Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком бактылуулук. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Таң саарда азан чыкса мечиттен,
Сопу акенин чакырыгын эшиткен.
Атып тургун жылуу жумшак ордуңдан!
Үмүт кылсаң акыретте Бейиштен.

Күн ыссыкта «бешим» намаз убагы,
Кел мечитке тегиз сапка туралы.
Ушул намаз жаратканды кубантып,
Берээр сообу акылыңа сыябы?

Күн салкындап жумуш күчөп турганда,
«Аср» намаз болот окуу убагы.
Ишиң таштап мечит карай жүгүрсөң,
Сообу канча акылыңа сыябы?

Күн кызарып уясына батканда,
Жумуш бүтүп курсак катуу ачканда.
Билесиңби мунун сообу канчалык,
Даарат алып «шам» намазга шашканда.

Түн да кирди чарчаганга карабай,
Таква момун мечит көздөй барат жай,
«Куптан» намаз жамаат менен окуунун,
Сообун билээр аны жалгыз бир Кудай.

Өмүр бүтүп акыретке бармак чын,
Беш убак намаз – бул өкүмү Аллахтын.
Беш убак намаз – кабырыңдын жарыгы,
Беш убак намаз – ачкычыдыр жаннаттын.

Султан Ислам

Запись БЕШ УБАК НАМАЗ! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жараткан аялдардын даражасын бийик кылган. Анткени от менен чоктун ортосунда, бул жарыкчылык менен аркы дүйнөнүн ортосунда туруп төрөйсүң. Кудайга жалынып, жетимиш тамырың сыздап баланы дүйнөгө алып келесиң. Бул учурда периштелер курчап, аалам сага жылмайып турат дейт. Эң бир ыйык болгон энелик милдетти өтөөнүн биринчи мүнөттөрү ушинтип башталат. Баркырай колуңа келген наристеңди кучактап, эмчегиңден сүтүң диркиреп, дилиң жумшарып, өткөн өмүрүңдүн жаманы да, жакшысы да унутулуп, дүйнө кичинекейдин уучунда тургандай сезилет.

Эне болуу – аялдардын энчисине туш келген бакыт! Мен энеликти ушинтип түшүнөм. Эне болуудан качпагылачы, аялдар! Энелер, эки ийиниңерден кыйынчылык басып турса да, кыямат кайым жакындап келе жатат десе да, эртеңки күнүңөр белгисиз болуп, жарыктын нуру өчүп, туюктан тырмалап чыга албай калсаңар да апа болуудан качпагылачы!

Азыр заман кайдигерликке, мерездикке, катуулукка үйрөтүп, аялдардын жумшак мүнөзүн темирге айлантып, аялдык, энелик милдетин аздан унуттуруп бараткандай. Бирок кыйынчылыктын аркасында баары бир жакшылык, кайгынын артында кубаныч бар эмеспи. Эртең эле бүркөк асман чайыттай ачылып, үмүттүн шооласы төгүлөт. Баары артта калат. Эртең башка күн болот! Ал мындан да жарык, мындан да нурлуу болот…

Андыктан АПА болуудан баш тартпагылачы!

Запись Эне болуудан качпагылачы!!! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Али ибну Маьмуун ал-Аббасий амир жана халифанын баласы болгон. Ал заңгыраган хан сарайда жашайт эле мал -дүйнөнүн ашыгы менен болчу. Күндөрдүн биринде ал сарайынын терезесинен карап олтуруп,эртели кечке чейин тыным албай иштеген адамды көрүп калат. Кеч кирээрде жанагы адам Дижла дарыясынан даарат алып,эки рекет намаз окуп,күн батаарда үйүн көздөй жөнөп кетет. Күндөрдүн биринде Али ал адамды чакырып өзү жөнүндө айтып берүүсүн сурайт. Ал киши аялы,эки карындашы жана апасы бар экенинен кабар берет. Башка кирешеси жок,тапканын сатып,аны үй -бүлөсүнө жумшап,өзү кечке орозо кармап,кеч киргенде тапкан тыйынын бир азына ооз ачып калганын үйүнө алып барарын айтат. Ошондо Али андан;
“Сенин бир кемчилигиң барбы? деп сураганда ал: “Жок Кудайга шүгүр “,-деп жооп берет. Ошондон баштап Али хан сарайын жана амирлигин таштап,маңдай тери менен эмгек кылып жан багууга кетип калган экен. Бир канча жылдан кийин анын каза болгону угулат. Ал Хурсан жеринде жыгач устачылык кылып өмүр кечиргендиги айкын болот. Анткени Али бакыттын устачылыктан тапты,хан сарайдан таба алган жок.

Эгерде бизге жогорудагыдай мүмкүнчүлүк берилип,президент же депутат же бир бай “Сенде кандай кыйынчылык бар “-деп сураса. Эккиленбей жашаган үйү болсо эки кабат болуусун,мерседеси болсо жип жоок камаз эле болсун. ) иштеген иши болсо чоң фирма,же сиздей депуттардан болсом ..) -деп толгон тилегин айтып этегине тып жабышмак бул чындык туурабы же туура эмесби? Айрыкча ушул заманда жарышмай,кожо көрсүн эл көрсүн заманда ыймандан,намыстан,ден -соолуктан дүйнө кызычылыгын жогору коюуп чапкылап жүргөн убагыбыз. Эки эшиктин бирине кирсең бактысыз инсандар,балким биздин бар нерселерибизге Аллахтын эсепсиз нематтарына шүгүр кылып жашабагыныбыздандыр…

Эч жан жашоосуна ыраазы эмес толо адамдар,эгер билсеңиз ыраазычылык менен эң кооз жашоого болот.

Турмуштун таттуусуна, ачуусуна,жеңилдигине,оордугуна,кедейлигине,байлыгына,ооруусуна,саламаттыгына ыраазы бол . Аллахтын ыраазылыгы үчүн кедейликти сез,ошондо ыраазылыктын таттуулугун,ыкластуулуктун даамын,сабырдуулуктун пайдасын,шүгүрдүүлүктүн акыбетин сезесиң.

Доструңа ыраазы бол алардын жакшы жактары жаман жактарын жабат. Анткени, өзүң да бардык каталардан, күнөөлөрдөн аруу эмессиң.

Аялыңа ыраазы бол анын жакшы жактары жаман жактарын унуттурат. Анткени ал да сенин туура эмес ката жактарыңа ыраазы болду.

Үйүңө ыраазы бол анткени олтурган бөлмөң сууктан сактап турат,күндүн ыссыктыгы падышанын тактысынан жакшы,үйүңдө бейплидикте саламаттыкта олтуруп жеп жаткан ыссык наныңа ыраазы бол. Анткени бийлердин тамагынан даамдуурак,эки жаамчы да кийген кийимиңе ыраазы бол,эгер анда такыбалык кадыр барк болсо падышанын кийиминен жакшыраак.

Тынч саламаттыкта басып жүргөн бутуңа таянган таягыңа ыраазы бол. Анткени ал байдын унаасынан да абзел. Иштеген жумушуңа ыраазы бол жумушуң жөнөкөй болсо да күнүмдүк турмушуңа жетип тургандыгы,минситирдин тапканынан да жакшыраак .

Кыскасы жашооңо ыраазы болуп жаша, жан дүйнөң тынчтыка бөлөнөт мындан өткөн байлык жоктур билгенге!

Аллахка ант,эгер ыраазычылык жок болсо жан дүйнөдө кыжалаттык көп болот,якут маржандар төгүлүп турган деңиздин жээгине курулган хан сарайда жашасаңда, астыңда бөлпүлдөгөн төшөктөр салынып ойногонуң алтын болсо да айланаңда кызматчылар чуркап турса да бакыттын тынчтыгын,бейпилдиктин жана саламаттыктын даамын тата албайсың. Өзүңдү эң баймын деп элестет,бир күндө кадимкидей тамак жейсиң,кийимдин кийесиң жана жумшак төшөккө жатасың. Эгер акыбалыңа ыраазы болуп ырыскыңа каниет кылсаң,сенден өткөн бай бактылуу адам жок. Анткени турмуш ушундай соонун кооз экендигин билдиң…
Илимпоздор,даанышмандар жана докторлор да “ыраазылык ден -соолукка эң жакшы табылгыс даары экенин ” айткан..

Кана тууганым бир “Аллахмадулиллах!  “-деп жашооңуздагы баарлыгыңызга шүгүр кылып Жаратканга ыраазылык айтыңызчы ,эч болбосо он жолу жыйырма жолу чын ыкластан жүрөгүңүз менен айтып көрүңүз сөзсүз жан дүйнөңүз башкача сезимге бөлөнүп тынчтанып өзүнчө ырахат аласыз!  Анткени ыраазычылык жашоодогу кандай күнүң болбосун сага дем- күч боло турган табылгыс курал! Бул курал менен жан дүйнөңдө болуп жаткан караңгылыкка бөлөгөн,кыжалаттык согушун талкалап жок кылат!  Жана Жаратканга чоң ишеним үмүт жолдорун ачып бактылуулук тартуулайт! 

Демек чыныгы байлык пенденин жашоосундагы барлыктарга ыраазы болуп, кадырына жетип шүгүр кылып жашоосунда турбайбы…

Запись ЧЫНЫГЫ БАЙЛЫК КӨҢҮЛДҮН ТОКТУГУ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

_🌿Ар бир нерсенин өзүнүн максаты болот. Адам баласынын жаралуу максаты да бар. Аллахты таанып, ага ибаадат кылуу. А бирок, бул негизги жаралуудагы максатыбыз болсо, жашоодо туура жашап, ийгиликке жетүү үчүн да максаты болот. Ал максатты ишке ашырууда албетте аракет керек болот. Ар бир адам эң алгач жакшы адам болууну биринчи максатка койсо. Жакшы адам болуу үчүн жакшы кулк-мүнөздүн ээси болуусу керек. Албетте, эң жакшы кулк-мүнөздүн ээси- Пайгамбарыбыз (с.а.у)! Абу Хурайра (р.а.) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.у.): *”Мен жакшы кулк-мүнөздөрдү жогорку даражага жеткирүү үчүн жиберилгенмин”.* Биз Пайгамбарыбыз (с.а.у.)ды өзүбүздүн жашообузда үлгү тутуп жашообуз керек. Бул тууралуу Аллах Таала мындай дейт:_

*_”Чындыгында Аллахтын Элчисинде сонун үлгүлөр бар”. (Ахзаб:21)_*

_Мусулман ар дайым жакшы кулк-мүнөздө болуусу керек. Анткени, Доктор Абдулхалим Махмуд мындай дейт: “Ислам дининде адеп-ахлак өзгөчө мааниге ээ. Анткени, ал Улуу Аллах Тааладан ыйык вахий аркылуу келген жеке адамдын жана коомдун дүйнөлүк жана диний максаттарын ишке ашыруучу жүрүм-турум”- деп айткан. Биз ушундай ишениидеги адамдардын оюн бекемдөө үчүн жана Ислам дининин кандай экенин (сулуу кылып) көрсөтүү үчүн!_

_Адамдар максат коюуда сөзсүз тескери жагында ойлойбуз. “Мындай болуп калсачы? Ишке ашпай калсачы?”- деген сыяктуу ойлордун пайда болушу менен көңүлдөн аракет кылбай коюбузда анык. Адам максат коюуда чоң кадамды коркпостон таштоосу керек. Мисалы, эки чака суу көтөрүп келе жатасыз дейли. 10 кадамдан соң дем алам десеңиз, 10-кадамда чарчап, дем аласыз. Ал эми башында 20кадамдан соң дем алам деген болсоңуз, 10кадамга жетүү сиз үчүн оңой эле болуп калат жана ал жерге жеткенде чарчабайсыз. Адам баласынын максаты да ушул сыяктуу. Канчалык чоң максат койсоңуз, жолдун башындагы тоскоолдуктар эч нерсеге арзыбай калат. Максатка жетүүдө аракет, кызыгуу керек. Соң ийгиликке жетесиз._

_Максат коюуда кандай максат коюп жатканыңызга маани бериңиз. Анткени “Менюдан тамакты канчалык тез тандаган адам, жашоодо да ошончолук тез максатка жетет. Себеби ал өзү эмне жей турганын “ТАК” билет”. Максаттын ишке ашыуусу үчүн айланаңыздагы адамдарга да маани бериңиз. Анткени, алардын таасири чоң болот. Сиздин жаныңызда колдоп, ийгиликке жетээриңизге ишенген адамдар болуусу кажет. Ал эми, жаныңыздагы кээ бир адамдар сизге терс таасирин тийгизиши мүмкүн. “Койчу, колуңдан келген ишти кылсаң! Бул нерсеге сен бекер убара болуп жатасың. Мени бир айтты де!”- ушул сыяктуу сөздөр сизге болгон алгачкы кичи тоскоолдуктар болуп саналат._

