Halloween party ideas 2015

Шаарда аталык жок, ордо адамдары үчүн жыргал күндөрдүн бири эле. Улагадан төрүндөгүнүн көзү көрүнбөгөн кең жасалгалуу бөлмөдө чылдырман үнү бирде күчөй, бирде басандай бий ыргагына жараша шаң.

Үч кыз бураңдашып, кылык көрсөтө кылтылдашып, оюн кызуу. Үлпөт башы Шады-ынак, атайын өкүмдарынын көңүлүн бурушка аракет кылып, күүнүн да, оюндун да ыргагына жараша колун селкилдете алакан уруп, дем берип отурат. Шерали баягы Шерали эмес, өзүнүн «хан» даражасын сезе баштагандай, манчыркап, не ооз ачпай, не көз ирмебей мелтиреп эле тиктеп отурат. Кыйды ынак бул күү, бул оюн өкүмдарынын көңүлүн анча бура албаганын сезди.

Үлпөт башы көз шилтеп, чылдырманчы да, кыздар ийиле таазим кылган бойдон кетенчиктеп, шырп этишпей кең бөлмөдөн чыгып, үлбүрөгөн ак шайы жабынчылуу кыз көрүнүп, дутарын бооруна ала өкүмдардын алдына келип таазим кылды. Саал тартыныңкы, уялыңкы, жалжылдаган көзү бир баа, тири жан эле болсо көңүлүнө өрт коерлук жылмайганы бир баа, бир көркөм паризат экен. Эрини биртке ачылып, элтейип, таң болгонсуп калды Шерали-хан. Ооду го көңүлү?! Шады-ынак дароо кабагы жаркып, башта дегендей баш ийкей ишара кылды кызга. Ошол замат муңканган бир басмырт күү башталып, сулуу кыз өзү да саал кысталып, ырдай турган ыры аркалуу өз көңүл көйүн ортого сала тургандай жан дүйнөсү түйшөлгөнсүп, анан ашыглыктын сагыныч ырын, бир түркүн кылайып майышып баштады.

Кайдасын… ашык жарым, севгилим,

кайдасың, тенир кошкон жан шеригим…

Кел, менин нурдай жаркын көңүлүм, к

кел, менин көрөр күнүм, гүл өмүрүм…

жарашып кеште-кеште кызыл белбак,

жаркылдап байманапы кербен баштап…

эл алдында туу бурап ат ойнотуп,

дөөлөт конуп башыңа таажы болуп…

кел, сыр билгим, сыйкыр түнүм, жакыным,

келсең менин алп көкүрөк баатырым…

себилейин суу болуп ак жолуңа

ирмелбестен төгүлгөн жашым менен…

шыпырайын күндө үч убак кылып

таза жайылган талтал кара чачым менен

Кечиксең… дагы үмүткө байланармын,

кейитер… кетпес, бүтпөс сары убайым…

Келбесең… солур гүлүм, не кылайын,

жол боюнда жалгыз калып, өлсөм өлүп тынайын…

сен эсен бол, сен эсен жүр, кагылайын,

даргөйүндө сактасын бир кудайым…

сен эсен бол, сен эсен жүр, кагылайын…

Ыр бүткөндө жүзү жылуу тарта Шерали-хан өзүнчө башын ийкеп, өзүнчө «а-а, бали- и…» деп күбүрөнүп койду. Жакты! Сүйүнө ишарат кылып, кызды бери чакырып калды Шады-ынак. Ырчы кыз тартыныңкы жакын келип, үлбүрөгөн ак шайынын ичинен тула бою толукшуп, өтө эле эңиле, бир тизесин бүгө өзгөчө урмат белгиси кыла таазим кылды, кылтыя.

— Өңүңүз… жан дүйнөңүз… куп келишкен периште экенсиз…—деди Шерали-хан, андан соң «… ананайын…» деп эркелеткен сөз кошулду дилинен астейдил. Кыз кайра таазим кылды:

— Сизден… бийик сөз уккан… мен бактылуу экемин, азиретим… Майдалап өргөн кара чачы желкеден эки бөлүнө бирден куланып, көкүрөгүн жашырып, төгүлө жер чийип токтолуп, үлпөт башынын «а йакшы» дегенин уккан соң кыз акырын кетенчиктеди. Кыз босогодон нары кылт деп кеткенге дейре көз албады Шерали- хан.

— Э-э, — деп, маашырлана кеп жалгады Шады- ынак,

— үч кызыгы бар дешет ко бул дүйнөнүн. Бир кызыгы — дүнүйө, бир кызыгы — бийлик, бир кызыгы — көңүлдү куш кылган гөзөл жан дешет…

— Ич аңтарып жымыйып тиктеп, бир орду толбос өкүнүч бар сымал баш ийкегилей отуруп маани улады.

