Halloween party ideas 2015

Аллах Таала инсанды кадырлап тил нээматын берди. Аллах Таала Кураанда:

“Анан да тили менен эки эриндеринчи? Аны эки жолго багыт алдырдык” – деп, тилди немат кылып бергендиги жөнүндө айткан. (Балад: 9-10)📚.

Ошондой эле:

“Мээримдүү (Аллах) Ага сүйлөөнү үйрөткөн” – деген да аяттар бар. (Аррохман: 1-4)📚.

Тил Улуу Аллахтын пендесине берген жакшылыгы. Аны адамдар өз эркин билдирүүчү, түшүндүрүүчү булак катары пайдаланышат. Тилдин баркыны сүйлөй албаган дудуктар гана билишет.
Тил, жакшылыкты же жамандыкты айтып билдирүүчү мүчө. Ошол себептен Аллахка эсеп берүүнү же азапты ойлобой, тилди бош коюп, каалаганын сүйлөй бербөө керектигин эскертип, Аллах Таала:

“Эмне сөз сүйлөсө да, анын алдында көзөмөлдөгөн (периште) даяр турат” – деп айткан. (Коф: 18). 📚

Ошондой эле:

“Ар бир чоң жана майда иштер (жазылган)” – деп да эскерткен. (Комар: 53).📚

– ✔Бир сөздү айтуу менен Исламга киребиз, бир сөздү айтуу менен Исламдан чыгабыз.
– ✔Бейишке кирүү өлүмдөн мурда айтылчу шахаадат келмесине байланыштуу эмеспи?
– ✔Эки жашты бакытка бөлөөчү нике да тил менен болот эмеспи?
– ✔Үй-бүлөнү бузуучу талак да тил менен болбойбу?
– ✔Жакшы сөздөрдү сүйлөөгө кызыктырган жана уятсыз сөздөрдөн сактанууну эскерткен да тил эмеспи.
– ✔Адамдардын соода-сатыктагы мамилелери тил менен болбойбу?
– ✔Далил жана күнөөдөн баш тартуу тил менен эмеспи?
– ✔Баардык мүчөлөдүн күн сайын тилге кайрылышаарын уккан эмес белең? Алар эртең менен тилге кайрылып: “ Биз үчүн Аллахтан корк. Эгер сен туура жолго барсаң биз да туура жолго барабыз, эгер сен туура эмес сүйлөсөң, анда биз азап тартабыз” – деп суранышат го.
Жакшы жагымдуу сөзгө элдер тартылат. Жаман жагымсыз сөздөрдөн элдер качышат. Тилдин заарын айбандардын да билгени (сезгени) таң калыштуу. Жакшы жана жаман сөздүн натыйжасын салыштыр. Жалаа жана чагымчылык кылуу тил менен эмеспи? Жана ал экөөнү Аллах Таала арам кылган эмес беле? Күндүзү орозо тутуп, түнкүсүн намаз окуп бирок, тили менен кошунасына тынчтык бербегендиги үчүн тозокко кирген аял жөнүндө билбейсиңби?

“Аллах жакшы сөздү бекем тамырдуу, бутагы көктү тиреп өскөн мыкты даракка салыштырып мисал кылганын көрдүңбү” 📚 – деген аятты уккан белең.

📌Пайгамбардын (С.А.В) хадистерине кунт коюп окуп көрчү. Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)

– « Ким Аллахка жана акырет күнүнө ишенсе жакшы сөз сүйлөсүн же унчукпасын» – деп айткан. (Бухарий)📚.

© Устаз Абдишүкүр ажы Нарматов

Запись Жакшы жана жаман сөздүн натыйжасын салыштыр. впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.