбарыбыз айткандай элестетебиз.

Бейиш менен Тозоктун ортосунда кулдук турат

– Курандын өзүндө же даават усулунда коркутуу жана сүйүнчүлөө менен даават кылынат. Жакшылыкка жетелеп, жамандыктан кайтарууда бейиш менен кызыктыруу жана тозок менен коркутуу. Бирок кечке эле адамга тозокту айта берсен адамда чүнчүү пайда болот. Же кечке эле бейишти айта берсен адам уктап калат. Ошондуктан муну кылсаң тозок, муну кылсаң бейиш деп. Мына ушул экөөнүн ортосунда кулдук турат. Кулдук – бул Роббусунун буйругун аткаруу.

Пенде бейиште ыраазы болот

– Адам бул дүйнөдө эч нерсеге ыраазы болбойт. Бейиште Аллах Таала: “Пендем мага ыраазы болот”, – дейт. Анткени бейишке кирген адам эч нерсеге сын коё албай калат. Мындайча айтканда, бардык жагы төп келип калат. Бейиш – бул “бей иш”, “ишсиз” деген маани ушундан келип чыккан. Адамда кыжаалаттык жок болот. Жалаң жыргал жашоо. Бейиште Аллах Таала өзүнүн ыраазылыгы менен тосуп алат. Пенде бейиште абсолюттук ыраазы болот. Мына ушул Аллахтын бейиште тосуп алуусу.

Бейиштин эң жогорку жана эң төмөнкү даражалары

– Бейиштин даражалары өтө көп. Мен эң бийиги менен эң ылдыйын айтып берейин. Эң бийигин Фирдаус дейт. Жөнөкөй тил менен айтканда, буга Аллахтын сүймөнчүктөрү жетет. Шейиттер кире турган бейиш. Бул жерге киргендер Пайгамбарыбыз с.а.в дын жанына кошуна болот. Ал эми эң төмөнү тозокко түшүп, бирок от менен тазаланып бүтүп, анан бейишке киргизилет. Анда Аллах Тааланын бергенин пендесин көрүп мусулман ыйлап жиберет. Аллах болду мага ушул жетет, деп айтылат. Жетет дегенден кийин да жетимиш эсе берет.

Бейиштегилердин баардыгы эле Кудайды көрө алышпайт

– Курандын “Ясин” сүрөөсүндө бар, аларга салам айтылат, деп. Ал эми кээ бир аяттарда Алах өзүнүн жамалын көрсөтөт. Бул бакыттын жеткен чеги. Биз муну элестете албайбыз. Адамдын жашоосундагы эң жеткен чеги – бул Аллахтын жамалын көрүү. Бирок кээ бирлерине Аллах аларга жамалын көрсөтпөйт. Демек, бейишке чыксаң дагы анын ары жагында өзүнө жараша мансабы бар. Бейишке чыкканына жараша Роббунун саламын алып, анын жүзүн көрө турган абалда чыгуу керек”.

http://maralfm.kg/


December 13, 2015 at 12:30AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Worried About Life

Улукман Хаким уулуна насаат кылат: Уулум эки нерсени унутпа деди:

Биринчи: Алланы. .

Экинчи: Өлүмдү. .

Биз пенделер кайда болбойлу, кайда жүрбөйлү, эмне кылбайлы Аллах Тааланы эстеп жүрүүбүз керек. Ал Улук Зат. Бизди кандай гана жоктон бар кылып, эч кимдин акылы жеткис кылып жаратып койду. 24 саат бою жүрөгүбүздү соктуруп, бул ааламдын кооздугун көрүү үчүн көз берди, канча сүйлөсөң да, эч качан чарчабас сүйлөөгө тил берди, жыттарды сезүүгө мурун, үндөрдү угууга кулак, каалаган жериңе басып, каалаган ишиңди кылууга колу-бутту берди. Айта берсек баарын эсептесең миңдеген айтып бүткүс адамдын өзүндө эле канчалаган кереметтер жайгашкан. Булардын баары СубханАллах Тааланын кудурети менен жаралды. Ушундай Улуук Затты эстеп Ага шүгүрчүлүк кылуу биз пенделердин милдети жана парызыдыр. Аллах Тааламды жакшылыктарбызда да, жаман башыбызга кайгы түшкөндө да эстеп Аны менен бир болуубуз керек.

Аббас уулу Абу (Аллах андан ыраазы болсун) айтымында: Бир жолу Алланын Элчисинин (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) арка жагында олтурдум эле бир маалда Ал:

«Жаш жигит! Мен сага айрым сөздөрдү үйрөтөйүн: Алланы ар дайым көңүлүңдөн чыгарба, ошенсең Алла сени коргойт. Алланы эч эсиңден чыгарба, ошентсең Ал сага аброй, кадыр -барк бергенин көрөсүң. Эгер сурасаң Алладан гана сура. Эгер сен жардам издесең Алладан гана изде. Билгин: Эгер сени эл чогулуп мартабаңды, даражаңды көтөргөнү жатышса, алар сенин мартаба даражаңды Алла сенин тагдырыңа жазгандай гана көтөрө алышат. Билгиниң: Эгер эл чолугуп сага залал зыян келтиргени жатышса да алар сага тагдырыңа Алла жазган залалды гана келтире алышат. Калем (кагаздан) ажыраган жана барактар кургаган»-деди. (Тирмизи)

Ошон үчүн Аллана болгон бекем ишеним менен баар жок Ага гана таандык, баары Анын колунда экенине ынанып жашоо керек. . .

Өлүмдү эстөө жүрөктөрдү тазартат, күнөөлөрдөн арылтат. Анткени өлүмдү эстеп жүргөн адам Аллах Тааладан коркот жана өлүмдөн кийин эмне болоорун билет. .

