Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Нарын облусунун мусулмандар  казыятынын өкүлдөрү Памирден келген кыргыз боордоштор менен жолугушуп, алардын ал абалдары менен жеринде таанышты. Иш чарага облустук казыяттан Эрик Молдокулов, Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев жана Куланак айылынын имам хатиби Кенжебек Иманов катышып, алар менен казыят, демөөрчүлөр тарабынан уюштурулган дасторкон үстүндө сүйлөшүштү. Ал эми Памирден келген кыргыз боордоштор ата-бабалар салттуу ислам динин бекем тутунуп келгендигин айтышып, алардын ыкластары бекем болгондугун жашырышкан жок.

Муну менен катар Нарын облусунун мусулмандар  казыятынын өкүлдөрү Памирден келген кыргыз боордошторго  мамлекет тарабынан абдан катуу көзөмөл жүргүзүлүп, алардын ден-соолук, тазалыктарына өзгөчө көңүл буруп, ал тургай бир маал эне-тил сабагын окутуп жаткандыгына күбө болушкан.

Эскерте кетсек Памирден Кыргызстанга жалпысы болуп 33 адам көчүрүп келген.

Запись Нарын казыятынын өкүлдөрү Памирден келген кыргыз боордоштордон кабар алды впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

– бирок ал сизди мугалим катары кабылдабай жатса эмне кылуу керек?

– балаңыз такыр эле бул нерсе менен алектенүүдөн баш тартып, каршылык көрсөтүп жатсачы?

– балаңыз ойноок болуп, бир жерде отурбай жатса, ага аяттарды кантип жаттатасыз?

Ушул сыяктуу суроолорго каирлик Умм Юсуф айымдын кеңештеринен жооп таба аласыз. Умм Юсуф – бала бакчаларда бөбөктөргө Куран жаттатуу менен алектенген тажрыйбалуу айым. Анын бул жааттагы жеке тажрыйбасы балдарга Куран жаттатууда эң мыкты көмөкчү болот.

null

1. Куранды балаңыздын тили “апа”, “ата” деп чыга баштаганда эле үйрөтүп баштаңыз.

2. Эгер балаңыз сиздин аркаңыздан аяттарды кайталабай жатса, эч кайгырбаңыз. Анткени ал, баарыбир, Куранды угуп, акырындык менен аны сиңире берет. Балаңыздын сүйлөө аппараты толук калыптанбагандыктан, сиздин аркаңыздан кайталабай жаткан болушу мүмкүн.

3. Эгер балаңыз аяттарды туура эмес кайталап жатса (тамгалардын аягын жутуп, тажвиддин эрежелерин сактабаса) да, Куран жаттоону токтотпой үйрөтө берүү керек. Баланын чоңоюшу, анын тилинин өнүгүүсү менен каталар акырындан жоюла баштайт.

4. Башында, 1 жарым-2 жаштар чамасында, Куран жаттоодо угуу сезими маанилүү ролду ойнойт. Сиз Куранды коюп коюп, же өзүңүз бир нече ирет кайталап окуу менен баланын эс тутумун калыптандырасыз. Куранды ага өзүңүз каалагандай башаламан коюп бербестен,түзүп алган пландын негизинде, мисалы, бул жумада кайсы сүрөлөрдү жаттоого камынып жатканыңыздарга карата Куран аудиосун коюп бергениңиз эффективдүү болот.

5. Кичинекей балдарга жаттоого күнүнө 2-3 аяттан берсеңиз болот.

6. Албетте, кичинекей бала бир жерде отурбай кыймылдуу болот. Мындай учурда сиз анын колуна бир нерсе берип алаксытыңыз. Мисалы, пластилин, шарик, түрдүү боегучтарды берип, аны бир жерде отурууга алаксытуу менен үйрөтүңүз. Алар колундагы нерсе менен ойноп жатып, Куран угуп, сиз айткандай кайталай беришет.

7. Эгер бала аяттарды кайталабай, окуудан баш тартып жатса, анда аны зордобоо керек. Мындай учурда сиз Куранды коюп коюп, же өзүңүз сыртыңыздан окусаңыз болот. Бала пассивдүү болсо да, уккандарын кичинеден сиңирет. Куран жаттоону олуттуу сабак катары кабылдап, баланы тажатып албаңыз. Ага кыйкырып, урушуп, басым жасоодон алыс болуңуз.

8. Куран жаттатууда балаңызды кызыктырып, анда жакшы эмоцияларды пайда кылганга аракеттениңиз. Мисалы, Куран жаттатуучу жайды алмаштырып, аны ар кандай оюндар менен коштоого болот. Мисалы, “Бүгүн Куранды эшиктеги бакчадан кайталайбыз” деген сыяктуу.

9. Балага Куран жаттатууну 3 этапка бөлүп алсаңыз болот. Мисалы, 1-тахдир: бул күнү эмнелерди жаттай турганын айтуу, тааныштыруу; 2-жаттоо процесси; 3- кайталоо.

10. Эгер бала апасын мугалим катары кабылдабай жатса, машыгууну оюн түрүндө өтсөңүз болот. Бөлмөдө Куранды коюп коюп, же өзүңүз үнүңүздү бийик чыгарып окуп, аны менен бирге кубик ойноп, же сүрөт тартыңыз. Бала ойноп жатса да, артта жаңырып турган Куранды угуп, өзүнө сиңире берет. Мындан кам санабаңыз.

11. 4, же 5 жаштан соң балада “каалабайм” деген мүнөзү башталат. Бул учурда аны мажбурлабаганыңыз оң. Болбосо, Куран жатоого болгон каалоосун такыр эле өчүрүп алышыңыз мүмкүн. Куран жаттоону кайсы бир убакка калтыра туруп, бул нерсени башка иш менен алмаштырыңыз. Мисалы, Куран аяттарынын үстүнөн ой жүгүртүү, маанисин түшүндүрүп берүү жана башка. Балдар 4 жаштан соң бир нерсени талкуулаганды жакшы көрүшөт. Бул учурду эффективдүү колдонуңуз. Куран тууралуу телекөрсөтүүлөрү бирге көрүңүздөр.

12. Куран аяттарын жаттаганы үчүн балдарга чакан белектерди берген ашыкча болбойт. Бул анын аракетин баалагандык болуп саналат. Бирок муну менен бирге балага Куран жаттоонун себеп, максатын так түшүндүрүп туруу кажет. Куран жаттоо кайсы бир белектерди алуу үчүн эмес, а Аллахтын ыраазычылыгы үчүн экендигин эскертүү абзел.

13. 4 жаштан кийин балага Куран жаттоодо көрүп окууну да кошо баштаса болот. Мисалы, аятты окуп, баланын колун Куран китебиндеги ошол аятка коюу менен ал угуу гана эмес, визуалдуу түрдө да жаттай баштайт.

14. Эркек бала үчүн Куран үйрөтүүгө апа жакшыбы же эркек мугалимби? 6 жашка чейин баланын апасынын жанында болгону жакшы. Же аял мугалим болсо дурус. Анткени, көпчүлүк эркек окутуучулар 6 жаштан төмөн курактагыларды окутууда сабырдуулугу жетпей кетет. Ал эми 6 жаштан соң балага үлгү боло турган эркек киши керек. Андыктан, бул жаштан соң баланы эркек киши окутканы дурус.

15. Балаңыз чоңойо баштаганда ага Куран жаттоодо өзү курактуу компания таап бергенге аракеттениңиз.

Запись Балаңызга Куран жаттатууда керек болчу 15 кеңеш впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Өзүм Виржиня штатынын чакан шаарынан болом. Үй-бүлөм – өтө диндар адамдар. Шаарыбызда баары христиан динин тутунушат. Баарыбыз чогуу чиркөөгө барып сыйынат элек. Мен ислам тууралуу алгач сентябрдагы террактан кийин уккам. Анда 5-класста окучумун. Ошондо, эсимде, класска директор кирип келип, Нью-Йоркто эмне болгонун айтып берген. Мен анда директорубуздун айткандарынан көп нерселерди түшүнгөн жокмун. Бирок күн сайын мусулмандар тууралуу өтө негативдүү сөздөрдү уга баштадым. Шаарыбыздагылардын баары июнь окуясы тууралуу сөз кылышып, телевизордон террористерди тынбай көрсөтүп жатышты. Мен эчтеке түшүнгөн жокмун. Биздин мектепте диндер тууралуу сабак болбогондуктан, ислам мага карангы бир токойдой эле. Андыктан, интернеттен ислам тууралуу маалыматтарды издей баштадым. Интернет мага “ислам бул – терроризм, мусулмандар өз өлкөлөрүнөн чыкпашы керек” деген маалыматтарды чыгарып жатты. Исламга байланышкан нерселердин баары – негатив эле. Менин ошондо бул дин тууралуу кыпындай да маалыматым болбогонуна карабай, интернеттеги айтылгандардын баары чындык экенине ишенген жокмун. Мунун баарын элдердин коркунучу жана маалыматтын жоктугунан келип чыккан жагдай катары түшүндүм. Адамдардын коркунучу бүтүндөй динге жек көрүүчүлүк катары атылып чыккан эле.

10 жылдан соң жогорку окуу жайына тапшырып жатканда араб тилин үйрөнгүм келди. Мен арабдар менен канчалык көп пикир алышсам, мусулмандар тууралуу маалымат алам деп ойлогом. Көрсө, ошондо мен да стереотиптүү ой жүгүрткөн экенмин. Анткени, анда исламды Жакынкы Чыгыш элдеринин гана дини деп ойлоптурмун. Окуу маалында түрдүү өлкөлөрдөн мусулман досторум пайда болду. Мен аларды суроолор менен жаадырып кирчүмүн. Ошентип, ислам тууралуу ойлорум кеңейе баштады. Андан соң, мусулман өлкөлөрүнө болгон саякатым башталды. Алгач Египет, андан соң Палестина, Тынчтык Корпусу программасы менен ыктыярчы катары Иорданияга 2 жылга сапар алдым. Бул 2 жыл – жашоомдогу керемет убакыт болду. Мен Иорданиянын түштүк бөлүгүндөгү Карак шаарында өтө мээримдүү бир үй-бүлөдө жашадым. Биздин үйдүн ашканасынан Өлүк деңизге керемет көрүнүш ачылчу. Ал жакта жогорку класстагы кыздарга англис тилинен сабак берип жүрдүм. Мен бактылуу элем. Бирок сирия конфликтинин башында бардык ыктыярчыларды эвакуациялай башташты. Биз кетүүгө мажбур болдук. Бардык тааныштарым менен коштошууга 3 гана күнүм бар эле. Алардын баары менин эң жакын адамдарыма айланган. Коштошуу учуру мага эң эле оор болду. Баарынан кыйыны эмне үчүн кетип жатканымды түшүндүрүү эле. Анткени мен Иорданияда өзүмдү толук коопсуз сезчүмүн. Бирок биздин уюмду көндүрүү мүмкүн эмес эле. Мен штатка кайтып келгенимде маанайым чөгүп, Иорданияны катуу сагындым.

null

Кыргызстан? Ал кайда жайгашкан? Аны кантип туура айтуу керек?

Америкада, практикамды башка өлкөдө улантууга болорун айтышты. Анан мага “Кыргызстанга барасың” дешкенде, оюмда 2 гана суроо турду: “Бул өлкө кайда жайгашкан? Аны кантип туура айтуу керек?”. Көп ойлонбой эле Кыргызстанга барууга макулдук бердим. 3 жумадан соң Бишкекке учтум. Бул жакка келгенимде биздин группаны мейманканага жайгаштырышты. Кийинки күнү бизди Ивановка айылына алгачкы тренингди өтүүгө алып келишти. Ал жактан мен биринчи жолу Кыргызстандын маданияты менен тааныша баштадым. Бизге күнүмдүк турмушта колдонулчу кыргызча сөздөрдү үйрөтө башташты. Андан соң, мени кыргыз үй-бүлөм күтүп турган Сокулукка жиберишти. Ошентип, менин Кыргызстандагы жашоом башталды.