_🔷Кыштын бир күндөрүндө эки кичинекей балдар муз тээп, муз үстүндө ойноп жатышкан эле. Муз бардык жерде бир калыпта эмес эле. Кокустан балдардын бирөөсү муздун жукараак жерине барганда, муз жарылып, түшүп кетет. Анын досу жээктен чоң таш алып келип, муздун жарыгын чоңойтуп, баланы куткарып алат. Кийин элдер чуркап келишип, кичинекей баланын бул ишине аябай таң калып: “Сен муну кантип жасадың?’- дегенде, бир карыя келип: “Анын кантип досун куткарып калганын мен билем. Ал бул ишти кылаарда, жанында: “Сенин колуңдан келбейт, сен муну жасай албайсың!”- деген эч ким болгон эмес”- деп жооп берген экен. Мына, тууганым! Бул икая сизге да бизге да чоң үлгү болчу окуя. Биздин жашообузда да ушундай нерселердин жок болуусу максатка жетүүгө жеңилдик болот. Ийгиликке жетүү – агып жаткан дарыяга каршы сүзүүгө окшош. Аракет кылбасаңыз, артка кетесиз. Кээ бир адамдар бар, аракетти эми баштаганда эле бир тоскоолдук болсо : “Бул менин колумдан келбейт!”- деп чечим чыгарып алышат. Бул нерсе да туура эмес. Сизге дагы бир икаяны айтып берейин:_
_📜Кайсы бир доордо улуу аалым болгон экен. Ошол доордун адамдары максаттарын ишке ашыруудан коркушчу эле. Анткени, алар эми аракет баштаганда тоскоолдуктарга кабылып, коркуп калышкан эле. Ошол адамдар бир күнү аалымга келишип, өз көйгөйлөрүн айтышат. Ошондо аалым бир күлкүлүү окуя айтып берет. Угуп отургандар аябай күлүшөт. Кийин ошол эле окуяны дагы айтат, бул жолу анча күлүшпөйт. Кийинки жолкусунда жөн гана жылмайып коюшат. Андан кийин дагы айтканда эч ким күлбөй коёт. Ошондо аалым: “Көрдүңөрбү? Мен биринчи бул окуяны айтканда аябай күлдүңөр эле. Кийин барып-барып бириң да күлгөн жоксуңар. Жашоо да ушул сыяктуу! Биринчи кыйынчылык болот. Кийинки жолу жөн гана кадимки көрүнүш болуп калат”. Мына, тууганым! Сиз да максат коюуда алдыга гана умтулуңуз. Ар бир максаттын арты ийгилик менен аякташын каалайбыз. А ийгилик сөздүктө (словарь) гана эмгектен мурда келерин унутпаныз. Ошол себептүү алдын аракет кылыңыз. Тоодой иш кылуу үчүн, кумурскадай аракет кылыңыз. Жашооңузду максат коюу менен өзгөртүңүз!))_

👤Нуриза Кармышакова

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Запись Жашооңду өзгөрт да максат менен жаша впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

🌳 ЫЙМАНДУУ АЯЛ -ҮЙДҮН БЕРЕКЕСИ.

🏻 …Кайсыл жерде болбосун,ыйман өзүнүн бийиктиги менен жогорку тепкичте турат. Ыймандуу,күйөө,ыймандуу аял,ыймандуу ата -эне,ыймандуу бала эч качан жер караган эмес, ыйман -адамзаттын даражасын көтөрүп башкалардан айырмалап турат. “Эң бай адам -ыймандуу адам “дегендей, ыйман ичинде биз адамдарга керек болгон, эң биринчи адеп -ахлак,тазалык,мээримдүүлүк,сабырдуулук,кечиримдүүлүүк,сый-урмат,камтылган. Эгерде адамзат ушулар менен жашаганда эч качан адашуу,түшүнбөстүк,өкүнүчтүү окуялар болмок эмес. Ушул “ыйман “деген табылгыс каражатты,же сыйкырдуу даарыны аялзатына эң керектүү деп эстептейт элем.

“Ыйман “эгер билсек аялзатына абийирин жапкан кийим, жан дүйнөсүн тазалаган тамак болуп берет деп айтаар элем. Анткени Ыймандуу аял — өмүрдүн булагы,
Ыймандуу аял — турмуштун көркү,
Ыймандуу аял — үйдүн куту,
Ыймандуу аял — тарбиянын башаты,
Ыймандуу аял — байлыктын кенчи,
Ыймандуу аял — келечектин сакчысы,
Ыймандуу аял — бакыттын ачкычы,
Ыймандуу аял — жашоонун нуру,
Ыймандуу аял — дүйнөнүн түркүгү,
Ыймандуу аял — үлгүлүү эне,
Ыймандуу аял — Бейиштин төрү.
Ыймандын фундаменти диндин босогосуна кадам таштоонон башталат. Дин ичиндеги мыйзам,тыйулар менен адамзат өзүн ыймандуулукка тарбиялайт. “Жакшы аял диндин жарымы “дегендей дин менен жашаган аялзаты үй -бүлөнүн берекесин ашырып,бактылуулукка себепчи болот.

” Аял деген ким?” Аял деген бейиш анын таманынын астында болгон эне. Аял- бул үй-бүлөдө баары сый-урмат менен мамиле кыла турган, жароокер жубай, балдардын алгачкы табылгыс тарбиячысы. Асыл маданияттын, учугу узүлбөгөн үрп-адат менен баасы бийик нарк-насилдин башаты, жашоонун үгүтү. Бул дүйнөдөгү өзүнүн милдеттерин талаптагыдай так аткаргандан кийин бейиштин каалаган эшигинен кире турган өзүнчө эле бир периште.
Албетте, Ислам дининде аялзатынын баа-баркы тууралуу айта берсе сөз көп.

Эрекек тышкы тон аял ички тон, үй -бүлөдө эркектин таап келгенин аял туура пайдаланып,туура колдонсо Аллах алдында,ата -эне,күйөө,балдар алдындагы милдетин билип,эмне арам,эмне адал айрмалап турса жашоодо үй -бөлөсү бузулган үй -бүлөлөр аз болоор эле. Айрыкча азыркы өнүгүп жаткан заманда, ыйманга суусап турган чагыбыз. Изилдөлөрдүн натыйжасында эң өкүнүчтүүсү үй -бүлөсү бузулуп,ажырашкандар,бузукулар ,ар намысын жоготкон кыз -жигиттер көп катталууда, бул көрүнүштөрдүн себепчиси ыймандын жоктугунан болуп жатат.
Эх, эжекем,сиңдим динге мээнет кылбай туруп,эч качан “мен бактысызмын,менин күйөөм башкага кетти,менин үй -булөм бузулду,мени балдарым-кыздарым укпайт,мени келиним,балам сыйлабайт “-деп айтпаңыз . Ыйман,даарат,намаз,орозо,садака менен чектелбейт. Аллага болгон мамилени оңдо керек,кыйынчылык келгенде жалынып эстеп,жакшы күндөрдө унутуп. Ыймандын жетмиш бутагы болсо анын биринчиси Алланын барлыгына шек -күмөнсүз ишенүү,а эң кичне бутактары уяттуулук,адамдарга зыян келтирген жолдо жаткан нерселерди алып койу. А биздин оронгон жолугубуз,окуган намаз, кураныбыз,туткан орозобуз адеп -ахалагыбызга дал келбегени. Динибизде адеп -ахлак биринчи турарын унутпоо керек. Балким биздин дубалар кабыл болбой жатканын себеби ушундадыр . Буйрукту аткаруу башка маселе,толук моюн сунуу,ыймандын бекемдиги башка маселе…
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) “Тозокто эң көп аялдар болуусун “көргөнүн айткан. “Кийими бар бирок жылаңач сыяктуу “деп азыркы биздин коомдогу аялзатын айтып өткөн. Ошондуктан аялзаты ойлонуу керек,ыймандуу эне,ыймандуу,эже,ыймандуу кыз болсо үй -бүлөнүн, деги эле коомдун ажары,абийири, күйүп тураган нуру болот эле.

Эгер бир даракты олтургузуп аны канча карабаңыз,тамырын суугарып,жумшартып,дарылап сактабаңыз,аны көгөртүп жетилүүсүнө тийип турган,нурун чачакан күн болбосо ,ал эч качан көктөбөйт да,жашылданып мөмө да бере албайт. Ошосыңар аял затына канча жакшылык кылбаң,анда нурун чачкан ыйманы болбосо үйдүн ичин караңгылык каптап,үй -бүлөнүн бузулуусуна ,чыр-чатактын чыгуусуна алып келет.

Ушул жерде өзүм күбө болгон бир куттуу үй -бүлө тууралуу айткым келди. “Күйөөсү медресе мугалими болсо,аялы болсо үйдө медресе мугалими беш баланын апасы. Ал эженин балдарына берген тарбиясы өзүнчө саатап бөлүнгөн жадыбал, өзү балдарым, үй иши деп олтурбай Ыйык Куран китебин жатоого бел байлаган күчү жеткенче бир эки сүйлөмдөн жаттап олтуруп жарымына келиптир. А балдарын да атайын бир саатты бөлүп сабак катары тасбих менен Ыйык Куранды жаттатып,бир эки аяттан болсо да, 5 класстагы уулу эки пара бул дегени он барак,жыйырма бет,3 класстагы кызы үч пара,1 класстагы кызы бир пара. Бул деген табылгыс бакыт,Аллах алдында эң жогорку даражалуу инсандар . Ма ша Аллах! Мына сага динге болгон мээнет,Аллах алдындагы жоопкерчилик ,ыймандын бекемдилүүгү карап туруп: “Оо,Аллах биз алсыз пенделериңе да ушундай мээнет кылууну,бакытты насип кыл “-деп кала бердим …

Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: “Дүйнө ырахаттардан турат. Дуйнөнун эн жакшы ырахаты такыба аял!” (Муслим)

Такыба аял адегенде Аллахтын алдындагы жоопкерчилигин, андан сон жолдошунун алдындагы жоопкерчилигин сактоого умтулат.
Такыба аял үйүнө байланат. Сыртка эч бир муктаждыксыз көп кирип-чыкпайт.
Такыба аялдын камы өзүн кароодо, үй ичин сарамжалдуу кармоодо, балдарын тарбиялоодо болот.

Такыба аял үй-бүлөсүнүн ынтымак-ырашкердикте жашоосу учун аракетте болот. Намазын, орозосун, зикирлерин жан дили менен өтөйт.
Такыба аял Кудай Таалам ага берген ырыскысына ыраазы болот.

Устазыбыздан бир шиңгил үй -бүлөлүүлөргө сабак болчу окуя. Менин бир досум бар эле ал өзү соода кылып иштечүү. Тапканынын эч берекеси жок болчу, болбосо соодасы аябай жакшы болчу. Кийин ал аялы менен келишпей ажырашып кетти жана байыпта кетти, анын сырын сураганымда мындай деп айтып калды: “Досум үй -бүлөдө ырыскынын,берекенин келүүсүнө да кетүүсүнө да аял себепчи экен. Мен аны экинчи аял алганымда билдим, биринчи аялым тапканымды ысырап кылып, туура эмес пайдаланып төгүп -чачып акчаны дегиле жашоого керек болгон нерселерди үнөмдүү колдонбогонунан менин тапканымда эч береке болбой учуп жаткан экен. Азыр Аллахка шүкүр жашоом оңолуп экинчи жубайым үнөмдүү экен баары жакшы болуп, колду адамдардын катарына кошулуп калдым “-деген экен.. Ошондуктан үй -бүлөөнүн бекемдүүлүгүнө,бактылуулугуна көбүнчө аялзаты себепчи болот. Анын ыйманы,адеби -ахлагы,тазалыгы,сарамжалдуулугу,балдарга берген тарбиясы, күйөөсү,ата -эне,туугандарга болгон сый -урматы үй -бүлөнү нурга бөлөп, берекеге бөлөйт.
“Аял жакшы эр жакшы “,”эрди эр кылганда аял, жер менен жексен кылганда аял “деген сөздөр бекеринен айтылган эмес.

🌹 Сөз аягында жогорудагы айтылгандар,байке,инилерге да тиешелүү. Үй -бүлө арабасын экөө болуп тартпаса, бирөө болуп тартуу кыйын болот . Анткени ыймандуу аялга ыймандуу эркек дегендей албетте үй -бүлөдө эркек ыймандуу болуусу керек. Бул тууралуу куранда Аллах Таалам мындай деген: «Ырасында мусулман эркектер жана,мусулман аялдар,момун эркектер жана момун аялдар,моюн сунуучу эркектер жана моюн сунуучу аялдар,чынчыл эркектер жана чынчыл аялдар,сабырдуу эркектер жана сабырдуу аялдар,ыкластуу эркектер жана ыкластуу аялдар,садака берүүчү эркектер жана садака берүүчү аялдар,орозо кармоочу эркектер дана орозо кармоочу аялдар, уяттуу жерлерин (арамдан) сактоочуу эркектер,уяттуу жерлерин( арамдан) сактоочуу аялдар,Аллахты көп эстөөчү эркектер жана Аллахты көп эстөөчү аялдар үчүн Аллах кечрим жана зор сыйлык даярдап койду » (33:35)..

