Halloween party ideas 2015

Бул дүнүйө кимге майрам кимге арман
Бул дүйнөдөн кимдер кетип ким калган
Учуп кетер кайран өмүр жарымы
Уйку тилеп каректерди жумгандан
Акыл менен кармабасаң мезгилди
Алдап жүрүп көмөлөтөт шум жалган

Жаралгансың топурактан ыйлайдан
Жар боорунан канча жандар куланган
Колу менен жылдыз терип алгансып
Коркпой жашап жүргөндөр бар убалдан
Көкүрөктү керген менен асманга
Кутулбайсың кудуреттүү Кудайдан

Текеберлер тектүүмүн деп озунат
Түбү келип бир дөбөгө кошулат
Опол тоодой байлык жыйып кээ бирөө
Октон качып жашап жүрөт чочулап
Бул жалганда ырахаттын чеги ушул
Бийлигиң да,байлыгың да топурак

Жеңишбек Жумакадыр

Запись …Алдап жүрүп көмөлөтөт шум жалган впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.