Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком аалымдар. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Өлкөбүз эгемендүүлүгүн алып, дин эркиндиги мекенибиздин жети дубанына тарап, кеңири жайылганына Алла Таалага көп шүгүрлөрдү келтирип, жадакалса күн сайын Аллага рахмат айтуубуз ар бирибиздин милдетибиз деп эсептейм.

Дин эркиндиги жайылган соң, дин аалымдары ар түрдүү массалык маалымат каражаттары аркылуу ислам динин таратууда. Диний үгүт-насааттарды угуп, динди бекем карманып, сооп-иштерди күн өткөн сайын көбүрөөк жасаган мусулмандардын сообунчалык соопту Алла Таалам дин аалымдарына да берген болсун.

Акыркы мезгилде кыргыз коомчулугунда дин кармануу түшүнүгүн кеңейтүүдө Чубак ажыбыздын мээнети зор десем адашпайм. Муну менен мечит-медреселерде, диний окуу жайларда жана диний мекемелерде дин үчүн кызмат көрсөткөн мусулман бир туугандарымдын салымын кемсинткен жокмун. Бирок ар бир дин тармагында кызмат өтөгөн киши өзүнүн эмгегин Чубак ажынын эмгенине салыштырып, жыйынтыгын байкай алат.

Айтайын дегеним, Чубак ажы – Алла Таалам ал кишинин илимине илим кошкон болсун – окуусун аяктап келип, көптөн бери айтылбай келген көптөгөн диний маселелерге коомчулуктун көңүлүн бурду десем жаңылышпайм. Ал кишинин мээнети жана ачуу чындыкты түз айтуусу жергебиздеги көптөгөн мусулмандардын көзүн ачты.

Баарыңыздар билгендей, келме келтирип, намаз окуу, орозо кармоо, зекет берүү, ажылыкка баруу булар ислам дининин түркүктөрү. Эми булардан башка да маселелерге көңүл бурчу күн келип жетти окшойт.

Биз ислам динин беш парз менен чектебестен, жашообуздун баардык тармагын исламдаштыруубуз керек. Бул дүйнөгө келгенден баштап, кайра акыркы сапарга кеткенче мусулманча жашообуз ар бирибиздин диний милдетибиз.

Мугалим, окуучу, куруучу, медик, мал доктур, тигүүчү, унаа оңдоочу, агроном, соодагер, дыйкан, айдоочу, бухгалтер жана башка кесип ээлери: “Сынак учурунда кээ бир суроолорго досум “жардам” берсе кандай болот? Орто билим алгандыгы тууралуу күбөлүктү тааныштар аркылуу баланча мектепте “окуду” деп алса кандай болот? Чек-арадан товарларды аткезчилик жолу аркылуу алып өтүп, соода кылса кандай болот? Иштеген мекемеге 800 сомдук соода кылып, аны дүкөндүн ээси менен сүйлөшүп дүмүрчөккө 1000 сом деп жаздырып, ашыкча 200 сомду “кызмат акы” катары алса болобу? Иш сапарга (командировка) чыкканда досумдун үйүндө жашап, кайсы бир мейманканада түнөдү деген маалымкатты бухгалтерияга тапшырса болобу? Жумушта кесиптешимдин мекемени жакшыртуу боюнча ой жүгүртүп, бирге тапкан пикирди жалпы жыйында өзүмдүкү кылып айтсам күнөө болбойбу? – деген суроону узатууну үйрөнүшүбүз керек.

Запись Эми башкача суроо берели впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

🏻Бүгүнкү күндө тагдыр таразасы кимди гана башына салбады дейсиң, ар бир үй -бүлөдөн жок дегенде бирөө,экөө болуп алыскы чет жакаларда ырыскыларын издеп канчасы сапарда жүрүүдө. Бирин -бири сагынган ата -энелердин балдардын сагыныч кусалыктарын айтпай эле койолу. Бул да Жараткандын насиби экен кандай болсо да кайсы жерде болбойлу Аллах Тааламды эстен чыгарбай, бергенине шүгүр кылып, аманчылык тилеп жашай бересек болгону. Үйдөн көп убакыт алыста жашап үй-бүлөбүздү сагынган учурларыбызда, үйдө жүргөн кезде кээде жаңылыштык менен болсо да капа кылып койчу үй-бүлөбүздүн биз үчүн канчалык баалуу экендигин түшүнөбүз.
Мына, адам баласына мүнөздүү жалпы көрүнүш ушундай, бар нерсесинин баркын качан гана аны жоготуп алгандан кийин толук түшүнөт. Ал эми акыйкатта, жаныбыз-каныбыз бир болгон үй-бүлөбүз биз үчүн сүйүүгө, терең урмат-сыйга татыктуу адамдар болуп саналышат.
Атабыз, апабыз жана бир туугандарыбыз болуп баарыбыз бир дубалдын кыштары сыяктуубуз. Булардын арасынан бир кышка зыян келип жарылып сынса, бүтүндөй дубалга анын кесепети тиет. Бирок бекем салынган дубал ичиндеги бир кыштын сынышынан урап калбайт. Анын сыңарындай, үй-бүлөбүз биз үчүн абдан кымбат.
Алар – биз менен кошо сүйүнүшүп, биз менен кошо кайгырышкан адамдар. Андыктан, үй-бүлөбүзгө кайрымдуу адам болуп, дуба кылып жатканда аларды эстеп алардын жакшылыгы үчүн да тилек тилешибиз керек. Себеби, аларга жасоочу жакшылыктарыбыздын бири – алар үчүн дуба кылуу.
Муну эч убакта эстен чыгарбашыбыз керек.

📌“Оо ааламдардын жаратканы болгон Аллам! Мени чоңойтуп өстүргөн ата-энеме ырайым кыл. Алар мени кандай сактап коргошсо, Сен да аларды ошондой сактап корго. Бул дүйнөдө да, акыретте да үй-бүлөмө көп-көп жакшылыктар, сулуулуктар жана ырыскылар буюр. Мени, ата-энеми, бир туугандарымды жана бардык жакшы көргөн жакындарымды жамандыктардан сакта. Бизди бири-бирибизге карата күйүмдүү, боорукер кыл,” – деп, же ушуга окшогон тилектер менен дуба кылып жүрсөк ин ша Аллах жакшылыктын эшиктери ачыла бермекчи. Анткени дуба мусулмандын табылгыс куралы,Жаратканга байланган жүрөктөргө тынчтык,бейпилдик тартуулап, жашообуздагы жакшылыктардын келүүсүнө себепчи болот. Кыргызда “Бата менен эле көгөрөт,жамгыр менен жер көгөрөт “-деп бекеринен айткан эмес. Ошон үчүн дайыма Намазыбыз да болсун,Кураныбыз да болсун,эртең менен кеч жатаарда болсун үй -бүлөбүздүн тынчтыгы үчүн,бейпилдиги үчүн, кырсык -балээлерден алыс болуу үчүн,келген сыноолорго күч алуу үчүн Жаратканга чын ыклас менен таянып, үмүттүн арканын бекем кармап, чексиз шүкүрлөр менен колуңду сунуп дуба кылып жүргүн ин ша Аллах жашооңдо баары жакшы болот! Анткени сенин дубаң менен үй -бүлөңдө тынчтык болуп жаткандыр,сенин дубаң менен ата -энең,балдарың, жубайыңдын ден -соолугу чың болуп курсанчылыктан күлкү үнү жаңырып жаткандыр,сенин дубаң менен коомубузда тынчылык, аманчылык өкүм сүрүп жаткандыр, сенин дубаң менен бир туугандарың,досторуң арасында бекем ынтымак,колдоо үзүлбөгөн карым -катнаш
болуп жаткандыр, сенин дубаң менен иштериңди ийгиликтер коштоп, үйүң-жайың баары өз ордунда болуп жаткандыр. Дуба -деген ушундай бир тууганым балким Жараткан сен сураган нерселерди бербей кечиктерип жаткандыр,бирок билип койгун сен сезбей,эсептебеген сансыз нээматтарды, айланаңда баарылыгыңдын баарын сага берип жатканын. Ошон үчүн Жаратканга чексиз шүгүр кылунуу эч унутпагын!

“Алла дубаларыарды кабыл кылат. Алардын кабыл болушу үчүн ашыкпагыла. Дуба кылдым дегиле, кабыл кылынбады дебегиле.” (Тирмизи, “Деават”, 12)..

👳Жашообуздун бейпилдиги үчүн улуу аалымдарыбыздын дубаларынан пайдаланып жүр!

📌“Оо Рабби, дуба Өзүңдөн, ошол дубаны кабыл алуу да Өзүңдөн. Оо Рабби, кылган дубаларыбызда же жалыныпжалбарышыбызда Сага ылайык келбеген туура эмес сөздөрдү сүйлөп ката кетирген болсок ал сөздөрүбүздү Сен оңдо жана тилегибизди кабыл кыл. Себеби, сөздөрдүн ээси жана улугу Өзүңсүң.” “Раббим, мен денемди кирден арылттым, жуудум. Ички дүйнөмдү болсо жамандыктардан Сен арылт, жуу” (Жалаладдин Руми – Мевлаана).

📌“Оо Жараткан, биз башкаларды эмес, бир гана Сенин теңир экендигиңди кабылдап жалгыз Өзүңө гана моюн сунабыз. Сенин эркиңе баш ийүү менен гана өзүбүздү бейкут сезип көңүлүбүз жайланат. Анткени бардык коркууларыбыздын жана үмүттөрүбүздүн биринчи жана акыркы булагы жалгыз Сенсиң. Сен коркуу салбасаң бизде коркуу болбойт. Сен үмүт бербесең бизде үмүт да болбойт. Сен таттуунун таттуу экендигин сездирбесең бардык нерсе ачуу, сары санаа, дарт. Сен ачуунун ачуу экендигин сездирбесең бардык нерсе таттуу, ширин” (Мухаммед Хамди Языр).

👤Насиба Абдуллаева.

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2yzMeui
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись Ата -эне жана бир туугандар үчүн дуба кылуу впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

*Урматтуу мусулман бир тууганым!*

Өлүм бул ачуу чындык. Андан канчалык коркпойлу, кайда качпайлы баары бир башыбызга келет. Бүгүн бир адамды жууп кепиндедиң. Суунун ысык суугун сезип турдуң. Эртең сени да бирөөлөр жуушат. Бирок суунун ысык суугун сезбейсиң. Бүгүн Имамдын артында туруп бир адамга жаназа окудуң.Эртең да адамдар жаназа окушат, бирок сен имамдын алдында болосуң. Бүгүн бир адамды ийниңе көтөрүп кабырга алып бардың. Эртең сени да бирөөлөр ийнине көтөрүп кабырга алып барышат. Бүгүн бир маркумга арнап дуба кылдың. Эртең сага да бирөөлөр дуба кылышат. Бүгүн бирөө Мункар-Накирдин суроосуна жооп берди. Эртең бул суроолор сага да берилет. Бүгүн бирөөнүн жакындары боздоп ыйлашты, сен аларды угуп турдуң. Эртең сенин да жакындарың боздоп ыйлашат, бирок сен аларды укпайсың. Бүгүн амал кылууга кудуретиң бар, эсеп-кысап берүү жок. Эртең эсеп-кысап болот, бирок амал кылууга кудуретиң жок. Ошол себептен улуу сахаба Умар (Аллах андан ыраазы болсун) айткандай бирөөнүн алдында эсеп кылынганча, өзүңө эсеп берип ал. Бул дүйнөнүн жарык күндөрүнөн пайдаланып кабырдын караңгылыгына даярдан. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткандай, кабат-кабат үйлөргө кызыгып, эки кулач кабырды эсиңден чыгарып койбо. Канткен менен, кабат-кабат үйүңдү, катар-катар машинаңды, сүйүктүү бала-чакаңды калтырып, бара турган жериң кабыр. Аны эч качан эсиңден чыгарба.
Аллахым, өтүп кеткен мусулман бир туугандарбызды кабыр азабынан өзүң сакта. Биздин да башыбызга өлүм келип, кабыр босогосун аттаганда суроолорго жеңил жооп берүүнү дилибизге салгын. Ар бирибиздин кетирген күүнөлөрүбүздү кечир. Өзүңдүн кереметтүү бейишиңде чогуу болууну насип кыл. Ассалааму алайкум ва рахматулЛоохи ва баракатуху.

Устаз Абдишүкүр ажы Нарматов

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2yzMeui
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись ӨЛҮМГӨ ДАЯРСЫҢБЫ?! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Абдишүкүр ажы Нарматов