👤Насиба Абдуллаева.

👨👩👧👦”Бактылуулук Формуласы”.

Запись ЫЙМАНДУУ АЯЛ ҮЙ -БҮЛӨНҮН БЕРЕКЕСИ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Запись Эмнеге бактылуу болбой жатабыз? впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Күйөөсүнүн жана балдарынын ушунчалык сый – урматына татыган аялдын мындай бакубат жашоого кантип ээ болгондугу тууралуу баяны….

Ал аял сөзүн минтип баштады:

“Биз жолдошум экөөбүз турмуш курганыбызга жыйырма жылдан ашып калды. Ушул жыйырма жылдын ичинде бетимде жылмаю пайда болуп, жашоонун ырахатын сезип бактылуу жашаган күндөрүм аз болду. Жашообузда күн сайын уруш – талаш, акыйнек айтышмай.

Ошентип жүрүп бир күн бир китептен бир аалымдын айткан сөзүн окуп калдым. Ал мындай болчу:

“Эркек адам аялы менен болгон мамилесинде аялын жинди деп билүүсу керек, ал эми аял адам күйөөсү менен болгон мамиледе күйөөсүн жинди деп билүүсү керек”- деп, жазыптыр. Биринчи бул нерсеге акылым жетпей таң калдым. Мындай нерсе кантип эле болсун деп.

Бирок бул нерсеге көнүл деле бурбай койдум. Анткени жолдошум жогорку билимдүү, акыл эси жайында, ден соолугу жакшы эле. Үй бүлөмдү бактылуу кылуу үчүн жашоодо бардык жолдорун колдонуп көрдүм. Бирок эмнегедир тыянак чыкпай жатты. Акыры ажырашууга да аз калды. Айлам жоктугунан улам жанагы аалымдын айткан сөзун жашоомдо бир колдонууну чечтим. Мына ошондо ошол сөздү жашоомдо колдонгонума эч өкүнбөймүн. Тескерисинче кайра-кайра ушунчалык сүйүнөм.Ошол күндөн баштап менин бактылуу жашоом башталды.Анткени жолдошум экөөбүздүн арабызда ызы чуу, уруш – талаш башталганда мен өзүмдү кармап, ага теңелбей, өз ичимден өзүмдү жоошутуп кирем:

“Сен ага тенелбе ал ушундай жинди, анын ден соолугу жайында эмес, Аллахым өзу шыпаа берсин. Ал эмне дегенин өзү билбейт. Эгер анын акылы жайында болгондо бул нерсени айтмак эмес, бул нерсени кылмак эмес”, – деп.

Бир канча убакыт ушинтип өзүмдү кармап ага тен келбей жүрдүм. Албетте кээде өзүмдү араң кармандым. Бирок сабырдуулуктун баары акыры мага женишти алып келди.

Жолдошум да акыркы күндөрү ага карап сөз кайтарбашымды, ага карап акыйнек айтышпаганымды байкап жатты. Күндөн күнгө ага болгон мамилемдин сылыктыгын жана жумшактыгын сезгенин көздөрүнөн, сүйлөгөн сөздөрүнөн байкап жүрдүм. Ал да мага жылуу мамиле кыла баштады. Мурдакыдай үнүн бийик чыгарып кыйкырбай калды. Акыры барып жаңы түрмуш курган жаш жубайлардай болуп калдык.

Биздин үйдө согуштун ак байрагы көтөрүлдү. Тынчтык өкүмү сүрө баштады. “Сабырдын түбү сары алтын” – дегени мына ушул турбайбы “,-деп акылдуу аял сөзүн аяктады. Аял-эркек маселесинде ким унчукпай койсо,ошол утат.
” САБАК АЛУУЧУ ТААСИРДУУ КЫССАЛАР ЖАНА ОКУЯЛАР ” китебинен.

Запись АЛ УШУНДАЙ ЖИНДИ.. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

Аялдар баш бербеген, оолуккан заманга келип калдык, көбүнчө аялдар тоготпойт, уккусу келбейт, баш бербей басып кетиши мүмкүн. Бирок, мындай аялдарга боор ачуу менен гана мамиле кылышыбыз керек. “Укугум бар” – деп көчөгө чыгып кетүү туура эмес. Аял киши үйүндө жолдошу менен, балдары менен бакыт тапса, бактылуу болсо, чыкса болот. Үй-бүлөсүнөн таппаган бакытты көчөдө таба албайт. Мейли, эжесине, сиңдисине, курбу кызына барсын, ал бакытты таппайт. Турмушка чыккандан кийин ошол күйөөсү, үй-бүлөсү менен бактылуу болушу керек. Күйөөсүнүн сөзүн укпаган аялды эч ким тоготпойт. Көчөгө барып эч кимге уктура албайт. Тыңсынып тыкыраңданганы менен эгер күйөөсүн укпаса, анда ал аял бактысыз аял дегенди билдирет. Аялдын бактысы каякта? Күйөөсүнө баш ийгендигинде, күйөөсүнө моюн сунгандыгында, үйдөгү ынтымакты, кутту сактап тургандыгында болот. Ошондуктан айтаарым, карындаштарым, эжелерим күйөөңөрдү сыйлагыла. Жаманбы, жакшыбы, “аюу да болсо эрим бар, үңкүр да болсо үйүм бар” деген сөз бар. Ошол сиздин күйөөңүз, ошол сиздин айыбыңызды жаап турган эриңиз, ошол балдарыңыздын атасы болот. Сиз аны сыйлашыңыз керек. Ага баш бербей көчөгө чыгып кеткениңиз өзүңүздүн бактысыз экениңизден, өзүңүздү өзүңүз сыйлабаганыңыздан кабар берет. Күйөөсүн сыйлаган аялды күйөөсү сыйлайт, күйөөсүн сыйлаган аялды эл сыйлайт, күйөөсүн сыйлаган аялга Кудай Таалам ыраазы болуп, бейишине киргизет.

– Турмушка чыккан кыз кимдин сөзүн угушу керек? Күйөөсүнүнбү же ата – энесининби?

Жооп: Турмушка чыккан кыз күйөөсүнүн сөзүн угушу керек. Ата – энеси күйөө болуп бербейт. Пайгамбарыбыз (сав) айткан: “Эгерде аял кишилерге Аллахтан башкага сажда кылуу керек десе, күйөөңөргө сажда кылгыла дээр элем”. Кээ бир кыздар турмушка чыккандан кийин атасынын, апасынын сөзүн угат. Бул туура эмес. Күйөөнүн сөзүн угуу керек. Эгер күйөөң буйрук берсе, шарияттын чегинде аткаруу керек. “Чыккан кыз чийинден тышкары”, турмушка чыккандан кийин ата-энең сенин турмушуңа кийлигишпеши керек. Ата – эне сага муктаж эмес. Эгер сен бактылуу жашап жатсаң ошо маанилүү.

– Келин менен кайнененин ортосунда мамиле кандай болушу керек?

Жооп: Аялдар бир нерсени көп түшүнүүнү каалабайт. Эгер күйөөсү менен мамиле жакшы болсо, кайненеге жакшы мамиле кылбай коюшат. Күйөөсү менен бирге болуп, аны кармап калууну каалаган аял кайненеге жакшы мамиле кылып, жолун табышы керек. Ар дайым айтып жүргөнүмдөй эле, чачын өрүп, тырмактарын алып, кирлерин жууп, мончого түшүрүш керек. Шарият бизди ушуга үйрөтөт. Негизи кайненеге кызмат кылуу милдет эмес. Ислам аны буйрубайт. Бирок, аны инсаният буйруйт. Имам Сарахсинин жакшы бир эмгеги бар, анда айтат: “Эгер аялың тамак бышырбай, кириңди жуубай койсо, сен аны милдеттүү кыла албайсың, бирок сен дагы үйгө кыям, шекер алып келбей, жөн эле кара нан алып келип кой. Ал милдетин аткарса, сен дагы милдетиңди аткарышың керек”. Бул сөз жубайлар ортосунда ынтымак болуусу керек дегенди билдирет. Келиндер кызмат кылуусу зарыл. Себеби, ушул учурда үй-бүлө сакталат деген маани. Ошон үчүн кайненени жакшы көрүү керек. Эгер кайненесин апасынан көбүрөөк жакшы көргөн болсо, күйөөсүн ошону менен байлаган болуп эсептелет. Күйөөнү кармап калуу – чоң искусство. Бир кыйтылыгы ушул болуп саналат. Түлкүнүн бир сөзү бар экен: “Менин миң айла амалым бар. Эң эле жакшысы көрүнбөстүк”. Анын сыңарындай, аялдардын күйөөсүн кармап калууну эң эле жакшы айласынын бирөөсү кайненени жакшы көрүү болуп саналат. Эртең өзү да кайнене болот. Келиндер кайненеге кандай мамиле кылса, ошондой эле мамилени кийин кайнене болгондо сөзсүз көрөт.

– Аялзаттын кийими кандай болушу керек?

Жооп: Никаб – бул аял киши бетин, жүзүн жапкан кийим. Албетте, шариятыбызда милдет эмес, сүннөт амалдарына кошулат. Аял киши эки колу, жүзү ачык болуп, денесин жабуусу милдеттүү. Ошондой эле бутун да жаап жүрүүсү милдет. Кээ бирлери ханафи масхабда буту жылаңаяк жүрө берсе боло берет деп эсептешет. Бул Азирети Абу Ханифанын фатвасы. Бирок бул ошол убактагы фатва. Ал учурда бутуна байпак, бут кийим кийип жүрүүгө барынын эле мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Ошондуктан уруксат берилген. Азыркы мезгилде чоочун эркектердин көзүнчө кийип жүрүү керек. Ал эми намаз окуй турган убакта чечип коюуга уруксат берилет. Чоочун үйгө барганда да хиджабын чечпесе туура болот. Пайгамбарыбыз бул нерседен тыйган. Эгер аял киши конокко же башка үйгө барса хиджабын чечпесин, жоолугун чечпесин деген пайгамбарыбыздын буйругу бар.

– Шартка байланыштуу насыя алып үйлөнсө болобу? Кеңеш айтып койсоңуз, сураныч…

Жооп: Жок, болбойт. Сен насыясы жок эле адал карыз алып үйлөнө бер. Кийин экөөң иштеп кутуласың. Карыз алып катын ал. Карыздан кутуласың, катын жаныңда калат. Ушундай кыл, бирок насыя алба. Жашооңду арамдан баштаба. Той – сүннөт. Бир сүннөттү ишке ашырам деп арамды жасайсыңбы? Андан туулган бала эмне болот? Андай тойдун кереги жок. Айылдын молдосун, эки кемпир, эки чалды чакыр да кара корозду сой дагы жүнүн жулуп-жулуп сууга сал, бир кезден кийин шорпо даяр. Молдого 50 сом бер, айылда болот ошо. Бүттү ошо менен бир короз, 50 сом пул кетет. Махрды кийин иштеп, таап бересиң. А кечип жиберсе андан жакшы. Ар ким өзүнүн кийими менен келет, жашай бересиңер. Ал эскиргенге чейин байып кетесиңер, иншаллах. Бир кишилик ырыскы эки адамга жетет. Кийими менен эле келип, нан деле алып келбей эле койсун, сенин наныңды экиге бөлүп, шорпоңо бир аз көбүрөөк суу куюп ичип алгыла, болду. Эмнеге жашоону татаалдаштырасыңар, түшүнбөйм. Жашоо деген эң жеңил. Үй, унаа алып, карьера деп иштеп, анда катын алып не кыласың? Жашай бер өзүң менен өзүң. Аял алып же эрге тийип. Андай болбойт тууганым. Үйлөнүүнү татаалдатпагыла. Жашоону кыйындатпагыла. Аллахка сыйынгыла, ибадат кылгыла, намаз окугула, бардыгын жеңил кылыш керек. Неге кыйнайсың өзүңдү, сен кыйноо үчүн жаралдыңбы? Сен кыйнала турган, аракет кыла турган нерселер башка, тууганым. Ибадатта, илим алганда жарыш.

– Кедей болуп туруп экинчи аял алса болобу?

