Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Атактуулар ааламы. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Өзүм Виржиня штатынын чакан шаарынан болом. Үй-бүлөм – өтө диндар адамдар. Шаарыбызда баары христиан динин тутунушат. Баарыбыз чогуу чиркөөгө барып сыйынат элек. Мен ислам тууралуу алгач сентябрдагы террактан кийин уккам. Анда 5-класста окучумун. Ошондо, эсимде, класска директор кирип келип, Нью-Йоркто эмне болгонун айтып берген. Мен анда директорубуздун айткандарынан көп нерселерди түшүнгөн жокмун. Бирок күн сайын мусулмандар тууралуу өтө негативдүү сөздөрдү уга баштадым. Шаарыбыздагылардын баары июнь окуясы тууралуу сөз кылышып, телевизордон террористерди тынбай көрсөтүп жатышты. Мен эчтеке түшүнгөн жокмун. Биздин мектепте диндер тууралуу сабак болбогондуктан, ислам мага карангы бир токойдой эле. Андыктан, интернеттен ислам тууралуу маалыматтарды издей баштадым. Интернет мага “ислам бул – терроризм, мусулмандар өз өлкөлөрүнөн чыкпашы керек” деген маалыматтарды чыгарып жатты. Исламга байланышкан нерселердин баары – негатив эле. Менин ошондо бул дин тууралуу кыпындай да маалыматым болбогонуна карабай, интернеттеги айтылгандардын баары чындык экенине ишенген жокмун. Мунун баарын элдердин коркунучу жана маалыматтын жоктугунан келип чыккан жагдай катары түшүндүм. Адамдардын коркунучу бүтүндөй динге жек көрүүчүлүк катары атылып чыккан эле.

10 жылдан соң жогорку окуу жайына тапшырып жатканда араб тилин үйрөнгүм келди. Мен арабдар менен канчалык көп пикир алышсам, мусулмандар тууралуу маалымат алам деп ойлогом. Көрсө, ошондо мен да стереотиптүү ой жүгүрткөн экенмин. Анткени, анда исламды Жакынкы Чыгыш элдеринин гана дини деп ойлоптурмун. Окуу маалында түрдүү өлкөлөрдөн мусулман досторум пайда болду. Мен аларды суроолор менен жаадырып кирчүмүн. Ошентип, ислам тууралуу ойлорум кеңейе баштады. Андан соң, мусулман өлкөлөрүнө болгон саякатым башталды. Алгач Египет, андан соң Палестина, Тынчтык Корпусу программасы менен ыктыярчы катары Иорданияга 2 жылга сапар алдым. Бул 2 жыл – жашоомдогу керемет убакыт болду. Мен Иорданиянын түштүк бөлүгүндөгү Карак шаарында өтө мээримдүү бир үй-бүлөдө жашадым. Биздин үйдүн ашканасынан Өлүк деңизге керемет көрүнүш ачылчу. Ал жакта жогорку класстагы кыздарга англис тилинен сабак берип жүрдүм. Мен бактылуу элем. Бирок сирия конфликтинин башында бардык ыктыярчыларды эвакуациялай башташты. Биз кетүүгө мажбур болдук. Бардык тааныштарым менен коштошууга 3 гана күнүм бар эле. Алардын баары менин эң жакын адамдарыма айланган. Коштошуу учуру мага эң эле оор болду. Баарынан кыйыны эмне үчүн кетип жатканымды түшүндүрүү эле. Анткени мен Иорданияда өзүмдү толук коопсуз сезчүмүн. Бирок биздин уюмду көндүрүү мүмкүн эмес эле. Мен штатка кайтып келгенимде маанайым чөгүп, Иорданияны катуу сагындым.

null

Кыргызстан? Ал кайда жайгашкан? Аны кантип туура айтуу керек?

Америкада, практикамды башка өлкөдө улантууга болорун айтышты. Анан мага “Кыргызстанга барасың” дешкенде, оюмда 2 гана суроо турду: “Бул өлкө кайда жайгашкан? Аны кантип туура айтуу керек?”. Көп ойлонбой эле Кыргызстанга барууга макулдук бердим. 3 жумадан соң Бишкекке учтум. Бул жакка келгенимде биздин группаны мейманканага жайгаштырышты. Кийинки күнү бизди Ивановка айылына алгачкы тренингди өтүүгө алып келишти. Ал жактан мен биринчи жолу Кыргызстандын маданияты менен тааныша баштадым. Бизге күнүмдүк турмушта колдонулчу кыргызча сөздөрдү үйрөтө башташты. Андан соң, мени кыргыз үй-бүлөм күтүп турган Сокулукка жиберишти. Ошентип, менин Кыргызстандагы жашоом башталды.

