Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Эне. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жашообузда ушундай бир учурлар келет жол таппай же чечим чыгаралбай,кайда,кимге кайрылууну билбей туңгуюукка камалган учурлар көп кездешет. Пенденин ушундай абалда ыйманын далилин Аллахка тобокел кылуу менен билдире алат.
Маида” сүрөсүнүн 23-аятында: “Эгер ыйманыңар бар болсо, Аллаху таалага таваккул кылгыла!”, …

“Али Имран” сүрөсүнүн 159-аятында: “Аллаху таала таваккул кылгандарды албетте сүйөт” – деп билдирилген.

“Талак” сүрөсүнүн 3-аятында: “Ким Аллаху таалага таваккул кылса Аллаху таала ага жетиштүү болот”, – деп билдирилген. …

Таваккул, б.а., тобокелчилик – бул жүрөктүн аткара турган иши, ал ыймандан пайда болот. Ыймандын да түрлөрү бар. Ал эми, таваккул эки нерсеге таянат. Алар таухидге ыйман келтирүү жана ырайымдуулук менен Аллахтын мээриминин чексиздигине ынануу. Таваккул жүрөктө таухидге жана Аллаху тааланын мээримдүүлүгүнүн чексиздигине ишенүү аркылуу пайда болот. Бул абал адамдын чын жүрөктөн өз өкүлүнө толук ишенүү жана аны менен көңүлүнө тынчтык берүү деген сөз. Мындай адам дүнүйө мүлкүнө таянбайт. Дүнүйөлүк иштеринин бузулуусуна убайымданбайт. Аллаху тааланын кайдан болсо да милдеттүү түрдө ырыскы жибере тургандыгына ишенет. ..

Салиха аялдын Аллахка болгон тобекели…

Куйөөсү өтүп кеткенден кийин жалгы салиха эне үч баласы менен үй- тиричилик иштери,балдарынын тарбиясы менен алышып,күндөрдүн кандай өтүп жатканында сезбей жашап келет. Айрыкча Аллах жолунда илим артынан түшкөн эне үчүн жашоо оңойго турган жок , баарына жетишүү үчүн күнүмдүк жашоосуна эреже түзүп алган. Баамдатка чейин сабак,намаз убагы,балдарын намазга ойготуш,эртең мененки тамака чейин аз болсо да балдарына тарбия берүү,мектепке,бакчага жөнөтүш . Андан кийин өзү сүйгөн илим алуу сабыгына чуркоо. Сабактан кийин балдары үйгө кайтканча тамагын даярдап,Эне болуп күтуп алыш,Ата болуп тиричилик гамын көрүү! Ушу ойлор,эрежелер менен алышып дарекке кандай жетип келгенин да билбей калды. Ой -пикири балдарында. Аларга алсыздыгын билдирбеш,оорлук түйшүктун кыйынчылыгын сездирбеш үчүн балдары кучагына чуркаган минуттарда башын тик тутуп,жүзүндө жылмаюу, мээрми менен күтүп алат.
-Энеке, келдиңизби?
– Энеке эмне алып келдиңиз?
-Мага шокалад алып келдиңизби?
Балдарынын чулдур -чулдурунан курсан болуп,машакаттарды сездирбеш үчүн кабагын “жылмаюу “маскасына ороп күйүү менен жооб берет. Анткени насип кылса келечек аалымдардын,илимдүү инсандардын, каарылардын -энеси деген наамга татыктуу болуш керек да! Көңүлдөрүн калтырып,жашоодон артка кайтыштарына эненин бир да хакысы жок! Өзүнө койсо, Аллахты жүрөгү менен тааныган балдарын жашоосун кубанычка толтуруп,үйдө олтуруп күтуп алып,колдон келишинче жакшы эне болуп берсе! Балдары менен кечки тамактануудан кийин:
-Кана, каары байкелер,дуба кылалы,Аллах сураган пендесин жакшы көрөт!-деп чогу дуба кылышат.Жакшына дубадан кийин сабакбөлмөсүнө кириб,жаншерги болгон дайыма күтүп алган, жыйылбаган жайнамаз үстүнө күчсүз жыгылды. Башын саждага койгончо Аллахка бар дардын төктү: “Аллахым! Угуучу,күч -кубат берүүчү -Өзүңсүң! Жер жүзүндөгү махулуктардын ырыскысын кемитбей Өзүң берүүчүсүң! Бизди жардамсыз таштап коюушуңа ишенбеймин! Мен алсызга жардам бер! Балдарыма ырыскаңдан жеткизе көр! Өзүң күбөсүң акыркы каражатымда иштетип болдум. Эч болбосо нанга да тыйыным калбады. Сен эч нерсеге муктаж эмес затсың,Өзүңдөн башкага муктаж кылба,эй Роббым! Өзүңө ишендим Өзүңө тобокел кылдым Роббым!
Көзжашы жайнамазга сызылып агып жатты,жүрөгү жарып өзүн жеңил сезип ордунан турду. Жана ар дайымкыдай жылмаюу менен бөлмөсүнөн чыгып,кечки балдардын сабагы менен шугулдана баштады. Ордуларынан жай алган “чурулдактар “үчүн бүгүнкү күн “Ясин “кыратын үйрөнү менен аяктады. Ар биринин жүздөрүнөн өөп бир саамга карап,келечектен көөптү күткөн байкуш эне жарыкты өчүрүп, кайра эле жүрөгүнө күч -кубат бере турган бөлөмөсүнө кирди. Негедир башына сабакта кирбеди,көңүлүнө эч нерсе сыкпай,оң тарабындагы дарддашы,сырдашы,канча жылдык жашоосуна күбө сүйүктүү жайнамазы өзүнө чакыргандай болуп жатты. Бешенесин сажадага коюуп, Жараткандан көп үмүттөр менен дуба -тилектерди кылып,убакыттын өткөнүн да сезбей уктап кетет. Таңда азанды үнү угулуп эне ордунан туруп,дааратын алып баамдат намазын канчалык ыклас менен окууга аракет кылса да түшүндө угулган куран айтты ойунан кетпей койду,кайта -кайта кайталанаберди.

“Эгер алар сенден жүз үйүрсө: “Мага Аллах жетиштүү. Андан башка Кудай жок.Ага тообекел кылдым (Ага таяндым Андан гана жардам тиледим) .Ал -Улуу Арштын Кожоюуну ! “-деп айт.

Куранды толук жатабаган себеп аяттын уландысын канча урунса да эч эстей албады. Балкайлар ойгонуп бакчага,мектепке жөнөй турган убакта болуп калды. Жуунтуруп,кийинтип жатты, жүрөгүн ооруткан суроо кичинекейинин тилиден чыкты: “Энеке.,чай ичпедик-го? Нан жеймин “деп тызылдап жатты. Байкуш эне эмне кыларын билбей эч болбосо балдар чай ичишсин деп бир чыныдан ыссык чай ичлиди. Ага чейин сумкаларын, шкаф,китеп сүртмөлөрүн эмнедир чыгып кала тургандай тыткылай баштады. Үч дана кередит карточкасы менен чыгып келди. Экөсү кайдан келгенин билбеди. Бирөсүн мурда иштеткен болчу, 2-3 айда бери бекилип иштебей жаткан болчу. Ичиден эч болбосо жүз,экижүз сом нанга акча чыгып калса деп чөнтөгүнө салып алды.
Кенжетайы: “Энеке,нан жегим келип жатат! ” деген сөзү: “Жолдон биринчи чыккан дүкөндөн алып беремин ин ша Аллах! ” деп жооп берди да бүтүн жүрөгү жылып Аллахтан үмүт кылып жолго түштү.
Эрте болгондуктан дүкөндөр жабык болуп жатты.
“Энеке, тиги дүкөн ачык экен “. Кичкинтай колу менен көрсөтүп ошол тарапка чуркай жөнөдү.
“Апаке пече да алыңыз! ” деп эч нерседен кабары жок кичинекей чурулдап жатты.
“Аллах, эч болбосо жүз сом чыкса ыраазымын,жардам бер! ” деп ичинен күбүрөнүп дүкөнгө кирди.
Салам берди да:
-Печенье канча турат? -деп сурады.
-150 сом..
“Бисмиллах “деп кубүрөп алды да ишенимдүү:
-Ушул кередит карочканы текшерип бериңиз. Жетсе, печенье да аламын! -деп колундагы карточкалардын бирини таваккул кылып сатуучуга узатты. “Код сандарын сураса, эмне деймин? Мурдакы иштетилген кодорду айтып көрөмун. Кана эми дал түшүп калса?! ” -деп ойлонуп жатты.
-Коду?
– Төртө деди..
“Жүрөгү дүкүлдөп,коду туура эмес окшойт. Йа, Аллахым,жардам бер! Эч болбосо нанга жете турган акча болуп калсынчы …Сатуучу карточкан аныкташ үчүн узатты. Ахыргы үмүтү менен кагазга карады го,тизелери калтырап ,жерге жыгылышына аз калды. Жок,жок алсыздыктан эмес,үмүтсүздүктөн да эмес…
Балким жүрөгүндө Аллага болгон ишеничи, тобекели Аллахттан сыйлык болуп кайтканынан! Ушу бир кичинекей кагаз анын ишеничи,үмүдү, дубалары бекер кетпегенин көрсөтүп турду! Кана эми, ар тарабында эч ким болбосо го,саждага жыгылып,тоюуп, тоюуп ыйласа, Аллахка чарчап калганча шүкүр айтса! Аллах Таала Өз кудуретин көрсөткөн эле! Колундагы кичинекей кагазда ушу жазуу бар эле :
5000 ..
Түшүндө угулган аят эсине түштү:

“Эгер алар сенден жүз үйүрсө: “Мага Аллах жетиштүү. Андан башка Кудай жок.Ага тообекел кылдым (Ага таяндым Андан гана жардам тиледим) .Ал -Улуу Арштын Кожоюуну ! “-деп айт.”(Тавба 129)..

Калган сөздү салиха эненин өзүнөн угабыз:
“Ошол күнү перзенттерим киинекей болушуна карабай тобекелдин эмне экенин жаш жүрөктөрү менен сезиштилер. Мен болсо карточкамда ушунча акча кандай пайда болгонун дагы эле түшүнбөймүн. Карточкамдагы акча түгөгөндөн кийин бир да иштеткен эмес элем. Азырда иштебейт. Бирок бир нерсени өтө жакшы билемин жана ыйман келтиремин: Аллах өтө жакын,угуучу -Ага байланган, тобекел кылган жүрөктөрдү эч качан таштап койбойт ! “Шүкүр Алхамдулиллах!

Ошон үчүн бир гана Кудуреттүү жана бардык күчтүн ээси болгон Аллахка гана таяналы,бардык.кыйынчылыктан куткаруучу жалгыз Өзү,ал эми урааның ушул сөз болсун: «Бизге Аллах жетиштүү ал эң жакшы колдоочу »,
эгерде мал -мүлкүң азайып карызың көбөйсө, кирешелериң тотоп жумушуң жүрбөй калса анда: «Аллах жетиштүү.Ал эң жакшы колдоочу»деп чакыргын.
Эгерде кандайдыр душмандан коркунуч болсо же заалым.инсандан коркунуч келсе, же болбосо бир кырсыкка кабылсаң анда: «бизге Аллах жетиштүү Ал эң жакшы колдоочу» деп чакыргын.
«Роббиңдин жетекчилиги жана жардамы жетиштүү». (25:31).
Баарын Билүүчү,баарын Угуучу,барын Көрүүчү ,баарын Сезүүчү,баарын Берүүчү,баарын Алуучу,баарын Чечүүчү АЛЛАХ болгондон кийин дагы сен кимге кайрыласың?!

