Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш



АЯЛ КИШИ ДЕМ САЛА АЛАБЫ?

ЖООП: Аялдын эркекке дем салганы туура эмес. Эркектер эркектерге дем салсын. Аялдар аялдарга дем салсын. Кээ бир аялдар бирин жактырып калса эле кайра-кайра барып, дем салдыра берет. Бул туура эмес. Эгер кайсыл бир эркек эшикти жаап, терезени калап дем салса, аны шайтан дегиле. Колдон келсе эркек эркекке, аял аялга дем салсын. Ар кимдин өзүнө-өзү дем салганы эң жакшы. Жатарда бизде «Алхамду» делген Курандын Фатиха сүрөөсүн, Аят аль-Курсини, Каафируун, Фалак, Насты окуп, колго үйлөп кол жеткен жердин баарына сыйпап чыксаңыз – бул пайгамлардын сүннөтү.

МЕНИН КРЕДИТИМ БАР. БЫЙЫЛ КУРБАН ЧАЛА АЛБАЙ КАЛДЫМ. АЯБАЙ ӨКҮНҮП ЖҮРӨМ. ИШТЕРИМ ЖАКШЫ.

ЖООП: Кредиттен тезирээк кутулуп, аны кайра албаңыз. Аны алууга мусулманга тыюу салынган.

АЙТТАН МУРУНКУ АРАПА КҮНДӨРҮНДӨ КИР ЖУУБАЙТ ДЕШЕТ. БУЛ ТУУРАБЫ?

ЖООП: Бизде эки айт бар, Орозо айт жана Курбан айт. Арапа күнү Курбан айтта болот. Орозо айтта Шектик күнү болот. Себеби «эртең орозобу же орозо эмеспи» деп шектенгенибизден «шектик күнү» болуп калган. Арапа, Шектик күндөрү иш кылбайт дегени, ошол күнгө чейин бүтүрүп койсо жакшы дегендик. «Койчунун кызы кой келгенде иш кылат» дегендей кээ бир адамдар айт келе жатса, кыйраткансып иш кылып калат да. Айтта адамдар майрамдаш керек, айтташ керек, боорсок бышырып, үй шорпо жытанып, балдар жилик кучактап укташ керек. Ошондо анан той болот. Той күнү иш кылбаш керек. Адамдардын майрамдык маанайын бузбаш керек. Бул күнү жаңы кийимдер, сандыкта жаткан чапандар, жаңы маасы-көлөчтөр кийилиш керек. Адамдар арак ичпеш керек, балдарга сүйүнчү пул бериш керек, айтор, ушундай майрамдык маанай болуш керек. Бирок зарыл иш болсо кылса боло берет.

КАТЫНДЫН СӨЗҮН КАЙТАЛАГАН ЭРКЕКТИН ИШИ ЭМЕС ДЕДИҢИЗ. КИШИ КАРА БАР ЖЕРДЕ УНЧУКПАЙ КОЮП, ӨЗҮНЧӨ КАЛГАНДА «ЭМНЕГЕ МИНТИП АЙТТЫҢ» ДЕП СУРАСА ТУУРА БОЛБОЙБУ?

ЖООП: Эми тууганым, «разборка», ызы-чуу кылып териштиргендин кереги жок. Аял киши жеңил адам, ачуусу менен айтып алды. Байкуштун аны айткысы деле келбейт эле. Ошону эмнеге айттың дештин кереги жок. Ал өзү эле уялып калат. Ошондуктан эл жок жерде барып, эмне минтип айттың деп такалаштын да кереги жок. Жөн эле ушуну туура эмес кылдың окшойт деп айтып, эскертип коюу жетиштүү болот. Ар бир сөздү жазып алып, милийсадай болуп тергеп чыгуу жакшы эмес. Аял киши акылы менен эмес, көбүнчөсүн сезимдери менен аракет кылат. Ошондуктан ката кылгандыгы өзү деле түшүнүп калат.

ҮЧ ЖЫЛДАН БЕРИ ЧЕТТЕ ИШТЕП ЖҮРГӨМҮН ДА. ӨЗҮМ ҮЙЛӨНГӨМ. ҮЙЛӨНҮП КЕТКЕМ, КЕЛИНЧЕГИМ БИЯКТА КАЛГАН. КЭЭ БИРӨӨЛӨР АЙТАТ НИКЕ ЖАРЫЛЫП КАЛГАН, ЖАҢЫРТЫШ КЕРЕК ДЕП. ОШОЛ ЖӨНҮНДӨ СУРАЙЫН ДЕГЕМ

ЖООП: Жок, нике жарылып кала бергидей жумуртка эмес да. Ал жөн эле сөз. Алты ай жүрсө нике жарабай калат деген нерсе жок. Белек-бечкек жиберип, тез-тез келип турсаңыз эле нике ордунда тура берет. Кудай Таалам бакыт-таалай берсин.

БАЛА ТӨРӨЛГӨНДӨ КУЛАГЫНА АЗАН ЧАКЫРЫШ КЕРЕК ДЕП УГУП КАЛАМ. МЕНИН ЭКИ БАЛАМ БАР. АЛАРГА АЙТЫЛГАН ЭМЕС. КИЙИНЧЕРЭЭК АЙТЫП КОЙСО БОЛОБУ? ЧОҢОЮП КАЛЫШТЫ ДА.

ЖООП: Мечитке жетелеп барыңыз. Ошол айтылган азан жетиштүү болот. Дайыма мечитке алып барып туруңуз, жакшы болот. Ийгиликтин эрте-кечи жок. Эч болбосо, кеч болсун деген кыргыздын накыл кеби бар. Азан айтылган кулакка арам кирбейт, Алла деген сөз кирет, мындай кулак кийин ууру болбойт, кески болбойт, кийин ыймандуу болот, арактан алыс болот, зынадан аыс болот. Балдарыбыздын кулагына бул ааламга түшкөндөгү биричи сөзү «акча» же «арак» деген болбостон, «Алла» деген сөз кире турган болсо, демек келечегибизди камсыз кылган болбобуз.