Кыргызстандан азандын үнүн угарым менен ыйлап жибердим

Кыргызстандагы алгачкы айларда кыйынчылыктар, албетте, болду. Мен Иорданияны абдан сагынып жаттым. Эсимде, Бишкекке келгендеги алгачкы күнү мен өзүмдүн номеримен балконго чыгып, шаардын көрүнүшүн карадым. Советтик типтеги имараттардын ичинен мечитти көрдүм да, жүрөгүмдө тынчтык сезими пайда болду. Анткени, мечит мага Иорданияны эске салды. А Иорданияда мечиттер абдан көп эле. Мен айылга барып, өзүмдүн жаңы үй-бүлөм менен таанышкан кезде арабызда тилдик кыйынчылыктар болду. Чайга отурганыбызда биз жөн гана бири-бирибизди карап жылмайчубуз. Ошондо мен өз бөлмөмө кирип, азандын унүн уккан кезде бугумду чыгара ыйлап жибердим. Азандын үнүн мен Иорданияда жүргөн кезде өтө жакшы көрүп калгам. Денемди майда калтырак басып өттү. Азыр мен ишеничтүү түрдө Кыргызстанды жакшы көрөрүмдү айта алам. Бул жер менин үйүмө айланды. Башында, Кыргызстанды Иордания менен салыштырып, окшоштуктарды издей берчүмүн.

null

Мени менен орусча сүйлөшүштү

Кыргызстанга келерим менен кыргыз тилин үйрөнө баштадым. Үйрөнүү процесси мага өтө деле оор болгон жок, «ү», «ѳ» жана «ы» тыбыштарын айтууда гана кыйынчылыктар жаралды. Өзүмдү кыргызча эркин сүйлөйм деп айтпайм, бирок оюмду билдиргенге дараметим жетет. Ал эми орус тилин үйрөнүүгө аракет деле кылган жокмун. Анткени, ал мага өтө оор келди. Бирок, эмнегедир мени менен баары орусча сүйлөшүп жатышты. Мен аларга кыргызча сүйлөп жатканыма карабай, алар мага орусча жооп берип жатышты.

Кыргызстанда арак ичкен мусулмандарды көргөндө абдан таң калдым

Менин мусулмандар менен болгон тыгыз байланышым Иорданияда өткөн. Ал жакта элдер шариятты бекем карманышат. Мен жоолук салынбаган жалгыз кыз элем. Ошондуктан, дайыма жабык кийинип, көп боенбогонго аракеттенчүмүн. Иорданияда арак ичкен адамды өтө чанда кезиктиресиң. Эгерде айылда кимдир- бирөө спирт ичимдиктерин сатып алса, бул өтө чоң уят иш катары саналчу. Ал эми Кыргызстанда баары башкача экен. Мен бул жактан өзүн мусулман санаган, бирок жоолук салынбаган кыздарды көрдүм. Өзүн мусулман эсептеген айрым адамдар 2-3 стакан аракты жөн эле ичип кое турган экен, жөн гана ичип эмес, башкаларды да ичүүгө кыйнаганы таң калтырат. Өзүм спирт ичимдиктерин ичпегендиктен, алардын кыйноолорун көтөрүү кыйын болду. Бул кырдаалдан чыгуу үчүн “аракка аллергиям бар” деп кутулуп жаттым. Таң каларлыгы, алар чочконун этин арам деп эсептешип, жешпегени болду. Болбосо, арак менен чочконун эти исламда бирдей арам категориясына кирет. Башында бул көрүнүштөргө катуу таң калдым. Анткени, жадагалса, Америкадагы мусулман досторум да арак ичишчү эмес. Кыргызстандын тарыхы менен таанышкан соң гана бул көрүнүштөрдү туура талдай баштадым. Ислам дини качан, кандай шартта кирген, Советтер союзунун таасири сыяктуу факторлор кыргызстандыктарга чоң таасир эткенин түшүндүм. Кыргызстанда дин көбүрөөк- этникалык түшүнүккө ээ. Элдер өздөрүн алардын ата-бабалары мусулман болгону үчүн гана мусулманмын деп эсептешет. Бул нерсе менин кыргызстандыктардын диний идентификациясынын калыптанышын изилдөөгө болгон кызыгуумду арттырды. Бул жерде түрдүү эпоха, маданият, салт, идеологиянын тарыхы аралашкан экен.

