Halloween party ideas 2015

БИСМИЛЛААХИР РОХМААНИР РОХИЙМ..

Адам баласы өзүнүн келбетине карап туруп Аллах Тааланын акыйкатта
Улуу Зат экенин сезип биле алат.

Анткени, жаш бала өзүнөн чоң агаларын эжелерин көргөндө,
алар 25-30 жашка чыгып калганда
улгайган адам көрүнөт .
Бирок, өзү да ошол жашка келгенде
өзүнөн кичүүлөргө улгайган адам болуп көрунөт
бирок Өзүнө сезилбейт .
Өткөн өмүрдөгү миңдеген күндөр, айлар,
сааттар кандай зымырап өтүп кеткенин
сезип билбейделе калабыз ..
Бирок өмүр өткөн сайын бул дүйнөгө карай чуркап,
түбөлүктүү жашоого эмес
түгөп бараткан жашоого карай умтулабыз..

Сиз ар дайым жаш абалда, күч кубатка ээ болуп кала берүүнү эңсейсиз, бирок
Аллах Тааламдын каалосу мажбур түрдө орундалат
жана биздин бул дүйнөдөгү өмүрүбүздүн мүнөттөрү
акырындык менен соолуп өтө берет .
Биз каалаган жокпуз
ушундай келбетте жаралууну,
кыргыз болуп калууну,
эркек болуп же аял болуп жаралууну
биз каалабадык эле..
Ата энебизди биз тандабадык .
Тууган урукту биз тандабадык..
Мекенди биз тандабадык.
Туурабы туура эмеспи ?
Эгер Аллах Таалам кааласа адам эмес жаныбар кылып коюуга Каадырэле !
Адам болуп жаралганыбызга шүгүр кылайлы!

Ой, боой… Инсан кандай унутчаак..
Жаралган максатын өтө тез унутат .
Инсан керек болсо үч күн мурда кандай тамак жегенин да унутуп калат.
Же сиз эстей аласызбы
үч күн алдын кандай тамак жегениңизди??

Билесизби тууганым ?

Адам баласына берилген эң чоң неъмат бул
Убакыт . Убакыт берилбесе эч бир жан бул дүйнөгө келип өзүнүн акыретин кура албайт .
Ушул убакыт бизге да, сизге дагы
ар бирибизге берилди
ар кандай ар башкача убакыт менен..
Кээ бирине көбүрөөк, кээ бирине азыраак,
ал эми кимдир бирөөлөр үчүн көз ачып жумганча.
Бул дүйнөгө жаралган ар бир адамдын туулган күндөрү белгилүүдүр,
бирок өлүм убактысы белгисиз..
Эки нерсени эч качан токтотуп болбойт.
Өтүп жаткан өмүрдү, келе жаткан өлүмдү !

Бул дүйнө сизди бизди алдап койбосун !
Дүйнө алдагандай, дүйнө адаштырып, дүйнө азгыргандай эч нерсе азгыра албайт..
Шайтан биздин эң чоң душманыбыз экен
дүйнөдө азгырып, өзү менен кошо тозоктун терээңине алып кирип кетүүнү максат кылат .
Бул дүйнө биздин жүрөктөрүбүзгө кирип албасын!
Дүйнө өткүнчү .. жок болот.
Ошондуктан туугандар дүйнө биздин колубузга берилсин жүрөктөрүбүзгө эмес !

Жашоодо кээ бири бай жашайт..
Бириси жакыр.. Бирөөдө байлык бар, бирок жашоосунда бактылуулук жок..
Бактылуулук бар бирок байлыгы жок.
Кимдир бирөө динге муктаж,
кээ бирөөлөр каршы..
Убакыты баар бирок ден соолукка муктаж,өтөө зар..
Кайсы бир инсандар өз балдарына ыйман менен жашоосун каалап болгон күч аракеттерин жумшаса
кээ бири өз балдарын динден кайтаруу үчүн болгон күч аракетин жумшашат …
Бул дүйнө ушундай сыноо майданы !
Адамдардын келбеттери бири-бирине
окшош болуусу мүмкүн
бирок, ар бир адамдын ички жашоосу ар башкача..
Жылмаюулар окшош болуусу мүмкүүн
себептер ар башка…
Ниеттер ар башка !
Ыйлаган көз жаштар окшош ниеттер башкача .

Бул дүйнө канчалык өнүкпөсүн
акыреттеги Бейиш бакчаларына ээч окшобойт..
Момун пенденин жүрөгү бул дүйнөдө ибаадаттан башка эч жерде ырахат таппайт..
Анткени бул дүйнө момундун капасы сыяктуу.
Капастагы кушту алтын капаска салып
тамак-ашын толтуруп койсоң да тынчыбайт
анткени анын жүрөгү тынчтык табат
качаан өз мекенине кайтканда..
Ошол сыяктуу кулдун жүрөгү Кожоюндун өкүмүн аткарганда тынчтык табат ..
Өкүмдү аткаруу Бейишке жетелейт .

Жашоодо пенде канчалык күнөө кылбасын
өзүнүн зыянына гана !
Канчалык сооп иш жасабасын өзүнүн пайдасына гана.
Анткени бул дүйнө ошол сыноо майданы..
Сынактын жы1ынтыгы чыгарылат .
Жыйынтыкка жараша жооп берилээри шексиз.

Өзүңө суроо берчи тууганым ?
Эгерде сенин жашап өткөн өмүрүң китеп болуп жазылса анын аталышын эмне деп атайт элең ?
Бекер кеткен өмүрлөрбү же күнөөгө баткан
мүнөттөрбү ? Же Роббисинин өкүмү менен
өмүр өткөргөн көңүлдөрбү ?