Жооп: Пайгамбарыбыз (сав) жумшак жана мамиледе өтө жоомарт эле. Коңшу-колоң, тууган-урук, балдары, күйөө балдары, достору, ал гана эмес аялдарына да жакшы мамиле кылат эле. Хадижа энебиз өтүп кетсе да курбуларына кой сойгондо этин берчү экен. Анан Айша энебиз кызганат эле, көзү тирүүсүндө да Хадижа, өтүп кетсе да Хадижа дегенде, пайгамбарыбыз айтыптыр, менин балдарым ошондон, деп. Азыр эркектер балалуу болгон аялдарын таштап, кетип калгандары бар. А пайгамбарыбыз өлүп калган аялынын курбуларына аялымдын арбагы сүйүнсүн деп эт жиберет эле. Бизде болсо 10 бала, 5 бала төрөп берген аялдарынын көчүгүнө бир тээп айдап кубалап ийип, анан башка катын алып алгандары бар. 2-3-4 аялга шарият уруксат берген, бирок шарты менен. Намаз окуган парз, бирок шарты менен, китеп кармайсың, бирок шарты менен. Ошол сыяктуу эки аялдын да шарты бар. Экинчи аял алып, ага кетип калып, биринчи аялын карабай, андан калса ага 3-4 жылдап талагын бербей жүрүшөт. Мындай иш арам болот. Эптей алсаң ал, колуңдан келбесе алба. Ошол бир аялыңдын эле көкүлүн сылап отур үйдө. Биринчисин кыйнап атып, экинчисин эмне кыласың. Анан дагы мен эң жардымын мага чыдайсыңбы деп. Ал макул деши мүмкүн. Аял айта берет, кайра кайта берет. Чыдайм деп, бирок кийин чыдабайм десе алып келишиң важиб болот. Ал күнөөкөр болбойт. Анан алат десе эле, чөнтөгүңө 100 доллар түшүп калса, аны батыра албай катын ала турган болуп калсаң, ал туура эмес. Азыр бекинип, жашынып алып экинчи аял алгандар көбөйүп кетти. Ал сага ойношпу. Ошо сени ойнош күтпөсүн деп экинчи аялды шарият кылган. 4-5 жылдап экинчи аялы бар экенин эч ким билбегендер бар. Экинчи аялдыкка биринчи аялынын уруксаты кереги жок дегени, аял билбесин деген сөз эмес. Эгер эркек болсоң билдирип ал, той кылып ал. Эгер даяр болбосоң алба, садагаң кетейин.

– Менин аялым көп ысырап кылат. Ысырап тууралуу бир аз баян кылып бериңизчи?

Жооп: Ысырап кылбаш керек. Бул тууралуу бир окуя айтып берейин. Арабияда бир досум бар, коон сатат эле. 10 жыл коон сатып такыр жарыбады. Кийин аялы менен ажырашып кетип, башкага үйлөндү да 2 жылда үй алды. Анан мен таң калып, кантип байып кеттиң десем, биринчи аялым берекесиз экен, экинчиси берекелүү экен дейт. Аялдын баары ушундай экен деп жүрө берип, экинчи аялыма үйлөнгөндө билдим деди. Азыркым тамакты дайыма үйдөн жасайт, а биринчиси менен жашап жатканымда көчөдөн сатып келип иччүбүз. Биринчиси ашып калган тамакты дасторкон менен алып чыгып күбүп салат эле, азыркым ченеп жасайт, ашып калса чогултуп муздаткычка салып коюп, кийинки тамактанууда жылытып берет. Анан дагы бул аялым балдарымдын баарына тамактан мурунку жана кийинки дубаны үйрөттү. Мына ушундай аялымдын берекеси менен, ысырап калбаганынын себебинен 10 жылда ала албаган үйдү 2 жылда алдым дейт. Ошол үчүн урматтуу бир туугандар, эркектин ырыскысынын кенен болушу силердин колуңарда. Ал байкуш кыйналып таап келет. Ал таап келген этти бир күндө салып жеп албастан үнөмдөн жасасаңар баары ордуна келет. Баарын тартипке салыш керек. Нанды үйдөн жасаш керек. Айтор, аял киши ысыраптан алыс болсо күйөө тапканына береке келет. Күйөө күнүнө күмүш, айына алтын таап аткан болуп, аялы сарамжалдуу болбосо анда баары бир эч нерсеге жетпейт.

– Тармактык базар интернетке тарады, кандай карайсыз?

Жооп: Албетте, тармактык базар боюнча айтылган сөздөр абдан көп. Анан мындай башка бирөөгө шылуунчулук кылып, алдап коюуга мүмкүнчүлүк көп болгондуктан, ушул себептен көпчүлүк аалымдар жалпы жолунан тармактык маркетингдин бардыгын арам деп айткандар бар. Бирок жалпы жолунан бардыгы боло берет дегени туура эмес деген басымды көпчүлүк аалымдар айтышат. Мисалы, сиз ошол тармактык маркетингде сиз алып жаткан буюм бар болуп, анан сиз аны сатып жатсаңыз, буюм адал буюм болсо, же адамдарга зыян келтирбей турган нерсе болсо, анда алып сатып, соода кылсаңыз жарай берет. Ал эми сиз бир адамды чакырып келсеңиз, анан сиз чакырып келген адамдан сизге үлүш түшүп турса бул туура эмес, анткени сиз аракет кылдыңыз, бирок сиз чакырып келген адамдан жана ал адам чакырып келген адамдан түшкөн акча, башкача айтканда үчүнчү тараптан дагы акча түшүп турганын аалымдар бир ооздон туура эмес деп баа беришет.

– Аялы күйөөсү менен айтышканы туурасында түшүнүк бериңизчи?

Жооп: Аял да, күйөө да токтоп калганды үйрөнүш керек. Биз айтып жаткан сөздөр айтканга жакшы, кыла келгенде кыйын эле болот. Бирок амал кылсаңар чыныгы бактылуулуктун даамын татасыңар. Биздеги көйгөй мына ушунда. Илгери сахабалар пайгамбарыбыздын бир сөзүнө өмүр бою амал кылышып, бактылуу болушчу экен, а биз миңдеген хадистерди угуп, текче-текче китептерди окусак да бактысызбыз. Эмнеге? Анткени, амал кылбайбыз.

Аял киши күйөөсүнө мамиле кылганда чоң балаңдай эле кара. Аны жууп, тарап турбасаң биттеп, карабасаң бомж болуп, көңүл бурбай койсоң адам катарынан чыгып калышы мүмкүн. Аны соорот, эркелет, жакшы тосуп ал. Кыйкырса, ал өзүн кожоюн сезиши үчүн унчукпай кой, коркумуш болуп койсоң “кожоюн экенмин” деп сүйүнүп калат. Ал байкушту көчөдөн эч ким тоготпойт, жумушуна барса эң акыркы, айлыгынан кыйналат, анан үйүнө келсе сен кыйкырасың. Жок дегенде үйүндө өзүн падышадай сезсин да. Бутуна тапичкесин алып келип, мойнуна массаж кылып бер, жакшы тамак жаса, балдарды “акырынгыла, атаңар уктап жатат” деп урушуп кой кичине. Ошентсең күйөөң сага ыраазы болот. Сыртынан билгизбейт, бирок ичинен сүйүнүп калат. Анткени, дүйнөдө сен гана алпештеп карап, багып жатасың. Бир кыйкырса унчукпай кал, сабыр кыл. 5-10 мүнөттөн кийин сага да ал ошондой сабырдуулук менен мамиле кылат. Иниңе келиниңдин кандай мамиле кылышын күтсөң, күйөөңө дал ошондой мамиле кыл. Кийин андан артыгыраак жообун аласың. Анын ыраазымын деп айтканы шарт эмес. Ал кечинде үйгө келип атабы, демек сага ыраазы дегендик. Анын көңүлүн тапканга аракет кыл, анткени сен аялсың. Акыл-эсиң андан ашып кетпесе да айла-амалың кырк эшекке жүк боло тургандай бар. Андыктан алдап-соолап жакшы күйөө кылып алыш сенин милдетиң. Айтышпа, айтышкандан жакшылык таппайсың, айтышуу менен эч убакта ийгиликке жетпейсиң.

– Үйлөнгөндөн кийин ортодогу сүйүү өчүп калса эмне кылыш керек?

Жооп: Аял эркектин аз сүйлөгөнүн каалайт. Өзүнө теңелишин каалабайт. Ар кайсыны айта бербей дароо ишке өтүш керек. Үй-бүлө бузулган жаман. Азыр көп учурда зордуктап кетти, минтип кетти, антип кетти деген жаңылыктарды көп укчу болдук. Анын баары үй-бүлө бузулгандан болуп жатат. Ата-энеси ар тарапка кетип, балдарын бирөөгө бактырып койгон. Сенин аялың бучук болуп, мурду көктү карап, тешигинен өпкөсү көрүнүп турса да, ал сенин балаңа дүйнөдөгү бардык аялдардан жакшы мамиле кылган аял. Сенин эриң сасып, биттеп, селсаякка айланып кетсе дагы балдарыңа дүйнөдөгү бардык эркектерден мээримдүүрөөк ата. Сага жакшы мамиле кылып жаткан эркек балдарыма да ошентет деп ойлойсуң, бирок андай эмес. Түндөгү 15 мүнөттүк ырахаттын айынан аялыңа талак берип кетип каласың. Бирөөнүн катыны бирөөнө кыз көрүнөт болуп, кээде өзүңдүкүн карабайсың да, башканын аялын, балдарын карап жаткан болосуң. Сенин балдарың кандай тагдырда калды, ага кантип жооп бересиң? Эркек, аялдын ортосунда махабат болушу шарт эмес. Бири-бирине ырайым, аёо деген болуш керек. Сенин жашооң жашоо, балдарыңдыкы жашоо эмеспи? Балдарды ойлош керек. Ал эми сүйүүнү табыш керек. Жарандык никеде жашап көрүп, жакса үйлөнүш керек деген жалган сөз. Ал атайын мусулмандарды бөлүп-жарыш үчүн капырлардын ойлоп тапкан саясаты. Сүйүү деген никеден кийин болсо беш, болбосо он беш. Ал болбосо мээрим деген бар, ошону менен жашай берет. Алланы сүй, динди, мекенди, элиңди, пайгамбарыңды сүй. Сүйүү тукум-курут болуп калган жери жок. Кыргызстанды сүй. Колдо бар алтындын баркы жок деген эң туура сөз. Жаман көрүп, күндө уруп, тепкилеп аткан сасык катының талак бергенден кийин айчүрөккө айланып кетет. Болгону сен анын колдо бар кезде кадыр-баркын билбейсиң. Болбосо анын артынан 2-3 жыл чуркап жүрүп, жатаканада жашаган болсо терезесин карай берип моюнуң үзүлүп, кыйшайып калайын деген. Кызганып, түнү менен ырларды жазып, ыйлап жаман болгонсуң. Анан үйлөнүп, колуңа келип калгандан кийин салып берген мончоң жок, жуунганга самыны жок, бетине упа, эндиги жок көркүнөн кетпегенде анан эмне болуп кетиши керек?! Сен дагы мурункудай эмес өзгөргөнсүң, анан аялым жакпай калды, сүйүү өчүп кетти деп талак бергенден кийин эки күн өтпөй үйүңдүн куту кетип, балдарың ачка калып, идишиң жуулбай үйүлүп, намаз окуганга дамбалың калбай калганда аялыңдын баркын билип, “аттиң ай” деп өкүнөсүң.