Кыргызстан- менин жан дүйнөмдүн күзгүсү

Мен христиан үй-бүлөсүндө чоңойгом. Балалыгымда чиркөгө барып, жекшемби күндөрү балдарга Библиядан сабак берип, чиркөө хорунда ырдачумун. Бирок азыр үйдө болбогондуктан, чиркөөгө барбайм. Албетте, Кудайга ишенем, кээде сыйынам. Болгону чоңойгон сайын Библияга критикалык көз карашта карап, көп суроолорду бере баштадым. Мен өзүмдү учурда христиан кызы эсептебейм. Башка диндерге ачыгыраак болуп, ислам, иудаизм, буддизмди изилдөөгө аракет кылып жүрөм. Мен диндердин баарын баалайм, анткени алардын баары бир принципке негизделген: сый-урмат, өз ара жардам жана башка.

Диндерди изилдөө – мен үчүн абдан кызык. Элдер бир нерсеге катуу ишенүү сезимин кантип иштеп чыгышарын билгим келет. Мен өзүм 1991-жылы төрөлгөм. Кыргызстан да өзүнүн көз карандысыздыгын ушул жылы алган. Кээде мен “Кыргызстан экөөбүз абдан окшошпуз” деп ойлоп кетем. Анткени, өз эркиндигибиздин үстүнөн ой жүгүртүү, көз караштардын калыптануусунда бир этапты баштан кечирип жатабыз.

null

Кыргызстан тууралуу көп нерсе жазгым келет

Мен Кыргызстан тууралуу көбүрөөк жазгым келет. Башында бул өлкөгө келеримди уккан досторум абдан чочулашкан эле. Эмнеге деп сураганымда, алар: “Бул “стан” өлкөлөрү”,- деп айтышкан (КыргызСтан, ПакиСтан, АфганиСтан ж.б.). Мен аларга “стан”- “жер” дегенди түшүндүрөрүн айтып бердим. “Мисалы, England (Улуу Британия) өлкөсүнөн анын мүчөсү “land”- “жер” болгону үчүн эле коркот белеңер?” деп сурадым. Кыргызстан деле ошол сыяктуу. Мен элдер Кыргызстан жана ислам тууралуу көбүрөөк билүүсүн каалайм. Ата-энем Кыргызстандагы 2-ата-энем менен таанышышты. Ата-энем айылыбыздан кээде гана чыгышкандыктан, чыгышса да бул Европа өлкөлөрү, өзүлөрүнүкүндөй көз караштагы адамдар менен гана сүйлөшүшөт. Андыктан, алардын да мусулмандар тууралуу стереотиптери көп эле. Эми ата-энемдин ойлору акырындан өзгөрүп келе жатат. Жадагалса, атам жазында Кыргызстанга келүүнү пландоодо.

Мен саякатымдан элдер түрдүү улут, дин, маданиятка ээ экенине карабай аларды көп нерсе бириктирип турарын түшүндүм. Биз арабызды бөлгөн эмес, тескерисинче, бириктирген нерселерди издешибиз керек.

Запись Америкалык журналист: Кыргызстандан азандын үнүн угуп, ыйлап жибердим впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз
Мухаммад Мустофа саллаллооху алайхи
ва салламдын жолу жакшылык, берекет,
эки дүйнөнүн сооп жакшылыктары
сүннөттөрдү аткарууда!

Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам өттө берешен болчу. Сураган адамга
«Жок»-деп эч качан айткан эмес.
Эгер бар болсо ошол замат берчү. Жок болсо жумшак мамиле менен эмкиде болсо аласын дечү. Сүйлөгөндө чындыкты айтчу.
Сөздөрүндө жеңил, оңой сөздөр менен сүйлөчү. Бирге жүргөндөрүнүн баарына көңүл бурчу жана алардын ал-абалын сурап турчу.
Уй-бүлөөсүнө өтө көңүл бурчу.
Өз тарабынан бирөөгө кыйынчылык жеткизген эмес. Түндөсү сыртка чыга турган болсо
акырын туруп, акырын бут кийимин кийип, акырын эшикти ачып сыртка чыкчу. Кайра үйгө кирген мезгилинде, бирөөгө зыян келтирбей жана уйкусун бузбоо үчүн да акырындык менен кирет эле. Басып бара жатканда
көзүн жерге салып жүрчү. Башкалар менен басып бара жатканда баарынан артта болоор эле. Бирөө жолдо турган болсо андан мурда салам берген. Олтурганда өзүн төмөн алып олтурчу. Жакыр адамдардай болуп олтуруп тамак жечү. Курсак тойгончо тамак жеген эмес. Дайыма Аллахтан коркуп, ойдо журот эле. Көбүнчө эле унчукпастан жүрчү. Зарыл болгон учурда сүйлөчү. Сүйлөгөндө сөзүн уккан киши толлук түшүнчү. Уккан киши тажай турган узун да эмес, түшүнүксүз кыска да сөз сүйлөгөн эмес. Сөзүндө, ишинде, бирөө менен мамиле кылганда орой эмес эле.
Жумшактыкты жактырган.
Жанына келген кишини урматтаган жана бирөөнүн сөзүн кесип сүйлөбөгөн.
Албетте шариятка каршы нерсени (тосчу) токтотчу же ошол жерден туруп басып кетчү! Аллах Тааланын берген (нематын) жакшылыгын кадырлачу. Тамактын айыбын ачпаган!
Көңүлү тартса жеп, тартпаса жеген эмес. Турмуштагы иштер бузулса Мисалы:
Бирөө бир нерсени сындырып койсо, Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) ачууланган эмес. Албетте шариятка каршы болсо каттуу ачууланган. Өзүнө тиешелүү иштерде (мамиледе) ачууланган эмес.
Өзү үчүн бирөөдөн өч да алган эмес.
Бирөөдөн нааразы боло турган болсо андан жүзүн бурат эле, бирок тили менен жаман сөз айткан эмес. Кубанган учурда жүзүн жерге салчу, өтө уялчаак эле. Каткырып күлгөн эмес, күлө турган болсо жылмайып гана койчу.
Баары менен тең жүрчү (өзүн өзгөчөлөнтүп жүрчү эмес эле). Кээде тамашалаган.
Тамаша кылганда да чындыкты айтып тамашалачу. Намазды (түнкү нафил намазда) узун кылып окугандыктан (кыямда) буту жара болуп, шишип кетчу. Намазда туруп Куран окуганда көкүрөгүнөн казан кайнаганда
чыккан үндөй үн чыкчу. Бул Аллахтан корккондуктан ушундай эле.
Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам)дын мүнөзүндө өзүн төмөн тутуу
өтө көп болгон, ошондуктан үммөтүнө:
«Мени өтө эле аша чаап мактабагыла жөн гана Аллахтын кулу»-дегиле деп айтаар эле.
Эгерде кедей же кары картаң аны менен сүйлөшөм десе анын сөзүн угуу үчүн жолдон чыгып турчу же олтурчу. Эгер бирөө ооруп калса ага барып абалын сурачу.
Бирөөнүн жаназасы болсо ага катышчу.
Конокко чакырса барган. Арпанын нанын же даамсыз ич май менен берсе да кабыл кылган. Пайдасыз сөз сүйлөгөн эмес,
баарынын көңүлүн байкап мамиле кылат эле.
Эч кимди чочутпастан мамиле жасачу.
Заалым, жаман адам менен да жакшы мамиле жасаган, өзүн сактоо үчүн ошондо да көңүлү ачык, жакшы мүнөздө болгон.
Ар бир ишти өз ордунда жасаган.
Олтурганда, турганда дайым Аллахты эстеп (зикир менен) жүргөн. Эл чогулган жерге барган учурунда, кайсыл жерден бош орун тапса ошол жерге олтурган. Эгерде бирөө менен суйлөшө турган болсо ошол адамды тиктеген абалда суйлөгөн. Ким менен мамиле кыла турган болсо, ал адам ойлоп калчу «Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) баарынан мени көбүрөөк жакшы көрөт !»- деп. Бирөө менен олтуруп сүйлөшө турган болсо ошол киши ордунан турмайынча Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) ордунан турчу эмес. Үйүндө эс алуу үчүн жаздык жазданчу.
Үйдөгү жумушун өзү кылаар эле. Мисалы:
Эчки сааса, өзүнүн кийимин тазаласа,
көбүнчө өз ишин өз колу менен кылчу.
Канчалык жаман адам болсо да ал Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам)дын алдына келе турган болсо Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) жумшак мамиле кылчу. Анын көңүлүн калтырчу эмес, ага каттуу соз айтпачу. Каттуу мамиле да жасачу эмес. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) катуу кыйкырган инсан эмес эле. Жамандык кылган адамга,
жакшылык менен жооп берчү !