Хадисте: “Аллаху таалага толук таваккул кылсаңар, куштарга ырыскы бергени сыяктуу силерге дагы жиберер эле. Куштар таң эртең ачка чыгышат. Кечинде болсо тоюп кайтышат”, – деп билдирилген. …

Запись ТОБОКЕЛ КЫЛУУЧУ- АЛЛАХТЫН СҮЙҮКТҮҮ ПЕНДЕСИ.. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жараткан аялдардын даражасын бийик кылган. Анткени от менен чоктун ортосунда, бул жарыкчылык менен аркы дүйнөнүн ортосунда туруп төрөйсүң. Кудайга жалынып, жетимиш тамырың сыздап баланы дүйнөгө алып келесиң. Бул учурда периштелер курчап, аалам сага жылмайып турат дейт. Эң бир ыйык болгон энелик милдетти өтөөнүн биринчи мүнөттөрү ушинтип башталат. Баркырай колуңа келген наристеңди кучактап, эмчегиңден сүтүң диркиреп, дилиң жумшарып, өткөн өмүрүңдүн жаманы да, жакшысы да унутулуп, дүйнө кичинекейдин уучунда тургандай сезилет.

Эне болуу – аялдардын энчисине туш келген бакыт! Мен энеликти ушинтип түшүнөм. Эне болуудан качпагылачы, аялдар! Энелер, эки ийиниңерден кыйынчылык басып турса да, кыямат кайым жакындап келе жатат десе да, эртеңки күнүңөр белгисиз болуп, жарыктын нуру өчүп, туюктан тырмалап чыга албай калсаңар да апа болуудан качпагылачы!

Азыр заман кайдигерликке, мерездикке, катуулукка үйрөтүп, аялдардын жумшак мүнөзүн темирге айлантып, аялдык, энелик милдетин аздан унуттуруп бараткандай. Бирок кыйынчылыктын аркасында баары бир жакшылык, кайгынын артында кубаныч бар эмеспи. Эртең эле бүркөк асман чайыттай ачылып, үмүттүн шооласы төгүлөт. Баары артта калат. Эртең башка күн болот! Ал мындан да жарык, мындан да нурлуу болот…

Андыктан АПА болуудан баш тартпагылачы!

Запись Эне болуудан качпагылачы!!! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жакында мындай окуя уктум. Мурдараак Сауд Аравияда эки бир тууган бири-бирин сотко берет. Алар энесин меникинде жашайт деп өз ара  бөлүшө албай атыптыр. Кичүү уулу башка шаарда окууда жүргөндө улуу баласы аны бир нече жыл багып келген экен. А кичүү уулу окуудан келгенде апасын өз үйүнө алып кетем дептир. А улуусу бергиси келбейт, Бейиштин эшигин кантип бермек элем деп…
Энесине өзүң танда дептир. Бирок, ал да эки уулунун бирин тандай албаптыр. Сот кичүү уулунукунда жашасын деп чечиптир.  Эки уулунун үйү бир эле шаарда экенине карабай, улуу уулу көз жашын төгүп энесин узатыптыр…

Запись Бейиштин эшигин кантип бермек элем… впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

Бала төрөлгөнгө чейин болочок эне өзүн кандай алып жүрүү керектиги тууралуу айтылып өттү. Эми бала төрөлгөндөн кийин ата-эне кандай иштерди аткаруусу керек. Мына ушуга учкай токтолобуз.

1. Исламда бала төрөлгөндөн соң ата-энеге милдет болгон биринчи амал – анын кулагына азан чакыруу. Азан чакырууда баланын оң кулагына азан, сол кулагына коомат айтылат. Бул амал баланын эң биринчи уккан сөзү Алланын аты болуусу үчүн аткарылат. Демек, өз убагында кулагына азан айтылбай калган балдарга кийин чоңоюп калганда азан айтуунун кажети жок. Ошондой эле ат коюу менен азан чакыруунун бири-бирине байланышы жок. Болгону азан чакыргандан кийин балага ат коюлгандыктан, “азан чакырып, ат коюу” деген каада сакталып калган. Кээ бир аалымдар төрөлгөн баланын кулагына айтылган азан, анын жаназасына тиешелүү деп айтышкан. Бул “төрөлгөн жандын өлмөгү бар” деген маанини туюндурат. Б.а. төрөлгөн адам эртедир-кечтир өлөт, анын өмүрү азан менен намаздын ортосундай аз гана мөөнөт.

2. Ата-эне балага жакшы ат коюусу керек. Анткени, адамдын ысымы аны менен өлгөнгө чейин чогуу болот. Анын жашоо-турмушуна да таасирин тийгизүүсү мүмкүн. Ошондой эле Кыяматта ар бир адам ысымы менен чакырылат. Ошондуктан балага ат койгон мезгилде Аллага жага турган, шариятка туура келе турган аттарды тандоо керек. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): “Ысымдардын жакшысы – Абду (кул) деген сөз менен башталган аттар” – деп айткан. Дагы бир хадисте “Ысымдардын жакшысы – Абдулла, Абдурахман сыяктуу ысымдар” – деп айтылган. Мындан сырткары эл арасында кеңири тараган кулакка уккулуктуу, жакшы маанидеги аттарды да коюуга болот. Мындай аттарды кийин өзгөртүүнүн да кажети жок. Каапыр, динсиз адамдардын ысымы, же шариятка туура келбеген ысымдар коюлуп калса гана аны өзгөртүү керек.

3. Ымыркайдын чачын алып, анын салмагындай алтынды, же анын баасын садака кылуу керек. Бул садака баланын ар кандай жамандыктардан сак болуусуна себеп болот деген айтымдар бар.

4. Наристе уул болсо эки, кыз болсо бир кой союп жентек той берүү керек. Бул амалды бала төрөлгөндөн жети, он төрт, же жыйырма бир күн өткөндөн кийин аткаруу сүннөткө ылайык болот.

5. Эркек баланы чоңоюп кеткенге чейин сүннөткө олтургузуу керек.

6. Эне баланы эки жыл эмизүүсү керек. Эненин сүтү бала үчүн табылгыс азык жана дары болот. Эне сүтүн эмген баланын энеге мээрими болот. Энесине мээримсиз болгон балдардын көбү эне сүтүн толук кандуу эмген эмес. Ошондуктан эне өз мээримин балага сүт аркылуу өткөрүүсү керек.

Токон Жээнмырзаева,

(Уландысы бар)

Запись Болочок энеге болумдуу насаат(2-бөлүм) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ойлон Эркек! Аял заты сен үчүн ким?
Аял -бул сени тогуз ай курсагында көтөрүп жарыктыкка келүүңө себепчи болгон Апаң!
-Аял -бул бир бооруң болгон, кеңешин берген Карындашың же Эжең!
Аял -бул түбөлүк жаныңда,колдоочу капа болсоң көңүлдү көтөрүп,курсан болсоң бирге бөлүшүп,сенин келечекте тукумуңду уулап берүүчү балдарды төрөп берген Жубайың!
Аял -бул мээрими менен апасынын жардамчысы, кайда болбосун сурап, кабар алып тура турган айдай болгон Кызың!
Бул сөздөрдү эмне үчүн айтып жатабыз. Анткени азыркы күндөрдө мусулман болуп туруп исламдагы эң баалуулуктардын бири болгон аялзатынын ордун билбей, аялына кол көтөргөн “үйдө баатыр, жоодо жок ” ,аялынын көзүнө чөп салган эргулдарга бир аз болсо да сабак болуп калса деген максатта! Туура бардык эле эркектер мындай дештен алысбыз сөз ээсин табат,турмуш өзү көрсөтүп турат ….
Аялдын орду үйбүлөөдө болсун, турмушта болсун өтө жогору турат. Алар деген силер үчүн өз үй -бүлөөсүн ,чоңойтуп эрежеге жеткизген ата -энеси,баарын бирге ойноп, биргеликте бөлүп жеген бир боорлорунан кечип, тааныбаган, билбеген башка бир кичинекей үй -бүлөөлө деген мамлекетке сага таянып,ишенип түбөлүк турмуш эшигин ачып кадам таштап,сага жөлөнгөн абалда келет… “Алгычам алтыным алгандан кийин катыным “деп өзүм билемдике салып, кээ бир агалар кызганууну чегинен ашырып,же атың өчкүр аракты ичип алып,мышыкты карап койсо да эч себепсиз сабап кордогону канча. “А эмне болду “-десе алардын дилили да даяр куран,хадиске таянып сабаганга уруксат бар деп.
Бул тууралуу Аллах таала мындай деген:
«Аллах бирөөлөрдү экинчилерден артык кылгандыгы жана (ошолор) өз мүлкүнөн аларга (аялдарга) сарпташкандыктары себептүү эркектер аялдардын кожойуну. (Ал эми) Аллахка моюн сунган (аял) бул -күйөөсүнө баш ийген жана күйөөсү жокто Аллахтын коргосунда өз абийирин сактаган аялдар. Силерге баш ийбей коюудан корккон аялдарыңарга адегенде насыят айткыла! (Ага болбосо анда) төшөгүн бөлүп койгула! (Ага да оңолбосо,акырын сыйпай) ургула! Эгер алар силерге моюн сунуп,оңолушса, анда аларга каршы (аларды кордогонун) жолдорун издебегиле! Акыйкатта,Аллах -Өтө Бийик,Абдан Улуук! »(Ниса; 34)
Бул аятта Аллах Таала качан аялыңар силерди укпай, туура эмес иштерге барып жатса анда аларды тарбиялагыла деп эскертип жатат.
Аялдарды тарбиялоодо биринчи баскыч: Мында шариятты түшүндүрүп такыба болуусуна жылуу-жумшак эскертет..
Экинчи баскыч: Айтканга көнбөй мурункусун кайталай берсе анда төшөгүн бөлүп өзүнчө жаткырып коёт.
Үчүнчү баскыч: Айтканына да төшөгүн бөлсө да түшүнбөй кылганын уланта берсе ,жүзүнөн башка жерине акырын сөөмөйүн тийгизип,жеңил желпи опузалап урат. Бул дегени муштуму же буту менен тепкилеп дегени жок”СӨӨМӨЙҮ ” менен жеңил эскерт деп айтылып жатат. Бул күйөөсүн сөзүн укпаган аялдарга,а биздикилер үйдө баарын кылып жууп -жыйып,балдарын карап олтурса эч себепсиз сабап салат.

Ойлончу Эркек! Сен сабаган аял бирөөнүн көзүнүн карегиндей бапестеп баккан, убагы келип сен зөөкүргө аманат деп тапшырган ата -энесинин алтындай кызы болот!

