Halloween party ideas 2015

Кайгырып капаланба .
Жакшы кеңештер.
(Интернеттин зыяндары .)

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохийм.

Сиздин динден ыймандан кабарыңыз жакшы,
такыбаасыз мейли.
Ыйман менен жакынсыз, бирок
убакыт тар,колуңуз бош эмес,жумуш көп.
Жакындарыңызга өтө аз убакыт ажыратасыз.
Аял, балдарыңыздын каажеттерин бүтүрүп, керектүү нерселер менен камсызкылып турасыз.
Кымбат баалуу телевизор,
эч болбогондо жөнөкөй болсо да телевизор бар .
Парабалический антенага улап,
бала-чакаңыз, аялыңыз жакшы жашасын деп кылдыңыз да. Компютер коюп wifi улап берип,
колуна кымбат телефон алып бердиңиз.
Бирок сиз жокто байкаш бала
эмнелерди тиктеп олтурганын билесизби ?
Кимдер менен сүйлөшүп жатат,
кимдер менен алакада,
ким менен көрүшүп жатканын билесизби ?
Аялыңыз телевизордон кайсы эркектерди тиктеп олтурганын, кайсы сериялды көрүп ,
эки көзү агып кеткиче тигилип
олтурганын билесизби?

Тааныш телефон оңдогон
уста балдар бар эле айтып жатышат .
Алардын кылган иштери да туура эмес .
Айтат:
– Биз устабыз, кыздар келип оңдоо үчүн телефондорун таштап кетишет .
Историясына, эмнелерди көргөнүн көрүп
эркек башың менен жерге кирейин дейсиң -дейт.
Караңыз кандай зыян экенин .
Адам баласы бир күнөөнү жашырынып кылууну токтотпосо, ал күнөөнү ачык кылууга өтөт.

Жакынкы эле жылдары интернет, телевизор, телефон, компютер колдонбой жашап көрөйлү деп, 68 жаш баланын катышуусунда атайын эксперимент өткөрүлгөн .
8 саатка 68 баладан 3 бала гана чыдаган.
Бириси дагы уктаганы аракет кылган эмес,
баары оюн-күлкү, жумуш менен алек болгон.
Анткени адам баласы ушундай бир ооруга кабылды бүгүнкү күнү,
тынч жатып уктоодон үммөт айрылды .
Баардык адамдар бүгүнкү күндө
одноклассник, фейзбук, ватсаппта олтуруп,
кулака наушник салбаса
уктай албай турган даражага жетти .
Бир күн телефон жок болсо кыйналып уктайсың.
Эрте менен туруп көзүн ачаары менен ватсаппка карайт ким жазыптыр деп.
Сизге президент жазат беле,
а бир напсисин кармай албай жүргөн бирөө жазат да )))
Туурабы туура эмеспи ?

Караңыз тууганым бул оорудан айыгуунун жалгыз жолу бар .
Бул, сүннөт менен жатып , сүннөт менен ойгонууну адат кылышыбыз керек !
Китептерде бул маселе жок, интернеттин зыяны айтылган эмес, бирок зыяны көп болуп тургандыктан зыянды жашырбай
айтышыбыз керек болуп турат да .

Интернет, телефонду
көрбөсүн дебейбиз, көрө берсин,
убакыты менен зарыл нерселерди көрсүн .
Мындан 3-4 жыл илгери башталган сериялдар
кээ бирлери бүтө элек болуш керек менимче.
Бирөө айтып күлдүрдү эле:
– бир жылы үйгө кирсем туугандарым Султан Сулейманды көрүп олтурушуптур .
2 жылдан кийин кирсем,
ошол эле кино экен бирок
небере чеберелерин көрүп олтуруптур -деп).

Эх тууганым канча өмүрүң телевизордун астында өтүп кетти ээ карачы ?!
Ал убакыт кайра кайтып келбейт.
Кыяматта ал үчүн да сөзсүз сураласың !
3 жылда адамдар каары болуп жатышат.
Эгерде күнүнө телевизор менен интернет пайдалангандай, аларга
убакыт бөлгөндөй ар бирибиз
Куран үйрөнүүгө бөлсөк Кыргыздын баары
каары болуп кетсе керек эле ).
Динге келгенде эле,
намазга келгенде эле
бизде убакыт жоголуп кетет ..
Туурабы туура эмеспи ?