Шаддад бин Авс (Аллах андан ыраазы болсун) айтымында. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты:

«Өзүнүн напсисин тарбиялаган жана өлүмдөн кийинкиге даярданган киши акылдуу. Акылсыз киши өзүнүн напсисин ээрчип, бирок Аллахтан (Аллах Таала баарын кечирет) деп үмүт кылган киши» (Тирмизи)

Биз пенделер кандай болбосун, кайда жүрбөйлү, эмне кылбайлы аягы өлүм менен бүтөт. Кандай гана унаанын зорун, кымбатын, мерс, жип, лексус минбейли бир күн келет акыркы мингенибиз жыгачтан жасалган табыт болорун унутпайлы!

Кийимдин кандай гана кооз, алды, модасын, кымбатын чертип, тандап кийбейли бир күн акыркы киймибиз эң арзан болгон ак сурп кепинибиз болорун унутпайлы!

Үй жайды кабат-кабат, кафе, ресторандарды курбайлы бир күн акыры бараар жерибиз кап-караңгы Кабыр болот!

Жумшак төшөк, жумшак диван, жумшак олтургучта олтурбайлы бир күн жатаар жерибиз топурак болоорун унутпайлы!

Ошон үчүн өлүмдү эстөө керек, өлүмдү эстесең өлүм келбейт, унутсаң ал унутпайт кайда барба айга учуп чыксаңда кашыңдан пайда болот.

Кабыр бир күндө адамдарга беш жолу намаз убагында кайрылат экен:

«Эй жер үстүндө жүргөн адам баласы! Жакшына жүр, таза жүр бир күн менин кучагыма келип сыйымды көрөсүң, жаман, күнөө иштери менен алек болсоң:

Мен жалгыздыктын үйүмүн, Мен караңгылыктын үйүмүн, Мен курт -кумурсканын үйүмүн, Мен коркунучтун үйүмүн мага келерңиди унутпа!». . . .

Усмандын (Аллах андан ыраазы болсун) кулу Ханинин (Аллах андан ыраазы болсун) айтымында. Усман (Аллах андан ыраазы болсун) мүрзөнүн алдына токтогон кезде сакалы суу болгончо ыйлаар эле.

Бирөөлөр сурады «Сиз бейиш же тозокту эстегенде мынчалык ыйлабайсыз, а мүрзөнү эстегенде эмнеге мынчалык ыйлайсыз?».

Ал жооп берди:

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты:

«Мүрзө-бул акыреттин биринчи тепкичи, ким ушунан жеңил кутулса, андан кийинкилери да андан да жеңил болот. Ал эми ким ушундан кутулбаса, андан кийинкилери да анбан да жаман болот». Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) дагы мындай деп айткан: «Кабырдан коркунучтуурак жер көргөн эмесмин». (Тирмизи)

Өлүмдүн ачуусу келгенче алды-артыбызга карап, кадамыбызды туура койуп, туура жолдо жүрүп, саналуу өмүрдө амалдын жакшы-жаманын айырмалап, эртеңки күндү күтпөй, бүгүнкү күн менен жашап бир күн болсо да жакшы амалдарды кылып алуу керек. . .

Өлүм өлүм кандай күтпөгөндө келип канчалардын жан дүйнөсүн талкалайсың. Сени эч ким күт пөйт, Сенден качат, сенден коркот адамзаттын баарысы. А сен болсо эч кимдин каалоосуна карабайсың. Ата – энени баладан, баланы ата – энеден, жакындардан суук ажалың менен алып кетесиң. Өлүм сени кээде тааш боорсуң деп айтткым келет. бирок сен адамзаттын башына келе турган жазылган тагдырсың. Сенин айтпай келгениң канчаларды шорун курутасың, жашоолорун астын үстүн кыласың. Эмне деп айтмакмын сени келишиңе баш ийүүмдөн башка айлам бар бекен. Өлүм жалоочунун жолунун бүткөнү, Өлүм өмурлөрдүн түгөгөнү, жүрөктөрдүн сокпой токтогрну, жарыктыктын өчкөнү, тирүүлүктүн токтогону. . .

ЭХ, ӨЛҮМ. ӨЛҮМ!

Махмуд бин Лабидден (Аллах андан ыраазы болсун) риваят. Пайгамбарыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты:

«Инсандар эки нерсени жаман көрүшөт(биринчиси) өлүм, бирок ал бузукулуктан жакшы, анын себебинен динин сактай алат. Экинчиси дүйнө-мүлүктүн аз болуусу, бирок дүйнө-мүлктүн аз болуусу-Акырктте сурак болгондо сурактын жеңил болуусуна алып келет». (Ахмаддын “Муснады”)

Күнү-убагы бүткөндөр кете берет артынан калгандар ыйлап кала берет.

Бирок кайтып келбес өмүр өлүм менен ошентиип эстен чыгып кете берет…

Өлүм мен сенден коркпоймун -өлүмгө даяр болбой калуудан коркомун. .

Өлүм мен сенден коркпоймун -Азабыңа туш болуудан коркомун. . .

Өлүм мен сенден коркпоймун -Кабырымда жалгыз калуудан коркомун. . .

Өлүм мен сенден коркпоймун -Акыретимдин азабынан коркомун. . . .

«Чындыгында биз Аллахка таандыкпыз жана ага кайтуучубуз» (2:156)

Насиба Абдуллаева,

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»


November 28, 2015 at 08:43PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Раббым Аллах! Мен беремин күбөлүк.
Ал Улуу Зат, жашайт билсең түбөлүк.
Кечиргенди жакшы көрөт пендесин,
Тообо кылып, ибадатта жүрөлүк.

Раббым Аллах! Улуу Арштын Эгеси.
Улуулугун сезбей келет пендеси.
Ал Даанышман, сени мени жараткан.
Сажда кылып, өкүнбөйлү эртеси.

Раббым Аллах! Элчилерин жиберген,
Ал Мээримдүү, күнөөлөрүн кечирген.
Пенделерге туура жолду көрсөтсүн деп,
Бирок пенде, көп каталык кетирген.

Раббым Аллах! Баарыбызды көрүп турат,
Ал Угуучу, баарыбызды угуп турат.
Жакшы-жаман иш жасоонун башында,
Момундары Улуу Хакты эстеп турат.