Ойлон Эркек! Сен сабасаң сенин карындашың же эжеңди же кызыңды да бир сага окшогон зөөкүр жөндөн -жөн сабашын каалайт белең!
Жок албетте дээр элең! Сенин аларга кандай жаның күйсө аялыңда башкалар үчүн ошондой!
Билип кой кызган бирок чеги менен, кайсы нерсе болбосун чектен ашса динбизде арам болот,а арам чоң күнөө,чоң күнөөнүн жазасы тозок болот!
Аллах алдында аял затынын зомбулуктан аккан көз жашынын бир тамчысы болсо да суралат муну эч качан унутпа!

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Бактылуулук төрт нерседе: ыймандуу аял, кенен турак жай, жакшы кошуна жана татыктуу улоо “- деп айткан. Мына ушул адам баласына эң зарыл болгон төрт нерсенин биринчиси – ыймандуу аял.
Аллах Таала Куранда минтип айтат: “Анын белгилеринен – алар менен тынчтанууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып, араңарга сүйүү жана ырайымдуулук берип койду. Чындыгында бул нерселерде акылын иштеткендер үчүн чоң белгилер бар”.Аятта Аллах Таала “Алар менен тынчтанып жашооңор үчүн” деп айтып жатат. Демек, эркек аялга үйлөнгөндөн кийин жашоосун аны менен бирге тынчтыкта өткөрүүсү керек. Мурда көздөрүң көбүн караган болсо эми бир аялыңды карайсың ,ал кандай болбосун түбөлүк өмүрлүк жарың. Эки -үч балалуу болгондон кийин кээ бир эркектер аялын көзүнө чөп салат. “А эмне болду, андан көрбөгөн жылуулук,сулуулукту башкадан көрүп жатам “деп жооп берет. Сен билбейсиң ошо жылуулук берген аял ал бир байкушту сыздатып жүрөгүнүн. Жашыруун ойноштук кылуу зына, а зына чоң күнөөлөрдөн, чоң күнөөнүн жазасы күйүп турган от болот! Чындыгында жаштар ортосунда сүйүү башында болот андан кийин балдарына өтөт. Ал сага көңүл буралбай, жакшы өзүнө карай албай жаткан болсо, ошо сенин балдарыңды чоңойтом,ичиртем, кийинтем деп жүдөп ошол абалга келген. Аны түшүнүү менен кабыл алуу керек. Аллах Таалам сага өмүрдү,ата-энени, аялды,бала -кыздарыңды аманат катары бергенин эч качан унутпа! Аллах алдында баарына жооп бере турган күн келет!

Му ‘авия бин Хайданын (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат.
«(Бир жолу) мен сурадым: «О,Аллахтын Элчиси биздин ар бирибиздин аялдарыбыздын бизде (күйөө катары) кандай акылары бар? »Ал мындай деди: “Эгер өзүң тамактансаң, аны да тамактандырууга, эгер сен кийинсең аны да кийиндирүүгө миледеттүүсүң, жана анын урууга,ага ыплас сөздөрдүү айтууга,эгер үйдө болбосоң андан тескери бурулуп (жүз үйрүп) кетүүгө акың жок! »(Абу Дауд)

Үй -бүлөөнүн сакталып калуусу үчүн, бекем,сүйүү, мээрим,туруктуулук менен жашоону Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллох алейхи васаллам) дан үлгү алып жашайлы.Ал эми чыныгы б.а. өмүрдөн өтүп кеткенге чейин сакталган сүйүүнү Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жашоосунан гана таба алабыз. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Хадича энебизге үйлөнгөн күндөн баштап, Хадича энебиз бул дүйнөдөн өтүп кеткенге чейин ага болгон сүйүүсүн таза бойдон сактаган. Ал эмес Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сүйүүсү Хадича энебиз өтүп кеткенден кийин да сакталып кала берди. Хадича энебиз кайтыш болгондон бир жылдан кийин, сахаба аялдардын бири Пайгамбарыбызга келип: “Эми үйлөнүп албайсыңбы? ” – деп айтканда, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ыйлап: “Хадичадан кийин да Хадичадай аял болмок беле?” – деп баш тартат. Эгер, Аллах Таала дин таралуусу үчүн Пайгамбарыбызды үйлөнүүгө буюрбаганда, ал Хадича энебизден кийин үйлөнбөстөн өтүп кетмек. Мекке шаары мусулмандардын колуна өтүп, адамдардын баары Пайгамбарыбыздын жанына чогулуп, душмандардын баары кечирим сурап, анын айланасына топтолуп жаткан мезгилде, Пайгамбарыбыз алардын баарын калтырып, алыста турган кемпирдин жанына барып, анын алдына чепкенин салып, аны менен бир топко сүйлөшүп отуруп калат. Кийин, Айша энебиз ал кемпирдин ким экендигин сураганда, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Ал Хадичанын досу болчу, экөөбүз Хадича тууралуу сүйлөшүп калдык” – деп айтат. Ошондо кызганган Айша энебиз: “Качан эле топурак астында калган кемпир тууралуу ойлой бересиңби, Аллах сага андан жакшысын бербедиби?” – дейт. Пайгамбарыбыз: “Аллахка касам, адамдар мени куушканда, ал мага жөлөк болгон. Адамдар мени жалганчы дешкенде, ал мага ишенген” – деп, жооп берет. Пайгамбарыбыздын ачууланганын байкап калган Айша энебиз: “Оо, Аллахтын элчиси, мен үчүн Аллахтан кечирим тиле” – деп суранат. – “Сен Хадичага кечирим сура, мен сага кечирим сураймын” – деп жооп берет Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун). Айша энебиз айтат: “Аллахтын элчиси Хадичаны абдан көп эстейт эле. Эгер кой союлуп калса, анын бир мүчөсүн Хадичанын досторуна алып барып берчү. “Хадича менин балдарымдын энеси, адамдар мага душман болгондо, ал мага дос болгон, адамдар мени жалганчы дешкенде, ал мени чынчыл деген, ал мага малы менен жардам берген” – деп көп айтчу.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Хадича энебизге болгон сүйүүсүн ушундай амалдары менен ар дайым сактап келген. Хадича энебиздин ар бир сөзүн, ар бир кыймылын эсинен чыгарган эмес. Бир жолу Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) үйдө отурганда эшикти кимдир бирөө тыкылдатып калат. Сүйүнүп кеткен Пайгамбарыбыз: “Карагылачы, бул Хадичанын эжеси Хаала болуп жүрбөсүн” – дейт. Эшикти ачышса чындап эле ал Хадича энебиздин эжеси Хаала экен. Айша энебиз аны кантип билгендигин сураганда, Пайгамбарыбыз: “Ал эшикти Хадичага окшош тыкылдатат экен” – деп жооп берди. Азыркы учурдагы аялынын жанынан бир карыш алыстаганда аны унутуп калган эркектер үчүн мындан өткөн сабак жок.

Эмне үчүн азыркы күндө бактысыз ,бузулган,ажырашкан, балдардын жетим калуусу көп катталууда. Бул көрүнүштөргө ким күнөөлүү! Ойлонуп көрөлү,балким тарбияны ар ким өзүнөн баштасын,ыймандуулукту сыртыбызга эле чаптап албай,ичибизге да орнотоорбуз, Аллах алдындагы жооперчиликти билип, Сүйүктүү Пайнагбарыбыз (саллаллоху алейхи саллам) дын көрсөткөн жолу, сүннөттөрү менен жашообузга үлгү алып жашасак мындай өкүнүчтөр,аялдарыбыздын көз жаштары,жалдырган жетим балдарыбыз, кейиген ата-энелербиз аз болмок беле!

Аллах Таалам эркек менен аялды бири -бирине кийим сыяктуу кылып жараткан соң,башканын кийимин кийбей,кийимибизди башкасына кийгизбей. Беш күндүк жашоодо ар ким алган жубайын,аялы күйөөсүн кадырына жетип,сый -урматта,сүйүү, ырайым,мээрим менен бала-чака,ата -эне менен түбөлүк бактылуулукта жашаганга эмне жетсин!

Бактылуу болуңуздар!

Запись Аялдын ар бир аккан тамчы көз жашына Аллах алдында жооп бересиң впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ааламдардын тарбиячысы Алла Таалага мактоо болсун. Алланын аяны менен бүт адамзатка адам болуу тарбиясын берип өткөн Мухаммад пайгамбарыбызга салам-дубалар болсун.

Учурдагы ар түрдүү көйгөйлүү маселелерди көрүп олтуруп, булардын негизги себеби тарбиянын бузулгандыгы экенин баамдадым. Тарбиянын башаты үй, ал эми үйдүн түркүгү аял заты. Ошондуктан айтылат. Эне кандай болсо, бала ошондой тарбия алат. Ал үчүн эне өзүн-өзү оңдоосу керек. Эне ыйман жолунда болсо, бала да ыймандуу болот. Аял заты туура жолдон адашкан коомчулукту душман оңой багынтат. Мындай эл жамандыкка көп учурайт. Анткени, башкаларды оңдоо аял затынын колунда. А башкалар аял затын оңдой албайт. Бир макалда “Аялдар туз сыяктуу. Аны менен бузулган тамактын баарын даамына келтирүүгө болот. Ал эми туз бузулса, аны эч нерсе менен даамына келтире албайсың” деп айтылат. Аял заты Алла көрсөткөн тартип менен жашап, Куран жана хадисте көрсөтүлгөн жолдон чыкпаса гана оңоло алат. Өзү оңолгон эне балага татыктуу тарбия берет. Эми суроо туулат, балага тарбияны кайсы учурдан баштап берүү зарыл?

Тарбия берүүдө ийгиликке жетүүнү каалаган эне тарбияны бала төрөлө электе баштоосу керек. Эмесе энелерге алгачкы насаат, боюнда бар энелер төмөнкү иштерди аткаруусу зарыл.

1. Эне көбүрөөк Куран окуш керек. Эгер окуй албаса окулган Куранды угуусу зарыл. Курсактагы бала эне эмнени укса ошону кабыл алат. Бул келечекте баланын акылдуу, зээндүү болуусуна шарт түзөт.

2. Эне намаз окуп, жана башка ибадаттарды аткаруусу керек. Ибадат кылганда адамдын жан дүйнөсү эс алат. Мына ушул учурда курсактагы бала да эс алып, жакшы жетилет.

3. Эне өзүн оор басырыктуу алып жүрүүгө тийиш. Боюнда бар кезде эч ким менен урушууга болбойт. (Негизи эле урушуу туура эмес, жаман адат). Эне канчалык тынчтыкта жашаса, бала да ошончолук тынч, оор басырыктуу болот.

4. Болочок ата менен эненин ортосунда бири-бирине мээрим төгүлүп туруусу керек. Айрыкча эне башкалардан жакшы сөздү гана угуусу кажет.

5. Эне таза эмес (арам) тамактардан өзүн сактоосу керек. Эне эмне менен тамактанса, бала ошону менен азыктанат. Арам тамактар али төрөлө элек баланын канын бузуп, анын ден-соолугуна зыянын тийгизет.

6. Арак, тамеки сыяктуулардын жанына жолобоосу кажет.