Запись Күйөөсүн сыйлаган аялды эл сыйлайт впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Үй-бүлөлүк бакыт – ар бирибиздин кыялыбыздагы нерсе. Жадакалса үй-бүлө кура электер дагы бул тууралуу ойлонбой коюшпайт. Сүйүктүү жолдошуна бакыт тартуулоо үчүн аялзаты эмне кылышы керек? Көпчүлүгүбүз бизди бактылуу кыла турган адам тууралуу кыялданабыз. Ал бакытка жетүү негизинен аялзатынын колунда экенин аңдай бербейбиз. Эгерде төмөнкү кеңештерге көңүл буруп, алардын ар бирин жашооңузда колдонсоңуз, чыныгы бактылуу боло аларыңызга кепилдик бар.
1. Өзүңүздүн аял экениңизди эсиңизден чыгарбаңыз. Бир аз алсызыраак болсоңуз, бул сизге пайда гана алып келет. Социологдор тастыктагандай, көп никелер үй-бүлөдөгү бийликти талашуунун айынан бузулат. Жолдошуңуз үйдө өзүн күчтүү сезсин. Кантсе да ал кичинекей мамлекеттин кожоюну эмеспи. Андыктан жолдошуңуз менен тең тайлашпай, кичине болсо да ийкемдүү болуп коюңуз.
2. Жолдошуңуздун жаман сапаттарын издебестен, жалаң гана жакшы жактарын издеңиз. Ал эми кемчиликтери тууралуу унутуп коюңуз. Мүмкүн болбогон нерсени өзгөртүүгө аракет кылуунун кереги жок.
3. Жөнөкөй болуңуз. Эгерде мүмкүнчүлүгү жок болсо, кымбат баалуу белектерди андан талап кылбаңыз. Аны кемсинтип айланасындагы бай адамдар менен салыштыруунун кереги жок. Андан көрө акчасын сактоого, үнөмдөөгө жардам бериңиз.
4. Сүйүктүү адамыңызга ар убак ыраазы болуңуз. Ошондо ал сизге дагы-дагы жагымдуулуктарды тартуулаганга аракет кылат. Анан да мактаганды унутпаңыз, ал анчалык деле кыйын эмес да. Эркектер аялынан мактоо укканды жакшы көрүшөт.
5. Жолдошуңуз үчүн кызыктуу болуңуз. Сүйлөшүү үчүн жалпы тема таап, аны эмне кызыктырарын билип алыңыз. Жалпы кызыкчылыктар түгөйлөрдү жакындаштырат, андыктан үйлөнбөй туруп бири-биринин билим деңгээлдерин билип алгандары жакшы.
6. Ар убак күлүп, жылмайып жүрүңүз. Жылмаюу – адамдын сулуулугуна сулуулук кошот. Ал эми ар бир эркек жанындагы аялынын сулуу болушун каалайт.
7. Жолдошуңуздун кылган ишинен кыйкым таба бербеңиз. Оор басырыктуу болуп, аныкы туура эмес болуп жаткан күндө да уруштун отун тутантпаңыз. Андан көрө талаш-тартышты токтотуп, экөөңүздөр тең тынчтангандан кийин ортодогу маселени жай олтуруп чечип алыңыздар. Кыйкырып-бакыргандан эч кандай майнап чыкпайт.
8. Ишениңиз, бирок сүйүүсүн текшериңиз. Татыктуу кызганыч сүйүүнү бекемдейт. Андыктан сизге баары бир эмес экенин сездириңиз. Ал кимдер менен мамиле түзүп, кимдер менен иштегени тууралуу биле жүрүңүз. Бирок чектен чыгып ашыкча кызганып, уруш-талашка чейин жеткирбеңиз!
9. Эркек таш эмес. Ошондуктан келбетиңизге көңүл буруп, өзүңүздү жакшы алып жүрүңүз Анын алдында жарашыктуу кийинип, дайыма жагымдуу жыттанып туруңуз.
10. “Сүйүү бара-бара өчүп жок болот” деген сөзгө ишенбеңиз. Бул туура эмес. Сүйүү убакыт өткөн сайын өсүп, көбөйүп турат. Болгону маал-маалы менен “коломтого отун таштап” турсаңыз, от жалындай берет.
11. Үй-бүлөлүк сырды сактай билиңиз. Үйдөгү маселени башка бирөөгө айтканда анын кеңеши, тескерисинче, залакасын тийгизиши мүмкүн.
12. Балдардын көзүнчө жолдошуңузга өйдө карап сүйлөбөңүз, себеби бала уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат.
13. Күйөөңүздү дароо эле күнөөлөп кирбей, актоону үйрөнүңүз. Эгерде ал сизди таарынтып койсо, “балким, ал чарчады”, “балким, анын маанайы жок” жана башка.
14. Дайыма ишенимдүү болуңуз. Айрыкча башына кыйынчылык түшкөндө колдооңузду унутпаңыз. Жолдошуңуздун жападан жалгыз жакын адамы сиз экениңизди унутпаңыз.
15. Жолдошуңуз эс алып жатканда балдардын ызы-чуу салуусуна жол бербеңиз. Үйүңүздүн дайыма таза, иреттүү болушуна көңүл буруңуз. Маал-маалы менен үйдөгү буюмдардын ордун алмаштырып туруңуз. Мүмкүн болсо бул иш менен чогуу алек болуңуздар, анткени чогуу жумуш жасоо түгөйлөрдү бири-бирине жакындатат.
16. Өзүңүздүн ийгиликтериңизди жолдошуңуз менен тең бөлүшө билиңиз.
17. Үй жумуштары менен көбүрөөк алек болууга аракет кылыңыз. Себеби жумуш жасоо стресстен арылтат!
18. Жашоодогу кайгылуу окуяларды эстебей, тескерисинче, кубанычтуу, маанайды көтөрө турган учурлардан эстеңиз.
19. Түгөйүңүздүн жумушун түшүнүүгө аракет кылыңыз. Жумуштан кеч келсе ачууланбай тосуп алып, алыска иш сапарына кетип баратса жакшы маанайда узатыңыз. Келгенде жакшы жаңылыктардан сөз баштаңыз. Сиздин аябай күткөнүңүздү, сагынганыңызды сезсин.
20. Романтика үчүн убакыт табыңыздар. Чогуу сейилдеп, жаратылыш койнунда чогуу эс алыңыздар. Мындай аракеттер чыңалуудан арылтат.

 

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Запись УЙ-БУЛООЛУК БАКЫТТЫ САКТАШ УЧУН АЙЫМДАРГА КЕНЕШ: впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


       Кайсыл жерде болбосун,ыйман өзүнүн бийиктиги менен жогорку тепкичте турат. Ыймандуу,күйөө,ыймандуу аял,ыймандуу ата -эне,ыймандуу бала эч качан жер караган эмес, ыйман -адамзаттын даражасын көтөрүп башкалардан айырмалап турат. "Эң бай адам -ыймандуу адам "дегендей,  ыйман ичинде биз адамдарга керек болгон, эң биринчи адеп -ахлак,тазалык,мээримдүүлүк,сабырдуулук,кечиримдүүлүүк,сый-урмат,камтылган.  Эгерде адамзат ушулар менен жашаганда эч качан адашуу,түшүнбөстүк,өкүнүчтүү окуялар болмок эмес. Ушул "ыйман "деген табылгыс каражатты,же сыйкырдуу даарыны аялзатына эң керектүү деп эстептейт элем. "Ыйман "эгер билсек аялзатына абийирин жапкан кийим, жан дүйнөсүн тазалаган тамак болуп берет деп айтаар элем. Ыймандын фундаменти диндин босогосуна кадам таштоонон башталат. Дин ичиндеги мыйзам,тыйулар менен адамзат өзүн ыймандуулукка тарбиялайт. "Жакшы аял диндин жарымы "дегендей дин менен жашаган аялзаты үй -бүлөөнүн берекесин ашырып,бактылуулукка себепчи болот.

Эрекек тышкы тон аял ички тон, үй -бүлөөдө эркектин таап келгенин аял туура пайдаланып,туура колдонсо,ата -эне,күйөө,балдар алдындагы милдетин билип,эмне арам,эмне адал айрмалап  турса жашоодо үй -бөлөөсү бузулган үй -бүлөөлөр аз болоор эле. Айрыкча азыркы өнгүп жаткан заманда, ыйманга суусап турган чагыбыз. Изилдөөлөрдүн натыйжасында эң өкүнүчтүүсү үй -бүлөөсү бузулуп,ажырашкандар,бузукулар ,ар намысын жоготкон кыз -жигиттер көп катталууда, бул көрүнүштөрдүн себепчиси ыймандын жоктугунан болуп жатат.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) "Тозокто эң көп аялдар болуусун "көргөнүн айткан. "Кийими бар бирок жылаңач сыяктуу "деп азыркы биздин коомдогу аялзатын айтып өткөн. Ошондуктан аялзаты ойлонуу керек,ыймандуу эне,ыймандуу,эже,ыймандуу кыз болсо үй -бүлөөнүн, деги эле коомдун ажары,абийири, күйүп тураган нуру болот эле.

Эгер бир даракты олтургузуп аны канча карабаңыз,тамырын суугарып,жумшартып,даарылап сактабаңыз,аны көгөртүп жетилүүсүнө тийип турган,нурун чачакан күн болбосо ,ал эч качан көктөбөйт да,жашылданып мөмө да бере албайт. Ошосыңар аял затына канча жакшылык кылбаң,анда нурун чачкан ыйманы болбосо үйдүн ичин караңгылык каптап,үй -бүлөөнүн бузулуусуна ,чыр-чатактын чыгуусуна алып келет.
Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Дүйнө ырахаттардан турат. Дуйнөнун эн жакшы ырахаты такыба аял!" (Муслим)
Такыба аял адегенде Аллахтын алдындагы жоопкерчилигин, андан сон жолдошунун алдындагы жоопкерчилигин сактоого умтулат.
Такыба аял уйуно байланат. Сыртка эч бир муктаждыксыз көп кирип-чыкпайт.
Такыба аялдын камы өзүн кароодо, үй ичин сарамжалдуу кармоодо, балдарын тарбиялоодо болот.

Такыба аял үй-бүлөсүнүн ынтымак-ырашкердикте жашоосу учун аракетте болот. Намазын, орозосун, зикирлерин жан дили менен отойт.
Такыба аял Кудай Таалам ага берген ырыскысына ыраазы болот.

Устазыбыздан бир шиңгил үй -бүлөөлүүлөргө сабак болчу окуя.   Менин бир досум бар эле  ал өзү соода кылып иштечүү. Тапканынын эч берекеси жок болчу, болбосо соодасы аябай жакшы болчу.  Кийин ал аялы менен келишпей ажырашып кетти жана байыпта кетти, анын сырын сураганымда  мындай деп айтып калды: "Досум үй -бүлөөдө ырыскынын,берекенин келүүсүнө да кетүүсүнө да аял себепчи экен. Мен аны экинчи аял алганымда билдим, биринчи аялым тапканымды ысырап кылып, туура эмес пайдаланып төгүп -чачып акчаны дегиле жашоого керек болгон нерселерди үнөмдүү колдонбогонунан менин тапканымда эч береке болбой учуп жаткан экен. Азыр Аллахка шүкүр жашоом оңолуп экинчи жубайым үнөөмдүү экен баары жакшы болуп, колду адамдардын катарына кошулуп калдым "-деген экен..  Ошондуктан үй -бүлөөнүн бекемдүүлүгүнө,бактылуулугуна көбүнчө аялзаты себепчи болот. Анын ыйманы,адеби -ахлагы,тазалыгы,сарамжалдуулугу,балдарга берген тарбиясы, күйөөсү,ата -эне,туугандарга болгон сый -урматы үй -бүлөөнү нурга бөлөп, берекеге бөлөйт.
"Аял жакшы эр жакшы ","эрди эр кылганда аял, жер менен жексен кылганда аял "деген сөздөр бекеринен айтылган эмес.

      ӨЫймандуу аялга ыймандуу эркек дегендей албетте үй -бүлөөдө эркек ыймандуу болуусу керек. Бул тууралуу куранда Аллах Таалам мындай деген: «Ырасында мусулман эркектер жана,мусулман аялдар,момун эркектер дана момун аялдар,мюун сунуучу эркектер жана моюун сунуучу аялдар,чынчыл эркектер жана чынчыл аялдар,сабырдуу эркектер жана сабырдуу аялдар,ыкластуу эркектер жана ыкластуу аялдар,садака берүүчү эркектер жана садака берүүчү аялдар,орозо кармоочу эркектер дана орозо кармоочу аялдар, уяттуу жерлерин (арамдан) сактоочуу эркектер,уяттуу жерлерин( арамдан) сактоочуу аялдар,Аллахты көп эстөөчү эркектер жана Аллахты көп эстөөчү аялдар үчүн Аллах кечрим жана зор сыйлык даярдап койду » (33:35)..

Насиба Абдуллаева.

© "БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ".

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Аллах Тааланы жакшы көрөсүңбү? деген суроого кайсы эле мусулман пендеси болбосун экиленбей туруп ооба деп жооп берет. Бирок бул сөздөр тилибиздин учунда гана айтылууда. Мусулман деген эле аты болбосо толук мусулмандар саналуу гана. Аллах Тааланы сүйүү -бул ыйман келтирүүдөн башталат. Ыйманың толук болгон болсо Аллахка болгон сүйүүңдүн далили.Пайгамбарыбыз (саллАллоху алехи васаллам) айтты:

«Кимде үч сыпат болсо ,анда ал ыйман ыраахатын алат. Алла жана Анын элчиси ал үчүн баарынан сүйүктүү болсо-Эгерде бир адамды жакшы көрсө Аллах үчүн гана жакшы көрсө. Алла аны куфурлуктан сактагандан кийин кайра ага кайтууну -Отко ыргытылганды жаман көргөндөй жаман көрсө »(Имам алъ Бухари:Имам Муслим) ..

«Ким Аллахка Анын элчисине моюн сунса ,албетте, ошол зор ийгиликке жетишет»(Азхаб:71) …

Биз Аллах Тааланы жакшы көрү үчүн Анын бизге жөнөткөн Пайгамбарын ,парз,сүннөт жолдорун тутунуп ишке ашырсак ошондо Аллахка болгон сүйүүбүздү далилдейбиз..

«Айт! Эгер силер Аллахты сүйсөңөр анда мени ээрчигиле ошондо Аллах силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет.Аллах Кечиримдүү,Боорукер»(Аали Иамран: 31)..

ЭГЕРДЕ БИЗ АЛЛАХТЫ СҮЙСӨК..

