Halloween party ideas 2015

Мурат сарай ичинде, гүлзарда сейилеп жүргөн атасын көрүп, жанына чуркайт. Ал -ахыбал сурашкан соң мындай дейт:

-Журтатасы атакем! Өзүңүз теңдүү курбалдаштарыңызга салыштырмалуу үстүңүздөгү опол тоодой оор жүккө, аламан түйшүккө моюн бербей дагы деле болсо жаш көрүнөсүз. Жашыңыз башкалардыңындай эле биртопко барып калганы менен белиңиздин бекчейбегенинде бир сыр болсо керек. Ар түрдүү кыйынчылык жана оор күндөгө карабай, жаштардай акылыңыз тунук, ой-пириңиз дагы эле жүйөлүү, дене турпатыңыз каармандардай салмактуу. Бир карасам уруш майданында албууттанган колбашысыз, бир карасам илим жыйындарында салабаттуу устатсыз, бир карасам эл-журтка бериле кызмат кылып, сезимтал дервиштейсиз!... Сизде күн-түн деген нерсе жок. Баары окшоштой. Түмөн түйшүк жондон басып турса да жаш көчөттөй ийилбей, жандүйнөңүз жабыркабай кантип чыдап жүрөсүз? Мунун сырын айтыңызчы? Акыл-эстин тынымсыз чабытташы адампендени жабыркатат, мүдүрүлтөт. А сизде эч кандай өзгөрүү жок, салабаттуу турпатыңыз дале чыйрак! Акыл эсти таңдандырган өзгөчө мүңөзгө жетүү үчүн, кемибес кеменгерлик, чаалыкпас акылмандык үчүн кандай даары колдондуңуз? Уулуңузга ушуларды айта аласызбы? Мен сиздин жолуңуздан жүргүм келет!

Мурат хан жеткинчек жаштагы уулунун суроолоруна бир чети таң калса, бир чети ичинен ыраазы болуп береги тарыхты насааттады:

-Алдыңа кетейин каралдым! Сен мени абдан кубанттың! Аалам атпай жана жаамы макулук ибадат кылган Кудай Таалам сага багыштаган артыкчылыктарын дагы да арбытсын. Ушундай кенен, ушундай татаал маселелерге болгон кызыгууңду арттырсын.

Өмүрүн туура жолдо өткөрүп, одүйнөгө кеткен жандар акырет ааламынын кыялга сыйбас нематтарына ээлик кыларына бекем ишенем. Бул ишенимде эч кандай шегим жок. Ошо себептен Жаратканга ибадат кылганда, чын дилден берилип орундатам. Сен айткандай бул оопасыз машакат дүйнөдөдө тарткан азаптын акыбетин Алла Таалам акыретте эселеп берерин бөркүмдөй көрөм. Кандай гана шарттарда болбосун Ага жалбарып мунажат кылып келем. Асыресе Анын маңдайыма жазган тагдырын чоң сыноо деп билем.

Уулум! Бардык сөзгө ишене бербе, Ар башкача болуп жараян этилген окуялардын ички мазмунун, акыйкат өзөгүн үйрөнүүгө болгон кайратыңдан жазба!

Бышып жетилген мөмө жемишти баары жакшы көргөнү сыңары, көптү көргөн, тажрыйбалуу-билимдүү даанышмандарды ар убак эл өзү тандап алат. Таттуулугу ченде жок жүзүм турганда, быша элек кычкыл мөмөнү жеш акыл тайкылыгынын белгиси.

Кээ-кээде ата-бабаларымдын адамдык сапатын, мүнөзүн, баскан жолун талдадым. Бизден кийинки урпактын басар жолу, ойлор ойу, тутунар көрөңгөсү тууралуу көп ойлондум.Ушу кезге чейин сөзгө алынып, сүйүлүп, урмат көрүп, алкыш алып келдик. Буга шүгүр деш керек. Мына ушул жакшылыктын түбөлүккө уланышын арзуу кылып келем.

Бир нерсенин уланып кетишин басым, буйрук, күч, кылыч, зомбулук менен камсыз кылуу мүмкүн эмес. Акыл, чара көрүү, сабырдуулук, арканды узун таштоо жана албетте тажрыйба зор мааниге ээ. Биринчи айтканым ар убак үчүн өтүмдүү эмес, кесепети көп. Экинчи жолдун жалгыз өзү ишке анчейин жарабайт. Улуу ийгиликтер үчүн экөөн айкалыштыра ишке салуу керек! Ардактуу бабаларыбыздын албан жеңиштеринин сырткы көрүнүшүнөн кылыч көрүнгөнү менен аныгында акыл-парасат жана сүйүү күчү менен жүзөгө ашканын эсиңден чыгарба.

Каралдым! Адилеттикти эгерим колдон чыгарба. Анткени Алла адил, адилеттүү кулдарын сүйөт. Мындай караганда сен Анын жер бетиндеги өкүлүсүң. Ал сага көптөгөн жакшылыктарды жаадырган, мына эми сени мусулман журтчулугунун башына келтиргени турат!..

Уулум! Бул дүйнөдө үч түр адам бар:

Биринчи тайпа: акыл-эси жайында, эркиндиктин даамын таткан жана ой жүгүрткөн, адаттан тыш өзгөчөлүгү жок пенделер.

Экинчи тайпа: Эч нерседен кабары жок, буйрук, эскертүү, насаат деген нерселерге кулак төшөп коюшпайт. Өз жыргалын гана ойлошот. Бүт нерсени билгендей кыйын боло беришет. Булар өтө кооптуу топ.

Үчүнчү тайпа: Кайсы жол туура, кайсы жол терс экенине кызыкпаган жандар булар. Бирок бул абалга алар өз каалоосу менен эмес, чөйрөдөгүлөрдүн таасири менен түшүп калышкан. Айтылган насаатты кабылдашат, сөз угушат, туура жолду тандашат. Булар эң кооптуу топ деп эсептелинет.

Айланайын уулум! Улуу Жараткан эгер сени алгачкы тайпанын адамы кылып жараткан болсо, сүйүнүчүм да, алкышым да чексиз. Эгер экинчи тайпанын адамы кылып жараткан болсо, айтылган акыл-насаатты кунт коюп угууну, эскертүүлөрү жадыңа бек түйүүнү кеңеш кылам. Бирок үчүнчү тайпанын адамы боло көрбө! Алар Аллага да, адамдарга жа жага беришпейт.

Падышалар колуна тараза кармаган адамга окшош. Бирок колундагы таразаны туура кармаган жан - анык падыша. Мына ошондо гана Кудуреттүү Алла Таала сага жакшылыгын жаадырат. Сени салих момундардын тайпасына кошот. Бүт нерсе Ага таандык, бүт нерсени Ал гана билет... »

Мынакей, ата-баланын акактай тунук акылы жана аруу парасаты...

«Бактылуулук формуласы »

Отправить комментарий

Технологии Blogger.