Азыркы күндө бизде жоролор менен өзүнчө, классташтар менен өзүнчө,
курсташтар менен өзүнчө, иш коллектив өзүнчө, туугандар өзүнчө, зал өзүнчө ж.б болуп ар апта сайын 2-3 саат олтуруп аш плов жемей, куурдак жемей адатка айланган.
Же шашлык жемей ..
Дагы бизде убакыт жок дейбиз .
Убакыт бизде көп, болгону аны туура пайдаланууну билбейбиз.
24 саатыңыз болсо аны үчкө бөлүп алыңыз .
8 саатын динге Аллах үчүн,
намаз окуң, мечитке барыңыз,
Куран окуңуз, жакшылык кылыңыз.
8 саатын дүнүйөгө бөлүң,
жумуштар бар аларга ажыратыңыз.
Акыркы 8 саатты уйкуга бөлүңүз .
Караңыз кандай жакшы амал,
бүт баарына жетишесиз .
Дүнүйөгө 24 саатты сарптап койсоңуз да,
уктабай жүрүп, намаз окубай жүрүп,
дүйнө топтойм десеңиз пешенеге жазылганынан артыгын таба албайсыз, ала албайсыз!
Улуу аалымдар айтышат :
“Жазылган болсо кайда качамын,
жазылбаса эмнеге кыжаалат боломун?”-деп.

Телевизор менен телефонду карай берип
көздөрү ооруп, кызарып кетет .
Сериялдарды, кинолорду көрүп эзилип ыйлайт.
Бирок Куран укса ыйлай албайт,
жүрөктөр таш болуп калган туугандар .
Өлүмдү унутканбыз, Аллахты унутканбыз.
Тамактанып бүтүп сүйлөшүп 2 саат олтурабыз,
ошончолук мечитте ыймандын
сөзүн сүйлөшпөй калбадыкпы ?
Телефон менен алекпиз,
ошончолук теспени кармабай калдык го ?
Телевизорду тиктегендей
Куранды тиктебей калбадыкпы ?
Интернетке убакыт бөлгөндөй жакындарыбызга
ата-энебизге убакыт бөлө албай калдык. .
Достор келгиле бир ааз болсо да оңолуунун амалын аткарайлы .
Эч кимди кемсинтпей,
жамандык тилебей, жакшылык каалап,
сыйлап жашаганды үйрөнөйлү .

Бай-кедей болбой, чоң-кичине болбой,
сиздики меники болбой биригип,
ынтымакта жашай турган элбиз .
Баарыбыздын баруучу жерибиз бир !
Ар бирибиз кабырда жатабыз .
Мен дагы сиз дагы.
Элестетиңиз жатканыңызды,
элестетиңиз махшарда туруп кыйналганыңызды ..

Биз мусулманбыз,
Аллага ыйман келтирген пенделербиз .
Улутка, урууга бөлүнө турган кез эмес азыр.
Кабыр караңгы, кийүүчү кийимибиз да бир.
Кедей дагы, бай дагы аны сөзсүз көрөбүз .
5 машинасы болсун, банктары болсун,
миллиондорду оборот кылган компаниясы болсун, 10 аялы болсун, 280 баласы болсун,
Президент болсун, тилемчи болсун
базардын четинде сатылган ак материалга гана орошот да, заматта көмүп кайтышат .

Ал мейли эң атактуу адам болсун,
элдин баары бир көрүп учурашканы зарыккан..
Бирок, өлүм келсе эч ким учурашкысы келбейт,
өтө тез убакыттын ичинде алып барып
көмүүнүн айласын издеп калышат.
Эстелик деп үстүнө хан сарай
үч эташ дом салсын,
мунара салсын, кедейлерге кичине бир ташты
белги кылып койсун
ал нерселердин баары дүйнөнүкү,
дүйнөдө баарыбыз ар түрдүүбүз,
баарыбыз периште сыяктуубуз,
астында чындыкта жатабыз !