УЧУРДА ҮЙ-БҮЛӨМ МЕНЕН ЖАМАН АКЫБАЛДА ТУРАБЫЗ. КӨКӨЙҮМДҮ КЕСИП ТУРАТ, ЭКИ БАЛАБЫЗ БАР. МЕНДЕН ДА КЕТТИ, АНДАН ДА КЕТТИ ДЕГЕНДЕЙ. КАЙРА ЫНТЫМАККА КЕЛСИН ДЕП БАТАҢЫЗДЫ БЕРИП КОЕСУЗБУ?

ЖООП: Кудай Таалам ынтымак, ийгилик, жакшылык берсин. Кудайым ажырашкандарды жараштырсын. Таарынышкандарды табыштырсын. Кара далы кыздарыбыз тезирээк күйөгө тийсин. Бойдокторубуз колоктоп жүрбөй тезирээк үйлөнсүн. Ооруп аткандарга тез шыпаа берсин. Кудайым шерменде кылбасын. Эркек кечирим сураганды билгенде гана эч бир себепсиз эле үйлөнгөнгө даяр болот. Эгер кечирим сурай албаса, анда үйлөнүүгө даяр эмес. Териштирип, кимдики туура экенин аныктагандын кереги жок. Ал олимпиадада болот, допинг ичтиңби деп сураштыруу. Эрди-катындын ортосунда болгон маселеде эркек жөн гана кечирим сураганды билиш керек. аялдан кечирим сурап, аны мактап ишке салсаңыз, аялдан өткөн баатыр болбойт. Ошондуктан аялдардын психологиясын бир аз билиш керек. булар эркектей макулук эмес, өзгөчө макулук. Эмне көп? Жакшы сөз көп. Ошондуктан буларга жакшы сөз айтсаңыз жарашат сизге.

МЕН СЕМЕЙНИЙ КИШИМИН ДА. КЕЛИНЧЕГИМ БАШКА ҮЙ-БҮЛӨ МЕНЕН ЖЫНЫСТЫК МАМИЛЕДЕ БОЛОЛУ ДЕП СУРАНЫП АТАТ. ЭМНЕ КЫЛАМ?

ЖООП: «Семейний» дегендин кыргызчасы бар. «Үй-бүлөөлү» десең. Кыргызча түгөнүп калса, орусча сүйлөйбүз. Андай кылуу – арам. Ал тообо кылсын. Достор чогуу отурганда, аял-эркек аралашып отуруунун өзү туура эмес. Анткени бирөөнүн катыны бирөөнө кыз көрүнөт деген сөз бар. бирөөнүн күйөөсү бирөөгө жигит көрүнөт. Ошондуктан достор отурганда, аялдар бөлөк, эркектер бөлөк отуруш керек. «Аяш-аяш» деп бири-бири менен аралашып бийлеген таптакыр туура эмес. Сенин аялыңды башка бирөө белинен кучактап бийлеп аткан бул арам, арам. Керек болсо башканын аялы менен сүйлөшкөнгө болбойт. Ушундан жанагындай арам ойлордун баары башталат да. Анын аялынын көзү сизде, сиздин аялыңыздын көзү башкада болуп. Муну бизге орустар алып келип, кадимки көрүнүш болуп калды. Сен маданияттуу көрүнөсүң, бирок сенин аялың менен башка бирөө жатып аткан болот. Сен башканыкы менен жатып аткан болосуң. Бул таптакыр туура эмес нерсе. Ошондуктан бул туура эмес маселе. Таптакыр аны колдобоңуз. Бул шайтанчылык, таптакыр арам. Ал эмес тооктор, мал да муну колдобойт. Туура эмес. Бул ошол Европадан келген бузуку нерсе. Акмакчылык. Бул кыргыздын дининде, шариатында, салтында болбогон маселе. Аялыңарды кызгангыла! Аялыңызга дем салдырыңыз, дааватка алып чыгыңыз. Анан аялыңызга өзүңүз жакшыраак көңүл бөлүңүз. Балким сизден таппаганын издеп аткандыр. Бир аз романтик болуңуз. Бети-башты жакшылап жууп, ага атырлардан куюнуп барып, аялыңыздын көңүлүн ойготконго аракет кылыңыз, урматтуу бир-тууган.