Кыргызстандан азандын үнүн угарым менен ыйлап жибердим

Кыргызстандагы алгачкы айларда кыйынчылыктар, албетте, болду. Мен Иорданияны абдан сагынып жаттым. Эсимде, Бишкекке келгендеги алгачкы күнү мен өзүмдүн номеримен балконго чыгып, шаардын көрүнүшүн карадым. Советтик типтеги имараттардын ичинен мечитти көрдүм да, жүрөгүмдө тынчтык сезими пайда болду. Анткени, мечит мага Иорданияны эске салды. А Иорданияда мечиттер абдан көп эле. Мен айылга барып, өзүмдүн жаңы үй-бүлөм менен таанышкан кезде арабызда тилдик кыйынчылыктар болду. Чайга отурганыбызда биз жөн гана бири-бирибизди карап жылмайчубуз. Ошондо мен өз бөлмөмө кирип, азандын унүн уккан кезде бугумду чыгара ыйлап жибердим. Азандын үнүн мен Иорданияда жүргөн кезде өтө жакшы көрүп калгам. Денемди майда калтырак басып өттү. Азыр мен ишеничтүү түрдө Кыргызстанды жакшы көрөрүмдү айта алам. Бул жер менин үйүмө айланды. Башында, Кыргызстанды Иордания менен салыштырып, окшоштуктарды издей берчүмүн.

null

Мени менен орусча сүйлөшүштү

Кыргызстанга келерим менен кыргыз тилин үйрөнө баштадым. Үйрөнүү процесси мага өтө деле оор болгон жок, «ү», «ѳ» жана «ы» тыбыштарын айтууда гана кыйынчылыктар жаралды. Өзүмдү кыргызча эркин сүйлөйм деп айтпайм, бирок оюмду билдиргенге дараметим жетет. Ал эми орус тилин үйрөнүүгө аракет деле кылган жокмун. Анткени, ал мага өтө оор келди. Бирок, эмнегедир мени менен баары орусча сүйлөшүп жатышты. Мен аларга кыргызча сүйлөп жатканыма карабай, алар мага орусча жооп берип жатышты.

Кыргызстанда арак ичкен мусулмандарды көргөндө абдан таң калдым

Менин мусулмандар менен болгон тыгыз байланышым Иорданияда өткөн. Ал жакта элдер шариятты бекем карманышат. Мен жоолук салынбаган жалгыз кыз элем. Ошондуктан, дайыма жабык кийинип, көп боенбогонго аракеттенчүмүн. Иорданияда арак ичкен адамды өтө чанда кезиктиресиң. Эгерде айылда кимдир- бирөө спирт ичимдиктерин сатып алса, бул өтө чоң уят иш катары саналчу. Ал эми Кыргызстанда баары башкача экен. Мен бул жактан өзүн мусулман санаган, бирок жоолук салынбаган кыздарды көрдүм. Өзүн мусулман эсептеген айрым адамдар 2-3 стакан аракты жөн эле ичип кое турган экен, жөн гана ичип эмес, башкаларды да ичүүгө кыйнаганы таң калтырат. Өзүм спирт ичимдиктерин ичпегендиктен, алардын кыйноолорун көтөрүү кыйын болду. Бул кырдаалдан чыгуу үчүн “аракка аллергиям бар” деп кутулуп жаттым. Таң каларлыгы, алар чочконун этин арам деп эсептешип, жешпегени болду. Болбосо, арак менен чочконун эти исламда бирдей арам категориясына кирет. Башында бул көрүнүштөргө катуу таң калдым. Анткени, жадагалса, Америкадагы мусулман досторум да арак ичишчү эмес. Кыргызстандын тарыхы менен таанышкан соң гана бул көрүнүштөрдү туура талдай баштадым. Ислам дини качан, кандай шартта кирген, Советтер союзунун таасири сыяктуу факторлор кыргызстандыктарга чоң таасир эткенин түшүндүм. Кыргызстанда дин көбүрөөк- этникалык түшүнүккө ээ. Элдер өздөрүн алардын ата-бабалары мусулман болгону үчүн гана мусулманмын деп эсептешет. Бул нерсе менин кыргызстандыктардын диний идентификациясынын калыптанышын изилдөөгө болгон кызыгуумду арттырды. Бул жерде түрдүү эпоха, маданият, салт, идеологиянын тарыхы аралашкан экен.

Кыргызстан- менин жан дүйнөмдүн күзгүсү

Мен христиан үй-бүлөсүндө чоңойгом. Балалыгымда чиркөгө барып, жекшемби күндөрү балдарга Библиядан сабак берип, чиркөө хорунда ырдачумун. Бирок азыр үйдө болбогондуктан, чиркөөгө барбайм. Албетте, Кудайга ишенем, кээде сыйынам. Болгону чоңойгон сайын Библияга критикалык көз карашта карап, көп суроолорду бере баштадым. Мен өзүмдү учурда христиан кызы эсептебейм. Башка диндерге ачыгыраак болуп, ислам, иудаизм, буддизмди изилдөөгө аракет кылып жүрөм. Мен диндердин баарын баалайм, анткени алардын баары бир принципке негизделген: сый-урмат, өз ара жардам жана башка.

Диндерди изилдөө – мен үчүн абдан кызык. Элдер бир нерсеге катуу ишенүү сезимин кантип иштеп чыгышарын билгим келет. Мен өзүм 1991-жылы төрөлгөм. Кыргызстан да өзүнүн көз карандысыздыгын ушул жылы алган. Кээде мен “Кыргызстан экөөбүз абдан окшошпуз” деп ойлоп кетем. Анткени, өз эркиндигибиздин үстүнөн ой жүгүртүү, көз караштардын калыптануусунда бир этапты баштан кечирип жатабыз.

null

Кыргызстан тууралуу көп нерсе жазгым келет

Мен Кыргызстан тууралуу көбүрөөк жазгым келет. Башында бул өлкөгө келеримди уккан досторум абдан чочулашкан эле. Эмнеге деп сураганымда, алар: “Бул “стан” өлкөлөрү”,- деп айтышкан (КыргызСтан, ПакиСтан, АфганиСтан ж.б.). Мен аларга “стан”- “жер” дегенди түшүндүрөрүн айтып бердим. “Мисалы, England (Улуу Британия) өлкөсүнөн анын мүчөсү “land”- “жер” болгону үчүн эле коркот белеңер?” деп сурадым. Кыргызстан деле ошол сыяктуу. Мен элдер Кыргызстан жана ислам тууралуу көбүрөөк билүүсүн каалайм. Ата-энем Кыргызстандагы 2-ата-энем менен таанышышты. Ата-энем айылыбыздан кээде гана чыгышкандыктан, чыгышса да бул Европа өлкөлөрү, өзүлөрүнүкүндөй көз караштагы адамдар менен гана сүйлөшүшөт. Андыктан, алардын да мусулмандар тууралуу стереотиптери көп эле. Эми ата-энемдин ойлору акырындан өзгөрүп келе жатат. Жадагалса, атам жазында Кыргызстанга келүүнү пландоодо.

Мен саякатымдан элдер түрдүү улут, дин, маданиятка ээ экенине карабай аларды көп нерсе бириктирип турарын түшүндүм. Биз арабызды бөлгөн эмес, тескерисинче, бириктирген нерселерди издешибиз керек.

Запись Америкалык журналист: Кыргызстандан азандын үнүн угуп, ыйлап жибердим впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ушул мезгилге чейин дүйнө диндеринин эң ирилеринин бири болгон ислам дининин Борбордук Азияда, анын ичинде Кыргызстанда таралыш тарыхын изилдөө алгылыктуу жүргөн эмес. Окуу китептериндеги ислам жана башка диний ишенимдер жөнүндөгү тийешелүү параграфтарды эске албаганда, XVIII-XX кылымдардагы тарыхнаамада ислам дининин Кыргызстанда таралышы боюнча атайын максаттуу изилдөө жок. Сөз кылынып жаткан проблема боюнча Кыргызстандын эгемендүү мезгилинде кыскача, үстүртөн болсо да иликтөөлөр пайда болуп, Бишкекте, алардын жыйынтыктары Ошто жана Жалал-Абадда болуп өткөн конференцияларда чагылдырылды1, массалык маалымат каражаттарында исламдын жайылыш жараянына арналган серептик макалалар жарыяланды2. Бул жаатта электрондук маалымат каражаттарында чагылдырылган бир катар материалдарды да айта кетсе болот3.  Ислам тарыхы боюнча олуттуу изилдөөлөрдүн жана Түркстандын, Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү саясий жана руханий окуялардын фактыларына таянып, Кыргызстанда Ислам дининин таралуу жана бекемделүү жараянын эки чоң доорго бөлүүгө болот. Ар бир доорду өз алдынча дагы этаптарга бөлүүгө мүмкүн.  Биринчи доорду “Исламдын таралуу доору” деп атоо туура. Ал доор бүтүндөй миң жылды өз кучагына алып, биздин замандын VIII – XVIII кылымдарын камтыйт.

1.Кыргызстандын аймагында ислам дининин таралышынын алгачкы этабы (VII-X кк.);
2.Кыргызстандын чөлкөмүндө исламдын мамлекеттик дин катары таанылуу этабы (966-1137-жж.);
3.XII-XVI кылымдардагы саясий окуялардын таасирине байланыштуу ислам дининин таасиринин солгундоо этабы;
4.Ислам дининин кыргыздардын арасында таралышынын күчөө этабы (XVI-XVIII кк.)
XVIII кылымдан ушул күнгө чейин созулган кийинки доорду “Исламдын бекемделүү доору” деп атап, аны да төмөнкү 4 этапка бөлүү максатка ылйыктуу.

1.Кокон хандыгы мезгилинде исламдын Кыргызстандын аймактарында бекемделүү этабы (1711-1876);
2.Орусиянын колониалдык системасынын алкагында ислам дининин Кыргызстандагы абалы (XIX к. экинчи жарымынан XX кылымдын 20-жылдарына чейин);
3.Советтик-тоталитардык режимдин мезгилиндеги ислам дининин Кыргызстандагы абалы (1917 – 1991-кк.);
4.Ислам дининин Кыргызстандын эгемендик мезгилиндеги өнүгүшү жана анын биротоло бекемделиши (1991-жылдан ушул күнгө чейин).
Бир макаланын ичинде аталган эки доорду жана алардын төрттөн этаптарын баяндап чыгууга мүмкүн эмес. Ошондуктан бул биринчи макалабызда Кыргызстандын аймагында ислам дининин таралышынын алгачкы этабынын (VII-X кк.) бир бөлүгүн гана баяндайбыз.

а) Сафед-Булан Кыргызстанда исламдын таралышындагы алгачкы борбор
Биздин замандын VII кылымына чейин Кыргызстандын аймагында Борбордук Азиянын башка чөлкөмдөрүндөй эле отпарастык (зороастризм) менен бутпарастык (буддизм), несториандык (христиандык диндин чыгыш багыты) менен манихейлик, теңирчилик сыяктуу түрдүү диний ишенимдер өкүм сүрүп турган. Алардын таасири кайсыл чөлкөмдө күчтүү болсо, ошол жерлерде алардын сыйынуучу жайлары курулуп, айланасында жашаган тургундар ошол динге сыйынышчу. Диний ишенимдердин көп түрдүүлүгүнүн натыйжасында Жети-Суу аймагында жана Кыргызстандын чөлкөмүндө диний архитектуралык курулуштар (теңирчилик храмдары, бутпарастык монастрлар, несториандык чиркөөлөр, отпарастык-маздеисттик наустар, капищалар), сыйынуучу мазар-жайлар көп учурайт 4.

Мындай жайлардын калдыктары Кыргызстандын аймактарындагы археологиялык эстеликтерде камтылып, алар жөнүндөгү маалыматтар кытай, араб жана европалык булактарда кеңири айтылат. Тарыхый маалыматтарга караганда жогор жакта аталган диний ишенимди алып жүрүүчүлөрдүн ортосунда кээде айыгышкан күрөштөр болуп турган. Бирок, ал диний ишенимдердин эч бири ислам дини келгенге чейин жергиликтүү тургундардын негизги бөлүгүн камтыган үстөмдүк кылуучу ишенимге айланган эмес. Алардын ичинен биздин заманга чейинки мезгилдерде эле калыптанып, калдыктары жаңы доорго чейин жеткен теңирчилик (Теңир кудай) көчмөн түрктөрдө, энесайлык кыргыздарда зор ролго ээ болгондугун айта кетүү ашыктык кылбайт5.

Кыргызстандын аймагынын ислам таасирине активдүү кириши биздин замандын VIII кылымынын ортосунан башталса да, бул дүйнөлүк ири дин менен биздин ата-бабаларыбыздын алгачкы таанышуусу жүз жыл мурун илгереекте – б.а.VII кылымдын орто ченинде эле болгондугу тарыхтан маалым болду. Бул окуя азыркы Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ала-Бука райондорунун чегарасында жайгашкан “Соот-Булан (Сафед-Булан)” деген кыштактын эзелки тарыхы менен байланыштуу.

Аталган жерде байыркы замандарда отурукташкан тургундары бар чоң кыштак болбосо да, арабдар келгенге чейин эле жергиликтүүлөрдүн маанилүү турак-жайы болгондугун Сафед-Буландын этегиндеги археологиялык казуулардан табылган чопо идиштер далилдеп турат6.  Эл оозундагы уламыштарда бул жердин эзелки аты Долоно шаар7.
Бирок бул турак-жай кичине болгон менен, анын тегереги өнүккөн шаар-кыштактардын системасынан турган. 22-25 чакырым түштүк-батышында Касан шаары (байыркы Давань мамлекетинде Гуйшуань деп аталган – К.Т.), 15-20 чакырым түндүгүрөөк жагында Керван (Кербен – азыркы Аксы районунун борбору – К.Т.) жана Унгар (Кербендин түштүк атрабында Ун-Кар деген тоочо бар – К.Т.), Ранжит (Кербендин түштүк-чыгышында азыркы Кош-Дөбө айлында жайгашкан эрте орто кылымдагы шаар-калдык 8 – К.Т.) орношкон. Өзбекстандын Наманган шаарынан түндүккө карай жайгашкан Аксыкент, Уйчу, Заркент, Чартак сыяктуу шаарлардан жана жогор жакта аталган шаар-кыштактардан турган бул өрөөн байыркы кезде эле Аксы деп аталчу.