Бисмил-Лаахир-рохмаанир-рохиим. Мээримдүү жа на ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдар дын жаратуучусу Аллах Таалага мактоо айтабыз. Андан жардам сурайбыз, кетирген күнөөлөрүбүздү кечирүүсүн суранабыз. Напсибиздин жана амалдарыбыздын жамандыгынан коргоо тилейбиз.
Аллахым, биз менен арамды, чыгыш менен батыштай алыс кыл жана адал жашоонун үстүндө өмүр сүрүүнү насип кыл.
Аллахым, бизге туураны туура көрсөтүп, туура жолуңда алып жүр. Катааны катаа көрсөтүп, адашуудан өзүң сакта.
Аллахым, ар бирибизди пайдасыз илимден сакта. Өзүңдөн коркпогон жүрөктөн сакта. Кабыл кылынбаган дубадан сакта. Өзүңө көтөрүлбөгөн амалдан сакта.
Күбөлүк берем Ал, Аллах жалгыз, Анын шериги жок, Ал бардык нерсеге күчү жетүүчү, Кудреттүү. Ал, Аллах адамзатты жоктон бар кылган жана аны жок кылып кайра тирилтүүгө кудреттүү. Ал, Аллах пендени өзүнө ибаадат кылуу үчүн жараткан жана биз Ага ибаадат кылууга милдеттүүбүз.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллахтын элчиси жана кулу. Ал, Пайгамбар адамдарга бул дүнүйөнүн убактылуу экен дигин эскертип, чыныгы жашоого азык камдоого чакырган.
Өз үммөтүнө бул дүйнөдө мусапырдай жашап өтүүнү осуят кылган улуу Пайгамбарыбыз Мухаммадка, анын үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына Аллахтын салам-салаваты болсун.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Бүгүнкү сабагыбыз, Аллахты Жаратуучум деп, Исламды диним деп, Мухаммад пайгамбарды (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Пайгамбарым деп ыраазы болгон мусулмандарга арналат. Ошондой эле өзүн мусулманмын деп эсептеп, бирок мусулмандык милдетин аткарбастан, жүрөгү таштай катып калган бир туугандарыма арналат. Ошондой эле, күн сайын бул жашоодон канчалаган адамдарды алып кетип жаткан өлүмдү көрүп туруп, ага даярданбаган, дүнүйөсүн кооздоп, акыретин эсинен чыгарып койгон, мүрзөлөрдү көрүп туруп, өлүмдөн коркпогон адамдарга да эскертүү болот деп ишенемин.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Эртең сапарга чыгасың. Сапарың анча деле алыс эмес. Ашып кетсе беш же алты күн жүрөсүң. Бирок сапарың жакын, андан кайтууң бат болгонуна карабастан бул сапарга канча күн мурда даярдана баштайсың. Алгач, кийүүчү кийимдериңди, андан соң тамак-ашыңды жолго керектелүүчү буюм-теримдериңди, акырында чыгым кылуучу акчаңды даярдайсың. Ушунун баары сенин беш-алты күндүк сапарыңдын жеңил болуусу үчүн жасалат. Сапарга азыгы жок чыгуу, кемеси жок деңизге кирген менен барабар. Биздин бул дүйнөдөгү жашообуз, чыныгы жашоо болгон акырет сапарына даярданып алуу үчүн токтой калган аялдама сыяктуу. Ким акырет сапарына жакшы даярдык көрсө, сапары жеңил болот. Ким сапарына даярданбаса кыйынчылыкка дуушар болуусу анык.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир жолу Умар ибни Абдуллахка (Аллах андан ыраазы болсун) карап:
– «Эй Абдуллах. Бул дүйнөдө чоочун жолоочудай болгун. Өзүңдү мүрзөдөгүлөрдүн биримин деп эсептегин» – деп осуят кылган. Чындыгында, бул дүйнөгө ким түркүк болуп калат?! Эч ким. Эч ким эч качан бул дүйнөдө түбөлүк калган эмес. Анткени, бул дүйнө акырет эшигине алып баруучу кичинекей гана өткөөл. Бул кичинекей өткөөлгө, алыс сапарга камданып, азык топтоп алуу үчүн гана келгенбиз. Бул мезгилде кандай амал жасап калсаң, эртең аны көрөсүң. Жибрийил (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир күнү Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жанына келип:
– «Эй Мухаммад, бул дүйнөдө каалаганыңдай жаша, бир күнү баары бир өлөсүң. Каалаган амалдарыңды жаса, бир күнү анын сообун же азабын көрөсүң. Каалаганың менен дос болуп, жакшы көргүн, бир күнү андан ажырайсың. Ыймандуунун улуулугу, анын түнкү намаздарды көп окугандыгында. Ыймандын кадыры, башкалардан кажаатсыз болууда» – деп осуят кылды. Эмне үчүн хадисте өлүм тууралуу, бул дүйнөнүн кыскалыгы тууралуу айтылып келип, ага түнкү намазды кошуп койду? Анткени өлүм бүтүү эмес. Өлүм жоголуу эмес. Өлүм, бул башталуу. Өлүмдүн артында бул дүйнөдө жасаганыңа жооп берүүчү күн турат. Демек өлүмдү эстеген адам, ага даярданууну да унутпоосу керек. Түнкү намаз ибаадаттардын эң жакшысы, акырет үчүн пайдалуу азык. Түн ичинде окулган намаз кабырда нур болот.
Хасан Ал-Басрий (Аллах андан ыраазы болсун) кара-тору адам эле. Бирок анын жүзүнөн ар дайым нур чачырап тураар эле. Бир жолу адамдар андан эмне үчүн жүзүндө нур жаркырап тургандыгы жөнүндө сурашканда, ал:
– Түн ичинде Аллахка жалбарып ибаадат кылам, ошол себептен жүзүмө нур чыгат – деп жооп берет. Акырет үчүн азык камдоого шашылуу акылдуу адамдын иши. Өлүм эскертүүсүз келет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде:
– «Өлүмдү көбүрөөк эстегиле, ал эч кандай эскер түүсүз келет» – деп айткан. Өлүмдү эстебеген адам, эртең жөнөөчү сапарын унутуп койгон адам сыяктуу. Эч кандай даярдыгы жок сапарга жөнөгөн адамды элестетип көргүн. Аны машина күтүп турат же самолётко билети бар. Качан гана жөнөө убактысы келгенде, ал өтө шашылат. Бирок, эми даярданууга кеч болуп калды. Бул дүйнөнүн кызыгына азгырылып, акырети үчүн даярдык көрбөгөн адамга өлүм келгенде, даярданууга кеч болуп калат. Өлүмдү бир-эки мүнөт коё тур деп күттүрүп коё албайсың.
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун) күйөө баласы Алиге (Аллах андан ыраазы болсун) бир адам келип, бирөөдөн короо жай сатып алгандыгын, кийин аны кайрадан талашып алып албоосу үчүн, күбө болуп, бир кагаз жазып берүүсүн өтүнөт.
Али (Аллах андан ыраазы болсун) ал адамдын дүнүйөгө аябай берилген адам экендигин байкайт. Кагазын алат да «Бир өлүүчү адам, экинчи өлүүчү адамдан короо-жай сатып алды. Ал короонун төрт тарабы бар. Анын биринчиси адам өлгөндө түгөнөт. Экинчиси, мүрзөгө киргенде түгөнөт. Үчүнчүсү, Аллахтын алдында эсеп-кысап бергенде түгөнөт. Ал эми төртүнчүсү, же бейиш же тозок менен аяктайт» деп жазып берет. Тиги адам жакшы түшүнө албай, мен сенден күбөлүк кат жазып бер десем, сен өлүм жөнүндө жазыпсың деп таң алат. Ошондо Али: (Аллах андан ыраазы болсун) «дүнүйөгө көп берилбегин. Бул дүнүйө түбөлүктүү эмес. Эртели кеч жөнөөчү сапарыңды унутпа» деп насаат айтат.
Падыша Харун Рашиддин бир вазири бар эле. Анын милдети падышага насаат айтып, акыретти эстетип туруу болчу. Бир күнү падыша вазирин чакырып, мага насаат айткын дейт. Вазир падышага кайрылып мындай дейт:
– урматтуу падышам, эгер сиз катуу ооруп калсаңыз жана бул оорунун дарысы бир чөйчөк суу болсо, бирок ал суунун баасы өтө кымбат болсо, эмне кылат элеңиз? – дейт. Падыша бир топко ойлонуп:
– мен аны колумдагы мүлктүн жарымын берип болсо да сатып алмакмын – дейт. Ошондо вазири кайрадан:
– Ал эми ошол сууну ичкенден кийин аны кайра чыгара албай кыйналсаңыз эмне кылат элеңиз – деп сурайт. Падыша дагы көпкө ойлонуп туруп:
– дүнүйөмдүн калганын берип болсо да дарыланмакмын – деп жооп берет. Анда вазир:
– урматтуу падышам, сиздин падышалык мүлкүңүз Аллахтын берген ден-соолук нээматынын алдында эки чөйчөк суучалык кадыры жок болгон соң, демек өлүмдү көбүрөөк эстеп жүрүңүз – деп насаат кылган экен.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Сапарга чыгуудагы максатын билбеген адам, ал сапарга даярдык көрө албайт. Бул жашоодогу мак сатын билбеген адам, акыретине даярдана албайт. Бул жашоого Аллахтын сыноосунан өтүү үчүн, Анын буйруктарын аткаруу үчүн келгенбиз. Аллах Таала Кураанда: «Жиндерди жана адамдарды өзүмө ибаадат кылуу үчүн гана жараттым. Мен алардан ырыскы да жана алар мени азыктандыруусун да каалабаймын. Чындыгында Аллах ырыскы берүүчү жана Ал, Күч-кубаттын ээси» деп айткан. Ошондой эле, экинчи бир аятта: «Оо, ыйман келтиргендер! Руку жана сежде кылып Эгеңерге сыйынгыла жана (адамдарга, туугандарыңарга) жакшылык кылгыла. Балким, (тозоктон) кутулаарсыңар» деп айткан. Пенденин милдети Аллахка руку сежде кылып сыйынуу менен бирге башкаларга жакшы мамиле кылуу. Адамдын бул дүйнөгө жаратылуусунун мындан башка максаты жок. Аллах Таала хадиси кудусийде: «Эй адам баласы, мен жалгыздыгымдан сени жолдош болсун деп жараткан эмесмин. Мен аздыгымдан сени көп болсун деп жараткан эмесмин. Кайсы бир амалды аткара албай калсам жардам берет деп жараткан эмесмин. Кимдир бирөөгө менин менен бирге пайда же зыян берет деп да жараткан эмесмин. Мен сени күнү-түнү мага ибаадат кылууң үчүн жаратканмын» дейт. Демек, ибаадат кылуу жума күнү мечитке келип коюу же айт намазын окуп коюу эмес экен. Аллахка өмүр бою, күнүтүнү ибаадат кылуу керек. Анткени, өмүр өтө кыска жана өлүм эскертпестен келет. Сахабалардан кийинки доордо жашаган Мухаммад ибни Каьбий аттуу өтө бай адам болгон. Ал адам ооруп төшөккө жатып калганда, достору келип ага келме айтышып, балдары үчүн эмнени мурас кылып калтырганын сурашат. Алардын суроосуна: Жыйган байлыгымдын баарын акыретим үчүн жөнөтүп жибердим. Ал эми балдарыма Аллахты гана калтырдым. Эгер мен балдарыма мал-дүнүйө калтырсам, күндөрдүн биринде ал баары бир түгөнөт. Ал эми алар такыбаа болушса, Аллах ойго келбеген жерден ырыскы берет. Ал эми Аллахтын казынасы эч качан түгөнбөйт – деп жооп берет.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Өлүм периштеси эшигиңди кагып кирип келгенче акырет үчүн азык камдап ал. Өлүм периштеси келген соң аны кайтара албайсың, андан качып да кете албайсың. Болгону өкүнүч менен гана кете бересиң. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жакын сахабаларынын бири, эң көп хадисти бизге жеткирген Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) өлүм төшөгүндө жаткан мезгилде көз жашын агызып ыйлайт. Анын ыйлаганына таң калышкан адамдар, эмне үчүн ыйлап жатканын сурашканда, ал: мени бул жашоо дон кетип жатканы үчүн ыйлап жатат деп ойлойсуңарбы? Жок, мен сапардын алыстыгын көрүп, азыгымдын аздыгын эстеп ыйлап жатам – деп жооп берет. Ар бир пенденин башына бул күн келет. Улуу сахаба ушинтип өкүнүп ыйласа, эч нерсе менен иши жок кайдыгер жашоо өткөзгөн пенделердин абалы кандай болот. Күн өтүп жатат. Күн өткөн сайын өмүр азайып сапарга чыкчу күн жакындап келе жатат. Ар бир күнүбүздү, ар бир саатыбызды, ар бир минутабызды акырет азыгы үчүн жумшоого аракетенүүбүз керек. Аллахтын алдына барган кезде беш нерсеге жооп бермейинче бир кадам да алдыга жыла албайсың.
Биринчи: Аллах берген аздыр-көптүр өмүрдү кайда жумшадың.
Экинчи: Аллах берген күч-кубаттуу жаштыгыңды кандай пайдаландың.
Үчүнчү: мал дүнүйөңдү кандай жол менен таптың.
Төртүнчү: ошол тапкан мал-дүнүйөңдү кандай иштерге сарптадың.
Бешинчи: Билген илимиңе кандай амал кылдың. Мына ушул беш нерсени эстеп, ага жооп берүүгө да даярдык көр.

Диндеги эң такыба деген атка конгон Хасан Ал-басрий: (Аллах андан ыраазы болсун)
– «Эртең менен күн чыкканда адамдарга: эй адам баласы, мен жаңы күнмүн, менден пайдаланып кал. Мен бүгүн кетсем кыяматка чейин кайра келбеймин деп кайрылат» – деп айткан.

Ар бир агарып аткан таңдан кызарып күн батканга чейин акырет үчүн азык камдап сооптуу амалдарды жасоону Аллах Таала баарыбызга насип кылсын. Аллахым ар бирибиздин билип-билбестен жасаган күнөөлөрүбүздү кечиргин. Улуу Жума күнүндө кылган дубаларыбызды кабыл кыл. Адашып туура эмес жолдо жүргөн пенделериңди туура жолго баштагын. үлгү Аллахым, өзүңдүн алдыңа сооп капчыктарыбыз бош, азыгы жок барып калуудан сакта. Асслааму алайкум ва рахматулЛохи ва баракатух!

Запись АЗЫГЫ ЖОК САПАРГА ЧЫКПАЙТ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Падышанын жан дүйнөсү тарып, ички сырын жарыла айтып бук чыгарууга ылайыктуу киши таба албай өзүн жаман сезип олтурду. Колундагы бийлиги да, байлыгы да түккө татыбай, бир нерсесин жоготуп алгансып көпкө кыйналды. Жанында чарк айланып кошоматтанган жанжөкөрлөрү көзүнө албарстыдай көрүнүп, жүрөк тереңинде алардын ар бир кыймылы туучусунун каалоосу менен сүйлөймүн. жалган сыяктуудай туюлду.
Жалгыз олтуруп мындан жети жыл илгери зынданга салдырган аалымды эстеди. Ошондо мунун каарынан да, заарынан да коркпогон аалым алдына келип, кемчилигин бетине айткан эле. Аалымдын айтканы чындык экенин билип турса да, пенделик алсыздыгы менен падышалык текеберлиги кошул-ташыл болуп анын сөзүнө сынгысы келген эмес. Тескерисинче, аалымды сындырууга аракет кылган. Бирок, кашайып ал да айтканынан кайтпай туруп алган болчу.Акыры экөөнүн талашы аалымдын зынданга ташталуусу менен аяктаган. Андан бери жети жыл өтүптүр. Буга чейин бир, эки курдай гана аны эстебесе, эсинен такыр эле чыгарып койгон экен. Эмнегедир бүгүн ошол аалым эсине түштү. Кызык, жети жылда ал кандай өзгөрдү экен? Падыша вазирин чакырып, аалымды алып келүүгө буйруду.
Аалым жылуу салам айтып кирди. Ооба, чач-сакалы агарып, өңү бозоруп, жүдөңкү тартып калыптыр. Бирок, көздөрү баягыдай эле ишенимдүү тиктеп, жанып турат.

– Мага каршы сүйлөйм деп, агымга каршы сүзгөн кемеге түшүп алганыңды сездиңби? – деп сөз баштады падыша, аалымды сынай карап.

– Мен дарыгермин, – деди аалым, – оорулуу адамга кирсем насаатымды айтам. Падышанын кашы серпиле түштү. Ооба, деди ичинен, мунун көзү да, сөзү да ошол бойдон экен.

– Мага насаат айтууну сага ким буйруду?- Бул тактыга олтурууну сага ким буйруду? – деп, суроого суроо менен жооп берди аалым.

– Мен калайык-калктын каалоосу менен бул тактыда олтурамын.

– Мен калайык-калктын Жара– Адамдардын башчысына каршы сүйлөгөн адам, тумшугу менен зынданга түшөрүн сен дагы эле биле элексиңби?

– Ооба, аны жакшы билип калдым, бирок ааламдардын Жаратуучусуна каршы сүйлөгөн адам тумшугу менен тозокко түшөрүн сен али биле элек окшойсуң, падышам?

– Эмне үчүн аалымдардын баары сен айткан нерсени айта алышпайт?

– Жети жыл зынданда жатуудан коркушат. А мен үчүн бурадарым Жусуптай болуп зынданда жатуу – чындыкты жашыруудан жакшыраак.

– Мен сени зынданга салып, жети жылдык өмүрүңдү текке кетирдим, эми каалаганыңды сура, мен сени ыраазы кылайын, – деди падыша бир аз жумшарып.

– Туура айтасың, менин кырчын курагым өтүп картайып калдым, эми менин бир эле суранычым бар, менин жаштыгымды кайтарып бер, – деди аалым бир аз ийиле.

– Бул менин колумдан келбейт.

– Андай болсо, менин ден соолугум начарлап бара жатат, мени өлүмдөн сактап кал.

– Бул да менин колумдан келбейт, менин колумдан келчү нерсени сура! – деп бети-башы кызарып чыкты падышанын.

– А мен болсо булардын баарын аткара алуучу Затка жакындап бара жатам, – деди аалым, – баса сен да Ага жакындап бара жатасың, – деп кошумчалап койду анан.

– Сен менден бир нерсе сурап алмайынча, бул жерден чыгарбаймын! – деп кыйкырып жиберди падыша буулугуп.

– Эгер бир нерсе суроого муктаж болсом сенден эмес, мобу кулуңдан сурап алмакмын, – деди аалым эшик тоскон желдетке кол жаңсап.

– Бул сенин акмактыгың, менден таппаган нерсени кулумдан тапмак белең?! – падыша дагы ачууланды.

– Кулуңдан сурайм десем ачууландың, мен дагы сага окшогон алсыз кулунан сураганым үчүн Жаратуучу Падышамдын ачуулануусунан коркомун.