Раббым Аллах! Биз Аллахка кайтуучубуз,
Биз алсызбыз, Улуу Хактан коркуучубуз.
Жанды берген пенделерге аманат деп,
Акыйкатта, чындык сөздү айтуучубуз.

Раббым Аллах! Тооболорду кабыл кылат,
Пенделерин жаман жолдон тосуп турат.
Амал кылып, Хакты сүйгөн пенделерге,
Ин шаа Аллах Бейиш төрүн насип кылат.

Раббым Аллах! Сен кулусуң унутпагын!
Улуу Заттын ар бир сөзүн улуктагын!
Пайгамбарын себеп кылып жиберген!
Өкүмүнө баш ийели Улуу Заттын!

Раббим Аллах! Мээримине муктажмын!
Күнөөлөрдү кечирүүсүн сураймын!
Ал Боорукер! Түбөлүктүү Туруучу!
Мен ишенем! Бир күнү Ага кайтамын!

Раббим Аллах! Улуктугун билип жүр!
Мактоо айтып, өлүмүңө даяр тур!
Андан башка Кудай жок деп айтууга!
Ар бир күнү, ар бир мүнөт даяр тур!

👤Бүбүмариям Ибрагимова
👪«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

The post Раббым Аллах!… appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 27, 2015 at 07:16PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Адам баласынын турмушунда максатсыз жашоо болбосун жакшы түшүнөбүз. Башка жаныбарлардан, тирүү жандыктардан айырмаланып, адам баласы максатсыз жашабайт. Жашоодогу максатыбыз көпчүлүк учурда бактылуу болушту самайбыз. Бакыт өзүнөн өзү келбейт. Бактылуу болушту кааласаң ага адал оюң, ак тилегиӊ, ак эмгегиң, ак ниетиң менен аракет жасасаң ага жетээриң бышык.

Убакыт өткөн сайын, учурунда болуп өткөн урунтуктуу окуялар жүрөк сезимиңде тарых барактары катарында түбөлүк сакталып кала берет. Бул жалган сыноо дүнүйөгө кимдер гана келип, кимдер өтпөгөн. Жараткан ар бир пендеге ар түрдүү тагдырды насип кылып, бирине түйшүктү жүктөсө, кээ бирөөсү түйшүктөн кабары жок турмуш өткөрөт. Бардык нерседен өлүм улук экенин унутуп, тирүүлүктө түмөн түйшүктөрдү баштан өткөзүп, артыңда эсте калаарлык эч нерсе жасабай бул дүйнө менен коштошуп кеткендер канча?

Жашоо өмүрүн максат-тилек менен өткөрүп, жасаган иштери, элге болгон ак, адилет, калыс мамилеси, камкордугу менен өмүрүн өткөзгөн адамдардын артында жылуу сөз, тунук ой, таза пикирлер аңыз болуп айтылып элдин сезиминде, жүрөк түпкүрүндө сакталып калаарын кээ бир айкөл адамдардын басып өткөн жолу айгинелеп туураарына күбөө болуп жүрбөйбүзбү. Ыйман ызаат, ата-бабалардан калган нарк дөөлөттү сактап жашоо бул айкөлдүк эмей эмне. Адам баркын адам билет дегендей, элге жасаган адал кызматын, эл унутта калтырбай эскерип, муундан муунга өтүп элдин жүрөк түпкүрүндө сакталып калаары бышык. Табияттын табышмактуу мезгили ɵтүп кеткенден кийин, өкүнгөн менен өткөндөрдү ордуна келтирүү оңой болбой калат. Ошондуктан ар бир нерсени убакытка уттурбай, убагында жасап калуубуз зарыл.

Адамдар ортосундагы мамилелер сый урматка негизделип, пейил тарытпай, адам көӊүлүн оорутпай жасаган мамиле тасирдүү болуп түбөлүк эс тутумуӊда калаары шексиз. Мындай мамилелерге негизделген жашоону бактылуу турмуш десек жаӊылышпайбыз.
Жеке кызыкчылыкты, оӊой олжону ойлоп дүнүйөнүн, мансаптын кулу болуудан алыстап, ак эмгек, таман акы, маӊдай тер менен тапкан жашоо тиричиликке эмне жетсин!
Замандын өйдө ылдый болгонуна байланыштуу чоң кызматтарда иштеген тааныш тууган-туушкандардын, куда-сөөктөрдүн колдоосу менен убактылуу кызматка келип, мансапка ээ болуп өздөрүн бактылуу сезип, кулк-мүнөзү таңкаларлык деңгээлде терс жагына бурулуп, өзгөргөндөр жок эмес. Дарамети жок болсо дагы, утурумдук бийликтин ичи койнуна кирип ар кандай жолдор менен, айла-амал менен кызматка орношкондордон жана кызматты сатып алгандардан кур эмеспиз. Бирок тагдырды сатып ала албайсың.

Мансапка жеткенде акыл токтотпой текеберчилик кылып, эл менен эсептешпей, билимдүү тажрыйбалуу адамдардын айткандарын көкүрөккө түйүп калбай, кулак сыртынан кетирип, көзү ачылбай өзүм билемдик өкүм сүрүп, тагдырга маани бербей жүргөндөр көп эле кездешип жүрөт. Ошондуктан тагдырдын бакыт нурун чачкан жүзүн көргөндө жарылбай, сүйүнүчтөн ашып-ташыбай, ага манчыркап калбай жашоо, бактылуу турмушту баалай билүү болуп саналат. Ал эми тагдырдын муздак борошон менен келген караңгы бетин көргөндө, мүңкүрөп муңайбай көтөрө билүү акылдуулук.

