Halloween party ideas 2015

🏻Шаьбан Валий азиреттин жанына бир кедей адам келип:
– Азирет, мен абдан кедей адаммын. Бир гана эшегим бар эле, ошону менен турмушумду өткөрүп, бала-чакамды багып жүрөт элем.
Ал өлгөндөн бери жашоом оорлоп кетти. Мага дуба кылыңыз, Аллахым жашоомду жеңилдетсин, тилемчилик кылып калуудан сактасын – деп суранды.
Шаьбан Валийдин кедейге ичи ачышты. Колун көтөрүп Аллахка дуба кылды. Ал дубасын бүткөн учурда, эшигин тыкылдатып, бир адам кирүүгө уруксат сурады. Азирет ага уруксат берди.
Салам айткан жигит:
– Азирет, көптөн бери ниет кылып жүргөн жакшылык ишим бар эле. Эшикте бир качырды жетелеп келдим. Ушуну менин атымдан белек катары кабыл алыңыз, – деди.
Шаьбан Валий кедейге жылмая карап:
– Мынакей, Аллах сүйүктүү пенделерине жамандык артынан жакшылык берет. Өлгөн эшегиңдин ордуна, андан күчтүүрөк качыр берди.
Аны алып үйүңө кете бер, – деди. Кедей ыраазылыгын билдирди да, качырын алып үйүнө кетти.
Шаьбан Валийдин бул ишине таңданган тиги:
– «Субханаллах» – деди таңыркап,
– Бул качырды сизге эртең менен алып келейин дедим эле, бирок эртең менен өтө зарыл жумуш үчүн эртелеп жолго чыга турган болуп калдым да, караңгыга карабастан келе бердим эле. Көрсө, Аллах Таала качырды бул кедейге буйруп койгон экен да…

Ошон үчүн эч качан Алланын ырайымынан үмүт үзбө. Эгер билсеңиз эң күчтүү нерсе эмне экенин билесизби? Бул деген үмүт болот. Эч нерсеси жок,эң төмөн, эң алсыз инсандын жашоого болгон шамын күйгүзүп Жаратканга эң жакын кылып, жүрөктөрдү чоң ишеним менен байлайт мына ушунусу менен эң улуук сезим болуп эсептелет. Үмүтсүз жашоо шайтандын табылгыс куралы. Жашооңдо кандай кырдал болбосун Жаратканга таян. Пендеден эмес Аллахтан үмүт кыл. Анткени Аллах каалаганы үчүн өмүрүң берекелүү, жүрөгүңдөн тынчтык ,амалдарың өз жайында болуп жатат,Аллах каалаганы үчүн ден -соолугуң чың,башкалардай эмес өз каалаганыңа жетип,өз наныңды таап жеп жатасың ,Аллах каалаганы үчүн иштериңди ийгилик коштоп жашоо -тириличилигиң жакшы ,Аллах каалаганы үчүн бактылуу мүнөттөрүң, күндөрүң болуп жатат! Аллахтын каалоосуз эч нерсе болгон эмес болбойт дагы Ал баарын жаратып Ал баарын Өзү көзөмөл кылат. Алланын эң жакшы көргөн пенделери жүрөктөрүн жашоосунда кандай сыноо болбосун үзүлбөгөн аркан жибин бекем байлагандар болот. Алардын жашоодогу максаты кыйынчылык келсе сабыр куралы менен жеңип,жакшылык келсе шүгүр дубаларын кылгандар болот. Ошон үчүн эч качан үмүтсүз болбо бир тууганым! Бир бутуң жерде бир бутуң жарда болсун,өмүр сууң түгөнүп ,жашооң кыл үстүндө болсун,кайгыдан башың чыкпай көз жашың деңиз болсун. Чөлдү карап ушунчалык кенен аягы жок экен дебегин,а бирок чөл бүткөндөн соң артында жашыл бакчалар,көлөкөлүү дарактар бар.
Жипти көрүп ушунчалык катуу тартуулат дебегин,тарта берсе аягында ал да үзүлүп кетээрин билгин. Көз жаштын артында кубаныч болот,коркунуч артында бейпилдик болот. Анткени жашоо мыйзамы ушундай.
Эгер от күйгүзгөндө анда Ибрахим Пайгамбарды күйгүзүп салмак,бирок Кудай Таала отко буйуруп: “Оо,от Ибарахимге муздак жана саламаттык бол! “(21;69) анткени отту да Аллах Таала жараткан.
Эгер деңиз чөктүргөндө Муса Пайгамбарды чөктүрүп кетмек,бирок Муса Пайгамбар деңиздин жанына келип:
“Албетте Роббым мени менен! Ал мага жол көрсөтөт “. (26;62) деп Аллахка кайрылганда,деңиз Муса Пайгамбарга жол болуп ачылып Муса (а.с) андан аман эсен өтүп кетти….Анткени Аллахка үмүт байлаган жүрөктөргө Аллах Өзү жетиштүү!

“Кандай болсо да Алланын ырайымынан үмүт үзбөгүлө. Анткени Алланын ырайымынан каапыр коом гана үмүт үзөт”(12;87)….

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2yzMeui
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись АЛЛАХТЫН КААЛООСУ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.