– Мен сага менден бир нерсе сура деп жатам! – падыша кыйкырып жиберди.

– Макул, андай болсо артыңа үч кап буудай көтөрүп чыгып бер, ала кетейин, – деди аалым камырабай.

– Бул оңой эле, – деп падыша жумшара түштү, – бирок, үч капты мен көтөрө албайм.

– Үч кап буудайды артыңа көтөрө албасаң, калың журттун милдетин моюнуңа кантип көтөрүп жүрөсүң?

– аалым падышага суроолуу карады,

– биз бул заманда эл милдети эмес, өз арабабызды жарытылуу тарта албай калдык.

Падыша башка сөз сүйлөгөн жок. Тескери бурулуп, аалымга “чыгып кет” дегенсип кол жаңсады. Эшик акырын жабылып, анын кадамынан чыккан дабышы угулбай калганча нес болгон эмедей катып турду. Анан гана оор үшкүрүп тактысына басып келди. Аалымдан жеңилгенине ичи күйүп турса да баягыдай кыйналбай өзүн жеңил сезип калды. Колун асманга созуп, акырын шыбырай баштады: “Оо, ааламдардын Жаратуучусу, алсыз пендеңдин күнөөсүн кечире көр. Тозок отуна тумшугу менен кирүүчүлөрдөн кылба. Оо, Жараткан…” Чын ыклас менен жүрөктөн чыккан тообаны коштой, көздөрдөн куюлган жаш тамчылары сакал ылдый агып жатты…

Запись Аалым менен падыша впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Аллахым ашык кулуңмун,
Тилеги жетсин кулуңдун.
Жүзүңдү көрсөм деп тилеп,
Жүрөктөн сага бурулдум.

Аллахым ашык пендеңмин,
Аллах деп жашап келгенмин.
Ар кандай абал болсо да,
Аллах деп жашай бермекмин.

Улуусуң жалгыз Кудайым,
Пендеңде көп убайым.
Айтылган буйрук сөздөрүң,
Аткарбай кантип турайын.

Ашыкмын аллах Өзүңө,
Ишенем Куран сөзүңө.
Ар дайым Куран окусам,
Жаш келет толкуп көзүмө.

Куранда толгон керемет,
Окусаң келет берекет.
Алланын улуу сөзүнө,
Кандай сөз ага теңелет.

Ааламды аңдап карасам,
Акылым жетпейт санасам.
Ушундай улуу Аллахым,
Акыл көз менен карасаң.

Ашыкмын Аллах ашыкмын,
Ашыктык толкуп ташыпмын.
Түшүмдө издеп нуруңду,
Токтобой ыйлап жатыпмын.

Дүйшөнбек ажы Өтөнбай уулу..

Запись Аллахым, ашык кулуңмун! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир күнү халифа Абу Жафар Мансур (95-158/714-775) адаттагыдай сарайында отурат. Капыстан бир чымын учуп келип жүзүнө конот. Ал чымынды кагып жиберет. Ошентсе да чымын кайта айланып келип жүзүнө конот. Кайта кагып жиберет. Ушундайча чымын бир нече жолу жүзүнө конуп, тынчын алат. Халифа ыза болот. Эшиктин оозунда турган желдеттерге карап:

-Эшиктин алдына ким келди?- деп сурайт. Желдеттердин бири келип:

-Мукатил ибн Сулайман (Мукатил ибн Сулайман- аалым, тафсирчи, хижри 150-жылы дүйнөдөн кайткан) кирүүгө уруксат сурап жатат- деди. Халифа:

-Дароо алдыма киргизгиле!- дейт. Мукатил сарайга кирет. Халифа Мукатилди көрөөр замат:

-Аллах Таала чымынды эмне үчүн жаратканын билесиңби? -деп сурайт. Мукатил эч камырабастан:

-Аллах Таала чымынды өзүн кудуреттүүмүн деп санаган чоңдорду төбөсүнө түшүрү үчүн жаратты- деп жооп берет.
Абу Жафардын оозуна кум куюлуп, ”а-б” деп үндөбөй калган экен.

Запись Аллах Таала чымынды эмне үчүн жаратты? впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Абдишүкүр ажы Нарматов

Бисмил-Лаахир-рохмаанир-рохиим.

Мээримдүү жа на боорукер Аллахтын аты менен баштаймын. Аллахка мактоо айтабыз, Андан жардам сурайбыз жана кылган күнөөлөрүбүз үчүн кечирим тилейбиз.

Кимде-ким Жалгыз Аллахка таянып, Ага тобокел кыл са, Аллах аны ызаттуу кылат. Кимде-ким Аллахтан башкага таянса, Аллах аны таянганы менен бирге кор кылат.

Кимде-ким Аллахка гана сыйынып, андан жардам сураса, Аллах ага ыраазы болот.

Кимде-ким Аллахтан башкага сыйынса, ага Аллах ачууланат. Кимде-ким Аллахты жүрөгүнө киргизип, Аны эс тесе, ага Аллах мээримин төгөт.

Кимде-ким Аллахты унутуп койсо, ага Аллахтын азабы болот.

Күбөлүк берем Аллах жалгыз, анын эч кандай шериги жок. Ал бүткүл ааламдын падышасы, Ал эч нерсеге муктаж эмес, биз Ага муктажбыз. Ал, Аллах динибизди Ислам, тынчтыктын дини деп атады. Ал, Аллах адам баласын тынч жашоого буйруду. Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллахтын кулу жана акыркы элчиси. Ал, Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) тынчтыктын дини болгон Исламды тынчтык менен таратты. Баардык үммөтүн тынч жашоого чакырган улуу Пайгамбар Мухаммадга жана анын үй-бүлөөсүнө Аллахтын саламы жана салаваты болсун.

Урматтуу Мусулман бир тууганым!

Азыркы мезгилде, өлкөбүздө да, шаар жана айылдарда да, ал эмес өз үйүбүздө да, кандайдыр бир тынчсыздануу, чочулоо менен жашап жатабыз. Эмне себептен өз үйүбүздө тынч отура албай калдык? Эмне себептен элибиз эртеңки күнүн элестете албай калды? Аллах Тааланын ыйык китеби Кураанда: «Алар өздөрүн өзгөртпөсө, Аллах берген тынчтыгын алып койбойт» – деп айтылган. Биз динибизден алыстап, аны эски, илимсиз, түркөй адамдардын ишеничи катары карап, ага кайдыгер мамиле жасаган сайын, биздин ортобуздагы ырыс-ынтымакты Аллах Таала алып койду. Кураанда, Аллах Таала: «Аллах силерге бейпилчиликтеги айылды мисал келтирет. Ага ар тараптан мол ырыскы келип турчу. Акырында, Аллахтын жакшылыгына каапырчылык кылышты, ошондуктан Аллах, алардын жасаган зулумдугу үчүн, аларга ачарчылык жана коркунуч тонун кийизип, жапа чектирди» – деп, биз үлгү ала турган аятты айткан. Тилеке каршы, азыр телевидение, газета-журнал, кайсы жерди караба, бирөөнү өлтүрүп кеткен, бирөөнү тоноп кеткен, бирөөнү сабап кеткен ж.б. жаман кабарларды көрөсүң. Бүгүнкү мезгилде, бизге суу менен аба кандай зарыл болсо, тынчтык да ошондой зарыл болуп турган учур. Чындыгында, тынчтык жана бейпилдик Аллах тарбынан пенделерине берилген эң чоң ниьмат-белек. Анын кадырына жетип, сактап калуу ар бир инсандын милдети. Аллах Таала ыйык Кураанда: «Эгер силерге тынчтык болсо, Аллахка шүгүр кылып, Аны зикир кылгыла» – деп айткан. Аллах Таала, эгер машина утуп алсаң шүгүр кыл деген жок, же акча таап алсаң шүгүр кыл деген жок, же башка нерсени айткан жок. Эгер тынчтык болсо, Аллахка шүгүр кылгыла деди. Демек, тынчтык ар бир адам үчүн өтө зарыл жана баалуу. Ошондуктан баардык пайгамбарлардын атасы, даанышман Ибрахим (Ага Аллахтын саламы болсун) Аллахка жалынып: «Оо, Робим! Бул шаарды тынчтыктын шаары кылгын» – деп дуба кылган. Аллах Таала сүйүктүү пайгамбарынын тилегин кабыл кылып, Мекке шаарын тынчтыктын шары кылып койду. Ошол замандан азыркы күнгө чейин Мекке тынчтыктын шаары болуп калды. Балким кыяматка чейин же Аллах каалаган бир заманга чейин, ал тынчтыктын шаары болуп тура берет. Тынчтыктын кадырын, тыечтыктын баасын жакшы билген даанышман пайгамбардын тилеги менен Мекке шаары ушундай артыкчылыкка ээ болуп калды. Тынчтыктын канчалык маанилүү экендигин билдирип, Аллах Таала, Пайгамбарыбыздын Харам мечитине кирүүсүн сүйүнчүлөгөн аятта: «Аллах кааласа, чачыңарды алдырган жана кыскарткан абалда тынчтык менен, эч коркпостон ыйык мечитке сөзсүз киресиңер» – деп айткан. Албетте, бул Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жана сахабалар үчүн өтө сүйүнүчтүү кабар эле. Анткени мушриктер ажы амалын аткарууга тоскоол болуп жаткан мезгил болчу. Ажы амалын аткаруу үчүн Харам мечитине кирүү өтө кубанычтуу эле. Бирок, андан да өткөн кубаныч, Аллах Таала баса белгилеп айтып жаткан тынчтык кубанычы эле. Аллах Таала, эч кимден коркпостон, тынчтык менен кирүүнү сүйүнчүлөдү. Аллах Таала кээ бир аяттарда, өтө маанилүү нерселер менен ант ичет. Мисалы: убакытка, заманга, күндүз жана түнгө ж.б. манилүү нерселер менен касам ичет. Ошондой аяттардын биринде, Аллах Таала: «Жана бул тынчтык шаарына касам» – деп айткан. Аллах касам ичип жаткан соң, тынчтыктын кандай баалуу экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Ар бир мусулмандын каалаганы бейишке кирүү. Бейишке кирүнүн өзү эле чексиз бакыт. Ал эми Аллах Таала ыймандууларга: «Бейишке тынчтык менен киргиле» – деп айтаарын Кураанда белгилеген.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Тынчтыктын бизге канчалык зарыл экенин, азыр жаш балдар дагы жакшы түшүнүп калды. Кайсы жерде тынчтык жок болсо, ошол жерде ый жана кайгы болот. Кайсы жерде тынчтык жок болсо, ошол жерде жокчулук жана ачарчылык болот. Кайсы жерде тынчтык жок болсо, ошол жерде Аллахтын ар түрдүү кырсык-балээлери болот. Ислам дини ар дайым тынчтыкты сактоого чакырат. Тынчтык, биринчи кезекте үйбүлөөдө болууга тийиш. Үй-бүлөөдө талаш-тартыш чыкпоосу үчүн, динибизде ар кимдин укугу жана милдети белгиленип коюлган. Ар бири өз укугун билип, милдетин так аткарган үйбүлөөдө эч качан уруш-жаңжал болбойт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисте:

– «Баарыңар кайтаруучусуңар жана кайтарганыңарга жооп бересиңер. Имам кайтаруучу жана кайтарганына жооп берет. Ата үйүнө кайтаруучу жана кайтарганына жооп берет. Эне үй ичине кайтаруучу жана кайтар ганына жооп берет. Баарыңар кайтаруучусуңар жана кайтарганыңарга жооп бересиңер» – деп айткан. Ошондой эле:

– «Үйүнө кирген адам: Ассалааму алайкум, Аллахтын тынчтыгы болсун деп салам айтып кирсе, ал үйдө береке болот» – деген. Андан кийин, мусулман адам кошуналары менен тынчтыкта жашоосу керек. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Ким, Аллахка жана кыямат күнүнө ишенсе кошунасы менен жакшы мамиледе болсун» – деп айткан. Ошондой эле Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир жолу сахабалары менен отуруп:

– «Аллахка ант ичип айтам ыймандуу боло албайт, Аллахка ант ичип айтам ыймандуу боло албайт, Аллахка ант ичип айтам ыймандуу боло албайт» – деп кайталайт. Сахабалар:

– Оо, Аллахтын элчиси, ким ыймандуу боло албайт – деп сурашканда, Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Жаман адаттары менен кошунасына тынчтык бербеген адам» – деп жооп берди. Андан соң, мусулман адам жалпы коомчулук менен тынчтыкта жашоого тийиш. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисте:

– «Бир адам мечитке келгенде же базарга барганда, колунда жаанын огу болсо, аны учунан кармабасын» – деп айткан. Бир мусулманга курал сунуп, аны өлтүрүү мындай турсун, жөн эле куралды ага каратып көтөрүү күнөө болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисте:

– «Мусулман экинчи бир тууганына курал кезебесин, шайтан аны аттырып коюусу мүмкүн» – деп айткан. Ошондой эле маанидеги экинчи бир хадисте:

– «Кимде-ким ата-энеси бир болгон мусулман бир тууганына тамашалап болсо да курал кезесе, аны алмайынча периштелер ага лаанат айтат» – деген. Чындыгында, мусулманды курал менен эмес жөн эле коркутууга да болбойт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Бир мусулманга экинчи мусулманды коркутуу арам» – деген. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Мекке шаарына жеңиш менен кирген кезде, душмандар катуу коркунучка дуушар болушкан. Бирок, тынчтыкты даңазалаган Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кечээ эле өзүнү Меккеден кууп чыгарышкан дин душмандарына алардын оюна келбегендей иш жасады. Пайгамбарыбыз (Ага Аллах тын салам-салаваты болсун) кереметтүү Меккеге кирген кезде:

– «Ким, мечит ичине кирсе аман болот. Ким, Абу Суфяндын үйүнө кирсе аман болот. Ким үйүн бекитип отурса аман болот» – деп, алардын баарына тынч жашоону тартуу кылды.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Эгер биз жакшы жашоону максат кылсак, анда биринчи кезекте тынчтыкты сактообуз керек. Анткени жашоодогу баардык жамандыктар ынтымактын жокту гунан болот. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Бири-бириңерге ичи тардык кылбагыла, бирибириңерди жаман көрбөгүлө, бири-бириңерден жүз буруп кетпегиле. Мусулман мусулмандын бир тууганы, ага зыян бербейт жана кыйынчылыкта таштап кетпейт. Такыбалык жүрөктө болот. Бир мусулманга, экинчи мусулманды кемсинтүү, жетиштүү күнөө болот» – деп айткан. Ошондой эле бир хадисте, Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Бөлүнүп-жарылуудан сактангыла, анткени ал жакшы жашоону жок кылат» – деп айткан.

Бүгүнкү күндөгү бөлүнүп жарылуулар, бизге зыяндан башка эч нерсе алып келбейт. Биз, исламдын тынчтыкты максат кылган дин экенин эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Динибиздин аты тынчтык. Динди бизге мыйзам кылып берген Аллах Тааланын ысымдарынын бири «Ассалам» тынчтык деген маанини билдирет. Ар бирибиз үмүт кылган улуу бейиштин бир аты «даарус-салаам» тынчтык коргону деген маанини билдирет. Биздин саламдашуубуз «ассалааму алайкум» сизге Аллахтын тычтыгы болсун деген маанини билдирет. Бир күндө канча жолу жолуксак, ошончо жолу саламдашып, бири-бирибизге тынчтык каалайбыз. Ибаадаттардын эң зарылы болгон намаздын ичинде, тынчтык сөздөрүн айтабыз. Намазды бүткөн мезгилде, оң жана сол тарабыбызга салам берип, тынчтык каалоо менен бүткөрөбүз. Демек, динибиз башынан аягына чейин тынчтыкты даңазалаган дин экени көрүнүп турат.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Келгиле, өзүбүздүн кетирген кемчиликтерибиз себептүү, айрылып калган бейпил жашоону кайра кайтарып алууга аракет кылалы. Анткени, бир коом өзүн өзгөрт мөйүнчө Аллах Таала аны өзгөртпөйт. Ибну Кайум (Аллах агы ырайым кылсын) айтат: Кайсы жерде илим жок болсо, ал жерде жамандык болот. Кайсы жерде илим болсо, ал жерде жакшылык болот. Демек, биз дагы илим алууну көбөйтүүбүз керек. Ошондой эле көп-көп дубаларды кылуубуз керек. Ибрахим пайгамбардын дубасындай дубаларды кылуу менен Аллахка жалынып-жалбарышыбыз керек. Үчүнчүдөн, даанышмандык жана кеменгердик менен даават кылуу керек. Мына ушул үч жол менен аркет кылсак, Аллах Тааланын каалоосу менен жерибизге тынчтык, элибизге бейпилчилик келет.

