Halloween party ideas 2015

Абдишүкүр ажы Нарматов

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдардын жаратуучусу Аллах Таалага мактоо, пайгамбарыбызга Аллахтын салам-сааваттары болсун.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өзүнүн хадисинде: “Аллах – Таза жана тазаларды гана кабыл кылат. Ал пайгамбарларды буюруган нерсеге мусулмандарды да буйруган” – деп айтып, анан: “Таза нерселерди жегиле жана жакшы амалдарды аткаргыла” деген аятты окуду. Аллах Таала таза, адал тамак менен тамактанууну пайгамбарларга буйруган сыяктуу эле жалпы адамдарга да буйруган. Экинчи бир хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Бир адам сапарда жүрөт, чачын, кийимин чаң баскан. Ал, Аллахка дуба кылат. Бирок анын жегени арам, ичкени арам, тамакашы арам, Аллах анын дубасын кантип кабыл кылсын?” – деп айткан. “Арам тамак менен өскөң дененин тозокко кирген жакшы” деген хадис айтылган. Демек, арам тамак адамдын жашоосуна толук зыянын тийгизет. Биз арам тамак жөнүндө айтканда, Аллах тарабынан жегенге, же ичкенге тыюу салган тамактарды түшүнүшүбүз мүмкүн. Ооба, арам, жегенге болбогон тамактар бар. Буларды баарыбыз билебиз. Бирок, арам тамак ушуну менен эле чектелип калбайт. Арам тамактын түрү абдан көп. Бүгүн ошолордун бири – паракорлук тууралуу сөз кылабыз. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өз хадисинде минтип айтат: “Арам иштер белгиүү. Адал иштер да белгилүү. Бул экөөнүн ортосунда шектүү иштер бар. Аларды көпчүлүк жакшы билбейт. Ким шектүү иштен сактанса, ал өз абийирин жана динин сактайт. Ким шектүү ишке баш салса, ал арамды аткарган болот”. Бардык жакшылык, ийгилик – такыбалыкта. Такыбалык – жүрөктө. Али (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: “Такыбалык – Аллахтан коркуу, Аллахка ыраазы болуу, Аллахка жолугууга даярдануу”. Аллахтан коркуп, арам эмес, шектүү болгон иштен да сактанган адам жамандыктан алыс болот. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан: “Силерди кедей болуп калат деп коркпоймун, бирок силердин дүнүйөгө берилип кетүүңөрдөн коркомун. Силерден мурдакылар га эшигин ачкан сыяктуу, силерге да дүнүйө эшигин ачат. Анан силерден мурдагылар атаандашкан сыяктуу, силер да бири-бириңер менен дүнүйө жыюуда атаандашасыңар. Андан соң, силерден мурдакыларды жок кылган сыяктуу, силерди да, дүнүйө жок кылат. Абу Саид Худрий (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Силер өзүңөрдөн мурдагыларды кадамы сайын ээрчийсиңер. Эгер алар кескелдириктин уясындай уяга кирсе, силер да ага башыңарды тыгасыңар” – деп айтат. Сахабалар: “Оо, Аллахтын элчиси, жөөттөр менен христиандарды айтып жатасызбы? – деп сурашканда, ал: “Ооба, алардан башка ким болмок эле” – деп жооп берет.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Паракорлук – дал мына ушул жөөттөр менен христиандардын жасаган амалы. Бирок, тилекке каршы, биз мусулмандар паракорлук кылууда булардан өтүп кеттик. Аллах Таала Куранда жөөттөрдү сыпаттап: “Жана сен алардан (жөөттөрдөн) көпчүлүгүн күнөө, зулумга жана арамдан жегенге биринен-бири өтө чуркагандарын көрөсүң. Алардын жасаган иштери кандай жаман” – деп айткан. (Мааида, 62-аят). Жөөттөрдө сотторго жең ичинен пара берип, алар пара берген адамдын гана пайдасына чечим чыгарышкан. Азыр мындай көрүнүштөр биздин арабызда алардан да көп болуп жатат. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Пара алуучуга да, берүүчүгө да, ортомчу болуучуга да Аллахтын каргышы болсун” – деп айткан. Каргыш – бул, өтө оор күнөөлөргө айтылат. Аллахтын, пайгамбардын каргышына калган адамга баардык жаратылгандар каргыш айтат. Ага периштелер каргыш айтат. Ал басып жүргөн жер каргыш айтат. Анын минип жүргөн унаасы каргыш айтат. Ал отурган оруну каргыш айтат. Кыскасы, анын ар бир кадамы каргыш болот. Каргыш айтылган адамды Кыяматта Аллах Таала карабайт. Эмне үчүн пайгамбарыбыз паракорлорго каргыш айтты? Паракорлук ушунчалык чоң күнөөбү? Чындыгында пара алуу жана пара берүү эки эле адамдын ортосунда болот. Бир караган адамга анча деле маанилүү иш көрүнбөйт. Бирок, паракорлук жайылган жерде, башка күнөөлөрдүн баарына эшик ачылат. Паракорлук – зулумдукка жол ачат. Паракорлук бар жерде – алдуу алсыздын акысын каалагандай жейт. Паракорлук бар жерде – уурулук кылуудан, зина кылуудан, адам өлтүрүүдөн эч ким коркпой калат. Паракорлук бар жерде – жетимдин акысын жегендер көбөйөт. Паркорлук бар жерде – кылмыштуулук көбөйөт. Паракорлук бар жерде – алсыз, кедей-кембагалдардын укугу тепселет. Паракорлук бар жерде – өнүгүү болбойт. Паракорлук бар жерде – дубалар кабыл болбойт. Паракорлук бар жерге – Аллахтын жардамы келбейт. Акырында паракорлук менен жашаган адам тозокко ылайыктуу болуп калат. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Арам тамак менен өскөн дененин тозокко киргени жакшырак” – деп айткан. Демек, паракорлук жөн эле бир адамдын акчасы экинчи адамга өтүп калат деген сөз эмес экен. Паракорлук – бардык жамандыктардын башаты.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Параны кандай ат менен атасаң да, баары бир ал – пара. Учурда биз аны – белек, сый тамак ж.б. деп атап жүрөбүз. Бирок мына ушул нерселердин көбү пара болуп эсептелет. Мисалы, сен чоң кызматка жумушка турганга чейин сага белек бербеген адам, сен кызматка турар замат белегин көтөрүп жетип келди. Ал сага эч кандай муктаждыгын айтпаса да, анын бергени – пара. Сынак башталганга чейин сени менен жумушу жок жүргөн студент, сынак башталган учурда сени чайга чакырды. Бул – пара. Эгерде белек берүү, чайга чакыруу мурда да болуп жүрсө, анда эч нерсе эмес. Бирок, мурда берилбеген нерсени кызмат көтөрүлгөндө алып келүү – парага ачылган алгачкы эшик болуп эсептелет. Ооба, белек берүү жакшы иш. Хадисте: “Белек бергиле – бири-бириңе махабат пайда болот” – деп айтылган. Бирок, кээде белекти парага айландырып алабыз. Фузаана бин Убайд айтат: “Кимге карыз берсең жана анын артынан пайда көрсөң – пара”. Сахабалар карыз берген адамынын үйүнө кирип чай иччү эмес. Алар ошол бир чыны чай сүткордук болуп калбасын деп коркушат эле. Бир күнү, Абу Ханифа (Аллах аны ырайым кылсын) ысык күндө, күнгө какталып эшикте турат. Шакирттеринин бири: Устат, бул жердеги үйдүн көлөкөсүнө турсаңыз боло – деп кайрылды. Абу Ханифа: “Мен бул үй ээсине карызга акча берген элем, анын көлөкөсүн пайдалансам, сүткор болуп калбайын деп коркуп турам” – деп жооп берет.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) заманында Махзум уруусунан болгон бир аял адамдардан ижарага буюм алып кайра танып кеткен уурулугу үчүн анын колун кесүүгө өкүм чыгарышат. Бирок, бул уруу эл арасындагы кадыр-барктуу   уруулардын бири болгондуктан, анын башчылары пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) аялды куткарып жиберүүсүн суранууну ниет кылышат. Алар пайгамбардын эң жакын адамы катары Зайдды жөнөтүшөт. Ал келип пайгамбарыбызга иш жайын айтканда, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ачууланып, күрөө тамырлары көөп чыгат да: “Силерден мурдагылар байлар уурулук кылса кечирип, кедейлер уурулук кылса жазалаган себептүү жок болуп кетишкен. Эгерде менин кызым Фатима уурулук кылса, менин анын колун кесүүгө өкүм чыгарамын” – деп айтат. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) “Менин кызым Фатима уурулук кылса, анын колун кесүүгө өкүм чыгарамын” деген сөзү Исламда пара алуу деген түшүнүктүн тап-такыр жок экендигин далилдеп турат. Пара алуу жана пара берүү – өзүн мусулманмын деп эсептеген адамга тиешелүү сыпат эмес.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Аллахтын ырайымы ачуусунан жогору турат. Тооба кылган адамдын тообасын Аллах кабыл кылат. Кекиртегибизге өлүм келип, оозубуздан сөз чыкпай калганга чейин тооба кылалы. Буга чейин паракорлук менен дос болуп жүргөн болсок, бүгүндөн баштап аны менен душман бололу. Пара алуу менен пайда болгон байлык эч качан насип кылбайт. Ал бирөөнүн көз жашын агызуу менен сенин чөнтөгүңө түшкөн. Бир күнү сенин көз жашыңды агызып чөнтөгүңдөн кайра чыгып кетет. Пара берүү менен бүткөн ишиң, эч качан сага береке алып келбейт. Пара берип турган кызматыңды, эч качан талаптагыдай аткара албайсың. Ал орунга татыктуу башка адам бар экенин эсте. Аллахка тооба кыл! Келечек урпактарыңдын арам тамак менен өсүп калуусунан корк!

Аллахым элибизге тазалыкты, адилеттүүлүктү берип, паракорлукту түп тамырынан жок кыл. Ар бирибиздин үйүбүзгө бейпил жашоо тартуула. Кыяматта өзүңдүн алдыңа жүзүбүз жарык барууну насип кыл.

Ассалааму алайкум ва рахматуллохи ва баракатух.

Запись ПАРАКОРЛУК – БАРДЫК КҮНӨӨЛӨРГӨ ЭШИК АЧАТ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.