Halloween party ideas 2015

Өзүм Виржиня штатынын чакан шаарынан болом. Үй-бүлөм – өтө диндар адамдар. Шаарыбызда баары христиан динин тутунушат. Баарыбыз чогуу чиркөөгө барып сыйынат элек. Мен ислам тууралуу алгач сентябрдагы террактан кийин уккам. Анда 5-класста окучумун. Ошондо, эсимде, класска директор кирип келип, Нью-Йоркто эмне болгонун айтып берген. Мен анда директорубуздун айткандарынан көп нерселерди түшүнгөн жокмун. Бирок күн сайын мусулмандар тууралуу өтө негативдүү сөздөрдү уга баштадым. Шаарыбыздагылардын баары июнь окуясы тууралуу сөз кылышып, телевизордон террористерди тынбай көрсөтүп жатышты. Мен эчтеке түшүнгөн жокмун. Биздин мектепте диндер тууралуу сабак болбогондуктан, ислам мага карангы бир токойдой эле. Андыктан, интернеттен ислам тууралуу маалыматтарды издей баштадым. Интернет мага “ислам бул – терроризм, мусулмандар өз өлкөлөрүнөн чыкпашы керек” деген маалыматтарды чыгарып жатты. Исламга байланышкан нерселердин баары – негатив эле. Менин ошондо бул дин тууралуу кыпындай да маалыматым болбогонуна карабай, интернеттеги айтылгандардын баары чындык экенине ишенген жокмун. Мунун баарын элдердин коркунучу жана маалыматтын жоктугунан келип чыккан жагдай катары түшүндүм. Адамдардын коркунучу бүтүндөй динге жек көрүүчүлүк катары атылып чыккан эле.

10 жылдан соң жогорку окуу жайына тапшырып жатканда араб тилин үйрөнгүм келди. Мен арабдар менен канчалык көп пикир алышсам, мусулмандар тууралуу маалымат алам деп ойлогом. Көрсө, ошондо мен да стереотиптүү ой жүгүрткөн экенмин. Анткени, анда исламды Жакынкы Чыгыш элдеринин гана дини деп ойлоптурмун. Окуу маалында түрдүү өлкөлөрдөн мусулман досторум пайда болду. Мен аларды суроолор менен жаадырып кирчүмүн. Ошентип, ислам тууралуу ойлорум кеңейе баштады. Андан соң, мусулман өлкөлөрүнө болгон саякатым башталды. Алгач Египет, андан соң Палестина, Тынчтык Корпусу программасы менен ыктыярчы катары Иорданияга 2 жылга сапар алдым. Бул 2 жыл – жашоомдогу керемет убакыт болду. Мен Иорданиянын түштүк бөлүгүндөгү Карак шаарында өтө мээримдүү бир үй-бүлөдө жашадым. Биздин үйдүн ашканасынан Өлүк деңизге керемет көрүнүш ачылчу. Ал жакта жогорку класстагы кыздарга англис тилинен сабак берип жүрдүм. Мен бактылуу элем. Бирок сирия конфликтинин башында бардык ыктыярчыларды эвакуациялай башташты. Биз кетүүгө мажбур болдук. Бардык тааныштарым менен коштошууга 3 гана күнүм бар эле. Алардын баары менин эң жакын адамдарыма айланган. Коштошуу учуру мага эң эле оор болду. Баарынан кыйыны эмне үчүн кетип жатканымды түшүндүрүү эле. Анткени мен Иорданияда өзүмдү толук коопсуз сезчүмүн. Бирок биздин уюмду көндүрүү мүмкүн эмес эле. Мен штатка кайтып келгенимде маанайым чөгүп, Иорданияны катуу сагындым.

null

Кыргызстан? Ал кайда жайгашкан? Аны кантип туура айтуу керек?