Же көрдүңүз беле 3 кабаттуу
7 комнатасы бар кабырга коюлуптур,
жанында биллярдный столу менен,
мончосу бар экен деген кепти ?
Же уктуңуз беле минген машинасын да кошуп көмүп, телефонун жанына зарядкасы менен
кошо көмүп, кабырга эң кымбат люстра илип,
обойдон жармаштырыптыр дегенди ?
Жоок, болгону какыраган таштуу талаадан,
2 метр жерди гана ээлейсиң.

Бирөөгө 300 сом акча берсе 6 саатта жерди казып, түштөн кийин алып барып көмүп салат,
ошону менен бүтөт сенин күйгөнүң,
кыйналганың, сүйүүлөрүң, сулуулугуң,
мал-мүлкүң, ишенгениң, жакындарың бириси келип жардам бере албайт,
андан ары адилеттүү мамиле ,
кандай адам болсоң ыйманыңа жараша
мамиле кылышат.
Ыймандуу болуп, ыйман амалдарын аткарган болсоң Бейиш бакчаларында же тозоктун чуңкурунан болгон бир чуңкурда жатасың.
Тирүүсүндө баары пирдей,
өлүмгө баары бирдей !
Биз баарыбыз бирдейбиз туугандар ..
Биз бир дене сыяктуубуз,
кайсы бир жериңе тикен кирсе
баардык жериң сыздагандай .

Улуу айда турабыз,
бири-бирибизди кечирип,
жакшылык каалап, кемсинтпей,
Аллах Таалага кулчулук кылып оңоло турган,
өзгөрө турган кез келбеди бекен ?
Бири-бирибизди жакшы ойлоп,
бири-бирибиздин кайгыбызды
бөлүшө турган кез эмеспи ?

Эмнеге бүгүнкү күндө байлыгы батпай жаткан чоңдор кыйналып жатат ?
Эмнеге бүгүнкү күндө үй-бүлөө бузулуп ,
акчасы бар, үйү бар, машинеси бар болсо деле ата – энелер ажырашып жатышат ?!
Ал киши ойлойт эле машина алсам жакшы жашайм, үй салсам тынч жашаймын деп .
Сулуу аял алсам бактылуу боломун деп акылга салат эле, бирок ошолор менен
азап тартып жатат !
Эмне үчүн бүгүнкү күндө адамдардын жүрөгү тынч эмес, эмнеге адамдар кыйналып жатат!?
Жаныбарлар кыйналса, алардын акылы жоок мейли эле. Бирок, акылы бар инсаният бүгүнкү күндө кыйналып кор болуп жатат,
акыйкатты акыйкат дебей,
жашоонун жолун билбей кыйналып жатышат!

Адам баласы Аллахты тааныбаса анын эч качан жүрөгү тынчыбайт, анын эч качан жан дүйнөсү нурданбайт ! Эмне үчүн байлар балконго чыгып,
тамекиге түтөп ары-бери басып ойлонуп,
жүрөгү сыгылат ??
Аллахты тааныбаганы үчүн гана !

Сүрөткө түшкөндө ар бир адам жылмайып түшөт,
как будто ааламдагы эң бактылуу адамдай .
Өзүн-өзү алдап жатат,
жүрөгү кайгыга толуп калган анын .
Жан дүйнөсү карайып, ойлоно берип жарылайын деп калган . Көкүрөктө бир деме өйкөп турат, өзүн зордоп эле жылмайып жүрөт ал !
Чоң кымбат машина айдап баратат,
сыртынан күлгөнү менен
ичинде өзүнчө эле кайгы..
Чет жерде иштеп жүрөт,
тапканы чоң акча, бирок жүрөгү тынч эмес.
Дагы сүрөткө жылмайып түшөт,
кимди алдап жатат, өзүн эмеспи туугандар ?
Туурабы же туура эмеспи ?

Аллага болгон ишеним, ал Затты сүйүү.
Жашоонун неъматы, жан дүйнөнүн тынчтыгы..
Көздүн тынчтыгы, шүгүрчүл дене..
Бактылуу өмүр, нүрдуу жашоо.
Тынч, жыргал жашоону каалаган пенде?
Аллахка болгон ишенимиң гана?

Эй таза түгөйдү издеген пенде,
Роббиге болгон ишенимиң гана ?

