Halloween party ideas 2015

Абдыкерим Муратов

Эне бар үчүн биз барбыз, аалам бар, адам бар, турмуш бар, жашоо бар. Сиз жана биз бир кичинекей тамчы суудан эненин денесинде кыймылга кирип, бир бурдам эттен чоңоюп адам болгонбуз. Муну үчүн эң биринчи энеге карыздарбыз. Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) хадистеринде: «Алланын алдында төрөгөн аял төрөбөгөн чырайлуу аялга караганда өйдөрөөктүр», – деп айтат. Дагы бир осуяттарында сахабанын: «Кимге жакшылык кылайын?» – деген суроосуна «Адегенде энеңе, дагы энеңе жана дагы энеңе, анан атаңа жакшылык кыл» – деп, үч жолу «энеңе», анан барып төртүнчүсүндө «атаңа» деген. Эне деген ушундай улуктанат, адамдын жаралышына, өсүшүнө, инсан болушуна ушул эне биринчи кезекте себепкер. Акылман Саади минтип жазат: «– Эненин азада бою же сүмбүл мүчөсү келишкен бир дарак болсо, перзент – ал дарактын сулуулугунан жаралган мөмөсү жана натыйжасы. Эненин көкүрөк тамырлары жүрөк ичинде эмеспи? Акыйкат көзү менен карасак, эне сүтү – анын жүрөк каны. Ошон үчүн перзентке эненин мээр-махабаты атаныкына караганда да көбүрөөк болот. Айрым перзенттер баарынан ыйык, ары мээрбан эненин кадыр-сыйын билишпейт. Айтууга караганда, бир жаш жигит энесинин сөзүнө кулак салбады. Кыйкырып-өкүрүп анын дилине азар берди. Мээрбан эне уулунун кылыгынан көңүлү сууп, көзүнө жаш алды. Анан уулунун наристе кезинде жаткан бешигин анын алдына алып келип коюп мындай деди: – Эй, жаштыгын, наристе чагын унуткан уят-сыйытсыз акмак! Мына бул бешикти көрдүңбү!? Наристе кезиңде сени ушул бешикке бөлөп, кечкисин таң атканча уктабай терметер элем. Адеп ыйлай берсең бешиктен чечип алып, боорума басып сооротор элем. Өтө көптөгөн түйшүктөрдү тартып, машакаттарды көрүп сени тарбияладым. Сен деп көп кыйынчылыктарга бардаш бердим. Мына эми эр жетип, күч-кубатка толдуң, бирок жаштыгыңды жана наристелик дооруңду унутуп, мээрбан энеңе баш ийбейсиң! Анын көңүлүн жаралап, көз жашын төктүрөсүң. Андай кылбагын, уулум, эненин махабаты канчалык зор жана чексиз экендигин унутпагын. Мен дагы, атаң дагы дайыма сенин бактылуу, таалайлуу болушуңду каалайбыз. Бизди капа кылбагын, дилибизди оорутпагын, айткандарыбызды кабыл тутуп, бизди ыраазы кылып, батабызды алгын!.. Энесинин ыйлап айткан сөздөрү жигиттин жүрөгүнө октой кадалды. Ал өзүнүн кылган кылмышына бушайман болду. Энесин бек кучактап алып көзүнөн, бетинен өпкүлөдү, ыйлап кечирим сурады. Эне эмеспи, уулунун күнөөсүн кечирип жүзүнөн өөп, ага ак батасын берди». Бул байыркы нускада эне-бала мамилесинин бир учуру таамай, таасын чагылдырылат. Эненин эң улуулугу – бала төрөгөндүгү, перзент жараткандыгы. Хадистерде мындай кеп айтылат: «Кайсыл аялдын үч перзенти балакатка жетпей учуп кеткен болсо, мына ошолору аны тозоктон куткаруучу бир көшөгө болот». Демек, бала үчүн эненин ушунчалык бир улуулугу, анын ошол жан бирге, боор эт болуп калган баласынан айрылуусу ушунчалык бир оорлукка турарын, ошонусу үчүн Жараткан аны тозок отуна ыраа көрбөстүгү тастыкталат: «Төрөбөгөн чырайлуу аялдын ордуна кара (куник) болсо