РОЗА ОТУНБАЕВА ЖӨНҮНДӨ

Сөз келгенде Отунбаева апчебиз жөнүндө айтып кетүүнү туура көрдүм. Ал да аял киши. Мен азрети муфтий болуп иштеп турганымда бул киши президент болуп иштеди. Орозонун биринчи күнүндө кабыл алуусунда болгондо эжебиз мени, муфтийди көрүп эреркеп, айтор, ыйлап жиберди да. Анан: «Ушул күндөрдөн аман чыгамбы билбейм. Эгер өтүп кетсем, тебелеп-тепсеп көөмп койгула», - деп айтты. Ал эженин эсинде барбы жокпу билбейм. Мен ошону укканда ичимден «Ушул күндөр да бүтөр бекен» дегем. Оор күндөр. Ошто өзбек-кыргыз окуясы болуп жаткан оор күндөр. Кан жыттанып турган учур эле. Ошондо ыйлаганын көрүп кадимкидей боорум ачыган. Оор күндөрдөгү кээ бир адамдырдын кылык-жоруктары үчүн адамдарды күнөөлөгөндүн кереги жоктур. Ал күндөр башка күндөр болгон. Ошондуктан келгиле, урматтуу бир-туугандар биз алакандай элбиз. Саясачыларга айтарым, чоңдорубузга айтарым, келгиле акыйнек айтышпайлык. Келгиле сатышпайлык. Келгиле бул аз күндүк убакытта бири-бирибизди урматтап, сыйлап өтөлү. Беш күндүк өмүр. Эртең Кудайдын астына барганда бардык нерсеге ар кимибиз жооп беребиз. Бирок кечээ, мурдагы күнкү кан жыттанып турган окуяларда кабыл алынган чечимдер, бүгүн таптакыр башкача кабыл алынуусу мүмкүн. Анткени ошол убакта мен да муфтий болчумун. Андан мурдараак фатва бөлүмүнүн башчысы болчумун. Мага ошондо ушундай суроо келген. «Биздин үйүбүзгө каршылаш улутунан болгон бирин союп, корого көмүп алдык. Кантип чыгарабыз ошону», - деп суроо берсе, башка бирөө «Ичин жарып, баласын чыгарып салдык», - деген төбө чачты тик тургузган суроолорду беришти. Ушундай бир күндөр өткөн. Ошондуктан мен айтат элем. Урматтуу биздин журт багар, эл багарлар акылыбызга келели. Абийирди ачып албайлык бардыгыбыз. «Акылың барда абийириңди жап», - деген сөз бар. Ошондуктан мен бардык Кыргызстан калкына кайрылар элем. Урматтуу бир-туугандар жанагы «Эки жакшы тоого чыкса, кудалашып түшөт. Эки жаман тоого чыкса, кубалашып түшөт» дейт. Кубалашпай бардыгыбыз кудалашалык. Келгиле «Ачуу – душман, акыл – дос, акылыңа акыл кош» деген сөз бар. Өлкөбүздү бүлдүрүп, мамлекетибизди бөлдүрүп, жок кылып алуудан сактаналык. Бардыгыбыз жеке кызыкчылыктарыбызды бир аз ооздуктасак, бардыгыбыз «Кудай үчүн» деп бир аз аркага саресеп сала турган болсок, бардыгы эле ордуна келет. Кудайдын алдына барчу Улуу күндү эстеп, бирибизге бирибиз мээрим менен мамиле кылганды үйрөнөлү. Албетте, кээ бирөөлөр молдоке ушуну сүйлөп эмне кылат. Сүйлөбөй эле койбойбу деп бирөөнө жакпашы мүкүн. Бирок мен жүрөгүмдөгү сөз. Муну айттым. Эгер кимдир бирөөнө оор тийсе, мен кечирим сурайм, урматтуу бир-тууганым. Анткени Кыяматка барганда ушул сөзүм үчүн да жооп береримди билем. Баарыбыздан Алла ыраазы болсун!

▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒
plus.google.com/+FormulaKG
⚡ WhatsApp: +996700334493

© БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Дыйканчылыктын зекети же үшүрү онго бир дейт ко. Мен бир ислам негиздери тууралуу китептен 20/1 деп да окудум эле. Кайсынысы туура болот?
Жооп: Сиз туура эмес китепти окугансыз же туура эмес түшүнүп алгансыз. Зекетти карызы бар болсо, карызын чыгарган соң берет. Үшүрдө карызга карабайт. Жерден чыккан жемиштин ондон бирин бере берет. Сугарган сууну сатып алып же кыйынчылык машакат менен чыгарып, сугарганда ондон бирдин жарымын – 20/1 берет. Жерди ижарага алсаңыз, мисалы бир гектарды эки миң сомго алдыңыз дейли, анда бул акчаны чыгарып туруп анан бересиз. Бирок тракторго, жумушчуларга мынча төлөгөм деген сыяктуу чыгымдарды чыгарбастан үшүр бересиз.
Мен корейлердин ашканасында иштейм. Бул жерде чочко, кээде иттин эттеринен тамак жасалат. Мен тамак жасайм, бирок даамын да көрбөйм. Өзүн мусулманмын дегендер да келет. Мындан канчалык күнөкөр болуп атам деп сурайын дегем.
Жооп: Ал жерден чыгып башка жерге иштеп кете алганга мүмкүнчүлүгүңүз болсо, табарыңыз менен дароо, эч кармалбастан кетиңиз.
Сизге жазып, суроолорго жооп алгандай сайтыңыз барбы?
Жооп: Орусиядан келген бир-туугандарга деп бир жолу аракет кылганбыз, бирок менин убактым тартыш болуп, келген суроолорго жооп бере албай калдык. Ошондуктан «МаралFM» радиосунан гана 1,5 саат чыгып суроолорго жооп бергенге мүмкүндүк таап атабыз. Андан сырткары жума сайын сабактарыбыз бар. Ушул «Саресеп» гезити аркылуу да суроолорго жооп берип турабыз, ушул гезит аркылуу байланышсаңыз жакшы болот. Сурооңуз олуттуу, мурун жооп берилбеген болсо, жообун аласыз.
Мага чоң атам бир кыз, чоң энем башка кыз таап атат, кайсынысына үйлөнсөм.
Жооп: Кудай Тааладан суранган истихара намазын билесиз. Адам кайсыл жолду тандаарын билбей калган кезде, Пайгамбарыбыз ушул истихара намазын окууга буюрган. Анын дубасын Курандын аяттарын жаттаткандай жаттаткан дешет сахабалар. Сиз биринчи чоң атаңыз тапкан кыз тууралуу истихара намазын окуңуз, андан кийинки күнү чоң энеңиз тапкан кызга окуңуз. Кайсыл истихара намаздан кийин көңүлүңүз жай алып калса, ошого багыт ала бериңиз. Энеси кандай экенин караңыз, эшигинин туткасын караңыз кирби же жокпу, андан кийин үйлөнө берсеңиз, буюрса, жакшы болот.
Жакында машина менен баратып кырсыктап калдым. Соттошуп, сотубуз бүтө элек. Мен кан чыгарып, түлөө өткөрүп коёюн дедим эле. Аны соттон кийин өткөргөнүм туурабы? Жол-жобосу кандай? Бири айтат бышырып тарат деп, экинчиси чийки бойдон деле тарат, үчүнчүсү элге тамак берсе болот дейт.
Жооп: Эми түлөөнүн так жол-жобосу деле жок. Мал союп, эт жемей. Сот бүткөнүн деле күтүүнүн кажети жок. «Түлөө» «тилөө» деген сөздөн келет. Кудайдан тилейсиз. Колуңуздан келсе кыласыз, тартыштык болсо, милдеттүү эмес. Жети, он токоч бышырып деле элге таратсаңыз болот. Аны кылуунун шарты – Алла Тааланы ыраазы кылуу ниетинде, айрыкча колу жука кошуна же медреседе окуган балдарга берсе жакшы. Бирок өзүңөр муктаж болуп турсаңар, өзүңөр союп, өзүңөр жеп, андан кийин дуба кылсаңыздар, кабыл боло берет. Сөзсүз бышырып же чийки таратуу деген талап жок.
Биздин ит төрөп, төрт баласы болду. Күйөөм алысыраак алып бар дегенинен, дарбазанын сыртына чыгарып койсок, экөө өлүп калыптыр. Кийин башынан ысык өтүп, калган экөө да өлүп калыптыр. Өзүбүздү күнөөлүү сезип, бир сыйра ыйлап аябай жаман болдум. Катуу күнөөлү болуп калдымбы?
Жооп: Ит төрөбөйт – тууйт, бала эмес, күчүк тууйт. Албетте, күнөөлүү болуп калдыңар. Тообо кылгыла. Итке ыйлачу эмес, бирок капа болгонуңар жүрөгүңөрдүн тирүүлүгүнөн кабар берет. Мен да Арашан айылында жашап жүргөндө, бир канчык ит жүдөгөн күчүгүн ээрчитип келди. Тамак берип жүрдүк, көрсө бооз да экен. Ал жети-сегизди тууду. Мурдагы күчүгү менен бирге бир короо ит болуп жатып калды. Же куусак кетпейт. Кийин келген коноктор «Чубак ажы ит багып алыптыр» деп жүрүштү. Акыры элге таратып берип кутулдук. Акыркысынан кантип кутулабыз десек, башка айылга алып барып таштап койгула деген кеңеш беришти. Көк-Жар айылынын боюна таштап өтүп кеткем жумушума. Жумуштан кайтып атсам, асфальт жолунун чекесинен машина уруп кетиптир. Мен көп убакыт капа болуп жүрдүм. Өзүмдү аябай күнөөлүү сездим. Үйдө жүрө берсе болмок деп. Итти үйгө эмес, муктаждык болсо, короого бакса болот. Сиздер да короодон чыгарбай эле койсоңор, күчүктөрү торолгондо таратып берип коёт элеңер.
Менин көп жылдан бери бутум ооруп жүрдү. Диагнозу чыкпай молдокеге барсак, жин кирип кетиптир дейт. Акыл-эсим ордунда эле. Жин болушу мүмкүнбү?
Жооп: Мен жин боюнча адис эмесмин. Кээде ошентип айтышат жин тууралуу. Бул маселе боюнча КАСИ мечитиндеги Нурмухаммад карыга жолугуп көрүңүз. Ал сизди карап, диагноз койгонго аракет кылса жарашат. Алла шыпаа берсин сизге.
Мен кыргызмын, бирок Москвада намаз окуп баштагандыктан кавказдык бир-туугандардан үйрөнүп, шафи мазхабында намаз окуйм. Алар бир мазхабдан экинчисине секиргенге болбойт дешкен. Эки жылдан бери Бишкекетемин. Сиздин сабактан таасирленип, өзүбүздүн ханафи мазхабына өтөйүн дейм, бирок өзүмдү күнөөлүү сезип атам. Кантсем болот?
Жооп: Сиз, таксырым, ханафи мазхабына өтүңүз. Себеби биздин аалымдарыбыздын баары ушул мазхабда. Ошентсеңиз башаламандыкка себеп болуудан кутуласыз. Себеби сиздин шафи экениңизди билбей, адамдар «салафи» деп чочуп, жаман көрө бериши мүмкүн. Эгер зарылчылык болбосо, мазхабдан мазхабга өтүү туура эмес. Бирок сиздики – зарылчылык. Себеби элибиздин баары жана аалымдарыбыздын 90%ы ханафи мазхабында. Имам Шафинин кара чечекей шакирти имам Музанинин шакирти имам Тахави ханафи мазхабына өтүп, биздин мазхабдын улуу аалымдык даражасына жеткен.
Эрди-катын уруша кетип, аялы эрин катуу каргап салса эмне болот?
Жооп: Эчтеке болбойт. Эрди-катын урушат, эси кеткен болушат, түнү бирге жатышып, таңга жуук табышат. Ошондой эле болот. Ага капа болбош керек. Бир урушуп койсо эле кыжалат болбош керек. Аял деген алсыз болот, айтып коет. Ушинтип айкансың деп, анын сөзүн кайталап айткан эркек, эркек эмес. Аялды Кудай кандай жаратса, дал ошондой бойдон сүйүш керек. Аны «Эркек кылам, чоң апам, апам кылып алам» деген сөз – болбогон кеп. Ачуусу келгенде унчукпай туруп, ачуусу тараганда сүйгөндү уланта бериш керек. Сен минтип айткансың, моминтип урушкансың деп аялга өчөшүп алган эркектин аялдан айырмасы калбай калат. Мурункуну козгоп, 99-жылы, 88-жылы, 76-жылы ушинткенсиң деп жазып алган эркектер бар экен, тообо. Андайды түштүктө «катын каляш» деп коет. Бул "эркектин касиетин жоготкон" деген сөз. Катын каляш болбош керек эркек деген.
Адамга оору келгенде, күнөөлөрү кечирилет деген хадис жөнүндө айтып берип коесузбу?
Жооп: Бардык кемчиликтен таза Алла өзүнүн сүйгөн пендесине оору берет. Анткени ооруган адам Кудайга жакыныраак болот. Кокустан кетирген күнөөлөрүнөн арылып, жеңилдеп, даражасы көтөрүлөт. Оору берилгенде Кудайга ыраазылык айтып, арызданбастан, көп үшкүрүнүп, онтобостон ооруну конок катары кабыл алган жакшы. Себеби ким оорубаган. Ооруну берген Кудайым, аны өзү алат. Бул да Алла Тааланын сыноосу. Оору даражабызды бийиктете турган тепкич, трамплин деп айтсак да туура болот, урматтуу бир-тууганым.
Устаздан дуба жана насаат
Алла ооруп жаткан бир-туугандарыбыздын баарына, анын ичинде биздин апабыз менен келинчегибизге шыпаа берсин, Москвада өрттөн каза тапкан бир-тууган карындаштарыбыздын балдарын жетимдей кылбасын, Ош-Бишкек жолунда, башка жолдордо тез-тез эле кырсыктагандар болуп атат, алардын жакындарына көңүл айтабыз, өтүп кеткендердин баарын Кудайым Бейиштик кылсын.
Айланайын бир-туугандар, келгилечи, адамча жашайлычы, унааны катуу айдабайлы. Келгилечи, жол тартибин сактайлычы. Ырыскы Кудайдан келет, ал тез айдагандан тездеп кетпейт. Уйкуну кандырып жолго чыгалычы. Бирибизге бирибиз аяр мамиле кылып, жүрөктөрдү оорутпастан, катуу сөз айтпастан, улуу адам бололучу. Кыргыз качан ушинтип калдык эле? Качан бири-бирибизди шашкандан басып өлтүрүп кетип калдык эле?
Урматтуу бир-туугандар, уурдабайлычы, айрыкча мамлекетибизден уурдабайлычы! Ырыскыны Кудайым берет. Кудайым берген ырыскыдан ашыгын оозуңа тыгып жей албайсың. Сенин ырыскың башка биринин оозуна кирип кетпейт. Иш-кагаздарын жасалма кылып, акча алган – арам оокат. Бул сага жакшылык алып келбейт. Балаңдан, небереңден, өзүңдөн чыга берет. Кыяматка барганда тозокко түшөсүң. Уурдаган өлүп кетсин, башкага асылбайлы, ар ким өзүбүздү билели. Ар адам өзүн оңдосо, ошондо мамлекет оңолот. Мамлекет болсо биздики. Табаа эмес, тообо кылдым, канча деген элдер мамлекетсиз жүрөт. Миллиондогон элдер мамлекети жок жүрөт. Чоңдорубуз намаз окуп атат. Коррупция кылгандан тыйылалычы. Биз оңолууга ниет кылбасак, анда болбойт. Балам мамлекетти тоноп, пара алып жыргасын деген түшүнүк жок болуп баратат. Адал эмгек менен жан багалы деген түшүнүктү айта берсек, айта берсек, айта берсек, балдардын кулагына кадимкидей кирет. Бул акыйкат сөз. Мамлекетке кошкон негизги салымыбыз ушул. Келгиле, баарыбыз балабызга адал тамак жегенди үйрөтөлү.
"САРЕСЕП"
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мындан 4 жыл мурда курулуп башталган Бишкектин Борбордук мечити Орто Азиядагы эң чоң мечит болмокчу. 