Мындай китеп жазылбаса дагы ар бир адамдын амал китеби бүгүн жазылып жатат ,
барактары толуп жатат жана берилген убакыты бүтүп амал китеби дагы аяктап баратат..
Ушул кыска убакытка бул дүйнөгө келген экенбиз,
бир убакыт бир заманда жашап жатабызбы
бири-бирибизди эскертишип алсак
ушул берилген убакытты туура өткөрөлү..

Достор, ушунча өмүрүбүз күнүбүз өтүп жатат
сиз биз бул нерсени эстейли .
Өзүнүн убактысы бүтүп баратканын эстеп жүргөн адам, бир күн эмес бир күн сөзсүз бул дүйнөдөн өтүп
Роббисине кайтаарын билип
күнөө ишти жасай албай калат .
Адамдарга корс, көңүлдөрдү сындыруу кандай жаман нерсе ээ ? Бул ошол өлүмдү унуткандыктан келип чыгуучу оорулар..
Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт дейтко?
Бул ооруларды алдын албасак Бейишке кирүү кыйын болот. Ооруну алдын алуу үчүн өлүмдү көп эсиейли.

Бул дүйнө биздин жүрөгүбүзгө эмес,
биздин колубузга берилсин ..*

Анткени мусулман жеш үчүн жашабайт.
Жашоо үчүн жейт. Эмгектенет, ырыскы издейт ..
“Жегиле, ичкиле, ысыраф кылбагыла !” дейт
аяттын маанисинде..
Биз ошол бизге берилген убакытты ысыраф кылбайлы. Жүрөктүн тереңиндеги ыйман
Аллах билип турат – деген ишенич ойгонбосо
камера карап турат – деген коркуу басып калат.
Эгерде жүрөк Аллахтан корксо
асман үзүлүп жерге түшүп кетсин
жер асманга чыгып кетсин ,
камера жок болсо да ал адам күнөө иш жасабайт.

Дагы да ишене албай жатасызбы?

Робот жасап туруп эң мыкты өнүккөн техника менен
роботко чач өстүрүп бериңизчи ?
Макул, күлдүрүп, ыйлатып бериңиз..
Денесине түктөрдү чыгарып уктайтурган,
түш көрө турган кылып коюу кандай кыйын ээ?
Эгерде ошондой роботту көрүп калсак
ар бирибиз таң калабыз .
Аллаах Субхаана ваТаъла адам баласын жаратып койдуго эмнеге таң калбайбыз !???
Ээ адам уктап жатат, күлүп жатат,
ыйлай алат, ырдай алат, чачы ар дайым өсө берет
уга алат, көрө алат, жүрөгү согот !
Дарактарды караңыз, асманды караңыз,
жылдыздарды караңыз, күн кирип түн чыгып жатат..
Түн чыгып таң атып жатат ..
Шамал болуп жатат .
Асмандан себелеп суу түшүп жатат..
Чагылганды ким кыла алат ?
Айтыңызчы Аллах Таалам каалабаса
дер бетинде ким шамал кылып бере алат?
Шамал токтоп калса ысып кетесиң салкын жер издеп.
Шамал болсо ыссык жерди издеп каласың
эхх пенде кандай гана алсызсың !
Кар жаадырбай койсо ким карды жаадыра алат?
Биз Аллахты тааныйлы туугандар .
Акча мал-мүлк менен текеберденип
Аллахты унутуп койбойлу !
Бир тамчы сууну чай ичкениңизде
ашказанга эмес өпкө тарапка киргизип жиберсе
бир тамчы үчүн каанча кыйналасың жөтөлүп)))
Акчаң бар элего сенин?
Пенде алсыыз..
Зыян дагы бере албайт.
Пайда да бере албайт .
Эң бактылуу адам Аллахтан башка нерседен үмүт кылбаган адамды айтат!

Бүгүнкү күндө ушундай фитна тарады,
кыямат башталыптыр Дажжал чыгыптыр
Меккеден кан чыгат экен эле…

Маакул, бирок сен кайдан билесиң кыямат качан болоор экенин ?
Аллахтан башка эч ким билбейт !
Адамдар число коюп алышкан, 12 декабрь,
23-январь, 5-сентябрь болот экен деп.
Ким айтса дагы ыйманын жаңылап алсан!

Экинчиден Меккеде кааба таштын астынан кан чыгат экен деп видеодо жүрөт, бул эски видео!
Ал жердин астынан эмес адамдардын бири жабыркап
андан чыккан кан .
Аны көрүп хадисте келген экенго – деп
бирөө сурайт бизден .
Билип – билбестен ар нерсени айта берүүнү таштайлы туугандар !

Дажжал чыкса андан сактануу үчүн кандай амалдарды аткардың ?
Кыямат болсо ага эмне даярдадың?
Ата-энеңе каяша айтып сөзүн укпайсың
сага башталыптыр кыямат !
Анткени акыр заманда
атасынан баласы кыян чыгаар – дейт .
Бир видеону көрүп илимсизи деле илимдүүсү деле
кайгыга батып олтурат,
Кыяматка эмне даярдадык деп кайгырайлы !
Намаздарыбызды хушу хузу коркуу,
берилүү менен окуйлу.
Дубаа кылууда алсыз болбойлу !
Шүгүр кылып, мусулман момун болуп өтөйлү..

📌Эскертүүлөр!

👤Али Оши,
атайын “Formula.kg” сайты үчүн

Запись Адам баласы өзүнүн келбетине карап туруп Аллах Тааланын акыйкатта Улуу Зат экенин сезип биле алат… впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.