Тийиштүү билим, такшалган тажрыйба болбосо эл менен камыр-жумур болуп, эл кызыкчылыгын көздөп иштеп кетүү сейрек кездешет. Мындай кызматчылардын ишмердигин эл тез аныктап, ойлорун ортого салып, эл ичинде адилет баа берип, кезеги келгенде аларды ордуна коюп жүргөнүн билбейбизби? Мындай элдин купулуна толбогон эл кызматында жүргөндөрдү убагында ордуна коюп туура жолго салбаса аягы өкүнүчтүү, кайгылуу окуялар менен бүтөөрүнө көп эле күбөө болуп жүрбөйбүзбү.

Адамдын кулк-мүнөзүнө, намысына, ишмердигине, иштеги топтогон эл ичиндеги аброюна жараша тажрыйба топтолот. Өмүр тагдырың Жараткандын колунда болсо, жашоо тагдырыңдын бир учугу өз колуңда. Адал оюң, ак эмгегиң, чын пейлиң менен ишке болгон мамилең болбосо сага келген дөөлөт түбөлүктүү болбошуна ишене бергин. «Мээнет жалпак, бакыт тоголок», -деп айтылгандай келген бакыт-таалайды акылдуулук менен көтөрө билип, ардактап асырай албасаң андан ажырап калуу каш-кабактын ортосунда экенин көп эле жолуктуруп жүрөбүз. Улуу Жараткан адам баласына бакытты байлык, бийлик, мансап ж.б. аркалуу сынак кылып берээрин унутпайлы.

Аллах Таала айтты:

«Раббысы инсанды (байлык) менен сынап, ага жоомарттык көргөзсө жана нээмат берсе «Раббым мени урматтады» – дейт. Ал ъми, аны (кембагалдык менен) сынап, ырыскысын ченеп берсе, «Раббым мени кордоду» – дейт» (Фажр: 15-16)

Бай болгондо, бийлик келгенде, аны Кудайдын сыноосу катарында кабыл алып, аны туура пайдаланып, адамдык бийик сапатты сактап калбасак, бул жакшылыктардан ажырап калганыбызды, ал колдун кириндей жуулуп кеткенин өзүбүз дагы сезбей калышыбыз мүмкүн.

Жараткандын жазасынан коркуп, келген бакытты көтөрүмдүүлүк, токтоолук, сабырдуулук, айкөлдүк менен асырабасаң андан тез эле ажырап каласыӊ. Ал ар түрдүү кырсыктар, оору-сыктоолор аркылуу да келиши мүмкүн. Убагында жасалбай, убакытка уттуруп ийген учурду кайтаруу кыйынга туруп калат.

Алдыга албан максаттарды коюп ага жетүүнүн жолун, Кудай көрсөткөн жолдон чыкпай, Пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) берген таалим-тарбиясы аркылуу аракеттенсек ошол максаттарга сөзсүз жетишебиз.
Жаман-жакшылыктарды башынан көп өткөзгөн Чоң атам Ызак –

«Өзгөлөргө, башка адамдарга канчалык көп кубаныч алып келип, алардын кубанычы аркылуу өзүңдү бактылуу сезсең мындан артык бакыт барбы», – деп айтаар эле.

Өмүрдүн баркы сенин ордуң, адамдарга жасаган жылуу мамилең менен аныкталат. Эч ким жалгыз жашоого мүмкүн эмес. Ошондуктан: Бакыт айланаңдагылар менен болгон мамилеге байланыштуу. Жылуу мамиле оор кезди жеңилдетип, жашоону жагымдуу кылат. Кыйынчылыгыңды бирөөгө айтсаң жеңилдеп калаарыңды ар бир адам башынан өткөрсө керек. Ошондуктан аны айтыш үчүн дагы жылуу мамиледеги адам керек. Жылуу мамилени ар бир адамга аны акыркы ирет көрүп жаткандай экинчи ирет көрбөй калчудай мамиле жасасаң ортодогу мамиленин жакшыраарында шек жок. Ошол эле убакытта адамга чоң ишенич болуш керек. Ишенүү бакыттын пайдубалы. Ишенимсиз мамиле узак болбойт. Ишенүү жан дүйнөнү күмөнсүнүүдөн, кабатыр тартуудан, тынчсыздануудан, коркунучтан сактайт.

Бактылуу болууну ар бир адам каалайт, ага жетүүнүн жолун издейт. Адам баласы ден соолугу таза, алты саны аман эсен тɵрɵлгɵндɵ эле ата-энесине бактылуулукту тартуулап, бактылуу турмуштун башталышын башынан ɵткɵрɵ баштайт. Анын кийинки турмушунун бактылуу болушу ага берген тарбиядан, алган билиминен, жашаган коомдон, айлана чɵйрɵдɵгү байланышкан адамдардын тийгизген таасиринен, үй-бүлɵдɵгү мамилелерге дагы байланыштуу болоору күмɵн туудурбас.

Бактылуу болуу кандай экендигине ой жүгүртүп, сɵз менен түшүндүрɵ алгыз сезимдерди ой сезимиӊден ɵткɵрүп бүтɵ албайсыӊ. Жашоодо кээ-бир учурларга байланыштуу болгон окуяларга, жасаган иштериӊдин жыйынтыгына канааттануу менен, байланышкан адамдардан алган жылуу мамиле-сезимдердин негизинде, балдарыӊдын жетишкен ийгиликтери, алардын ата-энеге жасаган мамилелери, дегеле койчу толуп жаткан жагымдуу учурлар менен ɵзүӊдү бактылуумун деп эсептесеӊ болот. Бирок жашоо турмушуӊ нечендеген санаа чектирген жат кɵрүнүштɵр, уккан жагымсыз сɵздɵр, кɵӊүл ооруткан кɵрɵалбастык менен жасалган мамилелер, ар-кандай ишке байланышкан уйкусуз түндɵр менен бирге болоору адам баласы үчүн оӊойго турбаган иш. Ɵзүӊдү бактылуумун деп эсептегениӊ менен жогорудагы жагымсыз учурлар түйшүккɵ салып, жүрɵк түпкүрүндɵ сакталып кала берет.
Бактылуу болууга жүгүрткɵн ой-толгоом пайгамбар жашынан ɵткɵн жашоо турмуштагы ɵткɵргɵн тажрыйбадан алган ой-пикирлеримдин жыйынтыгы сыяктуу эсептелет.