7. Эне ар дайым курсагындагы балага тирүү адамга кайрылгандай кайрылып, ага жакшы сөздөрдү айтып туруусу зарыл. Мына ушул сыяктуу жакшы иштер менен алектенген эне төрөлө элек баласына жакшы тарбия берип жатам деп ишенсе болот. Ал эми бала төрөлгөндөн баштап эмне кылуу керек? Бул туурасында анан кеп кылабыз.

Токон Жээнмырзаева,

(Уландысы бар)

Запись БОЛОЧОК ЭНЕГЕ БОЛУМДУУ НАСААТ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

Өмүрүндө мындай жалган сөз уккан эмес эле. Эски досторунун чучукка жеткен суук сөздөрүнө көзүн кылгыртып келе жатты. Бул кичинекей айылда ошол достору менен далай ирет шапар тээп, ойду-тоону койбой кыдырып, энеси сатып берген машине менен ойноп-күлүп, барбаган жери калбады эле го. Ал кезде ким эмнеге алчу эле мындай машинени? Эч ким. Ким минтип күндө шапар тээп, ойноп-күлчү эле? Эч ким. Ошол достору жанынан бир тыйын кошчу беле? Жок, ичип-жеп ойноп-күлгөнүнө кайыл, жаштыкка, байлыкка мас болгон бир учур өткөн экен. Эми карачы, ошол достору кайра минтип, жылаңач-жыртык калганда өзүн кемсинтип, корсунтуп “Кебетеңди карачы”-деп, бирин-бири шыкактап, шылдыңдашат. Кантип ыйлабайт?! Бул биринчи эле жолу дейсиңби! Жок, мындай сөздөргө бышыкулак болуп калган. Бирок… бирок, бүгүнкү өтө эле…

Келип, короодон ичке кирип жатып, байкабай босогону тээп алып, колу менен жер таяна барып, бети менен кулап, бозала болуп тура калды. Бекиш калчылдап, муштумдарын түйүп, адам болсо жеп жиберчүдөй ызырына аттап жетип, жаман өтүгүнүн такасы менен босогону тепкилеп: “Жадагалса, өз босогом да, өз үйүм да каршы мага! Мына, мен үчүн бул жашоодо орун калган эмес экен да!”- деп бышактап ыйлап, колунун ооруганына карабай, дарбазаны муштагылап, үйүнө кире түнөдү.

Эрке өскөн Бекиш бала мүнөз болуп, чоңойгондо да ар кимден таяк жеп, энесине ыйлап келгенин койгон эмес эле. Бала кыялы дагы кармап, эми деле кээде үңкүлдөп ыйлай берет. Мыкты урам деп балка менен колун уруп алганда, Кудайга үнү жетип сыздады го, чиркин! Ачуусу келип казан-аякты талкалап, сынганы сынган боюнча, ошондон бери турат. Какаганга-муштаган болуп, энеси тирүү кезинде үйлөнтүп койгон аялы да кетип калган. Азыр ээн үйдө жалгыз калды. “Туруп оокат кылайын, там-ташты, короо-жайды оңдоюн”- деген эзели оюна да келбейт. Турган үйүнүн сүрү качып, алыстан көзгө сомсоо көрүнүп, кишинин киргиси да келбейт. Терезенин айнектери сынып, дубалдын кээ бир жеринде шыбагы түшүп калган, карала болуп. Ал гана эмес, үстү түшүп, кыйшайып калган үйдүн каалгасын оңдоп-түздөп убара болбой, көтөрүп ачкандан эринип, эңкейип кирип-чыгып жүрө берет.

Ошол баягы адаты, үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы болуп, бир жаздыкка бетин коюп, үңүлдөп жатты. Оюнда энесинин айткан насааттары, урушуп-тилдеп сүйлөгөндөрү.

“Кылчайып, оокат кылганга үйрөтө албадым го сени. Дүйнөнүн баркын билбей, кашыктап жыйнаганымды чөмүчтөп чачып, жедеп, менин өлүмүмдү тилеп калдыңбы, акмагым!!! Шордуум!!!”- деп далай жолу энеси буркурап, кээде кармана албай буркан-шаркан түшүп урушаар эле. Жалгыз уулум деп канаттууга кактырбай бапестеп жүрүп, өтө эле эрке өстүрүп алганына, эми ошол эркелиги өз башына таяк болуп тиерин ойлоп, ыйлаар эле. Баласы, эркелиги аз келгенсип, “Төө десе , бээ”- деген аңкоо, түшүнбөс, кеп жебес неме эле. Ушунун баарын ойлоп келип, байкуш эне өлөөрүндө: “Ай акмак! Бери кара. Мындан ары маңдайыңда сайраган мен жок. Ай дээр ажо , кой дээр кожо жок. Оромпой тээп жыргаарсың. Мен өлгөндө бул жыйган-терген дүйнөнүн аягына чыгып, ичип-жеп, баркыңды билбей, тебелеп-тепсеген, шарактаган, көпкөлөң досторуң сени кор кылар. Сен таалайсыздын багына жалаң ушундай жатып ичер шүмшүктөр туш келип калганын карасаң. Ошондо билерсиң энеңдин баркын, байлыктын баркын, азыр сайраныңды курсаң. Эртең эле жылаңач-жыртык калып, бул дүйнөгө батпай кор болорсуң, эси жогум!!! “- деп, эне байкуш, уулунун кийинкисин көрө билип, буркурап ыйлаган бир маалда. Оюна сандаган санаа, баласынын самтырап турганы келип, жанында отурган Бекишти колдон кармап булкуп: “Ук! Ушуга чейин айткандарым кулагыңа кирген жок, акыркы сөзүм, ушуну ук. Жедеп бул дүйнөгө батпай кор болгондо, сенделип тирүү-өлүк болуп жүргөнчө кепедеги жыгач-туткага барып, асынып өл! Уктуңбу? Уктуңбу дейм?!”- деген.
Бекиш энесинин өлөрүндөгү ушул сөздөрүн эстеди. Акырын башын көтөрүп арканды карады. Кирдеген жеңи менен көзүн аарчып, арканды алып кепеге барды. Ыш жыттанган тар кепеде эски, майда-барат оокаттар бар эле. Ызасы дале тарабай, бурчта турган жаман отургучту жерге коюп, үстүнө чыгып, жыгач туткага аркандын бир учун байлап, чактап, экинчи жагына илмек жасап, мойнуна илди. Эки колу менен көзүнүн жашын аарчып: “Эне!… Мына карачы, менин эч кимге керегим жок. Сенделип тирүү-өлүк болдум. Тосуп ал мени!!!”- деп, отургучту буту менен түртүп ийди. Асылганга болгон жок, үзүлдүбү, эмне болду, “карс” деп бир нерсе ачылгансып, өзү “талп” деп жерге кулап түштү, өлбөй калды. Үстүнө бир нерселер төгүлүп жатты. Бекиш көзүн ачып тура калды: Акча!!! Тутам-тутам түйүлгөн акчалар! Аңырайып өйдө караса, жыгач тутка көмкөрөсүнөн коюлган кичинекей үкөкчө экен. Бекишти көтөрө албай, үкөктүн оозу жулуна түшүптүр. Мойнундагы аркандын бир учунда калдактап үкөктүн оозу жүрөт. Аңкоолугун, ушуну сезди. Бут алдына жайнап төгүлүп жаткан акчаларга көпкө карап, “дүп” эте тизеси менен үстүнө чөк түштү. Эки колуна чеңгелдеп акчадан уучтап кармап, мыжыгып үнсүз мелтиреди. Аз-аздан көзүнө жаш толуп, жаак эттери түйүлүп, кимгедир кыжыры келгени же сүйүнгөнү билинген жок. Улам карыштыра мыкчып, көзү чанагынан чыгып кетчүдөй чакчайып, бир караган жеринен көзүн албады. Бир маалда муун-жүүнү калчылдап: “Аа-а-аа-а!”- деп бакырды… “Энее-е!… Мени өлгөндө да бактыңбы?! Жаным апа!!! Өлүп жатып да мени ойлодуңбу? Менин кор болоорумду билдиңби? Энекебай!!!” -деп жаш балача өңгүрөдү. Далайдан бери көкүрөгүнө толгон кайгы-арманын кимге айтып төгөөрүн билбеген Бекиш дайрадай толкуп, бугун чыгарып боздоп жатты. Энеси жаңы көз жумгансып, “энекебайлап” сыздап жатты. Билген асыл сөздүн баарын “эне” деген сөзгө кошуп, чындыгында эми жоктоп жатты…

“Сенин… Эне… Сенин тирүүңдө баркыңды билбей, тилиңди албай кыйнаган уулуңду кечир, эне! Угуп жатасыңбы? Мен…мен али бала элем го?! Уулуңду, карачечекей уулуңду таштап кеттиңби? Ушулардан көрө сен калсаң эмне? Мага сен керексиң! Мобулардын кереги жок!”- деп бакыра, эки колдой чеңгелдеп, акчаларды туш-тушка чачып жатты… ”Көргүм келбейт буларды, көргүм келбейт! Байлык … Байлык, сени жек көрөм! Мени кор кылган сенсиң! Жалгыз гана сенсиң!!!” деп үңүлдөп, үнүн баспады. Эне мээримине, жакшы сөзгө зар болгон Бекиш көмкөрөсүнөн түшүп, ыйлап жатты. Саксайып өскөн чачы чекесинен чыккан терге жабышып, жыртык, кир кийими топого аралашып тургае кейпин ого бетер жүдөтүп, эпсиз, жөндөмсүз экенин ашкерелеп турду. Өпкөсү көөп чыккан неме дагы эле шыбырап сүйлөп жатты: “Мага сен керексиң, эне!”

🌿🌸🌿🌸🌿🌸🌿🌸🌿🌸

💐<Бейиш эненин таман астында>

💐<<Жер бетинде эненин мээриминен өткөн мээрим жок>>{Ж.Абидетегин}

📙 Турмуш сабактары…

Даярдаган: Нуриза Кармышкова.

👨👩👧👦 Бактылуулук формуласы

Запись МАГА СЕН КЕРЕКСИҢ ЭНЕ! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Сөзүн мындай баштайт: Менин үч уулум бар. Мен алардан бөлөк өзүм жалгыз жашайм. Бир күнү улуу уулумдун үйүндө конок болуп түнөп калуу үчүн бардым. Эрте менен келинимден дааратка суу алып келүүсүн сурандым. Алып келген сууга даарат алып, калганын өзүм жаткан төшөккө төгүп салдым.
Эрте мененки тамак учурунда келиниме: “Кызым картаң кишини билесиң. Төшөккө сийип койдум…” -деп сөзүмдү аяктагыча, мени каргап уруша баштады. “Төшөктү жууп кургатып кой, экинчи кайталоочу болбо. Эгер кайра кайталоочу болсоң…” Мен ачуумду жутуп, төшөктү жууп кургатып койдум да, экинчи уулумдун үйүнө бардым. Анын үйүндө да кайталадым. Келиним катуу зекиди. Мага болушат го деген ойдо уулума айтсам келиниме унчуккан жок. Алардын үйүнөн да чыгып, кенже уулумдукуна бардым. Ал жерде да кайталадым. Эрте мененки чайда келиниме абалымды айттым. Келиним: “эч нерсе эмес энеке, биз кичинебизде канча ирет көйнөгүңүздөргө сийип койгонбуз. Бул карылыкта боло турган көрүнүш.” -деп жууп, кургатып койду.
Мен келиниме: Кызым, менин бир кошунам бар. Ал мага базардан зер буюмдарды ала келүүм үчүн акча берген эле. Жүр мени менен базарга барып кел. – деп, базардан бир топ алтын, күмүш тагынчактарды сатып алдым.