Кытай тарыхый булактарына караганда Фергана биздин замандын VI-VII кылымдарында “Полона”, кийинчереек “Пахоньна”, “Бохань” же “Фей-хань” деп аталыптыр9. Фергананын башчысы самаркандык кайсы бир уруудан болгон экен. Аты белгисиз, бирок кытай булактарында бул башчынын титулу Алица деп аталган. Алица 605-жылы Кытай императоруна элчи жиберген деген маалымат бар10.  Изилдөөлөрдүн тастыктоосу боюнча 754-жылы Ферганада 6 ири шаар жана 100дөй кыштактар (бекемделген турак-жайлар) болгон. Борбор шаары кытайча Сигянь деп аталып, ал Ахсыкет шаары деп божомолдонот11.

Кытай булагы “Таншунун” маалыматы боюнча 629-жылдан баштап Фергананы Батыш-Түрк каганатынын ханзаадалары ээлей башташкан. 629-жылы жергиликтүү башкаруучу Циби батыш-түрк ханзаадасы Кань Мохедо тарабынан өлтүрүлүп, кийинчерээк Фергананы Ашина түрктөрүнүн ханзаадасы Шуни ээлеген. Андан кийин бул жерди Шунинин уулу Йебочжи башкарган. Болжол менен 658-59-жж. Фергананын башкаруучусу болуп Цибинин агасынын уулу Аляошань дайындалат. Ал мезгилде Фергана Тань империясына вассалдык көз карандылыкта болуп, салык төлөп турган жана ошол жылдары Фергананы императордун жардыгы менен Хюсюнь деп атап, резинденция катары Касан шаарын эсептешкен12. Ал кезде Касан шаарынын башчысы Ахшид13, көчмөндөр жашаган Унгар округунун башчысы Керван-бас деген адамдар экен14. Уламыштарда Ахшид Керван-бастан көз каранды башкаруучу болуп, ага кызын аялдыкка бергендиги жөнүндө маалымат бар15.

Жергиликтүү мифологиялык, араб булактарынын жана кийинки изилдөөлөрдүн маалыматтарына таянсак Аксы чөлкөмүнө арабдардын биринчи жолу келиши Араб халифатынын16 алгачкы “туура жолдогу халифтеринин” үчүнчү халифи Осмон (644-656) менен төртүнчү халифи Алинин (656—661) мезгилинде болгон. Бул жөнүндө араб булактары да учкай айтып кетишет. Мисалы, 1230-жылы Иленин боюндагы Алмалык шаарында төрөлгөн, кийин Баласагында, Кашкарда жашаган окумуштуу жана акын Джемаль Каршинин17 “Мулхакот Ас-Сурох” деген китебинде “Халиф Осмондун кезинде Мухаммед бен-Джерирдин кол башчылыгында Испид-Булан деген жерге мусулман жоокерлери жиберилип, пайгамбардын жолдоштору болушкан (сахабилер жана табеиндер) 2700 жоокери “динсиздер” менен кармашууда шейит кетишти” деген сөзүн В.В.Бартоль өз эмгегинде келтирет18. Ушундай эле уламышты орус ориенталисти Н.Н.Щербина-Крамаренко 1896-жылы Ферганадан уккан19. Ушул мазмундагы, бирок, анча-мынча гана айырмасы бар уламыштар жөнүндө башка окумуштуулар жана изилдөөчүлөр да белгилеп кетишет20.

Өзбекстандын окумуштуулары акыркы жылдары Сафед-Буланга кызыгуу менен мамиле кылууда. Ошол максатта Шах Хаким Халис тарабынан 1811-жылы жазылган “Сафед Булон қиссаси” (Повесть о Сафед Булане) деген эмгегин азыркы өзбек тилине ылайыктап 1994-жылы басып чыгарышты21. Өзбек окумуштуусу, теги Соотбуландык (Сафед-Буландык) Турсунбай Набиев менен элдик изилдөөчү Мархаматтык Махмуд Хасанийдин пикири боюнча “Сафед-Булон киссаси” орто кылымдарда эле араб тилинде ыр түрүндө жазылган чыгарма экен. Илимде ал чыгарма “Сафед-Булан тарихи”, “Сафед-Булон киссаси” жана “Газотномаи Шох Жарир” деген аттар менен белгилүү болгон. Кийин аны Хужандий деген адам перс тилине, андан Намангандык бир аты белгисиз адам өзбек тилине которуп, бир топ өзгөртүү менен ыр түрүндөгү поэма кылып жараткан. Бул кол жазма XX кылымдын башында Шах Хаким Халис аттуу өзбек окумуштуунун колуна тийип калат да ал Сафед-Буландыктардын жана башкалардын маалыматтарына таянуу менен 1911-жылы өзбек тилинде китеп кылып жарыялаган22.

Чыгарманын кол жазмасынын бири «Ғазот-нома-йи Шоҳ Жарир» деген ат менен Өзбекстандын Бувайдин районунун тургуну О.Шерматов аттуу адамдын жеке топтомунда сакталып турат23. Сөз кылынып жаткан чыгарманын ичинде камтылган окуялар жөнүндө жергиликтүү нарративдик булактарды изилдеген алгачкы өзбек аалымы Исхаккан Жунайдулла кожо уулунун (Ибрат) 1916-жылы жазылган ”Тарих-и Фаргона” деген китебинде да айтылат. Анда ал өз пикирлерин “Таърихи Шох Жарир” деген эски китепке таянып берет24.

Сереп кылынган эмгектерге жана акыркы мезгилдеги изилдөөлөргө25 таянсак, окуянын кыскача таржымалы төмөнкүдөй болгон.

Фергана чөлкөмүнө, тагыраак айтканда анын түштүк-батыш өңүрүнө арабдардан биринчи болуп Каъб ул Ахбор деген кол башчы келген экен. Ал бир нече кагылышуулардан кийин кайтып кетиптир. Арадан бир нече жыл өткөндөн кийин үчүнчү халиф Осмондун мезгилинде Араб халифаты Ферганага “тынчтык чалгын” максаты менен ошол кездеги болочок халиф Азрети Аалынын жээни Мухаммад ибн-Абдуллох Жарирди (Айрым эмгектерде ал “сахиб Мухаммед Хазрет шах-и Джарир, пайгамбардын небереси” деп берилет26) 20 миң кол менен аттантат. Мухаммад Жарир чү дегенде эле Ферганага келген эмес. Бир нече жылдардан кийин ган ал Аалынын халифтик кылган жылдары (656-661) Самаркандан 12 миң кол менен чыгып, Ферганага кирген. Мухаммад Жарир бул жерде Кува чөлкөмүнүн башчысы Хушдод, Аксыкенттин башчысы Хурмуз, Касан шаарынын башчысы Ахшид (Ихшид) жана Унгар (Ун-Кар) чөлкөмүнүн башчысы Керван-Бас менен бир нече кагылышууларды өткөрөт. Мухаммад Жарир жеңишке ээ болуп, Касан шаарына жакын чыңдалган оорук куруп, бир аз убакыт туруп калат. Унгардын башчысы Керван-Бас кызы Бүбү Убайданы Мухаммад Жарирге турмушка чыгарып, алар тынчтык келишимин түзүшөт.

Бирок, бир нече ай бою камоонун натыйжасында Касан шаарын багындырган арабдар басып алуу максатынан кайтпай Керван-Бастын ээлигине карай жөнөп, азыркы Сафед-Булан турган жерге өргүү алышат. Ошол күндөрү Бүбү Убайда төркүлөп келип, атасы Керван-Бас менен Ихшид жума намаз күнү арабдарды кыруу жөнүндө жашыруун бүтүмү бар экендигин угуп калат да, аны күйөөсү Мухаммад Жарирге кабарлайт27. Бирок, бул кабарга анча маани бербеген Жарир өргүүсүн улантып, жума намазды бузбоону чечет. Мусулман жоокерлери жума намазга жыгылышканда аларды аңдып турган Керван-Бастын жоокерлери капыстан чабуул коюп, натыйжада 2772 араб жоокери өлүмгө учурайт. Алардын ичинен сахабалардын, (пайгамбарыбыз салаллаху алайхи вассаламды көргөндөрдүн) табейиндердин, (сахабаларды көргөндөрдүн) баштары алынган. Жалпысынан бул жерде эки тараптан тең миңдеген адамдар курман болушкан. Аман калган араб жоокерлери Керван-Бастын соккусуна туруштук бере албай, Касанга карай качышат. Бирок, Касандын башчысы Ахшид Керван-Баска тилектеш болгондуктан арабдарды шаарга киргизбей коёт.

Кыргындан калган азыраак жоокерлери жана аялы Бүбү Убайданы алып, Мухаммад Жарир өз мекенине кайтат. Тарыхый булактарда арабдар жолдо Аксыкент шаарынын жанына токтоп, Нарын дайрасына жарааттарын, кан болгон кийим-кечелерин жууп, бир аз убакыт өргүү алган делет. Ошондуктан бул жерде азыркыга чейин Жомашуй деген кичинекей кыштак бар. Тажик тилинде “жомашуй” “ич кийимдерди жууп-тазалоо” деген маанини берет экен28. Андан ары Мухаммад Жарирдин калган-каткан кошууну Аравияга кайтып кетет.

Керван-Бас менен Ахшид жеңишти майрамдап, баштары кесилген денелерди көмдүрбөөгө буйрук беришет. Мухаммад Жарирдин аскер башчыларынын биринин Бу Билон (Боболон) аттуу кара түстүү (негритянка) күңү Касан шаарында калып калган эле. Ал кыргындан кийин кожоюнунун башын издеп, бирок, буйруктан коркпой, кесилген 2772 баштын баарын жууп, бир жерге чогултуп көмгөн дешет. Араб жоокерлеринин кесилген баштары көмүлгөн жер алгач “Каллахана” деп атала баштап, кийинчерээк бул жалпы мүрзө катары куран окула турган, зыярат кылуучу жай катары эсептелип калгандыктан Кыргын-Мечит деген атка конгон29. Ал эми жоокерлердин денелери андан 300 метрдей алыстыкта жерге жашырылып, ал жер “Шейиттер Кабыры” деп аталып калган.

Керван-Бас Бу Билонду өлүм жазасына тартууга буйрук берет, бирок, Касан шаарынын тургундарынын суранычына байланыштуу тирүү калтырылган делет. Өлгөндөрдүн башын көөмп, сооп кылгандыгына байланыштуу негритянка Бу Билон агарып кеткен экен да, Сафед (ак) Билон деп аталып калат30. Бирок, эртеби-кечпи өлүм жазасынан корккон кыз тез эле жарык дүйнө менен кош айтышып, сөөгү Каллахананын жанына коюлган делет. Кийинки жылдары бул жер жалпысынан “Сафед-Булан күмбөзү” деп аталып калган экен.

Мухаммед Жарир Арабстанга кайтып келген мезгилде халифатта ич-ара араздашуу (фитна – атуулдук согуштар) жүрүп жатыптыр. Муавийлердин колунан Али ибн Абу Талиб мечитте намаз окуп жаткан жеринде хариджит Фанатик Ибн Мулджам (“туура жолдогу халифтерге каршы турган клан муавийлердин даярдаган террорчулары) тарабынан өлтүрүлүптүр31. Ошол эле хариджиттер Мединага кайтып келген Мухаммад Жарирди да уу берип өлтүрүшкөн делет. Арадан аз убакыт өтпөй Мединада Мухаммад Жарирдин аялы, Керван-Бастын кызы Бүбү Убайда Фазл аттуу уул көрөт. Фазл эресеге жеткенге чейин атасынын тарыхын укпай жүрөт. 40 жашка чыккандан кийин гана апасы болгон окуяларды ага айтып берет. Фазл таятасы Керван-Бастан өлгөн араб жоокерлеринин кунун алыш үчүн чоң аскер топтоп, Ферганага жортуул уюштурат. Уулу менен кошо жөнөгөн Бүбү Убайда Ферганага жетип, азыркы Кокон шаарынын атрабында өлгөн делинет. Азыркы учурга чейин бул жерде Бувайда деген кыштак бар32.