Ушул убакыттын ичинде ɵз бактыбыз үчүн талыкпай эмгектенип, жасаган аракеттерибизге аралаш ɵткɵргɵн, түрдүү оор кɵрүнүштɵргɵ жык толгон нечендеген ай-күндɵрдү кɵз алдымдан чубатып кɵп ɵткɵрɵмүн. Жашаган ɵмүр дээрлик бир кылым болсо дагы тарых ɵлчɵмү менен алганда бул кɵз ирмем убакыт турбайбы.

Жүз жашка чыгып бул дүйнɵ менен коштошоорго жакындаган адамдан:

-Жашап ɵткɵн бир кылымдык ɵмүргɵ кандай баа бересиз? -деп сураган суроого:
- Бул ɵмүр мен үчүн үйдүн бир эшигинен кирип, бир эшигинен
чыгып бараткадай эле сезилип жатат, - деп жооп берген экен.

Кɵрсɵ адам ɵмүрүндɵгү бир кылымдык убакыт бул деле кɵз ирмем убакыттай сезилгени менен, анын баалуулугу ушул убакытта эмне менен алек болдун, кандай ийгиликтерге жетиштиӊ, акырет үчүн кандай кам кɵрдүӊ, кимдер менен байланыштыӊ, кимдерге жардамыӊ тийди, коомдогу ээлеген ордуӊ, сага жалпы элдин берген баасы ж.б.у.с. ɵлчɵмдɵр менен ɵткɵн ɵмүрдүн аз-кɵптүгүн ɵлчɵсɵ болот турбайбы.

Демек ɵткɵргɵн ɵмүр ɵлчɵмү, убакыт менен эмес андагы жасалган жакшы иштер менен ɵлчɵнɵɵрүн ар бирибиз билишибиз зарыл. Жашообуздун бактылуу деп бааланышы бул Улуу Жараткан кɵрсɵткɵн жолдор менен жашап ɵтүүгɵ умтулуу деп түшүнɵм.

Келечектеги биздин урпактардын жашоосу, ата-эненин, үй-бүлɵɵңдүн, коомдун берген тарбия таалиминен башталат. Тарбиянын туу чокусу ыйман, Улуу жараткандын кɵрсɵткɵн жолу менен тарбиялоо.

Ислам дини жер жүзүнɵ таркала баштаган убакыттан бери 1435 жылдан ашык ондогон жүздɵгɵн жылдар өттү. Мезгил оошуп, нечен заман алмашты. Жүз элүү жылдай орус калкы менен аралаш, ирегелеш жашадык. Тилин үйрөнүп, сырын тарттык. Ата бабаларыбыз калтырган ыйык мурастарын, башкача айтканда ыйман туурасында, ата-бабаларыбыздан калган үрп адат, каада-салттарыбызды, астейдил мамилелерди азда болсо азыр да жерде калтырбай улантып келатабыз.

Ошону менен бирге тууган-туушкандар, мусулман боордоштор менен байыртан бери жайсак дасторконубуз, ичсек чайыбыз чогуу болуп келгенин мындан ары дагы улантсак жаман болбос эле. Мындан бир-бирибизге болгон бир туугандыгыбыз ашса ашып, бирок эч бир убакытта кемимек эмес. Тууган-уруксуз, карым-катнашсыз ынтымагы жок жашоо толук эмес, муну тарых тастыктады. Кудай ынтымак-ырашкерчиликти Кыргызтандын элине түбөлүк кут кылсын!

Ар бир адамдын жашоо-турмушунда, ɵткɵргɵн ɵмүр бул тарыхтын кɵп кырдуу барактарынан түзүлүп, ар бир адамдын жашоо турмушу ал тарыхтын ɵзүнчɵ бир кайталангыс барактарын түзɵɵрү шексиз. Жашоодо ар түрдүү адамдар менен кездешесиӊ, акыл бɵлүшɵсүӊ, турмуштун түрлүү кыйынчылыктары менен бирге кубанычтарды дагы бирге бɵлүшɵсүӊ. Бирɵɵ туура түшүнүп, жетишкен ийгиликтериӊди ɵз ийгилигиндей кабыл алып канааттануу менен мамиле жасаса, оюӊа ой кошсо экинчисинен кɵӊүлүӊ калган учурлар дагы болбой койбойт.

Бирок жашоо турмушунда кɵӊүл кубанткан бактылуу орчундуу учурларды, кубанычыӊды жакын санаалаш адамыӊ менен бɵлүшкүӊ келет. Себеби кайталангыс жана унутулгус учурларда жаныӊда жакын санаалаш адамдарыӊ болмоюнча ал маӊызсыз болуп калаарында күмɵн болбос. Мына ушундай учурларды, жакшылык менен жаманчылыктарды бирге ɵткɵрүү үчүн менин тагдырымда жакшы жолдоштордон Улуу Жараткан кур калтырган жок. Алардын ар биринин атын атап олтуруунун кажети жок. Алар аны ɵздɵрү жакшы билишет.

Эки дүйнɵдɵ бактылуу болуунун жолун издесек, Ислам динине ишенүү менен бирге Аллах Таала кɵрсɵткɵн жолдорунан чыкпай жашап, бул дүйнɵ жашоосунда Жараткандын буйруктарын так аткарып, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) кɵрсɵткɵндɵй жол менен жашасак адашпайбыз.

Ден соолукта болуп, алты саныбыз аман, буту- колубуз соо туруп, Кудайдын аткарууга милдетүү болгон буйруктарынын бири намаз окууга мүмкүнчүлүк болгонуна топук кылганыбыз, ыраазы болгонубуз дурус болоор. Ушуга байланыштуу болгон бир окуяны айта кетейин.