Америкада, практикамды башка өлкөдө улантууга болорун айтышты. Анан мага “Кыргызстанга барасың” дешкенде, оюмда 2 гана суроо турду: “Бул өлкө кайда жайгашкан? Аны кантип туура айтуу керек?”. Көп ойлонбой эле Кыргызстанга барууга макулдук бердим. 3 жумадан соң Бишкекке учтум. Бул жакка келгенимде биздин группаны мейманканага жайгаштырышты. Кийинки күнү бизди Ивановка айылына алгачкы тренингди өтүүгө алып келишти. Ал жактан мен биринчи жолу Кыргызстандын маданияты менен тааныша баштадым. Бизге күнүмдүк турмушта колдонулчу кыргызча сөздөрдү үйрөтө башташты. Андан соң, мени кыргыз үй-бүлөм күтүп турган Сокулукка жиберишти. Ошентип, менин Кыргызстандагы жашоом башталды.

Кыргызстандан азандын үнүн угарым менен ыйлап жибердим

Кыргызстандагы алгачкы айларда кыйынчылыктар, албетте, болду. Мен Иорданияны абдан сагынып жаттым. Эсимде, Бишкекке келгендеги алгачкы күнү мен өзүмдүн номеримен балконго чыгып, шаардын көрүнүшүн карадым. Советтик типтеги имараттардын ичинен мечитти көрдүм да, жүрөгүмдө тынчтык сезими пайда болду. Анткени, мечит мага Иорданияны эске салды. А Иорданияда мечиттер абдан көп эле. Мен айылга барып, өзүмдүн жаңы үй-бүлөм менен таанышкан кезде арабызда тилдик кыйынчылыктар болду. Чайга отурганыбызда биз жөн гана бири-бирибизди карап жылмайчубуз. Ошондо мен өз бөлмөмө кирип, азандын унүн уккан кезде бугумду чыгара ыйлап жибердим. Азандын үнүн мен Иорданияда жүргөн кезде өтө жакшы көрүп калгам. Денемди майда калтырак басып өттү. Азыр мен ишеничтүү түрдө Кыргызстанды жакшы көрөрүмдү айта алам. Бул жер менин үйүмө айланды. Башында, Кыргызстанды Иордания менен салыштырып, окшоштуктарды издей берчүмүн.

null

Мени менен орусча сүйлөшүштү

Кыргызстанга келерим менен кыргыз тилин үйрөнө баштадым. Үйрөнүү процесси мага өтө деле оор болгон жок, «ү», «ѳ» жана «ы» тыбыштарын айтууда гана кыйынчылыктар жаралды. Өзүмдү кыргызча эркин сүйлөйм деп айтпайм, бирок оюмду билдиргенге дараметим жетет. Ал эми орус тилин үйрөнүүгө аракет деле кылган жокмун. Анткени, ал мага өтө оор келди. Бирок, эмнегедир мени менен баары орусча сүйлөшүп жатышты. Мен аларга кыргызча сүйлөп жатканыма карабай, алар мага орусча жооп берип жатышты.

Кыргызстанда арак ичкен мусулмандарды көргөндө абдан таң калдым

Менин мусулмандар менен болгон тыгыз байланышым Иорданияда өткөн. Ал жакта элдер шариятты бекем карманышат. Мен жоолук салынбаган жалгыз кыз элем. Ошондуктан, дайыма жабык кийинип, көп боенбогонго аракеттенчүмүн. Иорданияда арак ичкен адамды өтө чанда кезиктиресиң. Эгерде айылда кимдир- бирөө спирт ичимдиктерин сатып алса, бул өтө чоң уят иш катары саналчу. Ал эми Кыргызстанда баары башкача экен. Мен бул жактан өзүн мусулман санаган, бирок жоолук салынбаган кыздарды көрдүм. Өзүн мусулман эсептеген айрым адамдар 2-3 стакан аракты жөн эле ичип кое турган экен, жөн гана ичип эмес, башкаларды да ичүүгө кыйнаганы таң калтырат. Өзүм спирт ичимдиктерин ичпегендиктен, алардын кыйноолорун көтөрүү кыйын болду. Бул кырдаалдан чыгуу үчүн “аракка аллергиям бар” деп кутулуп жаттым. Таң каларлыгы, алар чочконун этин арам деп эсептешип, жешпегени болду. Болбосо, арак менен чочконун эти исламда бирдей арам категориясына кирет. Башында бул көрүнүштөргө катуу таң калдым. Анткени, жадагалса, Америкадагы мусулман досторум да арак ичишчү эмес. Кыргызстандын тарыхы менен таанышкан соң гана бул көрүнүштөрдү туура талдай баштадым. Ислам дини качан, кандай шартта кирген, Советтер союзунун таасири сыяктуу факторлор кыргызстандыктарга чоң таасир эткенин түшүндүм. Кыргызстанда дин көбүрөөк- этникалык түшүнүккө ээ. Элдер өздөрүн алардын ата-бабалары мусулман болгону үчүн гана мусулманмын деп эсептешет. Бул нерсе менин кыргызстандыктардын диний идентификациясынын калыптанышын изилдөөгө болгон кызыгуумду арттырды. Бул жерде түрдүү эпоха, маданият, салт, идеологиянын тарыхы аралашкан экен.

