Halloween party ideas 2015

🏻”Оо,Аллахым! Акыркы жана акыбетимди кайырлуу кылгын! Акыркы демимди тилемде “ыйман калимасын “айтууну,дене -мүчөм таза абалда,жүрөгүм ыйманда,жан дүйнөм нурга толгон кураным менен ,кулчулук кылган бешенем саждада беш убак намазым менен өтүүнү насип кыл! ” -деп ар намазда ар бирибиздин кылган дубаларыбыздын бири ушул болсо керек. Анткени мусулман пендесинин ушул калима менен ” “Ла илаха иллаллах Мухаммадур росулуллах” деген сөз. Мааниси – Аллаху таала жалгыз, шериги, окшошу жок. Мухаммед алейхи салам – Анын сүйүктүү кулу жана Пайгамбары. ” -деп тил менен айтып жүрөк менен тастыктап Аллахка жүрөктөрдү байлайт. Бирок бул сыноо жашоодо бизнесмен болсун,илимдүү болсун,бай болсун, кедей болсун,атактуу, жаш -каары болсун, окмушту болсун, арак кор,ууру,кылымышкер болсун анын акыркы деминде (аныграагы Жаратканга жолугаар кези) эң маанилүү минут,секунттардан болуп эсептелет. Ошол кез кимгедир “ыйман “калимасын айтуу насип кылса кимгедир насип кылбайт. Өмүр жолу өлүм эшиктерин “ыйман “калимасы менен ачкан инсандар өлүм ырахатын татып, кабырда сурагы жеңил болуп,кыяматка чейин бейиштин жытына бөлөнүп жатат.
Ал эми өлүм эшигин “ыйман “калимасы менен ачуу насип кылбаган инсандар өлүм жазасы кабырга чейин эле башталат,бул эң өкүнүчтөрдүн өкүнүчү. Анткени аалымдардын айтуусунда ар бир жан ээси:
“Эй, Ырайымдуу Раббим жана эй, Жоомарт Жаратуучум!
Мен туура эмес тандоом аркылуу өмүрүм менен жаштыгымды текке кетирдим…
Ошол өмүр менен жаштыктын мөмөлөрүнөн кайгы берүүчү күнөөлөр, кордук берүүчү кайгылар жана адаштыруучу күмөндөр гана колумда калды.
Эми бул оор жүк, оорулуу жүрөк жана кабатырланган жүзүм менен кабырга жакындашып баратам.
Көз алдымда көрүп туруп өтө тездик менен зымырап, оңго-солго карабастан, эрксиз түрдө көзү өтүп кеткен сүйүктүүлөрүм менен тууган-уруктарым сыяктуу мүрзөнүн босогосун көздөй жанашып келе жатам.
Ал мүрзө – бул убактылуу жерден түбөлүктүү ажыроо менен түбөлүктүүлүк жолуна курулган жана ачылган эң алгачкы турак жай жана эң биринчи босого. Мына ушул бекем байланып алган жана ашык болгон бул жалган дүйнөнүн жаратылгандыгын, өтүп кетээрин, убактылуу экенин жана өлөөрүн ачык-айкын түшүндүм.
Көрүп, күбө болуп турган бардык макулуктар дагы бири-биринин артынан топ-топ болуп көчүп кетип баратышат, жок болуп жатышат.
Өзгөчө, мен сыяктуу напси аммареси барларга бул дүйнө абдан мыкаачы жана алдамчы болот.
Бир жолу ырахат берсе, миң жолу азап чектирет. Бир жүзүм берсе, жүз жолу шапалак урат.

” Эй, Ырайымдуу Раббим жана эй, Жоомарт Жаратуучум! «Бардык келүүчү нерселер жакын» эрежеси боюнча, мен азыртадан эле көрүп жатамын: Жакынкы бир мезгилде мен кепинимди кийдим, табытыма жаттым жана досторум менен коштоштум.
Кабырыма жүз буруп кирип жатып, Сенин ырайым босогоңдо жаназамын «абал тили» менен, рухумдун өз тили менен мынтип бакырдым:
«Жардам бер! Жардам бер! Йаа Ханнан! Йаа Маннан! Мени күнөөлөрүмүн кыжаалатчылыгынан куткар».
Мынакей, кабырымын башына келдим, мойнума кепиними асып кабырымдын башында сулайып жаткан денемин үстүнө токтодум, башымы Аллахтын ырайымына көтөрүп, болгон күчүм менен бакырып жалбарамын:
«Жардам бер! Жардам бер! Йаа Ханнан! Йаа Маннан! Мени күнөөлөрүмүн оор жүктөрүнөн куткар…»