Ошол күнү кечинде балдарымды аялдары менен кошо кичине келиндин үйүнө кечки тамакка чакырдым. Баарына болгон окуяны төкпөй чачпай айтып бердим. Сатып алган зер буюмдарды кенже келиниме бердим да: “Мына ушул келиним мен эч нерсеге жарабай калган мени карайт. Калган өмүрүм ушул келинимдин үйүндө өтөт.”-дедим. Калган эки келин кылгандарына аябай өкүнүштү…

Запись КАРЫГАН КЕМПИРДИН ОКУЯСЫ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Фираундун ким экенин билесиңби?

Фираун Исраил коомунда адамдарды кой мууздагандай мууздайт эле…

Аялдардын курсагын жарып өлтүрөт эле…

Аллахтын пайгамбары Муса алайхис-саламды өлтүрүүгө аракет кылган эле…

Муса алайхис-салам менен талашуу үчүн сыйкырчыларын топтоп келген эле…

«Мен силердин Кудайыңармын» деп өзүн Жаратуучуга теңеген эле…

Анын каапырлыгы жана залымдыгы чектен ашып кеткен болчу.

Ошон үчүн Муса пайгамбар Аллахка кайрылып: …
«Оо, Раббим! Сен Фираун менен анын адамдарына дүйнө жашоосунда (ар түрдүү) зыйнаттарды жана мал-мүлктү бердиң. Оо, Роббим! (Сен дүйнөнү аларга) Өзүңдүн жолуңдан адашып кетүүсү үчүн гана бергенсиң. Оо, Роббим! Алардын малмүлкүн кыйратып, жүрөктөрүн катырып сал! Качан гана жан чыдагыс азапты көрмөйүнчө ыйман келтире албай калышсын!» – деп дуба кылат. (Юнус сүрөсү, 88-аят).

Дубанын күчтүүлүгүн кара жана бул дубаны ким кылып жатканына көңүл бур.
Дубаны Муса пайгамбар, Аллах менен түздөн-түз сүйлөшкөн пайгамбар кылып жатат.

Аллах Таала бул дубаны кабыл кылды, бирок анын жообун арадан кырк жыл өткөндөн кийин гана кайтарды. Эмне үчүн?

Эмне үчүн ушундай чектен чыккан адамды Аллах Таала дароо эле жазалабады?

Бул суроого Ибн Касир (Аллах аны ырайым кылсын) өз тафсиринде минтип жооп берет:

Фираундун энеси бар болчу. Ал энесин сыйлап, жакшы мамиле жасайт эле. Ошол себептен анын энеси дүйнөдөн өткөнгө чейин Аллах Таала аны жазалаган эмес. Аллах Таала ата-энеге жакшылык кылуучуларды ушундай сыйлайт…

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Запись Фираун энесин сыйлаганбы?​ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бирөөнүн жазган каты тууралуу экен. Ошол кат мени терең ойго салды. Ал тургай аны окуп отуруп тамагым буулуп, мукактанып, көзүмө жаш тегеренди. Апамды сагынганымды, анын мээримин эңсеп турганымды туюп, ага телефон чалдым… «Ал кандай кат болду экен?» деген ой жаралып жатса керек окурманда. Ал катты сиз да окуп көрүңүзчү. Көрсө, энелер дагы жалган айтышат экен, бирок…

Бардыгы мен кичинекей кезден башталды. Кедей үй-бүлөдө төрөлгөм. Тамак эч качан жетчү эмес. Бир нерсе болуп калса, апам өзүнүн тамагын мага салып берчү. Табагыма салып жатып мага жылмайып «ал, балам, мен ачка эмесмин» деп коёр эле. Бул апамдын биринчи жалганы.

Маал-маалы менен мага балык бышырып берчү. Бир жолу карасам, мен жеп бүткөн балыктын сөөктөрүн тазалап жаткан экен. Абдан жаман болуп кетип, «коюңузчу, апаке, мына муну чогуу жейли» десем, «жок, балам, өзүң эле же, мага балык жакпайт деле» деп койду. Бул апамдын экинчи жалганы.

Окуума акча керек болуп калды. Апам почтадагы жумушунан тышкары башка ишкананын кагаздарын да үйдөн толтурчу болду. Бир түнү ойгонуп кетип карасам, апам шамдын жарыгында жазып отурган экен. «Апа, кеч болуп кетти, эс алыңыз. Эртең менен эрте жумушка барышыңыз керек» десем, апам сүйүктүү көздөрү менен мени карап, «алтыным, жата гой. Чарчаган жокмун» деди. Бул апамдын үчүнчү жалганы.

Мамлекеттик экзамендер башталды. Колдоп келген апам мектептин короосунда мени беш-алты саат күтүп калды. Экзамен бүтөрү менен дароо апамдын жанына бардым. Ал мага суусундук ала келиптир. Сүйүнүп ичип жатып, апамдын да ысыктан чарчап, оозу кургап калганын байкап бөтөлкөнү сунсам, «жок, балам, апаң суусаган жок» деп жооп берди. Бул апамдын төртүнчү жалганы эле.

Кийинчерээк атамдын оорусу күчөп, акыры көз жумду. Ошондо бечара апам абдан кыйналды. Күндөн күнгө жашообуз оорлой берди. Айылдагы кошуналар апама «турмушка чыгып ал, жашсың, сулуусуң» деп айта башташты. Бирок, апам «мен сүйүүгө муктаж эмесмин» деп койчу. «Өгөй атаны каалабайт» деп мени ойлогон окшойт, азыр ойлосом. Бул апамдын бешинчи жалганы болчу.

Университетти бүткөндөн кийин шаарда эле калууну чечтим. Апам пенсияга чыкты. Бирок, ал дагы деле базарга чыгып, жер-жемиш сатып иштеп жүрдү. Мен жиберген акчалардын бир тыйынын да коротпостон чогултуп, «мага баары жетиштүү, өзүңдүн керегиңе жарата бер» деп кайра берер эле. Бул апамдын алтынчы жалганы.

Чет өлкөдө окуумду улантмакчы болдум. Ал жактан жакшы жумуш да чыгып калды. Апама «жүрүңүз, апаке, мени менен бирге жашайсыз» десем, мени кыйнап койбоюн деген ойдо «жок, менин башка жакка көнүп кетишим кыйын» деди. Бул апамдын жетинчи жалганы болду.

Бир нече жылдан кийин апам ашказан рагы менен ооруканага жатып калды. Кыргызстанга кайра келдим. Бөлмөсүнө кирсем, араң дем алып жаткан экен. Абдан карып калгандай көрүндү мага. Жанында отурганымда мени карап, кабатыр болбосун дедиби, айтор, жылмайганга аракет кылды. Бирок, оору апамды өтө эле алсыз кылып коюптур. Акыбалы оор болуп калган экен. Көзүмдөн жаш агып, ичимден абдан жаман болуп жаттым. Болушунча өзүнө келгенге аракет кылып, «алтыным, ыйлабачы, мен кыйналбай элемин…» деп коёт. Бул апамдын сегизинчи жалганы эле.

Сегизинчи жалганын айткан соң бул дүйнөдөн өтүп кетти.

Фейсбуктан алынды

Запись АПАМДЫН ОН ЖАЛГАНЫ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Каримди өзү курамдуулар менен улуулар жаштайында абдан жакшы болчу деп макташат. А тургай мектепти алтын медаль менен бүтүрүптүр. Окууга тапшырып биринчи, экинчи экзамендерден өтүп, үчүнчүсүнө келгенде баягы экзамен алгандар шакылдап жооп бергенине карабай, анан да кызарып-нетишпей пул сурашыптыр.

Көп балалуу болгондуктан анын атасынын алаканы жука да, суралган акчаны бере алган эмес. Ошол бойдон Карим шаардан келээри менен кошуна  айылдагы кунажындарды өстүрүүчү комплекске ишке кирди. Айлыгы жаман эмес. Анын үстүнө ал жерде шумпайлар жаш баланы  аш-паш дебей башын айлантып, өздөрүнө кошуп алышты. Күндө-күн алыс көз карангылашканда жем-чөп сатышат. Чайканада аш жешет. Андан кийин чокчоюп олтуруп алышып, кумар ойношот. Карим да муну жөн гана убактылуу нерсе деп ойлогон. Чындыгында да ошондой болду. Эки жылга жетпей колхоз-совхоздор менен бирге ал иштеген комплекс да жоюлуп кетти.

Күзүндө айылда той-топур көп болот. Мында айылдагы жаштар менен орто муундагылар сабиз туурамга келишип, иши бүткөн соң, кызыкчылыкка кумар ойношот.  Бүгүн Сапарбай дамыланынкында андай кылууну ээн-төрөн көрүшүп, көпчүлүктаркап кетишти. Карим анан баягы бирге иштешкен Наби, Кудаш үчөө колдору кычышып, болбой калгандыктан, Тилекматтын үйүндө олтурмай болушту. Кичине картошка куурулуп “жанагыдан” алынып, келинип, оюн башталды. Эч эле бүтпөйт. Бир эмес бир нече шише түгөдү. Акыры  акчасын, анан калса үйүндөгү атасынын жалгыз уйун уттуруп жибергенине чыдабаган Карим Тилекмат менен урушуп, мушташып, колуна кирген бөтөлкө менен башка чаап оо дүйңө сапар аттандырды. Өзү сот тарабынан  он эки жылга темир тордун артына жөнөтүлдү.

Кечээ ал абактан келиптир, саламаттыгы начар экен, деген сөздөрдөн улам алдына барып, ал-акыбалын сурап келдик. Баягы кең-далылуу, кырдач мурун, курч сөздүү Карим жок. Өңү дубалдай  ак тартып, көздөрү чукурайып, биз менен энтигип, араңдан зорго божурашып олтурду.  Көрсө, түрмөдө туберкулез оорусуна чалдыгыптыр.

-Үч күндөн бери апам ыраматылык түшүмө кирет. Дагы деле баягысындай күлүү-күчтүү. Мени чакырып алып баягы керээзин айтат. Укпаймын, ага болбой  чакырганын койбойт, карабаймын.

Сабыры жок жаным, элден мурда оозунуп: “Карим ал кандай керээз?”-деп сурап жибердим.