— Бирине жеткен бирине жетпейт, анысына жеткен мунусуна жетпейт. Айрыкча, көңүл куунаткан гөзөл жан сырдаш табылмакпы кадам сайын, аттиң ай?! Шерали-хан:

— «Бирагы жокпу?! — деп койду таң калгансып. Ынагы» алдын жымылдатып сүйлөп, акырында негизги айтары маани кебин «бирак» деп баштачу эмеспи. Бирин бири түшүнүп, ар кимиси ар ойдо, бирок бирге күлгөн болуп калышты. Өзүнчө күлгөн болду Шады-ынак. Тиктеп калды Шерали-хан. Мулжуңдап, жылмаңдап, ханга биротоло сырдаш болуп кеткендей өң көрсөтүп, Шады-ынак Шерали-хандын кулагына:

— Ыя, азиретим, ыя, — деп асте күлө шыбырады, — ушу гөзөл жанды сиздин ак никаиңизге өткөрүп коелубу? И-хи-хи… Көпкө унчукпады Шерали-хан. «Йе, жакпай калдыбы бу котоско?! Челип таштаса эми?!» деп, заматта көңүлү бушайман боло калды Шады шум. Дагы эле кулагына муңканган сагыныч ыр те алыстан жаңырыктап, дагы эле гүлдөй толукшуган жаркын кыздын каш-кабагы, тизе бүгө таазим кылган элеси көз алдына тартылып, ынагынын суроосуна не баш чайкаган жок, не баш ийкеген жок. «Бу байкушту зар какшатып, севгили кайда тентиреп жүрөт болду экен?…» Кызга күйгөн түкшүмөл ой көңүлүн ээлеп отурду. Ынактын жойпу козү жооп күткөндөй.

— Өтө жаш ко бечара, болбойт ко ыктыяры… «У! атала…» деп алды дили ынактын, өзү чартылдап:

— Йе?! Йе, ыктыяры болбойт экен, бул дүйнөдө күн көрбөйт! — деп жиберди, ушуну менен тигинин демине демөөр бермечи болуп. А Шерали башын да ийкей албай, «челип» да таштай албай, ыйламсырагансып жер тиктеп тим калды…

1844-жылдын жазы эле… Диванхана. Шерали-хан. Бир топ кишилер тегеректеп турушат. Баарында өң жок. Шералини бир ишке көндүрө алышпай турушкан сыяктуу. Баары аны карашат. Баары жикилдешет. Шады ынак. Казый. Жакында өзү шайх-ульислам деп мартабасын көтөрүп, колун берип мюриди1 болгон кожо. Аскер кишилери. Шералинин чекеси чүрүшүп олтурат. Шерали баягы Шерали эмес. Сакалы, муруту сыпаа чертилген, жүзү агарып, денеси толо баштап, кейпине сөөлөт кирип, көзү тирилип кишини көтөрүңкү тиктеп калган. Ал чекесин чүрүштүргөн бойдон былк этпей ой басып отурду. — Өзүңүз ойлонуп көрүңүз, о аллаяр… Биз кимбиз, биз сиздин алал ниет кулуңузбуз, сиздин ыкыбалыңыз жүрсүн дейбиз, сиздин даңкыңыз жогору болсун дейбиз… Өзүңүз көрүп турасыз, тыштан душман көбөйүп кетти, амир али тынчыбайт, вилаеттериңизди башкарып жаткан бектериңиздин кабагы салыңкы күндөн күнгө…

Себеби эмне? Нүзүп! Тыштан өчөшүү, ичтен нааразылык күчөп кетти Нүзүпкө. Андан калса, ушу сиздин өзүңүзгө да түбүндө ниети түз эмес мунун! Сизге карагысы келбейт, а уулуңуз Мала бекти, байкайсызбы, дайыма жанына тартып, ишке аралаштырып, каныктырып, эл таанытып, жол таанытып, э-э бул туз ургурдун көңүлү алыста, бирдемеге даярдап жүрөт. Хан көтөрүп алгысы бар Мала бекти, бир күнү сизди тындым кылып… Шерали унчукпады. Анын көзү жылт деп бет маңдайындагы илинип турган чокойго улам түшүп турду. Эч айрылбай байкап турган Шады ынак:

— О, аллаяр… —деди түтөгөндөй.

— Ана… Кылган иши ушу… Сиздин бир кудай сүйүп бак берген хан башыңызды пас кылганы… улук даражаңызды кемиткени, тепсегени… Кожо башын калтылдатып:

— Тоуба… Тоуба…—деп жакасын карманды.

— Йе тоуба… Көзүн сүзүп таазим кылды казый:

— Бу шарттан да тышкары, шарияттан да тышкары. Шады ынак:

— Бу бейдааратты караңыз а, тизгиниңизди тартып алып, ага да каниет кылбай, ха акырети жокту караңыз а, дагы кор тутуп… —деп, Шералини колтуктап алып, казый күңкүлдөдү.