Фазл уюштурган жүрүш ийгиликтүү аяктап, ал Фергананын Аксы өрөөнүн кайрадан мусулман динине караткан экен. Уламыштарда жана тарыхый булактардагы маалыматтарга караганда Фазл Касан шаарында туруп, шах титулу менен 16 жыл бул жерди башкарыптыр. Кийин ал Касанда өлүп, сөөгү Каллахананын жанына коюлат. Кийинчерээк көрүстөндүн үстүнө Шах Фазлга арналып “Шах Фазл” деп тарыхта аталып калган чоң мавзолей курулган экен. Акырындап, бул мазар Фергана өрөөнүндөгү ыйык мазарлардын бирине айланып, тегерегине кыштак куралып, анын аты азыр Сафед-Булан аталып келет33.

Бул тарыхый уламыш 2006-ж. 5-7-сентябрь күндөрү бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын катышуусу жана демөөрчүлүгү менен Бишкекте өткөн «Орто Азия мусулмандары жана алардын дүйнөлүк цивилизацияга кошкон салымы» аттуу эл аралык конференцияда да чагылдырылган34. Аталган Эл аралык конференциянын катышуучусу, Меккедеги Ум аль-Кура медресесинин окутуучусу, доктор Фавваз Бен Али Дхастын докладында мындай тарыхый фактылар келтирилет. Анын пикири боюнча тарыхчы окумуштуу Али аль-Барддын эскерүүлөрүнө караганда, азыркы Кыргызстандын аймагындагы Испид-Булан (Сафед-Булан) деген жерге 2700 шейиттин денеси коюлган, анын ичинде сахабалар менен табейиндердин болгондугу жана алар Халиф Усман ибн Аьффан розияллаху анху, тарабынан жөнөтүлгөндүгү тарыхта белгилүү35.

Демек, араб дин таратуучуларынын Кыргызстандын Аксы аймагына Араб халифатынын алгачкы жылдары эле келиши, Ислам дини менен кыргызстандыктардын байланышы эрте орто кылымдык доордо эле болгондугу эл аралык денгээлде тастыкталып олтурат. Жогорудагы далил мурдатан эл оозунда айтылып келсе да, бул далилдер эми гана расмий түрдө конференцияларда тастыкталгандыгы чоң илимий жаңылык жана олуттуу тарыхый мааниге ээ. Демек, Сафед-Булан Кыргызстандын чөлкөмдөрүндө ислам дининин таралуусунун бирден-бир башаты катары “ыйык жай” эсептелип, анын руханий мааниси зор36.

Б) Орто Азияга жана Кыргызстандын аймагына ислам дининин таралышынын согуштук жол менен өнүгүшү

Кыргызстандын чөлкөмдөрүнө Исламдын активдүү таралыш жараяны Хорасан акими Муслим ибн-Кутейбанын 709, 711-жылы Мавереннагрга жасаган ири жортуулунан башталат37. 3-4 жыл ичинде ал Согдияны, Хорезмди жана Тохаристандын көпчүлүк бөлүгүн караткан. Орто Азияны мусулманчылыкка киргизүүдө Муслим ибн-Кутейбанын ролу араб тарыхнаамасында жогору бааланат. Ал Бухара калкын үч жолу ислам динине киргизип, эски отпарастык жана бутпарастык ишенимдердин идолдорун талкалаттырып, китептерди өрттөттүргөн, мурунку диндердин храмдарын жок кылдырган38. 715-жылы Кутейба Араб халифатынын жаңы халифи Сулейманга каршы козголоң уюштуруп, бирок, өзүнүн эле карамагындагы адамдардын колунан каза тапкан. Араб халифатынын саясий, экономикалык саясатына каршы Мавереннагрда бир нече көтөрүлүштөр чыгып, ислам динин жергиликтүү калкка кабыл алдыруу кыйындыкка турган.

Ал мезгилде Кыргызстандын аймагында саясий күрөш, так-талаштар жүрүп жаткан эле. Истемин кагандын урпактары болгон Батыш-Түрк каганаты алсырап, анын акыркы күчтүү каганы Ышбаранын (651-657) Тан (Кытай) империясынын Орто Азияга болгон аскерий экспансиясы менен кармашта жеңилип калгандан кийин легендарлуу ашина уруусунун урпактары болгон көк түрктөр өз ара араздаша баштаган болучу. Анын үстүнө Чыгыштан Тибет мамлекети күч алып, анын экспедициялык корпустары Жети-Сууга чейин кирип келишкен. Уламдан улам бытырандылыкка баш урган Батыш-Түрк каганатынын “он аймагы өтө алсырап”39 ашина династиясынын батыш салаасынан чыккан кагандардын жыйырма үчүнчүсү Кулан шаарында (Казахстандын азыркы Луговая шаарчасы) өлтүрүлгөн40. Көп жылдарга созулган саясий күрөштөр “он ок бодун (он уруу эл – К.Т.)” элинин “Дулу” конфедерациясындагы төргөштөрдүн бирикмесинин жеңиши менен аяктап, 704-жылы Жети-Сууда Төргөш каганаты түзүлгөн41.

Төргөштөр хара жана сары төргөштөр болуп эки топтон турган. Жашаган аймактары Чүй жана Иле дарыяларынын бойлору болуп, алар VII кылымдын акырынан баштап, Тан империясына каршы кармаштарга катышуу менен тарыхый аренага чыга баштаган болучу. Төргөш кагандыгынын негиздөөчүсү жана биринчи каганы сары төргөштөрдүн башчысы Үч-Элик каган (704-706) болгон. Жаңы мамлекеттин чектери түштүк-батышынан Сыр-Дарыясынын ортоңку агымы, түндүк-чыгышы Эртиш (Иртыш) дарыясынын жогорку агымы болуп эсептелген жана борбору Суяб шаары (Чүй өрөөнү – К.Т.) болгон. Чыгыш Түркстан да каганаттын курамына кирген. Өлкө 20 аймакка (округ) бөлүнүп, ар бир аймактан 7 миң аскер чыгарууга мүмкүн эле. 706-711-жылдары каганатты Сакал каган бийледи. Анын мезгилинде төргөштөргө чыгыштан жана түштүк чыгыштан Тан империясы, түндүк-чыгыштан көк түрктөрдүн Экинчи түрк каганаты (682-744), ал эми түштүк-батыштан Араб халифаты менен бирдей күрөшүүгө туура келген.

710-жылы негизги коркунуч болгон Экинчи түрк каганатына каршы “үчтүктөрдүн коалициясы” түзүлгөн. Бул коалицияга Кыргыз каганаты (VI к.аягы-X к.), Төргөш каганаты (704-766), Тан империясы (618-907) кирип, аны түзүүгө демилгечи Кыргыз каганы Барс-бек Инанчу Алп-Тегин болгон42. Бирок, коалиция 711-жылы талкаланып калат. Ошол жылы Барс-бек да, Сакал каган да көктүрктөрдүн кол башчылары Тону-Көк менен Күлтегиндин колунан каза табышкан. Кийинки жылдары хара-төргөштөр күч алып, эми алар мамлекетти кайра тикелөөгө аракет кыла баштады. 716-739-жылдары Төргөш каганатынын каганы хара-төргөштөрдөн чыккан таланттуу кол башчы Чабыш-чор Сулук болуп калган. Хара-төргөштөр мамлекеттин ядросун түзүп, кийинчерээк азыркы кыргыз элинин курамына кирип кетишкендигин айта кетүү абзел.

Чабыш-чор Сулуктун тышкы саясаты эки фронтто күрөш жүргүзүү болучу: негизги багыты түштүк-батыштан мамлекеттин чегараларына жакындап келе жаткан арабдарга каршы туруу, экинчиси Тан империясы менен күрөш. Сулук алгач чыгыш коркунучун нейтралдаштырууну чечти. 717-жылы Тан империясынын борборуна элчи жиберип, кытай коркунучун азайткан. Чыгыш Түркстанда туруп, Тан империясынын колдоосу менен бийлик талашкан Батыш түрк каганынын ашина династиясынын бир урпагынын кызын аялдыкка алган. Сулуктун дагы бир аялы Экинчи Чыгыш-түрк каганы Бильге кагандын (716-734) кызы эле. Ал эми анын үчүнчү аялы – Тибет падышасынын кызы болуп калган. Сулук өзүнүн кызын Бильге кагандын уулуна берген. Ошентип ал чыгыш тарапта ийгиликтүү дипломатиялык мамиле түзүп, бардык аскердик мүмкүнчүлүктөрдү арабдарга каршы күрөшүүгө багыттаган. Бул анын кыраакы дипломат жана таланттуу кол башчы экендигин тастыктаган фактылар эле43.

720-жылдан баштап Чабыш-чор Сулук “он ог бодун”, Чач (Шаш-Ташкенттин эски аты), Фергана жана согдалыктарды (Самарканддын айланасындагы тургундар) бириктирип антиарабдык коалиция түзгөн жана бир нече ийгиликтүү жортуулдарды уюштурган44. Натыйжада 728-жылы арабдар Согданы таштап чыгып кетишкен. Кийинки жылдары Араб халифаты аскерлерди күчтөндүрүп, кайрадан Мавереннагрга басып кирген, бирок алардын жортуулу ийгиликке жеткен эмес. 731-жылы Хорасанда араб башкаруучуларынын ортосундагы араздашуулардын негизинде Харис ибн-Сурейдж аттуу кол башчынын жетекчилигинде Омеяддардын (Араб халифатынын ошол мезгилдеги башкаруучу династиясы – 661-750) бийлигине каршы кыймыл башталат. Харис ибн-Сурейдж Чабыш-чор Сулук менен мамиле түзүп, андан колдоо алууга аракеттенет. Бул окуянын натыйжасы 735-жылга чейинки араб-төргөш ортосундагы салыштырмалуу тынч саясаттын орношу болучу.

Халифаттын аскерлери Сурейджди талкалоого келген мезгилде Чабыш-чор Сулук 734-жылы Чүйдөн Хорасанга чейин тездик менен аскерий жүрүш уюштуруп, арабдарды түштүккө сүрүүгө жетишкен. Мунун өзү Араб халифатына Төргөш каганаты тарабынан түзүлгөн реалдуу коркунуч болучу. Мындай коркунуч араздашкан араб кол башчыларын биригүүгө түрттү. Бирок, ал мезгилде атактуу кол башчы Чабыш-чор Сулуктун мекенинде аны көрө албагандар тарабынан кутумдук козголоң уюштурулуп жаткан эле. Сары төргөштөр бул династиялык кармашта жеңип чыгышты жана 739-жылы Сулукту өлтүрүп тынышты45. Бул окуя арабдардын Орто Азияга багытталган аскерий экспансиясынын күч алуусуна жана Төргөш каганатынын алсырап, Жети-Сууда түзүлгөн кырдаалдан пайдаланган жаңы саясий күч – карлуктардын тарыхый аренага чыгышына өбөлгө түзгөн.

Араб экспансиясына каршы турган коалиция кыйраган соң, 10-12 жыл ичинде Орто Азияны ислам динине киргизүү кампаниясы бир топ ийгиликтүү жүрдү. Натыйжада кайрадан арабдарга Мавереннагр, Хорезм, Фергана, Чач каратылган. Мунун өзү Борбордук Азияда ислам динин орнотуу жараянынын бекем пайдубалын түзө алган.

В) Талас салгылашуусу жана анын мааниси

Араб халифатынын Орто Азиядагы саясий-экономикалык, өзгөчө диний таасиринин жылдан-жылга күч алып бара жатышы жана мусулман аскеринин ийгиликтүү чабуулдары Тан империясына (Кытай) геосаясаттык олуттуу коркунучту пайда кылган. Бай жана өнүккөн регион эсептелген Тураниянын кайсыл бир бөлүгүн ээлеп алуу – Тан императорлорунун мурунтан келе жаткан максаты эле. Бул максатты ишке ашырууга 552-жылдан баштап түзүлгөн күчтүү Түрк каганаты, андан кийинки Чыгыш жана Батыш түрк каганаттары, Экинчи Чыгыш-Түрк (көк түрк) каганаты, Жети-Суудагы Төргөш каганаты негизги тоскоолдор болуп келген. VIII кылымдын ортосундагы Орто Азиядагы жана Жети-Суудагы эл аралык кырдаал, Төргөш кагандыгынын алсырап, карлук уруу бирикмеси менен атаандашып жатышы Тан империясынын алдына Түркстанга жортуул уюштурууга эң оңтойлуу кырдаал түзүп берген. Анын үстүнө Орто Азиянын басымдуу бөлүгүн ээлеген арабдар бул мезгилде Жети-Суунун чегине келип калган болучу. Бул кырдаалда Тан империясы Гао Сяньчжи46 баштаган чоң аскерди Жети-Сууга карай жортуулга аттандырды. Кытай армиясы көп тоскоолдуктарга учурабай 748-жылы Суябды талкалап, кийинки жылы Чачтын (Ташкенттин) башкаруучусун туткундап, өлтүрүп салышкан. Ал эми 751-жылы болсо Тан армиясынын айрым отряддары Талас өрөөнүнө чейин басып кирген.

