Halloween party ideas 2015

 

💁🏻‍♂Сөзүмө кулак сал, уулум! Буларды сен мемиреп терең уйкуда жаткан кезде айтып жатам. Болпойгон колдоруңду жаагыңа коюп, жыбылжып тердеп турасың. Бөлмөңө бир ууру сыяктуу байкатпай кирип келдим. Бир канча мүнөт мурун китепканада гезит окуп отуруп, өз келесоолугумду байкап, кайгым кара тумандап, дем алдырбай муунткан бир толкун сыяктуу жан дүйнөмдү арбап алды. Бир күнөөкөр өңдүү сенин жаныңа келдим. Эмнелерди гана ойлонбодум дейсиң, уулум?

Эртең менен эртелеп эле сага ачууландым… Мектепке баруу үчүн кийинип жатканыңда, сени жүйөөсүз себептер менен урушуп кемсинттим. Анткени, бетиңди чала аарчыптырсың. Бут кийимдериңдин кир болгонун көргөнүмдө, катуу урушуп тазалаттырдым. Буюмдарыңдын жерде чачылып жатканын көргөнүмдө, канып кайнап, сага кыйкырдым. Тамактанып жатканда, күкүмдөрдү түшүрүп, чайды төгүп алгандыгың үчүн жана дагы бир жекирдим. Ансайын сенин мага ызааланып, жан дүйнөңдүн куурулуп жаткандыгын уруп ойногон жокмун. Мен жумушка шашылып бара жатканымда, сен досторуң менен ойноп жүрүптүрсүң. Мени карап: “Жакшы барыңыз, атаке!”- деп кол булгаладың. Мен болсо кабагымды чытып, ооз ачканга да жараган жокмун…

Кечкисин үйдөгү маанай дагы эле супсак эле. Үйгө келе жатсам, досторуң менен чуркап ойноп жүрүптүрсүң. Бутуңдагы кымбат баалуу байпагыңдын жыртылганын көрүп, досторуңдун алдында аябай кемсинттим, жемеледим.

Ойлончу уулум, буларды сага атакең айтып жатат. Эстедиңби? Андан кийин башыңды жерге салып, сабак даярдоочу бөлмөңө жөнөдүң. Көздөрүңдүн жалыны өчүп, өңүң купкуу эле. Артыңдан кирип, сени теше тиктегенимде, сен чыгып кетүүгө шашылдың. “Эмне болду, токтогун?!”- деп кыйкырдым. Эч нерсе айтпастан, жаныма келип мойнумдан кучактап, өөп, ыйлап жибердиң. Өпкөң көөп ыйлап, эшикти көздөй чуркап чыгып кеттиң. Колумда турган китебим жерге түшүп кеткенин да байкабай калыптырмын. Мага эмне болду?… Сенин кемчиликтериң гана көзүмө көрүнөт. Атайылап издегендеймин… Ата сөөрөй катары мен сени сүйбөгөндүгүм эмес, өтө эле көп нерсе күткөндүгүмдөн ошондой болуп жаткандыгын байкадым. Мен сени өз доорумдун талаптарына ылайык көрүп жатканымды эми байкадым. Көрсө, сенин дооруңдун талаптары таптакыр башка турбайбы?! Болбосо, сенин жакшы жактарың абдан көп. Жүрөгүң таза. Менин сага кыйкырганыма карабай, келип кучактап өпкөнүң буга далил. Бул түнү мен буга чейин кетирген акмакчылыктарымды сезип, төшөгүңдүн жанында тизе бүгүп, уялып отурам. Буларды сен ойгоо кезде айтып түшүндүрө албайм. Бирок эртеңден баштап татыктуу, сен сыймыктанган, өрнөгү менен тарбиялаган, жароокер ата болууга ниеттенип, өзүмө убада бердим. Сени менен жакшы нерселер жөнүндө сүйлөшүп, ойноп, кубансаң кубанам. Оозумдан жаман сөздөр чыгаарда, тилимди тиштейм. Сенин жаш бала экениң, улууларды көрүп калыптана тургандыгың анык эмеспи… Кечээ эле апакеңдин боорунда жаткан наристе элең. Башыңды ага жөлөп, мемиреп уктаган мезгилдериң көз алдымда…

🌿🌸🌿🌸🌿🌸🌿🌸🌿🌸

*_☝🏻Башкаларды сындагандан көрө аларды түшүнгөнгө аракет жасайлы. Алардын каалоолоруна конок берели. Өз ара түшүнүүчүлүк, жагымдуу маанай, адамдык мамиле курулай сындан алда канча пайдалуу. “Билүү- бул кечирүү”. Доктор Жоннсон: “Жадагалса, Жараткан Кудай дагы адам о дүйнөгө кеткенге чейин жазалабай тургандыгын” баса белгилеген. Түркөй адамдар гана башкаларды айыптоону өнөр катары ташып жүрүшөт. Ал эмт балдарды ыксыз жекирүү- адамдыгы жолго коюлбаган башы кара, буту айрынын иши. Чыныгы ата – үлгүлүү ата экендигин унутпасак!… {Дейл Карнеги}_*

*_☝🏻Балаңды мыкты тарбиялуу кылгың келсе- бактылуу кыл. {Оскар Уайльд}_*

*_☝🏻Бала- жердин жандуу гүлдөрү. {Максим Горький}_*

*_☝🏻Атанын балага калтырган эң жакшы мурасы- анын жакшы тарбиясы. {Хадис}_*

🌿💐🌿💐🌿💐🌿💐🌿💐

📙 Турмуш сабактары…

👨👩👧👦 Бактылуулук формуласы

Запись Атанын ыймандай сыры.. впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.