— Аллаяр, ордо мындай болбойт… Ордоңузду кембагалдын үйүнө теңеди… Ордону ордо эткен сөөлөтү кана? Бухарага кеп болдук… Хоразмге кеп болдук… Чыдайлы, бир бейдаарат башка салыптыр ошонун баарына чыдайлы, а бу кордукка кантип чыдайлы, о аллаяр… Шерали көздөрүн кыбыңдатып, тизесин тиктеп тунжурап отурду. Ал улам кысылды. Бул сөздөрдү абдан көп укту. Шады ынак түшүндө да жанынан кетпей күңкүлдөп. Эмне демекчи? Эмне кылмакчы? Тигилер аны бекем ортого алышкан. Кабагынан көз айрышпайт. Алардын сөзү, алардын сөөлөтү аны былк эттирбей кармап турду. — Хазрати! Чаап алып таштайын бул кордукту, уруксат кылыңыз! — деп жиберди аскер кишилеринин бири кылычына кол сермеп. Шерали жалт карады. Жүзүнөн ич толгоо, суроо көрүндү. Баарын кыдырата тиктеди. Баары бир кабак. Баары бир ооз. Баары баштарын төмөн ийип, бирок катаал түр менен, талап менен көңүлүн сурап турушат. Ушундайбы?..

Анын көңүлү оой баштады. Ишеним келе баштады. Нүзүп шылдың кылып чокоюн маңдайына илип таштаган турбайбы! Тизгинин тартып алган турбайбы! Кор кылган турбайбы! Эрди кымтыла баштады. Анын ичиндеги болуп жаткан кымкуутту жазбай көрүп турган аярлар:

— О, аллаяр! Ордоңуз көн чокой атыкты! — дешип дагы көкүтүп эсине салышты.

— Ал! — деди Шерали катуу арданып кетип. Дуу- дуу. Шады ынак ошол замат бир парча кагазды алдына кармай берди:

— О, биздин дидары айдан тунук, күндөн жылуу атабыз…

— Бул эмне?.. Оку! — деди Шерали. Шады ынак окуган жок, жакын ийилип сүйлөдү:

— Жарлык… — Чокойгобу? Ошого да жарлык керекпи? Алып ташта!

— О, хазрати аллаяр…—деди Шады ынак, иш эми ток этерине жакындап келгенде баары дем тартпай карап катып калышты.

— Чокойду коюңчу… аллаяр, чокойду кудай алсын!.. Муну ойлоп тапкан башты, муну көптөн боюбуз жетпей жаткан жерге бекемдеп илген башты, о кудурети күчтүү хазрати, а ошону алуу керек оболу… Кудай алсын чокойду… Шерали түшүнбөй калды. Туш-туштан туруп түшүндүрүштү. Шерали чоочуп кетти:

— Йе!.. — Ушул зарыл… Ушундан башка жол жок…— дешип туштуштан жабылышты. Кожо:

— Бейнамаз! Бейнамаз башкарган ордонун касиети болбойт… Иши азали алга кетпейт… Ойлон, углум… Жакшы ойлон… Казый:

— Жол ушул ки, сиз ишенип берген тизгинди сиздин каалооңуздай, кудайдын каалоондой кылып жакшы алып жүрө албаса, андай адамды, ким гана болбосун, сиз аны жазалап коё аласыз… Кожо:

— Хандын жазасы кудайдын жазасы. Кудайдын жазасы күнөкөрдү күнөдөн сап кылат. Бейнамаздын кылган күнөсү башынан ашып кеткен. Ошо күнөсүн күнө эткен башын кошо алып таштамайынча анын боюнан күнөсү сап болбойт! Шады ынак:

— Таксыр, ыштанына чычкан колун аябайт. Билинер иш билинди. Энди ким кимибиз болсок да аянбайбыз. Ким кимибизге болсо да, таксыр, эми аянуу — жексен болуу… Ушу менен Шады Ынак Шералини ачык коркутту. Шерали көзүнүн үстү менен дагы баарын кыдырата тиктеди. Буга да бардыгы бир кабак. Буга да бардыгы бир ооз. Шералинин айласы куруп кетти:

— Майли, тизгинди алып коёлу… Кетсин, тоого барып күнүн көрө берсин…—деди акырында. Шады ынак:

— Хм! Нүзүп сиздин артыңыздан Коконго ээрчип келген бир селсаякбы! Нүзүп деген элеттин бир жагын чоюп жүргөн бий! Нүзүп дегендин артында элеттин жер түтөгөн көп колу турат! Майли дейли, аны бүгүн тоого кетирип жибериңиз, ошол бойдон тынч жатып калар бекен, а эртең үйүбүздүн үстүнөн каптаган сел болуп кайра кирип келсечи?.. Ошондо, аллаяр, азиз башыңызга күн түшүп калбас бекен а?.. Ушул! Кишинин бир мерте көңүлүн оорутуп алган соң, андан нары аны аяба, биротоло түбүнө жет, биротоло жексен кыл, антпесең ал сенин түбүңө жетет, ал сени жексен кылат. Акылдын талабы ушул… Кожо:

— Душмандын өлүк болгону жакшы. Камтама кылбайт эч качан…

— Элеттин колу… Жер түтөткөн көп колу…— деп шалдырап күбүрөдү Шерали.