Абу Хурейро (роди Аллоху анхудан) : Алланын Элчиси айтты:”Алла Таала мындай деп айтты:«Ким менин досум менен душман болсо аны менен Мен душман боломун. Менин кулум мага жакындоо үчүн дин жолунан кымбат эч нерсе таба албайт! Менин сүймөнчүлүгүмө ээ болмойунча буйруктун чегинен ашып кеткен (нафил ыктыярдуу) аракеттепди жасай берген кулум Мага жакындаша алат. Мен сүйгөн кулума уга турган кулак,көрө турган көз,тута турган кол, баса турган бут болом. Эгер ал Менден бир нерсе сураса Мен албетте сураганын берем. Эгер ал Менден калкалоочу жай сураса Мен албетте ага жай берем»(Бухариден) ..

АЛЛАНЫН КЕЧИРИМИНИН КЕҢДИГИ..

Анас (ради Аллоху анху) нун айтымында: Алланын Элчиси айтты: ” Кудуреттүү Алла айтты: « О,Адам уулу сен Мага жалбырап турган жана Мага кайрылып тилеп турган учуруңда Мен сини кылгандарыңдыкечиремин жана Мага баари бир. О,Адам уулу ал турсун ,эгер сенин күнөөлөрүң асмандагы булуттарга чейин да жетсе, анан сен жалбарып кечирим сурасаң Мен сени кечиремин.
О,Адам уулу,эгер сен Мага жердин чоңдугундай күнөөлөрүң менен келсең да,бирок Мага эч кимди шерик кылбасаң(Алладан башка Кудай жок деп ишенсең) Мен сага ошончолук магфират (кеңчилик -кечирим) беремин »(Тирмизиден) ..

АЛЛАХ ТААЛАНЫН БООРУКЕРЛИГИ..

Ибн Аббастан (Алла экөөнө тең ыраазы болсун): Алланын Элчиси айтып келтирген сөздөрүндө кудуреттүү Алла Таала тарабынан мындай деп айтылган:

«Акыйкатта Алла Таала бардык жакшы жаман иштерди жазып койгон,анан муну мындайча түшүндүргөн: «Эгер кимдир бирөө жакшы иш иштейин деп ниет кылып,бирок аны аткаралбай калса Алла Таала муну жакшы иш деп жазып алат. Эгер кимдир бирөө жакшы иш жасайын деп ниет кылып ,аны аткарса Алла Таала муну ондон жети жүзгө чейин,андан да ашыгыраак жакшы иш катары жазып алат. Эгер кимдир бирөө жаман иш жасайын деп ниет кылса, аны жасабаса Аллах муну жакшы иш катары деп жазып алат. Эгер кимдир бирөө жаман иш кылам деп ниет кылса, аны иштесе муну Аллах жаман иш деп жазып алат »(Бухари жана Муслим сахиктеринен) ..

Ушундай Улуук, Кудуреттүү, Кечиримдүү,Боорукер, жакшы көрүүсүнүн чеги жок Раббымды эмне үчүн жакшы көрбөйбүз?
Биз үчүн баарын жаратып, кооздуктарды тартуулап ,бизге жашоо берген ,жоктон бар кылып жараткан,бул дүйнө,аркы дүйнө бакытын тартуулаган Раббымды эмне үчүн жакшы көрбөйбүз?
Чеги жок ырыскы,нээматтарын жегиле,ичкиле жашагыла курсанчылыкта деп жашоо тартуулаган Раббымды эмне үчүн жакшы көрбөйбүз?

Биз дагы эле уйкудабыз ойгоно элекпиз, Аллахтын акыйкатын көрүп билип,сезип турсак да кайдыгер карап келебиз, Аллах болгон сүйүүбүз далилибиз кайда? Качан далилдейбиз?

Эгерде чынында Аллах Тааланы сүйүп жашаймын десең төмөнкүлөрдү ишке ашыруу керек:
Ширк келтирбестен жалгыз Аллах Таалага гана ибадат кылуу,өкүм-буйруктарын аткаруу,ысым -сыфаттары менен Ага кайрылуу ,Пайгамбарыбыз (саллаАллоху алейхи васаллам) дын сүннөттөрү менен,өкум буйруктарына,толук моюн сунуу,баардык жакшя иштерди Аллахтын ыраазычылыгы үчүн кылуу…

Эгерде биз Аллахты сүйүп Анын Пайгамбарын ээрчип жашасак,Аллах биздин жүрөгүбүздү жалаң жакшылыктарга ачып коёот,күнөөлөрүн кечирет,ырайым кылат,иш -аракеттерине тууралык салат.
Эч качан Пайгамбарды тааныбай тууруп Аллахты сүйөм деп айтууга болбойт,анткени Аллах Пайгамбарлар аркылуү өкүм -буйруктарын жөнөткөн. Ошондуктан Пайгамбарыбыз Мухаммед СаллаАллоху Алейхи Васалламды жакындан таанып, аны сүйүп жашайлы. Аллах Таалам:

” Пайгамбарды кимде -ким сүйүп,ээрчип жашабаса бейиштен үмүт кылбай эле койсун”-деп айткан…

Насиба Абдуллаева,

www.formula.kg


December 01, 2015 at 03:48PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Адам баласынын турмушунда максатсыз жашоо болбосун жакшы түшүнөбүз. Башка жаныбарлардан, тирүү жандыктардан айырмаланып, адам баласы максатсыз жашабайт. Жашоодогу максатыбыз көпчүлүк учурда бактылуу болушту самайбыз. Бакыт өзүнөн өзү келбейт. Бактылуу болушту кааласаң ага адал оюң, ак тилегиӊ, ак эмгегиң, ак ниетиң менен аракет жасасаң ага жетээриң бышык.

Убакыт өткөн сайын, учурунда болуп өткөн урунтуктуу окуялар жүрөк сезимиңде тарых барактары катарында түбөлүк сакталып кала берет. Бул жалган сыноо дүнүйөгө кимдер гана келип, кимдер өтпөгөн. Жараткан ар бир пендеге ар түрдүү тагдырды насип кылып, бирине түйшүктү жүктөсө, кээ бирөөсү түйшүктөн кабары жок турмуш өткөрөт. Бардык нерседен өлүм улук экенин унутуп, тирүүлүктө түмөн түйшүктөрдү баштан өткөзүп, артыңда эсте калаарлык эч нерсе жасабай бул дүйнө менен коштошуп кеткендер канча?

Жашоо өмүрүн максат-тилек менен өткөрүп, жасаган иштери, элге болгон ак, адилет, калыс мамилеси, камкордугу менен өмүрүн өткөзгөн адамдардын артында жылуу сөз, тунук ой, таза пикирлер аңыз болуп айтылып элдин сезиминде, жүрөк түпкүрүндө сакталып калаарын кээ бир айкөл адамдардын басып өткөн жолу айгинелеп туураарына күбөө болуп жүрбөйбүзбү. Ыйман ызаат, ата-бабалардан калган нарк дөөлөттү сактап жашоо бул айкөлдүк эмей эмне. Адам баркын адам билет дегендей, элге жасаган адал кызматын, эл унутта калтырбай эскерип, муундан муунга өтүп элдин жүрөк түпкүрүндө сакталып калаары бышык. Табияттын табышмактуу мезгили ɵтүп кеткенден кийин, өкүнгөн менен өткөндөрдү ордуна келтирүү оңой болбой калат. Ошондуктан ар бир нерсени убакытка уттурбай, убагында жасап калуубуз зарыл.

Адамдар ортосундагы мамилелер сый урматка негизделип, пейил тарытпай, адам көӊүлүн оорутпай жасаган мамиле тасирдүү болуп түбөлүк эс тутумуӊда калаары шексиз. Мындай мамилелерге негизделген жашоону бактылуу турмуш десек жаӊылышпайбыз.
Жеке кызыкчылыкты, оӊой олжону ойлоп дүнүйөнүн, мансаптын кулу болуудан алыстап, ак эмгек, таман акы, маӊдай тер менен тапкан жашоо тиричиликке эмне жетсин!
Замандын өйдө ылдый болгонуна байланыштуу чоң кызматтарда иштеген тааныш тууган-туушкандардын, куда-сөөктөрдүн колдоосу менен убактылуу кызматка келип, мансапка ээ болуп өздөрүн бактылуу сезип, кулк-мүнөзү таңкаларлык деңгээлде терс жагына бурулуп, өзгөргөндөр жок эмес. Дарамети жок болсо дагы, утурумдук бийликтин ичи койнуна кирип ар кандай жолдор менен, айла-амал менен кызматка орношкондордон жана кызматты сатып алгандардан кур эмеспиз. Бирок тагдырды сатып ала албайсың.

Мансапка жеткенде акыл токтотпой текеберчилик кылып, эл менен эсептешпей, билимдүү тажрыйбалуу адамдардын айткандарын көкүрөккө түйүп калбай, кулак сыртынан кетирип, көзү ачылбай өзүм билемдик өкүм сүрүп, тагдырга маани бербей жүргөндөр көп эле кездешип жүрөт. Ошондуктан тагдырдын бакыт нурун чачкан жүзүн көргөндө жарылбай, сүйүнүчтөн ашып-ташыбай, ага манчыркап калбай жашоо, бактылуу турмушту баалай билүү болуп саналат. Ал эми тагдырдын муздак борошон менен келген караңгы бетин көргөндө, мүңкүрөп муңайбай көтөрө билүү акылдуулук.

Тийиштүү билим, такшалган тажрыйба болбосо эл менен камыр-жумур болуп, эл кызыкчылыгын көздөп иштеп кетүү сейрек кездешет. Мындай кызматчылардын ишмердигин эл тез аныктап, ойлорун ортого салып, эл ичинде адилет баа берип, кезеги келгенде аларды ордуна коюп жүргөнүн билбейбизби? Мындай элдин купулуна толбогон эл кызматында жүргөндөрдү убагында ордуна коюп туура жолго салбаса аягы өкүнүчтүү, кайгылуу окуялар менен бүтөөрүнө көп эле күбөө болуп жүрбөйбүзбү.

Адамдын кулк-мүнөзүнө, намысына, ишмердигине, иштеги топтогон эл ичиндеги аброюна жараша тажрыйба топтолот. Өмүр тагдырың Жараткандын колунда болсо, жашоо тагдырыңдын бир учугу өз колуңда. Адал оюң, ак эмгегиң, чын пейлиң менен ишке болгон мамилең болбосо сага келген дөөлөт түбөлүктүү болбошуна ишене бергин. «Мээнет жалпак, бакыт тоголок», -деп айтылгандай келген бакыт-таалайды акылдуулук менен көтөрө билип, ардактап асырай албасаң андан ажырап калуу каш-кабактын ортосунда экенин көп эле жолуктуруп жүрөбүз. Улуу Жараткан адам баласына бакытты байлык, бийлик, мансап ж.б. аркалуу сынак кылып берээрин унутпайлы.

Аллах Таала айтты:

«Раббысы инсанды (байлык) менен сынап, ага жоомарттык көргөзсө жана нээмат берсе «Раббым мени урматтады» – дейт. Ал ъми, аны (кембагалдык менен) сынап, ырыскысын ченеп берсе, «Раббым мени кордоду» – дейт» (Фажр: 15-16)

Бай болгондо, бийлик келгенде, аны Кудайдын сыноосу катарында кабыл алып, аны туура пайдаланып, адамдык бийик сапатты сактап калбасак, бул жакшылыктардан ажырап калганыбызды, ал колдун кириндей жуулуп кеткенин өзүбүз дагы сезбей калышыбыз мүмкүн.

Жараткандын жазасынан коркуп, келген бакытты көтөрүмдүүлүк, токтоолук, сабырдуулук, айкөлдүк менен асырабасаң андан тез эле ажырап каласыӊ. Ал ар түрдүү кырсыктар, оору-сыктоолор аркылуу да келиши мүмкүн. Убагында жасалбай, убакытка уттуруп ийген учурду кайтаруу кыйынга туруп калат.

Алдыга албан максаттарды коюп ага жетүүнүн жолун, Кудай көрсөткөн жолдон чыкпай, Пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) берген таалим-тарбиясы аркылуу аракеттенсек ошол максаттарга сөзсүз жетишебиз.
Жаман-жакшылыктарды башынан көп өткөзгөн Чоң атам Ызак –

«Өзгөлөргө, башка адамдарга канчалык көп кубаныч алып келип, алардын кубанычы аркылуу өзүңдү бактылуу сезсең мындан артык бакыт барбы», – деп айтаар эле.

Өмүрдүн баркы сенин ордуң, адамдарга жасаган жылуу мамилең менен аныкталат. Эч ким жалгыз жашоого мүмкүн эмес. Ошондуктан: Бакыт айланаңдагылар менен болгон мамилеге байланыштуу. Жылуу мамиле оор кезди жеңилдетип, жашоону жагымдуу кылат. Кыйынчылыгыңды бирөөгө айтсаң жеңилдеп калаарыңды ар бир адам башынан өткөрсө керек. Ошондуктан аны айтыш үчүн дагы жылуу мамиледеги адам керек. Жылуу мамилени ар бир адамга аны акыркы ирет көрүп жаткандай экинчи ирет көрбөй калчудай мамиле жасасаң ортодогу мамиленин жакшыраарында шек жок. Ошол эле убакытта адамга чоң ишенич болуш керек. Ишенүү бакыттын пайдубалы. Ишенимсиз мамиле узак болбойт. Ишенүү жан дүйнөнү күмөнсүнүүдөн, кабатыр тартуудан, тынчсыздануудан, коркунучтан сактайт.