Аллахым, биздин өлкөбүзгө тынчтык бергин. Ар бирибизге бейпил турмушта жашоону насип кылгын. үлгү Аллахым, ар бирибиздин билип жана билбестен жасап койгон күнөөлөрүбүздү кечир. Элибизге жакшы жашоону насип кыл. Карыяларыбызга ыйман, жаштарыбызга жакшы адеп-ахлак бергин. Бүгүн ушул жерге кандай чогулткан болсоң, Кыямат күнүндө улуу бейиште да баарыбызды чогуу кылгын. Асслааму алайкум ва рахматул-Лохи ва барактуху…

Запись ИСЛАМ ТЫНЧТЫКТЫН ДИНИ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Абдишүкүр ажы Нарматов

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдардын Жаратуучусу, адам баласын сыноо үчүн жаратып, Акырет күнү алардан сурак алуучу Аллах Таалага мактоо болсун. Аллахтын эң акыркы пайгамбары, бул дүйнөнүн убактылуу экендигин үммөтүнө далилдеп, Акыреттеги эсеп-кысапка даярдануунун жолун үйрөткөн пайгамбарыбыз Мухаммадга Аллахтын салам-салаваты болсун.

Аллах Таала Куранда: “Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтан корккула! Ар бир жан эртеңки күнү (Кыямат) үчүн эмне амал кылганына карасын. Аллахтан корккула! Аллах эмне иш жасап жатканыңардан кабардар” – деп айткан. (Хашр, 18-аят). Мына ушул аятты уккан сахабалар бул аятка кандай амал кылышты? Абу Бакр Сыддык (Аллах андан ыраазы болсун) бир күнү бак ичине кирип, бутактанбутакка конуп мөмөлөрдү терип жеп жүргөн чымчыкты көрдү. Ал чымчыкка суктануу менен карап: “Оо, чымчык! Сен бутактан-бутакка коносуң, каалаганыңды жейсиң, каалаганыңды ичесиң, бирок эртең Аллахтын алдында бул үчүн жооп бербейсиң. Сенин жашооң кандай жакшы. Аттиң, мен эл башкарган халифа болуп, эртең Аллахтын алдында эсеп бере албай турганымча, ыймандуу адамдын денесиндеги бир тал түк болуп калсам кана…?” Умар (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: “Аттиң, бул жашоодо сыналып, сыноодон өтпөй калганча, Умардын энеси мени төрөбөй койсо жакшы болмок”. Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) өзүнө-өзү кайрылып мындай дейт: “Оо, Ибн Аббас! Эгерде Аллах сенин күнөөлөрүндү кечирбесе, анда абалың оор болорун билип кой”. Анас бин Малик айтат: “Мен бир күнү Умардын өзү менен өзү сүйлөшүп жатканын уктум. Ал: “Аллахка касам ичип айтам, эй менин нафсим, сенин алдыңда эки эле жол бар: же такыба болул жашайсың, же Аллахтын азабына туш болосуң” – деп айтып жатты..

Сурак күнү болушу жөнүндө адамдар ар кандай пикирде болушуп үч топко бөлүнүштү:

бирөөлөрү сурак болбойт, адам өлдүбү ал үчүн баары бүттү дешет;

Экинчи топ сурак күнү болушуна толук ишенишет;

үчүнчү топ арсар, сурак күн болот же болбойт деп күмөн менен жашашат.

Сурак күнүнүн болушуна кыпындай да күмөндө болбоңуздар. Ал күн сөзсүз келет. Баарыбыз бирибиз да калбай өлүп кайра тирилгенден кийин топтолуп Алланын алдына барып Анын суроолоруна жооп беребиз. Алла Өзү Куранда айткан: «Биз аны бир тамчы суудан жаратканыбызды инсан көрбөдүбү? Ошентсе да ал ачык жаңжалчы. Ал өз жаралышын унутуп Бизге: «Бул чириген сөөктөрдү ким тирилтет?» – деп мисал келтирет. « Аны алгач жараткандай эле (кайра) тирилтет. Ал бардык жаралгандарды Билүүчү»-дегин. (Ясин, 77-аят). Өлгөндөн кийин кайра тирилүүнүн чындык экенин далилдөө үчүн түшкөн бул аяттардын себеби төмөнкүдөй: күндөрдүн биринде меккелик Убай бин Халаф аттуу араб Алланын пайгамбарына (с.а.в.) келди да колундагы сөөктүн күлүн пайгамбардын (с.а.в.) алдына таштап мындай деди: «Ушул күлгө айланган сөөктү Алла кайра тирилтишине чындап эле ишенесиңби?!» Ага пайгамбарыбыз жооп берди: «Билип койгун, Алла бул сөөктү да жана Ал зат сенин сөөктөрүңдү да кайра тирилтет. Ааламдын кожоюну болгон Алла адамдын балдарын бир тамчы суудан жаратканын байкуш араб билген жокпу? Алла аны да бир тамчы суудан жараткандай эле, анын күлгө айланган сөөктөрүн кайра тирилтүүгө Кудуреттүү! Байкуш араб, Алла аны эмнеден жаратканын унутту! Чирип күлгө айланган сөөктөрдү ким тирилте алат, – деп талашууда. Аларды ким биринчи жараткан болсо, Ал аларды кайра тирилтет. Ал Алла – Кудуреттүү жана бардыгын Билүүчү.

Хасан Басрий айтат: “Эй, адам баласы, сен күндөрдөн түзүлгөнсүң, күн өткөн сайын сен кемип жатасың”. Эң чоң ысырап, бул – акчаны, же башка нерсени ысырып кылуу эмес. Эң чоң ысырап, бул – убакытты текке кетирүү. Арабдардын макалында: “Убакыт кылыч сыяктуу, эгер сен аны кескенге жетишпесең, ал сени кесип салат” – деп айтылат. Күн менен түн сага каршы иштеп жатат. Булар жаңыны эскиртет, жашты карытат, барды жоготот. Аалымдар айтат: “Кимдин бүгүнкү күнү кечээги күнүнө окшош болсо, жашоодон уткузуптур, кимдин бүгүнкү күнү кечээгиден жаман болсо, ага каргыш болсун”. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтат: “Эгер Аллахтан сурасаңар, Фирдаусту сурагыла! Ал бейиштин ортосу жана анын бийиктиги Аллахтын аршына жетет”. Мусулман пенде ар дайым бийиктикке умтулуусу керек. Дуба кылганда да жөн гана бейишти сурабастан, “Фирдаусту” сурагыла. Күндөрүбүзгө эсеп берели. Өзүбүздү-өзүбүз оңдойлу. Кетирген күнөөлөрүбүз үчүн чын ниеттен кечирим тилейли. Аллах Таала Кечиримдүү жана Боорукер. Ар бирибизге Аллахтын тынчтыгы, мээрими жана ырайымы болсун.

 

Запись АЛЛАХКА КАЙТУУЧУ КҮНДӨН КОРККУЛА впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Абдишүкүр ажы Нарматов

Бисмиллаахир-рохманир-рохиим. Мээримдүү жа на ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдардын жаратуучусу Аллах Таалага мактоо айтабыз. Андан жардам сурайбыз, кетирген күнөө лөрүбүздү кечирүүсүн суранабыз. Напсибиздин жана амалдарыбыздын жамандыгынан коргоо тилейбиз.

Аллахым, бизге туураны туура көрсөтүп, туура жолуңда алып жүр. Катааны катаа көрсөтүп, адашуудан өзүң сакта.

Аллахым, ар бирибизди пайдасыз илимден сакта. Өзүңдөн коркпогон жүрөктөн сакта. Кабыл кылынбаган дубадан сакта. Өзүңө көтөрүлбөгөн амалдан сакта.

Аллахым, өлүм кекиртекке келген мезгилде, ыйманыбыз менен жаныбызды алып, кабыр азабынан өзүң сакта.

Күбөлүк берем Ал Аллах жалгыз, Анын шериги жок, Ал бардык нерсеге күчү жетүүчү, Кудреттүү. Ал, Аллах адамзатты топурактан жараткан, кайрадан топуракка айландырат жана кыяматта кайра тирилтет. Ал, Аллах ыймандуу пенделери үчүн кабырды бейиш бакчасына айландырат. Ал эми ыймансыз каапырлар үчүн кабырды тозоктун жалынына толтурат.

Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллахтын элчиси жана кулу. Ал, Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) үммөтүн кабыр азабынан сактанууга чакырган. Өзүн жана үммөтүн кабыр азабынан сактагын деп Аллахка жалбарып дуба кылган улуу Пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына Аллахтын саламы жана салаваты болсун. Пайгамбарыбыз Мухаммад: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Кабыр, акырет орундарынын эң биринчиси. Ал же бейиштин бакчасы, же тозоктун өрөөнү» – деген. Баардык жандуулар өлүм даамын татат. Ыйык Кураанда Аллах Таала: «Ар бир жандуу өлүм даамын татуучу» – деген. Өзүнүн эң сүйүктүү пендеси болгон Пайгамбарыбызга кайрылып: «Чындыгында сен дагы, алар дагы өлүүчү» – деп айткан. Өлүм, бул эч эскертүүсүз жана кезексиз келүүчү нерсе. Мына ушул эскертүүсүз келген өлүмдүн артында ар бирибизди кабыр күтүп турат.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Кабыр, бул акырет орундарынын эң биринчиси. Кабырга бирөөнү ээрчитип алып кире албайсың. Кабырга чырак же свет коюп коё албайсың. Өмүр бою жыйган мал-мүлкүңдөн, байлыгыңдан бир тыйынды катып кете албайсың. Болгону эки ором кепин менен оролосуң да кетесиң. Кепиндин чөнтөгү болбойт. Өлүмдүн акыйкаты да, коркунучу да, кайгысы да мына ушунда. Жаныңдан миң сом акчаңды түшүрүп койсоң, канча кыжалат болосуң. Аны издеп канча убара болосуң. Бирок бул арзыбаган акча бүгүн болбосо эртең кайра табылат. Ал эми өлүм келгенде, өмүр боюу тырмышып жүрүп тапканыңдын баары калат. Мал-дүйнө эмес, өмүрлүк жарың, сүйүктүү балаң, сүймөнчүк кызың, баары калат. Бул өтө чоң өкүнүч. Бирок, андан да өткөн өкүнүч, эми ошол мал-дүйнөң, үй-бүлөөң үчүн Аллахтын алдында жооп бересиң. Кабырдагы эң биринчи түндү элестетип көргүн. Түндүн караңгылыгы, кабырдын караңгылыгы, а сен болсо жалгызсың. Усман (Аллах андан ыраазы болсун) кабыр жөнүндө угаар замат көз жашын агызып ыйлайт эле. Сахабалар: эй Усман, тозок жөнүндө уксаң ыйлабайсың, бейиш жөнүндө уксаң ыйлабайсың, кабыр жөнүндө угаар замат ыйлайсың мунун кандай себеби бар деп сурашканда: үлгү– Мен эгер бейиште болсом адамдар менен бирге болом. Эгер тозокто болсом дагы адамдар менен бирге болом. Ал эми кабырда менин жанымда эч ким болбойт. Мен ошол үчүн ыйлаймын – деп жооп берет. Бүгүн биз өз ишеничибиз менен таяныпсөйөнүп алган байлык, бийлик, күч-кубат баары бизден бөлүнөт. Аллах Таала Кураанда: «Силер бизге жалгыз-жалгыздан, алгач ирет жараткан сымал болуп келесиңер. Биз силерге бергендердин баарын артка калтырасыңар. Силер кулчулугуңарда (Аллахка) шерик кылып алган колдоочуңарды силер менен бирге көрбөйбүз. Силердин араңардагы байланыштар үзүлгөн жана силер ойлоп жүргөн нерселер силерден жок болгон» – деген.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Бүгүн, рухуң, этиң, сөөгүң, мал-мүлкүң, жасаган амалдарың бар. Эртең ажал жетип жан берип, кабырга киргениңде, рухуң Аллахка барат, этиңди курт жейт, сөөгүң топуракта калат, малмүлкүң мураска кетет, жасаган соопторуң кылган күнөөлөрүң менен жуулат. Кабыр акыреттин эшиги. Пенде үчүн эң биринчи суроо кабырдан башталат. Жаратканың ким? Диниң кайсы? Пайгамбарың ким? Болгону үч суроо. Үч жеңил суроо. Бирок кимге Аллах Таала жеңил кылса ошол үчүн жеңил. Кимдин жүрөгүнүн Аллах Таала орун алса ошол үчүн жеңил. Кимдин жашоосу дин болсо, дин үчүн өмүрүн арнаса, ошол үчүн жеңил. Ким Пайгамбарды сүйсө, анын сүннөтү менен жашаса, ошол үчүн жеңил. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) уулу Ибрахимди жерге жашырып жатып:

– «Эй, Ибрахим, азыр сенден жаратуучуң ким деп сурашса, Жаратуучум Аллах Таала деп жооп бергин. Диниң кайсы деп сурашса, диним Ислам деп жооп бергин. Пайгамбарың ким деп сурашса, Пайгамбарым менин атам Мухаммад деп жооп бергин» – деп көзүнөн жашы агып осуят айтат. Ошондо Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жанында турган Умар (Аллах андан ыраазы болсун) буркурап ыйлап жиберет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Эй, Умар, сени эмне ыйлатты» – деп сураганда:

– Эгер Аллахтын эң сүйүктүү пендеси Мухаммадын уулу Ибрахимге ушундай суроолор боло турган болсо, анда Хаттабтын уулу Умардын абалы кандай болоорун элестете албай жатам – деп жооп берет. Карап көрүңүз урматтуу бир тууганым. Аллахтын сүйүктүү Пайгамбарынын уулу үчүн сурак болсо, эң улуу сахабалардын бири Умар кабыр сурагынан коркуп ыйлап жатса, биздин абалыбыз кандай болот. Өмүрүндө бир жолу Аллахты эстебегендер кантип жооп берет? Өмүрүндө бешенесин бир жолу жерге тийгизип сежде кылбагандар кантип жооп берет? Өмүрүндө бир күн орозо кармап, Аллахты ыраазы кылбагандар кантип жооп берет? Аллахтын берген өмүрүн арак ичүү, зина, уурулук ж.б. күнөөлөр менен өткөрүп, Аллах, дин, Пайгамбар деген түшүнүгү жок байкуштар кантип жооп берет.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Өлүм бул ачуу чындык. Андан канчалык коркпойлу, кайда качпайлы баары бир башыбызга келет. Бүгүн бир адамды жууп кепиндедиң. Суунун ысык суугун сезип турдуң. Эртең сени да бирөөлөр жуушат. Бирок суунун ысык суугун сезбейсиң. Бүгүн Имамдын артында туруп бир адамга жаназа окудуң. Эртең да адамдар жаназа окушат, бирок сен имамдын алдында болосуң. Бүгүн бир адамды ийниңе көтөрүп кабырга алып бардың. Эртең сени да бирөөлөр ийнине көтөрүп кабырга алып барышат. Бүгүн бир маркумга арнап дуба кылдың. Эртең сага да бирөөлөр дуба кылышат. Бүгүн бирөө Мункар-Накирдин суроосуна жооп берди. Эртең бул суроолор сага да берилет. Бүгүн бирөөнүн жакындары боздоп ыйлашты, сен аларды угуп турдуң. Эртең сенин да жакындарың боздоп ыйлашат, бирок сен аларды укпайсың. Бүгүн амал кы лууга кудуретиң бар, эсеп-кысап берүү жок. Эртең эсеп-кы сап болот, бирок амал кылууга кудуретиң жок. Ошол себептен улуу сахаба Умар (Аллах андан ыраазы болсун) айт кандай бирөөнүн алдында эсеп кылынганча, өзүңө эсеп берип ал. Бул дүйнөнүн жарык күндөрүнөн пайдаланып кабырдын караңгылыгына даярдан. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткандай, кабат-кабат үйлөргө кызыгып, эки кулач кабырды эсиңден чыгарып койбо. Канткен менен, кабат-кабат үйүңдү, катар-катар машинаңды, сүйүктүү бала-чакаңды калтырып, бара турган жериң кабыр. Аны эч качан эсиңден чыгарба.

