Halloween party ideas 2015


Бүгүн, 8-майда Бишкек шаарындагы борбордук мечитте эски китептердин фестивалы болуп өттү. Иш чарага өлкө аймагынан 200дөн ашуун китептер коюлган. Китептердин эң эскиси 14 кылымда басылган ыйык Куран китеби жана 128 жыл мурун басылган салмагы, көлөмү боюнча эң кичинекей Куран китептери көргөзмөгө келишке көрүүчүлөрдүн купулуна толду.  Фестивалдын алкагында кылымдан кылымга өтүп сакталып келе жаткан география, тарых жана шариат мазмундарын камтыган китептер келип, алардын көпчүлүгү Орто Азиядан басылгандыгы белгилүү болду.

Ал эми эски китептердин фестивалына Азирети муфтийдин орун басарлары, белгилүү тарыхчылыр, дин аалымдары катышышты.

«Бүгүнкү көргөзмө өз максатында жетти. Себеби, өлкө аймагындагы эң эски делген китептер келишкен. Алардын көпчүлүгү ар кайсы доорго таандык. Бизди кубандырганы иш чарабызга күтүлбөгөн китептердин келгени. Алар кыргыз, түрк, фарс тилдериндеги ата-бабаларыбыздын китептери келген»,-деди КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов.

Фестивалдын алкагында;

1- Эң эски китеп
2- Көлөмү эң чоң китеп
3- Эң оор китеп
4- Эң калың китеп
5- Эң кооз жасалгаланып, таза сакталган китеп
6- Башкалардан өзгөчө китеп
7- Эски бирок, эң көп томдуу китептер боюнча тандалып алынган жеңүүчүлөргө мактоо баракчасы жана Бишкек шаардык казыяты тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.

Иш чара Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин “2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагында жана 2014-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын №1.1 Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына ылайык диний чөйрөдөгү мамлекеттик жөнгө салуунун өңүтү жана аныны принциптерин ишке ашыруу алкагында жана Кыргызстандын маданиятын, тилин, салттуу руханий баалуулуктарын сактоо жана өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, эски китептердин фестивалы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы жана Бишкек шаардык казыяты тарабынан уюштурулду.


http://muftıyat.kg

Отправить комментарий

Технологии Blogger.