Бактылуу болууну ар бир адам каалайт, ага жетүүнүн жолун издейт. Адам баласы ден соолугу таза, алты саны аман эсен тɵрɵлгɵндɵ эле ата-энесине бактылуулукту тартуулап, бактылуу турмуштун башталышын башынан ɵткɵрɵ баштайт. Анын кийинки турмушунун бактылуу болушу ага берген тарбиядан, алган билиминен, жашаган коомдон, айлана чɵйрɵдɵгү байланышкан адамдардын тийгизген таасиринен, үй-бүлɵдɵгү мамилелерге дагы байланыштуу болоору күмɵн туудурбас.

Бактылуу болуу кандай экендигине ой жүгүртүп, сɵз менен түшүндүрɵ алгыз сезимдерди ой сезимиӊден ɵткɵрүп бүтɵ албайсыӊ. Жашоодо кээ-бир учурларга байланыштуу болгон окуяларга, жасаган иштериӊдин жыйынтыгына канааттануу менен, байланышкан адамдардан алган жылуу мамиле-сезимдердин негизинде, балдарыӊдын жетишкен ийгиликтери, алардын ата-энеге жасаган мамилелери, дегеле койчу толуп жаткан жагымдуу учурлар менен ɵзүӊдү бактылуумун деп эсептесеӊ болот. Бирок жашоо турмушуӊ нечендеген санаа чектирген жат кɵрүнүштɵр, уккан жагымсыз сɵздɵр, кɵӊүл ооруткан кɵрɵалбастык менен жасалган мамилелер, ар-кандай ишке байланышкан уйкусуз түндɵр менен бирге болоору адам баласы үчүн оӊойго турбаган иш. Ɵзүӊдү бактылуумун деп эсептегениӊ менен жогорудагы жагымсыз учурлар түйшүккɵ салып, жүрɵк түпкүрүндɵ сакталып кала берет.
Бактылуу болууга жүгүрткɵн ой-толгоом пайгамбар жашынан ɵткɵн жашоо турмуштагы ɵткɵргɵн тажрыйбадан алган ой-пикирлеримдин жыйынтыгы сыяктуу эсептелет.

Ушул убакыттын ичинде ɵз бактыбыз үчүн талыкпай эмгектенип, жасаган аракеттерибизге аралаш ɵткɵргɵн, түрдүү оор кɵрүнүштɵргɵ жык толгон нечендеген ай-күндɵрдү кɵз алдымдан чубатып кɵп ɵткɵрɵмүн. Жашаган ɵмүр дээрлик бир кылым болсо дагы тарых ɵлчɵмү менен алганда бул кɵз ирмем убакыт турбайбы.

Жүз жашка чыгып бул дүйнɵ менен коштошоорго жакындаган адамдан:

-Жашап ɵткɵн бир кылымдык ɵмүргɵ кандай баа бересиз? -деп сураган суроого:
- Бул ɵмүр мен үчүн үйдүн бир эшигинен кирип, бир эшигинен
чыгып бараткадай эле сезилип жатат, - деп жооп берген экен.

Кɵрсɵ адам ɵмүрүндɵгү бир кылымдык убакыт бул деле кɵз ирмем убакыттай сезилгени менен, анын баалуулугу ушул убакытта эмне менен алек болдун, кандай ийгиликтерге жетиштиӊ, акырет үчүн кандай кам кɵрдүӊ, кимдер менен байланыштыӊ, кимдерге жардамыӊ тийди, коомдогу ээлеген ордуӊ, сага жалпы элдин берген баасы ж.б.у.с. ɵлчɵмдɵр менен ɵткɵн ɵмүрдүн аз-кɵптүгүн ɵлчɵсɵ болот турбайбы.

Демек ɵткɵргɵн ɵмүр ɵлчɵмү, убакыт менен эмес андагы жасалган жакшы иштер менен ɵлчɵнɵɵрүн ар бирибиз билишибиз зарыл. Жашообуздун бактылуу деп бааланышы бул Улуу Жараткан кɵрсɵткɵн жолдор менен жашап ɵтүүгɵ умтулуу деп түшүнɵм.

Келечектеги биздин урпактардын жашоосу, ата-эненин, үй-бүлɵɵңдүн, коомдун берген тарбия таалиминен башталат. Тарбиянын туу чокусу ыйман, Улуу жараткандын кɵрсɵткɵн жолу менен тарбиялоо.

Ислам дини жер жүзүнɵ таркала баштаган убакыттан бери 1435 жылдан ашык ондогон жүздɵгɵн жылдар өттү. Мезгил оошуп, нечен заман алмашты. Жүз элүү жылдай орус калкы менен аралаш, ирегелеш жашадык. Тилин үйрөнүп, сырын тарттык. Ата бабаларыбыз калтырган ыйык мурастарын, башкача айтканда ыйман туурасында, ата-бабаларыбыздан калган үрп адат, каада-салттарыбызды, астейдил мамилелерди азда болсо азыр да жерде калтырбай улантып келатабыз.

Ошону менен бирге тууган-туушкандар, мусулман боордоштор менен байыртан бери жайсак дасторконубуз, ичсек чайыбыз чогуу болуп келгенин мындан ары дагы улантсак жаман болбос эле. Мындан бир-бирибизге болгон бир туугандыгыбыз ашса ашып, бирок эч бир убакытта кемимек эмес. Тууган-уруксуз, карым-катнашсыз ынтымагы жок жашоо толук эмес, муну тарых тастыктады. Кудай ынтымак-ырашкерчиликти Кыргызтандын элине түбөлүк кут кылсын!

Ар бир адамдын жашоо-турмушунда, ɵткɵргɵн ɵмүр бул тарыхтын кɵп кырдуу барактарынан түзүлүп, ар бир адамдын жашоо турмушу ал тарыхтын ɵзүнчɵ бир кайталангыс барактарын түзɵɵрү шексиз. Жашоодо ар түрдүү адамдар менен кездешесиӊ, акыл бɵлүшɵсүӊ, турмуштун түрлүү кыйынчылыктары менен бирге кубанычтарды дагы бирге бɵлүшɵсүӊ. Бирɵɵ туура түшүнүп, жетишкен ийгиликтериӊди ɵз ийгилигиндей кабыл алып канааттануу менен мамиле жасаса, оюӊа ой кошсо экинчисинен кɵӊүлүӊ калган учурлар дагы болбой койбойт.

Бирок жашоо турмушунда кɵӊүл кубанткан бактылуу орчундуу учурларды, кубанычыӊды жакын санаалаш адамыӊ менен бɵлүшкүӊ келет. Себеби кайталангыс жана унутулгус учурларда жаныӊда жакын санаалаш адамдарыӊ болмоюнча ал маӊызсыз болуп калаарында күмɵн болбос. Мына ушундай учурларды, жакшылык менен жаманчылыктарды бирге ɵткɵрүү үчүн менин тагдырымда жакшы жолдоштордон Улуу Жараткан кур калтырган жок. Алардын ар биринин атын атап олтуруунун кажети жок. Алар аны ɵздɵрү жакшы билишет.

Эки дүйнɵдɵ бактылуу болуунун жолун издесек, Ислам динине ишенүү менен бирге Аллах Таала кɵрсɵткɵн жолдорунан чыкпай жашап, бул дүйнɵ жашоосунда Жараткандын буйруктарын так аткарып, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) кɵрсɵткɵндɵй жол менен жашасак адашпайбыз.

Ден соолукта болуп, алты саныбыз аман, буту- колубуз соо туруп, Кудайдын аткарууга милдетүү болгон буйруктарынын бири намаз окууга мүмкүнчүлүк болгонуна топук кылганыбыз, ыраазы болгонубуз дурус болоор. Ушуга байланыштуу болгон бир окуяны айта кетейин.

Дубай шаарына чоӊ мекеме-уюмдун чакыруусу менен барып калдык. Чакырган жактын ɵкүлү Сыдык деген адам менен шаарды кыдырып таанышып жүрүп, деӊиз үстүндɵ салынган абдан кымбат чоӊ мейманкананын жанынан ɵтүп бара жатып, майып, кɵзү сокур бир адамды коляскага олтургузуп сүйрɵп баратканын кɵрүп, дароо токтоп ага карап саламдашты. Ал ɵтүп кеткенден кийин бизге кайрылып:
-Карагылачы мына бул адамга. Бул кишиге ата энелеринен мурас катарында жүз миллиондогон байлык калган. Ɵзүнүн байлыгы дагы абдан кɵп. Мына ушу кишиге; сага бутуӊду ордуна келтирип, эки кɵз берели, сен болгон байлыгыӊды бер десе жок дебейт эле, туурабы!? А биз болсок бардык мүчɵлɵрүбүз аман туруп Кудайдын бизге берген чексиз байлыгына шүгүрчүлүк кылабызбы? Буйруктарын аткарабызбы? Жок, биз болгон байлыгыбызга «Колдо бар алтындын баркы жок» болуп баа бере албашыбыз мүмкүн. – деп улутунуп алды.

Улуу Жараткандын буйруктарын аткарбаган, кɵрсɵткɵн туура жолу менен жашабаган адам, жашоо турмушунда ар түрлүү кырсыктарга кабылып, түрдүү кордуктарды башынан ɵткɵрүп жатканына маани бербей жашоосун ɵз билгенинче ɵткɵрɵ берет.
Чындыгында бардык мүчɵлɵрүбүз аман туруп, эки рекет намаз окуп Аллага шүгүрчүлүк айтып, анын буйруктарын аткарып жатабызбы? Жок. Тегерек четибизге кɵз жүгүртсɵк, акыл калчасак канча деген адамдар ушул эле убакта оору-сыркоонун азабынан тɵшɵктɵ жатып, багууда болуп, ɵзү тамактана албай жаткандар канча? Акыл-эстен адам сапатынан ажырап, үй-жайсыз ар кайсы жерде тентип жүргɵндɵрдү кɵрбɵй жүрɵбүзбү?

Бизге Кудай берген байлыкка ыраазы болуу менен бирге, Анын буйруктарын аткаруудан баш тартууга кандай баа берүүгɵ болот. Мүмкүн жалкоочулуктур? Кудай сактасын, эгер биз бир күнү бизге буюрган мүмкүнчүлүктɵн ажырап калсак, ɵкүнгɵнгɵ кеч болуп калбайбы?

Бул турмушта ишеним менен жашоо биздин жашап жана жасап жаткандарыбыз Улуу Жараткан кɵрсɵткɵн жолго туура келээрлигинин далили катарында каралышы керек. Адам болгондон кийин ар бирибизде татыктуу жашап бактылуу турмуш ɵтɵɵгɵ аракет болорунда күмɵн болбос. Ɵмүрүнүн маани-маӊыздуу болушун кɵздɵбɵгɵн, бактылуу болушун каалабаган адам жок экендиги талашсыз эмеспи. Кɵпчүлүгүбүз бакытка жетиш үчүн эмне кылыш керектигин жакшы билебиз, бирок ага жетүүнүн жолунун артынан түшүп аткарууга эркибиз жетишпейт. Колу-бутубуз кишенделип калгандай абалда болобуз. Кɵздɵгɵн максатка жетпей калсак ага чекит коюга ашыкпайлы. Артынан түшүп, жолун издейли. Ар бирибиз максатыбызга жетүүнүн аракетинде бололу. Ошондо гана ага сɵзсүз жетебиз.

Жашоодо эмне иш жасадык, эмне жараттык, ɵзүбүздɵн кийинкилерге эмне калтырдык, булардын баардыгы ойлондурчуу нерсе.
Кызматта иштеп жүргɵн учурда, кызматтагы адамдар мен муну жасадым, аны жасадым деп айта беришет. Бирок эмне жасаганыбызга бааны кɵпчүлүк эл бергени жакшы. Менин ɵзүмдүн баамымда ɵткɵн турмушка кɵз чаптырсам, кɵп нерсени жасаганга үлгүргɵн жокмун. Тийиштүү шарт дагы болгону жок. Турмуш деген улана берет экен. Азыркы жаш муундарга туура билим, тарбия, үлгү, насаат берилсе жасалбай калган иштерди улантып кетээр деп ойлоймун. Ыйман болбой жасалчуу иштердин жыйынтыгы дагы болбойт.
Ыйман, ынтымак, ак дил, ак ой, асыл максат болбой ийгилик дагы болбосун кɵӊүлүбүздɵн чыгарбайлы.