Ал мезгилде арабдар Мавереннагрдагы көтөрүлүштөрдү негизинен талкалап бүткөн эле. Ошондуктан, Араб Халифаты чыгыштан каптап келе жаткан Тан империясынын экспансиясына каршы турууну чечти. Анын үстүнө Тараз (азыркы Шымкент) шаарында кытайлардын авангарды менен согушуп жаткан арабдардын азганакай отрядынын башчысы Саид ибн-Хумейд, ошондой эле Чачтын Тан аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн башчысынын уулу Хорасандын акими Абу Муслимден жардам сурап, расмий кайрылышкан болучу. Натыйжада Абу Муслим өзүнүн кол алдындагы таланттуу аскер башчылардын бири Зияд ибн-Салихтин башчылыгында ири кошуунду Таласка жиберген. Бул окуя Суябдан Гао Сяньчжинин 100 миң солдаттан турган армиясын Таласка жөнөөгө мажбур кылды47.

Ошентип, 751-жылдын июль айында Талас суусунун боюндагы Атлах шаарынын жанында 48 эки зор армиянын 4 күндүк тарыхый салгылашуусу болуп өткөн. Салгылашуунун тагдырын төртүнчү күнү кытайлардын тылынан капыстан сокку урган карлуктар чечти. Натыйжада Тан империясынын армиясынын таш-талканы чыгып, алардан 50 миң жоокер каза таап, 20 миңи колго түшкөн49. Тарыхый маалыматтарга караганда чачыла качкан кытай жоокерлеринин азыраак гана бөлүгү Ысык-Көл ойдуңунан ары өтө алган, көбү тоо-таштын арасында өлгөн делет. Кыргыз элиндеги “кытай, кытай кырылгыр, кырк дөбөгө жыйылгыр” деген тарыхый макал мүмкүн ошол окуяны чагылдырып тургандыр…

751-жылы болгон Талас салгылашуусунун тарыхый мааниси зор. Биринчиден, салгылашуунун жыйынтыгы Тан (Кытай) империясынын Кыргызстандын аймактарына болгон саясий экспансиясын миң жылга чейин токтоткон50. Экинчиден, Араб Халифатынын да аскерий жортуулдары токтоп, ушул окуядан кийинки жылдары түрк элдерин ислам динине киргизүү жараяны негизинен тынчтык-миссионердик жолго түшкөн51. Кыргыз элинин “мусулманчылыкты тажиктер менен сарттар (өзбектер) кылычтын мизи менен, ал эми кыргыздар өз макулдугу менен алган” деген ылакап сөздүн кайсыл бир деңгээлде чындыгы бар экендигин кийинки кылымдардагы окуялар ырастап турат. Үчүнчүдөн, бул окуя бүтүндөй Орто Азия элдеринин кийинки тагдырына Ислам цивилизациясынын андан ары өнүгүшүнө жол ачып берди. Эми, 120-130 жыл мурун калыптана баштаган араб цивилизациясынын өнүгүшү саясий-согуштук мүнөздөн социалдык-маданий жана руханий багытка трансформациялана баштады. Чынында эле Хорасанды, Мавереннагрды, Фергананы жана Чачты каратуу негизинен араб жоокерлери тарабынан шаарларды, айыл-кыштактарды талап-тоноо, жергиликтүү тургундарды кулдукка алуу, каратылган аймактарга чоң суммадагы алык-салыктарды салуу, административдик-аскерий түзүмдөрдү уюштуруу менен коштолсо, эми Кыргызстандын жана Казахстандын аймактары Араб халифатына административдик бирдик катары кирбестен, ислам динине өтүүчү субьект катары гана эсептелип калган. Ошону менен бирге араб цивилизациясынын руханий баалуулуктары жаңы кыртышка сиңип, андан ары өнүгүүгө багыт алган.
(уландысы бар)

Запись Ислам дининин Кыргызстанда таралыш тарыхынан… впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир күнү университетте профессор студентке суроо узатты.
Профессор: Кудай жакшыбы?
Студент: Ооба.
Профессор: Азезилчи? …
Студент: Жок.
Профессор: Туура. Айтчы, балам, Жер жүзүндө карасанатайлык барбы?
Студент: Ооба.
Профессор: Карасанатайлык толуп жатат, ушундайбы? Бардыгын Кудай жараткан, туурабы?
Студент: Ооба.
Профессор: А карасанатайлыкты ким жаратты?
Студент: …
Профессор: Планетада түрү сууктук, бети жоктук, оорулар, түркөйлүк да барбы? Мунун бардыгы бар, туурабы?
Студент: Ооба, сэр.
Профессор: Ошондо аларды ким жаратты?
Студент: …
Профессор: Илим тастыктагандай, айланадагы дүйнөнү изилдөө үчүн адамда 5 сезим бар. Айтчы, балам, сен Кудайды качандыр бир көрдүң беле?
Студент: Жок, сэр.
Профессор: Айтчы бизге, Кудайдын үнүн уктуң беле?
Студент: Жок, сэр.
Профессор: Сен качандыр бир Кудайды туйдуң беле? Анын даамын татып көрдүң беле? Жыттадың беле аны?
Студент: Жооп берүүдөн корком, жок, сэр.
Профессор: Анан сен ага ушу күнгө чейин ишенип жүрөсүңбү?
Студент: Ооба.
Профессор: Алынган тыянактардан улам Кудай жок экендигин илим тастыктайт. Сен ушуга бир нерсени каршы койо аласыңбы?
Студент: Жок, профессор. Менде ишеним гана бар.
Профессор: Дал ошондой. Ишеним – бул илимдеги башкы маселе.
Студент: Профессор, суук деген барбы?
Профессор: Бул эмне деген суроо? Албетте, бар. Сен эч качан үшүбөдүң беле?
(Студенттер жаш мырзанын бул суроосуна күлүп калышты).
Студент: Чындыгында, сэр, суук деген жок. Физиканын закондоруна ылайык, биз суук деп эсептеген нерсе, чындыгында, жылуулуктун жоктугу болуп саналат. Адамды же предметти анда энергия барбы же ал аны өткөрүп береби деген маселеге карата иликтөөгө болот. Абсолюттук нөл (Фаренгейт боюнча – 460 градус) жылуулуктун толук жоктугу. Бул температурада бүткүл материя инерттүү болуп, реакция бере албай калат. Суук деген жок. Биз бул сөздү жылуулук жоктугунда сезүүчү нерсени сүрөттөө үчүн жаратканбыз.
(Аудитория тынчтанып калды).
Студент: Профессор, караңгылык барбы?
Профессор: Албетте, бар. Түн деген караңгылык эмей эмне.
Студент: Сиздики дагы туура эмес, сэр. Караңгылык деген жок. Караңгылык, чындыгында, жарыктын жоктугу. Биз караңгылыкты эмес, жарыкты иликтей алабыз. Ак түстү түстөрдүн көптүгүнө ажыратып, ар бир түстүн толкунунун ар кандай узундугун иликтөө үчүн Ньютон призмасын пайдалана алабыз. Сиз караңгылыкты өлчөй албайсыз. Жарыктын жөнөкөй шооласы караңгылыктын дүйнөсүн жарып кирип, аны жарыктандыра алат. Кандайдыр бир мейкиндик канчалык караңгы экенин кантип биле аласыз? Сиз жарыктын саны канчалык бар экендигин өлчөйсүз. Ушундай эмеспи? Караңгылык – бул жарыктын жоктугунда эмне болоорун сүрөттөө үчүн адам пайдалануучу түшүнүк. Эми айтыңызчы, сэр, өлүм деген барбы?
Профессор: Албетте. Жашоо бар, өлүм да бар – бул анын арткы жагы.
Студент: Сиздики дагы туура эмес, профессор. Өлүм – бул жашоонун арткы жагы эмес, бул анын жоктугу. Сиздин илимий теорияңызга олуттуу жарака кетти.
Профессор: Сиз эмнени айткыңыз келип жатат, жаш мырза?
Студент: Профессор. Сиз студенттерди баарыбыз маймылдан тараганбыз деп окутуп жатасыз. Сиз эволюцияны өз көзүңүз менен байкадыңыз беле? Профессор сөз төркүнү кайда баратканын түшүнүп, жылмаюу менен башын чайкады.
Студент: Бул процессти эч ким көргөн эмес, демек Сиз көбүрөөк даражада окумуштуу эмес, дин кызматчысы экенсиз.

(Аудитория күлкүгө толуп чыкты).

Студент: Эми айткылачы, ушул класста профессордун мээсин көргөн бирөө-жарым барбы? Аны уккан, жыттаган, сыйпалап көргөн бирөө барбы?

(Студенттер дале күлүп жатышты).

Студент: Сыягы, эч ким жок. Анда эмесе, илимий фактыларга таянып, профессордун мээси жок деп тыянак чыгарууга болот. Сизди бүтүндөй урматтоо менен, профессор, лекцияда айткандарыңызга биз кантип ишене алабыз?

(Аудиторияда тынчтык өкүм сүрүп калды).

Профессор: Силер мага жөн эле ишенишиңер керек деп ойлойм.
Студент: Дал ошондой! Кудай менен адамдын ортосунда бир гана байланыш бар – бул ИШЕНИМ!

Профессор олтуруп калды.

Бул студенттин аты-жөнү Альберт Эйнштейн эле.

©БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Запись Студент жана профессор впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

🏻Эң жакшы аял деген – жөнөкөй,карапайм,ийкемдүү, сылык,уяттуу, илберинки,элпек,мээрман ак көңүл жакшы саналуу,назик жумшак мүнөз,боорукер,ак пейил,мулайым, сарамжал,тартиптүү иреттүү таза,мээнеткеч, эмгекчил,сырдаш,маектеш,күнөө кылбаган,арам жолго баспаган адамгерчиликтүү,тарбиялуу,түшүнүктүү,сабырдуу, сөз көтөрүмдүү,чарбакер,чынчыл, ишеништүү,баамчыл зирек, жайдары,ачык маанай,маңдайы жарык,кечиримдүү камкор,үнөмчүл,оокатка бүйрө,үйдө ыңгайлуулукту түзүүчү,балдарын жакшы көргөн,тартиптүү бекем,ар нерсеге шүгүр кылуучу,сылык -сыпа үй -бүлөгө камкор,жоош момун жароокер болот “-деп айтсак биринчи эле сиздин оюуңуз эмне келет эле ?
Албетте мындай аялдын өзү жок эгер болсо ойлонбой үйлөнмөкмүн “-деп жооп бермексиз.
Туура сиз ойлогондой бул сыппаттын баары бир аялда болушу мүмкүн эмес,кемчиликсиз адам,тикенексиз роза гүл болбойт.
А сиз өзүңүзгө суроо берип көрдүңүзбү? “Мен ушундай аялым болуш үчүн ага татыктуумунбу “-деп. Анткени жигиттердин көпчлүгү эмне деп коёт: “Апасы өппөгөн кызга” – үйлөнөм,таптаза ыймандуу депчи.
А өзүңө карап көрдүңбү бул жашоонун да таразасы бар, ким кандай болсо өзүнө жараша насибин алат.

📌 А эгер сен үзүлбөгөн, тепселбеген гүлдү алгың келсе, атасынын короосунда көгөргөн, үзүлбөгөн,эч соолубаган гүлдүн ээси болом десең,биринчи өзүң атасынын короосунда ыйманга суугарылган дыйкан болушуң керек.
Ошон үчүн кадамды өзүңдөн башта.Аллах Таалам эркек аялды бири -бири үчүн кийими сыяктуу жараткан соң өмүрүңдүн түбөлүк бакыт эшиктерин ачуу үчүн өзүң бейиштин кулпу болгун,жакшы аял аны ачкан ачкыч болсун. Анткени башка жакшы амалдар бейишке ачыкыч болгон сыяктуу жакшы аял да бейишке ачкыч,жолдонмо (билет) түбөлүк бактылуулуктун очогун өчүрбөгөн нур,үй-бүлөгө береке,кут алып келип Жараткандын мээримине бөлөнтөт!

Үйлөнмөкчү болушкандар биринчиден акылдуу, таза,
жана диндар аялды ыктыяр кылуулары керек. Себеби
такыба жана жакшы амалдарды кылуучу аял дүйнөнүн эң
артык байлыктарынан бири. Чындыгында, эркек киши
мына ушундай аялдын себебинен шыпыруу, бышыруу,
бычуу-тигүү сыяктуу иштерден арылып, илим алууга,
ибадат менен алек болууга убакыт табат. Ушул тараптан
салиха (жакшы амалдарды кылуучу), жакшы мүнөздүү
аял диний жана дүйнө иштеринде жардамчы болот..

