Halloween party ideas 2015

Мен түшкөн учак дүйнөдөгү эң заманбап аба майдандарынын бири – Инчхон аэропортуна конгондо денем рахатка курчалып, жыргалга балкый түштүм. Германиянын жараны катары өлкөмдөн сыртка чыгып, башка алыс мамлекетке сапарга келгеним үчүн гана эмес, ушул сапарымда кандайдыр керемет жаңылыктар, мен укпаган,билбеген нерселер болот деген таризде толкунданып жаттым окшойт.


Өзүм мусулманмын. Алдын ала тактаган маалыматтарым боюнча, Америкалык Пью иликтөө борбору иликтеп көргөндө,  протестантизмдин бир агымы болгон евангел христиандары Түштүк Кореяда басымдуулук кылат экен, өлкөнүн калкынын 46%ы эч бир динди карманбагандар. Мына ушундай өлкөдө беш апта болуу үчүн келип олтурам.  Корей жарым аралында мусулмандар азганактай эле экенин укканымда бул мамлекет тууралуу жана андагы маданият жөнүндө мүмкүн болушунча көп маалыматтарды билүү ышкым күчөп кирди. Корей тилин алгачкы ирет угуп, хангыль арибиндеги корей тамгаларын көргөнүмдө ушул тилде сүйлөөнү үйрөнгүм келгендигин даана түшүндүм. 


Сүрөт: Сеулдагы Борбордук мечит 

Корей тилин чөп башылап жаңыдан гана үйрөнүп баштасам да, корей улуттук көйнөгүн кийип турган аялдан Инчхондон Сеулга кантип барууну корейче сураганымда ал сөзүмдү түшүндү бейм, баарын жайбаракат айтып берди. Чет тилди өздөштүргөн ал ийилигиме кубанып бүтө электе, дагы бир жашамал корей кишиге учурап (анын үч баласы бар экен) Итэвондогу мейманкананын дарек-жайын сураганда ал да эмне айтканымды түшүнүп жолду көргөзүп койгондо төбөм тим эле көккө жетти. Айтор, метрого түшүп, кечке жуук мейманкананы таап келдим.

Итэвон – Сеулдагы мусулмандар жашоосунун бир үзүмү

Итэвон – Сеулдагы бүт мусулмандардын баары жашаган район деп койсок болчудай, Сеул шаарында негизинен болжол менен 150 миң мусулман жашайт. Алардын үчтөн бири – этникалык корейлер. Бул аймакта күжүлдөп ары-бери жүргөн жаштарды көп көрүүгө болот, анткени аталган аймакта Сеулдун Борбордук мечити жайгашкан. Мечит алгач 1976-жылы расмий ачылыптыр. Итэвондо көптөгөн адал (халал) ресторандар, дүкөндөр бар. Алардын арасында мээрбан мусулман үй бүлөсүнө тийиштүү “Ид халал” деп аталган корей ресторанын белгилей кетүүгө болот.


Сүрөт: Ола Бора Сон

Учурда Кореяда 15 мечит болсо, Сеулдагы Борбордук мечит алардын бири. Андан тышкары, коомдук жайларда – аэропорттордо, окуу жайларда, соода борборлорунда – мусулмандар үчүн атайын чакан намазканалар бар, андай сыйынуучу жайлардын саны өлкөдө 60 ка жакын.

Ола Бора Сон деген корей кыз араб тилинен сабак берет, мусулман эместер андан ислам тууралуу көп сурашат. Мечитте жергиликтүү мусулман коомундагылар менен жолугуу үчүн конференц-залда турганыбызда  ал кыз менен бир аз убакыт сүйлөшүүгө үлгүрдүм. Так ошол баарлашууда ислам дини эч бир маданиятка, улутка тиешелүү эмес экенин даана сездим. Ал кыз ары мусулман, ары корей кызы болуп турганы – мындай таң калаарлык аралашуу корейлердин өзү үчүн же чет өлкөлүктөр үчүн бир кызыктай туюлаар,.. а мен корей көйнөгү – ханбокту кийип мусулман болуп турган кызды көргөнүмдө исламдын улут, маданият тандабастыгына анчалык таң калганым деле жок.


Сүрөт: Чхандоккун сарайынын жанында ханбок кийип турган эки кыз

Ханбок – корейлердин хижабы

Жакында эле сыналгыдан бир жаш корей кызы “ханбок кийгенде кандайдыр абийир, намыт күтүп калаарын, так ушул кийимди кийүү менен өзүн жарашыктуу, салабаттуу сезээрин” айтканын көрүп уктум эле.

Жарашыктуу, салабаттуу кийинүүгө ислам дини да чакырат эмеспи. А турсун мурда корей аялдары башын чанот деп аталган жоолук менен оронуп жүргөнүн уккан эместирсиз?  Бул кадимки эле мусулман аялдары башына салып жүргөн хижаб мисалындай. Бир учурларда ханбок кийими такыр унутула жаздап, корейлер батыштын модалуу кийимдерине качырып калышты эле, бирок соңку кездерде сырттан келген туристтер үчүн да, корейлердин өзү үчүн деле ханбок кадырлуу кийимге айланып барат.

Ханбок кийимин ижарага алып, корей достору, курбулары менен тарыхый сарайда, мисалы Кенбоккун же Чхандоккунга барып сүрөткө түшүп, саякаттоо эмки учурда туристтердин жан дили менен жасачу иши болуп калды.  Ханбок кийинип алган туристти көрсө көптөгөн туристтик жайларда акы албай турган жакшы адат пайда болду. Бүгүнкү күндө корей модельерлери бул улуттук кийимге башкача түс, көрк берип, баасын да анча кымбат эмес кылып иштеп чыга башташты.


Сүрөт: Ханбоктун заманбап үлгүсү

Корей маданияты жана ислам

Дүйнөдөгү белдүү маалымат каражаттары исламды бурмалап “террорчулардын дини” катары көргөзүү далалаты күчөп турган маалда, корей мусулмандары баскан-турганы, башкаларга жасаган мамилеси аркылуу адамдардын исламга болгон көз карашын жакшы жакка өзгөртүүгө шарт түзүшүүдө.

Менин сүйүктүү сүрөтчүлөрүмдүн бири, учурда Бириккен араб эмираттарында жашаган, мусулманчылыкты кабылдаган Кореялык аял Муна Хемин Пэ (Muna Hyunmin Bae) өз колунан жаралган не бир керемет сүрөттөр менен корей маданияты канчалык денгээлде исламга жакын жана тыгыз экенин далилдеп келет.


Сүрөт: Кореялык мусулман айым, сүрөтчү Муна Хёнмин Пэ (Muna Hyunmin Bae)​

Маалымат булагы:    автор Карим Джордан (Karim Jordan)
                                     About Islam

Которгон: ISLAMLIFE.KG 

Запись Корей мусулмандары – маданият менен диндин суктанаарлык айкалышуусу впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.