Жарык дүйнɵгɵ келгенден кийин, биз жашоо тарбиясын ата-энебизден, бала-бакчадан, мектептен, атайын орто жана жогорку окуу-жайлардан, ошондой эле жашаган чɵйрɵдɵн алабыз. Биз алып жаткан тарбия Алла Тааланын кɵрсɵткɵн жолуна, Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) жашоосуна окшойбу, же ɵз билгенибиздей жашоо турмушту ɵткɵзүп жатабызбы? Кеп мына ушунда!

Коомубуздагы ар бир инсандын, улуттун кызыкчылыгы үчүн болгон аракети ички ыйман сезими менен күчтүү болсо гана, анда анын руханий мансап дөөлөттөрүн бүткүл дүйнөгө таркатуунун түрдүү жолдорун издөөсүнө көмөк түзмөк. Мүмкүн ошондуктан ыйман маселесин балдарыбызды тарбиялоодо өзгөчө маани берип, бул баалуулукту кимге болсо дагы түшүндүрүүгө аракет жасасак жаман болбойт эле.
Ыйман, жашоодо биз ойлобогон жетишкендиктерге, ийгиликтерге жеткизет. Анын кандай учурда кандай шарттарда келгенин өзүбүз дагы сезбей, билбей калабыз. Ыйман жанга ырахат берет, жүрөгүбүздү нурлантып, рухубузду азыктандырат, зыяндуу нерселерден ажыроого мүмкүндүк берет.
Жакшы нерседен үмүт кылсак ички дүйнөбүздү тазалап, күмөн саноодон арылып, руханий байлыгыбызды арттырып, жашоодогу туруктуулукту калыптандырган күч пайда болоруна күбөө болобуз.

Жасаган ишибиз Алла Таала кɵрсɵткɵндɵй ак пейилден, ак дилден, кɵӊүл коюлуп аткарылса ал ɵзүбүзгɵ дагы , башкаларга дагы кубаныч, ырахат таруулайт.
Арам ойдон, арам иштен, арам деп аталган азыктардан алыс болуу, башкача айтканда мас кылуучу ичимдиктерди ичпɵɵ, баңги заттарга жолобоо, кумар ойноодон алыс болуу, ууру кылбоо, ушак сɵздɵрдү сүйлɵп, адамдардын арасында чыгымчылык жасабоо, бирɵɵнүн адал эмгеги менен тапкан акыларына кыянаттык кылбоо, сүткорлукка жол бербɵɵ, убадага бекем болуп, аманатты так аткаруу жана ушул сыяктуу жакшы жол жоболорду адам баласына аткарууга буюрулган.

Бул насааттарды аткарса бактылуу болоору, аткарбаса, кɵп жаман иштерге аралашса жашоодо убайым тартып, санаага баатып, түрдүү кордуктарга учураары дагы айтылган. Бул жашоо эрежелеринен кабары жок адам келген түйшүктɵрдү кырсык катарында кабыл алып жашоосун уланта берет. Булардын баардыгы Улуу Жараткандын бул жашоодо анын буйруктарын аткарбагандыгы үчүн жиберилген жазасы экендигине кɵӊүл бɵлбɵйт.

Бул дүйнɵнүн азап-кордуктары жашоо ɵмүр ɵткɵн соӊ токтойт. Бирок акыреттеги түбɵлүк ɵмүрдɵгү азап-кордуктардан кантип кутулабыз? Кеп мына ушунда! Улуу Жараткандын кɵрсɵткɵн жашоо эрежелерине туура келбеген иштерибизге ɵзүбүз жооп беребиз, ага эч ким жоопту эмес. Убактысы келгенде бул дүйнɵдɵ кылган кыӊыр иштерибиздин азабын тартууну алыстата албай кордукка дуушар болуп, жооп берүү мɵɵнɵтүн узартууга мүмкүн болбой калат.

Жашоодо бизге берилген аз убакытта, түбɵлүктүү акреттеги ахвалыбыздын камын көрүп жашасак, ал дүйнɵдɵгү тозок азабынан кутулууга мүмкүнчүлүк түзүлɵɵр беле деген үмүттɵн алыстабашабыз керек.

Мен дин багытындагы кɵп китептерди, пайгамбарлардын тарыхын, пайгамбарыбыздын ɵмүр баянын, курандын маани маӊыздарынын котормолорун ж.б. кɵптɵгɵн маалыматтарды бир канча ирет окуп чыгып, Алла Тааланын Ыйык Китебине жана Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) такталган сүннɵттɵрүнɵ таянып, жаман иштерди жакшыдан ажыратыш үчүн, баскан жолубузда тозок отуна дуушар кылуучу, Улуу Жараткандын бизге кɵрсɵткɵн жашоо эрежелерине каршы келүүчү арамзалык, мансапкорлук, адилетсиздик, кызганыч, кыянаттык, жалганчылык, кастык, куулук, зулумдук, ичитардык сыяктуу жалпы адам баласы үчүн залалы бар сапаттар менен бирге зыян тийгизүүчү жаман саналган иштердин кээ бирɵɵлɵрүнɵ токтоло кетейин.

Алардын кыскача түшүндүрмɵлɵрү тɵмɵндɵгүчɵ:

-Диндеш, дилдеш бир туугандарыӊа анын жаман иш кылып жатканын билип турсаӊ дагы, ага жаманчылык кылбагын. Мүмкүн ал кылып аткан иштеринин Алла Тааланын туура жолуна туура келбестигин, туура эмес жасаган иштерине кандай азап, жасалар болорун түшүнбɵй, билбей жаткандыр. Ошондуктан ага түшүндүрүп насаат айтсаӊ кабыл алаар.

Туугандарыӊдан, бир туугандарыӊдан кол үзбɵй катташып тур.
Пайгамбарыбыз ( ага Аллахтын салават-саламдары болсун) айтканы бар:

«Туугандарыӊыз менен мамиле жакшы болушу үчүн уругуӊуз менен тегиӊизди жакшылап билип алыӊыздар. Ɵзү жакын турганы менен мээримдүү, күйүмдүү болбосо, анын жакындыгынан пайда жок. Ɵзү ыраак турганы менен күйүмдүү, мээримдүү болсо, ыраактыгынын залалы жок».

Адамдарга жакшылык кылуу, туугандар менен жакын алакада болуп, ал-жай сурашып туруу – бул сообу бат тие турган кайырдуу иштерден экендигин жана кыямат күнүндɵ Алла Таала эки адамга назар салбаасын Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салават-саламдары болсун айткан. Биринчиси -тууган уруктан кол үзүп кеткен адамга; экинчиси – жаман коӊшуга.

– Жаман кылык жоруктарды, Жаратканга жакпаган жаман иштерди эл ичине таркатпагын. Жаман жүрүм турумдарды кɵрсɵтүүдɵн сак бол. Улуу Жараткан Куранда

«Ырасында, ушундаай момундардын ичинде чыгымчылык, жалаа таркалуусун жактыргандарга дүйнɵдɵ жана акыретте оорутуучу азап бар. Аллах –билет, силер –билбейсиӊер» (24: 19) –деп айткан.

– Жалган жалааларды жаап, тактыгын аныктабай, ушак таркатып күнɵɵсүз аялдарга ар түрдүү бирɵɵлɵр менен кɵӊүл табышып кетиптир деген ушактарды айтып абийирине шек келтирүү туура эмес. Аллах Таала айтты:

«Акыйкатта, абийрдүү, ак ниеттүү момун аялдарга жалаа жапкандар – бул дүйнɵдɵ да, акыретте да каргышка калышат. Албетте алар үчүн чоӊ азап бар». (24: 23)

– Ачык айтылган туура, түз жолдордон адыштыргандарга катуу жаза бар экенин, ошону менен бирге күнɵɵлɵрүн мойнуна алып, туура жолго түшкɵндɵрдүн абалы оӊолорун билели. Аллах Таала айтты:

«Чындыгында, биз ачык-айкын ɵкүмдɵрдү жана туура жолду Китепте (Куранда) адамдарга баян кылгынгандан кийин, аны жашыргандарга Аллах наалат айтат. Ошондой эле каргыш айтуучулар да (периштелер) аларды каргашат. Бирок тобо кылып, абалдарын оӊдогондордун жана (курандагы чындыкты) баян кылгандардын күнɵɵлɵрүн кечиремин жана Мен тоболорун кабыл кылуучу, Мээримдүүмүн». ( 2: 159-160)

– Бактылуу адам – бузукулуктан, кайраштыруудан оолак жүргɵн жана оор кайгыга сабыр кыла билген адам. «Сиздер адамдарды короо-короо мал, эсеби жок дүнүйɵӊɵр менен канааттандыра албайсыздар, балким жаркын маанай, жакшы пейлиӊиздер менен гана ыраазы кылышыӊыздар мүмкүн», -деп Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) айткан.

«Ошондой эле орозо, намаз жана садака берүүдɵн дагы ɵйдɵ турган амалдан кабар берейинби?! Ал арыздашкан эки кишини жараштырып коюу, ал эми бирɵɵлɵрдүн ортосун суутуп бузуп-жаруу дин кыргыны», – деген.

Негизсиз терс иштерге берилген адам, алардан арылмайынча жасаган соопту иштерин Алла Таала кабыл кылбашын Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) айтып кеткен.
– Ата эненин каргышына кабылуудан сактан, курмандык чалсаӊ, малыӊды Алла Тааланын ыраазычылыгын үмүт кылып сой. Биздин элде куран окутуп, түлɵɵ кылып жана башка жакшылыктарга мал союп Алла Тааланы унутуп койгон учурлар жок эмес. Бул чоӊ күнɵɵ. Мал сойгондо жакшылыкты Алла Тааладан сурансак туура болот.

– Жетекчилер калыс, элине ырайымдуу болушу керек. Берген убадаларын аткарууга милдеттүү. Кабыл алган чечимдери калыс акыйкатты кɵздɵгɵн чечим болушу зарыл. Муну жасабаган жетекчилерге Алла Тааланын, элдин, периштелердин каргышы тийээрин Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) айткан.

Ар нерсеге кɵз артпай, жашоо турмушта болгон нерсеге канимет кылып жашоо ж.б.у.с.
Кудай бизди жогоруда кɵрсɵтүлгɵндɵй жаман жолдорго түшүп, Алла Тааланын мээриминен, ыраазычлыгынан ажыратып, каргышына калтырып, тозок отуна дуушар кылуучу иштерден оолак кылсын!

Ар бирибиз Алла Тааланын мээримине жана ырайымына муктажбыз. Ансыз тозок отунан кутулуу мүмкүн эмес. Ошондуктан жасаган жаман иштерге ɵкүнүп, анын туура эместигин дилибиз менен кабыл алып, кайталабашка убада берип, туура жолго багыттансак Жараткандын ыраазычылыгына татыктуу болуп, күнөөбүз кечирилип тозок азабынан кутулушубуз мүмкүн.

Жараткандан суранаарым: Жараткандын көрсөткөн ак жолунан адаштырбай, андан башка колдоочу жок, ийгилик жок, өмүр да жок экенин билүүчүлөрдөн кылгын. Жаратканга жакса экен деген үмүттө жасаган иштерибизди, жакшы санаа ой тилектерибизди кабыл кылып, жакшылык ырайымдарынан насип кылса экен. Урпактарыбызды туура жолго түшүрүп, ыйман берип, өзүӊө моюн сунуучулардан кылып, ыйман келтирүүчү мусулмандардан кыла көргүн, моюн сунбай, наадандыктын жолунда, текеберлик кылуучулардан болуудан сактагын. Ыйман жолунда күмөн саноочулардан кылбагын. Бузукулук жаман ишти жасатып, акыретте зыян тартуучу адамдарга кошпогун!!

Жаратканыбыз биздин бата дубаларыбызды кабыл кылып, тилегибизди колдоп, даражабызды бийик кылып ыймандуу пенделерден болууну насип кылсын.
Бул дүйнө сынагынан ийгиликтүү өтүп Жараткандын ыраазылыгына жетишүү, адамдын алдына койгон эң биринчи максаты болушу керек. Ошондуктан бактылуу болгусу келген адам, жаман кулк-мүнөздөрүн, жосунсуз жоруктарды таштап, Улуу Жараткандын гана ыраазылыгына дал, ылайык келген сапаттарга ээ болуп, адамдык ариет, ар намысы менен өмүр сүрүүбүздү ар бирибизге насип кылсын.

Бул бɵлүмдү жыйынтыктап жатып, Алла Таалага шүгүрчүлүк келтирип, болгонуна канимет кылып Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) айтып кеткен сɵзү менен аяктаймын.

«Ɵлүмдɵн мурун тирүүчүлүгүӊдү, ооруп калуудан мурун саламаттыгыӊды, чолоосуздугуӊдан мурда бош убактыӊды, карылыгыӊдан мурун жаштыгыӊды, жакырчылыгыӊан мурун байлыгыӊды канимет деп бил».

Кабылбек Жумалиев

http://islam-kg.com/

The post Бактылуу болуунун эң жакшы жолу Ислам жолуна түшүү appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 26, 2015 at 01:06PM
Технологии Blogger.