📜Риваятта келгендей, азирети Муса алайхис саламдын
коому болгон бани Исраилден бир киши: “Жүз киши менен
кеңешмейинче үйлөнбөймүн”, деп убада кылат. Токсон
тогуз киши менен кеңешет да: “Эртең таңда жолумда
учураган биринчи кишинин кеңешине амал кыламын”,
дейт.
Эртеси биринчиден болуп жолуккан киши камышты
ат кылып минип алган бир дубана эле. Бул нерседен
жанагы киши өтө капа болот. Бирок түндө берген
убадасына туруп, ал дубанадан кеңеш сурамакчы болуп,ага жакын келет. Дубана болсо минип алган камыш атына
колун жаңсап:
“Жаныма жакындаба, атым тебет”, деп
кетүүгө ашыгат.
Бул киши: “Атыңды токтот, мага сенин
кеңешиң зарыл, мен үйлөнмөкчүмүн”, дейт.
Дубана бир аз
ойлонуп туруп:
“Билгин, аялдар үч түрдүү болот:
биринчиси сенин пайдаңа, экинчиси сенин зыяныңа,
үчүнчүсү болсо же сенин пайдаңа же зыяныңа”, дейт да
атынын башын буруп кете баштайт.
Ал дубананы
токтотуп:
“Айткандарыңды мага чечмелеп бер”, дейт.
Дубана ага мындай жооп кайтарат:

✔“Биринчи түрү
дегеним, бул бакира (жубан эмес) кыз. Себеби никеден соң
анын жүрөгү жана мээрим-махабаты артып, сага гана
байланат. Анткени ал сенден башка менен үлпөт жана
жакындык кылбаган.

✔Экинчи тайпа дегеним, балалуу
жесир аял. Ал сенин малыңды жейт, бирок мурдагы
күйөөсү үчүн көз жашын төгөт.

✔Үчүнчүсү, пайдаңа же
зыяныңа дегеним, бул мурдагы күйөөсүнөн перзенти
болбогон жубан. Эгерде сен мурдагы күйөөсүнөн
жакшыраак болсоң, сени дос тутат, кокус жаманыраак
болсоң, анда сага душман болушу мүмкүн”.
Дубананын жообунан айран-таң калган ал киши
минтип сураптыр:
“Сөздөрүң хикматтуу (мааниси терең),
бирок эмне үчүн кылгандарың дубанапейил?”.
Дубана
минтип жооп берет:
“Эй бурадар! Мени ары
жоопкерчиликтүү, ары акыретте жообу катуу жана оор
болгон казылык мансабына дайындашмакчы эле. Мен бул
оор жоопкерчиликти кабыл кылбоо максатында өзүмдү
дубаналыкка салдым жана андан кутулдум”.
..

👳Даанышмандар айтышкан: Үйлөнүүчүнүн болочоктогу
келинчеги өзүнөн төрт нерседе:
жашта, турпатта,
байлыкта, мансапта жана этибарда төмөн болгону оң…

Ал
эми төрт нерседе өзүнөн жогору болгону жакшы алар:
чырайда, адепте, мүнөздө жана такыбалыкта…

✔Демек сөзүбүздүн аягында эмне демекчибиз бактылуу үй-бүлө куруу үчүн аялбы,эркекби жар тандоодон жаңылбаш үчүн, өзүң да тандоодогу инсан болууң керек. …

👤Насиба Абдуллаева.

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2yzMeui
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись Жакшы аял бейиштин ачкычы впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

💰Эмгектин сыйы

🏻Айылда бир бай адам жашачу. Ал айланасындагы кедей-кембагалдарга көп жардам берчү. Ооругандардан кабар алып, жаш балдарга түрдүү белектерди тартуулоочу.Ошентсе да, кээ бир адамдар анын байлыгына жана жоомарттыгына ичи тардык кылышчу. Ошондой ичи тар адамдарга байлыкка жетүү үчүн эмгек кылуу зарыл экендигин айгинелеш үчүн бай адам бир иш жасады.Ал элден эрте туруп, айылды жарып өткөн жолдун дал ортосуна чоң ташты тоголотуп алып келип, анын алдына бир баштык алтынды бастырып койду. Анан үйүнө кирип, терезеден ташты аңдый баштады. Ташка биринчи болуп уй айдаган уйчуман келди. Ал жолдун дал ортосуна туруп калган ташка таңыркай карап, анын кантип бул жерге келип калганына түшүнбөй, айланып өтүп кетти. Бир аздан кийин эшегин кыдыңдатып дагы бирөө келди. “Жолду тосуп салган кандай акмак” деп сүйлөнүп, ал да айланып өтүп кетти. Ошентип адамдар биринин артынан бири келип жатты. Бирок, бирөө да аны алып салууну ойлогон жок. Баары бул ишти жасаган адамга ачууланып, сүйлөнгөн болуп өтүп жатышты. Күүгүм кирип, көз байланып калган учурда, колуна кетмен көтөргөн жаш жигит таш жанына келди. Ал башкалар сыяктуу ачууланган да, сүйлөнгөн да жок. Кетменин коё коюп, ташты жол жээгине чыгаруу үчүн тоголото баштады. Ташты тоголотуп жатып, анын алдында жаткан баштыкка көзү түштү. Алгач ташты жол жээгине жеткирип, анан баштыкты колуна алды. Караса баштык ичи толо алтын экен. Жигит бул баштыктын ээсин кантип табуунун айласын ойлой баштады. Бир аз ойлонуп, эртең менен эл намазга чогулганда жарыя кылууну туура тапты да, кетменин алып жолун улантты.Бул окуяны баштан аяк карап турган бай адам, жигитке ичинен ыраазы болду.

Эртеси адамдар мечитке чогулду. Намаз окулуп бүткөн соң, жигит элге кайрылып:

– Кечээ күнү бир идиште алтын таап алдым, ким анын ээси экенин далилдей алса, аны кайтарып берем, ал үчүн алтындын кандай идиште экенин айтуусу керек, – деди. Ошол учурда бай адам ордунан туруп:

-Бул менин алтыным, ал кайыш баштыкка салынган жана анын ичинде кагазга жазылган кат бар, – деди. Жигит коюнунан баштыкты алып чыгып, оозун ачты да, ичинен оролгон кагазды таап чыкты. Анда “Ким ушул ташты жол жээгине чыгарса, алтын ошонуку” деп жазылган экен. Жигит катты окугандан кийин, бай киши элге кайрылып:

– Байлык эч качан өзүнөн-өзү келбейт, ал үчүн жалкоолукту таштап, эмгекчил болуу керек. Бул алтындар сенин бир аз эмгегиңдин кайрымжысы – деди да, алтындарды жигитке тартуу кылды….

Жакшылык кылуу ,жакшылыктын ээси болуу үчүн эмгегиң,аракетиң болуусу керек. Жакшылык кылгандарды Жараткан эч качан кур калтырбайт.

“Ким адамдарга жаккысы келсе Аллах үчүн амал кылсын. Мына ошондо адамдар аны жакшы көрөт “Умар ибн Аль -Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) …

Сени жакшы көрөгөндөр бар деп кубанба, сен жакшы көрөгөн адамдар көп үчүн кубан. Анткени жакшы көрүнүш менен эмес жакшы көрүү менен жан дүйнөң бай,жүрөгүң сулуу,даражаң жогору болот….
Эч качан унутпаң бул дүйнө жакшы адамдар бар үчүн сулуу, тынч абалда,деңиз көтөрүлбөй,жер жарылбай,асман кулабай, күн өз нугунда батып кайра чыгууда! Өткөнчү өмүрдө жакшылардан болуп жашайлы!

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2yzMeui
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись ЭМГЕКТИН СЫЙЫ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Адамдагы эң коркунучтуу жана эң талуу тамыр бул «мен »деген текеберликтин тамыры. Дал ушул тамыр күч алган адам өтө оор күнөө иштерге ойлонбой бараары бышык. Чындыктын жанында болууга бей байлагандар текеберликтен арылуу менен гана чындыкка кызмат кыла алышат…

Пайгамбар ﷺ айтты:

«Текеберчилик бул – акыйкатты кабыл кылбоо жана адамдарды кемсинтүү» (Муслим, Абу Дауд).

Текеберлик – бул өзүн-өзү жогору сезүү, бой көтөрүү, бирөөнү төмөн көрүү. Өзгө адамдарды төмөн сезүү, маани бербөө, этибарга албоо, шылдың көз караш менен кароо сыяктуу терс туюмдар. Алланын алдында башка адамдарга салыштырмалуу өзүн жогору сезүү да текеберлик. Бүгүнкү күнү кеңири кулач жайган өтө коркунучтуу текеберликтин түрү – бул Алланын өкүмдөрүн этибарга албай төмөн көрүп, аларды кабылдоого демдин жетпеши.

Абу Зардын (ра) айтуусунда, Азирети Пайгамбарыбыз мындай деген:

«Үч тайпа адам бар. Кыямат күнү Алла Таала алар менен сүйлөшпөйт, назар салбайт жана аларды таза адамдардын катарына кошпойт. Алар үчүн жан чыдагыс азап даярдалган. Алар; кийими сүйрөлүп (жер чийип) бой көтөрүп баскан, жасаган жакшылыгын колко кылган жана жалган касам ичип соода мал-мүлкүн жогору баада сатууга аракет кылган адамдар» (Муслим, Иман, 171; Абу Дауд, Либас, 25; Ибни Мажа, Тижарат, 30)

Улуулук тек Аллага гана таандык. Ошондуктан мусулман баласы ар качан Алланын улуулугун, кудуреттүүлүгүн даңазалап турат. Мисалы, күнүмдүк беш маал намаз «Аллаху акбар!» (Алла улук!) деп Алланын улуулугун даңазалап айтуу менен башталат. Намаз акырында дагы Алла Таала даңазаланып тасбих айтылат. Курмандык жана ажылык ибадаттарында шайтанга таш ыргытууда болсун, Каабаны айланып таваф кылуу учурунда болсун, айтор, ар ибадатта Алланын улуулугу даңазаланат.

Куранда текеберликтен улам ыйманга келе албай, түбөлүк бактысынан ажыраган коомдордун окуялары жөнүндө маалымат берилет. Мына ошол коомдордун бири Самуд коому эле.

Куранда мисал катары берилген аяттарда текеберликтин айынан Иблис, Фараон жана Карун сыяктуу каапырлар пайгамбарлардын чакырыгына каршы чыгып, Алланын аяттарын четке кагып, пайгамбарды жана ага ишенген момундарды да төмөн көрүп, аларга күчүнүн жетишинче зордук-зомбулук, кордук көрсөтүп зыян келтирүүгө аракет жасоо, коомго бузукулуктун жайылышын көздөп, элди кол алдына алып, сүлүк курттай шимирүү, зулумдук кылуу каапыр коомчулуктарынын башындагы атка минерлеринин өзгөрбөс өзгөчөлүгү боло келген. Бул өңүттөн текеберлик мусулман баласына түк жарашпас жат жосун.

Алла Таала аяттарынын биринде:

«Аллах текебер адамдарды, албетте, жакшы көрбөйт!» (Нахл 23) деп буюрат.

Алла Таалага карата текеберлик Анын пайгамбарларына ишенбөө, Анын буйрук-жарлыктарын кабыл албоо таризинде да жүзөгө ашат. Алла Таала тарабынан түшүрүлгөн, эч бир өзгөрүүгө дуушар болбой бүгүнкү күнгө чейин нагызын толук кандуу сактап келген ыйык китеп – Куран. Куранды толугу менен Алланын ыйык китеби катары кабылдоо – ыймандын талабы.

Кээ бир динсиздер ыймандуулукту, намаз окууну, ибадат кылууну төмөн көрүп, артта калган «жарым жапайылык» сыяктуу кабылдап текеберленишет. Алла Таала:

«Текеберленип мага ибадат кылбагандар кор болуп тозокко киришет» (Гаафир сүрөсү, 60)


             «Тозок өзүн жогору сезгендер үчүн кандай гана жаман жер!» (Нахл сүрөсү, 29) дейт.

Адамдарга карата бой көтөрүүнүн түрдүү себептери бар. Алардын негизгилери төмөнкүлөр: илим, ибадат, ата-тек, сулуулук, күч-кубат, байлык, мансап. Азгырык каракүч адамдарды көпчүлүк учурда мына ушулар менен алдап, аңга түртөт. Чынында эле мунун баары тең адам баласына убактылуу сыноо үчүн ыроолонгон. Чыныгы жогорулук акыретте белгилүү болот.

Текеберлик илим чөйрөсүндөгү, бийликтеги адамдардан, байлардан айкын байкалат. Текеберликтин алдын алуу үчүн Алла Таала мусулмандарды кичи пейил болууга буйурган.

Текебер адам акыйкатты кабылдай албайт. Напсине баш ийгендиктен, ал (напси) кай жерге бурса, ошол жакка багыт алат. Текеберлик бар аң-сезимде акыл болбойт. Адамдарды төмөн көрүү, кек сактоо, жек көрүү, кызгануу, көрсөтмөлүүлүк сыяктуу терс сапаттар текеберликтин талаптары. Ошондуктан напсинин тизгинин колго алып, өзүбүздү-өзүбүз теске салып, керек болсо суракка тартып, Алланын ак жолуна бет алышыбыз кажет.