Эх пайгамбарым сүйүктүүм ?!
Кана эле сенин жанында болуп,
кызматыңды кылсам, Суйуктуу Пайгамбарым !
Колу менен инсан эмес жаныбарды да урган эмес. Албетте шарияттын өкүмүн сөзсүз аткарчу. Бирөөлөр
Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламга жамандык кыла турган болсо,
алардан өч алган эмес. Дайыма жылмайып, жылуу, көңүлү ачык журсө да акыретти ойлоп жүрчү. Бирөөнүн айыбын
элдерге айтчу эмес эле. Ошол адамдын өзүнө да айткан эмес. Бир нерсени бергенде
чын көңүлүнөн берчү.
Кайсыл нерсени сүйлөгөндө сооп болсо
ошону сүйлөгөн.
Жолоочу (мусаапыр) келсе ал жайын сурап, билип турчу.
Бирөө адепсиздик кылса ага чыдачу.

Суйуктуу Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа (саллаллоху алайхи ва саллам) баарынан сулуу, баарынан жогору эң жакшы мүнөздө болгон. Аллах Таала Куранда
Пайгамбарыбызды мактап:
«Эй Мухаммад !
Сен жакшы кулк-мүнөз жана
адеп-ахлактын ээсисиң!”,
Аллах Таала башка аяттын маанисинде айтат: «Биз сени бүткүл ааламга рахмат жана ырайым кылып жибердик!»-дейт.
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) хадисте айтат:
«Мен эң жогорку кулк-мүнөз ээсимин
жана бүткүл ааламга рахмат,
ырайым болуп, жакшы кулк-мүнөздү толуктоо үчүн жиберилдим !»-деп айтат .
Биз туура жолдо болуубуз үчүн,
бул жолдо туура жашап отүүбүз үчүн бир жол башчы издейбиз.
Биз үчүн Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) гана
Жол башчы боло алат.

Али Оши~
Formula.kg

Запись Сүйүктүү Пайгамбарым Мухаммед (саллаллоху алейхи васаллам) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мен түшкөн учак дүйнөдөгү эң заманбап аба майдандарынын бири – Инчхон аэропортуна конгондо денем рахатка курчалып, жыргалга балкый түштүм. Германиянын жараны катары өлкөмдөн сыртка чыгып, башка алыс мамлекетке сапарга келгеним үчүн гана эмес, ушул сапарымда кандайдыр керемет жаңылыктар, мен укпаган,билбеген нерселер болот деген таризде толкунданып жаттым окшойт.


Өзүм мусулманмын. Алдын ала тактаган маалыматтарым боюнча, Америкалык Пью иликтөө борбору иликтеп көргөндө,  протестантизмдин бир агымы болгон евангел христиандары Түштүк Кореяда басымдуулук кылат экен, өлкөнүн калкынын 46%ы эч бир динди карманбагандар. Мына ушундай өлкөдө беш апта болуу үчүн келип олтурам.  Корей жарым аралында мусулмандар азганактай эле экенин укканымда бул мамлекет тууралуу жана андагы маданият жөнүндө мүмкүн болушунча көп маалыматтарды билүү ышкым күчөп кирди. Корей тилин алгачкы ирет угуп, хангыль арибиндеги корей тамгаларын көргөнүмдө ушул тилде сүйлөөнү үйрөнгүм келгендигин даана түшүндүм. 


Сүрөт: Сеулдагы Борбордук мечит 

Корей тилин чөп башылап жаңыдан гана үйрөнүп баштасам да, корей улуттук көйнөгүн кийип турган аялдан Инчхондон Сеулга кантип барууну корейче сураганымда ал сөзүмдү түшүндү бейм, баарын жайбаракат айтып берди. Чет тилди өздөштүргөн ал ийилигиме кубанып бүтө электе, дагы бир жашамал корей кишиге учурап (анын үч баласы бар экен) Итэвондогу мейманкананын дарек-жайын сураганда ал да эмне айтканымды түшүнүп жолду көргөзүп койгондо төбөм тим эле көккө жетти. Айтор, метрого түшүп, кечке жуук мейманкананы таап келдим.

