Halloween party ideas 2015

Сонку учурдагы аборттордун көбөйүшү, бойдон алдырып ымыркайларды таштап кеткен мисалдар, мыйзамсыз төрөлгөн балдардын арбышы – ушунун баары Батышты туурагысы келген, ошолордун изи менен баскысы келген умтулуунун, көптөрү чаңкап жүргөн “эркиндиктин” жемиши.

Ачык-чачык кийинген, аял коомдогу чыныгы ордун билбеген, гендердик теңчилик деген беткапты жамынган  биздин заманда зынакорлук кылуу анчалык делей кыйын эмес, оңой болгону менен, кийинки кезде күпкүндүзү эле зордуктап кеткен мисалдарды  көп уга баштадык. Кызык,..күнөөгө батуунун жеңил, опоңой жолу да эркектердин табигый муктаждыгын, жапайы инстинктин канааттандырбай калгандай денгээлге жетип калган окшойт…Бул балакеттердин баары Аллахтын дининен алыстаганыбыз үчүн кулачын улам жайып баратат.

Аял-эркекти аралаштыра жашаган система жана анын кесепеттери.

Мектептерде, университеттерде жана ар кыл офистик жумуштарда аял жана эркектер чогуу-чаран иштешип, бир бири менен “достой” жүрүшкөн  кадыресе көрүнүш акыры барып  бузукучулуктар менен күнөөлөрдүн  жайылышына, жарандык никелердин , эч кандай күбөсүз эле чогуу жашап алышкан баш кошуулардын көбөйүшүнө алып келди. Шарияттык  мийзам менен алганда, өзүн өзү эле күйөөгө берип алган аял ойноштук, бейбапаалык кылганге тете болоорун эске алган жан жок.  Анан да, эки бир туугандын балдары, күйөөсүнүн досу же кошунасы  аял үйдө жалгыз кезде мейманчылап кирип барышып, акырында өөп-жытташып, бузукулукка кирип кетишкен мисалдар эч таң калбай турган кадыреселикке айланып  барат.  Аял менен эркек биргеликте  ээн калганда, алардын үчүнчү шериги шайтан болоорун капарына алган киши аз. Элес албаганыбыз менен, ар кандай уят-сыйытсыз тасмаларды, жарым жылаңачтанган, өбүшкөн, шынаарлашкан актерлор менен актрисалардын  мамилелерин массалык маалымат каражаттарынан күндүр-түндүр ачыктан ачык эле жарнамалап, “ар адам эмнени кылгысы келсе өз эрки” деген маанини  аң сезимге сиңдирүүнүн, таңуулоонун кесепетинен коомубузда күнөөгө чакырган иштер, анын катарына ойноштукка, көңүлдөштүккө түрткөн жагдайлар көбөйдү десек аша чапкан болбос элек.  Журналдарда  чала жылаңачтанган кыздардын  атайылап азгырыктуу позада түшкөн сүрөттөрү , ал журналдарды сатып алып кадимкидей окуу, ошону өөн көрбөө адатка айланып, адамдар андай мүнөздөгү журналдарды нормалдуу эле нерсе  катары кабылдоого өтүштү.

Мухаммед (САВ) пайгамбар айткан:

“ Кайсы бир коомдо уят-сыйытсыздык, адеп-ахлактан тайган бузукулук, зынакорлук күчөп, ал нерселер коом үчүн кадыреселикке айланса, анда ал чөйрөдө мурда-кийин ата-бабаларына  белгисиз  жугуштуу ооруларга тушугушат”. (Имам ибн Мажах, Имам Хакимдер айтышкан)

Андыктан сонку кезде  мурда белгисиз оорулардын жаңы түрлөрү пайда болуп,  азыркы замандын эн апаат оорусу делинген СПИД сыяктуу илдеттин чыгуусуна анчалык таң калуунун кереги жок. Бир нерсени ишенимдүү айтууга болот,  адамдар Аллах чийген жолдон четке чыкты дегиче уламдан улам ооруулардан жаңы түрлөрү  пайда  болуп адамзатка азап алып келе  берет.

Зынаакорлук деген эмне?

Зынаакорлук – никеси болбой  туруп аял менен эркектин жыныстык катнашка баруусу. Диний аалымдардын жалпы макулдашкан бирдиктүү пикиринде, зына кылуу эң чон  күнөөлөрдүн бири. Ааламдардын Эгеси Аллах айтат (мааниси): 

“Зынакорлук кылбагыла,..
(Аль Исра сүрөсү, 32-аят).

