Halloween party ideas 2015

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, кабар берген Кыяматтын чоң белгилеринин бири — Яжуж жана Мажуж коомунун чыгуусу.

ЯЖУЖ ЖАНА МАЖУЖ КООМУ ДЕГЕН КИМ?

Бул коом азыркы учурда жер бетинде жашайт, бирок Аллах таала алардын турган жерин жашырып койгон. Ал коом жер бетинде бузукулук кылышкан себептүү аларды Зулкарнайн деген салих падыша аларды эки тоонун ортосуна тосмо менен камап койгон. Алардын кайсы жерде экенин Аллахтан башка эч ким билбейт. Акыр заманда Аллах таала каалаган бир учурда бул коом чыгып кайрадан бузукулук жайылта баштайт.

Аалымдар Яжуж жана Мажуж коому туурасында эки ой айтышкан.

1. Араб тилине тиешеси жок, бөлөк тилден келген сөз деп айтышат.

2. Араб тилинен: ысык от, шор суу, душман ж.б.у.с сөздөрдөн келип чыккан деп айтышат.

Куранда Яъжуж Маьжуж деп окулат, ошондуктан ушундай атайбыз деп кээ бир алымдар айтканы менен көпчүлүк алымдар Яжуж Мажуж деп айткан туурараак дешет.

ЯЖУЖ ЖАНА МАЖУЖ ЖӨНҮНДӨ КУРАН-СҮННӨТТӨ КЕЛГЕН ДАЛИЛДЕР

Аллах таала айты:

«Эки тоонун ортосуна жеткен кезде суйлөгөндү жакшы билбеген бир элди тапты. Алар айтышты: “Эй, Зулкарнайн! Чындыгында, Яжуж менен Мажуж бузукулук кылып жатышат, балким алар менен биздин ортобузга тосмо жасап бересиң? Биз сага чыгашаңды төлөп берели”. Ал айтты: “Менин Раббим мага андан да жакшы нерсе берген. Күч топтоп мага жардам бергиле, ортоңорго тосмо жасап берем. Мага темирдин кесиндилерин алып келгиле” – деди. Эки тоонун ортосуна толгон кезде “Көрүктөгүлө!” – деди. Ал кызып калганда: “Мага ээриген жез алып келгиле, мен үстүнө куяйын” – деди. Ошондон кийин ашып дагы өтө алышпады, теше да алышпады. Ал айтты: “Бул Раббимдин Мээрими”. Раббимдин убадасы келген кезде аны жер менен теңеп түздөп коёт. Раббимдин убадасы акыйкат”. (Кахф сүрөөсү, 93-98-аяттар)

Башка бир аятта айтты:

«Яжуж Мажуж (камалган жери) ачылып, бардык жагынан чыккан кезде акыйкат убада жакындайт. Ошондо каапырлардын көздөрү алайып: “Куруп эле кетели! Бул нерседен капылетте болгон экенбиз, заалым болгон экенбиз” – деп айтышат». (Анбия сүрөөсү, 96-97-аяттар)

Яжуж менен Мажужту Кыяматтын чоң белгилеринен деп келгенинин себеби, анткени бул аяттарда ачык-айкын айтылды. Эгер Яжуж жана Мажуж чыга турган болсо, анда ал Кыяматтын жакын эле калганынын белгиси.

Зайнаб бинту Жахш, радыяллаху анха, айтты:

“Бир күнү Пайгамбар, салллаллаху алайхи уа саллам, уйкудан жүзү кызарган абалда турду да, мындай деп айтты: «Лаа илааха иллаллах! Арабдарга кыйын болду! Жамандык жакындап келди. Бүгүн Яжуж менен Мажужтун тосмосу мына ушундай болуп ачылды» – деп бармагы менен сөмөйүн тоголок кылып бириктирип көрсөттү. Ошондо мен: “биздин арабызда салих адамдар болуп турса да биз кыйрап жок болобузбу?” – деп сурадым. Ал айтты: «Эгер бузукулук көбөйсө».* (Бухари, 6650)

ЯЖУЖ ЖАН МАЖУЖ КООМУНУН КЫЙРООСУ ЖАНА АЛАРДАН КИЙИНКИ ЖЫРГАЛЧЫЛЫК ЖАШОО

Яжуж жана Мажужтун жер бетинде зордук-зомбулугу жана бузукулугу жайылып, жадагалса жашылча-жемиштерди жана укум-тукумдарды да жок кылып жиберишкенден кийин, Иса пайгамбар жана анын жанындагылар Аллахка дуба кылышат. Себеби Яжуж жана Мажужтан келген балээге өздөрүнүн айласы жана күчү жетпегенден кийин Аллахтан жардам сурап дуба кылышат. Аллах алардын дубасын кабыл кылып. Аллах аларды жок кылыш үчүн болгону киченекей курттарды гана жөнөтүп койот. Алар биринин үстүнө бири чыгып, чегиртке кырылгындай эле кырылып калышат.

Жер бети алардын өлүктөрүнөн чыккан сасык жытка толуп калгандыктан адамдар үчүн жер бетинде жашаш мүмкүн болбой калганда Иса пайгамбар жана анын жанындагылар экинчи жолу Аллахка дуба кылышат.

Аллах алардын дубаларын кабыл кылып канаттууларды жиберет. Алар Яжуж жана Мажуж коомунун өлүктөрүн деңизге алып барып ташташат. Андан кийин Яжуж жана Мажужтун калдыктарын жууп кетиш үчүн Аллах таала жамгыр жөнөтөт. Андан кийин Аллах таала жерге өз жер-жемиштерин өстүрүп, берекесин берүүгө буйрук берет”. Бардык нерседе береке, молчулук жана токчулук болот. Иса пайгамбар жана анын жанындагылар амандыкта жана байлыкта жашашат.

Абу Саид аль-Худри, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтат:

«…Ошондон кийин алардын арасынан (Яжуж жана Мажужтан) бирөө найзасын асманга карап ыргытканда, аларга (Аллахтан) балээ жана сыноо катары найзасы канга боёлуп кайтып келет. Ошондо алар: «Биз асмандагыларды да өлтүрдүк» деп текеберленишет. Алар ушундай абалда турганда, Аллах аларга Нагаф (Миазы) деген курт жиберет. Ал курт аларды моюндарынан жеп, чегиртке кырылгандай кырылып бири-бирине минген абалда өлүп калышат. Алардын дымы чыкпай калганынан мусулмандар: «Кайсы эр өз жанын аябастан барып алардын эмне болгонун билип келет» – деп сурушат. Ошондо алардан (мусулмандардан) өлүмгө даяр болгон абалда бир киши (чептен) чыгып, алардын (Яжуж жана Мажужтун) өлүп калганын көрөт да мусулмандарга: «Сүйүнчү! Душманыңар кыйрады» – деп жар салып, адамдарды (чептеринен) чыгарат…» (Ибну Маажах, 3313)

Калмырза Абдыкадыров
☑ ИсламОнлайнKG

Запись ЯЖУЖ ЖАНА МАЖУЖ КООМУНУН ЧЫГУУСУ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.