— Гм…Гм… Нүзүп өлгөндөн кийин каптап келбейбиз дедиби элеттин жер түтөткөн көп колу?…

— О, аллаяр… —деп ууртунан жымыйып күлдү Шады ынак.

— О, аллаяр, өлгөндүн артынан эч ким ээрчиген эмес алмусактан бери эле… Нүзүптөн кийин элеттин бирлиги кетет. Ар уруу өз бетинче болуп, бийлери эптеп ордого жакындашуу аракетине өтөт. Кудайга шүгүр, сиздин тамырыңыз элетте Нүзүптөн кем эмес, ханике аим Жаркындын атасы Токтоназар бийдин балдары менен датка тагаңыз Ажыбайдын балдары бар, ана, алар эми сизди ээрчибей кимди ээрчийт! Баары эсептелген…

— Шады ынак жеңинен башка бир парча кагаз алып чыгып, ийилип Шералинин алдына кармады.

— Мына бу… — Бул эмне? — Бу сиздин улук жарлыгыңыз… — Дагы кандай жарлык…

— Нүзүп бийдин башка энеден туулган Кожомурат деген үкеси бар. Ана ошо Кожомуратты датка кылып көтөргөн улук жарлыгыңыз… Шерали Шады ынакты аңкайып карады. Шады ынак:

— Ар кимге жан керек. Ар кимге жакшы жашоо керек. Ар кимге сый керек, даңк керек, бийлик керек. Теңирим пендесин ушундай жараткан. Кожомураттын жолунда бир келтек жатат. Бир учунан кармаса — өч кууп ордо менен касташуу, касташканда абире алары күмөн. Экинчи учунан кармаса — ордо менен достошуу, мартабасын элет ичинде көтөрүү. Кожомурат пенде. Сөзсүз келтектин экинчи учунан кармайт.

Элетте көр намыс деген болот, биз аны ошол көр намыска кетирбей алаксытып келтектин экинчи учун көрсөтүп коюшубуз зарыл. Алаксыта турган мына ушул… Шерали алдырды. Кабагын чытып, башын акырын ийкеди. Көңүлүнө Нүзүптү жек көрүү күчөп келди. Эрди томсоруп кымтыла баштады. Жашырын уюшкан Нүзүптүн кутумдары дуулдап турушту. Ошо казый, бир кезде Нүзүпкө аталык вазийфасына өтүшкө кашкайып туруп тарыхтан мисал, шарияттан жол таап берген шум казый эми бул иш шариятка түз деп, кашкайып туруп бир риваят окуду. Шады ынак биринчи жарлыкты калтыраган колдору менен Шералинин алдына кыстап сунуп турду. Шерали кайра ыргылжың боло түштү. Жарлыкты алганы келатып колун кайра тартып баратканда, Шады ынак колун акырын кармап токтотуп калды:

— Таксыр… — деди ал кубарып. Шерали жоошуй түштү. Шады ынак анын эмне кыларды билбей шалдырап турган колун бекем кармап, баш бармагына салынып жүргөн хандык мөөргө сыя сүртүп туруп, жарлык кагазга басып салды.

— Кантип эми муну…—деди Шерали каңыры түтөгөндөй кыңырылып.

— Аны бизге коюңуз! Шерали эрдин тиштенип, чекесин чүрүштүрүп отуруп калды. Шады ынак хандык мөөр басылган кагазды алыстан көрсөтүп, бийик кармап өзү тооп кылып алды:

— Таксыр! Энди кут этмей жок. Сөздүн ачыгы ушул ки, эми бул бир парча кагаз желдеттин колуна берилсе, азыр эчтемеден капары жок Маргаланда жүргөн Нүзүп аталыктын башы кетет, а кокустан Нүзүп аталыктын колуна түшүп калгыдай болсо, о кудай анын бетин нары кылсын, анда… сиздин азиз башыңыз кетип калышы да бар… Башталар иш башталган соң, эми кимибиз болсок да бекем турушубуз зарыл. Кетенчиктөөгө болбой калды эми… Күн мурунтан бекем уюшуп алышкан кутумдар уурттарынан жымыйышып, кубанычтуу көздөрүн үлдүрөтүшүп, Шады ынактын сөзүн кубаттап баштарын акырын ийкеп турушту.

Шерали диванханадан эзилип чыкты. Эшмат, Ташмат деген евнухтары колтуктап алпарышып, төшөк үйүнө эс алууга жаткырышты. Бирпастан кийин үстүнө Жаркын айым кирди.