Дубай шаарына чоӊ мекеме-уюмдун чакыруусу менен барып калдык. Чакырган жактын ɵкүлү Сыдык деген адам менен шаарды кыдырып таанышып жүрүп, деӊиз үстүндɵ салынган абдан кымбат чоӊ мейманкананын жанынан ɵтүп бара жатып, майып, кɵзү сокур бир адамды коляскага олтургузуп сүйрɵп баратканын кɵрүп, дароо токтоп ага карап саламдашты. Ал ɵтүп кеткенден кийин бизге кайрылып:
-Карагылачы мына бул адамга. Бул кишиге ата энелеринен мурас катарында жүз миллиондогон байлык калган. Ɵзүнүн байлыгы дагы абдан кɵп. Мына ушу кишиге; сага бутуӊду ордуна келтирип, эки кɵз берели, сен болгон байлыгыӊды бер десе жок дебейт эле, туурабы!? А биз болсок бардык мүчɵлɵрүбүз аман туруп Кудайдын бизге берген чексиз байлыгына шүгүрчүлүк кылабызбы? Буйруктарын аткарабызбы? Жок, биз болгон байлыгыбызга «Колдо бар алтындын баркы жок» болуп баа бере албашыбыз мүмкүн. – деп улутунуп алды.

Улуу Жараткандын буйруктарын аткарбаган, кɵрсɵткɵн туура жолу менен жашабаган адам, жашоо турмушунда ар түрлүү кырсыктарга кабылып, түрдүү кордуктарды башынан ɵткɵрүп жатканына маани бербей жашоосун ɵз билгенинче ɵткɵрɵ берет.
Чындыгында бардык мүчɵлɵрүбүз аман туруп, эки рекет намаз окуп Аллага шүгүрчүлүк айтып, анын буйруктарын аткарып жатабызбы? Жок. Тегерек четибизге кɵз жүгүртсɵк, акыл калчасак канча деген адамдар ушул эле убакта оору-сыркоонун азабынан тɵшɵктɵ жатып, багууда болуп, ɵзү тамактана албай жаткандар канча? Акыл-эстен адам сапатынан ажырап, үй-жайсыз ар кайсы жерде тентип жүргɵндɵрдү кɵрбɵй жүрɵбүзбү?

Бизге Кудай берген байлыкка ыраазы болуу менен бирге, Анын буйруктарын аткаруудан баш тартууга кандай баа берүүгɵ болот. Мүмкүн жалкоочулуктур? Кудай сактасын, эгер биз бир күнү бизге буюрган мүмкүнчүлүктɵн ажырап калсак, ɵкүнгɵнгɵ кеч болуп калбайбы?

Бул турмушта ишеним менен жашоо биздин жашап жана жасап жаткандарыбыз Улуу Жараткан кɵрсɵткɵн жолго туура келээрлигинин далили катарында каралышы керек. Адам болгондон кийин ар бирибизде татыктуу жашап бактылуу турмуш ɵтɵɵгɵ аракет болорунда күмɵн болбос. Ɵмүрүнүн маани-маӊыздуу болушун кɵздɵбɵгɵн, бактылуу болушун каалабаган адам жок экендиги талашсыз эмеспи. Кɵпчүлүгүбүз бакытка жетиш үчүн эмне кылыш керектигин жакшы билебиз, бирок ага жетүүнүн жолунун артынан түшүп аткарууга эркибиз жетишпейт. Колу-бутубуз кишенделип калгандай абалда болобуз. Кɵздɵгɵн максатка жетпей калсак ага чекит коюга ашыкпайлы. Артынан түшүп, жолун издейли. Ар бирибиз максатыбызга жетүүнүн аракетинде бололу. Ошондо гана ага сɵзсүз жетебиз.

Жашоодо эмне иш жасадык, эмне жараттык, ɵзүбүздɵн кийинкилерге эмне калтырдык, булардын баардыгы ойлондурчуу нерсе.
Кызматта иштеп жүргɵн учурда, кызматтагы адамдар мен муну жасадым, аны жасадым деп айта беришет. Бирок эмне жасаганыбызга бааны кɵпчүлүк эл бергени жакшы. Менин ɵзүмдүн баамымда ɵткɵн турмушка кɵз чаптырсам, кɵп нерсени жасаганга үлгүргɵн жокмун. Тийиштүү шарт дагы болгону жок. Турмуш деген улана берет экен. Азыркы жаш муундарга туура билим, тарбия, үлгү, насаат берилсе жасалбай калган иштерди улантып кетээр деп ойлоймун. Ыйман болбой жасалчуу иштердин жыйынтыгы дагы болбойт.
Ыйман, ынтымак, ак дил, ак ой, асыл максат болбой ийгилик дагы болбосун кɵӊүлүбүздɵн чыгарбайлы.

Жарык дүйнɵгɵ келгенден кийин, биз жашоо тарбиясын ата-энебизден, бала-бакчадан, мектептен, атайын орто жана жогорку окуу-жайлардан, ошондой эле жашаган чɵйрɵдɵн алабыз. Биз алып жаткан тарбия Алла Тааланын кɵрсɵткɵн жолуна, Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) жашоосуна окшойбу, же ɵз билгенибиздей жашоо турмушту ɵткɵзүп жатабызбы? Кеп мына ушунда!

Коомубуздагы ар бир инсандын, улуттун кызыкчылыгы үчүн болгон аракети ички ыйман сезими менен күчтүү болсо гана, анда анын руханий мансап дөөлөттөрүн бүткүл дүйнөгө таркатуунун түрдүү жолдорун издөөсүнө көмөк түзмөк. Мүмкүн ошондуктан ыйман маселесин балдарыбызды тарбиялоодо өзгөчө маани берип, бул баалуулукту кимге болсо дагы түшүндүрүүгө аракет жасасак жаман болбойт эле.
Ыйман, жашоодо биз ойлобогон жетишкендиктерге, ийгиликтерге жеткизет. Анын кандай учурда кандай шарттарда келгенин өзүбүз дагы сезбей, билбей калабыз. Ыйман жанга ырахат берет, жүрөгүбүздү нурлантып, рухубузду азыктандырат, зыяндуу нерселерден ажыроого мүмкүндүк берет.
Жакшы нерседен үмүт кылсак ички дүйнөбүздү тазалап, күмөн саноодон арылып, руханий байлыгыбызды арттырып, жашоодогу туруктуулукту калыптандырган күч пайда болоруна күбөө болобуз.