-Оо союз маалында комплексте иштеп жүргөн мезгилде раматылык Тилекмат досум Абди, Наби, Төрөкул болуп кумар ойнойбуз. Таң атканда үйдөгүлөргө көрүнгөнү келип, чала-була чай ичип ишке шашабыз. Ошондой күндөрдүн биринде Набинин үйүндө олтурсак, аяш атам бизди сөгүп үйдөн кууп чыкты. Түн бир оокум. Баарыбыз маспыз. Башты кашып, эмне кылаарыбызды билбей турсак. Абаш:  “Кеттик мазарда ойонойбуз”-деп калды.  Уккан кулагыма ишенбей соолуга түшүп, “Э  жинди эмне деп жатасың. Мазардын кайсыл жеринде ойнойбуз? Ал жерде арбактар да бар башың иштейби?-деп жемелеп кирдим. Ал болсо камырабай”-балдар карим коркок экен. Ошондуктан шылтоо айтып жатат”-деди. Намысыма келип: “Коркпойм, мен эркекмин. Эгер азыр мазарга барсак, жай таппасак сенин башынды алам”, – деп жөнөп калдык. Мазардын ортосунда ачылып калган мүрзө бар экен. Ошого түшүп сөөктөрдү нары сүрүп, ойной баштадык. Азыр ошол күндү ойлосом жүрөгүм титиреп кетет. Таң атып калганда мастыгыбыз таркап, өзүбүзгө келе баштадык. Уттургандар дагы ойнойбуз, уткандар таң агарып калды, кеттик бирөө жарым көрсө шерменде болобуз дейт. Акыры тарадык. Дарбазадан баш баксам, апам намазга даарат алып жатыптыр.

-Ыы балам, тынчтыкпы? Өңүң  бир калааты болуп турат-деп сурады.  Сыр бербей балдар менен олтурдум деп жооп бердим.

-Досторуңкунда болгонунда шашып-бушуп, күн  чыкканда келчү элең.  Бүгүн эрте келдиң.

-Апа айттым го, Тилектин үйүндө олтурдук.

Намазын окуп болуп апам жанына чакырды. Колун бетиме сүйкөп:

-Кайерде болдуң? Мына бул бетиңдеги чаң  мазардын топурагынын чаңы. Карачы боп-боз. Башка жердин топурагы мындай болбойт. Ачыгын айт каякта журдүң?

Апама  аны муну айтып, дагы деле жанымды жеп жатканым менен мазарды укканымда жүрөгүм  “шуу” дей түштү.

-Балам канча  өмүрум калды билбейм. Мазардабы, базардабы иши кылса кумар ойногонуңду токтот. Кумар да сен  өзүңдү, өмүрүндү уттурасың-деп туруп кетти

Анда жаштык кылып энем байкуштун  сөзүн назарыма илбепмин. Кийин деле баякы мурзөдө канча кумар ойнодук дейсиң. . .

Бирок ушул күнгө чейин бир нерсенин жандырмагын таппай, кыйналып келем. Апам ошондо биздин мазарда кумар ойногонубузду кайдан билди?

Балким ошондо анын сөзунө кирип, бардыгын жыйыштырганымда, бүгүн мен да элчилеп бала-чакам сүйгөн жарым, үстүмдө үйүм болоор беле. . . Ким билсин. . . Мен энемдин керээзин укпаганыма өмур бою өкүнүп келем. -деп сөзүн бүтүрдү Карим.

Андан бери туп-туура  кырк жыл өтүптүр. Биз болсо бугун минтип анын денесин, ошол энеси жаткан, ошол өзү кумар ойногон мазарга алып келип олтурабыз. . .

Нуркамил Абдуллаев,
атайын “Formula.kg” үчүн 

Запись Эненин керээзи впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Иштен келип күйөөсү, кеч киргенде.
Мына эми дарбазаны бекитээрде.
Балдары сыртта ойноп журушуптур.
Карап калды, бир саамга тикирейе.

Жаман -жуман нерселерди таштандыда.
Балдар аны айлантыптыр оюнчукка .
Кийимдери булганган, боз ала чаң.
Эч нерсени албай ойноп капарына.

Үйдү карай жөнөдү кадам таштап.
Бир нерсенин болгонун, сезди байкап.
Кум менен суу төгүлгөн кире бериш.
Шашып өттү ал жерден да шашкалактап.

Бөлмөлөргө баш багып, карап кирди.
Мынча эмне чачылган деп сүйлөп ийди.
Эртең менен, баары таза жакшы эле.
Мындай болуп кетээрин ал кайдан билди.

Аркы бөлмө тарапка да, чуркап барды.
Үйдүн ичи сапырылган, оозун ачты.
Дубалдагы илинген килемдери.
Бир жак чети үзүлүп, жерде жатты.

Эмне болгон, мынчалык биздин үйгө.
Деп таңкалды, түшүнө албай кабак буркөө.
Жалтырап, таза турчу эмес беле.
Дайыма мен жумуштан келген күндө.

Тамак иччүү бөлмөгө, шашып өттү.
Кирип барып чындап коркуп, өңү өчтү
Ар бир жерде агарып, кардай болуп.
Ун төгүлүп жатканын дагы көрдү.

Жуулбаган идиштер жайнап кеткен.
Бир жагында, чыны жатат, сыры кеткен.
Сыныктары жерде жатат тарелканын.
Мындай нерсе, биздин үйдө эмнеликтен.

Ушунчалык чоочулаган келбет менен.
Уктай турчу бөлмөсүнө, учуп жеткен.
Аялы китеп окуп отуруптур.
Күлүп гана бейкапар эч нерседен.

Күйөөсүнүн кебетесин көрүп алып.
Иш абалын сурады, жай жылмайып.
Деди анан, курсагың ачкан жокпу.
Бүгүн тамак даяр эмес, не кылалык.

Күйөө анан сурады, Не себептен.
Биздин үйдө, өзгөрүүлөр эмнеликтен.
Түшүнө албай турам дале, башым катып.
Үйдүн баары, чачык экен, иштен келсем.

Үйдө бекер отурасын, иш кылбайсын.
Качан болсо, бош отуруп жыргатпайсын.
Дечү элең, бүгүн бир да иш кылбадым.
Өзүң көрүп турганындай кыйналбадым.

Чындыгында, жасабадым эч нерсени.
Өз бөлмөмдөн, чыкпай китеп эрмектедим.
Сени менен бирге барып, азыр көрөм.
Балдарыбыз эмне кылып жибергенин.

Көрдүңөрбу, мына достор аял кандай.
Баркын билбей, ороңдойбуз биз аябай.
Аялзаттын, жасап жаткан эмгектерин.
Эмне үчүн, көрө албадык биз баалабай.

Үйдүн ичи, адам көргүс болуп калат.
Бир эле күн, койгон болсо тазалабай.
Аялзатын, сыйлап жардам береличи.
Мээнеттенип жатса дагы каралабай.

Автор: Р. Акматов

Запись Аялын үйдө эч иш кылбайт деген күйөөлөргө. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

“Балдарым, силерди не деп гана чоңойтподум, канча деген көз майымды түгөтүп, каруумду коротподум. Силерди багамын деп кыр-түздүн жылгаларын, колотторун кыдырдым. Жакшыны ыраа көрүп, жамандыкты силерге жолотподум. Мен кырчындай жапжаш, силер чиедей кезиңерде атаңардан айрылып боздодум. Эми болсо мен мокоп, а силер жетилип-курчудуңар, алмаздарым-болотторум!

Эми силер баштагыдай алсыз эмес, башкасыңар, күүлөнгөн күлүк өңдүү таптасыңар. Мекенге кызмат кылып, ар бириң ар кайсы жактасыңар. Мага келип кетип, бактыңар, ак шейшепке жаткырдыңар, каалаган жактарыма сейилдетип бастырдыңар, күн сайын үйгө келип абал сурап көңүлүмдү шат кылдыңар. Небере жыттаңыз, кучактап уктаңыз деп балдарыңарды бактырдыңар. Алтымыш жаштан өткөн мезгилде да, төбөңөргө көтөрүп, жылуу сөз, жарык кабак менен кырктагы келиндердей жаш кылдыңар.

Жетимиш кирип келди, анда да төрт тарабым төп кылдыңар, Неберелер менен келип, жасаган тамагымы тамшанып жеп турдуңар, Бутума оролошуп, күн сайын каралашып, кубанычыма аралашып, “апаке, эмне керек, эмне жейсиз” деп турдуңар. Жетимиш бешке чыктым, анда да бакыт ороп күлүңдөдүм, каруу күч кайта элек, кудайдын кубанычтуу күнүндөмүн. Күн сайын кабар алып турчу элеңер, эки-үч күн күтүп калам, мейличи, иштери көбөйгөндүр, ушуга да шүгүр дедим.

Сексенге кирип келдим, көзүмдүн курчу кетип ийилип барат белим, мурункудай кубатым жок, суюлуп, тарап демим. Күн сайын келип турган баягы балдарым жок, көп жолу жалгыз калып, тамак жедим. Таарыныч кылбай, бирок жумушуна кармалуу адат дедим. Келбесе бүгүн мейли эртеге топурашып келишип калат дедим. Бир жума же эки жума өткөндө бирөөңөр келесиңер, жогумду толтуруп, үйүп алып бересиңер. “Мы вас любим” деп турган баягы балдарым жок, алыс бир жеңеңердей көрөсүңөр. Таарыныч айткан болуп, бат-баттан кабар алып турсаңар боло дедим. Тамак-аш берип ийбей, өзүңөр келгилечи, азыгым муздаткычта толо дедим. Таарынууга, урушууга алым бар, кандай жакшы бүкчүйгөн кары кемпир боло элегим!

Тажасаң жалгыздыктан жүрү деп борборго калдыңар алып кетип, көнүп калган өз үйүм кулпуланып калып кетип. Борбордо жакшы жашап турупсуңар, заңкайтып чоң сарай курупсуңар. Сүйлөшүп отурууга зар болуп кечке күтсөм, бир аз туруп качасыңар шамал айдаган булут сыңар. Заңкайган кенен үйдө жапжалгыз отурууга көнбөй койдум, силердин бул жерде экен ырыскыңар. “Кетемин” десем мени жекире жаман карап, дасторкон толуп турат, бардыгы болуп турат, ал жакта эмне бар деп уруштуңар. Дулдуюп келип-кетип, жанымда турбайсыңар, жапжалгыз жата бердим, арманымды ичиме ката бердим. Акыры чыдай албай, “кетемин, билет ал” деп, бул жакка баса бердим.

Үйүмдө жалгыз турам, кээде неберем “Бабушка, кандайсың” деп кирип калат, эки-үч күн жүрүп калат, атаңа айт сагындым келсин десем, атасы келет да, тамак ашты алдыма үйүп салат. Бошобой жүрөм апа, сага дагы эмне керек, баары бар деп көңүлгө бүлүк салат. Жыттагым келип баарын, көкүрөк бук болуп барат эчен, карылык, сүйгүнчүк кезди да алат экен, небере болсо деле алыстап калат экен.

Эх, кулундарым, силерге мээрим чачып, өтпөдү беле аттиң, бүткүл ай, бүткүл жылым. Алыстап качасыңар, тамак-аш менен мени бастырып жатасыңар, мага эмне бир чайнек көк чай менен бир сындырым нан жетет.
О, дүйнө босогосу жакындап келет мага, балдарым, сен берген оокат ашты кошуна келин деле берет мага. Көп нерсе кереги жок, жыттайын бешенеңди, жылуу жүз, жылуу сөзүң керек мага. Силердин аманыңар, жаркыган жамалыңар белек мага.