Болжол менен 7500 кв м. жабык аймакты камтыган мечитте 10500 адам ибадаттарын аткара алат. 
Андан сырткары, мечит короосун кошкондо 20 миң киши бир жерде, бир учурда башын сaждaгa кое алат. 



Мечитке сарпталган акчанын болжолдуу суммасы 30 миллион АКШ доллары





Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

✍ Бир күн келет убакыт алтындай болуп калат,ал учур биздин гырылдап өлүм бычагы өмүр тамырларын кесе турган учур. Адамзат өлөөр алдында бир гана бул дүйнөдө кылган амалдары көзүнө көрүнүп,жакшы амалдары кубаныч тартуулайт жүзүнө,а амалдары жаман туура эмес жолдо жүргөндөр өлүм алдында эле минуттар,секунттар калган убакта азаптала баштайт. Ошол кез эң "аттиң!"   Кылган учур пенденин *"Оо,Аллах! Бир мүмкүнчүлүк берсең мен жакшы амалдарды кылып алсам "*-деп жалбырайт, бирок баары кеч болуп калды,биздин өмүр деген убакыт саатыбыз жебеси токтой турган учур келди. Башка акыйкаттарга көз жумуп коёорсуз,бирок өлүм акыйкатынан эч ким качып кутула албайт.  Ошон үчүн убакытыбызды ысырап кылбай туура пайдалынып алыңыз.
   Динибизде ысыраптын бардык түрүнө тыюу салынган. Өүмүрдү,убакытты жөнү жок пайдасыз нерселер менен өткөрүү да ысыраптын бир түрү болуп эсептелет.
✨Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) мындай деген:
*«Адамдардын көпчүлүгү алданган (баа жеткис) эки оомат бар: ден -соолук жана бош убакыт»*(Бухари)

   Убакыт адам баласына берилген эң кымбат байлыктардын бири болуп эсептелет. Бул байлыкты текке кетирүү да,аны адал жолдо колдонуп пайдалануу да адамдын эрк -каалоосуна байланыштуу. Ар бир учурду туура пайдалануу мусулман пенденин милдети болуп эсептелет. Бул жаатта аяттардын биринде: *«Эгер бош болсоң, (анда башка жакшылык иш,же ибадат менен) алек бол! »*(Инширах: 7) делет. Бул аят Аллахтын Элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) аркылуу бүтүндөй момун -мусулмандарды бош убакыттарын баарын адал жолдо колдонууга,ар дайым жакшылык иштер менен алек болууга чакырат.
   🌺 Бул жашоодо ар бир адамга бирдей убакыт берилет. Чындыгында, ал убакытты ким кандай колдонот, адамдар ошонусу менен бири-биринен айырмаланат. Кээ бирлери аны сарамжалдуу колдонгонду кичинесинен үйрөнүп, жашоосуна маанилүү өзгөрүүлөрдү, өнүгүүлөрдү киргизет. А кеч түшүнгөндөр болсо, убакыттын кадырын кечигип байкап, бармагын тиштейт. Сиз да эртең өкүнүп бармагымды тиштеп калбайын десеңиз убакытты туура пайдалануу тууралуу айрым кеңештерге кулак салыңыз.

