Halloween party ideas 2015

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматовдун кыргыз элине кайрылуусу:

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын.
Урматтуу мусулман бир туугандар, кадырлуу кыргыз калкым!
Кайсы эл болбосун, анын өсүп-өнүгүп, бейпил жашоо кечирүүсүнө эл арасындагы биримдик жана тынчтыктын мааниси зор. Кыргыз эли да кылымдардан бери эчендеген кыйынчылыктарга кабылбасын, аны биримдик жана тынчтык менен жеңип келет. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган касиеттүү элибиз түгөнгөн сайын түтөнүп, тукум улап, тилибизди, динибизди жана мамлекеттүүлүгүбүздү сактап келе жатат. Тилекке каршы, кийинки күндөрү элибиздин тынчтыгын, мамлекетибиздин эркиндигин көрө албаган, калың журттун бейпил жашоосун бузууну каалагандар пайда болууда. Керт башынын кызыкчылыгын көздөп, бийлик жана байлык үчүн элинин бейпил жашоосун курмандыкка чалууну көздөгөндөр чыгууда.
Алдыда мамлекетибиздин, элибиздин келечеги үчүн өтө маанилүү болгон шайлоо өнөктүгү жакындап келе жатат. Албетте, журт жүгүн көтөрүүчү татыктуу инсанды тандоо ар бир жарандын милдети жана бул милдетин ар ким өз тандоосуна жараша ишке ашырат. Бирөөнүн тандоосуна бирөөнүн кийлигишкенге акысы жок. Бирок, бийликке элдин тандоосу менен эмес, күч колдонуу, коркутуу, элдин тынчтыгын бузуу аркылуу жетүүнү көздөө акылга сыйбай турган кылмыш жана күнөө. Бул, эл арасында өзүнүн абройуна ишенбеген жана жеке көмөчүнө күл тарткан алсыз адамдардын колунан гана келе турган иш.
Урматтуу кыргыз калкым, өлкөнүн тынчтыгы жана элдин бейпилдиги ар кандай бийликтен баалуу. Бүгүн бизге суу менен аба кандай зарыл болсо, элдин тынчтыгы да ошондой зарыл болгон учур. Тынчтык – бул, Жараткандын пенделерине ыроологон эң чоң белеги. Аны көздүн карегиндей сактоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Касиеттүү Куранда Жараткан Аллах:

“Эгер силердин жашооңор тынч болсо, анда Аллахка шүгүр кылгыла” дейт.

Аятта, эгер бийликке жетсең, же байлыкка тунусаң же башка бир иш үчүн шүгүр кылгыла деген жок, жашооңор тынч болсо шүгүр кылгыла деди. Мындан, тынчтыктын биз үчүн канчалык зарыл жана маанилүү экенин түшүнсөк болот. Пайгамбарлардын атасы Ибрахим пайгамбар Мекке шаарына келгенде алакан жайып:

“Оо, Жараткан, бул шаарды тынч шаар кыла көр” деп дуба кылган.

Даанышман пайгамбар шаарга түшүм сураган жок, ырыскы сураган жок, байлык же бийлик сураган жок. Болгону тынчтык сурады. Анткени, кайсы жерде тынчтык өкүм сүрсө, анда баары болот. Адам баласынын жашоосу тынч болгондо гана ал талаптагыдай жашоо кечире аларын жана тынчтык биз үчүн табылгыс белек экенин эске салып Аллах Таала бир аятта:

“Ачкалыктан сактап, коркунучтан аман кылганы үчүн бул Үйдүн Ээсине сыйынгыла” деп буйруган.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) куттуу хадисинде:

“Бөлүнүп-жарылбагыла, анткени бөлүнүү бейпил жашоону жок кылат” – дейт.

Элди бөлүү, бири-бирине каршылаштыруу биздин бейпилдигибизди жок кылуучу коркунучтуу дарт.
Касиеттүү Курандын дагы бир аятында:

“Бузукулук адам өлтүрүүдөн да жаман” деп айтылат.

Себеби элдин мамилесин бузуу бүтүндөй элдин жок болуп кетүүсүнө алып келиши мүмкүн. Ошон үчүн пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун):

“Бузукулук уктап жатат. Ким аны ойготсо, ага Аллахтын каргышы болсун” деген.

Динде өтө чоң күнөө ишти аткарган адамдарга гана Аллахтын каргышы айтылат. Аллахтын каргышы айтылган киши бардык жакшылыктан куру калат. Аллах Таала минтип айтат:

“…Мен кимге ачуулансам, ага каргыш айтам, Мен кимге каргыша айтсам, ал анын жетинчи урпагына чейин жетет”.

Урматтуу кыргыз калкым, урматтуу элдин жүгүн көтөрүүгө бел байлап ажолукка ат салышкан эр азаматтар!
Бийлик эч кимге түбөлүктүү болгон эмес, ээрге мингендин андан түшүүчү убактысы да болот. Карт тарыхта өзүн Кудайга теңеген Фараондор, казынасынын ачкычын кырк төөгө артып жүргөн Карун сыяктуу падышалар да өткөн. Алардын бийлиги жана байлыгы аларды өлүмдөн коргоп кала алган жок. Бир күн бар, бир күн жок болчу убактылуу бийлик үчүн эли-журттун тынчтыгын, бейпил жашоосун, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн, балдарыбыздын келечегин курмандык чалуунун зарылдыгы жок. Убактылуу, болор-болбос кызыкчылык үчүн Жараткандын да, элдин да каргышына калбагыла. Кудайдан корккула. Ар бир сөз, ар бир иш үчүн жооп берчү күндү унутпагыла.
Биз бир Кудайга сыйынган, бир абадан дем алган, бир жердин суусун ичип, бир жердин нанын жеген элбиз. Мекенибиз баарыбыздын үйүбүз. Мекенди сүйүп, ардактап-барктап алуу ар бирибиздин милдетибиз. Мекен сүйүүсү – калпак кийүү же желек көтөрүп алуу менен өлчөнбөйт. Мекенди сүйүү анын тынчтыгын сактоо, келечегине кам көрүү менен болот. Ошондуктан мекенибизди көздүн карегиндей сактайлы. Ар түрдүү бузукулукка, кызуу кандуулукка жол бербейли. Өлкө келечеги өзүбүздүн колубузда.
Жараткан Аллах элибизге бейпилдик, биримдик, жергебизге тынчтык берсин. Ар бир үйдө баланын бактылуу күлкүсү жаңырып, ыйман нуру нурданып жаркырап турсун. Келечегибиз кең, жашообуз бейпил болсун.

Урматым менен Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр Нарматов.

Запись Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматовдун кыргыз элине кайрылуусу впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.