Halloween party ideas 2015

 

*🕌Абдишүкүр ажы Нарматов*

*Урматтуу мусулман бир тууганым!*

🏻Адам баласына өтө зарыл болгон баалуу нерселер бар. Аларга жетүү үчүн адам баласы бүткүл өмүрүн коротот. Бирок, канчалаган мээнет, канчалаган эмгек менен табылган бул нерселерди калтырып, жалгыз кетүүчү күн келет. Мына ошол күн келип, баардык нерсени калтырып кетүүчү убакытта, бизге жолдош болуп жаныбыздан бир карыш да алыстабай бирге боло турган эң баалуу нерсе бул – ыйман.
Адам баласы төрөлгөндөн өлгөнгө чейин, өлгөндөн, Аллахтын алдына барып, эсеп берип Бейишке киргенге чейин аны менен бирге болуп, ага бакыттын жолун көрсөтүүчү нерсе бул – ыйман.
Ыймандын даамын татып, ыйман нуру менен жашаган адам эки дүйнөдө бактылуу, ал эми андан алыс болуп, ыймансыздыктын караңгылыгында жашаган адам эки дүйнөдө бактысыз болот.

*Урматтуу мусулман бир тууганым!*

Ыйман бул – тил менен айтуу, жүрөк менен ишенүү жана амал менен тастыктоо. Тилибиз менен “Лаа илааhа илЛаллооhу Мухаммадур-расуулуллоh,”
[ Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Мухаммад анын элчиси]- деп күбөлүк беребиз. Айткан келмебизге жүрөгүбүз менен ишенебиз. Аллахтын, Жалгыз жана шериги жоктугуна, Жараатуучу жана Кудреттүүлүгүнө, Тирүү жана эч качан өлбөстүгүнө, Баардык ааламды башкаруучу жана ибаадат кылууга татыктуу зат экенине ишенген соң, Ага гана ибаадат кылабыз. Аллах Таала канча пайгамбар жиберген болсо, алардын баары «Лаа илааhа ил-Лаллооh» келмесин жеткиришти. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) дагы, алгачкы пайгамбарлык доорунда ыйман үчүн мээнет кылды. Анткени адамга ыйман кирмейинче, ал ибаадат кыла албайт. Ыйман келмеси эң алгачкы милдет жана эң акыркы милдет. Тагыраак айтканда, адам мусулман болуу үчүн ыйман келмесин айтуу керек. Ошондой эле өлүм алдында дагы ыйман келмесин айтуу керек. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисте:

– «Лаа илааhа ил-Лаллооhу, бейиштин ачкычы» – деп айткан.
Улуу сахабалардын бири Муаз ибни Жабал (Аллах андан ыраазы болсун) бир жолу чогулуп отурган адамдарга мындай деди:
– Азыр силерге сүйүнүчтүү кабар айтамын. Мен, Пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир сөз уккан элем. Бирок, силерди ошого таянып албасын деп ушул күнгө чейин айтпай жүрдүм. Эми мага өлүм жакындап калды, эгер бул сөздү айтпастан өтүп кетсем, күнөөкөр болуп калам. Анткени билгенин жашырып башкаларга айтпаган адам кыямат күнү оттон жасалган жүгөн менен жүгөндөлөт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мага:
– «Кимдин өлүм алдындагы эң акыркы сөзү «Лаа илааhа ил-Лаллооh» болсо, ал бейишке кирет» – деп айткан.
«Лаа илааhа ил-Лаллооh» келмеси менен өткөн адам кайсы бир күнөөлөрү үчүн азапталса да, баары бир бейишке кирет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) – «Кимдин жүрөгүндө, кыпындын салмагындай ыйманы болсо, тозоктон чыгарылып бейишке киргизилет» – деген.