_*☀1⃣Агарган таңыңызды бактылуулук эшиктерин баамдаттын ачкычы менен ачып тосуп алыңыз. "Баамдатка турупсуз, шайтанды жолдон куупсуз "дегендей баамдат намазын окуп,бүгүнкү күнүңүздү берекелүү болусун Жараткандан сурап,таңга жеткизгенине шүгүр кылып,дубалар менен үй -бүлөө,бала -чака,тууган -досторго амандык тилеп, кадамдарды жакшы маанай менен тосуп таштаңыз....*_

⏰3⃣  Андан кийин күнүмдүк пландарыңызга көз чаптырып алыңыз. Убакытты үнөмдөнүн эң жакшы усулу алдын ала палан коюп, керек болсо сааттарына,минуттарына чейин белгилеп алуу. Тамактанганда телефондон алыс болуп үй -бүлөөңүз менен, сурашып ,ата -энеңизге баарысана жылмайу менен жылуулук тартуулаң…

✊🏻3⃣ Кайда болбоңуз Жараткандын тыюуларын,буйруктарын жүрөгүңүзгө бекем түйүп алыңыз. Убагы келген парздарды өз убагында аткарууга аракет кылыңыз. Анткени сиз канчалык Жаратканга умтулган сайын,Аллах пендесинин убактысын кең,жеңил кылып коёт . Баардык сааттар Ага тиешелүү экенин эч качан унутпаң!

🌓4⃣ Жашоодо ар кандай кырдалдар,сыноолор болуп турат. Кыйынчылык жашоонун кадырын билдирет.Ага сабыр кылып артка карабай,алдыга гана умтула бериңиз. Башкалардын сиз жөнүндө кандай ойлогондугуна маани бербеңиз. Маани берсеңиз пайдасыз нерв коротуу менен убактыңыз текке кетет...*_

_*💝5⃣.Жакшы көргөн адамдарыңызга жетиштүү деңгээлде көңүл буруңуз. Ата -энеңизге айрыкча алар,бейишиңиздин ачык эшиктери ал эшиктер качан жабылып калуусу белгисиз. Аларды көзү барда,өзү барда сыйын -урматын жайына коюп,сизге жашыңызда кандай мээрим канаттары менен кучагына кысып,ысыгынан,суугунан сактап чоңойткон болсо ошондой мээрим көздөрүңүз,жылуу сөздөрүңүз менен бейпилдике бөлөңүз! Ата -эне ыраазы Алла ыраазы,сизден жубайыңыз,балдарыңыз үлгү алышсын. Үй -бүлөөңүз менен жаратылыш,кооздуктарда,сейилдөөгө алпарып жашоодон ырахат алып жашаганды да үйрөнүңүз...*_

_*👬6⃣. Адамдын адам болуп жашоосу айлана -чөйрөгө көз каранды.  Жакшы жолдо,туура,адал эмгек иштерде бөлүүшүдө жакшы досторго муктажбыз. Адамдын кандай экенин досунан бил дегендей дос тандоодо жаңылбаңыз. Жакшы дос бейиштин бакчаларына жетелейт,жаман дос караңгыда жоголуп ,күн чыкканда пайда болуп шайтандын отуна жетелейт...*_

_*💻7⃣.  Азыркы техника өнүккөн заманда интернеттин уулу торунан абайлаңыз. Өкүнүчтүүсү убакыттын көп бөлүгүн, жаштар дегиле адамзаттын барысы сарптап коюп жатышат. Интернетти пайдалуунун жолун билиңиз,өзүңүзгө керек маалыматты алып болгондон кийин компьютирңизди дароо жаабууга аракет жасаңыз. 1-2 саат китеп окуп койууну адат кылыңыз. Айрыкча Жараткандын ыйык Куранын окуп, маанилерине ой жүгүртүң. Анда катылган сырларга күбө болосуз . Куран окуу менен  үйүңүздөгү ,шайтан -жиндерден арыласыз,жан -дүйнөңүз тынчтанып, үйүңүз нурга бөлөнөт....*_

_🙌�Бул кеңештер буйурса сизге күмүш сырга болот деген үмүттөбүз. Ар ким  жашоосунадагы жагдайларга карап пландарды өзгөртүп, убакытты туура пайдалана берсин. Сөзүбүздүн аягында мусулман бир тууганым убакыт сизди эмес, сиз убакыттын жолдорун кесе билиңиз деп тилеп калабыз! Аллах Таалам өмүрбүздүн мүнөт,секунттарын бекерчилик,адашуудан сактап,беркелүү барктуу болуусун ар бирибизге насип кылсын. Эч ким "аттиң "!деген сөздөргө муктаж болбой бактылуулук менен жашоосун өткөзүп,  акыретин сүйүүнү,жылмайу менен тосуп алсын!_

👤Насиба Абдуллаева.

©БАКТЫЛУУ ФОРМУЛАСЫ

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жыл сайын 31-октябрда белгиленген бул майрам Америка Кошмо Штаттарында жана Канадада кеңири тараган. Бирок Хэллоуинге байланыштуу каада-салттар дүйнөнүн чар тарабына жайылган. Айрым жерлерде, аты эле башка болгону болбосо, рухтардын дүйнөсү менен, анын ичинде арбактар, сыйкырчы аялдар, жез кемпирлер, ал тургай жин-шайтандар менен байланышкан ушу сыяктуу майрамдар белгиленет.

           Мындай майрамдар ар кандай кудайларга жана ата-бабаларына сыйынган байыркы элдердин ишенген ишенимдеринен улам келип чыккан. Хэллоуин негизинен америкалыктардын майрамы деп саналса да, аны белгилегендердин саны жыл өткөн сайын өсүүдө. Бирок, алар Хэллоуинде колдонулган, көпчүлүгү сыйкырдуу күчтөр менен байланышы бар символдордун, жасалгалардын, каада-салттардын ар кайсы кудайларга сыйынган байыркы элдер ишенген нерселерден келип чыкканын билишпейт.

         «Хэллоу» деген англисче «ыйык» дегенди билдирген байыркы сөз. «Ол хэллоус дэй» (Бардык ыйыктардын күнү) майрамы өлгөн ыйыктардын урматына деп белгилешет. Анын алдындагы кеч «Ол хэллоу ивин» (Бардык ыйыктардын кечи) деп аталчу, кийин «Хэллоуин» деп аталып калган.

