Halloween party ideas 2015

Абдишүкүр ажы Нарматов

Бисмиллаахир-рохманир-рохиим. Мээримдүү жа на ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдардын жаратуучусу Аллах Таалага мактоо айтабыз. Андан жардам сурайбыз, кетирген күнөө лөрүбүздү кечирүүсүн суранабыз. Напсибиздин жана амалдарыбыздын жамандыгынан коргоо тилейбиз.

Аллахым, бизге туураны туура көрсөтүп, туура жолуңда алып жүр. Катааны катаа көрсөтүп, адашуудан өзүң сакта.

Аллахым, ар бирибизди пайдасыз илимден сакта. Өзүңдөн коркпогон жүрөктөн сакта. Кабыл кылынбаган дубадан сакта. Өзүңө көтөрүлбөгөн амалдан сакта.

Аллахым, өлүм кекиртекке келген мезгилде, ыйманыбыз менен жаныбызды алып, кабыр азабынан өзүң сакта.

Күбөлүк берем Ал Аллах жалгыз, Анын шериги жок, Ал бардык нерсеге күчү жетүүчү, Кудреттүү. Ал, Аллах адамзатты топурактан жараткан, кайрадан топуракка айландырат жана кыяматта кайра тирилтет. Ал, Аллах ыймандуу пенделери үчүн кабырды бейиш бакчасына айландырат. Ал эми ыймансыз каапырлар үчүн кабырды тозоктун жалынына толтурат.

Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллахтын элчиси жана кулу. Ал, Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) үммөтүн кабыр азабынан сактанууга чакырган. Өзүн жана үммөтүн кабыр азабынан сактагын деп Аллахка жалбарып дуба кылган улуу Пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына Аллахтын саламы жана салаваты болсун. Пайгамбарыбыз Мухаммад: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Кабыр, акырет орундарынын эң биринчиси. Ал же бейиштин бакчасы, же тозоктун өрөөнү» – деген. Баардык жандуулар өлүм даамын татат. Ыйык Кураанда Аллах Таала: «Ар бир жандуу өлүм даамын татуучу» – деген. Өзүнүн эң сүйүктүү пендеси болгон Пайгамбарыбызга кайрылып: «Чындыгында сен дагы, алар дагы өлүүчү» – деп айткан. Өлүм, бул эч эскертүүсүз жана кезексиз келүүчү нерсе. Мына ушул эскертүүсүз келген өлүмдүн артында ар бирибизди кабыр күтүп турат.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Кабыр, бул акырет орундарынын эң биринчиси. Кабырга бирөөнү ээрчитип алып кире албайсың. Кабырга чырак же свет коюп коё албайсың. Өмүр бою жыйган мал-мүлкүңдөн, байлыгыңдан бир тыйынды катып кете албайсың. Болгону эки ором кепин менен оролосуң да кетесиң. Кепиндин чөнтөгү болбойт. Өлүмдүн акыйкаты да, коркунучу да, кайгысы да мына ушунда. Жаныңдан миң сом акчаңды түшүрүп койсоң, канча кыжалат болосуң. Аны издеп канча убара болосуң. Бирок бул арзыбаган акча бүгүн болбосо эртең кайра табылат. Ал эми өлүм келгенде, өмүр боюу тырмышып жүрүп тапканыңдын баары калат. Мал-дүйнө эмес, өмүрлүк жарың, сүйүктүү балаң, сүймөнчүк кызың, баары калат. Бул өтө чоң өкүнүч. Бирок, андан да өткөн өкүнүч, эми ошол мал-дүйнөң, үй-бүлөөң үчүн Аллахтын алдында жооп бересиң. Кабырдагы эң биринчи түндү элестетип көргүн. Түндүн караңгылыгы, кабырдын караңгылыгы, а сен болсо жалгызсың. Усман (Аллах андан ыраазы болсун) кабыр жөнүндө угаар замат көз жашын агызып ыйлайт эле. Сахабалар: эй Усман, тозок жөнүндө уксаң ыйлабайсың, бейиш жөнүндө уксаң ыйлабайсың, кабыр жөнүндө угаар замат ыйлайсың мунун кандай себеби бар деп сурашканда: үлгү– Мен эгер бейиште болсом адамдар менен бирге болом. Эгер тозокто болсом дагы адамдар менен бирге болом. Ал эми кабырда менин жанымда эч ким болбойт. Мен ошол үчүн ыйлаймын – деп жооп берет. Бүгүн биз өз ишеничибиз менен таяныпсөйөнүп алган байлык, бийлик, күч-кубат баары бизден бөлүнөт. Аллах Таала Кураанда: «Силер бизге жалгыз-жалгыздан, алгач ирет жараткан сымал болуп келесиңер. Биз силерге бергендердин баарын артка калтырасыңар. Силер кулчулугуңарда (Аллахка) шерик кылып алган колдоочуңарды силер менен бирге көрбөйбүз. Силердин араңардагы байланыштар үзүлгөн жана силер ойлоп жүргөн нерселер силерден жок болгон» – деген.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Бүгүн, рухуң, этиң, сөөгүң, мал-мүлкүң, жасаган амалдарың бар. Эртең ажал жетип жан берип, кабырга киргениңде, рухуң Аллахка барат, этиңди курт жейт, сөөгүң топуракта калат, малмүлкүң мураска кетет, жасаган соопторуң кылган күнөөлөрүң менен жуулат. Кабыр акыреттин эшиги. Пенде үчүн эң биринчи суроо кабырдан башталат. Жаратканың ким? Диниң кайсы? Пайгамбарың ким? Болгону үч суроо. Үч жеңил суроо. Бирок кимге Аллах Таала жеңил кылса ошол үчүн жеңил. Кимдин жүрөгүнүн Аллах Таала орун алса ошол үчүн жеңил. Кимдин жашоосу дин болсо, дин үчүн өмүрүн арнаса, ошол үчүн жеңил. Ким Пайгамбарды сүйсө, анын сүннөтү менен жашаса, ошол үчүн жеңил. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) уулу Ибрахимди жерге жашырып жатып:

