Halloween party ideas 2015

🌳 ЫЙМАНДУУ АЯЛ -ҮЙДҮН БЕРЕКЕСИ.

🏻 …Кайсыл жерде болбосун,ыйман өзүнүн бийиктиги менен жогорку тепкичте турат. Ыймандуу,күйөө,ыймандуу аял,ыймандуу ата -эне,ыймандуу бала эч качан жер караган эмес, ыйман -адамзаттын даражасын көтөрүп башкалардан айырмалап турат. “Эң бай адам -ыймандуу адам “дегендей, ыйман ичинде биз адамдарга керек болгон, эң биринчи адеп -ахлак,тазалык,мээримдүүлүк,сабырдуулук,кечиримдүүлүүк,сый-урмат,камтылган. Эгерде адамзат ушулар менен жашаганда эч качан адашуу,түшүнбөстүк,өкүнүчтүү окуялар болмок эмес. Ушул “ыйман “деген табылгыс каражатты,же сыйкырдуу даарыны аялзатына эң керектүү деп эстептейт элем.

“Ыйман “эгер билсек аялзатына абийирин жапкан кийим, жан дүйнөсүн тазалаган тамак болуп берет деп айтаар элем. Анткени Ыймандуу аял — өмүрдүн булагы,
Ыймандуу аял — турмуштун көркү,
Ыймандуу аял — үйдүн куту,
Ыймандуу аял — тарбиянын башаты,
Ыймандуу аял — байлыктын кенчи,
Ыймандуу аял — келечектин сакчысы,
Ыймандуу аял — бакыттын ачкычы,
Ыймандуу аял — жашоонун нуру,
Ыймандуу аял — дүйнөнүн түркүгү,
Ыймандуу аял — үлгүлүү эне,
Ыймандуу аял — Бейиштин төрү.
Ыймандын фундаменти диндин босогосуна кадам таштоонон башталат. Дин ичиндеги мыйзам,тыйулар менен адамзат өзүн ыймандуулукка тарбиялайт. “Жакшы аял диндин жарымы “дегендей дин менен жашаган аялзаты үй -бүлөнүн берекесин ашырып,бактылуулукка себепчи болот.

” Аял деген ким?” Аял деген бейиш анын таманынын астында болгон эне. Аял- бул үй-бүлөдө баары сый-урмат менен мамиле кыла турган, жароокер жубай, балдардын алгачкы табылгыс тарбиячысы. Асыл маданияттын, учугу узүлбөгөн үрп-адат менен баасы бийик нарк-насилдин башаты, жашоонун үгүтү. Бул дүйнөдөгү өзүнүн милдеттерин талаптагыдай так аткаргандан кийин бейиштин каалаган эшигинен кире турган өзүнчө эле бир периште.
Албетте, Ислам дининде аялзатынын баа-баркы тууралуу айта берсе сөз көп.

Эрекек тышкы тон аял ички тон, үй -бүлөдө эркектин таап келгенин аял туура пайдаланып,туура колдонсо Аллах алдында,ата -эне,күйөө,балдар алдындагы милдетин билип,эмне арам,эмне адал айрмалап турса жашоодо үй -бөлөсү бузулган үй -бүлөлөр аз болоор эле. Айрыкча азыркы өнүгүп жаткан заманда, ыйманга суусап турган чагыбыз. Изилдөлөрдүн натыйжасында эң өкүнүчтүүсү үй -бүлөсү бузулуп,ажырашкандар,бузукулар ,ар намысын жоготкон кыз -жигиттер көп катталууда, бул көрүнүштөрдүн себепчиси ыймандын жоктугунан болуп жатат.
Эх, эжекем,сиңдим динге мээнет кылбай туруп,эч качан “мен бактысызмын,менин күйөөм башкага кетти,менин үй -булөм бузулду,мени балдарым-кыздарым укпайт,мени келиним,балам сыйлабайт “-деп айтпаңыз . Ыйман,даарат,намаз,орозо,садака менен чектелбейт. Аллага болгон мамилени оңдо керек,кыйынчылык келгенде жалынып эстеп,жакшы күндөрдө унутуп. Ыймандын жетмиш бутагы болсо анын биринчиси Алланын барлыгына шек -күмөнсүз ишенүү,а эң кичне бутактары уяттуулук,адамдарга зыян келтирген жолдо жаткан нерселерди алып койу. А биздин оронгон жолугубуз,окуган намаз, кураныбыз,туткан орозобуз адеп -ахалагыбызга дал келбегени. Динибизде адеп -ахлак биринчи турарын унутпоо керек. Балким биздин дубалар кабыл болбой жатканын себеби ушундадыр . Буйрукту аткаруу башка маселе,толук моюн сунуу,ыймандын бекемдиги башка маселе…
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) “Тозокто эң көп аялдар болуусун “көргөнүн айткан. “Кийими бар бирок жылаңач сыяктуу “деп азыркы биздин коомдогу аялзатын айтып өткөн. Ошондуктан аялзаты ойлонуу керек,ыймандуу эне,ыймандуу,эже,ыймандуу кыз болсо үй -бүлөнүн, деги эле коомдун ажары,абийири, күйүп тураган нуру болот эле.