Эй нурдуу жашоону издеген пенде,
Аллага болгон сүйүүң гана?
Карыздар пенде,
Жаратканга болгон мамилең гана?

Сыноолордон тажаган,
проблемалардан кыйналган пенделер ,
Аллахка болгон ишеничибиз гана ?

Күнөөкөр пенделер ,
Кечиримдүү Затка болгон сүйүүбүз гана?
Роббиге болгон ишеним канчалык керек бүгүнкү күндө,суу менен абадан зарыл болуп турбайбы?

Аллах Таалам дуба кылгыла
кабыл кыламын деген ишенбейбизби,
Аллахтан да чынчыл Зат барбы?

“Кедейчиликтин артынан байлыкты беребиз,
Кыйынчылыктан соң жеңилдик беребиз !”-
деп жатат ага ишеним керек.
Ишене берейли жүрөктөн,
кайгыга батпаңыз, кайгырбаңыз !

Аллах Таалам бактылуу кылат,
Аллах Таалам бактысыз кылат,
кайгы берет, тынчтык берет .
Ырыскыңыз Аллахтын көзөмөлүндө,
жашооңуз Аллахтын көзөмөлүндө.
Биз ал Затты тааныйлы ,
Аллах деңиз бактылуу болосуз !
Аллах деңиз жан дүйнөңүз эс алат !
Аллах деңиз кайгы кетип, жүрөктөр нурданат..

Аллахым жүрөктөрүбүздү ыйман менен нурландыргын, көөдөндөгү кайгы капаны кетиргин, жашообузду оңдогун .
Өзүңө жолугууну насип кылгын.
Өлүм учурун бизге жеңил кыл,
Лаа илааха иллаЛлоох
МухаммадурРосуулЛоох келимеси менен аманатыбызды тапшырууну насип кылгын .

Эгер Аллах каалабаса
эч ким бул келимени айта албайт,
Аллах каалабаса эч ким
бейишке кире албайт .
Эч ким өзүнүн амалы менен бейишке кире албайт эгер Аллахтын мээрими болбосо .
Аллах деңиз бактылуу болосуз !

Кайгырбагын, капаланба,
Аллах сени менен !

Өтмүшкө, күнөөлөргө тообо де,
жүрөктүн сыгылуусу күнөөнүн көптүгүнөн.
Кайгыруу адамга чоң зыян берет.
Эгер тообо кылып кайгырсаң,
анда жан дүйнөң ырахаттанат .
Аллах Таалам кааласа зыяндан пайда,
пайдадан зыян берет.

Бул жашоодо кайгырба .
Анткени кайгы өтмүштү эске салат,
келечектен кабатыр кылат ,
бүгүнкү күнүңдү жок кыласың .

Капаланба, жан дүйнөң жабыркайт,
жүзүңдүн нуру кетет,
жакшылыктан үмүт үзүлөт.

Эй момун пенде,
кайгы душманыңды кубандырат,
досуңду жабыркатат ..
Кайгынын себебинен
акыйкатты көрө албай каласың !

Кайгырба, капаланба.
Анткени бул нерселер,
сага берилген неъматтарга нааразычылык билдиргенге барабар.
Ар дайым Аллахтын берген жакшылыктарына
кубанып жаша .
Кайгырба, анткени кайгыруу
өлгөндөрдү тирилтип бербейт,
кеткенди кайтарып бербейт .
Пайгамбарыбыз сынып калган нерсени көрсө кайгырбайт эле, боло турган нерсе болду – деп коёр эле.

Капаланбагын!
Капалануу шайтандан.
Шайтан өмүр бою кайгырып өтөт,
жана түбөлүк кайгырат .
Үмүтсүз ал, а сен жакшылыктарды үмүт кыл,
жашагын ыйман менен
бактылуулукка кол сунуп !

Жаш болсоңуз жаштын тилегин берет,
жакшы амалдарды,
Аллах ыраазы боло турган
иштерди нийет кылыңыз .
Аллахтын берген жакшылыктарын унутпаңыз!
Машинаңыз жокпу, буту жоктор бар.
Үйүңүз жокпу, ааламда кийимге зарлар бар!
Колуңузда аз болсо,
дүйнөдө карызга батып кеткендер бар.

Шүгүр кылып жаша
Жүрөгүң тынчтанат !