Аллахым, өтүп кеткен мусулман бир туугандарбызды кабыр азабынан өзүң сакта. Биздин да башыбызга өлүм келип, кабыр босогосун аттаганда суроолорго жеңил жооп берүүнү дилибизге салгын. Ар бирибиздин кетирген күүнөлөрүбүздү кечир. Өзүңдүн кереметтүү бейишиңде чогуу болууну насип кыл. Ассалааму алайкум ва рахматул-Лоохи ва баракатуху.

Запись КАБЫР БЕЙИШТИН БАКЧАСЫ ЖЕ ТОЗОКТУН ЧУҢКУРУ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бисмил-Лаахир-рохмаанир-рохим. Оо, Аллахым бардык мактоолор сенин өзүңө болсун. Сен Мээрим дүүлөрдүн мээримдүүсүсүң, бизди өз мээримиңе алгын. Сен бизди азаптоого кудуреттүүсүң, бирок бизди азабыңа алба. Сен ырайымдуулардын ырайымдуусусуң, бизди өз ырайымың менен кара. Сен бизди жазалоого акылуусуң бирок ачууң менен караба.

Оо, Аллахым, биздин күнөөлөрүбүздү кечир, ара бызда ыймандуу адамдардын санын көбөйт, аларды азайтпа.

Оо, Аллахым, улуу Пайгамбардын сүннөтү менен жашоону насип кыл, ажал жетип бул дүйнөдөн сапар кылганда, Пайгамбардын үммөтү болуп кетүүнү буй ругун, Өзүңдүн алдыңда тирилүүчү күн келгенде, Пайгамбардын айланасында тирилткин.

Күбөлүк берем Ал Аллах жалгыз, Андан башка сыйынууга татыктуу зат жок. Ким Аллахка таянса, Аллах аны ызаттуу кылат. Ким Аллахтан башкага таянса, ал ошол таянычы менен бирге кор болот. Ал, Аллах өтө сабырдуу, Аллахтын сабырдуулугуна эч кандай чек жок. Ал, Аллах өз пенделерин да сабырдуу болууга чакырган жана ыйык Кураанда өзүнүн сабырдуулар менен бирге болуусу жөнүндө кабар берип: «Чындыгында Аллах сабырдуулар менен бирге» деп айткан.

Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллахтын эң акыркы элчиси жана кулу. Ал, Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сабырдуулуктун эң жогорку чегине көтөрүлгөн. Акылсыз тентектерден таяк жеп, бут кийимдери канга толуп турган учурда да, сабырдуулугу менен аларга жаман сөз айтпай, Аллахым булардын күнөөсүн кечир деп дуба кылган. Ал, Пайгамбар (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун) өз үммөтүн да сабырдуу болууга чакырып, «чындыгында сабырдуулук бул – ыйман» деп айткан. Сабырдуулукту ыймандуулуктун белгиси деп даңаза кылган улуу Пайгамбарга, анын үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына Аллахтын саламы жана салаваты болсун.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Сабырдуулук деген эмне? Кандай иштерге биз сабыр кылуубуз керек?

Сабырдуу адамдар кандай сыйлыктарга ээ болот? ыймандуу адам үч учурда сабыр кылуусу зарыл:

1. Аллахка ибаадат кылууда. Мисалы: (Эртең менен жылуу төшөктөн туруп, даарат алып намаз окууда. Ысык узун күндөрдө орозо кармоодо ж.б.у.с.)

2. Аллах тыюу салган күнөө иштерден тыйылууда. Мисалы: (Арам, жеңил жолдор менен тамак табуудан. Аялдар менен ойноштук кылуудан ж.б.у.с.)

3. Аллахтын жазган тагдырына сабыр кылуу. Мисалы: (Жакын адамынан ажыроодо. Ооруп калууда. Ырыскысынын тар болуусуна ж.б.у.с.) Мына ушул үч учурда сабыр кыла алган адам чыныгы сабырдуу адам болуп эсептелет. Аллах Таала Кураанда : «Оо, ыймандуулар! Сабыр жана намаз менен кубаттангыла! Чындыгында, Аллах, сабырдуулар менен бирге. Силер Аллахтын жолунда өлтүрүлгөн адамдарды «өлүктөр» деп айтпагыла. Андай эмес, алар тирүү. Бирок, силер муну сезбейсиңер. Чындыгында, Биз силерди коркуу, ачкачылык, мал-мүлктүн, жан-дененин жана мөмө-жемиштердин каатчылыгы сыяктуу нерселер менен сынайбыз. Сабыр кылуучуларга (Бейиштен) сүйүнүчтүү кабарды угуз. (Аллах Таала тарабынан) бир кырсык жеткенде: «баардыгыбыз Аллахтын мүлкү болобуз жана Анын Өзүнө кайтып барабыз» деген адамдарга…Дал ошолорго Раббиси тарабынан мактоо, ырайым бар. Жана ошолор гана туура жолго түшкөндөр». (Бакара. 153-156-аяттар).  Демек, Аллахтын ар бир сыноосуна сабырдуулук менен жооп берген адамдарга Аллахтын ырайымы болот.

Экинчи бир аятта Аллах Таала : «Саабырдуулардын сыйлыгын эсепсиз кылып беремин» – деп убада кылган. Анткени сабырдуулук, ыймандуулуктун белгиси. Ошол үчүн Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) хадисинде:

– «Ыйман эки бөлүктөн турат: сабыр жана шүгүр» – деп айткан. Бир күнү Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабаларынан:

– «Силер ыймандуусуңарбы? – деп сурап калат. Сахабалар унчукпай калышканда, Умар (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбызга карап:

– Ооба. Оо, Аллахтын элчиси, биз ыймандуубуз – деп жооп берет. Анда Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) – «Ыйманыңардын белгиси эмне» – деп сурайт. Сахабалар кайрадан унчукпай калышканда, Умар: (Аллах андан ыраазы болсун)– Оо, Аллахтын элчиси. Аллахтын берген жакшылыктарына шүгүр кылабыз, кыйынчылыктарына сабыр кылабыз жана тагдырына ыраазы болобуз – деп жооп берет. Ошондо Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Каабанын Роббусуна ант ичем, силер ыйман дуусуңар» – дейт. Демек ыймандын толук болуусу үчүн сабырдуулук өтө зарыл. Ыйманга байланышкан дагы бир хадисте Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Сабырдуулук ыймандын башы» – деп айткан. Башы жок адамды элестете албаган сыяктуу эле, сабырдуу луксуз ыйманды элестетүүгө болбойт. Сабырдуулук, адамды бул жашоодо да акырет жашоосунда да бактылуулукка гана алып барат. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде:

– «Пенде кабырга коюлуп, андан сурак алуу үчүн периштелер келген кезде, ал адамдын окуп жүргөн Курааны баш тарабынан келип колдоо сурайт. Периш те лер оң тарабына келишсе, оң тарабынан окуган намазы колдоо сурайт. Сол тарабына келишсе, кармаган орозосу колдоо сурайт. Бут тарабына келишсе, башка жакшы амалдары колдоо сурайт. Ал эми сабырдуулугу үчүн берилген сыйлыгы кыяматка чейин бирге болуп, пенде бейишке киргенде гана андан ажырайт» – деп айтылган. Демек адамдын бейишке кирүүсүнө сабырдуулуктун себеби өтө чоң. Ошол себептен Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) – «Сабырдуулук-бул бейиштин кендеринин бири» – деп айткан.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Бизге жашоо берип, жашоонун жолун көрсөткөн Аллах Тааланын бир аты да Ассабуур-Сабырдуу. Чынында Аллахтын сабырынын чеги жок. Бизге кимдир-бирөө жаман мамиле жасаса, бир жолу, эки жолу, ашып кетсе үч жолу кечиребиз. Бирок Аллах Таала, Ага канча күнөө кылсак да кечире берет. Анын буйруктарын аткарбай, тескери жолдо жүргөндөргө да жашоо, ырыскы бере берет.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Аллахтын тагдыры менен ар бир жанга өлүм кайгысы келет. Ата-энесинен, наристе балдарынан же бир тууганынан ажыроо албетте оор нерсе. Бирок өз жакынынан ажыраган учурда Аллахтын тагдырына ыраазы болуп, сабыр кылып жана сооп үмүт кылган адамдарды Аллах Таала эки дүйнөдө бактылуу кылат. Улуу сахабалардын бири Хубайбдын (Аллах андан ыраазы болсун) кичинекей баласы ооруп калат да, атасы сапардан келгенче кайтыш болуп калат. Хубайб (Аллах андан ыраазы болсун) үйүнө келгенде аялы күлүп-жайнап тосуп алат. Эч нерсе болбогондой тамагын берип сыйлайт. Андан соң экөө жакындашат. Ошондон кийин гана күйөөсүнө кайрылып:

– Эгерде, бир адам кошунасынын буюмун сурап алып пайдаланса, кийин кошунасы буюмун кайра берүүсүн өтүнгөндө, буюмун кайтарбай ага нараазы болсо, туура болобу? – деп сурайт. Хубайб:

– Жок. Андай кылуу туура эмес. Берүүчү, берген нерсесин алууга акылуу – деп жооп берет. Ошондо аялы

– Эгер ушул айтканың чын болсо анда сабыр кыл. Аллах бизге берген перзентибизди кайра алып кетти – деп айтат. Ушунча иш болгончо эмне айтпадың деп ачууланган Хубайб (Аллах андан ыраазы болсун) дароо Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жөнөйт. Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) келип, болгон окуяны айтып берет. Ошондо Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) аялдын сабырдуулугуна ыраазы болуп аларга дуба кылат. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун) берекелүү дубасынын себеби менен Хубайб (Аллах андан ыраазы болсун) балалуу болот. Баласынын атын Абдуллах коёт. Кийин, Абдуллах сегиз балалуу болот. Алардын баары Кураанды толук жаттаган хаафиз болушат. Бул, сабырдуулук үчүн Аллахтын бул жашоодо берген сыйлыгы. Ал эми акыретте сабырдуулар үчүн чексиз сыйлыктар даярдалып коюлган.

Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)– «Бир адамдын наристеси кайтыш болгондо, Аллах Таала периштелерден:

– Пендемдин наристесинин жа нын алып келдиңерби – деп сурайт. Алар:

– ооба – деп жооп беришет. Пендем кандай абалда калды – дейт Аллах Таала. Ал, тагдырга ыраазы болуп, сабыр кылып, сага мактоо айтып калды – дешет периштелер. Ошондо Аллах Таала:

Ага бейиштен үй даярдап, ал үйдү мактоо үйү деп атап койгула – деп айтат» – деген. Дагы бир хадисте Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Балагат жашына жетпестен өтүп кеткен наристелер кыяматта ата-энесине шапаат суранышат. Алар:

– Оо, Аллахым. Биз башка балдардай ата-энебиздин мээримин көрбөдүк. Эми бул жашоодо бизге мүмкүнчүлүк бер, ата-энебиз менен бейиште бирге бололу деп айтышат» – деп айткан.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Сабырдуулук, адамды тозокко жетелеп баруучу напсинин каалоосунан тыйып турат. Эгер адамда сабыр дуулук болбосо напсинин каалоосуна кул болот да, жаман күнөөлөрдү жасай берет. Ислам аалымдарынын бири:

– Эң чоң сыйынуучу бутуң (идоль) өзүңдүн напсиң – деп айткан. Демек биз, тоого-ташка сыйынбаганыбыз менен напсибизди тыя албасак, анда напсиге сыйынган болуп калабыз. Ал эми напсиге сыйынуудан бизди сабырдуулук гана кайтара алат. Сабырдуулук сыпаты кимге берилсе ошол эң бактылуу адам. Ошондуктан Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)– «Эгер сабырдуулук адам болгондо өтө кереметтүү адам болот эле» – деп айткан.

Аллахым ар бирибизге сабырдуулук сыпатын бергин. Кыямат күнүндө сабыр дуу адамдардын катарында баарыбызды бейишке киргизгин. Аллахым күнөөлөрүбүздү кечирип, ыймандуу адам дар менен бирге кылгын. Ассалааму алайкум ва рахматул-Лоохи ва баракатуху.

Абдишүкүр ажы Нарматов.

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Запись САБЫР ТҮБҮ САРЫ АЛТЫН впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

*🕌Абдишүкүр ажы Нарматов*

*Урматтуу мусулман бир тууганым!*

🏻Адам баласына өтө зарыл болгон баалуу нерселер бар. Аларга жетүү үчүн адам баласы бүткүл өмүрүн коротот. Бирок, канчалаган мээнет, канчалаган эмгек менен табылган бул нерселерди калтырып, жалгыз кетүүчү күн келет. Мына ошол күн келип, баардык нерсени калтырып кетүүчү убакытта, бизге жолдош болуп жаныбыздан бир карыш да алыстабай бирге боло турган эң баалуу нерсе бул – ыйман.
Адам баласы төрөлгөндөн өлгөнгө чейин, өлгөндөн, Аллахтын алдына барып, эсеп берип Бейишке киргенге чейин аны менен бирге болуп, ага бакыттын жолун көрсөтүүчү нерсе бул – ыйман.
Ыймандын даамын татып, ыйман нуру менен жашаган адам эки дүйнөдө бактылуу, ал эми андан алыс болуп, ыймансыздыктын караңгылыгында жашаган адам эки дүйнөдө бактысыз болот.