Эгер бир даракты олтургузуп аны канча карабаңыз,тамырын суугарып,жумшартып,дарылап сактабаңыз,аны көгөртүп жетилүүсүнө тийип турган,нурун чачакан күн болбосо ,ал эч качан көктөбөйт да,жашылданып мөмө да бере албайт. Ошосыңар аял затына канча жакшылык кылбаң,анда нурун чачкан ыйманы болбосо үйдүн ичин караңгылык каптап,үй -бүлөнүн бузулуусуна ,чыр-чатактын чыгуусуна алып келет.

Ушул жерде өзүм күбө болгон бир куттуу үй -бүлө тууралуу айткым келди. “Күйөөсү медресе мугалими болсо,аялы болсо үйдө медресе мугалими беш баланын апасы. Ал эженин балдарына берген тарбиясы өзүнчө саатап бөлүнгөн жадыбал, өзү балдарым, үй иши деп олтурбай Ыйык Куран китебин жатоого бел байлаган күчү жеткенче бир эки сүйлөмдөн жаттап олтуруп жарымына келиптир. А балдарын да атайын бир саатты бөлүп сабак катары тасбих менен Ыйык Куранды жаттатып,бир эки аяттан болсо да, 5 класстагы уулу эки пара бул дегени он барак,жыйырма бет,3 класстагы кызы үч пара,1 класстагы кызы бир пара. Бул деген табылгыс бакыт,Аллах алдында эң жогорку даражалуу инсандар . Ма ша Аллах! Мына сага динге болгон мээнет,Аллах алдындагы жоопкерчилик ,ыймандын бекемдилүүгү карап туруп: “Оо,Аллах биз алсыз пенделериңе да ушундай мээнет кылууну,бакытты насип кыл “-деп кала бердим …

Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: “Дүйнө ырахаттардан турат. Дуйнөнун эн жакшы ырахаты такыба аял!” (Муслим)

Такыба аял адегенде Аллахтын алдындагы жоопкерчилигин, андан сон жолдошунун алдындагы жоопкерчилигин сактоого умтулат.
Такыба аял үйүнө байланат. Сыртка эч бир муктаждыксыз көп кирип-чыкпайт.
Такыба аялдын камы өзүн кароодо, үй ичин сарамжалдуу кармоодо, балдарын тарбиялоодо болот.

Такыба аял үй-бүлөсүнүн ынтымак-ырашкердикте жашоосу учун аракетте болот. Намазын, орозосун, зикирлерин жан дили менен өтөйт.
Такыба аял Кудай Таалам ага берген ырыскысына ыраазы болот.

Устазыбыздан бир шиңгил үй -бүлөлүүлөргө сабак болчу окуя. Менин бир досум бар эле ал өзү соода кылып иштечүү. Тапканынын эч берекеси жок болчу, болбосо соодасы аябай жакшы болчу. Кийин ал аялы менен келишпей ажырашып кетти жана байыпта кетти, анын сырын сураганымда мындай деп айтып калды: “Досум үй -бүлөдө ырыскынын,берекенин келүүсүнө да кетүүсүнө да аял себепчи экен. Мен аны экинчи аял алганымда билдим, биринчи аялым тапканымды ысырап кылып, туура эмес пайдаланып төгүп -чачып акчаны дегиле жашоого керек болгон нерселерди үнөмдүү колдонбогонунан менин тапканымда эч береке болбой учуп жаткан экен. Азыр Аллахка шүкүр жашоом оңолуп экинчи жубайым үнөмдүү экен баары жакшы болуп, колду адамдардын катарына кошулуп калдым “-деген экен.. Ошондуктан үй -бүлөөнүн бекемдүүлүгүнө,бактылуулугуна көбүнчө аялзаты себепчи болот. Анын ыйманы,адеби -ахлагы,тазалыгы,сарамжалдуулугу,балдарга берген тарбиясы, күйөөсү,ата -эне,туугандарга болгон сый -урматы үй -бүлөнү нурга бөлөп, берекеге бөлөйт.
“Аял жакшы эр жакшы “,”эрди эр кылганда аял, жер менен жексен кылганда аял “деген сөздөр бекеринен айтылган эмес.

🌹 Сөз аягында жогорудагы айтылгандар,байке,инилерге да тиешелүү. Үй -бүлө арабасын экөө болуп тартпаса, бирөө болуп тартуу кыйын болот . Анткени ыймандуу аялга ыймандуу эркек дегендей албетте үй -бүлөдө эркек ыймандуу болуусу керек. Бул тууралуу куранда Аллах Таалам мындай деген: «Ырасында мусулман эркектер жана,мусулман аялдар,момун эркектер жана момун аялдар,моюн сунуучу эркектер жана моюн сунуучу аялдар,чынчыл эркектер жана чынчыл аялдар,сабырдуу эркектер жана сабырдуу аялдар,ыкластуу эркектер жана ыкластуу аялдар,садака берүүчү эркектер жана садака берүүчү аялдар,орозо кармоочу эркектер дана орозо кармоочу аялдар, уяттуу жерлерин (арамдан) сактоочуу эркектер,уяттуу жерлерин( арамдан) сактоочуу аялдар,Аллахты көп эстөөчү эркектер жана Аллахты көп эстөөчү аялдар үчүн Аллах кечрим жана зор сыйлык даярдап койду » (33:35)..

👤Насиба Абдуллаева.

👨👩👧👦”Бактылуулук Формуласы”.

Запись ЫЙМАНДУУ АЯЛ ҮЙ -БҮЛӨНҮН БЕРЕКЕСИ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.