Halloween party ideas 2015


Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) айтты: 
"Багымдат намазын окуган адам, Алланын коргоосунда болот".
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) айтты: 
"Салкын убакытта окулуучу эки (багымдат жана аср) намаздарын такай окуган адам бейишке кирет".
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) айтты:
"Мунаафык (тили менен ыйман келтирип, жүрөгү менен ыйман келтирбеген) адамга, багымдат жана куптан намазынан оорураак (кыйыныраак) намаз жок. Эгер алар эртең мененки жана кечки намаздардын (соопторун) билишкенде, анда алар, ал эки намазга сойлоп (жөргөлөп) болсо да келишмек".
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) айтты:
"Куптан намазын жамаат менен окуган адам, түндүн жарымын намаз менен өткөргөндөй соопко ээ болот. Багымдат намазын жамаат менен окуган адам, түндү толугу менен намаз окуп өткөргөндөй соопко ээ болот".
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) айтты: 
"Багымдат жана аср намаздары учурунда, силер менен түнү чогу болгон периштелер менен күндүзү чогу болгон периштелер алмашышат. (Аср намазы учурунда күндүзгү периштелер кетишип, алардын ордуна түнкү периштелер келишет. Ал эми багымдат намазы учурунда түнкү периштелер кетишип, күндүзгү периштелер келишет). Анан силер менен түнү бирге болгон периштелер асманга көтөрүлүшөт. Баарын билип туруучу Алла Таала алардан: "Менин кулдарымды кандай абалда калтырдыңар?" - деп сурайт. Алар (периштелер): "Биз аларды намаз окуп жаткан кезде таштап келдик, ал эми биз барган кезибизде да алар намаз окуп жатышкан болот" - деп жооп беришет".
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) айтты: 
"Багымдат намазынын эки рекети, дүйнө жана дүйнөдөгү бардык нерселерден жакшыраак". (Бул хадистеги эки рекет намаз, багымдаттын эки рекет сүннөтү).
Умар родияллоху анху айтат: 
"Багымдат намазын жамаат менен окуу, мен үчүн түнү бою
намаз окугандан сүйүктүүрөөк".

Отправить комментарий

Технологии Blogger.