*Урматтуу мусулман бир тууганым!*

Ыйман бул – тил менен айтуу, жүрөк менен ишенүү жана амал менен тастыктоо. Тилибиз менен “Лаа илааhа илЛаллооhу Мухаммадур-расуулуллоh,”
[ Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Мухаммад анын элчиси]- деп күбөлүк беребиз. Айткан келмебизге жүрөгүбүз менен ишенебиз. Аллахтын, Жалгыз жана шериги жоктугуна, Жараатуучу жана Кудреттүүлүгүнө, Тирүү жана эч качан өлбөстүгүнө, Баардык ааламды башкаруучу жана ибаадат кылууга татыктуу зат экенине ишенген соң, Ага гана ибаадат кылабыз. Аллах Таала канча пайгамбар жиберген болсо, алардын баары «Лаа илааhа ил-Лаллооh» келмесин жеткиришти. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) дагы, алгачкы пайгамбарлык доорунда ыйман үчүн мээнет кылды. Анткени адамга ыйман кирмейинче, ал ибаадат кыла албайт. Ыйман келмеси эң алгачкы милдет жана эң акыркы милдет. Тагыраак айтканда, адам мусулман болуу үчүн ыйман келмесин айтуу керек. Ошондой эле өлүм алдында дагы ыйман келмесин айтуу керек. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисте:

– «Лаа илааhа ил-Лаллооhу, бейиштин ачкычы» – деп айткан.
Улуу сахабалардын бири Муаз ибни Жабал (Аллах андан ыраазы болсун) бир жолу чогулуп отурган адамдарга мындай деди:
– Азыр силерге сүйүнүчтүү кабар айтамын. Мен, Пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир сөз уккан элем. Бирок, силерди ошого таянып албасын деп ушул күнгө чейин айтпай жүрдүм. Эми мага өлүм жакындап калды, эгер бул сөздү айтпастан өтүп кетсем, күнөөкөр болуп калам. Анткени билгенин жашырып башкаларга айтпаган адам кыямат күнү оттон жасалган жүгөн менен жүгөндөлөт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мага:
– «Кимдин өлүм алдындагы эң акыркы сөзү «Лаа илааhа ил-Лаллооh» болсо, ал бейишке кирет» – деп айткан.
«Лаа илааhа ил-Лаллооh» келмеси менен өткөн адам кайсы бир күнөөлөрү үчүн азапталса да, баары бир бейишке кирет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) – «Кимдин жүрөгүндө, кыпындын салмагындай ыйманы болсо, тозоктон чыгарылып бейишке киргизилет» – деген.

Диндеги эң такыба адам деген атка конгон Хасан Ал-Басрий бир досунан кабар алганы үйүнө келет. Досу төшөктө, өтө оор абалда жатат. Хасан Ал-Басрий:
– Досум, азыр эмнени көрүп турасың – деп сурайт. Анда досу:
– Өтө шашылыш келген өлүмдү көрүп турам, би рок андан кутулууга эч кандай айлам жок.
Аябай коркунучтуу мүрзөнү көрүп турам, бирок ал жерде мени менен бирге боло турган жолдошум жок.
Жагымдуу, кооздолгон бейишти көрүп турам, бирок ал жерге алып баруучу амалым жок.
Жагымсыз, алоолонгон тозокту көрүп турам, бирок андан сактап калуучу жардамчым жок.
Илинип коюлган таразаны көрүп турам, бирок ага салмак болуучу соопторум жок.
Тартылган кыл көпүрөнү көрүп турам, бирок андан алып өтүүчү жандоочум жок. Кечиримдүү, Боорукер Аллахты көрүп турам, бирок Анын алдына алып баруучу эч кандай далилим жок – деп
жооп берет. Досу кайтыш болгондон кийин Хасан Ал-Басрий түшүндө көрөт да:
– абалың эмне болду – деп сурайт. Анда ал: Аллах мени өз ырайымы менен Лаа илааhа ил-Лаллооh келмесинин урматы үчүн бейишке киргизди деп жооп берет. Бул келме, бул дүйнөдө ак-таза жашоого, акыретте болсо бейиште болууга жардам берет. Бул келме жети сөздөн турат. Ким ага амал кылып жашап өтсө, ага тозоктун жети эшиги жабык болот. Бул келме жыйырма төрт тамгадан турат. Ким ага амал кылып жашаса, анын жыйырма төрт саат ичиндеги жасаган кылган күнөөлөрү кечирилет. Ким бул дүйнөдө ыйык келмени жүрөгүнө киргизсе, өлүм алдында аны айтуу жеңил болот.

Мисирде бир ооруканада мындай окуя болот. Ооруканага авто кырсыкка кабылган эки адамды алып келишет. Дарыгер аларды карап, текшергенден кийин, алардын жашап кетүүсүнө көзү жетпей, аларга келме айттырууга аракет кылат. Алардын бирине «Лаа илааhа ил-Лаллооh» деп айткан сайын аны кайталоонун ордуна, тамеки бергиле деп кайра-кайра айтат да, башка бир сөз айта албастан көз жумат. Экинчисине келмени айтканда, ал дарыгерге карап: сен Ла илааhа ил-Лаллооh келмесин туура эмес айтып жатасың, келмени Лааа илааhа илла-Лооhу деп созуп айтуу керек деп ага үйрөтүп, анан жан берет. Бул дүйнөдө жүрөк эмнеге толсо, өлүм алдында ошону эстейт. Аллахым ар бирибизге ыйман келмеси менен өтүүнү насип кыл.

*Урматтуу мусулман бир тууганым!*

Качан инсан кабырга коюлган кезде, ага эң биринчи берилген суроо дагы «Рообуң ким» деп, ыйман келмеси тууралуу болот.
Ал эми, Кыяматта бейиштин алдына келген кезде, бейиштин эшигине да ушул ыйман келмеси жазылып коюлган.
Лаа илааhа илла-Лооh менен жашайбыз,
Лаа илааhа илла-Лооh менен жан беребиз.
Лаа илааhа илла-Лооh менен кабырга киребиз, Лаа илааhа илла-Лооh менен Мункар-Накирдин суроосуна жооп беребиз. Лаа илааhа илла-Лооh менен Махшар майданына тирилебиз,
Лаа илааhа илла-Лооh менен Аллахтын алдында сурак беребиз.
Лаа илааhа илла-Лооh менен сирот көпүрөсүнөн өтөбүз,
Лаа илааhа илла-Лооh менен бейишке киребиз. Биздин бактыбыз бир гана ушул келмеде. Башка эч нерседе бактылуулук жок.

*Урматтуу мусулман бир тууганым!*

Өлүм периштеси эшигибизди кагып келгенге чейин, ыйман келмесин жүрөгүбүзгө киргизели. Өзүбүз ага амал кылып, башкаларды да ага чакыралы. Өзүбүзгө каалаган бейишти, башкаларга да ыраа көрөлү. Аллахым, ар бирибиздин жүрөгүбүзгө ыйман келмесин жайгаштаргын.
Аллахым, ар бирибизди ушул келме менен жашап, ушул келме менен өтүүнү насип кыл. Аллахым, баарыбыздын билип жана билбей жасаган күнөөлөрүбөздү кечирип, улуу Бейишиңде чогуу кыл. Ассалааму алайкум ва рахматул-Лоhи ва баракатуху.

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2mb2Guk
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись ЫЙМАН КЕЛМЕСИНИН КЕРЕМЕТИ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

2017-жылы 11-июлда дүйнөгө билгилүү хадис аалымы Индиялык Шейх Мухаммад Юнус ал-Жавнфури дүйнө салды. Жыйырманчы кылымдагы хадис аалымдарынын алдыңкы катарында турган Шейх Мухаммад Юнус 1937-жылы Индияда жарык дүйнөгө келген. Он үч жашынан медреседе дин илимин окуй баштаган, перс тилин өздөштүргөн. Андан кийин Индиядагы университтен окуп жана көп дин аалымдарынан илим алган. Өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин, тагыраагы дээрлик элүү жыл бою “Ас-Сахих ал-Бухари” китебинен сабак берген.

Айтымда, Шейх Мухаммад Юнус устазы Шейх Закария ал-Кандахлавинин кызына жуучу түшүп анын үйүнө барат. Ошондо устазы ага “Ас-Сахих ал-Бухари” китебин тартуулайт. Шейх Мухаммад Юнус ошол күндөн тартып китепти окуу, чечмелөө жана окутуу менен алек болуп үйлөнгөн эмес.

Диндеги эң баалуу жана маанилүү булак болгон “Ас-Сахих ал-Бухари” китебине жыйырмадан ашуун түшүндүрмө китептерди жазган белгилүү аалымдын жаназасына миллионго жакын адам катышты. Биз дагы Шейхтин жакындарына, окуучуларына жана жалпы мусулман журтчулугуна терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жараткан Аллах Шейхти Өз ырайымына алып, бейиштен орун берсин. Артындагыларга бекем ыйман жана сабыр тилейбиз.

Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов

Запись Белгилүү хадис аалымы Шейх Мухаммад Юнус ал-Жавнфури дүйнөдөн өттү впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Тарых Кремлдин кызыкчылыгына ылайык бурмаланып, көз каранды саясат менен адабият гүлдөп, каада-салт эскичилик деп биротоло жерилип, «дин бул — апийим» деген өөн идеологиянын доораны катуу жүрүп жаткан катаал маалда алыскы Алай районунан 19 жаштагы бир жаш жигит атасынын каалоосу, өзүнүн ынтызарлыгы менен белин бекем бууп, дин илимин алганы Бухарага жол тартат. Агезде Бухара (негедир социализмдин атеисттик саясатты туу тутканына карабай) Орто Азиядагы диний билим берүүнүн очогу болгон. Жаш илим талапчысы өзүнүн зээндүүлүгү менен айырмаланып, эң мыкты устаттардан сабак алып, эң алдыңкы окуучу-талабалардын катарына кошулат. Бухаранын Мир-Араб медресесинде окуп жүргөндө Чеченстандын мурунку муфтийи жана президенти Ахмад Кадыров баш болгон, Орусия мусулмандар муфтийи Рауль Гайнуддин төш болгон бир топ мыктылар менен кошо окуйт.

Ошентип окуусун мыкты деңгээлде бүткөн илим жолоочусу Ошко кайтып келет. Келгенде эле Кадамжай районунун баш имам-хатиби болуп диний кызматка киришет. Нускалуу баян-ваъздары менен элдин жүрөгүнөн түнөк табат. Кийин Уламалар кеңешине мүчө болуп кирет. Ошол кездердеги Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармасынын азирети муфтийи Кимсанбай ажы баш болгон кыргыз диний элитасы менен иштешип, оор кезеңде элди диний агартууга өтө чоң салым кошот.
Калкка сиңген кызматын мындан билиңиз, Ош облусунун Казысы болуп дайындалып, шаарга жылганда жергиликтүү тургундар көз жашын көлдөтүп узатат.
Облустук казы болуп турганда тыным албай иштеп, элге ак эмгек кылгандан тажабайт. Анын кызматы, илимдүүлүгү, ораторлугу, анан мекенчилдиги жогору бааланып, Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийлигине сунуштар түшөт. Бирок, ары түйшүктүү, ары сыймыктуу бул кызматтан негедир баш тартып коет. Андан кийин да Кара-Суу районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенет.
Кеңеш өкмөтүнүн соңку, эгемендик жылдардын чейрек кылымында эл кызматында болот. Ар кандай бөтөн агымдардын, кооптуу секталар жана көз караштарынын жайылышына тоскоол болуп, мусулмандардын биримдиги, мамлекеттин бүтүндүүлүгү үчүн күнү-түнү иштейт. Кара-Суу районунун баш имам-хатиби болуп жүргөндө да элге өтө жакын болгонун жамаатындагылар дайым айтып келишет. Акыркы жолу Оштун белгилүү Алай атындагы Бухари мечитинде имам болуп ак кызматын өтөп жаткан. Мүнөзү ооз басырыктуу, жөнөкөй, жупуну болуп, маектешин өзүнө тартчу. Ал Асадулла ажы Нурматов эле…
Кадыры бийик, аты таберик Асадулла ажы ушунча көп кызматынан соң учуп кетти… Ооба. Дүйнөгө түркүк болчу эч ким жок эмеспи. Анын да көрөр күнү, ичер суусу түгөнүп, чын дүйнөгө көчүп кетти.
Акыркы учурларда ызы-чуудан качып, жүрөгү тынчтыкты гана каалап калган тура. Жайлоолордо эс алып, кымыз ичип, жан дүйнөсүн сергиткиси келген тура. Ошентмекчи болуп, Терек айылынын туптунук көк кашка суусун бойлоп, шарпылдаган суу менен гармонияда болуп, Жараткан Алланын кудуретине дагы бир жолу таң берип, миң жолу шүгүр келтиргендир. Таңкы чымчыктардын сайрашын кумарлана угуп, Мухаммед пайгамбарга (с.а.в) эсепсиз салават-салам келтирген чыгар. Ажайып көркөмдүккө оролуу айлана чөйрө менен акыркы жолу жылуу коштошкон чыгар.
Так ошол күнү… Каргашалуубу же тагдыр мерчемдеген табышмактуубу, айтор 6-июль күнү балакет басып, аты мүдүрүлүп, Көк-Суу суусуна кулап агып кетет…

Бул шумдуктуу жаңылык желдей тарап, эл чуру-чуу түшүп калат. Жүздөгөн киши жабалактап Көк-Суу дарыясынын жээгине чуркап жетет. Топ-топко бөлүнүп ары чуркайт, бери чуркайт. Жок. Күргүштөгөн кубаттуу суу гана мелтиреп унчукпайт сырын ичине катат… Жээгиндегилердин санаасы санга бөлүнүп, бир Жаратканга сыйынып, аалымдын аман табылышын тилегендердин ар биринин көз жашы Көк-Суу болуп агат. (Баарынын эмес албетте. Кээ бирлери жер-суу көргөнү көпчүлүккө илешип келип алган. Дагы бир котур ташы койнундагылар кызыгып, «аалым суудан кандай чыгар экен?» — деп ансайын мойнун узартат үндүктөй). Аман-эсен табылып калса экен деген ыкласмандар жок дегенде сөөгү табылса экен деп кайгырган жандар көптүк кылды. ЭжӨКтүн эки-үч кишисин эске албаганда, негизинен карапайым калктан турган жайкын тургундар тинтип-тинтип издеп киришти. Айрымдары кийимин чечип ыргытып, сай кечип издеди. Асадулла ажынын табылбай жатышы өлкөгө тарап, ЖМК учкай чагылдырды. ЭжӨК болсо «мал караган алайлык тургун сууга агып кетти», — деп жазды. Эртеден-кечке кабинетте отурган айрым «бир шариги кем» журналисттердин фантазиясы катуу иштеп кетип «бир малчы агып кетти» деп жазып сайттарына илип салды. Ал малчы эмей эле, өмүрүн адамга туура жолду көрсөтүүгө арнаган инсанат экенин билгендер ичинен сөгүнүп тим болду. А Асадулла дале табылбай, кээ бирлери үмүтүн анык эле үздү…

Эң аягында баамчыл бир малчы ыраактан кайра-кайра дүрбү салып, байкап калат «че-то» мындай нерсе жок эле сайда» деп. Жакын келип карап, адам сөөгү экенин телефондон кабарлайт. Ошентип аалымды издеген жоон топ эл машиналар менен жөнөйт. Себеби ал 25 км агып келиптир (!). «Мынча аралык сообу, дене-турпаты бүтүн бекен» деп жакшы адамдардын жүрөгү опкоолжуйт. (А кээ бирлери «молдонун сөөгү кантти экен» деп тынчсызданышат). Алгач ондой адам жетип келип, же ыйларын, же кубанарын билбей туруп калышат. Себеби, аалымдын дене-турпаты бүпбүтүн, көздөрү, ооздору жабык, ичи көппөгөн, жөн гана жаткандай кыбыла тарапка кылчайган бойдон узаган экен кайран киши… «Кудайым ажалын суудан жазып, кири жок таптаза Алайдын суусуна жуудуруп, Өзү акыретине даярдап койгон тура» дейт ысык жашын сүрткөн молдо. Эл менен кошо жүргөн ӨКМ өкүлдөрү «О боже мой, ушунча жерден агып келип, эч нерсе болбогон адамды биринчи көрдүм»,- деди келимеси оозунан түшүп. Артынан, «25 километрди мындай кой, 2,5 км. аккан адамдын денеси бөлүнүп, шишип жарылып кетет эле»,- деди кошумчалай.