Жасаган ишибиз Алла Таала кɵрсɵткɵндɵй ак пейилден, ак дилден, кɵӊүл коюлуп аткарылса ал ɵзүбүзгɵ дагы , башкаларга дагы кубаныч, ырахат таруулайт.
Арам ойдон, арам иштен, арам деп аталган азыктардан алыс болуу, башкача айтканда мас кылуучу ичимдиктерди ичпɵɵ, баңги заттарга жолобоо, кумар ойноодон алыс болуу, ууру кылбоо, ушак сɵздɵрдү сүйлɵп, адамдардын арасында чыгымчылык жасабоо, бирɵɵнүн адал эмгеги менен тапкан акыларына кыянаттык кылбоо, сүткорлукка жол бербɵɵ, убадага бекем болуп, аманатты так аткаруу жана ушул сыяктуу жакшы жол жоболорду адам баласына аткарууга буюрулган.

Бул насааттарды аткарса бактылуу болоору, аткарбаса, кɵп жаман иштерге аралашса жашоодо убайым тартып, санаага баатып, түрдүү кордуктарга учураары дагы айтылган. Бул жашоо эрежелеринен кабары жок адам келген түйшүктɵрдү кырсык катарында кабыл алып жашоосун уланта берет. Булардын баардыгы Улуу Жараткандын бул жашоодо анын буйруктарын аткарбагандыгы үчүн жиберилген жазасы экендигине кɵӊүл бɵлбɵйт.

Бул дүйнɵнүн азап-кордуктары жашоо ɵмүр ɵткɵн соӊ токтойт. Бирок акыреттеги түбɵлүк ɵмүрдɵгү азап-кордуктардан кантип кутулабыз? Кеп мына ушунда! Улуу Жараткандын кɵрсɵткɵн жашоо эрежелерине туура келбеген иштерибизге ɵзүбүз жооп беребиз, ага эч ким жоопту эмес. Убактысы келгенде бул дүйнɵдɵ кылган кыӊыр иштерибиздин азабын тартууну алыстата албай кордукка дуушар болуп, жооп берүү мɵɵнɵтүн узартууга мүмкүн болбой калат.

Жашоодо бизге берилген аз убакытта, түбɵлүктүү акреттеги ахвалыбыздын камын көрүп жашасак, ал дүйнɵдɵгү тозок азабынан кутулууга мүмкүнчүлүк түзүлɵɵр беле деген үмүттɵн алыстабашабыз керек.

Мен дин багытындагы кɵп китептерди, пайгамбарлардын тарыхын, пайгамбарыбыздын ɵмүр баянын, курандын маани маӊыздарынын котормолорун ж.б. кɵптɵгɵн маалыматтарды бир канча ирет окуп чыгып, Алла Тааланын Ыйык Китебине жана Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) такталган сүннɵттɵрүнɵ таянып, жаман иштерди жакшыдан ажыратыш үчүн, баскан жолубузда тозок отуна дуушар кылуучу, Улуу Жараткандын бизге кɵрсɵткɵн жашоо эрежелерине каршы келүүчү арамзалык, мансапкорлук, адилетсиздик, кызганыч, кыянаттык, жалганчылык, кастык, куулук, зулумдук, ичитардык сыяктуу жалпы адам баласы үчүн залалы бар сапаттар менен бирге зыян тийгизүүчү жаман саналган иштердин кээ бирɵɵлɵрүнɵ токтоло кетейин.

Алардын кыскача түшүндүрмɵлɵрү тɵмɵндɵгүчɵ:

-Диндеш, дилдеш бир туугандарыӊа анын жаман иш кылып жатканын билип турсаӊ дагы, ага жаманчылык кылбагын. Мүмкүн ал кылып аткан иштеринин Алла Тааланын туура жолуна туура келбестигин, туура эмес жасаган иштерине кандай азап, жасалар болорун түшүнбɵй, билбей жаткандыр. Ошондуктан ага түшүндүрүп насаат айтсаӊ кабыл алаар.

Туугандарыӊдан, бир туугандарыӊдан кол үзбɵй катташып тур.
Пайгамбарыбыз ( ага Аллахтын салават-саламдары болсун) айтканы бар:

«Туугандарыӊыз менен мамиле жакшы болушу үчүн уругуӊуз менен тегиӊизди жакшылап билип алыӊыздар. Ɵзү жакын турганы менен мээримдүү, күйүмдүү болбосо, анын жакындыгынан пайда жок. Ɵзү ыраак турганы менен күйүмдүү, мээримдүү болсо, ыраактыгынын залалы жок».

Адамдарга жакшылык кылуу, туугандар менен жакын алакада болуп, ал-жай сурашып туруу – бул сообу бат тие турган кайырдуу иштерден экендигин жана кыямат күнүндɵ Алла Таала эки адамга назар салбаасын Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салават-саламдары болсун айткан. Биринчиси -тууган уруктан кол үзүп кеткен адамга; экинчиси – жаман коӊшуга.

– Жаман кылык жоруктарды, Жаратканга жакпаган жаман иштерди эл ичине таркатпагын. Жаман жүрүм турумдарды кɵрсɵтүүдɵн сак бол. Улуу Жараткан Куранда

«Ырасында, ушундаай момундардын ичинде чыгымчылык, жалаа таркалуусун жактыргандарга дүйнɵдɵ жана акыретте оорутуучу азап бар. Аллах –билет, силер –билбейсиӊер» (24: 19) –деп айткан.