Мындан тышкары да, Аллах айтат (мааниси):

«Алар –Аллахка кошуп башка кудайларды табынбагандар, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган тирүү жанды укуксуз өлтүрбөгөндөр  жана аягы суюктук кылбагандар . Кимде ким муну жасаса , ал жазага тартылат.   ( «Аль-Фуркан» сүрөсү, 68-аят)

«Аягы суюк аял менен аягы суюк эркектин ар бирине жүз балак ургула. Эгер Аллахка жана Акырет күнүнө ишенсеңер , анда аларга жумшактык кылбагыла. Албетте экөөсүнүн жазасына момундардын бир тобу күбө болсун (көрүп турсун).
(«АН-НУР», 2-аят)

Зынакорлук күнөөсүнүн оордугу.

Зына кылуу эн бир чоң, эң бир ыплас күнөөлөрдүн бири катары эсептелинип, мындай күнөөнү жасаган адам үчүн да, зынакорлук көбөйгөн коом үчүн да бул жосунсуз жоруктун кесепети өтө коркунучтуу.

«Алар –Аллахка кошуп башка кудайларды табынбагандар, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган тирүү жанды укуксуз өлтүрбөгөндөр  жана аягы суюктук кылбагандар . Кимде ким муну жасаса , ал жазага тартылат.   ( «Аль-Фуркан» сүрөсү, 68-аят)

Аллах  зынаакорлукту – адам өлтүрүү, Жаратканга шерик кошуу сыяктуу чоң күнөөлөрдүн катарындагы күнөө деп белгилейт.  Ал эми айрым дин аалымдары зына ишин Аллага шерик кошкон-ширктен кийинки эле турган чоң күнөө деп аташкан. Мына ошондуктан, исламда зынакорлуктун өзүн гана айыптабастан, ошол жорукка алып барчу жолдордун баарына тыюу салынган: махрамсыз (аял кишинин эркек туугандары: ата,чоң ата, ага-ини, уулу) аял эркек менен жалгыз калбоого, эркек менен саякатка чыгууга жана эркек менен жөн гана сүйлөшүп, ар кайсыдан кеп салып олтурууга болбойт деген тыюу ислам дининде өтө маанилүү.

Ибн Аббас Мухаммед (САВ) пайгамдардын мынтип айтканын эскерет:

“Эркек киши бейтааныш аялдын жанында махрамы (жакын тууганы) болмоюн аны менен эч убакта жалгыз калбашы керек”. (Аль Бухари жана Муслим)

Аллахтын Элчиси Мухаммед (САВ) пайгамбардын төмөнкүдөй айтканы да бар:

“ Аял  киши алыс сапарга ( жөө жүргөндө ) үч күндөн ашык жолго махрамы (туугандар)  менен гана сапар кылсын”. (Муслим)

Зынаанын айынан көп учурда үй бүлөлөрдүн түркүгү урап, бул балээнин кесепетинен ар кыл жугуштуу оорулар күчөп, никесиз туулган балдардын саны арбып жатат. Мына ушунда көрүнүштүн баары коомго терс таасирин тийгизүүдө.

Зынаакорулук күнөөсүнүн ар кыл денгээлдери.

Зынага  баруунун баардык эле түрү негизи күнөө катары саналат, бирок зынанын жасалган кырдаал, шарттарына жараша, ал күнөөнүн оордугу боюнча да бир катар түргө бөлүнөт. Бейтааныш аялга караганда, туугандыгы бар аял (балким анын күйөөсү бар) менен зынага баруу өтө оор күнөө катары эсептелинет. Кошунанын аялы менен зынакорлук кылуу  да чоң күнөөлөргө кирет.

Күндөрдүн бир күнүндө Мухаммед (САВ) пайгамбар өзүнүн сахабаларына (радыяллааху анху) кайрылып: “ Зина тууралуу эмне дейсиңер?- деп сурайт. Сахабалар бир ооздон : “ Алла Таала жана анын Элчиси арам кылган,тыйган чоң күнөө.Ал кыяматка чейин арам бойдон кала берет,”- деп жооп беришти. Ошондо Пайгамбарыбыз  (с.а.в.) минтип айтты:

“Жакшылап угуп алгыла! Кошунанын аялы менен зынага баруу – башка он аял менен зына кылгандан да оор күнөө. (Имам Ахмад).

Имам Ибн Хаджар аль-Хайтами  мынтип айтыптыр:  Зынакорлуктун ар кыл денгээли бар экени белгилүү. Мисалы, бейтааныш , күйөөгө чыга элек аял менен болгон зынакорлук чоң күнөө делинсе, күйөөгө чыккан бейтааныш аял менен болгон зынаа андан да чоң күнөө. Жогорудагы күнөөлөрдөн да чоң күнөө – туугандыгы жагынан жакын болгон аял менен болгон зынаачылык.  Мындан тышкары, күйөөгө чыга элек кыздын зынаакорлугуна караганда, мурда күйөөгө чыгып ажырашкан аялдын зынаа кылышына өтө катаал жаза каралган. Турмушту анча түшүнө элек жаш адамга караганда, жашоонун ачуу-таттуусун көрүп калган, акылы тетик  жашамал адамдын зынаага баткан күнөөсү үчүн оор жаза бар. Кулга, билимсиз адамга салыштырмалуу, колу-жолу бош, эркин жана билимдүү кишинин зынаакорлугу кыйла катуу жазаланат.