да төрөй турган аял алгыла, себеби мен (кыямат күнү) диндештер арасында силердин көптүгүңөр менен сыймыктанамын», – деп айтылып, дагы бир хадистерде эненин бейнеси бийикке чыгарылуу менен эркектерге төрөгөн аялдарды алып, киши санын көбөйтүү милдети чоң экендиги насаатталат. «Боюнда бар аялдар, перзент төрөгөндөр, балдарына мээрман болгондор, эгер күйөөлөрүнө кылган бейадепчилиги болбогондо, намаз окугандарынын баары түз эле бейишке кирген болор эле», – делет Пайгамбарыбыздын дагы бир осуятында. Кеңири таралган уламышта кыз “сүйөм” деген жигитине: «Сен энеңдин жүрөгүн сурап мага алып келсең, мен сага турмушка чыгам», – дейт. Бул кыздын шартын жигит энесине келип айтса, энеси макул болот да, жүрөгүн сууруп берет. Энесинин жүрөгүн алып антаңдап шашып бараткан жигит бир жерге чалынып жыгылат. Ошондо эненин жүрөгү айтат дейт: «Атаны, балам ай, абайлап баспайт белең, бир жериң катуу тийип калбадыбы?» Эне деген мына ушундай. Энесин ажы кылганы алыс сапарга жонуна көтөрүп барган баланын кызматы анын бир түндүк гана уйкусун бөлгөнүнө татырын айтып жүрүшөт. Мухаммед (с. а. в.) пайгамбар осуят кылат: «Эгер атаң да, энең да бирдей чакырса, биринчи кезекте энеңе жооп кыл». Бул жерде атанын ролун төмөндөтүү эмес, эненин ролун көтөрүү ою уялатылган. Инсандын кандай инсан экендиги энеге кылган мамиледен билинет. Эне бала үчүн баарына татыйт, баланын бүт жамандык-жакшылыгы эненин жүрөгү аркылуу өтөт, сен ооруп атсаң, энең сенден көбүрөөк ооруйт. Ошон үчүн хадистерде айтылат: «Бейиш эненин таман астында», – деп. Ушул сөздөн улам дагы бир окуяны айтпасак болбостур. Чыгыш элинин бир өлкөсүнүн даңазасы таш жарган бир падышасынын жер чеги кеңейип, ал өкүмдардын мамлекеттин бир жагынан экинчи жагына барууга убактысы ушунчалык тар экен. Ошондой тар убактысынан эптеп өөнөп, иш сапарларында падыша энесине кирип өтөт. Энеси, албетте, баласынын келгенине жетине албай кубанат, конок камы көрүлөт, а бирок падыша-уулдун убактысы тар, тезирээк эле кетиши керек. Ошондо энесине кантип муну айтарын билбей: «Кел, эне, таманыңдан өбөйүн?» – дейт. Энесине ыңгайсыз болот, уулу падыша болсо, анан анын таманын өөп жатса, «Кой, балам, менин таманымдын несин өбөсүң», – дейт. Ошондо уулу: “Бейиш эненин таман астында”, – дейт, а сиз менин бейишке барышымды каалабайсызбы?” – деп жарга такайт, энеси аргасыз таманын уулуна тосуп берет, убактысы тар падыша-уул болсо энесинин таманын өөп, көңүлүн алып жолго чыгат. Ошон үчүн айтат: «Ата көңүлүн ооруткан эл ичинде кор болот, эне көңүлүн ооруткан сындырым нанга зар болот». Кийин ар дайым ары-бери өткөндө убактысынын тар экенине карабай, энесинин таманынан жыттап-жыттап алып, андан соң сапарын улантчу экен ошол падыша... Баласын көздүн карегиндей сактаган эне. Эң мыкты ырлар, дастандар, музыкалык чыгармалар, айкелдер, сүрөттөр эне жөнүндө. Эне тууралуу чыгармалар начар жазылууга тийиш эмес, анткени ал бала үчүн эң жакын адамга – энеге арналат. Дагы бир мындай уламыш айтылып келет: Кайсы бир доордо кайсы бир элди жоо басыптыр. Кайсыл