– «Эй, Ибрахим, азыр сенден жаратуучуң ким деп сурашса, Жаратуучум Аллах Таала деп жооп бергин. Диниң кайсы деп сурашса, диним Ислам деп жооп бергин. Пайгамбарың ким деп сурашса, Пайгамбарым менин атам Мухаммад деп жооп бергин» – деп көзүнөн жашы агып осуят айтат. Ошондо Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жанында турган Умар (Аллах андан ыраазы болсун) буркурап ыйлап жиберет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Эй, Умар, сени эмне ыйлатты» – деп сураганда:

– Эгер Аллахтын эң сүйүктүү пендеси Мухаммадын уулу Ибрахимге ушундай суроолор боло турган болсо, анда Хаттабтын уулу Умардын абалы кандай болоорун элестете албай жатам – деп жооп берет. Карап көрүңүз урматтуу бир тууганым. Аллахтын сүйүктүү Пайгамбарынын уулу үчүн сурак болсо, эң улуу сахабалардын бири Умар кабыр сурагынан коркуп ыйлап жатса, биздин абалыбыз кандай болот. Өмүрүндө бир жолу Аллахты эстебегендер кантип жооп берет? Өмүрүндө бешенесин бир жолу жерге тийгизип сежде кылбагандар кантип жооп берет? Өмүрүндө бир күн орозо кармап, Аллахты ыраазы кылбагандар кантип жооп берет? Аллахтын берген өмүрүн арак ичүү, зина, уурулук ж.б. күнөөлөр менен өткөрүп, Аллах, дин, Пайгамбар деген түшүнүгү жок байкуштар кантип жооп берет.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Өлүм бул ачуу чындык. Андан канчалык коркпойлу, кайда качпайлы баары бир башыбызга келет. Бүгүн бир адамды жууп кепиндедиң. Суунун ысык суугун сезип турдуң. Эртең сени да бирөөлөр жуушат. Бирок суунун ысык суугун сезбейсиң. Бүгүн Имамдын артында туруп бир адамга жаназа окудуң. Эртең да адамдар жаназа окушат, бирок сен имамдын алдында болосуң. Бүгүн бир адамды ийниңе көтөрүп кабырга алып бардың. Эртең сени да бирөөлөр ийнине көтөрүп кабырга алып барышат. Бүгүн бир маркумга арнап дуба кылдың. Эртең сага да бирөөлөр дуба кылышат. Бүгүн бирөө Мункар-Накирдин суроосуна жооп берди. Эртең бул суроолор сага да берилет. Бүгүн бирөөнүн жакындары боздоп ыйлашты, сен аларды угуп турдуң. Эртең сенин да жакындарың боздоп ыйлашат, бирок сен аларды укпайсың. Бүгүн амал кы лууга кудуретиң бар, эсеп-кысап берүү жок. Эртең эсеп-кы сап болот, бирок амал кылууга кудуретиң жок. Ошол себептен улуу сахаба Умар (Аллах андан ыраазы болсун) айт кандай бирөөнүн алдында эсеп кылынганча, өзүңө эсеп берип ал. Бул дүйнөнүн жарык күндөрүнөн пайдаланып кабырдын караңгылыгына даярдан. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткандай, кабат-кабат үйлөргө кызыгып, эки кулач кабырды эсиңден чыгарып койбо. Канткен менен, кабат-кабат үйүңдү, катар-катар машинаңды, сүйүктүү бала-чакаңды калтырып, бара турган жериң кабыр. Аны эч качан эсиңден чыгарба.

Аллахым, өтүп кеткен мусулман бир туугандарбызды кабыр азабынан өзүң сакта. Биздин да башыбызга өлүм келип, кабыр босогосун аттаганда суроолорго жеңил жооп берүүнү дилибизге салгын. Ар бирибиздин кетирген күүнөлөрүбүздү кечир. Өзүңдүн кереметтүү бейишиңде чогуу болууну насип кыл. Ассалааму алайкум ва рахматул-Лоохи ва баракатуху.

Запись КАБЫР БЕЙИШТИН БАКЧАСЫ ЖЕ ТОЗОКТУН ЧУҢКУРУ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.