Halloween party ideas 2015


🌹Эй, замандаш!
Эскертмекке угасыңбы, сыр айтайын?
Өтүп кетер кур өмүрдө,
Өзөгүмдөн өнүп чыккан ыр айтайын.
Түшүнгөндөр туура десе,
Түнөргөн көңүлүмдү кубантайын.
Баш чайкаган мерез чыкса,
Бактысыз бу башымды муңайтайын.

🌹Оопасыз ушул дүйнө,
Оту өчсө дене - бойдун,
Оюк жай, жатар жериң кабыр кылчу.
Оюнунду анан улант,
Он мүнөт сабыр кылчы,
Орозодон кебимди улантайын.

🌹Орозо не?
Оо, Улуу Аллахтан корккон жандын,
Жасаган ибадаттын аныгыдыр.
Ыйга айланган жүрөккө үмүт жанып,
Ыйманына күч берген салымыдыр.
Ыймандын жарымы сабыр болсо,
Орозо ал сабырдын жарымыдыр.
Өлбөгөн ким бар дейсиң?
Өлгөндө караңгы, тар мүрзөңөрдүн,
Орозо нурун чачкан жарыгыдыр.

🌹Орозо не?
Ой айтсам, орозодон терендеген,
Ой жетпес керемети терең белем?!
Оо, пенде рамазан ыйык айды,
Опол тоо зор бактыдан кур калууда,
Орозосуз өткөрөм деген менен!
Акыл жетпес, көз жетпес, сөз да жетпес,
Акыретте жакшылык бар беленделген!
Антты бар орозого Жараткандын,
Сооп жазар периште да билбей турган,
«Сыйлыгын Өзүм гана берем!» деген!

🌹Орозо не?
Жөн гана ачкалык деп ойлогондор,
Жандүйнөнүн гүл багын кордогондор,
Улуу зат Кудай бар, же балким жок деп,
Үмүтсүз Акыретин болжогондор,
Оор кайгы жан чыдагыс азап тилеп,
Орозого моюнун толгогондор,
Ойлонбойбу?!
Аккан сууну, учкан кууну, нурлуу күндү,
Айлуу түндү, ак- карасы аралашкан турмуштарды,
Жан-жаныбар бүт куштарды,
Аралыгын бузбай турган,
Асмандагы жылдыздарды,
Ойлонбойбу, ойлонбойбу?!
«Ким кылды?» -деп жок десе,
Кандай момун, ден соолугу бар туруп,
Курсак сылап орозодо,
Кардым менин ток десе!
Орозого күлгөн жандар,
Билбейт өзү, баратканын от кече.
Орозого данк алгандар,
Орозосун ой-тоого жар салгандар,
Мактангандар,
Ойлон, пенде!
Андайлардын орозосу жокко эсе!

🌹Орозо - бул купуя сыр,
Ободогу Аллах билсин бир гана.
Тааныбасаң, Кудайыңды,
Тааныштырам, мен сага.
Аллах улуу кудуреттуу,
Анын болбойт шериги.
Атасы жок, апасы жок,
Анын болбойт теңири.
Ааламга да сыйбай турган,
Анын орду кеңири.
Ал акыркы, ал биринчи,
Айтылбаган оюңду да билүүчү.
Аллах өлбөс, Аллах тирүү.
Каалаганга өмүр берип,
Каалаганын өлүм менен ноктолойт.
Аллах баарын жаратуучу,
Жаралгандын бирине да окшобойт!

🌹Жараткандын буйругунан,
Жүрөктөрдүн согушу,
Аллах өкүм бербегенде,
Бүт дүйнөдө жел да жүрбөй,
Суулар акпайт болуучу.
Ааламдардын Падышасы,
Эч ким аны жеңе албайт!
Эч нерсеге муктаж эмес,
Эч ким кеңеш бере албайт!
Аллах насип кылмайынча,
Адам басып жол албайт!
Карангылык Аллахымдын көрүүсүнө,
Эч бир тоскоол боло албайт!

🌹Асман карап Жаратканды,
Алыс дебе таптакыр.
Сага Аллах билгин келсе,
Сенин күрөө тамырыңдан жапжакын!
Аллах, Аллах Ал уктабайт,
Үргүлөбөйт, чарчабайт!
Ыймандуулар Аллах сырын билүүдө,
Жалгыз гана таш жүрөктөр байкабайт...
Ал Мээримдүү, Кечиримдүү,
Сабыр кылган баарына.
Эч бир жандык калбас эле,
Биз жасаган күнөө үчүн,
Эге алса, каарына...

🌹Чыр бүтпөгөн бул жалганды,
Чындык үчүн жараткан.
Жиндер менен инсандарды,
Кулдук үчүн жараткан.
Кулдуктун да кулдугу бар,
Кудай берген жол ошо.
Аллахына жакын болор,
Адам дилин оңосо,
Кулдуктун да эң мыктысы,
Жараткандан парз кылынган,
Отуз күндүк орозо.
Ишенбесең, ишенсең да,
Акыретте тирилүү бар кайрадан,
Кенен макшар талаасына,
Кабырлардан туруп алып,
Келет пенде жайнаган.
Көлөкө жок найза бою
Күн төбөдө кайнаган!..