Денесин кармап көргөн жанагы молдо, «Эч нерсе болбоптур, 20 жылдык өмүрүмдө мындайды биринчи көрдүм. Алла Таалам табигый муздаткычына сактаган өңдүү, сөөк бир күн өтсө да бузулбаптыр, эзилбептир. Буту гана кичине чийилгени эле болбосо», — деди. Уккандар таңыркап, оозу Ошту карап калды.
Ошентип ызы-чуу түшүп, сөөктү алып келишет. Шарият усулуна, салт эрежесине ылайык жууп, зыйнатын өткөрүп, ата-бабалары жаткан жерге алып келишет. Маркумду акыркы сапарга узатууга миңдеген адам агылып, коопсуздук кызматкерлеринин коштоосунда жума күнү жерге берилди…
Качан гана баары жайланып отуруп, көпчүлүгү бир нерсени талкуулап олтурушту. «Жети» цифрасын…
1. Асадулла ажынын 07.07.17 датасында дүйнө салышы;
2. Саат 7 лерде сууга кулашы;
3. Сөөктүн Кытай чек арасына 7 км калышы;
4. Маркумду 7 адамдын жуушу ж.б.

Тажияга келгендин баары буркурап ыйлап атты. Ый аралаш жылуу сөздөрдү жаадырышты. Өзгөчө Фергана аалымдары катуу кайгырып, арбагына тынбай кереметтүү Куран аяттарынан багыштап турду…

Дин жолундагы, эл кызматындагы бир өмүр ушинетип жылт учту. Анын элеси эл эсинде кала берет. Алайдын, Фергананын аалымы катары дайыма эскерилет. Ырыс куттуу, ыйман жыттуу баяндары, сөздөрү ар дайым жашай берет.

Ава! Бизди, калың журтту сыздатып кете бердиңиз… Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун. Сизге багышталып окулган Куран аяттары нур болуп көктөн түшсө, кылынган дубалар гүлзар болуп алдыңызга төшөлсүн. Сиздин жаркын элесиңизге ар убак Фатиха окуй турган уул-кыздарыңыз, инилериңиз, шакирттериңиз, калың элиңиз бар.

Баса, чоң атама салам айта барыңыз…

Иниңиз Иманбек.

Запись ДИН ЖОЛУНДА БИР ӨМҮР… впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Абдишүкүр ажы Нарматов

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдардын жаратуучусу Аллах Таалага мактоо, пайгамбарыбызга Аллахтын салам-сааваттары болсун.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өзүнүн хадисинде: “Аллах – Таза жана тазаларды гана кабыл кылат. Ал пайгамбарларды буюруган нерсеге мусулмандарды да буйруган” – деп айтып, анан: “Таза нерселерди жегиле жана жакшы амалдарды аткаргыла” деген аятты окуду. Аллах Таала таза, адал тамак менен тамактанууну пайгамбарларга буйруган сыяктуу эле жалпы адамдарга да буйруган. Экинчи бир хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Бир адам сапарда жүрөт, чачын, кийимин чаң баскан. Ал, Аллахка дуба кылат. Бирок анын жегени арам, ичкени арам, тамакашы арам, Аллах анын дубасын кантип кабыл кылсын?” – деп айткан. “Арам тамак менен өскөң дененин тозокко кирген жакшы” деген хадис айтылган. Демек, арам тамак адамдын жашоосуна толук зыянын тийгизет. Биз арам тамак жөнүндө айтканда, Аллах тарабынан жегенге, же ичкенге тыюу салган тамактарды түшүнүшүбүз мүмкүн. Ооба, арам, жегенге болбогон тамактар бар. Буларды баарыбыз билебиз. Бирок, арам тамак ушуну менен эле чектелип калбайт. Арам тамактын түрү абдан көп. Бүгүн ошолордун бири – паракорлук тууралуу сөз кылабыз. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өз хадисинде минтип айтат: “Арам иштер белгиүү. Адал иштер да белгилүү. Бул экөөнүн ортосунда шектүү иштер бар. Аларды көпчүлүк жакшы билбейт. Ким шектүү иштен сактанса, ал өз абийирин жана динин сактайт. Ким шектүү ишке баш салса, ал арамды аткарган болот”. Бардык жакшылык, ийгилик – такыбалыкта. Такыбалык – жүрөктө. Али (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: “Такыбалык – Аллахтан коркуу, Аллахка ыраазы болуу, Аллахка жолугууга даярдануу”. Аллахтан коркуп, арам эмес, шектүү болгон иштен да сактанган адам жамандыктан алыс болот. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан: “Силерди кедей болуп калат деп коркпоймун, бирок силердин дүнүйөгө берилип кетүүңөрдөн коркомун. Силерден мурдакылар га эшигин ачкан сыяктуу, силерге да дүнүйө эшигин ачат. Анан силерден мурдагылар атаандашкан сыяктуу, силер да бири-бириңер менен дүнүйө жыюуда атаандашасыңар. Андан соң, силерден мурдакыларды жок кылган сыяктуу, силерди да, дүнүйө жок кылат. Абу Саид Худрий (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Силер өзүңөрдөн мурдагыларды кадамы сайын ээрчийсиңер. Эгер алар кескелдириктин уясындай уяга кирсе, силер да ага башыңарды тыгасыңар” – деп айтат. Сахабалар: “Оо, Аллахтын элчиси, жөөттөр менен христиандарды айтып жатасызбы? – деп сурашканда, ал: “Ооба, алардан башка ким болмок эле” – деп жооп берет.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Паракорлук – дал мына ушул жөөттөр менен христиандардын жасаган амалы. Бирок, тилекке каршы, биз мусулмандар паракорлук кылууда булардан өтүп кеттик. Аллах Таала Куранда жөөттөрдү сыпаттап: “Жана сен алардан (жөөттөрдөн) көпчүлүгүн күнөө, зулумга жана арамдан жегенге биринен-бири өтө чуркагандарын көрөсүң. Алардын жасаган иштери кандай жаман” – деп айткан. (Мааида, 62-аят). Жөөттөрдө сотторго жең ичинен пара берип, алар пара берген адамдын гана пайдасына чечим чыгарышкан. Азыр мындай көрүнүштөр биздин арабызда алардан да көп болуп жатат. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Пара алуучуга да, берүүчүгө да, ортомчу болуучуга да Аллахтын каргышы болсун” – деп айткан. Каргыш – бул, өтө оор күнөөлөргө айтылат. Аллахтын, пайгамбардын каргышына калган адамга баардык жаратылгандар каргыш айтат. Ага периштелер каргыш айтат. Ал басып жүргөн жер каргыш айтат. Анын минип жүргөн унаасы каргыш айтат. Ал отурган оруну каргыш айтат. Кыскасы, анын ар бир кадамы каргыш болот. Каргыш айтылган адамды Кыяматта Аллах Таала карабайт. Эмне үчүн пайгамбарыбыз паракорлорго каргыш айтты? Паракорлук ушунчалык чоң күнөөбү? Чындыгында пара алуу жана пара берүү эки эле адамдын ортосунда болот. Бир караган адамга анча деле маанилүү иш көрүнбөйт. Бирок, паракорлук жайылган жерде, башка күнөөлөрдүн баарына эшик ачылат. Паракорлук – зулумдукка жол ачат. Паракорлук бар жерде – алдуу алсыздын акысын каалагандай жейт. Паракорлук бар жерде – уурулук кылуудан, зина кылуудан, адам өлтүрүүдөн эч ким коркпой калат. Паракорлук бар жерде – жетимдин акысын жегендер көбөйөт. Паркорлук бар жерде – кылмыштуулук көбөйөт. Паракорлук бар жерде – алсыз, кедей-кембагалдардын укугу тепселет. Паракорлук бар жерде – өнүгүү болбойт. Паракорлук бар жерде – дубалар кабыл болбойт. Паракорлук бар жерге – Аллахтын жардамы келбейт. Акырында паракорлук менен жашаган адам тозокко ылайыктуу болуп калат. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Арам тамак менен өскөн дененин тозокко киргени жакшырак” – деп айткан. Демек, паракорлук жөн эле бир адамдын акчасы экинчи адамга өтүп калат деген сөз эмес экен. Паракорлук – бардык жамандыктардын башаты.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Параны кандай ат менен атасаң да, баары бир ал – пара. Учурда биз аны – белек, сый тамак ж.б. деп атап жүрөбүз. Бирок мына ушул нерселердин көбү пара болуп эсептелет. Мисалы, сен чоң кызматка жумушка турганга чейин сага белек бербеген адам, сен кызматка турар замат белегин көтөрүп жетип келди. Ал сага эч кандай муктаждыгын айтпаса да, анын бергени – пара. Сынак башталганга чейин сени менен жумушу жок жүргөн студент, сынак башталган учурда сени чайга чакырды. Бул – пара. Эгерде белек берүү, чайга чакыруу мурда да болуп жүрсө, анда эч нерсе эмес. Бирок, мурда берилбеген нерсени кызмат көтөрүлгөндө алып келүү – парага ачылган алгачкы эшик болуп эсептелет. Ооба, белек берүү жакшы иш. Хадисте: “Белек бергиле – бири-бириңе махабат пайда болот” – деп айтылган. Бирок, кээде белекти парага айландырып алабыз. Фузаана бин Убайд айтат: “Кимге карыз берсең жана анын артынан пайда көрсөң – пара”. Сахабалар карыз берген адамынын үйүнө кирип чай иччү эмес. Алар ошол бир чыны чай сүткордук болуп калбасын деп коркушат эле. Бир күнү, Абу Ханифа (Аллах аны ырайым кылсын) ысык күндө, күнгө какталып эшикте турат. Шакирттеринин бири: Устат, бул жердеги үйдүн көлөкөсүнө турсаңыз боло – деп кайрылды. Абу Ханифа: “Мен бул үй ээсине карызга акча берген элем, анын көлөкөсүн пайдалансам, сүткор болуп калбайын деп коркуп турам” – деп жооп берет.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) заманында Махзум уруусунан болгон бир аял адамдардан ижарага буюм алып кайра танып кеткен уурулугу үчүн анын колун кесүүгө өкүм чыгарышат. Бирок, бул уруу эл арасындагы кадыр-барктуу   уруулардын бири болгондуктан, анын башчылары пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) аялды куткарып жиберүүсүн суранууну ниет кылышат. Алар пайгамбардын эң жакын адамы катары Зайдды жөнөтүшөт. Ал келип пайгамбарыбызга иш жайын айтканда, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ачууланып, күрөө тамырлары көөп чыгат да: “Силерден мурдагылар байлар уурулук кылса кечирип, кедейлер уурулук кылса жазалаган себептүү жок болуп кетишкен. Эгерде менин кызым Фатима уурулук кылса, менин анын колун кесүүгө өкүм чыгарамын” – деп айтат. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) “Менин кызым Фатима уурулук кылса, анын колун кесүүгө өкүм чыгарамын” деген сөзү Исламда пара алуу деген түшүнүктүн тап-такыр жок экендигин далилдеп турат. Пара алуу жана пара берүү – өзүн мусулманмын деп эсептеген адамга тиешелүү сыпат эмес.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Аллахтын ырайымы ачуусунан жогору турат. Тооба кылган адамдын тообасын Аллах кабыл кылат. Кекиртегибизге өлүм келип, оозубуздан сөз чыкпай калганга чейин тооба кылалы. Буга чейин паракорлук менен дос болуп жүргөн болсок, бүгүндөн баштап аны менен душман бололу. Пара алуу менен пайда болгон байлык эч качан насип кылбайт. Ал бирөөнүн көз жашын агызуу менен сенин чөнтөгүңө түшкөн. Бир күнү сенин көз жашыңды агызып чөнтөгүңдөн кайра чыгып кетет. Пара берүү менен бүткөн ишиң, эч качан сага береке алып келбейт. Пара берип турган кызматыңды, эч качан талаптагыдай аткара албайсың. Ал орунга татыктуу башка адам бар экенин эсте. Аллахка тооба кыл! Келечек урпактарыңдын арам тамак менен өсүп калуусунан корк!

Аллахым элибизге тазалыкты, адилеттүүлүктү берип, паракорлукту түп тамырынан жок кыл. Ар бирибиздин үйүбүзгө бейпил жашоо тартуула. Кыяматта өзүңдүн алдыңа жүзүбүз жарык барууну насип кыл.

Ассалааму алайкум ва рахматуллохи ва баракатух.

Запись ПАРАКОРЛУК – БАРДЫК КҮНӨӨЛӨРГӨ ЭШИК АЧАТ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Абдышүкүр ажы Нарматов

Кадыр түндүн артыкчылыгы тууралуу Алла Таала мындай дейт:
» ﻟَﻴْﻠَﺔُ ﺍﻟْﻘَﺪْﺭِ ﺧَﻴْﺮٌ ﻣِّﻦْ ﺃَﻟْﻒِ ﺷَﻬْﺮٍ ‏» ﺳﻮﺭﺓ ﺍﻟﻘﺪﺭ ‏( ٣ ).
«Кадыр түн, миң айдан да артыгыраак»,( Кадр сүрөсү 3-аят.)
Миң ай, 83 жыл төрт айга барабар. Куранды чечмелеген аалымдар, Кадыр түндө кылынган ибадат, кадыр түнү жок миң ай ибадат кылгандан жакшы деп айтышкан. Адам баласынын өмүрү, орточо эсепти алганда 60 менен 70 жылдын ортосу. Ал тууралуу Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассалам) мындай дейт: «Менин үммөтүмдүн жашы, алтымыш менен жетимиштин ортосу».
Адам баласынын ибадатсыз өткөзгөн убактысын эсептеп көрсөк, төмөнкүдөй көрсөткүчкө ээ болот:
15 жылга жакын өмүр, бойго жете элек болгондугу үчүн, ибадаттар парз болбой өтөт. 20 жылга жакын өмүр уйку менен өтөт, анткени адам баласы күнүнүн үчтөн бирин (8 саатын) уктап өткөрөт. Бул, алтымыш жылдык өмүрүнүн үчтөн бирин уйку менен өткөздү деген сөз. 20 жылга жакын өмүр жумуш менен өтөт, орточо эсеп менен алып карасак, бир күндүк жумуш сааты сегиз саатка созулат. Бул өмүрүнүн үчтөн бир бөлүгү дегени. 2 жылдык өмүр, тамак-аш жеп, суусундук ичип, кажетин бүтүрүү же кийим кийүү жана башка нерселер менен өтөт. Орточо жашаган адамдын өмүрүн алып карасак, үч жылдын тегерендеги өмүрү гана калат.
Ушул калган үч жылдын канчасы ибадат менен өтөт?, биз кайсы ибадатты аткарып, анын себебинен кыяматта жеңишке жетсек болот?. Бизге берилген чоң артыкчылык бар, ал — Кадыр түн. Ал түндө аткарылган ибадаттын сообу, Кадыр түнү жок миң ай кылынган ибадаттын сообунан көбүрөөк болот. Бул түндө ибадат кылбай, анын соопторунан куру калуу, эң чоң зыянга учуроого барабар.

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан: “Чындыгында силерге бул (Рамазан) айы кирип келди, ал айда миң айдан артык болгон бир түн бар, ким ал түндү өткөрүп жиберсе, анда ал бардык жакшылыктардан куру калган болот”.
Кадыр түндө дуба кылуунун маанилүүлүгү:
Ар бир ибадаттын өзүнө жараша өзгөчөлүктөрү болот, дубанын өзгөчөлүгү анын ибадат катары кабыл алынышы. Ал тууралуу хадисте мындайча баяндалат: “Дуба кылуу — ибадат”, башкача айтканда эң чоң ибадаттардын катарын толуктайт. Анткени дуба кылып жаткан учурда, пенде коркуу сезими менен өзүнүн алсыз экендигин сезет, жана бул нерсе ибадаттын даамын татканга жардам берет.

Тил менен аткарылуучу ибадаттар:

Куран окуу, зикр кылуу жана чын жүрөктөн дуба кылуу. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан: “Алла Таалага дуба кылуудан сыйлуураак нерсе жок, Алла Тааладан кажетин сурап дуба кылбаган адамга, Алланын ачуусу келет”.
Бардык салих амалдар, Кадыр түндүн пазилеттерине жана соопторуна жетүүгө ортомчу болот. Бирок кээ бир аят-хадистер, Кадыр түндүн артыкчылыктарына жана соопторуна ээ болууга толук кепил боло алган төмөнкү эки нерсеге көңүл бурууга басым жасайт.