Кайгырып, капаланба, көп сыгылба .
Бул дүйнө кайгырууга татыктуу эмес!
Балаңыздан ажырасаңыз дүйнөдө
көптөгөн туугандарынан ажырап
жалгыз калгандар бар.

Капаланба!
Күнөө кылсаң тообо кыл.
Жаман иш жасадыңбы истигфар айт,
ага кайтып барба, андан кач !

Ката кылып алсаң оңдогону аракет жаса,
анткени бир да ката кетирбеген адам болбойт,
туура эмес ишиңден сабак алгын,
бактылуу болосуң !
Аллахтан коркуп жаша,
Аллахтын Мээрими кенен !
Тообо эшиги ачык ..

Капаланып кайгырсаң нервтериң жабыркайт.
Сенден адамдар кача баштайт .
Жылмай, Аллахты эстеп жүр
даражаң бийик болот !

Ибаадатты күчөйт
жан дүйнөң жылмаят,
дүйнөгө жылмайсаң
дүйнө сага жылмайып карайт !

Ар кимдин кебине кулак төшөп
пайдасыз сөздөрду угуп жүрөгүңдү кайгыга батырып алба, Роббиңдин сөздөрүн ук !

Адамдар эмне дейт, эл эмне дейт,
тиги эмне дейт, бул эмне дейт деген
куру намыстар сени жеп түгөтөт,
ага маани бербе,
өзүң үчүн жаша ,
бир жолу болсо да олтуруп угуп көрчү
Роббиң эмне дейт экен Куранда ?
Куран оку, кулак сал, жүрөгүң жумшарат.
Тилиңден таза сөздөр чыга баштайт .

Жашоого кайгырба,
жаза турган калем кургаган,
китептер жабылган .
Андан азында,
мындан көбүн да ала албайсың.

Колуңдан бир нерсе кетсе кайгырба,
аны Аллах берди кайра Өзү кайтарып алды .
Андан башка көптөгөн жакшылыктар сени куурчап турат, сени аны байка .

“Аллахтын берген неъматтарын эсептеп эсебине жете албайсыңар!”- деген аятты жүрөктө сакта.
Бир көзүң жок болсо экинчиси бар.
Бутуң болбосо колдоруң, акыл эсиң бар .
Тиштериң кыйшак болсо кандай бактылуусуң!)
Ааламда бир да тиши жок адамдар бар.

Көрө албастык хасад кылган,
сага жамандык жасаган адамдарга
кечиримдүү болуп сабыр кыл,
жакшылык каала.
Ит келип сени тиштесе
сен барып итти кайра тиштейсиңби ?
Сенин кадырың болгону үчүн сени сөз кылышат.
Сендеги жакшылыктарды көрүп хасад кылышат,
сен сабыр кылып,
жакшылык тилеп жашооңду уланта бер, адамдардын эң бактылуусу болосуң!

Ар дайым Аллахты эстеп жүр !
Коркуп жүр, тообада жүр .
Аллах Таалам акыйкатта өтө Кечиримдүү Зат!
Берешен Зат !
Үйүңүздүн үстүнө жамгыр жаадырып,
бак-дарактарды өстүрүп, мөмө-жемиштерди чыгарып, сууларды агызып,
бала-чака берди бул неъматтарды
кантип көрбөйсүз ?

Кайгырбаңыз эч качан тууганым,
оорулар айыгат, күнөөкөрлөр кечирилет, карыздарлар карызынан кутулушат.
Жазаасын алгандар кайтып чыгышат .
Кеткендер кайтып келишет.
Күнөөкөрлөр тообо кылат,
Заалымдар кылган күнөөсүнө
сөзсүз жазаасын алышат санаа тартпаңыз !

Сиз адамдарга жардам берсеңиз,
каажетин бүтүрүп чарчасаңыз,
кыйналып турсаңыз да кайгырбаңыз .
Анткени пенденин каажетине жардам берсең,
Роббибиз Өзү сизге жардам берет!

Күнөө ишиңе бир күнөө жазылат.
Сооптуу ишиңе 700гө дейре көбөйтүлүп берилет.