🌹"Чын экен да, Акырет!»- деп,
Чындык сүйбөс пенделер түңүлгөндө...
Ата-эне баласы эмес,
Жанын ойлоп,
Аркы-терки жүгүргөндө...
Аллахка ишенбестер,
«Аттиң!»- деп күйүнгөндө...
Атасын таштагандар,
Энесин бакпагандар,
Этинен тилингенде...
Ушакчы ууга батып,
Тилинен илингенде...
Сойкулар жардам иштеп,
Аракеч бармак тиштеп,
Батканда ириндерге...
Эсеп-кысап сааты келип,
Эчен жан агылганда...
Кылганы айкын болуп,
Китептер таразага салынганда...
Өкүнүч үндөр чыгат!
Өкүнүч үндөр чыгат!
Аллах бизди кайрадан жаратканда!..
Дилибизди Аллахка арнаар элек,
Саждадан баш көтөрбөй,
Саргайып калбаар элек!
Садака, зекеттерден аяп каткан,
Санаксыз байлыктарга барбаар элек!
От чачкан тозогуна күмөн кылбай,
Орозо кармаар элек!
Аллах бизди кайрадан жаратканда!..

🌹Ушундай азап күндөр келе электе,
Кызарып күндөр батып,
Кудурет Кыяматын бере электе,
Келгиле, ибадатка турбайлыбы?!
Айтканга тилди берген,
Көргөнгө көздү берген,
Акыйкат динди берген,
Аллахка шүгүрчүлүк кылбайлыбы?!

🌹Ый менен нурдан бүткөн,
Ыймандын бешиги бар.
Адамды жокко теңеп,
Адамдын кесири бар.
Кудайдан корккондорго бейиш берер,
Коркпогон текеберге кейиш берер,
Кудайдын чечими бар!
Ойлон, пенде! Ойгон, пенде!
Акыры адамбыз го, сезими бар.
Жалгыз гана орозо кармагандар кире турган,
Жаннатын «Раййан» аттуу эшиги бар.
Рамазан - керемет ай!
Раббиңден түндүгүңө кут конор,
Орозо туткан жандын,
Оозунда бир жагымсыз жыт болор,
Ал жыт бирок, Аллах үчүн жыпарлардын жыпары.
Ою тайыз жаралганбыз,
Ошондуктан, эч сезбейбиз биз аны.
Кээ бир жандар айткандарды,
Жомок дешер каткырып.
Өзүлөрү кылды бекен?
Аллахчалык бир жандыкка жакшылык.

🌹Азамзат, эй!
Чын эмеспи жалган дүйнө күн өтмөк,
Акыретин билсе пенде,
Кымындай да жамандыкты жасабай,
Жалаң гана напси менен күрөшмөк.
Жакшылыкты тынбай жасап,
Көңүлгө нур түнөтмөк.
Рамазан ыйык айдын асылдыгын,
Берекесин билгенде,
Пайгамбарым айткан сымал,
Бир жылдагы он эки айды,
Рамазан болсо экен деп тилешмек!

🌹Аллахка шүгүр кылам,
Ал Затка бүтпөй турган сүйүүбүз бар.
Бул жарыкка көз ачып келген өңдүү,
Бул жарыктан көз жумар күнүбүз бар.
Орозолуу адамдарда,
Эки чоң сүйүнүч бар:
Биринчиси ооз ачып,
Ырыскыга көңүлүн бөлгөн кезде,
Экинчиси, Акыретте,
Жараткан Улуу Затты көргөн кезде!..
🌹Орозо кармагандар чын дилинен,
Алдыдагы ырыскыдан таткыла!
Жараткан Аллахымды көрөр кезде,
Мындан өткөн бакыт барбы айткыла!
Рамазан - орозо ай,
Отуз күндө кетип калар тез учур.
Рамазан - орозо ай,
Дуба кылсаң, эч күмөнсүз.
Кабыл болор кез ушул.
«Дуба кыл!»- деп Жараткан да,
Кулдарынан сурады.
Кел, замандаш!
Орозодо бирге дуба кылалы.

🌹Оо, Аллахым!
Биздин кылар ишибизди жеңил кылгын!
Оо, Аллахым!
Дил агартар ар адамга пейил кылгын!
Ыймандан соолубаган булак бергин,
Ата-энебиз азап менен чоңойтту эле,
Аларга бекем кайрат, кубат бергин!

🌹Оо, Аллахым!
Өзүңдү көрүш үчүн,
Көкүрөккө эңсеткен куса бергин!
Онтогону айланып каткырыкка,
Ооруган кулдарына шыпаа бергин!
Оо, Аллахым!
Алакандай элибизге,
Акыйкат ыйман менен чындык бергин!
Ала-Тоо жерибизге,
Береке тынчтык бергин!
Күлүктөргө арыш бергин!
Жигиттерге намыс бергин!
Оо, Аллахым!
Сен үчүн сабыр кылдым,
Оо, Аллахым!
Кабыл кылгын!

Жеңишбек Жумакадыр.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.