Биринчиси: намаз окуу, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан: “Ким Кадыр түндү ыйман келтирип, ал түндүн сообун Алладан тилеп, намаз окуп өткөргөн болсо, анда анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет”.

Бул түндүн сообуна жеткирүүчү экинчи нерсе – дуба кылуу.

Айша энебиз айтат, мен: «Оо, Алланын элчиси! Эгерде мен Кадыр түнгө туш келип калсам, эмне деп дуба кылайын?» — деп сурадым. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассалам): «Аллохумма иннака ъафуввун, тухиббул ъафва, фаъфу ъаннии»

— «Оо, жараткан Алла! Сен кечирим ээсисин, кечиргенди жакшы көрөсүн, менин күнөөлөрүмдү кечиргин» — деп дуба кыл деди.
Орозо тууралуу айтылган аяттардын ортосундагы дуба жөнүндөгү аят, Рамазан айында көп дуба кылганга ишарат кылып турат.
“ ﻭَﺇِﺫَﺍ ﺳَﺄَﻟَﻚَ ﻋِﺒَﺎﺩِﻱ ﻋَﻨِّﻲ ﻓَﺈِﻧِّﻲ ﻗَﺮِﻳﺐٌ ۖ ﺃُﺟِﻴﺐُ ﺩَﻋْﻮَﺓَ ﺍﻟﺪَّﺍﻉِ ﺇِﺫَﺍ ﺩَﻋَﺎﻥِ ۖ ﻓَﻠْﻴَﺴْﺘَﺠِﻴﺒُﻮﺍ ﻟِﻲ ﻭَﻟْﻴُﺆْﻣِﻨُﻮﺍ ﺑِﻲ ﻟَﻌَﻠَّﻬُﻢْ ﻳَﺮْﺷُﺪُﻭﻥَ .“ ﺍﻟﺒﻘﺮﺓ 186

“Эгер пенделерим сенден Мен тууралуу сурашса, “Мен жакынмын”. Качан Мага дуба кылса, дубасын кабыл кылам. Мага жооп кылышсын (буйруктарымды аткарышсын)! Мага ыйман келтиришсин! Мүмкүн алар да туура жолду табышаар (дегин)”. (Бакара сүрөсү 186 чы аят.)
Рамазан айында сооп жыйнайм деген адам, бул түндү текке өткөрүп албоосу керек. Анткени бул ай, соопторду жыйнай турган сезон. Соодагер же дыйкан адам сезондо иштеп калбаса, анда качан киреше табат?.

Бул айда, өзгөчө акыркы он күндүктө сооп жыйнаганга аракет кылышыбыз керек, дал ушул он күндүккө Кадыр түн катылган.
Бул түндө мусулман адам, Алла Таалага жалынып-жалбарып дуба кылуусу керек. Дубада өзүнүн бул дүйнөгө тиешелүү кажет нерселерин тилеп, Алла Тааладан күнөөлөрүнүн кечирилүүсүн, бейишке киргизип, тозоктон сактоосун сурайт. Кадыр түн аябай тез өтүп кетет, мусулман адам ал убакытты туура пайдаланып калуусу шарт.

Азирети Умар айтат: «Мен дубанын кабыл болуу же кабыл болбоо машаккатын көтөрбөйм, бирок дуба кыла албай каламбы деп түйшүк тартам. Эгер дуба кылсам, анда анын кабыл болоорун да билем».
Алла Тааланын кечиримине кантип жетебиз?, анын жолдору өтө көп.

Мисалы: тообо кылуу, күнөө иштин артынан сооп амал кылуу, карыз алган адам карызын кайтарганга күчү жетпесе, анда анын карызын кечип жиберүү.

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассалам): айтат: «Бир киши такыр сооп иш кылбайт эле, бирок адамдарга карызга акча берип турчу. Карызды жыйнап алуу убактысы келгенде, баласына: Канчасын кайтарганга күчү жетсе ошончосун гана ал, эгер кайтарганга күчү жетпесе аны кечип жибер, балким Алла Таала ошонун себебинен биздин күнөөлөрүбүздү кечирет»- деп айтчу. Ал киши көз жумгандан кийин, Алла Таала:

«Жакшы иш кылгансыңбы?»- деп сурады. Ал киши:

«Жок, бирок мен адамдарга карызга акча берип турчумун, акчаны кайтарып алууга баламды жөнөтүп жатып: Канчасын кайтарганга күчү жетсе ошончосунсун гана ал, эгер кайтарганга күчү жетпесе, анда аны кечип жибер, балким Алла Таала ошонун себебинен биздин күнөөлөрүбүздү кечирет» — деп, айтат элем дейт. Ошондо Алла Таала: «Күнөөлөрүңдү кечирдим» — деп сүйүнчүлөйт.
Кадыр түндө окулуучу дуба
ﻋَﻦْ ﻋَﺒْﺪِ ﺍﻟﻠَّﻪِ ﺑْﻦِ ﺑُﺮَﻳْﺪَﺓَ، ﻋَﻦْ ﻋَﺎﺋِﺸَﺔَ، ﺃَﻧَّﻬَﺎ ﻗَﺎﻟَﺖْ : ﻳَﺎ ﺭَﺳُﻮﻝَ ﺍﻟﻠَّﻪِ، ﺃَﺭَﺃَﻳْﺖَ ﺇِﻥْ ﻭَﺍﻓَﻘْﺖُ ﻟَﻴْﻠَﺔَ ﺍﻟْﻘَﺪْﺭِ ﻣَﺎ ﺃَﺩْﻋُﻮ؟ ﻗَﺎﻝَ : ‏» ﺗَﻘُﻮﻟِﻴﻦَ : ﺍﻟﻠَّﻬُﻢَّ ﺇِﻧَّﻚَ ﻋَﻔُﻮٌّ ﺗُﺤِﺐُّ ﺍﻟْﻌَﻔْﻮَ ﻓَﺎﻋْﻒُ ﻋَﻨِّﻲ »
Айша энебиз айтат, мен: «Оо, Алланын элчиси! Эгерде мен Кадыр түнгө туш келип калсам, эмне деп дуба кылайын? — деп сурадым. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассалам): «Аллохумма иннака ъафуввун, тухиббул ъафва, фаъфу ъаннии»

— «Оо, жараткан Алла! Сен кечирим ээсисин, кечиргенди жакшы көрөсүн, менин күнөөлөрүмдү кечиргин» — деп дуба кыл деди.

Запись КАДЫР ТҮНДҮ КАНДАЙ ӨТКӨРӨБҮЗ?! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Абдишүкүр ажы Нарматов

Бисмил-лаахир-рахмааниррохиим. Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын. Алла Таалага мактоо айтабыз, андан жардам сурайбыз жана күнөөлөрүбүз үчүн кечирим тилейбиз.

Күбөлүк берем Ал, Алла жалгыз, Анын эч кандай шериги жок. Ал, Алла бир айдан экинчи айды фазилеттүү кылып жараткан. Ал, Алла улуу Рамазан айында орозо кармоону парз кылган жана ушул айда ыйык Куранды түшүргөн. Рамазанда орозо кармаган адамдарга чексиз соопторду убада кылып: «орозо кармоочунун сообун мен гана билем, ал мен үчүн тамак жана суусундук ичүүдөн ошондой эле кумар каалоосунан тыйылды» деп айткан.

Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Алланын салам-салаваты болсун) Алланын кулу жана акыркы элчиси. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) улуу Рамазан айынан кандай тарбия алуу керектигин бизге үйрөткөн жана бул айды туура пайдаланууга чакырган. Рамазан сабактарын окутуучу улуу мугалим Мухаммад пайгамбарыбызга, анын үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына Алланын саламы жана салаваты болсун.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Кайрадан эшигибизди кагып улуу Рамазан айы кирип келди. Улуу Рамазан башталардан алдын, бул ай тууралуу кыскача түшүнүк берели.

Эмне үчүн Рамазанды ыйык деп санайбыз? Рамазан айында кандай ибаадаттарды аткарып, кандай иштерден тыйылуу керек? Алла Таала бир орунду экин орундан же бир айды экинчи айдан жөндөн-жөн эле ыйык кылып койгон эмес. Мисалы Мекке шаары ыйык шаар. Анын ыйык болуусунун себеби, бардык мусулмандардын кыбыласы болгон Каьба ошол жерде. Рамазандын ыйык болуусунун себеби, бул айда кадыр кечеси бар. Ал эми кадыр кечесинин ыйык болуусунун себеби, бул кечеде Куран түшүрүлгөн.

Демек, урматтуу мусулман бир тууганым. Рамазан айы Куран түшүрүлгөн ай. Куран түшүрүлгөн айда Куранда тыюу салынган күнөөлөрдү таштап, аткарууга буюрулган амалдарды аткарууга үйрөнүү керек.

Шаабан айынын аягында Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) сахаабаларына кайрылып:

– «Оо, адамдар! Силерге улуу ай жакындап келе жатат. Алла Таала бул айда орозо кармоону парз, түндөсү намаз окууну нафил кылды. Кимде-ким Рамазан айында нафил ибаадатты аткарса парз ибаадатты аткаргандай сооп берилет. Ал эми ким парз ибаадатты аткарса, башка айлардагы жетимиш парзды аткаргандай сооп алат. Кимдеким адамдардын оозун ачтырып курсагын тойгузса, тозоктон жетимиш жылдык аралыкта алыс болот» – деп айтканда, сахаабалардын кээ бирөөсү:

– «Кимде-ким бир жутум суу же бир курма менен ооз ачтырса, тозоктон жетимиш жылдык аралыкта алыс болот» – деп жооп берди. Мына ушул эсепсиз сооптор берилүүчү Рамазан айында Алла Таала, башка айларда адал болгон үч ишти аткаруудан тыюу салды. Тамактануудан, суусундук ичүүдөн жана аял менен эркектин жакындашуусунан. Ар бир акылдуу адам Алла Тааланын адал иштерге тыюу салганын көрүп туруп, Рамазан орозосунун эмне үчүн парз болгондугун түшүнө алат. Рамазан бизди адал иштерден тыюу менен бирге, арам иштерди толук таштоого тарбиялайт. Албетте Рамазандын бул тарбиясын Аллака чындап ыклас кылган, орозону эмне үчүн кармап жаткандыгын билген адамдар гана ала алат. Алла Таала Куранда :

– «Оо, ыйман келтиргендер! Силерден мурунку элдерге парз кылынганы сыяктуу, силерге да орозо кармоо парз кылынды.Такыбаа болушуңар үчүн» – деп айткан. (Бакара. 183-аят.)

Ушул аятта Алла Таала жөн гана орозонун парз болгондугун айтпастан, өтө маанилүү болгон үч нерсени айткан. Аяттын башында Алла Таала ыйман келтиргендерге кайрылып жатат. Демек орозону ыймандуулар гана кармай алышат. Ал эми ыймандын орду кайда? Албетте ыймандын орду жүрөктө. Аяттын уландысында, орозо кармоо парз кылынды деп айтылган. Чындыгында орозо кармаган адамды сырткы келбетинен билүүгө болбойт жана анын кандай ниет менен кармаганын да билүү мүмкүн эмес. Демек орозонун орду да жүрөктө экен. Аяттын акырында орозо кармоонун негизги себеби такыбаа болуу экендиги айтылат. Такыбаалык деген эмне? Такыбалык Аллака чын ниеттен ишенип, Ал буюруган ишти аткаруу жана тыюу салган иштен тыйылуу. Демек такыбаалуулуктун орду да жүрөктө.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Жогорудагы аяттан түшүнүктүү болгондой Рамазан бул жүрөктү тазалоонун айы.Жүрөктү эмнеден тазалайбыз? Албетте жүрөктөрүбүздөн орун алып жайланышып алган күүнөлөрдөн тазалайбыз.

Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) бир хадисинде:- «Орозо кармап, бирок жалган сүйлөөдөн, кыйбат кылуудан, ушак таратуудан өзүнү тыя албаган адам ачка жүргөндөн башка эч нерсеге жете албайт» – деген. Эртеден кечке тамактанбай, суусундук ичпей жүрүп бирок күнөө иштерден өзүн тыйбаса, кармаган орозодон эмне пайда? Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) экинчи бир хадисинде сахабаларына кайрылып:

– «Куру жалак калуучу адамдын ким экенин билесиңерби» – деп сурады. Сахабалар:

– Колунда тыйыны да, буюму да жок адам, куру жалак калуучу болот – деп жооп беришти. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) аларга:-

«Жок, куру жалак калуучу адам, ал менин үммөтүмдөн бир адам кыяматта окуган намазы, кармаган орозосу, берген зекети жана аткарган ажылыгы менен келет. Бирок ал бирөөнү сөгүп койгон, бирөөнүн малын тартып алган, бирөөнүн абийирин ачкан, бирөөнү урган, бирөөнүн канын төккөн. Бул кылгандары үчүн анын кылган жакшылыктары тигилерге алынып берилет, эгер жакшылыктары жетишпей калса, тигилердин күнөөлөрү бул адамга жүктөлүнөт да тозокко ташталынат» – деп түшүндүрүп берди.

Орозо кармап бирок күнөөдөн өзүнү тыя албаган адам Алланын алдына барганда куру кол калуусу мүмкүн. Албетте бул жеңил нерсе эмес.

Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) бир жолу минбарга бутун коюп жатып «аамин» деди, экинчи тепкичке бутун койгондо дагы «аамин» деди, үчүнчү тепкичке бутун койгондо да «аамин» деди. Минбарга чыгып кутбасын аяктаган соң, сахабалар ага кайрылып:

– Оо, Алланын элчиси. Минбарга чыгып баратып адаттан тышкары үч жолу аамин деп айттың, ушуну түшүндүрүп берчи – деп сурашты.

– «Минбарга бутумду койгон мезгилде, Жибрийил мага:

– орозо кармап бирок күнөөнү таштабаган адам бактысыз болсун – деп айтты. Мен ага аамин дедим.

Экинчи бутумду койгон мезгилде, Жибрийил:

– ата-энеси же ал экөөнүн бири колунда картайганда аларды ыраазы кылып бейишке кире албаган адам бактысыз болсун – деп айтты. Мен ага аамин дедим.

Үчүнчү тепкичке бутумду койгондо, Жибрийил:

– сенин атыңды угуп бирок салават айтпаган адам бактысыз болсун – деп айтты. Мен ага да аамин дедим» – деп түшүндүрүп берди. Ошондуктан, урматтуу мусулман бир тууганым, келиңиз улуу Рамазанда ашказан менен гана орозо кармабастан, жүрөгүбүз, тилибиз, көзүбүз, кыскасы бардык мүчөлөрүбүз менен орозо кармайлы. Орозо, бул тосуучу парда. Бул жашоодо күнөөдөн тосот. Акыретте тозоктон тосот. Рамазан деген сөз араб тилинде беш тамгадан турат. Ра тамгасы- рахмат, мим тамгасы- магфират б.а. кечирим, алиф тамгасы- амаанун минан-наари б.а. тозоктон аман болуу, зод тамгасы- зомаанун илал жаанати б.а. бейишке кепилдик, нун тамгасы- нуурун фил-жаннати б.а. бейиштеги нур. Аллахым ар бирибизди өз ырайымыңа алып, күнөөлөрүбүздү кечир. Тозоктон аман кылып, бейишке киргиз. Улуу Рамазан айын туура пайдаланууну баарыбызга насип кыл.

Аллахым билип-билбей жасаган күнөөлөрүбүздү кечирип, ыймандуу адамдар менен бирге кыл. Ассаламу алайкум ва рахматул-лаахи ва барактуху.

Запись Рамазан Куран түшүрүлгөн ай впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.