Запись Текебер адам акыйкатты кабылдай албайт впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Дем алууга чыккан мугалимдин ордуна бул сапар класска башка мугалим кирди. Ал сабакты баштагандан бир аз өтүп, окуучулардын бирине суроо узатты эле, балдар баары күлүп жиберишти. Окутуучу аларга таң калды. Ал окуучуларды сыдыра тиктеп, алар эмне үчүн мынчалык каткырып күлгөндөрүнүн сырын билди. Ага себеп, класста акылсыз, эч кимге кошула албаган «жаман» балага суроо берген экен. Сабак бүтүп, окуучулар сыртты көздөй жөнөшкөндө жанагы баланы өзүнө чакырды. Ал менен класста жалгыз калып, кагазга жазылган эки сап ырды берди да:
-Муну атыңды кандай жаттасаң, ошондой жаттап ал. Эч кимге айтпа,-деди.

Кийинки сабакта мугалим ошол эки катар ыр саптарын доскага жазды. Алардын маани-маңызын түшундүрдү, соң өчүрүп салып:
-Ким азыркы ыр саптарын жаттап калды?,-деген суроону узатты. Эч ким чурк этпеди. Класс ичин жымжырттык каптады. Бир гана баягы-баягы баары «экичи», «акылсыз» деп келекелеген бала акырын колун көтөрдү.

Мугалим да ушуну күтүп тургансып : -Жооп бер,-деди, акырын гана .
Жанагы бала ыр саптарын куюлуштуруп айтып берди. Маанисине да токтолду. Окутуучу аны көпкө чейин мактады.Башкалар да андан өрнөк алса жакшы болоорун айтты. Окуучулар классташынын мындай капысынан кол котөргөнүнө ишенип-ишенбей, таңыркап тиктеп турушту. Айрымдары анын үстүнөн күлүп жүргөндөрүнө кыжаалат да боло түшүштү. Мындай көрнүш бир нече жолу кайталанды. Класстагы окуучулардын ал балага болгон мамаилелери күн сайын өзгөрө баштады. «Экичи» аталган баланын жан дүйнөсү өзгөрүп, оң жагына оой баштады. Ал күн сайын сабактарынан жакшы бааларды алганга тырышаар эле. өзүнө болгон ишенич ансайын артып баратты. Алдыңкы окуучулардын катарына кошулганда өзүнүн акылсыз эмес экендигин аңдады. Окуучулар менен билим таймаштарына чыга ала турганына ишенди. Мектепти эң жакшы баалар менен бүтүрүп, жогорку окуу жайына окууга кирди. Аны аяктаган соң, магистратурада окуй баштады.Илимдин доктору болууну алдына максат койду.

Ал өзүнүн илимий эмгегинин аягында мугалимдер туурасында төмөнкүдөй ой-пикирин жазып койду:

«Мугалимдер эки тайпада болушат. Биринчилери жакшылыктын ачкычы болсо, экинчилери анын жапкычы. Биринчилери баланын шык-жөндөмүн аңдап, колунан жетелеп, алга карай үмүттөндүрөт. Окуучуга досундай ортоктош болуп, турмуш жолун салууга жардам берет. Талантын таптап, алга жылдырат.

Экинчилери болсо, өздөрүнүн туура эмес берген тарбиясы аркылуу окуучудагы эрктүүлүктү мокотот. Ишенимди жоготуп, үмүтсүздүккө жетелейт.Талантын өчүрүп, жоготуп жиберет. Жарыктыкта биринчи эмес экинчи мугалимдин колуна түшкөн канчалык инсандар бар.
Алар бүгүн деле жашоолорунда өздөрүн таппай жүрөт.

Жашоодогу эң чоң оомат- балалыкта мыкты окутуучунун колуна түшүү».

Которгон: Нуркамил АБДУЛЛАЕВ
атайын “Formula.kg” сайты үчүн!

Запись Экичи бала впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

🔹Зулкарнайын аскери менен жолдо келе жатып: ”Буттарыңарга илинген нерселерди жыйнай жүргүлө “-деп буйрук берет.
Аскерлери бул буйрукту уккан кезде ичтеринен бир бөлүгү :” Көп жүрдүк, катуу чарчадык. Түн ичиндебиз, ага кошо бутубузган тийген нерселерди жыйнап, дагы кыйналабызбы? Эч нерсе жыйнабайбыз”-деген чечимге келип, эч нерсе жыйнашпайт.
Экинчи бөлүгү :”Кол башчыбыз буйруган экен, амирине багынайлы, аз гана болсо да жыйнайлы. Анткени, кол башчыбызга моюн сунушубуз керек”-деп, аз гана жыйнашат.
Үчүнчү топ болсо : “Кол башчыбыз эч нерсени жөндөн-жөн буйрубайт. Милдеттүү түрдө (бир нерсени билип айтса керек) , буйругун аткарабыз”-деп каптарынын баарын толтурушат.
Таң аткан кезде бардык аскерлер түндөсү ‘алтын талаасынан’ өткөндөрүн түшүнүшөт.
Буттарына тийген нерселердин баары алтын экенин эч ким билген эмес экен. Ошондо, амирди укпай, эч нерсе албаган биринчи топ:” Кап! Неге албадык! Кол башчыбыздын сөзүн неге укпадык?! Эч болбогондо бирөөсүн алганыбызда эле?!” – деп өкүнүп калышты.
Экинчи топ өздөрүн сөгө башташты:”Кап! Бир аз дагы алышыбыз керек эле. Каптарыбызды, чөнтөктөрүбүздү оозуна чейин толтуруп алышыбыз керек эле…
Үчүнчү топ да өкүнүп :”Керексиз, пайдасыз нерселерибизди таштаганда, мындан да көп кылып жыйнайт элек”-дешти.

🌿Мына, ушул окуя сыяктуу Акыретте да бардык адамдар өкүнүшөт. Капыр болгон адам: “Эмнеге ыйман келтирбедим?! Ишенгенимде эч болбосо Тозокко түшсөм да, ыйманымдын аркасы менен соңунда баары бир Бейишке кирет элем. Түбөлүк Тозоктон кутулат элем?!! “-дешет.
Мусулман болгону менен сообу аз болгон адам: “Мындан да көп соопту иштерди жасашым керек эле. Мындан да көп нээматка калаар элем”-дешет.
Мусулман болуп, сообу көп болгон киши болсо:” Кап! Мындан да бийик даражаларга көтөрө турган ибаадат жасашым керек эле, көбүрөөк садака берип, көбүрөөк орозо тутуп, көбүрөөк сооп жыйнай турган амалдарды кылышым керек эле “-деп өкүнөт.
📖Аллах Таала Куранда:

“Бир дагы жан эртең эмне болоорун жана кайсы жерде өлөрүн билбейт. Чындыгында, Аллах – Билүүчү, Кабардар! “. (Лукман:34)

📖Жана Аллах Таала:

“Бардык жандар өлүм даамын (сөзсүз) татышат жана Кыямат Күнү ар бириңерге сыйлыгыңар толугу менен берилет. (Ошондо) ким Тозок отунан куткарылып, Бейишке киргизилген болсо, мына ошолор (чоң) ийгиликке жетет. Дүйнө жашоосу – (убактылуу) пайдаларга азгырылуудан башка эч нерсе эмес!”. (Али Имран:185)

🏻Чындыгында, ар бир жан ээси өлүм даамын татуучу! Адамдар айланасына көз чаптырсынчы! Кечээ эле ата-энесинен же дагы бир тууганынан же кошунасынан ажырап, аны өз көзү менен көрбөдү беле?! Өзү ошол адамдын жаназасына турбады беле?! Адамдарга өлүм жөнүндө эскертип айтсаң: “Жөн олтурчу! Каяктагы жамандыкты сүйлөбөй!”- дешет. Өлүм – жамандык эмес! Өлүм – чындык менен жалганды ажыратуучу нерсе! Жашоо – таттуу! Ошол үчүн адамдар жашоону жакшы көрүшөт. А өлүм – ачуу (нерсе;чындык)! Ошондуктан адамдар коркушат! Эртең берчү сурагынан эмес же эми жакшы иштерди кылып, сооп ала албай калуудар эмес, балким, бул жашоодо аз жашап, дүйнө – мүлктөрүнөн ажыроодон коркот!
❗Эй, тууганым! Айланаңды карачы! Өсүмдүктөр соолуп, жок болуп жатат! Жаныбарлар да өлүп жатат! Адамдар да өлүп жатат! Бул нерсени сен жөнөкөй гана сезимдер менен кабыл алба! Эртеңки Аллах алдында жооп берүүчү күнүңдү ойло! Аллах Таала сага берген жарык күндү, сага берген 24саат убакытты эмнеге короттуң деген суроосуна жооп бере аламбы деген коркуу сезимдери менен кабыл алып, акыретиңе азык топто! Сен кайсыл жерде, канча жашыңда өлөрүңдү билбейсиң! Кайсыл бир күнү өлүм келген кезде ал мүнөттөрдү артка кайтара албайсың!
📖 Бул жөнүндө Аллах Таала:

“Ал эми алардын мөөнөтү келгенде (б.а. ажалы жеткенде), алар (өз) ажалдарын бир саатка кечиктире да, илгерилете да алышпайт”. (Нахл:61)

🔹Өлүм – ар бир тирүү жанга эскертүү! Кандай эскертүү? Сен дагы бир күн бул дүйнөдөн өтөсүң. Сен да Аллахка кайтып баруучусуң. Өлүмдү эстөө – жамандык эмес! Кайра ал сен үчүн жакшылык! Кандай жакшылык бар өлүмдө? Ал сага сенин өлүмүңдү эскертип турат. Күнөө иштериңден тыйып, соопту амалдарды жасап калууңа жардам берет! Бул тууралуу бир икая айтайын:

📜Дауд (а.с.) пайгамбар аябай күчтүү жана кызганчаак болгон. Ал өз үйүндө жоочун бирөөнү көрүп калса, аябай ачууланчу. Жана анын үйүнө өзү каалаган адамдардан башка эч ким кире алчу эмес. Бир күнү сырттан келсе короосунда бирөөнү көрөт. Аябай ачууланып: “Эй, сен кимсиң? Менин короомо кимден уруксат сурап кирдиң? “-деп сурайт. Жанагы киши: “Биз эч кимден уруксат сурабай келебиз “-деп жооп берет. Дауд (а.с) пайгамбар бул киши Азреил(өлүм периштеси) (а.с.) экенин билет да: “Менин өлүм даамын тата турган күнүм келдиби? “-деп сурайт. Азреил (а.с.): “Ооба “-деп жооп берет. Ошондо Дауд (а.с.) пайгамбар: “Эмнеге мага алдын эскертүү берилген жок? “-дейт. Азреил (а.с.):
-Биз сага эскертүү бердик..
-Кантип? Мага эч кандай эскертүү берилбеди го?
-Сенин баланча акең кайда?-деп сурайт Азреил (а.с)
-Ал өлгөн..
-Сенин баланча эжең кайда?
-Ал да өлгөн…
-Сенин баланча кошунаң кайда?
-Ал да өлгөн..
-Мына ошолор сага эскертүү болчу -деп жооп берип, анын жанын алды…

🍃Мынакей, тууганым. Бизге ар бир нерсе өзүнчө эскертүү, сабак, үлгү! Биз өзүбүзчө келечекке чоң -чоң максаттарды коюп, үмүт кылабыз ээ? Бирок, ошол эле учурда өлүмдү да унутпоо керек.
✨ Пайгамбарыбыз (с.а.у.) тамак ичип жатканда да: “Ушул нерсе ашказаныма жетээр бекен же ага жетпей жан таслим болоор бекем? “-деп, же басып бара жатканда да: “Бул менин акыркы кадамдарым эмес бекен? “-деп ар мүнөт сайын өлүмдү эстеп тураар эле.
Кокустан кырсык болуп, өлүм келип калуусу мүмкүн. Эч ким эртең эмне болушун билбейт жана кепилдик да бере албайт!