Диндеги эң такыба адам деген атка конгон Хасан Ал-Басрий бир досунан кабар алганы үйүнө келет. Досу төшөктө, өтө оор абалда жатат. Хасан Ал-Басрий:
– Досум, азыр эмнени көрүп турасың – деп сурайт. Анда досу:
– Өтө шашылыш келген өлүмдү көрүп турам, би рок андан кутулууга эч кандай айлам жок.
Аябай коркунучтуу мүрзөнү көрүп турам, бирок ал жерде мени менен бирге боло турган жолдошум жок.
Жагымдуу, кооздолгон бейишти көрүп турам, бирок ал жерге алып баруучу амалым жок.
Жагымсыз, алоолонгон тозокту көрүп турам, бирок андан сактап калуучу жардамчым жок.
Илинип коюлган таразаны көрүп турам, бирок ага салмак болуучу соопторум жок.
Тартылган кыл көпүрөнү көрүп турам, бирок андан алып өтүүчү жандоочум жок. Кечиримдүү, Боорукер Аллахты көрүп турам, бирок Анын алдына алып баруучу эч кандай далилим жок – деп
жооп берет. Досу кайтыш болгондон кийин Хасан Ал-Басрий түшүндө көрөт да:
– абалың эмне болду – деп сурайт. Анда ал: Аллах мени өз ырайымы менен Лаа илааhа ил-Лаллооh келмесинин урматы үчүн бейишке киргизди деп жооп берет. Бул келме, бул дүйнөдө ак-таза жашоого, акыретте болсо бейиште болууга жардам берет. Бул келме жети сөздөн турат. Ким ага амал кылып жашап өтсө, ага тозоктун жети эшиги жабык болот. Бул келме жыйырма төрт тамгадан турат. Ким ага амал кылып жашаса, анын жыйырма төрт саат ичиндеги жасаган кылган күнөөлөрү кечирилет. Ким бул дүйнөдө ыйык келмени жүрөгүнө киргизсе, өлүм алдында аны айтуу жеңил болот.

Мисирде бир ооруканада мындай окуя болот. Ооруканага авто кырсыкка кабылган эки адамды алып келишет. Дарыгер аларды карап, текшергенден кийин, алардын жашап кетүүсүнө көзү жетпей, аларга келме айттырууга аракет кылат. Алардын бирине «Лаа илааhа ил-Лаллооh» деп айткан сайын аны кайталоонун ордуна, тамеки бергиле деп кайра-кайра айтат да, башка бир сөз айта албастан көз жумат. Экинчисине келмени айтканда, ал дарыгерге карап: сен Ла илааhа ил-Лаллооh келмесин туура эмес айтып жатасың, келмени Лааа илааhа илла-Лооhу деп созуп айтуу керек деп ага үйрөтүп, анан жан берет. Бул дүйнөдө жүрөк эмнеге толсо, өлүм алдында ошону эстейт. Аллахым ар бирибизге ыйман келмеси менен өтүүнү насип кыл.

*Урматтуу мусулман бир тууганым!*

Качан инсан кабырга коюлган кезде, ага эң биринчи берилген суроо дагы «Рообуң ким» деп, ыйман келмеси тууралуу болот.
Ал эми, Кыяматта бейиштин алдына келген кезде, бейиштин эшигине да ушул ыйман келмеси жазылып коюлган.
Лаа илааhа илла-Лооh менен жашайбыз,
Лаа илааhа илла-Лооh менен жан беребиз.
Лаа илааhа илла-Лооh менен кабырга киребиз, Лаа илааhа илла-Лооh менен Мункар-Накирдин суроосуна жооп беребиз. Лаа илааhа илла-Лооh менен Махшар майданына тирилебиз,
Лаа илааhа илла-Лооh менен Аллахтын алдында сурак беребиз.
Лаа илааhа илла-Лооh менен сирот көпүрөсүнөн өтөбүз,
Лаа илааhа илла-Лооh менен бейишке киребиз. Биздин бактыбыз бир гана ушул келмеде. Башка эч нерседе бактылуулук жок.

*Урматтуу мусулман бир тууганым!*

Өлүм периштеси эшигибизди кагып келгенге чейин, ыйман келмесин жүрөгүбүзгө киргизели. Өзүбүз ага амал кылып, башкаларды да ага чакыралы. Өзүбүзгө каалаган бейишти, башкаларга да ыраа көрөлү. Аллахым, ар бирибиздин жүрөгүбүзгө ыйман келмесин жайгаштаргын.
Аллахым, ар бирибизди ушул келме менен жашап, ушул келме менен өтүүнү насип кыл. Аллахым, баарыбыздын билип жана билбей жасаган күнөөлөрүбөздү кечирип, улуу Бейишиңде чогуу кыл. Ассалааму алайкум ва рахматул-Лоhи ва баракатуху.

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2mb2Guk
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись ЫЙМАН КЕЛМЕСИНИН КЕРЕМЕТИ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.