Итэвон – Сеулдагы мусулмандар жашоосунун бир үзүмү

Итэвон – Сеулдагы бүт мусулмандардын баары жашаган район деп койсок болчудай, Сеул шаарында негизинен болжол менен 150 миң мусулман жашайт. Алардын үчтөн бири – этникалык корейлер. Бул аймакта күжүлдөп ары-бери жүргөн жаштарды көп көрүүгө болот, анткени аталган аймакта Сеулдун Борбордук мечити жайгашкан. Мечит алгач 1976-жылы расмий ачылыптыр. Итэвондо көптөгөн адал (халал) ресторандар, дүкөндөр бар. Алардын арасында мээрбан мусулман үй бүлөсүнө тийиштүү “Ид халал” деп аталган корей ресторанын белгилей кетүүгө болот.


Сүрөт: Ола Бора Сон

Учурда Кореяда 15 мечит болсо, Сеулдагы Борбордук мечит алардын бири. Андан тышкары, коомдук жайларда – аэропорттордо, окуу жайларда, соода борборлорунда – мусулмандар үчүн атайын чакан намазканалар бар, андай сыйынуучу жайлардын саны өлкөдө 60 ка жакын.

Ола Бора Сон деген корей кыз араб тилинен сабак берет, мусулман эместер андан ислам тууралуу көп сурашат. Мечитте жергиликтүү мусулман коомундагылар менен жолугуу үчүн конференц-залда турганыбызда  ал кыз менен бир аз убакыт сүйлөшүүгө үлгүрдүм. Так ошол баарлашууда ислам дини эч бир маданиятка, улутка тиешелүү эмес экенин даана сездим. Ал кыз ары мусулман, ары корей кызы болуп турганы – мындай таң калаарлык аралашуу корейлердин өзү үчүн же чет өлкөлүктөр үчүн бир кызыктай туюлаар,.. а мен корей көйнөгү – ханбокту кийип мусулман болуп турган кызды көргөнүмдө исламдын улут, маданият тандабастыгына анчалык таң калганым деле жок.


Сүрөт: Чхандоккун сарайынын жанында ханбок кийип турган эки кыз

Ханбок – корейлердин хижабы

Жакында эле сыналгыдан бир жаш корей кызы “ханбок кийгенде кандайдыр абийир, намыт күтүп калаарын, так ушул кийимди кийүү менен өзүн жарашыктуу, салабаттуу сезээрин” айтканын көрүп уктум эле.

Жарашыктуу, салабаттуу кийинүүгө ислам дини да чакырат эмеспи. А турсун мурда корей аялдары башын чанот деп аталган жоолук менен оронуп жүргөнүн уккан эместирсиз?  Бул кадимки эле мусулман аялдары башына салып жүргөн хижаб мисалындай. Бир учурларда ханбок кийими такыр унутула жаздап, корейлер батыштын модалуу кийимдерине качырып калышты эле, бирок соңку кездерде сырттан келген туристтер үчүн да, корейлердин өзү үчүн деле ханбок кадырлуу кийимге айланып барат.

Ханбок кийимин ижарага алып, корей достору, курбулары менен тарыхый сарайда, мисалы Кенбоккун же Чхандоккунга барып сүрөткө түшүп, саякаттоо эмки учурда туристтердин жан дили менен жасачу иши болуп калды.  Ханбок кийинип алган туристти көрсө көптөгөн туристтик жайларда акы албай турган жакшы адат пайда болду. Бүгүнкү күндө корей модельерлери бул улуттук кийимге башкача түс, көрк берип, баасын да анча кымбат эмес кылып иштеп чыга башташты.


Сүрөт: Ханбоктун заманбап үлгүсү

Корей маданияты жана ислам

Дүйнөдөгү белдүү маалымат каражаттары исламды бурмалап “террорчулардын дини” катары көргөзүү далалаты күчөп турган маалда, корей мусулмандары баскан-турганы, башкаларга жасаган мамилеси аркылуу адамдардын исламга болгон көз карашын жакшы жакка өзгөртүүгө шарт түзүшүүдө.

Менин сүйүктүү сүрөтчүлөрүмдүн бири, учурда Бириккен араб эмираттарында жашаган, мусулманчылыкты кабылдаган Кореялык аял Муна Хемин Пэ (Muna Hyunmin Bae) өз колунан жаралган не бир керемет сүрөттөр менен корей маданияты канчалык денгээлде исламга жакын жана тыгыз экенин далилдеп келет.