         Ирландия менен Шотландияда жашашкан байыркы кельттердин каада-салтын карманган жана Табиятты кастарлоого негизделген Викка динин туткан миңдеген адамдар Хэллоуинди Самайн деген байыркы аты менен аташат жана аны жылдын эң ыйык түнү деп эсептешет. Хэллоуин сыяктуу майрамдар Ислам шариятына таптакыр каршы келет.

ХЭЛЛОУИНДИН ТАРЫХЫ

         Б.З.Ч. 5-КЫЛЫМ – Кельттер Самайн майрамын октябрдын аяк ченинде белгилешчү. Алар ошол күнү арбактар, рухтар, жин-перилер жер үстүндө демейдегиден көп жүрөт деп ишенишчү.

         Б.З. 1-КЫЛЫМЫ – Римдиктер кельттерди басып алгандан кийин алардын Самайн майрамында кылынган, жиндер менен байланышууга жаткан каада-салттарын өздөштүрүп алышкан.

         Б.З. 7-КЫЛЫМЫ – Рим папасы Бонифаций IV азапкечтердин урматына Бардык ыйыктардын күнү деген майрамды негиздеп, аны жыл сайын белгилөөгө буйрук берген.

        Б.З. 11-КЫЛЫМЫ – Маркумдарды эскериш үчүн ноябрдын экиси Бардык жандардын күнү деп аталган.

        Б.З. 18-КЫЛЫМЫ – Хэллоу ивиниң деп аталган майрам биринчи жолу бир адабиятка Хэллоуин деп жазылып чыккан.

        Б.З. 19-КЫЛЫМЫ – Ирландиядан Кошмо Штаттарга көчүп барган миңдеген адамдар өздөрү менен кошо Хэллоуинге байланыштуу каада-салттарын ала барышкан. Убакыттын өтүшү менен алар Улуу Британиядан, Германиядан, Африкадан жана башка жерлерден баргандардын каада-салттары менен аралашып кеткен.

        Б.З. 20-КЫЛЫМЫ – Хэллоуин Кошмо Штаттарда кеңири тараган жалпы элдик майрам болуп калган.

      Б.З. 21-КЫЛЫМЫ – Хэллоуин майрамы дүйнөлүк соода-сатык тармагына миллиарддаган долларларды түшүргөн майрамга айланды.

Хэллоуинге байланыштуу каада-салттардын жана символдордун келип чыгышы:

           КАН СОРГУЧ, КАРЫШКЫР КИШИ, СЫЙКЫРЧЫ, ЗОМБИ: Буларды эзелтеден каардуу рухтар менен байланыштырып келишкен.

            МОМПОСУЙ: Байыркы кельттер каардуу рухтарды таттуу менен жоошутканга аракет кылышчу. Кийинчерээк чиркөө Бардык ыйыктардын кечинде майрамдагандарды өлгөндөр үчүн тиленип берерин айтып, үймө-үй кыдырып тамак сураганга үндөй баштаган. Акыры, бул Хэллоуинде кылынчу салтка айланган.

           КИЙИМ: Кельттер, каардуу рухтар адашып, тийбеши үчүн, коркунучтуу бет кап кийип алышчу. Чиркөө кийин Бардык жандар жана Бардык ыйыктар деген майрамдарына ар нерсеге сыйынган элдердин жөрөлгөлөрүн кошуп салган. Кийин андай майрамдарда ыйыктарга, периштелерге, жиндерге окшоп кийинип, үйлөрдү кыдыруу адатка айланган.

          АШКАБАК: Каардуу рухтар жолобошу үчүн, шалгамды оюп, ичине шамды күйгүзүп салып коюшчу. Шам күнөөдөн тазалануучу жайдан чыга албай жаткан жанды билдирет деп эсептелчү. Кийин ашкабак көбүрөөк колдонулуп калган.

Шарият эмне дейт?

         1-Пайгамбарыбыз саллалаху алайхи васаллам айтат: «Ким кайсы коомго окшошсо, ал ошол коомдон болот!» (Ахмад 2/50, Абу Дауд 4031, ат-Тахави 231, аль-Байхаки 1199). Мушриктердин Хеллоуин майрамын майрамдоо менен аларга окшошуп калуудан абайлоо керек.
         2-Ысраптан качуу. Аллах таала айтат: «…Жегиле, ичкиле жана ысырап кылбагыла!..» (Аъраф сүрөсү 31-аят). Бул майрамда шан-шөкөткө жана кийим-кечеге көптөгөн акча каражаттары менен убакыт талап кылынат. Акча менен убакытты ысырап кылгандыгы үчүн да чөң күнөөгө батат.
       3-Алдамчылык. Бул майрамда жок, жалган нерселер менен адамдардын ишенимине бүлүк салгандыгы үчүн да күнөө болуп саналат. Анткени, шариятта үч учурда гана жалган айтууга уруксат берет: «Күйөсү аялын ыраазы кылуу үчүн, согуш учурунда душмандарды алдоо үчүн жана адамдарды жараштырып коюу максатында жакшы, жаман сөз айтса жалганчы эмес». (Ахмад 7/459, ат-Тирмизи 3/127.)
         4-Арам ичимдиктердин ичилүүсү, баңги заттардын колдонулуусу, адепсиз бийлердин бийленүүсү бул майрамдын тыюусуна дагы да тыюу кошот.
          5-Аллах таала: «…Жакшылык жана такыбаа иштерде бири-бириңерге жардам бергиле. Душмандык менен күнөө иштерде бири-биринерге жардам бербегиле. Аллахтан корккула! Аллахтын азабы катуу!» (Маида сүрөсү 2-аят) деп айткандыктан, мындай жаман иштерди уюштурууга да жардамдашпоо керек.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