Не кылмак элеңер эх, мен бир мерез апа болгонумда, Кызым деп кырк буралбай, уулум деп жүз бүгүлбөй, болбостон көөнүңөрдүн борборунда, жылытпай мээримиме, карабай көңүлүңө, тамак-аш кийимге ороп-чулгап койгонумда. Не кылмак элеңер эх, кичине кезиңерде силерден качып кетсем, бардыгын алып берип, алдыңа салып берип, карабай басып кетсем. Не кылмак элеңер, эх!

Кулундарым, мурдагыдай балдарым бойдон эле калгылачы. Эч болбосо үч күндө бир жолудан телефон чалгылачы!

Улукбек Омокеев

Запись Телефон чалгылачы…(Эненин каты) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир күнү баласы апасынан сурайт:

– Апа, сиз эмне үчүн ыйлайсыз?
– Анткени, мен аялмын.
– Мен түшүнбөдүм..
– Баласын кучагына баскан эне, муну сен эч качан түшүнбөйсүң деп жооп берет.

Анда бала атасынан сурайт.
– Ата, эмне үчүн кээде апам себеби жок ыйлай берет?
– Кээде баардык аял заты, жөн эле ыйлагылары келет дейт атасы. Убакыттар өтүп, бала чоңойот.

Бир күнү ал эр житилген кезде Жараткандан сурайт:

– Оо жараткан айтчы, эмне үчүн аялдар эч себеби жок эле ыйлай беришет?
– Аялды жаратып жатканда, аны өзгөчө кылып жаратууну кааладым. Бүтүндөй дүйнөнү кармап туруу үчүн, мен ага ушунчалык күчтүү жана жаш баланын башын сылоо үчүн, ушунчалык назик колдорду бердим. Төрөттү көтөрө алган, күчтүү кайратты бердим. Баары кулап баратса да, алдыга карай басуу үчүн эң күчтүү эрк бердим. Жарынын жүрөгүн кантип сакташ керек экенин билсин деп, мен аны эркектин кабыргасынан жараттым. Жакшы эркек, эч качан аялынын көңүлүн атайылап оорутпаганыны түшүнүш үчүн, күйөөсүн колдоп, анын жанында эч бир күмөнсүз туруу үчүн, мен ага акылмандуулукту бердим. Анан мен ага көз жашты бердим. Аял көз жашты кайда жана качан ыңгайлуу болгондо төгүүгө акысы бар. Уулум, эсиңде болсун!” Аялдын сулуулугу, анын кооз кийиминде, жасалгалуу чач же бойолгон тырмактарында эмес..

Аялдын сулуулугу – жүрөктө жашаган сүйүүнүн эшигин ача алган, калпы жок карегинде, көз жаштай тунук көздөрүндө камтылган.

Запись Эмне үчүн аялдар көп ыйлашат? впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Чыныгы мусулман адамдын жүрөгүндө төрт түрдүү аял жашайт:

  1. Энеси,
  2. аялы,
  3. карындаш эжеси
  4. кызы.

Апаңды ыраазы кылууң, Алланы ыраазы кылгандыгың.

Аялыңды сыйлооң бул – Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам)дын осуятын аткаргандыгың.

Эже-карындашыңа жакшылык кылып, алар менен мамилени бекемдөөң үйүңө берекенин киргендиги.

Кызыңа чыныгы мусулмандын тарбиясын берип өстүрүүң, бейишке карай эшигиңдин ачылганы.

Имам Шафийге бир киши келип: Пендени Алла Таалага жакын кыла турган эң улуу амал кайсы? – деп сурайт. Имам Шафий (рохимахуллох) көзүнө жаш алып ыйлап жиберет, соң төмөнкү жоопту берет:

“Алла Таала сенин жүрөгүңө карап, дүйнө-акыретте Өзүнүн ыраазылыгын гана тилешиңди көрүүсү сени Аллага жакын кылат”.

Али (Алла андан ыраазы болсун) айтат:

Үч нерсе үч нерсени алып келет:
Тырышчаакты- байлыкты,
жалкоолук-кедейчиликти,
сараңдык-ооруну.

 Абдишүкүр Нарматов

Запись Чыныгы мусулмандын жүрөгүндө 4 түрдүү аял жашайт впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

“Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата борбор калаада 1000 айым бир күндө ак элечек кийип, бир жерде олтурушат. Мындай маалыматты аталган долбоордун жетекчиси, белгилүү журналист Элнура Кулуева билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара элибиздин биримдигин бекемдөөгө, тарыхый жана маданий бай мурасын сактап, келечек муунга өткөрүп берүү максатында, өлкөнүн өнүгүп-өсүүсүнө салымын кошкон айымдардын эмгегин баалоо иретинде өткөрүлүп жатат.

– Биздин иш-чаранын максаты Кыргыз Республикасында 2017-жыл “Ыйман, адеп жана маданият жылы» деп жарыялангандыгына байланыштуу кыргызстандыктардын улуттук аң-сезимин, жарандык патриотизмин өстүрүү, бириктирүүчү жалпы идеяларды жаратуу. Ошондуктан Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий бай мурастарын мындан ары арттыруу – бул мамлекеттин гана эмес, катардагы жарандардын дагы милдети. Андыктан жоопкерчиликти моюнга алуу менен уюштуруу тобу бул иш-чараны өткөрүүгө белсеништи,- дейт Кулуева.

Белгилей кетсек, 1000 айым улуттук баш кийимдерди кийип бир күндө, бир жерде болуу Орто Азиядагы эң чоң жаңылык катары кабылданат.

Аталган иш-чара 4-март күнү “Кожомкул” атындагы спорт ордосунда өтөт.

Кирүү акысыз, бирок бир гана шарт менен: кечеге келген энелер, эжелер, карындаштар сөзсүз түрдө ак элечек менен, а жалпы эркектер ак калпак кийип келиши керек.

INTER.KG

Запись Кыргыздын 1000 айымы ак элечек менен бир күндө, бир жерде болуусу Орто-Азиядагы эң чоң жаңылык катары кабылданышы күтүлүүдө впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Абдыкерим Муратов

