Halloween party ideas 2015

Абдышүкүр ажы Нарматов

Кадыр түндүн артыкчылыгы тууралуу Алла Таала мындай дейт:
» ﻟَﻴْﻠَﺔُ ﺍﻟْﻘَﺪْﺭِ ﺧَﻴْﺮٌ ﻣِّﻦْ ﺃَﻟْﻒِ ﺷَﻬْﺮٍ ‏» ﺳﻮﺭﺓ ﺍﻟﻘﺪﺭ ‏( ٣ ).
«Кадыр түн, миң айдан да артыгыраак»,( Кадр сүрөсү 3-аят.)
Миң ай, 83 жыл төрт айга барабар. Куранды чечмелеген аалымдар, Кадыр түндө кылынган ибадат, кадыр түнү жок миң ай ибадат кылгандан жакшы деп айтышкан. Адам баласынын өмүрү, орточо эсепти алганда 60 менен 70 жылдын ортосу. Ал тууралуу Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассалам) мындай дейт: «Менин үммөтүмдүн жашы, алтымыш менен жетимиштин ортосу».
Адам баласынын ибадатсыз өткөзгөн убактысын эсептеп көрсөк, төмөнкүдөй көрсөткүчкө ээ болот:
15 жылга жакын өмүр, бойго жете элек болгондугу үчүн, ибадаттар парз болбой өтөт. 20 жылга жакын өмүр уйку менен өтөт, анткени адам баласы күнүнүн үчтөн бирин (8 саатын) уктап өткөрөт. Бул, алтымыш жылдык өмүрүнүн үчтөн бирин уйку менен өткөздү деген сөз. 20 жылга жакын өмүр жумуш менен өтөт, орточо эсеп менен алып карасак, бир күндүк жумуш сааты сегиз саатка созулат. Бул өмүрүнүн үчтөн бир бөлүгү дегени. 2 жылдык өмүр, тамак-аш жеп, суусундук ичип, кажетин бүтүрүү же кийим кийүү жана башка нерселер менен өтөт. Орточо жашаган адамдын өмүрүн алып карасак, үч жылдын тегерендеги өмүрү гана калат.
Ушул калган үч жылдын канчасы ибадат менен өтөт?, биз кайсы ибадатты аткарып, анын себебинен кыяматта жеңишке жетсек болот?. Бизге берилген чоң артыкчылык бар, ал — Кадыр түн. Ал түндө аткарылган ибадаттын сообу, Кадыр түнү жок миң ай кылынган ибадаттын сообунан көбүрөөк болот. Бул түндө ибадат кылбай, анын соопторунан куру калуу, эң чоң зыянга учуроого барабар.

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан: “Чындыгында силерге бул (Рамазан) айы кирип келди, ал айда миң айдан артык болгон бир түн бар, ким ал түндү өткөрүп жиберсе, анда ал бардык жакшылыктардан куру калган болот”.
Кадыр түндө дуба кылуунун маанилүүлүгү:
Ар бир ибадаттын өзүнө жараша өзгөчөлүктөрү болот, дубанын өзгөчөлүгү анын ибадат катары кабыл алынышы. Ал тууралуу хадисте мындайча баяндалат: “Дуба кылуу — ибадат”, башкача айтканда эң чоң ибадаттардын катарын толуктайт. Анткени дуба кылып жаткан учурда, пенде коркуу сезими менен өзүнүн алсыз экендигин сезет, жана бул нерсе ибадаттын даамын татканга жардам берет.

Тил менен аткарылуучу ибадаттар:

Куран окуу, зикр кылуу жана чын жүрөктөн дуба кылуу. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан: “Алла Таалага дуба кылуудан сыйлуураак нерсе жок, Алла Тааладан кажетин сурап дуба кылбаган адамга, Алланын ачуусу келет”.
Бардык салих амалдар, Кадыр түндүн пазилеттерине жана соопторуна жетүүгө ортомчу болот. Бирок кээ бир аят-хадистер, Кадыр түндүн артыкчылыктарына жана соопторуна ээ болууга толук кепил боло алган төмөнкү эки нерсеге көңүл бурууга басым жасайт.

Биринчиси: намаз окуу, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан: “Ким Кадыр түндү ыйман келтирип, ал түндүн сообун Алладан тилеп, намаз окуп өткөргөн болсо, анда анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет”.

Бул түндүн сообуна жеткирүүчү экинчи нерсе – дуба кылуу.

Айша энебиз айтат, мен: «Оо, Алланын элчиси! Эгерде мен Кадыр түнгө туш келип калсам, эмне деп дуба кылайын?» — деп сурадым. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассалам): «Аллохумма иннака ъафуввун, тухиббул ъафва, фаъфу ъаннии»

— «Оо, жараткан Алла! Сен кечирим ээсисин, кечиргенди жакшы көрөсүн, менин күнөөлөрүмдү кечиргин» — деп дуба кыл деди.
Орозо тууралуу айтылган аяттардын ортосундагы дуба жөнүндөгү аят, Рамазан айында көп дуба кылганга ишарат кылып турат.
“ ﻭَﺇِﺫَﺍ ﺳَﺄَﻟَﻚَ ﻋِﺒَﺎﺩِﻱ ﻋَﻨِّﻲ ﻓَﺈِﻧِّﻲ ﻗَﺮِﻳﺐٌ ۖ ﺃُﺟِﻴﺐُ ﺩَﻋْﻮَﺓَ ﺍﻟﺪَّﺍﻉِ ﺇِﺫَﺍ ﺩَﻋَﺎﻥِ ۖ ﻓَﻠْﻴَﺴْﺘَﺠِﻴﺒُﻮﺍ ﻟِﻲ ﻭَﻟْﻴُﺆْﻣِﻨُﻮﺍ ﺑِﻲ ﻟَﻌَﻠَّﻬُﻢْ ﻳَﺮْﺷُﺪُﻭﻥَ .“ ﺍﻟﺒﻘﺮﺓ 186