Сенде эң чоң байлык бар,
эң кымбат неъмат бар!
Анткени сен тоофик келмесин айткансың,
Мусулмансың, пешенең саждага тийген.
Эки колду бийик көтөрүп Аллага дуба кылуучулардын катарындасың .

Капаланып кайгыга батпа, чөгүп кетпе!
Эрктүү бол, башты тике кылгын тагдырга.
Кыйынчылык келсе да,
кайгы келсе да сен баарибир толук
пайданын үстүндөсүң .
Анткени жеңилчилк келсе шүгүр кыласың,
кайгы келсе сабыр кыласың.
Ал үчүн сен сооп табасың, даражаң өсөт.

Адамдар өтөт, жылдар алмашат .
Заман өзгөрөт, адамдар өзгөрөт,
дүйнө өзгөрөт, баары сенен алыстайт.
Бир Аллах Таалам сени жалгыз таштабайт!

Жаназа окуган илимдүүлөр да өтөт,
анын жаназасын да башкалар окушат .
Мазлумдар да, заалымдар да өтүшөт.
Күчтүүлөр да, алсыздар да өтүшөт .
Карасы да, агы дагы өтүшөт !
Аллахтын астына барганда
ким ийгиликке жетет ? Ким кутулат ?
Момундар гана нажат табат ,
кабаланба сен момунсуң тууганым !

Дүйнө бир сааттык жол.
Өтө тез өтөт кетет .
Ошол бир саатты ибаадат менен өткөрүп коюңуз
бактылуу болосуз !

Кайгырбаңыз, сыноо келсе сынбаңыз .
Каттуу чагылгандан кийин
карарган булут таркап
көкмөк асман көрүнүп жагымдуу салкын аба
согоорун көргөн эмессизби ?
Түн кетип артынан сөзсүз агарып
таң атаарын, жарыктык келээрин көргөн эмессизби?
Ин Шаа Аллах кайгы капа кетет,
жамандыктар, оор сыноолор кетет,
жакшылык алдыда,
жашооңуз ин шаа Аллах
сөзсүз нурга бөлөнөт !

Жашооңдо кыйынчылык пайда болсо
эң биринчи Аллахка кайрылып жардам сура.
Йаа Роббии дегин .
Адамдын башына кыйынчылык түшсө
ага барып жардам сурайт,
буга барып жардам сурайт .
Эч айласы жок болуп калганда
акырында келип:
– Йа Аллах өзүң барсың эми !)

Жоок, биринчи Аллага кайрылганды үйрөнөйлү.
Толлук жардам, күч кубат,
мол ырыскы, кечирим, тынчтык келет !

Бирөөгө жакшылык кылсаң, жардам берсең жүрөгүң тынчтанат .
Бирөө айтып жатат:
Жолдо баратсам, көзү азиз бир киши жолдон ары өтө албай турган экен..
Жанына барып жетелеп алып ары өткөрүп койдум, ошодон кийин өзүмдү 2 жума бактылуу сезип жүрдүм – дейт .
Аллахты эстеген көңүлдөр чындыгында
бактылуу экенин ошондо сездим !

“ЖҮРӨКТӨР АЛЛАХТЫ ЭСТЕГЕНДЕ ГАНА ТЫНЧТЫК ТАБАТ !”
(РААД 28-аят).

Аллах Таалам каалаган пенденин жүрөгүн
тынч кылып коёт.
Чоң бир мамлекеттен бир шаарды,
бир шаардан бир айылды,
бир айылдан бир үйдү,
бир үйдөн бир кишинин жүрөгүн
кайгы-капага салып коёт .
Аллах Таалам кааласа
жер жүзүндөгү бир мамлекетти,
бир мамлекеттен бир шаарды,
бир шаардан бир айылды,
бир айылдан бир үйдү,
бир үйдөн биир кишинин жүрөгүн
ушунчалык тынч кылып коёт ,
ааламды сел алса
мунун кызыл ашыгынан келбейт .
Адам баласы
өзүн качан бактылуумун деп айта алат ?
Жүрөгү тынчтык тапкан,
ыймандын даамын таткан адам бактылуу !

Али Оши~
” БАКТЫҢЫЗДЫН БАГЫТЫ”х

Запись КАЙГЫРЫП КАПАЛАНБА впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.