Halloween party ideas 2015

Кантип? Бул суроо баарыбыздын оюбузга келгени анык. Албетте, Аллах ыраазы болчу иш амалдарды аткаруу менен. Мындан алдын намаз тууралуу кыскача болсо да маалымат берилген эле. Бул жолку сабагыбызда Аллахтын сүйүктүүсү болуп, чектелип калбастан, анын Мээримине да жетишүүгө аракет кылмакчыбыз. Бул үчүн кандай амалдарды кылуубуз керек?_

_Өткөн сабакта Исламдын беш (5)түркүгү бар, анын бири намаз деген элек. Бүгүн биз дагы бир түркүк- зекет боюнча айтаар элек. Зекет араб тилинен которгондо: “Тазалануу, өсүү”- деген маанини берет. Зекет- бул сизден мажбурланып алынуучу нерсе эмес. Бул сиздин Аллах ыраазычылыгы үчүн кылган амалыңыздын бири. Пайгамбарыбыз (с.а.у.) айткан: “Мал-мүлкүңөрдү зекеттин садакасын берүү менен сактагыла жана оорулууларды зекет менен дарылагыла!” А биз азыркы учурда акчабызды (мал-мүлк) атайын банк же сейфтерге сактайбыз ээ? Бирок тууган, билиңиз. Ар бир иштин өз эрежеси болоорун._

_🔵Зекет- ар жыл сайын өзүнүн айланасындагы (же башка) кедей- кембагалдарга берилүүчү садака._

_🐄Эгер сиздин корооңузда 40 (кырк) коюңуз болсо, анын бирин кедей-кембагалдарга бересиз. Бирок, берип жаткан учурда ниетиңиз түз болсун: “Аллахка шүгүр! Менин бул койлорум жайлоодо 6 (алты) ай жүрүп, кыштан аман-эсен карышкырга жем болбой чыгып кетти. Мал-мүлкүмдү сактаган Аллахка шүгүр!”- деп Аллахка мактоолорду айтуу менен бирге- берип жаткан инсандын да көңүлүн көтөрүңүз. Эгер сиз тууганыңызга берген болсоңуз, эки чоң соопко ээ болосуз. Биринчиден жардынын зекетин бергениңиз болсо, экинчиден туугандык байланышты сактап калгандыгыңыз үчүн. Эгер корооңузда 30 уй болсо анын бир жаштагы музоосун (торпогун), эгер 40 уйуңуз болсо эки жашар музоосун (торпогун) бересиз._

_💵А эгерде үйүңүздө өз муктаждыгыңыздан сырткары 200миң доллар сактап жүргөн болсоңуз, анын 50 доллары зекетке берилет. (Эскертип айта кетчү нерсе, аялдардын алтын буюмдары берилбейт. Анткени, ал өз муктаждыгы. Мисалы, сиз өтө кымбат үйдө турасыз, кымбат баадагы машине минесиз, бирок, бул нерсенин сиз зекетин бербейсиз. Бул да өз муктаждыгыңыздын себебинен)._

_🌱Ким Аллах Таалага карыз бере турган болсо, Аллах Таала аны айлантып-айлантып, кийин Кыяматта Бейиште даражасын көтөрүү менен сыйлыгын берет. Ар бир иште Аллахтын ыраазычылыгын көздөөнү унутпаңыз!_

_💬 Кээ бирөөлөр айтат: “Зекет намаз менен бирге Кураанда 32 жолу келген. ~Намаз окугула, зекет бергиле!~ Бул сөздү Ыйык Кураандын аяты менен бекемдесек:_

*_Намазды толук аткарып, зекет бергиле жана Пайгамбарга моюн сунгула. Ошондо Мээримге* (Аллахтын мээримине) *бөлөнөсүңөр. (24:56)_*

_🔘Исламда намаз кандай улуу фарз болгон болсо, зекет да намаз сыяктуу улуу фарз! Ал эми садака зекеттен айырмаланып турат._

_⭕Зекет берүүдө атайын бир өлчөмдө бериле турган болсо, ал эми садакада колуңдан келген нерсени бересиң. Пайгамбарыбыз (с.а.у.) дын жубайй Аиша энекебиз(р.а.) муктаж адамдарга садака берээрден алдын, динарларды мисктин жанына салып жүрөөр эле. Ал динарлар ошондо миск жыттанып калчу. Андан эмне үчүн мындай кылышы жөнүндө сурашканда: “Мен муну кембагалдарга берээрден алдын Аллах Таалага берем. Бул нерсе Анын астында жакшыраак болуусун каалайм”- деп жооп берген эле. Бул нерсени айтуудан максат: Бирөөгө бир нерсеңди садака кылаардан алдын өзүңө жаккан нерселериңди тандап, соң бер. Жогорудагыдай сен берчү нерсе биринчи Аллахка берилээрин унутпа! (Садака боюнча ин шаа Аллах кенен сабак болот)_

_🌿Аллахтын сүйүктүү кулу болуу жана Мээримине ээ болуу үчүн Пайгамбарга да моюн сунууну унутпа! {Бул боюнча экинчи сабагыбызда баян кылмакчыбыз. Мындай жакшылыктарга жетүүнүн жолун билгиңиз келеби? Анда биз менен болуңуз)}_

👤 Нуриза Кармышакова

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2mb2Guk
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись МЭЭРИМГЕ БӨЛӨНҮП ЖАША! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.