Мынакей кабырыма кирдим, кепиниме оролдум. Жаназамды алып келгендер мени жалгыз таштап кетишти. Сенин ырайымың менен кечиримиңди чыдамсыздык менен күтүп жатам.Мына ошентип: «Сенден башка куткаруучу жок. Күнөөлөрүмүн жийиркеничтүү жүзүнөн жана ошол мекендин тардыгынан бардык күчүм менен Сага жалбарынып:
«Жардам бер! Жардам бер! Йаа Рахман! Йаа Ханнан! Йаа Маннан! Йаа Даййан! Мени жийиркеничтүү күнөөлөрүмүн мага дос болуп келүүлөрүнөн куткар, жаткан жерими кеңейт. Аллахым! Сенин ырайымың – менин куткаруучум. Ааламдарга ырайым кылып жөнөтүлгөн Хабибиң, б.а. сүйүктүү пайгамбарың – (САВ) Сенин ырайымыңа жетиштире турган себепчибиз. Сени эмес өз напсимди күнөөлөп, Сага арызданамын» – деп айтышат.
Бирок кеч болуп калышы мүмкүн! Ошон үчүн жүрөгүң, тилиң “ыйман “калимасына нымдалып жүрүүсү үчүн ар бир амалың да,кадымың да,намазың да,кураның да,деги эле жашооңдогу Алланын буйурктарын аткарууң да жүрөгүңдү тыңшап жүр! Анткени Аллах сенин байлыгыңа,бийлигиңе, кийген кийимиңе,сулуулугуңа,үй жайыңа,катар -катар унаңа карабайт, бир гана сенин чын жүрөктөн, чын ыкластан, ниетиңдин түздүгү менен гана Жараткандын алдына кечиримине,ырайымына бөлөнүү менен “ыйман “калимасын айтуу насип кылат …

Ооба бир тууганым! Өлүм деген ушундай ачуу, анын таттуу мөмөсүн татуу үчүн бир гана сенин бул дүйнөдө кылган жакшы амалдарың гана жардам бере алат. Өлүм жөнүндө көөп угабыз,көөп эскертүү алабыз,күндө эле жаназага катышабыз,кабырына жеткизип көөмүп кайтабыз! Бирок ал өткөн инсандын акбалы кандай болуп жатат?Сурагы кандай болуп жатат?Ыйманы менен кеттиби? Жокбу бизди анча деле ойлондурбайт. Балким биздин жүрөктөр катып дагы эле уйкудадыр. Көөп өлүмдөрдү көрдүк жүзүндө жылмаюу менен аппак, нурлуу Алланын ырайымына бөлөнгөн инсандарды. Көөп өлүмдү көрдүк жүзү капкара болуп,кабырына жетпей жатып Алланын азабына калган инсандарды. Кабырына койгондо да кабыр кабыл албаганын. Бул акыйкатты көрүп билип туруп өлүмдү эстөөбө биз үчүн өтө өкүнүчтөрдөн болуп эсептелет!
Ошон үчүн бир тууганым кеч боло электе Аллахка кайт!
Алланын жолуна түш! Аллахка жакын бол!
Ниетиңди оңдо,жүрөгүңдү түздө, ыйманыңды өлүмдү эстөө менен жаңылап тур!
Тилиңди,жүрөгүңдү ““Ла илаха иллаллах Мухаммадур росулуллох” калимасы менен дайым нымдап жүр!

📌 Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай дейт: “- Кимде ким Калима-и таухидди(ыйман келмесин) айтса, Аллаху таала менен ошол калменин ортосундагы парда көтөрүлүп, сөзсүз Аллаху таалага жетип барат. Аллаху таала:
“Эй, калима, токто!” – деп буюрат. Ал эми калима болсо: “Мени айткан адам Сенин рахматыңа, кечиримиңе ээ болмоюнча токтой албаймын, – деп айтат. Ошондо Аллаху таала айтат:
– Улуулугумдун, кудуретимдин, кемелдигимдин акысы үчүн Мени зикир кылган (эсине алган) кулумду кечирдим…📚

📌Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхи салам мындай деп айтты: “Кимде ким чын жүрөктөн, чын ыкылас менен бир жолу Калима-и таухидди (ыйман келмесин) айтса, Аллаху таала ага Бейиште төрт миң даража берип, төрт миң күнөөсүн кечирет”.
Сахабалар: “Эй, Расулуллах! Анын төрт миң күнөөсү жок болсочу?” – деп сурашканда:
“Жубайынын, бала-бакырасын жана туугандарынын күнөөлөрүн кечирет”, – деп жооп берди….📚

🙌🏻Аллах Таалам баарыбызды укканыбызга,окуганыбызга,көргөнүбүзгө амал кылуучулардан кылып,жакшылар менен бирге жүрүп,жакшылардын айткан насааттарын угуп,жакшылардын артында өтүүнү, акыркы демибиз “ыйман “калимасы менен Жаратканга жолуугуну насип кылган болсун! Амиин!Асслааму алайкум ва рахматул-Лохи ва барактуху!

👤Насиба Абдуллаева.

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2yzMeui
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись АКЫРКЫ ДЕМИҢ “ЫЙМАН “КАЛИМАСЫ МЕНЕН ӨТҮҮНҮ КААЛАЙТ БЕЛЕҢ?! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.