– Жалган жалааларды жаап, тактыгын аныктабай, ушак таркатып күнɵɵсүз аялдарга ар түрдүү бирɵɵлɵр менен кɵӊүл табышып кетиптир деген ушактарды айтып абийирине шек келтирүү туура эмес. Аллах Таала айтты:

«Акыйкатта, абийрдүү, ак ниеттүү момун аялдарга жалаа жапкандар – бул дүйнɵдɵ да, акыретте да каргышка калышат. Албетте алар үчүн чоӊ азап бар». (24: 23)

– Ачык айтылган туура, түз жолдордон адыштыргандарга катуу жаза бар экенин, ошону менен бирге күнɵɵлɵрүн мойнуна алып, туура жолго түшкɵндɵрдүн абалы оӊолорун билели. Аллах Таала айтты:

«Чындыгында, биз ачык-айкын ɵкүмдɵрдү жана туура жолду Китепте (Куранда) адамдарга баян кылгынгандан кийин, аны жашыргандарга Аллах наалат айтат. Ошондой эле каргыш айтуучулар да (периштелер) аларды каргашат. Бирок тобо кылып, абалдарын оӊдогондордун жана (курандагы чындыкты) баян кылгандардын күнɵɵлɵрүн кечиремин жана Мен тоболорун кабыл кылуучу, Мээримдүүмүн». ( 2: 159-160)

– Бактылуу адам – бузукулуктан, кайраштыруудан оолак жүргɵн жана оор кайгыга сабыр кыла билген адам. «Сиздер адамдарды короо-короо мал, эсеби жок дүнүйɵӊɵр менен канааттандыра албайсыздар, балким жаркын маанай, жакшы пейлиӊиздер менен гана ыраазы кылышыӊыздар мүмкүн», -деп Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) айткан.

«Ошондой эле орозо, намаз жана садака берүүдɵн дагы ɵйдɵ турган амалдан кабар берейинби?! Ал арыздашкан эки кишини жараштырып коюу, ал эми бирɵɵлɵрдүн ортосун суутуп бузуп-жаруу дин кыргыны», – деген.

Негизсиз терс иштерге берилген адам, алардан арылмайынча жасаган соопту иштерин Алла Таала кабыл кылбашын Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) айтып кеткен.
– Ата эненин каргышына кабылуудан сактан, курмандык чалсаӊ, малыӊды Алла Тааланын ыраазычылыгын үмүт кылып сой. Биздин элде куран окутуп, түлɵɵ кылып жана башка жакшылыктарга мал союп Алла Тааланы унутуп койгон учурлар жок эмес. Бул чоӊ күнɵɵ. Мал сойгондо жакшылыкты Алла Тааладан сурансак туура болот.

– Жетекчилер калыс, элине ырайымдуу болушу керек. Берген убадаларын аткарууга милдеттүү. Кабыл алган чечимдери калыс акыйкатты кɵздɵгɵн чечим болушу зарыл. Муну жасабаган жетекчилерге Алла Тааланын, элдин, периштелердин каргышы тийээрин Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) айткан.

Ар нерсеге кɵз артпай, жашоо турмушта болгон нерсеге канимет кылып жашоо ж.б.у.с.
Кудай бизди жогоруда кɵрсɵтүлгɵндɵй жаман жолдорго түшүп, Алла Тааланын мээриминен, ыраазычлыгынан ажыратып, каргышына калтырып, тозок отуна дуушар кылуучу иштерден оолак кылсын!

Ар бирибиз Алла Тааланын мээримине жана ырайымына муктажбыз. Ансыз тозок отунан кутулуу мүмкүн эмес. Ошондуктан жасаган жаман иштерге ɵкүнүп, анын туура эместигин дилибиз менен кабыл алып, кайталабашка убада берип, туура жолго багыттансак Жараткандын ыраазычылыгына татыктуу болуп, күнөөбүз кечирилип тозок азабынан кутулушубуз мүмкүн.

Жараткандан суранаарым: Жараткандын көрсөткөн ак жолунан адаштырбай, андан башка колдоочу жок, ийгилик жок, өмүр да жок экенин билүүчүлөрдөн кылгын. Жаратканга жакса экен деген үмүттө жасаган иштерибизди, жакшы санаа ой тилектерибизди кабыл кылып, жакшылык ырайымдарынан насип кылса экен. Урпактарыбызды туура жолго түшүрүп, ыйман берип, өзүӊө моюн сунуучулардан кылып, ыйман келтирүүчү мусулмандардан кыла көргүн, моюн сунбай, наадандыктын жолунда, текеберлик кылуучулардан болуудан сактагын. Ыйман жолунда күмөн саноочулардан кылбагын. Бузукулук жаман ишти жасатып, акыретте зыян тартуучу адамдарга кошпогун!!

Жаратканыбыз биздин бата дубаларыбызды кабыл кылып, тилегибизди колдоп, даражабызды бийик кылып ыймандуу пенделерден болууну насип кылсын.
Бул дүйнө сынагынан ийгиликтүү өтүп Жараткандын ыраазылыгына жетишүү, адамдын алдына койгон эң биринчи максаты болушу керек. Ошондуктан бактылуу болгусу келген адам, жаман кулк-мүнөздөрүн, жосунсуз жоруктарды таштап, Улуу Жараткандын гана ыраазылыгына дал, ылайык келген сапаттарга ээ болуп, адамдык ариет, ар намысы менен өмүр сүрүүбүздү ар бирибизге насип кылсын.

Бул бɵлүмдү жыйынтыктап жатып, Алла Таалага шүгүрчүлүк келтирип, болгонуна канимет кылып Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) айтып кеткен сɵзү менен аяктаймын.

«Ɵлүмдɵн мурун тирүүчүлүгүӊдү, ооруп калуудан мурун саламаттыгыӊды, чолоосуздугуӊдан мурда бош убактыӊды, карылыгыӊдан мурун жаштыгыӊды, жакырчылыгыӊан мурун байлыгыӊды канимет деп бил».

Кабылбек Жумалиев

http://islam-kg.com/

The post Бактылуу болуунун эң жакшы жолу Ислам жолуна түшүү appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 26, 2015 at 01:06PM
Технологии Blogger.