Halloween party ideas 2015

Алла илим-билимдин ээси жана анын билим алкагы бардык нерсени камтып турат. Анын сыртында калган эч нерсе жок. Ал болуп өткөн жана боло турган бардык нерсени толугу менен билет. Ага жашыруун болгон да эч нерсе жок. Бардык нерсе ага айдан ачык. Адам баласына берилген илим-билим болсо – Алланын илиминин бир тамчысы, балким, бир тамчыдан да кичине. Куранда мындай деп айтылат:

«Чындыгында, жерде да, асманда да Алладан жашыруун эч нерсе жок.» (Аали Имран: 5)
«Айткын: ичиңердегини жашырсаңар да, ачык айтсаңар да, Алла аны билет. (Ошондой эле) Ал жер жана асмандардагылардын баарын билет. Алла бардык нерсеге кудуреттyy.» (Аали Имран: 29)
«Алла деген жер жана асмандарда: силердин жашыруун нерсеңерди да, ачык нерсеңерди да билет. (Ошондой эле) Ал (жакшы менен жамандан) өзүңөргө эмнени ала турганыңарды да билет.» (Анъам: 3)
«…Ал (кулдарынын) алдындагысын (келечегин) да, артындагысын (өткөнүн) да билет. Ал өзү кааламайынча, Анын илиминен алар эч нерсе өздөштүрө албайт…» (Бакара: 255)..

Бул себептен улам кайыпка тиешелүү чындыктарга: «Аллаху аълам», кыргызча «Алла билет» деп айтылат. Анткени адамдын билим алкагы учу-кыйырсыз ааламда океандын бир тамчысынчалык дагы эмес.
Куранда: «Силерге илимден аз гана берилди.» (Исра: 85) – деп айтылат.
Ошондуктан адам баласына илимдин көптөгөн сырдуу эшиктери ачылганы менен, дагы да көптөгөн маселелердин алдында анын илими жол таап өтө алгыс сырдуу бөгөттөр турат. Мунун сыры – пенде өз алсыздыгын билип, Аллага болгон муктаждыгын аңдап, анын илимине моюн сунушу. Аятта мындай деп айтылат:
«…Балким, силер үчүн жакшы нерсени силер жаман көрүшүңөр мүмкүн. А балким, силер үчүн жаман нерсени силер жакшы көрүшүңөр мүмкүн. Алла билет, силер билбейсиңер.» (Бакара: 216)..

Чындыгында эле, адам баласы сырын билбегени себептүү көптөгөн каардуу болуп көрүнгөн нерселерге, адегенде, капаланат. Андагы жашыруун мээримди көрө албайт. Ал эми кээде кооз болуп көрүнгөн нерселерге алданып, ичиндеги катылуу каарды байкабайт.
Бул боюнча бир окуя айтылат:

Араб урууларынын биринде бир олуя адам бар эле. Бул уруу ал олуянын сөзүн угуп, пейилдерин ошого жараша оңдошчу. Бир күнү ал урууга таандык иттердин баары өлүп калат. Бул нерсеге таң калган эл дароо олуяга келип, окуянын жөн-жайын сурайт.
Олуя болсо бир аз өз жан-дйинөсүнө чөмүлүп, терең ойлонгондон кийин:
– Иттердин өлүмү силердин кутулушуңар деп үмүт кыламын, – дейт. Эртеси күнү короздордун баары өлүп калат. Буга да таң калган эл кайрадан олуяга келип, ошол эле жоопту алат:
– Короздордун өлүмү силердин кутулушуңар деп үмүт кылам. Анда бир киши мындай деп сурайт:
– Таксыр, иттер кароолчуларыбыз, короздор болсо азанчыларыбыз эле. Булардын өлүмүнүн бизге кандай пайдасы бар? Олуя төмөнкүчө жооп кайтарат:
– Бул сырдуу даанышмандыктарды Алла Таала билет. Албетте, ал бул окуянын ичине акылыбыз жетпеген чоң сырды каткан. Андан кийинки түнү элдин баарынын оту күйбөй коёт. Бардыгы: «Дагы кандай балээ келди болду экен?» – деп тынчсыздана баштайт. Бирок эртеси эртең менен бул окуялардын сыры чечилет. Көрсө, акыркы түнү ал жерге душман басып кирген экен. Бирок эч кандай иттин үргөнүн, короздун кыйкырганын укпай, оттун күйгөнүн көрбөгөндөрү себептүү, баары айылды таштап кетишкен окшойт деп, кетип калышыптыр. Ушинтип калк чоң апааттан кутулган экен. Мына, адам баласынын илиминин алсыздыгы жана ырайымсыздык болуп көрүнгөн мээримдүүлүк. Измирдик Ибрахим Хаккы деген акын төмөнкүдөй ыр саптарын жазат:
Айтпа көп: неге бул мындай?
Орундуудур ошондой.
Күтсөң артын аялдай.
Жараткан баарын жазат,
Артына сыйлык катат…
Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) мындай дейт: «Пенде ооруп калганда Алла Таала ага эки периште жөнөтүп: «Барып, кулум жардамчыларына эмне дебатканын көрүп келгиле!» – деп буйрук кылат. Эгер ал пенде периштелер келгенде, Кудайга шүгүр келтирип жаткан болсо, алар бул шүгүрдү бардык нерсени эң жакшы билүүчү Алла Таалага жеткиришет. (Периштелерин бир гана пендесинин кылган жарамдуу (салих) амалдарына күбө болушсун деп жиберген) Алла Таала:

