Halloween party ideas 2015

 

🌱Мынакей! Берекелүү орозо айынын жарымы да болуп калыптыр. Орозо айы мусулмандар үчүн Аллах Таала тарабынан берилген чоң белек. Бирок, кимде-ким бул айдын кадырын билсе гана. Болбосо орозо айы өтүп кете берет, а биз болсо кур жалак кала беребиз. Бул убакытка чейин орозонун пазилеттери, кандай ниетте тутуу керек, эмне бузуп-бузбоосу жөнүндө айтылып келе жатат. Дагы эске салуу максатында бир хадис келтирсек:

~ Пайгамбарыбыз (с.а.у.) Шаъбан айынын акыркы күндөрүндө насаат кылды:

“Силерге өтө берекелүү, улуу ай келе жатат. Анда бир түн бар, ал миң айдан жакшыраак. Аллах Таала ошол айдын орозосун фарз кылды. Андагы Таравих намазды сооп алууга себеп кылды. Ким ушул айда жөнөкөй эле бир жакшылык иш кылып, өзүн Аллах Таалага жакын тутса, анда ал орозодон башка убакытта фарздын сообун аткаргандай сооп алат. Ал эми кимде-ким ушул айда фарз амалды аткарса, анда ал орозодон башка убактарда 70 фарз аткаргандай соопко ээ болот.

Бул ай- сабырдуулук айы!

Ал эми сабырдын орду- Бейиш.

Бул ай адамдарга камкордук кылуу айы.

Бул айда момундун ырыскысы көбөйтүлөт. Кимде- ким орозо кармагандарга ооз ачырса, анда анын күнөөлөрү кечирилүүсүнө, Тозоктон азат болуусуна себеп болот жана Орозо кармоочуга берилген сооптон бир да кемитилбестен, ага орозо кармаган кишинин сообундай сооп берилет. Сахабалар:

“Эй, Аллахтын Элчиси (с.а.у)! Биздин ар бирибиздин ооз ачырууга кудуретибиз жетпейт!”- дешти. Пайгамбарыбыз (с.а.у.) айтты: “Ооз ачырууга курсак тойгуза тамак берүү шарт эмес, бир курма менен же бир ууртам суу менен же бир ууртам сүт менен ооз ачырган болсо да Аллах Таала бул соопту берет.

Бул айдын биринчи бөлүгү- Аллахтын рахматы, экинчи бөлүгү- Аллахтын кечирими, үчүнчү бөлүгү- Тозоктон куткарылуу күндөрү.

Бул айда ким өзүнүн кызматчыларынын жумушун жеңилдетсе, Аллах Таала ошол кишинин күнөөлөрүн кечирет жана Тозоктон куткарат. Ошондой эле бул айда төрт амалды көп кылгыла. Анын экөөсүнөн Аллах Таала ыраазы болот. Калган экөөсүн аткарбай коюуга аргаң жок.

Аллах Таала ыраазы боло турган эки нерсенин бири- ‘Калимаи Тоййиба’ жана Истигфарды көп айтуу.

Экинчиси – Бейишти суроо жана Тозоктон сактоонуу тилөө. Кимде-ким орозо кармоочуга суу ичирсе, Аллах Таала ага (Кыямат Күнү) менин көлүмдөн суу ичирет, андан кийин ал Бейишке киргенге чейин чаңкабайт”.

{Салман (р.а.) риваяты}

Бул хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.у) өтө сооптуу амалдарды баяндап өттү. Фарздарга бекем болууну, Таравих намазы тууралуу, орозонун бөлүктөрү тууралуу, бирөөгө ооз ачыруу боюнча да айтып өттү. Биз бул нерселерге бекем болуп жатабызбы?

Эрте менен саарлыкка туруп, кайра багымдатты окубастан уктагандар бар. Кээ бири ал тургай саарлыкка да турушпайт. Бул нерселердин баары амалсыздык жана жалкоолуктан. Бир акын айткан экен:

“Сен кылууну каалабасаң, миң шылтоо!”

🔘Бул бир саптуу ырда кандай гана чоң бир маани, ачуу чындык жатат. Бул берекелүү айда амал кылып, ыйманга бекем болбосок {Шайтандар кишенделип турганда}, качан биз ыйманды күчөтүп, амал кылабыз. Эрте менен бир максат коюп жатасызбы?

Бир өзүңүзгө суроо бериңизчи: “Эртең Акыретимде сообум канча болот?”- деп. Бир сооптуу амал жетимиш (70) же андан да көп болуп эселенип жаткан убакта сиз кандай жумуш- амал менен алектенип жүрөсүз?

Аллах Таалага жаккан амалдарды кылып, сообуңузду көбөйтүп, Аллах Таалага жакын болбойсузбу?

Сиз эмне кызганбайсызбы, Аллах Таалага башка мусулман бир тууганыңыз жакын, сүйкүмдүү болуп жатса…?

🏻Орозо- соопторго гана бай болбостон, ал сизге калкан да болуп берет. Сөзүбүздү бул хадис бекемдейт:

Пайгамбарыбыз (с.а.у.) айтты:

“Орозо, адам үчүн калкан болот. Аны сындырганга чейин”.

{Абу Убайда (р.а) риваяты}:

«Орозо калкан сыяктуу болот дегени- адам өзүн душмандан калкан менен сактангандыгы сыяктуу эле. А биздин чыныгы душман- албетте шайтан. Ким шайтан менен достошсо, ал өзүн Тозокко даярдоочулардан. Мына орозо ошол шайтандан (Тозоктон) сактоочу калкан. Жана да билиңиз: Орозо адамды Тозок отунан сактай турган күчтүү чеп жана коргон!» {Ахмад 2/402}

Рамазандан сырткаркы айларда орозо тутуу – Шайтандын белин сындырат.

Оо, тууганым! Өз калканың өз колуңда. Кааласаң аны бекем карма, кааласаң душманың астында курман бол!_

🌿🌺🌿🌺🌿🌺🌿🌺🌿

Орозоңуздар кабыл болсун!

Нуриза Кармышкова .

Запись ОРОЗОДО АЛЛАХТЫН СҮЙҮКТҮҮСҮ БОЛУП КАЛ! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.