Кыргызстан- менин жан дүйнөмдүн күзгүсү

Мен христиан үй-бүлөсүндө чоңойгом. Балалыгымда чиркөгө барып, жекшемби күндөрү балдарга Библиядан сабак берип, чиркөө хорунда ырдачумун. Бирок азыр үйдө болбогондуктан, чиркөөгө барбайм. Албетте, Кудайга ишенем, кээде сыйынам. Болгону чоңойгон сайын Библияга критикалык көз карашта карап, көп суроолорду бере баштадым. Мен өзүмдү учурда христиан кызы эсептебейм. Башка диндерге ачыгыраак болуп, ислам, иудаизм, буддизмди изилдөөгө аракет кылып жүрөм. Мен диндердин баарын баалайм, анткени алардын баары бир принципке негизделген: сый-урмат, өз ара жардам жана башка.

Диндерди изилдөө – мен үчүн абдан кызык. Элдер бир нерсеге катуу ишенүү сезимин кантип иштеп чыгышарын билгим келет. Мен өзүм 1991-жылы төрөлгөм. Кыргызстан да өзүнүн көз карандысыздыгын ушул жылы алган. Кээде мен “Кыргызстан экөөбүз абдан окшошпуз” деп ойлоп кетем. Анткени, өз эркиндигибиздин үстүнөн ой жүгүртүү, көз караштардын калыптануусунда бир этапты баштан кечирип жатабыз.

null

Кыргызстан тууралуу көп нерсе жазгым келет

Мен Кыргызстан тууралуу көбүрөөк жазгым келет. Башында бул өлкөгө келеримди уккан досторум абдан чочулашкан эле. Эмнеге деп сураганымда, алар: “Бул “стан” өлкөлөрү”,- деп айтышкан (КыргызСтан, ПакиСтан, АфганиСтан ж.б.). Мен аларга “стан”- “жер” дегенди түшүндүрөрүн айтып бердим. “Мисалы, England (Улуу Британия) өлкөсүнөн анын мүчөсү “land”- “жер” болгону үчүн эле коркот белеңер?” деп сурадым. Кыргызстан деле ошол сыяктуу. Мен элдер Кыргызстан жана ислам тууралуу көбүрөөк билүүсүн каалайм. Ата-энем Кыргызстандагы 2-ата-энем менен таанышышты. Ата-энем айылыбыздан кээде гана чыгышкандыктан, чыгышса да бул Европа өлкөлөрү, өзүлөрүнүкүндөй көз караштагы адамдар менен гана сүйлөшүшөт. Андыктан, алардын да мусулмандар тууралуу стереотиптери көп эле. Эми ата-энемдин ойлору акырындан өзгөрүп келе жатат. Жадагалса, атам жазында Кыргызстанга келүүнү пландоодо.

Мен саякатымдан элдер түрдүү улут, дин, маданиятка ээ экенине карабай аларды көп нерсе бириктирип турарын түшүндүм. Биз арабызды бөлгөн эмес, тескерисинче, бириктирген нерселерди издешибиз керек.

Запись Америкалык журналист: Кыргызстандан азандын үнүн угуп, ыйлап жибердим впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.