Зынаакорлук үчүн жаза.

Дин аалымдарынын  өз ара бирдиктүү кеңешүүсү менен  – күйөөгө чыга элек аялдар жана үйлөнө элек эркектер зынаага батышса аларга сөзсүз түрдө 100 балак уруп жаза берилиши керек. Түрмөгө камоо боюнча пикирде аалымдардын бир даары макул десе, кээ бирлери башкача пикир айтышып, айрымдар жазанын бул түрү сөзсүз түрдө болушу керек деген ойдо. Аалымдардын пикиринде, зынаа жасаган эркек түрмөгө камалышы керек, а зынаага барган аял үй камагында кармалууга тийиш.

«Аягы суюк аял менен аягы суюк эркектин ар бирине жүз балак ургула. Эгер Аллахка жана Акырет күнүнө ишенсеңер , анда аларга жумшактык кылбагыла. Албетте экөөсүнүн жазасына момундардын бир тобу күбө болсун (көрүп турсун). («АН-НУР», 2-аят)

Кимде ким никелүү аялы, күйөөсү бар туруп же ажырашып башы бош жүргөндө  зынаачылык кылса ал таш менен урулуп өлтүрүлүүсү кажет делинет. Бирок мындай жазалоо, шарият талаптары менен так, даана далилденип, зынаа болгону аныкталганда гана ишке ашырылат.

Абу Хурейра жана Халид аль-Джухани (Алардан Аллах раазы болсун) төмөнкүдөй риваят кылышат, бир күнү Мухаммед (САВ) пайгамбарга көчмөн арабдар (бедуин) келишип, арасынан бирөө: “О Аллахтын элчиси!  Аллахтын аты менен сага жалбарабыз, ыйык Курандын шарты менен бизге өкүм чыгарып бер!”-дейт. Экинчи бедуин динден бир аз кабары бар окшобойбу, ал: “Ооба, Аллахтын жазууларынын негизинде бизге бир нерсени түшүндүрүп бер, бир сөздү айтууга уруксаатпы?”-деп сураганда,  Мухаммед (САВ) пайгамбар: “Айткын”,-дейт. Бедуин айтат: “Менин уулум бул кишиде кызмат кылчу, анан анын аялы менен уулум зынаачылык кылып коет. Эми менин уулумду таш менен уруп жазалап өлтүрүү керектигин айтып жатышат. А мен бул кишиге уулумдун күнөөсүнүн жаза акысы үчүн жүз кой жана бир жаш күң бергемин. Андан кийин билерман адамдардан сурап көрсөм, алар уулума жүз балак урулуп, айылдан чыгарылып түрмөгө бир жыл камалышы зарылдыгын, ал эми бул кишинин аялын болсо – өлүп калганга чейин таш менен уруу керектигин айтышты”.   Аны уккан Алланын Элчиси (Ага Алланын тынчтыгы жана мээрими болсун):

Менин жаным алаканында турган Алланын аты менен ант берем, Алланын жазууларынын негизинде өкүм чыгараарым анык! Жаш күң жана койлор өзүңө кайтарылууга тийиш, а уулуңа жүз балак урулуп, айылдан тышкары чыгарылып бир жыл түрмөгө камалышы кажет. А сен Унейс, тиги аялга бар, ал аял зынаага барганын моюнга алса, таш менен уруп өлтүргүлө” (Имам Аль-Бухарий жана Муслим)

Зынаакорлукка  далилдер.

Зынаакорлук кылган адам ал жоругун өзү моюнуна алса  же зынаа кылганын төрт киши тастыктаса мына ошол –далил болот. Төрт киши аял менен эркектин интимдик абалда жатышканына күбө болуусу толук далил эмес, укук адистеринин тили менен айтканда, төрт күбө   “ключ кулпуга салынганын” так, даана көрүшкөндө гана зынаа деп эсептелинет.  А эгер, алардын айтканында далил жок болуп кала турган болсо, күнөөлөгөн тарап өздөрү жазаланат: мисалы, зынаакорлукка күбөлөрдүн саны төртөө эмес, үчөө болуп калса же алар интимдик акт болгонун көзү менен көрбөсө  бул далилге жатпайт.

Тообо кылуу.

Эгерде эркек же аял  зынаакорлук кылып (мында Аллах баарыбызды сактасын) күнөөгө баткан болсо, ал кылмышын адамдардан жашырып. Аллахтын астында  күнөө кылганына чындап  өкүнүп, тообо кылып, андай жорукка экинчи барбоого  касам ичкени  кыйла туурараак. Акыйкатта, Аллах – Баарын көрүүчү, Кечирүүчү.

Автор: Расул абу Асад, Islamlife

Запись Зынаакорлук – чоң күнөө впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.