Halloween party ideas 2015

Кедей, бирок, ыкластуу бир кишинин барга топук кылган, күйөөсүндөй ток пейил аялы болгон экен. Аялы жүн ийрип, күйөөсү аны базарга алып барып сатып, кеч болгондо тапкан акчасына нан алып үйүнө келчү экен. Ушинтип турмуш арабасын тартып күн көрүшөт.
Бир күнү дагы ошентип ийрилген жипти сатат. Кеч келе жатса бирөө бирөөнү басып алып токмоктоп жатканын көрөт да, аларга барып: «Эй, эмне чатакташып жатасыңар?» – деп сурайт. Үстүндө басып отурган киши: «Мунун мага карызы бар, бербей жатат?» – дейт. Кедей киши : «Андай кылба, канча карызы бар анын, мен берейин. Мына болгон акчам мобул, ал ушуну», – дейт. «Жетпейт, бирок, мейли», – деп акчаны алат да кетет.
Кедей бечара акчадан куру кол үйүнө барат. Аялына болгон окуяны айтат. Аялы анын көңүлүн көтөрүп: «Жакшы иш кылыпсың, кайгыруунун кереги жок», – дейт.
Ошол түнү ачка жатышат. Эртеси күйөөсү дагы ийрилген түймөктү алып базарга чыгат. Бирок, сатып алган эч ким жок, ары кыдырат, бери кыдырат, кеч кирет. Айласы түгөнүп үйүнө кайтып келе жатса колунда чоң балык көтөргөн бирөөгө кезигет.
Колунда балыгы бар киши айтат: «Бүгүн кечке чейин кыдырып бул балыкты сата алган жокмун. Иии, баса, аялым жип ала кел деди эле сенде бар турбайбы» – деп ага алмашууну өтүнөт. Балык менен жипти алмашып, үйүнө келип аялына айтат: «Бүгүн акча таба албадык, бирок, курсагыбызды тойгуза турчу бир балык алдым. Кана, балыкты бышыр эми жейли», – дейт. Аялы балыкты тазалайын дегенде ичинен бир кесе алтын чыкса болобу? Экөө тең буга кубанышат. Эми байыдык экен деп отурушканда жанагы балыкты саткан киши келет да: «Мен алмашуудан баш тарттым. Бул жиптерди ал да балыгымды кайра бер», – дейт. Кедей айтат: «Макул берейин, бирок, балыкты бышырып жеп алдык, ашказаныман чыгарып бере албайм. Бирок, балыктын ичинен алтын чыккан болчу, ошолорду ал», – дейт. Ошондо тиги балыкчы өзүнүн чынында ким экендигин айтат: «Мен периштемин. Мени сага Жараткан жөнөттү. Сенин карызы бар алиги кишиге кылган жакшылыгыңды Жараткан жактырды. Сени сыноого алды. Сен кедейликтин да, байлыктын да сыноосунан өттүң. Ал алтындар сеники, сага баары аш болсун!» – деп кетип калат.
Мына ушул кыска өмүрдө Жараткандын кулдарына жакшылык кылгандар: жылуу жүз, жылуу сөз тартуулагандар жана жакшы мүнөз менен аларга жеңилдик көрсөткөндөр кандай бактылуу. Адамдарды сүйүнткөндөрдү Жараткан сүйүнтөт

Запись Байлыктын жана кедейликтин сынагы впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.