“Эгер пенделерим сенден Мен тууралуу сурашса, “Мен жакынмын”. Качан Мага дуба кылса, дубасын кабыл кылам. Мага жооп кылышсын (буйруктарымды аткарышсын)! Мага ыйман келтиришсин! Мүмкүн алар да туура жолду табышаар (дегин)”. (Бакара сүрөсү 186 чы аят.)
Рамазан айында сооп жыйнайм деген адам, бул түндү текке өткөрүп албоосу керек. Анткени бул ай, соопторду жыйнай турган сезон. Соодагер же дыйкан адам сезондо иштеп калбаса, анда качан киреше табат?.

Бул айда, өзгөчө акыркы он күндүктө сооп жыйнаганга аракет кылышыбыз керек, дал ушул он күндүккө Кадыр түн катылган.
Бул түндө мусулман адам, Алла Таалага жалынып-жалбарып дуба кылуусу керек. Дубада өзүнүн бул дүйнөгө тиешелүү кажет нерселерин тилеп, Алла Тааладан күнөөлөрүнүн кечирилүүсүн, бейишке киргизип, тозоктон сактоосун сурайт. Кадыр түн аябай тез өтүп кетет, мусулман адам ал убакытты туура пайдаланып калуусу шарт.

Азирети Умар айтат: «Мен дубанын кабыл болуу же кабыл болбоо машаккатын көтөрбөйм, бирок дуба кыла албай каламбы деп түйшүк тартам. Эгер дуба кылсам, анда анын кабыл болоорун да билем».
Алла Тааланын кечиримине кантип жетебиз?, анын жолдору өтө көп.

Мисалы: тообо кылуу, күнөө иштин артынан сооп амал кылуу, карыз алган адам карызын кайтарганга күчү жетпесе, анда анын карызын кечип жиберүү.

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассалам): айтат: «Бир киши такыр сооп иш кылбайт эле, бирок адамдарга карызга акча берип турчу. Карызды жыйнап алуу убактысы келгенде, баласына: Канчасын кайтарганга күчү жетсе ошончосун гана ал, эгер кайтарганга күчү жетпесе аны кечип жибер, балким Алла Таала ошонун себебинен биздин күнөөлөрүбүздү кечирет»- деп айтчу. Ал киши көз жумгандан кийин, Алла Таала:

«Жакшы иш кылгансыңбы?»- деп сурады. Ал киши:

«Жок, бирок мен адамдарга карызга акча берип турчумун, акчаны кайтарып алууга баламды жөнөтүп жатып: Канчасын кайтарганга күчү жетсе ошончосунсун гана ал, эгер кайтарганга күчү жетпесе, анда аны кечип жибер, балким Алла Таала ошонун себебинен биздин күнөөлөрүбүздү кечирет» — деп, айтат элем дейт. Ошондо Алла Таала: «Күнөөлөрүңдү кечирдим» — деп сүйүнчүлөйт.
Кадыр түндө окулуучу дуба
ﻋَﻦْ ﻋَﺒْﺪِ ﺍﻟﻠَّﻪِ ﺑْﻦِ ﺑُﺮَﻳْﺪَﺓَ، ﻋَﻦْ ﻋَﺎﺋِﺸَﺔَ، ﺃَﻧَّﻬَﺎ ﻗَﺎﻟَﺖْ : ﻳَﺎ ﺭَﺳُﻮﻝَ ﺍﻟﻠَّﻪِ، ﺃَﺭَﺃَﻳْﺖَ ﺇِﻥْ ﻭَﺍﻓَﻘْﺖُ ﻟَﻴْﻠَﺔَ ﺍﻟْﻘَﺪْﺭِ ﻣَﺎ ﺃَﺩْﻋُﻮ؟ ﻗَﺎﻝَ : ‏» ﺗَﻘُﻮﻟِﻴﻦَ : ﺍﻟﻠَّﻬُﻢَّ ﺇِﻧَّﻚَ ﻋَﻔُﻮٌّ ﺗُﺤِﺐُّ ﺍﻟْﻌَﻔْﻮَ ﻓَﺎﻋْﻒُ ﻋَﻨِّﻲ »
Айша энебиз айтат, мен: «Оо, Алланын элчиси! Эгерде мен Кадыр түнгө туш келип калсам, эмне деп дуба кылайын? — деп сурадым. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассалам): «Аллохумма иннака ъафуввун, тухиббул ъафва, фаъфу ъаннии»

— «Оо, жараткан Алла! Сен кечирим ээсисин, кечиргенди жакшы көрөсүн, менин күнөөлөрүмдү кечиргин» — деп дуба кыл деди.

Запись КАДЫР ТҮНДҮ КАНДАЙ ӨТКӨРӨБҮЗ?! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.