— Падиша… —деди акырын, Жаркын айым бетине үңүлүп. Шерали көзүн ачты. Жаркын айым анын кыйналган кебетесин көрдү:

— Ыя… Эмне болду ыя?.. Табыңыз айнып калдыбы, ыя?.. Табыпты чакыртайынбы?.. Шерали кабагын бүркөп толгонуп кетти. Соо. Жаркын айымдын көңүлүнө күдүк түшө баштады.

— Падышам… Эмне болду? Эмнеге капасыз?.. Шерали унчуккан жок.

— Диванда эмне иш бүтөдүңөр… Эшикага эшикти бек тосту го… Бир жашырын иш болдубу?.. Ыя, падишам? Шерали шарт бурулуп карады. Анын көзүнөн заар көрүндү. Жаркын айымдын жүрөгү селт дей түштү. Ушул учурда кичинекей ханзаада Кудаяр ойноп тапырап кирип келди.

— Бар… Тышка ойно… —деп Жаркын айым баласын ынжыктаганына болбой кайра чыгарып жиберди. Жаркын айым эрин жубатып тиктеди:

— Вай, падишам… бүгүн каарыңыз бетиңизге чыгып калыптыр да… Жыйырма жыл бирге өмүр кылып, мен сиздин мындай кебетеңизди көргөн жок элем. Вай, падишам, сизге да кайрат кирип келеатырыбы дейм!…

— Жаркын айым жумшак мүнөз менен шыңкылдап күлдү. Шерали чаңырып жиберди:

— И! Такыр кайрат кирбейт буга дедиңер беле! Ошон үчүн кордоп жүрдүңөр беле! Жаркын айым томсоро түштү. Жүзүнө кан толкуп чыкты. Кайра кубарып кетти.

— Сиз соо эмессиз! Сизди кордоп жүргөн ким экен? —деди ал Шералиге кадала тиктеп.

— Сиз соо эмессиз… Ушу сиздин колтугуңузга бирөө суу бүркүп жүрөт окшойт…

— Суу бүркөбү? Мага астайдил кишилер айтып жатышат!

— Кайсы астайдил кишилер?.. Сизди кимдер кор кылып жүрүшүптүр?.. Шерали дулдуюп кайра нары карап жата кетти. Эчтемеге түшүнбөй Жаркын айым селдейип туруп калды. Чыдабай:

— Ой, бери карап туруп айтыңчы… Сизди кимдер кор кылып жүрүшүптүр? Бери карап айтыңчы! Нүзүкем Маргаландан келдиби? Ал эмне дейт?..—деп, эринин төшөгүн тартып бетин ачты. Шерали дагы жулкунуп чыканактап тура калып чаңырды:

— Нүзүп! Нүзүп акеңиздин күнөсү башынан ашып кеткен экен! Ошол күнөсүн күнө эткен башын кесип келүүгө жарлык бердим! Уктуңбу! Жаркын айым селдейе түштү:

— Таш оозуңа! —деди ал эринин көзүн тиктеп. — Ой, сен эмне дейсиң?.. Шерали кабагын түшүрдү:

— А ошо… Күнөсү башынан ашып кеткен экен… — Кокуй, өлүгүңдү көрөйүн жарым эс… Чын айтып отурасыңбы сен? Анын күнөөсү Таласта куучуюп жылкы айдап жүргөн жериңден апкелгени! Эмне эле эшигин тостуруп күңкүлдөшүп калды десе булар… Кокуй, кокуй… Эгер бүгүн Нүзүптүн башы кетсе, эртең сеники кетет. Ушуну билбейсиңби, кокуй, жарым эс? Сен ошону менен кишисиң! Ой, сен ошону менен кишисиң, кокуй!.. Шерали соолуга түштү. Ал ошол замат Шады ынактын акыркы сөзүн, кебетесин көз алдына келтирди. Жүрөгү атып кетти. Эмне кылат? Кандай кылат? Шералинин акылына эчтеме капбай башы кеңгиреди. Кайсыл жагына бой урса да алды жар эле. Төшөгүнө кайра шалдырап жыгылды.

— Эми эмне кыл дейсиң мени?..—деди эрки бош Шерали шөмтүрөп, кирпигин араң кыбыратып.

— Сен жерге кир! Эшмат! Эшмат! Сырттан дүбүрөп куралдуу евнух кирип келди:

— Лапбай, ханике айым…—деди колун бооруна алып босогого токтой калды. Жаркын айым:

— Эшмат! Эшмат! Айланайын… Сен Абил жүзбашыны билесиңби? — деди аптыгып.

— Билем. Билем. Сизге үке келген жүзбашы жигитпи? — Ошол Эшмат… айланайын, Эшмат… Ошону таап келчи быякка!

— Куп, ханике айым, куп… — Жөнө! Тез! Евнух кетенчиктеп жүгүрүп чыгып кетти. Бир аш бышым убактан кийин Абил мурунку жарлыкты токтотуу жөнүндө Шерали- хандын мөөрү басылган шашылыш жарлыкты алып, жигиттерин ээрчитип акырын шаардын дарбазасынан чыгып, Маргалан багытын карай артынан чаң чубалтып катуу жүрүп кетти. Маргалан. Бектин сарайы.

