Halloween party ideas 2015

Абу Зарр ал – Гиффаари (рози Аллаху анху)нун айтымында: Алланын Элчиси тарабынан берилген риваятта анын Раббы (Алла Таала) айткан экен:

«О, менин пенделерим! Зулумдукту мен өзүмө да силерге да арам кылдым, андыктан бир-бирине зулумдук кылбагыла!

О, менин пенделерим! Мен түз жолго салгандан башкаларыңар баарың адашкансыңар ошондуктан менден (гана) туура жол сурангыла, ошондо мен силерди туура жолго саламын.

О, пенделерим! Мен тоюндургандан башкаңар бүт баарыңар ачкасыңар, ошондуктан Менден азык сурагыла, ошондо мен силерди азыктандырам.

Оо, пенделерим! Мен кийиндиргенден бөлөгүңөр баарың жылаңачсыңар, ошондуктан менден кийим сурагыла, ошондо мен силерди кийиндиремин.

О, менин пенделерим, силер күндүр- түндүр күнөөгө батасыңар. Мен бардык күнөөлөрдү кечиремин, анда Менден (гана) кечирим тилегиле, Мен силерди кечиремин.

О, менин пенделерим! Силерге Мага зыян келтиргидей эч кандай зыяндын түрүн кыла албайсыңар жана Мага пайда кылгыдай эч кандай пайда да келтире албайсыңар.

О, менин пенделерим! Силердин алгачкыңар болсун же акыркыңар болсун, инсаныңар же жиндериңер 1 болсун силер баштан – аяк бардыгыңар араңардагы эң бир таза, эң ыймандуу бирөөнүн жүрөгүндөй тап-таза ыймандуу болсоңор да ал Менин Падышалыгымды (мүлкүмдү) эч кандай өлчөмдө көбөйтө албайт.

О, Менин пенделерим!
Силердин алгачкыңар болсун же акыркыңар болсун, инсаныңар болсун же жиндериңер болсун, силердин бардыгыңар тең баштан-аяк араңардагы эң ыплас бирөөнүн жүрөгүндөй болсоңор да ал Менин Падышалыгымды (мүлкүмдү) эч кемите албайт.

О, Менин пенделерим! Силердин алгачкыңар же акыркыңар болсун, инсаныңар же жиндериңер болсун бардыгыңар баштан –аяк бир жерге чогулуп алып тилек тилеп Мага кайрылсаңар, а Мен болсо ар бириңе эмне тилегиңер болсо да ошонун баарын берсем- бул, Менин колумдагыны: ийнени деңизге малгандай гана (деңизге малып кайра алганда ийнеге жуккан тамчы суудай гана) кемите алат.

О, менин пенделерим! Мен силердин эмне кылганыңардын баарын көрүп –билип турамын, жана ошонуңарга жараша, ар кимиңерге өз энчиңерди беремин. Ошондуктан ким жакшылык тапса-(акыретте Бейишке кирсе) ал Алланы мактасын, ал эми ким андан башканы тапса2 ал өзүн-өзү гана күнөөлөсүн!
(Муслимден).

“Баардык мактоо – Эгебиз, асмандардын Эгеси, жердин Эгеси жана ааламдардын Эгеси – Аллахка таандык. Асмандарда да, жерде да улуктук – Ага таандык. Ал Мартабалуу, Даанышман!” (Жаасия – 36 аят)

Эй пендем ?
Билем сен мээримдүүлүккө муктажсың, Мээримдүүмүн Мен!
Билем сен коркосуң, ал Му’мин Баардык нерселерге амандык, тынчтык, бейпилдик Берүүчү менмин!
билем сен күнөө кыласың, кайгырасың, күнөөңдөн арылгың келет, Гофуур – күнөөлөрдү кечирүүчү Менмин! Гоффаар – өттө көп кечиремин ! Афувв – кечиргенди Мен жакшы көрөмүн !
Адилеттүүлүккө муктажсың сен, Адл, Адилеттүү менмин !
Сен жумшактыкты жактырасың, ал Халиим – Сылык, Жумшакмын Мен!
Билем бирөөнүн жардамына муктажсың, ал Валий – жардам берүүчү досуң Менмин! Коркоксуң сен – Хаафииз – Өз Паанамда сактоочо Менмин !
Сен бир нерсе кылаарда бирөөгө муктаж болосуң, Мен – Кадрмын, Баардык нерсеге өзүм эле жетишем!
Кантип жетишесиң эй Аллах ?
Анткени Мен Муктадирмин, Өтө кудуреттүүмүн, Ахадмын жалгызмын, ал Ваахид жападан жалгызмын, Эч кимге, эч нерсеге муктаж болбогон ас Сомаад менмин !!

Бирок эй пенделерим күнөө кылсаңар – Каардуумун, ал Мунтаким Өч алуучумун !
Эгер тообо кылсаңар – Афувву каталарды жууп жиберүүчү, Ар-Роуф – өттө Мээрбанмын! Билем курсагың ачат – ар Роззаак ырыскы берүүчү менмин ! Аллах Таала сиз бизге дагы эмне кылып берсин ?!

Түндү бердим укташ үчүн, күндүздү бердим иштеп-эмгектенүү үчүн, ибаадат үчүн, жерлерди жумшак кылып бердим, үйлөрдү салууңар үчүн !

Аллах Таалам сиз бизге дагы эмне кылып берсин ?
“Оо адамдар ! Аллах силерге берген жакшылыгын эстегиле: Силерге асмандан жана жерден ырыскы бере турган башка Жаратуучу барбы ? Аллахты таштап кайда бара жатасыңар?” (Фаатир 3).

Албетте инсан жалгыз өзү ар түрдүү окуяларды, кыйынчылыктарды, кайгы капаларды жеңе албайт, анткени инсан алсыз күчсүз жаралган, бир гана Роббисине таянып ага ишенип, бардык ишти ага тообокел кылып тапшырганда гана жеңе алат, адам баласы бир мусийбат каптаган кезде анын айласы бир гана Аллахка тапшыруу, «Аллахка гана тообокел кылгыла, эгер момун болсоңор».(5:23).
Ошон үчүн бир гана Кудуреттүү жана бардык күчтүн ээси болгон Аллахка гана таяналы, бардык кыйынчылыктан куткаруучу жалгыз Өзү, ал эми урааның ушул сөз болсун: «Бизге Аллах жетиштүү ал эң жакшы колдоочу», эгерде мал -мүлкүң азайып карызың көбөйсө, кирешелериң топтоп жумушуң жүрбөй калса анда: «Аллах жетиштүү. Ал эң жакшы колдоочу» деп чакыргын. Эгерде кандайдыр душмандан коркунуч болсо же заалым инсандан коркунуч келсе, же болбосо бир кырсыкка кабылсаң анда: «бизге Аллах жетиштүү Ал эң жакшы колдоочу» деп чакыргын. «Роббиңдин жетекчилиги жана жардамы жетиштүү». (25:31)

Запись ЖАРДАМДЫ БИР АЛЛАДАН СУРА! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.