Сүрөт: Кореялык мусулман айым, сүрөтчү Муна Хёнмин Пэ (Muna Hyunmin Bae)​

Маалымат булагы:    автор Карим Джордан (Karim Jordan)
                                     About Islam

Которгон: ISLAMLIFE.KG 

Запись Корей мусулмандары – маданият менен диндин суктанаарлык айкалышуусу впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Имам Абдуссалам Аль Мубарак Фуурий (р.а) бул окуяны мындайча эскерет.

Бир жолу Имам Бухарий рахматуллахи алайхи бир кемеде сапарга бараткан болчу.

Сапарлаштардын бирөөсү Имам Бухарийге өзүн жакын алып, урматтап, кызматын кылып, өтө жакшы көрүп, сыйлаарын айта баштады. Имам Бухари анын адеп ахлагын, ыкластуулугун көрүп, сырдашып баратты.
(бир риваятта айтылуусу боюнча ал киши Имам Бухарийден жалган сүйлөөнүн арамдыгы тууралуу хадистерди сурап жатты). Имам Бухарий ага хадистерди баяндап берди.

Ал киши айтты:

-Сиз дайым туура сүйлөсөңүз, канча акчаңыз бар экенин ачык айтыңызчы? деп сурады.

Имам Бухарий миң динары бар экенин айтты. Кыскасы ал киши акчанын так суммасын билди. Бир түнү жанагы киши Имам Бухарийнин жанында жатып таң атырды да эрте менен өкүрүп кыйкырып, кийимдерин жыртып, чачтарын жулмалай баштады.

Элдер чогулуп эмне болгонун сураганд:

-Менин бир баштыгым жоголду, анда миң динарым бар болчу,- деди.

Элдер кемедеги ар бир жүргүнчүнү жеке-жеке текшерип көрүүнү кеңешип, текшере баштады. Ошол кезде Имам Бухарий акырын баштыгын сууга чөктүрүп жиберди. Элдер баарын текшерип, эчкимден таппай койгондуктан жанагы кишини жемелей башташты. Кеме жээкке чыккандан кийин жанагы киши Имам Бухарийден:

-Динарлар кайда калды? деп сурады.

Имам Бухарий:

-Сууга чөктүрүп жибердим,- деди.

Киши:

-Ошончо акчаны жоготуп алууга кантип бардыңыз? деди.

Имам Бухарий:
-Эй жаахил сен билесинби! Мен бүт өмүрүмдү хадис чогултууга жумшаганмын. Ааламдагы мусулмандар менин ишеничтүү экениме ынанып , менин хадистеримди эч бир күмөнсүз эле кабыл алышат. Мен кантип уурулукка дооматка калып, элдин ишеничинен чыгып калайын. Андан көрө бираз динардан ажырап калганым артык эмеспи,-деди.

Даярдаган: Юсуп ажы Сайпиев

Запись Имам Бухарийдин даанышмандуулугу впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жакында Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрөгасы Абдишүкүр ажы Нарматов дүйнөлүк Ахли Сунна аалымдар лигасына мүчө болду.

Бул адамдын насааттары, ташка тамга баскандай айтылган сөздөрүн, учкул кебин журналист Гүлдана Талантбекова топтоп алды.

Билмексен бол…

— Кайгылуу күндөр эсиңе түшсө, аларды болбогон деп бил жана жашооңду уланта бер!

— Жийиркеничтүү, уят сөздөрдү угуп калсаң, кулагыңдын сыртынан кетирип, жолуңду уланта бер!

— Кимдир бирөө жамандык кылса, аны кечир жана эч нерсе болбогондой жашооңду ула!

— Бул дүйнөнүн кайсы бир жакшылыгына жетпей калсаң кайгырба, эч нерсе болбогондой өмүр сүрө бер. Анткени өмүр кыска. Бакытка жетпей туруп өзүн бактылуу сезген адам – чыныгы бактылуу.

— Ар бир айтылган сөздү тактай бербе!

— Сен жөнүндө айтылган сөздөрдү териштире бербе!

— Сага жамандык кылган ар бир адам менен эсептеше бербе!

— Сага кол салган ар бир адамга кол салышың шарт эмес!

— Сага душмандык кылган адамдан өч алба!

— Эгер сак болсоң, Алла Таала ден соолугуңду чың кылат. Түнү тынч уктайсың, ырахаттанып жашайсың, көңүлүң тынч болот.

— Жыйында отурганда тилиңди сакта.

— Бөтөн бирөөнүн үйүндө көзүңдү сакта.

— Тамактанганда ашказаныңды сакта.

— Эки нерсени — адамдардын сага кылган жамандыгын жана өзүңдүн адамдарга кылган жакшылыгыңды эч качан эстебе.