Нүзүп балахананын төрүнө салынган төшөктө эс алып жаткан эле. Маргаландагы аскерлерди тескеп, бир сыйра көздөн өткөрүп, кай бир жигиттер менен эркелетип сүйлөшкөн болуп, сырдашып, аскерлердин зардесин, демин текшерди. Аскерден тартип кеткен болучу. Сыпайлар базар күндөрү базар аралап, элге тийишип жаңжал чыгарышып, бозо кыдырып ичишип, мас болушуп, бейбаштык кылышат экен. Кимдир бирөөлөр түндө бир топ болуп аттанып чыгышып, тоо тараптан четки кыштактардан бир үйдү талап келишкен имиш. А бек болсо кылмышкерлерди али издебептир. Нары ойлонуп, бери ойлонуп, бекке жини келип жатып, ичи тытылып, көзү илинбей койду Нүзүптүн. Коргондо акырын кобурашкан үн угулду да, жанына миршаб эрчитип, балаханага Маргаландын беги чыгып келди. Нүзүп козголбоду.

— Таксыр, — деди бек акырын, — ордодон жарлык келди…

— Кандай жарлык экен? Ким бериптир? — деди Нүзүп бурулуп карабай, эчтемени сезбей. Бек табалап тиктеп көзүн кылыйтып:

— Бул жарлык акыры бир күнү келиши керек эде. Мына, биз дагы кудай деген кул экенбиз, зарыгып күткөн күн келди! — деди үнүн көтөрө.

— Эмне экен? Нүзүптүн кыжыры келип калды. Жанарак гана жөргөмүштөй бүрүшүп алдында отурган бек ага заардуу тиктеп турган эле. Ордонун чабарманы желдет болучу. Нүзүп тааныды. Маткерим йасаул! Кирпигинен бери чаң. Атка урунуп калганбы, денесин араң көтөрүп, балахананын кадасына сүйөнүп турду. Бек жарлыкты бийик көтөрүп өзү тооп кылып алды: — Аллаяр сайид Шерали-хандын жарлыгы! Кымкап тонун ийнине тарта Нүзүп өйдө болду:

— Келе бери… Бек шылдыңдап ууртун жымыйтып күлдү:

— Таксыр, аталык… Кантели, тагдыр ушул экен, жана гана сиз бизди желдеттин алдына салып берем деп, кудайды эсиңизге албай текебер кеп урган эдеңиз, кудайдын каалоосу ушул экен ки, биз эмес сиз желдеттин алдына түшө турган болупсуз. Мына! Нүзүптүн башын кесип алдыма апкел деп, бактияр сайид Шерали-хан мага улук жарлык жибериптир…

— Эмне! Бек сөөмөйүн кезеди:

— Чуу көтөрбөңүз. Пайдасы жок. Чуу көтөрбөңүз — деп акырын зекип сүйлөп, жарлыкты Нүзүптүн алдына ыргытып таштады. Нестейе түшкөн Нүзүп кагазды жерден алалбады. Көзүнүн кыйыгы Шерали- хандын «эки жакалуу» деп аталган кол мөөрүн тааныды. Байкап турган бек:

— Аталык, кимдин коргонунда отурганыңызды билишиңиз лазим. Сиз камалып отурасыз. Удайчыларыңыздын алдакачан иши бүткөн. Сиздин ар кандай аракетиңиз ишти башкача кылып жибериши күмөн, — деди. Нүзүп жооп айткан жок, козголгон да жок, чакчарылып турган душманын тиктеген да жок. Ой баса түштү. Бу жарлык оюн эмес. Жан тартар, күйүшөр адамдардан бирөө да жакын ортодо жок, өңкөй кастардын камоосунда калып турганын ошондо сезди. Ал өйдө карабаган бойдон Маткерим йасаулга:

— Желдет… — деди токтоо.

— Лапбай, таксыр…

— Кайдан алдың бул кагазды?

— Дивандан, таксыр. Аллаярдын колунан…

— Гм… Желдет… — Лапбай, таксыр…

— Тактын бетмаңдайында илинип турчу чокой чалынбадыбы көзүңө?

— Жок, чалынбады, таксыр.

— Гм… Чын экен го. Желдет…

— Лапбай, таксыр…

— Диванда Мусулманкул да бар бекен?

— Жок, таксыр. Ал киши көрүнбөдү.

— Гм… Жаңжалды баштаган ошол өзү. Карачы, жыландан сак. Ушул иш жүзөгө ашып кетсе ичинде, ашпай калса тышында калмакчы… Акылы талый түшкөндөй, оюна бир беткей бирдеме келбей, оозуна сөз кирбей биртке шалдырай калды. Жакын турган бектин этегинин шуудур этиши аны ойготуп жибергендей болду. Эсине келе түштү. Душманынын табалап турган кубанычтуу көзүн кайра сезди. Чыйрала түштү. «Йе, тагдыр ушудур… Тагдырдан ким качып кутулган…» Ал башын көтөрдү:

— Ушинтип, буйрукту Шералинин өз колунан алдым дечи, желдетим,—деп желдетти карады.