доор, кайсыл эл экендигинин бул жерде мааниси анчалык эмес, анткени баардык доордо, баардык элдерде энелер окшош келет эмеспи. Душман журтту кызыл уук кылып кырат. Энеге да кезек келет. Эне болсо жалгыз уулу менен жалгыз кызын бапестеп багып, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай өстүрчү экен. – Сени эмес, кийин өч алуучу уулуңду өлтүрөбүз! – дешет душмандар. – Жок, уулум үчүн мен өлүүгө даярмын! – дейт эне. – Андай болсо бир уулуң үчүн бир көзүңдү, бир кызың үчүн экинчи көзүңдү оюп алабыз! – дешет душмандар. Эне макул болот. Макул болмок түгүл, эки көзү оюлуп жатса да, балдары тирүү калганга ууртунда жылмаюу пайда болот. Эне деген ушундай жаралган да. «Ата – билек, эне – жүрөк» деген сөз бекер айтылбайт десеңер. Эне үчүн бала ар дайым – бала, перзент. 2006-жылы май айында Бишкекте мен 50 жылдыгыма карата тойчук берип калдым. Ноокаттан атам, апам, бир туугандарым келди. Атам бир-эки күн туруп эле шашып калды, кетпесем болбойт деп. Анан менин досторум: «Аяш ата кетип калдыбы» дешип сурашса, биз: «Апам урушат деп кетип калды», – дедик. «Койсоңчу, сексенге чыккан абышканы да апасы урушмак беле?» – дешет достор. Сексенге чыкса да эне үчүн бала деген бала да. Жүздөгү энебиз сексендеги баласын бапестеп турат, атам Меккеден ажыдан келгенде энебиз сүйүнгөндөнбү, же башка себеп болдубу, айтор, эсинен танып жыгылды. Энелик сезим деген башкача бир керемет нерсе тура, көрсө... Күндөн сурашат экен: «Сенин табыңдан өткөн тап барбы», – дешип, «Бар, – дейт экен ал, – бул – эненин мээрими». Өлүмдөн сурашыптыр: «Сага тең келе турган күч барбы?» – дешип, «Бар, – дейт экен ал, – бул – эненин мээрими». Ошон үчүн «эне мээрими ташты эритет, эне каары тоону кулатат» деп айтылып келет. Сайф уз-Зафар Навбахарийдин «Дур ул-мажолис» деген баянында мындай окуя айтылат: Бир жигит энесине кызмат кылуу зарыл кезде аны калтырып Кабага зыярат кылуу үчүн жөнөйт. Жолдо каракчылар кездешип, колу-бутун кесип, бир жерге таштап салышат. Ушул окуя Байтул-Мукаддас муаззинин түшүнө аян берет жана түшүндө бирөө: «Тур, палан чөлгө барып, бир майып жигитти тап, ага жардам бер, анын абалы өтө оор», – дейт. Муаззи жигитти издеп таап, андан: – Неге бул абалга түшүп калдың? – деп сурайт. – Энемдин кызматын аткаруунун ордуна Кабага жөнөгөн элем, ошон үчүн ушундай балакетке кириптер болдум! – дейт ал. Андан ары: – Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн мени энемдин алдына алып барып койсоңуз, колу-бутум жок болсо да, андан кечирим сурап, көңүлүн алайын, – деп жалынып да жиберет. Ал жигитти жүктөп, кеткен үйүнүн алдына кайра алып келди. Ичкериден эненин үнү чыгат: – Оо, Кудай, уулумдан кабатыр болуп атам, Арабстанда эмне күндү көрүп жүрөт болду экен, баламды мага кайтарып бер?! Уулу эшикти такылдатат. Эне болсо «эшикти ургулаган ким болду экен, кантип эле баламдын кабарын алып келди» деп ойлонот. Караса, бир бечара киши турат. Ага эне: – Эй, мусурман, ачсыңбы, нан берейинби? – дейт. – Нанды кантип алам, колдорум жок да! – Эй, жигит, кайдан келатасың, доошуң баламдыкына