— Эки нерсени — Алла Тааланы жана акыретти эч качан унутпа.

— Эгер сага орой сүйлөсө, ага ачууланба, жөн гана жылмайып кой. Анткени, ал өзүнүн ким экендигин сага көрсөтүп койду. Адамдын көркү — акыл, акылдуу адамдан гана акылдуу сөздөр чыгат. Ириген ооздон чириген сөз чыгат. Тентекке теңелип, терек бою секирбе!

— Эгер бирөө сага тилинин канжарын сайып жараласа, сен да ошол канжар менен жооп беришиң шарт эмес. Тескерисинче, сен ага жылмаюунун кылычын сайып алсаң жакшыраак болот.

— Ниетиңди түздө, туура эмес оюңду адамдарга таңуулаба!

— Кайнап жаткан суудан өзүңүздүн жүзүңүздү эч качан көрө албайсыз… Ошол сыяктуу эле ачууланып турган кезиңизде акыйкатты көрбөй каласыз…

Катанын үч түрү

— Текеберлик (бой көтөрүү, менменсинүү). Шайтан текеберлигинен Алла Тааланын каар-каргышына калган;

— Ач көздүк. Ач көздүктүн айынан Адам ата Бейиштен куулган;

— Көрө албастык. Көрө албастыктын кесепетинен Адам атанын уулдарынын бири экинчисин өлтүргөн.

Насааттары

— Залимдик акыры кырсыкка же кыйроого кабылтат. Ошондуктан күнөө кылып өзүңүзгө залимдик кылбаңыз. Адамдарды колуңуз менен да, тилиңиз менен да ыза кылбаңыз. Сизден зулум көргөн адам, сиздин зыяныңызга дуба кылса, анда кантип тынч уктай аласыз?! Адамдардын жүрөгүн жаралап, көз жашын агызып, анан кантип кенен-кесир өмүр сүрөсүз?!

— Эч качан ачууланбаңыз, ачууланган кезде адам өзүн жоготот, акылы менен эмес, ачуусу менен чечим чыгарып калат. Ачуу менен чыгарылган чечимдин аягы кайгылуу, акыбети өкүнүчтүү болот.

— Жумушуңуз же байлыгыңыз сизди балдарыңыздан алыстатып койбосун. Анткени, балдарга туура тарбия берүү чоң вазыйпа, балдарыңыздын такыба болуп өсүүсү, тентек эмес, элпек болуп чоңоюусунун өзү эле баа жеткис байлык.

— Дайыма бактылуулук жана кубаныч жөнүндө сүйлөңүз, ошондо аны табасыз. Кайгы-капа, кыйынчылык жөнүндө ооз ачпаңыз, антпесе жамандык артыңыздан ээрчип алат.

— Убакытты кадырлай билиңиз, аны ибадатсыз өткөрүп алуудан коркуңуз. Жоголгон байлыкты тапсаңыз болот, бирок өткөн убакытты артка кайтара албайсыз. Убактыңызды пайдалуу нерселер менен гана өткөрүңүз…

— Жумушуңду берилип аткаруу үч нерседен — зеригүүдөн, бузукулуктан жана кедейликтен сактайт.

— Дос лифт сыяктуу, сени бийикке көтөрөт, же төмөнгө түшүрөт. Ошондуктан кандай лифтке түшүп жатканыңа көңүл бур!

— Ыйласаң да, сыздасаң да, күлсөң да, күйүнсөң да таң атып, кайра күн батат, жашоо улана берет. Кайгыга батып жүрө бербей күлүп жашаганды үйрөн, кайгыргандан пайда таппайсың.

— Эч кимге эмне үчүн көз жаш төккөнүңдүн себебин айтпа, анткени ал сени кантип ыйлатканды билип алат.

Өкүнүчтүү…

— Диниме, элиме жана мекениме болгон сүйүү кан тамырда кошо айланбай жаткандыгы кандай өкүнүчтүү.

— Пара алуу, сүткорлук кылуу, зына ишке баруу, бирөөнүн байлыгын арам жол менен тартып алуу жана башка арам иштердин мусулмандардын арасына кенен жайылып кеткендиги кандай өкүнүчтүү.

— Ата-эненин бирөөсү сага ачуусу келген абалда көз жумганы кандай өкүнүчтүү.

“Спутник”

Запись Абдишүкүр ажы Нарматов: кайнаган суудан жүзүңдү көрө албайсың… впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.