— Ушундай, таксыр…

— Ха, мейли… Тузума койдум. Тузум урар, эмгегим урар… Мен кетермин, мени кетирген колдор көп узатпай аны да жолго салар…

— Таксыр… Мени тез кайт деген… Кайтпасам… — деди желдет бир аз кысынып. Нүзүп кашын көтөрүп, башын акырын ийкеди:

— Куп. Тез кайткың келсе тез кайт. Сенде эмне айып, кылган ишиңди билесиң… Майли… мен эки иракет намаз өкуп алайын. Чыдасаң намаз бүткөнчө күт. Чыдабасаң оң жагыма ыкрар кылып салам бергенде кир… Ошент… Ишиңди бүтөр…

— Куп таксыр… Нүзүп ордунан тура баштады. Бек алдын тороду.

— Таксырым, тышка чыкпайсыз! Нүзүп душманынын суук кабагын карабай: — Күндү бир карап алайын, алдымды тоспо наадан болбосоң. Даарат алып алайын, кыянаттык кылба кайридин болбосоң,—деди. Томсоргон миршабдардын ортосунан өтүп, балахананын эскирип калган жыгач тепкичтерин жай кычыратып басып жерге түштү. Баары чоочун. Жыйырмадай куралдуу сарбаз эки топ болуп күңкүлдөшүп сүйлөшүп турушкан экен. Нүзүптү көрүп, таң калып карашып, дым болуп калышты. Нүзүп алардын ичинен Жар- Мазар аскер туругунун бир жүзбашысын тааныды.

— Ассалому алейкум… —деп, Нүзүп акырын салам айтып өттү. Сарбаздар дуулдап алик алышып, сыпаалык үчүн колдорун бооруна таазим кылган болушуп калды. Миршабдардын коштоосунда барып, чоң чынар теректин түбүнө отуруп даарат алды. Күн кечтеп калган эле. Бактардын башында кандайдыр бир чымчык чыйт-чыйт деп сайрап, пыр-р этип шактан шакка учуп жүрөт. Жолбун жел бариктерди акырын шыбыратып, кайта дым болуп жок болуп кетет. Ава дагы эле күндүн табы жыттанат. Нүзүп кыбыланы карады. Күндүн чарасы кучак жеткисиз болуп, көлкүлдөп тиги бийик коргондун нары жагынан көрүнгөн узун теректердин башына конуп калган. Ал улам кызарып, ыйлаган көз өңдүү улам жашылданып, теректердин шиш учтарына тытылып, чөгүп баратты.

— Миршаб… —деди Нүзүп акырын. Жакын турган миршабдын бири леп этип келип ийиле калды:

— Лапбай, таксыр…

— Желдетке айтчы… Бактын ичине келсин… Мен намазды көк чөптүн үстүнө окугум келип турат…

— Майли, таксыр… Нүзүп жайнамаз алдырган жок, бакты аралап барып, өзүнүн ак ботокурун жазып, көк чөптүн үстүнө жайды. Сынбасты уста жаратпаптыр, өлбөстү кудай жаратпаптыр. Тамырыңда кан толкуп турган жаш кезиңде, оозуңдан чыккан жел жер өрттөп турган ооматың бар кезиңде өлүм сенин алдыңда алсыз болуп сезилет экен, а денеңден жылууң, башыңдан ооматың кетип, тигил белгисиз дүйнөгө жөнөргө улам жакындап баратканын сезген сайын аны көп эстеп, ошол жактын камы түшө баштап, а түгүл өлүм капыстан карп-курп бетмаңдай чыга калганда да, мүмкүнчүлүгү болсо эле, ойлонууга убакты табылса эле, адам дароо ошол жакты эстейт экен, ошол жактын камына түшөт экен. Барар жери, токтор жери белгисиз бир алыс жолго чыкканда, камдуу жолоочу кандайдыр эң керектүү куралын колтугуна кыса жөнөгөндөй, бу мусулмандын да кудайга кулдук кылуу көнүмүшү эсинен чыга койгон жок.

Ал чөк түшүп башын ийип көзүн сүзүп отурганынан былк этпеди. Ошол даараттуу, таза сөөлөтүндө өз өмүрүнүн эсебин өзү тескей, түркүн, түкшүмөл ой курчады. Ыя? Ал ордого эмне үчүн келди эле?.. Эмне иш бүтүрмөкчү эле?.. Эмне иш бүтүрдү?.. Эмнеси бүтпөй калды?.. Гм?.. Кимге акарат кылды?.. Кимдин көңүлүн калтырды?.. Эмне үчүн кутуму көбөйүп кетти?.. Эмне үчүн?.. Кокус бирөөгө катуу айтса, кокус бирөөгө зыян кылса, ошол миңдин пайдасы үчүн эле го?..