📜Анастын (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат:
“(Бир жолу Аллахтын Элчиси (с.а.у.) сызыктарды сызды да, мынтир айтты: “Бул адамдын үмүтү, а бул болсо анын ажалы, ал мына ушундай (чоң үмүттүү) абалда турган кезинде ага күтүүсүздөн мобул жакын турган (кырсык) сызык келип кошулат!”. (ал -Бухари)

√Бул хадисте айтылгандай Аллахтын Элчиси (с.а.у.) чийген сызыктарындагы турмуштук оош-кыйыштарды көрсөткөн жана өмүр сызыгына каптал тараптан келип кошулган (кырсык) сызыгы тууралуу айтылууда. Т.а. бул жерде адам өмүрүнүн эң акыркы окуясы болуп кала турган сызык жөнүндө айтылууда…

•Ар дайым өлүмдү эстеп, акыретине даярданган адам акылдуу адам. Анткени, ал түбөлүктүү жашоосуна кам көрүп, даярданат.
📜Өлүмдү эстеп туруу жөнүндө Пайгамбарыбыз (с.а.у.):

“Ырахаттарды кесип салуучу (өлүм) тууралуу көбүрөөк эстегиле!” (Бул хадисти ат -Тирмизи келтирип: “Жакшы хадис “деп атаган)

🏻Ошондуктан, ар дайым өлүмдү эстеп турууну унутпаңыз! Өсүмдүктүн соолушун карап, өзүңүздүн өлүмүңүздү эстеңиз, идиштин сынганыр көрүп, өлүмдү эстеңиз, жаныбарлардын өлгөнүн көрүп, өлүмдү эстеңиз, адамдардын жаназасына туруп жатканда, өлүм тууралуу көп ойлонуңуз. Кабырстанга барганда өлүмдү көп эстеңиз. Бул эскертүү болот. А эскертүү өтө жакшы нерсе!
Ойлобоңуз карыганда гана өлөм деп. “Намаз окуйсуңбу?”- десе, “Ниет кылып жатам.. буйруса пенсияга чыкканда “-дешет. Ким кепил болот эртеңки эмес 5мүнөттөн кийин эмне болушуна? Кабырстанга барыңызчы?! Бир жашында, үч айлыгында, 14; 20; 25; 40; 43; 50 жаштарында көз жумгандарды көрөсүз. Булар жаш эле го?! Өлүм аларды жаш экенине карабай жандарын алды! Бул нерселер сиз үчүн эскертүү болсун! Билиңиз, ар бир жан ээси өлүм даамын татуучу! Кайсыл күнү болсо
ошондо …!

👤Нуриза Кармышакова.

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2yzMeui
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись Өлүм сенин жаштыгыңа карабайт впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Падыша бир күнү вазири менен элдин абалы менен таанышып келгени чыгат. Ошентип падыша кара атына, вазир болсо ак атына минип жөнөшөт. Жолдо баратып балыкчыга жолугуп калышат. Ал киши аябай каарып калыптыр, кийимдери да эскирген. Падыша менен вазири жетипкелген учурда торун жыйнап жатыптыр.
Падыша вазирине “жүр тиги балыкчыга” деп ага жакындап келишет да аттарынан түшпөй эле падыша суроо узатат.
-Алыс кандай болуп калды?
-Жакын болуп калды.
-Жамаат кандай?
-Чачыранды.
-Экөө кандай?
-Үчөө болуп калды.
-Эй балыкчы, арзанга сатпагын.
-Осуятыңыз жерде калбайт.
Падыша балыкчынын жоопторуна аябай раазы болуп, вазири менен сарайга кайтты. Падыша вазиринен:
Эй вазир, балыкчы менен эмнени сүйлөшкөнүбүздү түшүндүңбү? Вазир жылмайып:
Жок падышам сиздердин сүйлөшкөнүңүздөрдүн бирин да түшүнө албай койдум. Падыша каарданып:
-Кечке чейин биздин ортобуздагы сүйлөшүүнүн маңызын айтпасаң мындан ары вазирим болбойсуң.
Вазир ак атын минип шашкан бойдон балыкчыны көздөй жөнөдү. Балыкчыга жетип барса ал үйүнө кайтканы даярданып жатыптыр. Шашкалактаган вазир:
-Ой балыкчы токтой тур. Падыша менен эмнени сүйлөштүңөр эле?
-Сенин сураганың кымбат турат.
-Мен эмне сурасаң берем, жообун айтспң болду.
-Анын баасы сенин ак атың.
-Макул, эгер жандырмакты айтсаң ат сеники болот.
-Падыша алыстык жөнүндө сурады сен “жакындап калды” дедиң. Ал эмнеси?
-“Ал көрүүмдү сурады. Көз алдан тайды, узакты көралбай калдым” дедим.
-Падыша жамаат жөнүндө сураганда чачыранды болуп калды дедиң, аның эмнеси?
-Ал тиштеримди сурады. Мен көбү ар кайсы жеринде калды дедим.
-Падыша экөө жөнүндө сураганда үчөө болуп калды дедиң. Мунуң кандай?
-Каарыган учуруңда буттарың кандай болуп калды деди. Мен үчөө болуп калды дедим. Ал менин эки бутум жана таягым. Көрүп турганыңдай таяк таянып калдым.
-Падыша сөзүнүн аягында арзан сатпа деди ал жөнүндө сураса эмне деймин.
-Ал сенин айткандарыңды аткарыптыр деп айтып бар. Ал арзан сатпа дегени сөзүңдү арзан сатпа дегени. Ордуна ушул сонун атты алып жатам деди.
Вазир бир каткырып алды да: “Ал мына бул атты, мындан ары бул ак ат сеники” деди да сүйүнгөн бойдон сарайды көздөй бет алды.

Запись ДААНЫШМАН КАРЫЯ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

وَلاَ تَقْتُلُواْ أَنفُسَكُمْ إِنَّ اللّهَ كَانَ بِكُمْ رَحِيمًا
Өзүңөрдү өзүңөр өлтүрбөгүлө! Акыйкатта, Алла силерге Мээримдүү. Ниса 29

Чылым чегүү- бул сойкулук,адам өлтүрүү,баңги зат катары чөң күнөөлөрдүн катарына кирет.Тамеки тартуу медицина кызматкерлеринин айтуусу боюнча адамдардын өлүмүнө себеп болчу рак ооруларынын булагы болуп саналат.Жүрөк,өпкө,тамак- аш сиңирүү органдары,ооз,кекиртек,тиш жана башка органдарга зыян болуп эсептелет.
Биз үчүн дене,жан Алла тарабынан берилген чоң белек,ошондуктан өзүңө атайын зыян жеткирсең күнөөкөр болосуң.Эгер чылым себептүү рак болуп өлсө, өзүн өзү өлтүргөндөй күнөөгө батат.Чылым чеккенде адам Алланы унутат.

📌Тамекинин айланага,үй -бүлөгө,бала -чакага, үй -бүлө каржылоосуна келтирген зыяны!

✔Тамекинин 15% зыянын гана тарткан адам ичине жутат, ал эми калган 85% зыяны түтүн аркылуу сырттагы таза адамдарга кетет. Ошондуктан тамеки тарткан адамдардын балдары башкалардан 4-5 эсе көбүрөөк ооруйт.Тамеки тарткан адамдын көбүнчө үй-бүлө,бала-чакасы көбүрөөк зыян тартат. Тамекинин өзүндө төрт миңге жакын зыяндуу заттар бар болсо, анын беш жүзгө жакыны чыккан түтүнү аркылуу зыян жеткирет. Ошондуктан айрыкча жаш балдар жабыркайт,анткени алар чоңдорго караганда эки эсе ылдамыраак дем алат. Тамекинин түтүнү өйдө көтөрүлгөндүктөн, көрүү да начарлайт. Тамекинин зыяны дароо билинбейт,бирок акырындап отуруп, ал айыкпас дартка айланат. Балдардын да өлүмүнүн 40% ушул себептен болот. Тамеки тарткан адам өз балдарына жаман үлгү болуп, келечекте балдары да анын жолун жолдойт.Эгер бир адам күн сайын орточо эсеп менен отуз сомго тамеки тарта турган болсо, айына тогуз жүз сомдон коротот,ал эми бир жылда он миң сегиз жүз сомду ороп-ороп түтүнгө айлантат экен.Аттиң, ошол эле акчаны балдардын кийимине,тамагына ,илим-билим алуусуна(мектептеги жетишпеген китептерин алып берсе) сарптаса кандай жакшы болоор эле!!!

📌Тамекинин ден -соолукка,өмүргө,келечекке болгон зыяны!

✔Ар бир тарткан тамеки жүрөктүн согушуна доо кетирет. Мурунку убакта картайгандар гана жүрөк оорусуна чалдыккан болсо,азыркы убакта
35-40 жашка чейинки жүрөк ооруган адамдардын көбү тамеки тарткандар болуп эсептелет.
Жүрөктүн согуусу тездейт.
Жүрөк жана кан тамырлар; инфарк,инсульт оорусуна себеп болот.
Атеросклероз, кан басымынын жогорулашына алып келет.
Мээде кан уюп калуусуна алып келет.
Тамеки эң биринчи кезекте өпкөнүн рак оорусуна алып келет.Өпкөнүн рак оорусуна кабылгандардын 90 пайызын тамеки чеккендер түзөт.
Бир адам өпкөдөн рак болуп каза болгон адамдын операциясына катышканын айткан.Ал адамдын өпкөсүн бүт капкара ыйлаакча каптап калган.Аны сыйрыганда суу болуп агып,анын ичинде адам дем ала турган өпкөдөгү түтүкчөлөр бекилип калган.Өпкөнүн ошончолук жаман деңгеелге жетүүсүнө ал адамдын өмүр бою тамеки тартуусу себеп болгон. Жогорудагы сүрөттө тамеки тарткан адам менен тартпаган адамдын өпкөсүнүн айрымасы берилди.
Эске тутууну начарлатат.
Көз оорулары, карыганда сокурлукка себеп болот.

📌Тамекинин аялзаты,кош бойлуу аялдарга,балага болгон зыяны!

✔Эгер кош бойлуу аял тамеки тартса, курсактагы баланын жүрөк согушу тездейт,аракети кыймылы азайат.Кан аркылуу барган кислород азайып, баланын салмагы да азаят. Тамеки тартпаган аялдын баласынан 250-300 граммга чейин айырмаланат.Аборт жана өлүм коркунучун алып келиши мүмкүн.Ошондой эле бала убагына жетпей салмагы аз,иммунитети күчсүз жана кем акыл, майып, мунжу болуп төрөлүүсүнө тамеки түздөн түз таасир этет.Ал эми эмчек эмизген эне тамеки тартса, тамекинин курамындагы уулуу заттардын баары балага өтөт.Демек бул укум тукумдун,генефонддун бузулушуна алып келет. Акыры барып маңкурттукка алып барат. Ошол себептүү врачтар кош бойлуу жана сүт эмизген энелерди өзгөчө тамекиден оолак болуусун эскертишет. Тамекинин курамындагы кээ бир заттар сүттүн курамындагы майда тез ээригендиктен, эненин сүтүнө таасири чоң. Ошондуктан никотин канга караганда сүттө үч эсе көбүрөөк экендиги келет.далилденген.Демек эмчек эмген бала ар бир сүт эмгенде зыянды кошо эмет.

📌Алла Таала Куранда мындай дейт:
وَلاَ تُسْرِفُواْ إِنَّهُ لاَ يُحِبُّ الْمُسْرِفِينَ
“Ысырапчылык кылбагыла! Албетте Алла Таала ысырапкорлорду жакшы көрбөйт.” (Аньаам 141)📘

📌Тамекинин коомубузга,элибизге келтирген зыяны!

✔Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматына таянсак, дүйнө жүзүндө тамекинин залалынан жылына 5 миллиондон ашык адам өлсө, ал эми кичинекей Кыргызстанда жылына 10 миңден ашык адам тамеки чегүүдөн пайда болгон жүрөк, инсульт,инфаркт,кан тамыр, рак жана башка оорулардын кесепетинен көз жумушат.
Кыргызстанда 291 миң үйбүлө же жалпы жонунан 1 млн. 333 миң адам жакыр жана эң жакыр деңгээлде жашашат. Жакырчылык менен аракечтик дайыма ээрчишип чогуу жүрөт. Социологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, жакыр деген үй-бүлө жыл сайын арак менен тамекиге 17 миңден 25 миңге чейин (орто эсеп менен) акча каражатын сарпташат. Бул үй-бүлөлүк бюджеттен кеткен чыгымды 291 миңге көбөйтсөк, ошондо канча деген акчаны эч пайдасыз арам нерселерге жумшап жатканыбызды билебиз.

🙌🏻Урматтуу мусулман бир тууганым!!!

📌 -Эгер сен тамекини адал деп эсептесең, анда эмне үчүн башка тамактарга окшоп бисмилла деп баштабайсың?

📌-Эгер сен тамекини адал деп эсептесең, анда эмне үчүн башка тамактарга окшоп бүткөндөн кийин алхамду лиллах деп айтпайсың?

📌- Эгер сен тамекини адал деп эсептесең, анда эмне үчүн тамекинин калдыгын бут кийимиң менен тебелеп саласың?

📌 -Эгер сен тамекини адал деп эсептесең, эмне үчүн ата энеңдин жанында тартып отура бербейсиң.

📌 -Эгер сен тамекини адал, пайдалуу деп эсептесең, эмне үчүн балдарыңа,аялыңа,кыздарыңа үйрөтпөйсүң? Тарткыла деп насаат айтпайсың? Тамеки тартуу эң чоң балее, апаат болуп эсептелет.

🔗Момун мусулманга бул балееден кутулууда Кураан, сүннөт жетиштүү болот.Демек ИСЛАМ гана адамзатты жакшылыкка, бактылуулукка чакырат. Ушул маалыматтардан кийин тамекинин эмне үчүн арам экендиги сага түшүнүктүү болгондур бир тууганым!

Запись Эмне үчүн тамеки тартуу арам? впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.