окшош да! – Эне ушинтет да, чуркап кирип, үйдөн чырак алып чыгат. Караса, тиги эшик алдындагы мусапыр уулуна окшойт. Эне ыйлап жиберет: – Бир уулум бар эле, Кабага ажылыкка кеткен, сен ошол перзентиме окшош экенсиң! – Энем ай, ошол перзентиңиз менмин да! – деп уулу солуктап кетет. Эне болсо кубангандан эс-учун билбей жыгылып, кыйладан кийин өзүнө келип: – Ылайым перзентимди кайтарып берген Жараткан кайра аны алып кетпесин! – деп бата тилейт. Эй, азиздерим, ата-энени ыраазы кылмак – эң ыйык иш. Ушундай бүтөт бул баян. Демек, ата-эне ыраазы болушу керек, ансыз кишинин иши да жүрүшпөйт, иши оңуна кетмек түгүл, башка жаза да алат. Ата-эне үчүн да перзенттен ширин, перзенттен ыйык нерсе жок, жогоруда майып болсо да уулу келгендеги эненин кубанычын көрүүдөн өткөн бул дүйнөдө ырахат жоктур... Эненин орду энелик менен, ургаачы-аялдык парыз менен гана өлчөнбөйт, «Ата дүйнөдөн көз жумганда балдары үчүн атанын ордун баса турган аял гана чыныгы энедир», – деп айткан немис акыны И. Гёте. Дал ошол Гётенин урпактары улуу совет элине кол салганда согушта эң биринчи энелер жеңди, анткени алар жоокерди төрөп, сүтүн берип, тарбиялаган, өлгөн аталардын ордуна ата болгон. Атасыз өскөн ошол муун энелерди ата ордуна тутунду. Булардын ичинде менин атам да бар. Ч. Айтматов согуш жылдарынын летописин, улуу баянын түбөлүккө жазып кетти. Ал баяндын эң башкы каармандары – аялдар: Сейде, Жамийла, Толгонай, Алиман, Мырзагүл... Эгер Улуу Ата мекендик согушка жалпылап эстелик куруу керек болсо, ошол эстеликтин биринчи катарында, албетте, Эне турмак... Биздин Шанкол айылыбызда менин Саадат деген таяжемдин элүүгө чукулдап калган уулу ооруудан каза тапты. Эркектен жалгыз эле, сөзмөр эле, музыкант эле, жалгыз уул болгон менен, бала-чакалуу болуп көбөйгөн. Ошол таяжемдин уулу Имарбек бөлөм каза болгондо энеси да бүк түшүп, неберелери да бир көзгө көрүнбөй, баламдан кийин мага жашоо жок деп, доктурга да барбай, тамакты да дурустап ичпей, ыйлай берип, ыйлап берип, ичи, анан буттары шишип, акыры «Имарбектеп» отуруп, үч-төрт айда уулунун артынан кетти. “Эне болбосоң коё кал” деп айылдыктардын баары айран калышты. Бир жолу Шаймардан деген жерде эл жык-жыйма майрамда дарчылар, палвандар оюн көрсөтүп аткан, биз жарданып турганбыз. Бир убакта тамаша көрсөтүп аткандар бир баланы ортого чыгарышты. Баланы алып палван жатты, үстүндө тактай, анан аны тебелеп жеңил машина өтмөк да, палван баланы коргоп, машинаны тактай менен көтөрүп турмак. Кудай сактасын, бир убакта эле топ ичинен жинденгендей эле бир аял чыгып, ээ-жаа бербей жанагы баланы жаткан жеринен тургузуп, колунан жетелеп чыгып кетти. Эч ким эч нерсе деген жок. Көрсө, энеси экен. Эненин балага болгон сүйүүсүнө, камкордугуна ким эмне демек эле?! «Адамзаттын эң биринчи тарбиячылары – энелер» (О. Гольдсмит) болсо, адамзаттын тарыхы, басып бараткан келечеги энелерге байланыштуу. Казактар «энеси бар адамдар эч качан кор болбойт» десе, кыргыздар «эне сүтүн актоо – унутулгус карыз» дешет...

Отправить комментарий

Технологии Blogger.