Четтеп басканды кылыч менен коркутуп ортого күргүчтөсө чачылганы жыйналсын деген жандалбас эле го, ыркы кеткен ордо бириксин деген ниет эле го?.. Көңүлү көтөрүлө түштү. «Менин өлүмгө баратканым менин жамандыгымдан эмес… Менин каталыгым эмес…» деп ойлоду ал. Өзүн өзү жубатты. Өзүн өзү өлүмгө даярдады. Эсине баягы шумдуктуу түшү келди. «Гм… Баары келди… Бийик тоодо жүргонүм мартабам көтөрүлгөнү болду. Бир тоодон туруп сунсам колум бир тоого жеткени даңкым алыска кеткени болду. Бир тоодон кыйкырсам бир тоонун кийиги шагырап үрккөнү бийлигим чоң болду… Баары келди. Баары өзүм жооругандай келди… Аттиң ошондо түзүк моокум канбай калды эле, бат ойгонуп кеттим эле… Мына а да келди…» Ошондо уланып көзүнө элет келе баштады.

Ана, шаңкайган улуу тоолор… Көкмөк чөп… Бейгам күн… Кымызга ныксыроо. Кылкылдаган гүлдөрдү жай ыргап жыпарын авага сээп жүргөн жумшак жел, сыпаа жел… Ана, туугандарынын көздөрү… Ана… Булар Нүзүптү эзди. Жүрөгү тыз- тыз тилинди. Акырын сызылып, качанкы өлгөн энесинин көкүрөк жытын эстеп алган жетимдей каңырыгы түтөп кетти. Эй, көздөн ным чыкса даарат бузулат!

Ал капилет келе калган жашык сезимин силкип таштады. Эй, не болуп турасың! Өлгөн жалгыз сенби! Атаң кана!.. Өзүн- өзү кайрады. Жаш чыгарбай күчүркөнүп көзүнүн кычыктарын кызартып токтотту… Бүттү бул дүйнөнүн кызыгы. Бүттү бул дүйнөнүн оюну. Бүттү. Бүттү. Бүттү бул дүйнөнүн азабы… Туруп намазын баштады: Бисмилла рахман рахим… Аллау акбар, аллау акбар, аллау акбар… Ал сеждеге баш койду. Ошол учурда чөп шырт— шырт деди. Жылан акырын сойлоп келаткандай улам жакындап келатты. Билди, ким келатканын билди. Дүрүлдөп эти жыйрылды. Бирок, жүрөгү козголгон жок, аны акылдын күчү, эрктин күчү бек кармап турду… Шырт… Шырт… …Абил жетпей калды. Ал коргондун дарбазасына келип, кара тер баскан атын теңселтип үзөңгүсүнө тура калып:

— Аталык! Ой, аталык ушундабы! — деп кыйкырды. Желдет ичкери бактын ичинде Нүзүп аталыктын башынын канын сарыктырып, кандын жытына мас болуп, көзү кызарып, шалдырап отурган эле. Үн чыккан жакты көңүл — кош бир карап койду…

Тарыхый теманын көркөм чагылдырылышы жагынан Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романы карааны калың чыгармалардын арасынан аттын кашкасындай бөлүнүп турат.

Бул тарыхый роман чыккандан бери деле көп чыгармалар жаралды, бирок ал багындырылбай калган чокудай болуп дагыле бийиктигин, тереңдигин сактап келатат. 

Андагы ар бир образ, Аксыдагы Теңирберди менен Сарыбай же тигил кан ордосунда жүргөн Нүзүп, Алымбек датка. Анан Ыскак деген эмне деген адам. Кокон кандыгына, падышалыкка каршы күрөшкөн баатыр.

Т.Касымбеков түзгөн ар бир образ тип болуп турат. Анын мыктылыгы да ушунда. “Сынган кылыч” кыргыз барда окула турган, ар бир киши аспиеттеп текчесине коюп алып окуй турган, кыргыз тарыхына кызыккан окурмандардын үстөлүнөн түшпөгөн китеби.

Бирок, өкүнүчтүүсү тарых кайталанат дегендей Сынган кылычтагы” окуялар кайталанууда. Өз чыгаандарын чыркыратып, калкым деген уулдарынын канатын кайрып, хан ордосу улам жаңы оюнду баштап, эл менен бийликтин ортосунда ажыратуу жаратууда. Кудум Кокон хандыгындай…

Урматтуу окурман!

Тарыхы жок элдин эртеңи жок дегендей, тарых бул мезгилдердин күзгүсү. Мына ошол доорлордун күзгүсүнө дагы бир ирет «каранып», бабалардын баскан жолуна саресеп салып көрүшүңүздөрдү суранабыз.

Запись НҮЗҮП АТАЛЫКТЫН ӨЛҮМҮ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.