Halloween party ideas 2015

Адам баласы ким жана канткенде адам болот?

Бир даанышманга: “Канткенде адам болобуз?”,-деп сурашыптыр.

“Үч кадам таштоо менен”,- деп жооп бериптир даанышман.

“Эң башта, сага жамандык кылгандарга жамандык кылгың келбесе, демек бул адам болууга таштаган биринчи кадамың. Сага жамандык кылгандарга жакшылык кыла баштаган болсоң, экинчи кадамды таштап, чыныгы адам боло баштаганың. Акырында, сага жакшылык жасагандар менен жамандык жасагандардын ортосунда айырма билбей турган абалга келгениңде – адам болгонуң ошол.”

1. Адам көркү - адеп.

2 Адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт.

3Адам тилинен табат.

4. Адам ашка тойсо да, жашка тойбойт.

5. Адам болмок аста-аста, айбан болуу бир паста

6. Адам - акылы менен адам
.
7. Адам ачтан өлбөйт, ардан өлөт.
8. Адам өзүнөн кийинкилерди көрүп картаят.

9. Адам эли менен, каз өрдөк көлү менен.

10. Адамдан айла качып кутулбайт.

11. Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт.

12. Адамды бузган - байлык менен бийлик.

13. Адамдын өзү карыса да сөзү Ө_алҢ_cв.

14. Адамдын көркү баш болот, кабактын көркү каш болот.

15. Адамдын кыйноосу - санаа, өлүмү оору.(маклдар) .
.
http://formulasy.blogspot.com/2016..

Отправить комментарий

Технологии Blogger.