Эне бар үчүн биз барбыз, аалам бар, адам бар, турмуш бар, жашоо бар. Сиз жана биз бир кичинекей тамчы суудан эненин денесинде кыймылга кирип, бир бурдам эттен чоңоюп адам болгонбуз. Муну үчүн эң биринчи энеге карыздарбыз. Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) хадистеринде: «Алланын алдында төрөгөн аял төрөбөгөн чырайлуу аялга караганда өйдөрөөктүр», – деп айтат. Дагы бир осуяттарында сахабанын: «Кимге жакшылык кылайын?» – деген суроосуна «Адегенде энеңе, дагы энеңе жана дагы энеңе, анан атаңа жакшылык кыл» – деп, үч жолу «энеңе», анан барып төртүнчүсүндө «атаңа» деген. Эне деген ушундай улуктанат, адамдын жаралышына, өсүшүнө, инсан болушуна ушул эне биринчи кезекте себепкер. Акылман Саади минтип жазат: «– Эненин азада бою же сүмбүл мүчөсү келишкен бир дарак болсо, перзент – ал дарактын сулуулугунан жаралган мөмөсү жана натыйжасы. Эненин көкүрөк тамырлары жүрөк ичинде эмеспи? Акыйкат көзү менен карасак, эне сүтү – анын жүрөк каны. Ошон үчүн перзентке эненин мээр-махабаты атаныкына караганда да көбүрөөк болот. Айрым перзенттер баарынан ыйык, ары мээрбан эненин кадыр-сыйын билишпейт. Айтууга караганда, бир жаш жигит энесинин сөзүнө кулак салбады. Кыйкырып-өкүрүп анын дилине азар берди. Мээрбан эне уулунун кылыгынан көңүлү сууп, көзүнө жаш алды. Анан уулунун наристе кезинде жаткан бешигин анын алдына алып келип коюп мындай деди: – Эй, жаштыгын, наристе чагын унуткан уят-сыйытсыз акмак! Мына бул бешикти көрдүңбү!? Наристе кезиңде сени ушул бешикке бөлөп, кечкисин таң атканча уктабай терметер элем. Адеп ыйлай берсең бешиктен чечип алып, боорума басып сооротор элем. Өтө көптөгөн түйшүктөрдү тартып, машакаттарды көрүп сени тарбияладым. Сен деп көп кыйынчылыктарга бардаш бердим. Мына эми эр жетип, күч-кубатка толдуң, бирок жаштыгыңды жана наристелик дооруңду унутуп, мээрбан энеңе баш ийбейсиң! Анын көңүлүн жаралап, көз жашын төктүрөсүң. Андай кылбагын, уулум, эненин махабаты канчалык зор жана чексиз экендигин унутпагын. Мен дагы, атаң дагы дайыма сенин бактылуу, таалайлуу болушуңду каалайбыз. Бизди капа кылбагын, дилибизди оорутпагын, айткандарыбызды кабыл тутуп, бизди ыраазы кылып, батабызды алгын!.. Энесинин ыйлап айткан сөздөрү жигиттин жүрөгүнө октой кадалды. Ал өзүнүн кылган кылмышына бушайман болду. Энесин бек кучактап алып көзүнөн, бетинен өпкүлөдү, ыйлап кечирим сурады. Эне эмеспи, уулунун күнөөсүн кечирип жүзүнөн өөп, ага ак батасын берди». Бул байыркы нускада эне-бала мамилесинин бир учуру таамай, таасын чагылдырылат. Эненин эң улуулугу – бала төрөгөндүгү, перзент жараткандыгы. Хадистерде мындай кеп айтылат: «Кайсыл аялдын үч перзенти балакатка жетпей учуп кеткен болсо, мына ошолору аны тозоктон куткаруучу бир көшөгө болот». Демек, бала үчүн эненин ушунчалык бир улуулугу, анын ошол жан бирге, боор эт болуп калган баласынан айрылуусу ушунчалык бир оорлукка турарын, ошонусу үчүн Жараткан аны тозок отуна ыраа көрбөстүгү тастыкталат: «Төрөбөгөн чырайлуу аялдын ордуна кара (куник) болсо да төрөй турган аял алгыла, себеби мен (кыямат күнү) диндештер арасында силердин көптүгүңөр менен сыймыктанамын», – деп айтылып, дагы бир хадистерде эненин бейнеси бийикке чыгарылуу менен эркектерге төрөгөн аялдарды алып, киши санын көбөйтүү милдети чоң экендиги насаатталат. «Боюнда бар аялдар, перзент төрөгөндөр, балдарына мээрман болгондор, эгер күйөөлөрүнө кылган бейадепчилиги болбогондо, намаз окугандарынын баары түз эле бейишке кирген болор эле», – делет Пайгамбарыбыздын дагы бир осуятында. Кеңири таралган уламышта кыз “сүйөм” деген жигитине: «Сен энеңдин жүрөгүн сурап мага алып келсең, мен сага турмушка чыгам», – дейт. Бул кыздын шартын жигит энесине келип айтса, энеси макул болот да, жүрөгүн сууруп берет. Энесинин жүрөгүн алып антаңдап шашып бараткан жигит бир жерге чалынып жыгылат. Ошондо эненин жүрөгү айтат дейт: «Атаны, балам ай, абайлап баспайт белең, бир жериң катуу тийип калбадыбы?» Эне деген мына ушундай. Энесин ажы кылганы алыс сапарга жонуна көтөрүп барган баланын кызматы анын бир түндүк гана уйкусун бөлгөнүнө татырын айтып жүрүшөт. Мухаммед (с. а. в.) пайгамбар осуят кылат: «Эгер атаң да, энең да бирдей чакырса, биринчи кезекте энеңе жооп кыл». Бул жерде атанын ролун төмөндөтүү эмес, эненин ролун көтөрүү ою уялатылган. Инсандын кандай инсан экендиги энеге кылган мамиледен билинет. Эне бала үчүн баарына татыйт, баланын бүт жамандык-жакшылыгы эненин жүрөгү аркылуу өтөт, сен ооруп атсаң, энең сенден көбүрөөк ооруйт. Ошон үчүн хадистерде айтылат: «Бейиш эненин таман астында», – деп. Ушул сөздөн улам дагы бир окуяны айтпасак болбостур. Чыгыш элинин бир өлкөсүнүн даңазасы таш жарган бир падышасынын жер чеги кеңейип, ал өкүмдардын мамлекеттин бир жагынан экинчи жагына барууга убактысы ушунчалык тар экен. Ошондой тар убактысынан эптеп өөнөп, иш сапарларында падыша энесине кирип өтөт. Энеси, албетте, баласынын келгенине жетине албай кубанат, конок камы көрүлөт, а бирок падыша-уулдун убактысы тар, тезирээк эле кетиши керек. Ошондо энесине кантип муну айтарын билбей: «Кел, эне, таманыңдан өбөйүн?» – дейт. Энесине ыңгайсыз болот, уулу падыша болсо, анан анын таманын өөп жатса, «Кой, балам, менин таманымдын несин өбөсүң», – дейт. Ошондо уулу: “Бейиш эненин таман астында”, – дейт, а сиз менин бейишке барышымды каалабайсызбы?” – деп жарга такайт, энеси аргасыз таманын уулуна тосуп берет, убактысы тар падыша-уул болсо энесинин таманын өөп, көңүлүн алып жолго чыгат. Ошон үчүн айтат: «Ата көңүлүн ооруткан эл ичинде кор болот, эне көңүлүн ооруткан сындырым нанга зар болот». Кийин ар дайым ары-бери өткөндө убактысынын тар экенине карабай, энесинин таманынан жыттап-жыттап алып, андан соң сапарын улантчу экен ошол падыша... Баласын көздүн карегиндей сактаган эне. Эң мыкты ырлар, дастандар, музыкалык чыгармалар, айкелдер, сүрөттөр эне жөнүндө. Эне тууралуу чыгармалар начар жазылууга тийиш эмес, анткени ал бала үчүн эң жакын адамга – энеге арналат. Дагы бир мындай уламыш айтылып келет: Кайсы бир доордо кайсы бир элди жоо басыптыр. Кайсыл доор, кайсыл эл экендигинин бул жерде мааниси анчалык эмес, анткени баардык доордо, баардык элдерде энелер окшош келет эмеспи. Душман журтту кызыл уук кылып кырат. Энеге да кезек келет. Эне болсо жалгыз уулу менен жалгыз кызын бапестеп багып, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай өстүрчү экен. – Сени эмес, кийин өч алуучу уулуңду өлтүрөбүз! – дешет душмандар. – Жок, уулум үчүн мен өлүүгө даярмын! – дейт эне. – Андай болсо бир уулуң үчүн бир көзүңдү, бир кызың үчүн экинчи көзүңдү оюп алабыз! – дешет душмандар. Эне макул болот. Макул болмок түгүл, эки көзү оюлуп жатса да, балдары тирүү калганга ууртунда жылмаюу пайда болот. Эне деген ушундай жаралган да. «Ата – билек, эне – жүрөк» деген сөз бекер айтылбайт десеңер. Эне үчүн бала ар дайым – бала, перзент. 2006-жылы май айында Бишкекте мен 50 жылдыгыма карата тойчук берип калдым. Ноокаттан атам, апам, бир туугандарым келди. Атам бир-эки күн туруп эле шашып калды, кетпесем болбойт деп. Анан менин досторум: «Аяш ата кетип калдыбы» дешип сурашса, биз: «Апам урушат деп кетип калды», – дедик. «Койсоңчу, сексенге чыккан абышканы да апасы урушмак беле?» – дешет достор. Сексенге чыкса да эне үчүн бала деген бала да. Жүздөгү энебиз сексендеги баласын бапестеп турат, атам Меккеден ажыдан келгенде энебиз сүйүнгөндөнбү, же башка себеп болдубу, айтор, эсинен танып жыгылды. Энелик сезим деген башкача бир керемет нерсе тура, көрсө... Күндөн сурашат экен: «Сенин табыңдан өткөн тап барбы», – дешип, «Бар, – дейт экен ал, – бул – эненин мээрими». Өлүмдөн сурашыптыр: «Сага тең келе турган күч барбы?» – дешип, «Бар, – дейт экен ал, – бул – эненин мээрими». Ошон үчүн «эне мээрими ташты эритет, эне каары тоону кулатат» деп айтылып келет. Сайф уз-Зафар Навбахарийдин «Дур ул-мажолис» деген баянында мындай окуя айтылат: Бир жигит энесине кызмат кылуу зарыл кезде аны калтырып Кабага зыярат кылуу үчүн жөнөйт. Жолдо каракчылар кездешип, колу-бутун кесип, бир жерге таштап салышат. Ушул окуя Байтул-Мукаддас муаззинин түшүнө аян берет жана түшүндө бирөө: «Тур, палан чөлгө барып, бир майып жигитти тап, ага жардам бер, анын абалы өтө оор», – дейт. Муаззи жигитти издеп таап, андан: – Неге бул абалга түшүп калдың? – деп сурайт. – Энемдин кызматын аткаруунун ордуна Кабага жөнөгөн элем, ошон үчүн ушундай балакетке кириптер болдум! – дейт ал. Андан ары: – Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн мени энемдин алдына алып барып койсоңуз, колу-бутум жок болсо да, андан кечирим сурап, көңүлүн алайын, – деп жалынып да жиберет. Ал жигитти жүктөп, кеткен үйүнүн алдына кайра алып келди. Ичкериден эненин үнү чыгат: – Оо, Кудай, уулумдан кабатыр болуп атам, Арабстанда эмне күндү көрүп жүрөт болду экен, баламды мага кайтарып бер?! Уулу эшикти такылдатат. Эне болсо «эшикти ургулаган ким болду экен, кантип эле баламдын кабарын алып келди» деп ойлонот. Караса, бир бечара киши турат. Ага эне: – Эй, мусурман, ачсыңбы, нан берейинби? – дейт. – Нанды кантип алам, колдорум жок да! – Эй, жигит, кайдан келатасың, доошуң баламдыкына окшош да! – Эне ушинтет да, чуркап кирип, үйдөн чырак алып чыгат. Караса, тиги эшик алдындагы мусапыр уулуна окшойт. Эне ыйлап жиберет: – Бир уулум бар эле, Кабага ажылыкка кеткен, сен ошол перзентиме окшош экенсиң! – Энем ай, ошол перзентиңиз менмин да! – деп уулу солуктап кетет. Эне болсо кубангандан эс-учун билбей жыгылып, кыйладан кийин өзүнө келип: – Ылайым перзентимди кайтарып берген Жараткан кайра аны алып кетпесин! – деп бата тилейт. Эй, азиздерим, ата-энени ыраазы кылмак – эң ыйык иш. Ушундай бүтөт бул баян. Демек, ата-эне ыраазы болушу керек, ансыз кишинин иши да жүрүшпөйт, иши оңуна кетмек түгүл, башка жаза да алат. Ата-эне үчүн да перзенттен ширин, перзенттен ыйык нерсе жок, жогоруда майып болсо да уулу келгендеги эненин кубанычын көрүүдөн өткөн бул дүйнөдө ырахат жоктур... Эненин орду энелик менен, ургаачы-аялдык парыз менен гана өлчөнбөйт, «Ата дүйнөдөн көз жумганда балдары үчүн атанын ордун баса турган аял гана чыныгы энедир», – деп айткан немис акыны И. Гёте. Дал ошол Гётенин урпактары улуу совет элине кол салганда согушта эң биринчи энелер жеңди, анткени алар жоокерди төрөп, сүтүн берип, тарбиялаган, өлгөн аталардын ордуна ата болгон. Атасыз өскөн ошол муун энелерди ата ордуна тутунду. Булардын ичинде менин атам да бар. Ч. Айтматов согуш жылдарынын летописин, улуу баянын түбөлүккө жазып кетти. Ал баяндын эң башкы каармандары – аялдар: Сейде, Жамийла, Толгонай, Алиман, Мырзагүл... Эгер Улуу Ата мекендик согушка жалпылап эстелик куруу керек болсо, ошол эстеликтин биринчи катарында, албетте, Эне турмак... Биздин Шанкол айылыбызда менин Саадат деген таяжемдин элүүгө чукулдап калган уулу ооруудан каза тапты. Эркектен жалгыз эле, сөзмөр эле, музыкант эле, жалгыз уул болгон менен, бала-чакалуу болуп көбөйгөн. Ошол таяжемдин уулу Имарбек бөлөм каза болгондо энеси да бүк түшүп, неберелери да бир көзгө көрүнбөй, баламдан кийин мага жашоо жок деп, доктурга да барбай, тамакты да дурустап ичпей, ыйлай берип, ыйлап берип, ичи, анан буттары шишип, акыры «Имарбектеп» отуруп, үч-төрт айда уулунун артынан кетти. “Эне болбосоң коё кал” деп айылдыктардын баары айран калышты. Бир жолу Шаймардан деген жерде эл жык-жыйма майрамда дарчылар, палвандар оюн көрсөтүп аткан, биз жарданып турганбыз. Бир убакта тамаша көрсөтүп аткандар бир баланы ортого чыгарышты. Баланы алып палван жатты, үстүндө тактай, анан аны тебелеп жеңил машина өтмөк да, палван баланы коргоп, машинаны тактай менен көтөрүп турмак. Кудай сактасын, бир убакта эле топ ичинен жинденгендей эле бир аял чыгып, ээ-жаа бербей жанагы баланы жаткан жеринен тургузуп, колунан жетелеп чыгып кетти. Эч ким эч нерсе деген жок. Көрсө, энеси экен. Эненин балага болгон сүйүүсүнө, камкордугуна ким эмне демек эле?! «Адамзаттын эң биринчи тарбиячылары – энелер» (О. Гольдсмит) болсо, адамзаттын тарыхы, басып бараткан келечеги энелерге байланыштуу. Казактар «энеси бар адамдар эч качан кор болбойт» десе, кыргыздар «эне сүтүн актоо – унутулгус карыз» дешет...

Технологии Blogger.