Halloween party ideas 2015

📌Бир жолу Абу Муса Пайгамбарга (С.А.В) кайрылып:

«Оо, Аллахтын элчиси! Кандай мусулман жакшыраак»? – деп сурады.

Пайгамбар: (С.А.В)

– «Башка мусулмандар анын тилинен жана колунан зыян тартпаган адам» – деп жооп берди. (Бухарий)📚.

Ибн Умар риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)

📌 «Аллахты эскерүүсүз сөздү көбөйтпөгүлө. Чындыгында Аллахты эскербей көп сүйлөө жүрөктү карартат. Эгер адамдар Аллахтан алыстаса жүрөгү таш боор болуп калат» – деген. (Тирмизий)📚.

Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)

📌«Кимде-ким, эки жаагынын жана эки бутунун ортосундагы мүчөлөрүн Аллах ыраазылыгы үчүн күнөөдөн сактаса, ал бейишке кирет» – деген. (Тирмизий)📚.

Ошондой эле Пайгамбарыбыз (С.А.В) айткан:

📌 «Эгерде пенде Аллахты ыраазы кылуучу сөздөрдү сүйлөсө, Аллах анын даражасын көтөрүп, балээден сактайт. Эгерде Аллахты каарданткан сөздөрдү сүйлөсө, анда балээге кабылып, тозокко түшүрүлөт». (Бухарий)📚.

Мусулман пенде, эч кимге каргыш айтпайт жана доомат кылбайт. Ибну Масьуд риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)

📌«Аллага ыйман келтирген адам каралоочу болбойт, каргыш айтпайт, адепсиздик жана уятсыздык кылбайт» – деген. (Тирмизий)📚.

📌Абу Дарда риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)

– “Ким башка бирөөнү каргаса, ошол каргышы асманга көтөрүлөт, ага асман эшиктери жабылат да кайра жерге түшөт. Жердин да эшиктери жабылат. Оңго карайт, солго карайт жана наалат кылынган кишиге барат. Эгер ал ошого татыктуу эмес болсо, айткан кишинин өзүнө кайтат» – деген. (Абу Дауд)📚.

Мусулман пенде жалган сүйлөбөйт, керексиз талашыптартышпайт.
📌Абу Умама Аль-Баахилий риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В):

🔗“Сөзү акыйкат болсо да талашып-тартышууну таштаган адамга бейиштин четинен үй курулат. Тамаша болсо дагы жалган сүйлөбөгөн адамга бейиштин ортосунан үй курулат. Ал эми, жакшы кулк-мүнөз ээсине бейиштин төрүңөн үй курулат» – деп айткан. (Абу Дауд)📚.

Биз дагы мусулманбыз. Аллахтын китеби жана Пайгамбардын (С.А.В) сүннөтү сыяктуу байлыктар бизге да тиешелүү. Бирок, эң өкүнүчтүүсү, кыйбат-ушак, талаш-тартыш, каргыш жана тилдөө, жалган айтуу жана уятсыз сөздөрдү сүйлөөдөн өзүбүздү тыя албай келебиз.
Адамдардын бүгүнкү абалына көз жүгүртсөк каргыш сөзүнүн көп жайылганына таң калабыз. Каргыш айтуучу адам каргышы менен өзүнүн мүмкүнчүлүгүн чечип алам деп ойлойт. Ошондой эле башкаларды күлдүрүү үчүн жалган тамашаларды ойлоп чыгаргандар да бар.

📌Бахз Ибну Хакимдин чоң атасы риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В) айткан:

– “Адамдарды күлдүрүү үчүн жалган айткан адамга тозок болсун”!📚.

Кээ бир адамдар үйүндө, чогулуштарда, ишинде бирөөлөрдү жамандап же мактап бекер олтурушат. Сүйлөшүүдө Аллах Тааланы эстөө, Кураан окуу, Пайгамбардын (С.А.В) сүннөттөрүн үйрөнүү, жакшы адамдардын өмүр баянын окуу болсо гана дүйнөдө жана акыретте пайда берет. Ошондуктан пайдасыз ашыкча сөздөрдөн алыс болуп, пайдалуу иштер менен алек болуу керек. Пайгамбарыбыз (С.А.В) унчукпаса ойлонуп, сүйлөсө зикир кылчу.

©Устаз Абдишүкүр ажы Нарматов

Запись “Адамдарды күлдүрүү үчүн жалган айткан адамга тозок болсун”! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.