«Эгерде бул кулумдун жанын ала турган болсом, анда аны бейишке киргизишим – кулумдун мендеги акысы. А эгерде ага шыпаа бере турган болсом, анда анын этин жакшыраак эт менен, канын жакшыраак кан менен алмаштырып, кyнөөлөрyн кечиришим – анын мендеги акысы.» – деп жооп берет.»
Бул хадисте сыртынан караганда бизге кырсыктуу болуп көрүнгөн көптөгөн окуялар бир гана Кудайдын сыноосу катары кабыл кылынышы керек экени жана ал кырсыктардын аркасында абдан чоң сыйлыктардын катылуу экени билдирилет.

Адам баласынын тарыхында сыртынан мындай каардуу болуп көрүнүп, бирок, негизинен, жакшылык менен натыйжаланган окуялар болгондой эле, тескерисинче, жакшылык болуп көрүнгөн көптөгөн окуялар Кудайдын каары менен бүткөн.
Мисалы Худ алейхис саламга ыйман келтирбеген Аад коому асманда аларды көздөй келаткан азап булуттарын көргөндө, аларды жамгыр (мээримдүүлүк) булуту деп ойлошуп, сүйүнүшкөн. Бирок баштарына ал булуттан жамгыр эмес, жалындуу от жаай баштаганда гана эмне экенин түшүнүшкөн. Бирок өтө кечигип калышкан эле! Бул себептен улам пенде «Биз биле албайбыз, бир гана Кудай билет» деген түшүнүк менен Анын илимине моюн сунуп жашашы керек. Бул моюн сунуучулук маарифатуллах, тагыраак айтканда, Алланы жакындан билyy аркылуу болору талашсыз. Анткени эч бир илим мындай караңгылык апкеле турган натыйжаларды жойгонго күчү жетпейт. Бирок бул сыяктуу илим башка илимдердин кемчилигин толуктай алат. Арийне, көптөгөн уммии (сабатсыз) кишилер маарифатуллахтын берекеси менен Алла Таала тарабынан келген жекече сыйлыктарга татыктуу болгон. Йунус Эмре өзүнүн ыр саптарында мындай дейт;
Илим – илимди билиш,
Илим – өзүңдү билиш.
Сен өзүңдү билбейсиң,
Кантип пайда иргейсиң?
Куранда адамдардын билген илими тууралуу Алла Таала мындай дейт: «Бир да жан эртең эмне иштеп табарын билбейт.» (Лукман: 34)
«(Эи Расулум) Айткын: Чындыгында, илим Аллада.» (Мyлк: 26)
Илим Аллада. Башкача айтканда, абсолюттук маанидеги илим Аллага таандык. Анын илими бардык нерсени курчаган. Бул илимди күзгүгө окшоштурса болот: анда чагылып көрүнгөн нерселер канчалык өзгөрсө да, күзгү баарын камтып, эч кандай өзгөрүүгө дуушар болбойт. Алланын илими адамзаттык ой-пикир түшүмү болуудан аруу. Бул ааламдагы эч бир акыл менен эрк жете албай турган даражадагы кылдат, чебер мыйзам менен ырааттуулук – Алла Тааланын канчалык чексиз илимге ээ экенинин эң чоң далили. Анын илими ушундай улук болгондуктан, бул дүйнөдөгү адам баласы кичинекей эле ачылыш жасаш үчүн, көп сандаган кишилерге жана мурдагы кылымдардын тажрыйбасына, көптөгөн илимии эрежелерге муктаж. Мисалы учурда абдан көп колдонулган уюлдук (сотовый) телефондор аркылуу байланыштар адам баласы жаралгандан канча кылым өткөндөн кийин, канчалаган тажрыйбалардын биригиши менен гана жүзөгө ашты. Башка илимии ачылыштар дагы ушундай. Чынында, бул ачылыштарды, ойлоп табууларды жана али чечиле элек сырларды – баарын Алла Таала ааламдын мыйзам-ченемине бир заматта теңирдик илими менен орноткон. Бул чындыкты эстетиш үчүн Алла Таала Куранда адам баласына мындай дейт:

«(Эй адамдар!) Жароокер, бардык нерседен кабардар болгон Жараткан (Алла) билбейби?!» (Мyлк: 14)…

Запись АЛЛАНЫН ИЛИМИ ТҮГӨГҮС КАЗЫНА впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.