✍Сабыр - Аллаху тааланын тагдырына ыраазы болуу, жазганына, бергенине каршы чыкпоо дегенди билдирет. Арыздануу ниетисиз башка түшкөн кыйынчылыктарды айтуу сабырсыздык болбойт.
✨Сабыр - бардык жакшылыктардын ачкычы. Дүнүйөгө келгенден баштап бардык ийгиликтерге сабыр менен гана жетүүгө болот. Баланын чоңойуусу, илим алуусу, жетилүүсү сабыр кылууга байланыштуу. Жакшы адам болуу, жакшы мусулман болуу сабыр менен ишке ашат. Динибиздин улуулары: *«Сабыр - бүткүл жакшылыктардын, ал эми шүгүр - бүткүл берекелердин ачкычы. Кимде ушул касиеттер болсо эң бийик руханий даражаларга жетет»,* - деп айтышкан.
✨Хазрети Абдуллах ибни Аббас кызынын кайтыш болгонун укканда алгач: *«Инна лиллах ва инна илайхи ражи-ун»* деп, анын артынын «Ал махрам эле, Аллаху таала аны пардалады; жардамга муктаж эле, камкорлугуна алды; биз үчүн зыяпат эле, аны бизден мурда жиберди», - деди да эки рекет намаз окуду. Намаз окугандан кийин «Аллаху тааланын Бакара сүрөсүнүн кырк бешинчи аяти каримасындагы *"Сабыр кылып жана намаз окуп жардам сурагыла”* деген буйругун аткардык», - деген.
✨Сабыр - диндин жарымы. Намаз болсо - диндин тиреги. Бул экөөнө жармашкан адам көздөгөнүнө, максатына жетет. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: *«Сабыр кылган адам жеңишке жетет»,* - деп айткан.
✨Хазрети Абдуллах Муртайиш: *«Бүткүл иштердин натыйжасынын пайдалуу жана саламаттуу болуусу үчүн эки шарт бар. Алар - сабыр жана ыкылас»,* - деп билдирген.
✨Хазрети Исмаил Факируллах: *«Тобокел кылуу, таслим болуу, сабыр кылуу жана ыраазылык билдирүү Аллаху таалага баруучу жолдун негиздери»,* - деп билдирген.
✨Ал эми Яхья бин Муаз хазреттери: *«Кыямат күнү кедейлик жана байлыктын өзү өлчөнбөйт. Кедейликке канчалык сабыр кылганына жана байлыкка канчалык шүгүр кылганына карап адам эсепке тартылат. Маселе өтө кедей же бай болгонунда эмес, көп сабыр кылганында жана көп шүгүр кылганында,»* - деген.
✨Абу Али Даккак хазреттеринен: *«Сабыр деген эмне?» - деп суралганда, жообунда мындай дейт: «Сабыр – дары катары колдонулуучу ачуу бир дарактын аты. Сабырдуу адамдар дүнүйө менен акыреттин үстөмдүгүнө ээ болуп кутулат. Анткени алар "Аллаху таала менен бирге болуу” даражасына ээ болушкан. Ошондуктан, Аллаху таала Тур сүрөсүнүн төртүнчү аятында: «Аллах күмөнсүз сабыр кылуучулар менен бирге»,* - деп айтылган.
Сабырдын аныктамасы жана чек арасы – тагдырга каршы чыкпоо. Бир адамдын өз башына түшкөн бактысыздыктарын башкага айтуусу эгер арыздануу максаты менен болбосо, бул сабырсыздык болбойт. Аллаху таала Аййуб алейхиссалам кыссасында: *«Биз анын сабырдуу экенин көрдүк, ал кандай гана керемет кул»,* - деп мактаган. Анткени менен, Анбия сүрөсүнүн 83-аятында Аййуб алейхиссаламдын кабар берүү максаты менен *«Башыма бул дарт келди» дегенин да айткан. Бул үммөттүн алсыздары уруксат кылынган гана нерселер менен амал кылып кысылбасын деп жана өздөрүн эркин сезсин деп Аллаху таала Аййуб алейхиссаламдын «Башыма бул дарт келди» дегенин билдирип, мындай нерселерди кабар берүү максаты менен айтууну харам кылбады.»*
✨Абдулкадир Гейлани мындай дейт: *«Кулдун Аллаху таалага болгон сүйүүсү чыныгы же алдамчы экенендиги башына кыйынчылык келген кезде белгилүү болот. Башка кыйынчылык келгенде сабырдуулук көрсөтүп, тынчтыгын сактай билсе, ал кул Аллаху тааланы чындап сүйөт дегенди билдирет. Кыйынчылык менен кедейлик келгенде сабырдуулук көрсөтө билүү бул сүйүүнүн белгиси жана далили. Бир адам Пайгамбарыбызга "саллаллаху алейхи васаллам” келип: "Мен сени жакшы көрөмүн”, -дегенинде, Пайгамбарыбыз: «Анда кедейликке дайын бол»,* - деп айткан.
Абалыңарды арызданбагыла. Сабыр кылгыла, жалакайлык кылбагыла. Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн көрсөтүлгөн сабыр менен чыдамкайлык эч качан жоопсуз калбайт. Ошондуктан, бир жолу болсо да сабыр кылгыла, ошондо сөзсүз түрдө узак жылдар бул сабырдын жакшылыгын көрөсүңөр. Өмүр бою "баатыр” атанып, аты чыккан адамдар бул аттакка бир көз ирмемдик баатырдыгынын аркасында ээ болушкан.»
✨Ахмед Йакдест Журйани хазрети мындай деген: *«Бул дүнүйөнүн негизи кыйынчылыктан куралган. Кыйынчылыктын сабыр кылуудан башка дабасы жок, чыдоодон башка кутулуу жолу жок. Сабырдын өзгөчө бул үч түрү өтө маанилүү: Хакка ибадат кылуудагы сабыр, күнөө кылбоого сабыр, балээ менен кыйынчылык учурундагы сабыр.»*
*«Адамдын күнүгө башына келүүчү бардык абалдары Аллаху тааланын каалоосу жана жаратуусу менен болууда. Ошондуктан, өз каалоолорубузду Анын каалоолору менен шайкеш келтирүүбүз керек. Туш болгон ар бир абалыбызды өзүбүз талап кылып, издеп тапкан нерсебиз деп билүүбүз керек жана буга жеткенибизге кубануубуз керек. Чыныгы кулчулук ушундай болмок. Эгерде кул болсок, ушундай болуубуз керек! Антпесе, кулдукка моюн сунбаган жана Жаратуучуга каршы чыккан болобуз. Аллаху таала хадиси кудсиде: «Менин белгилеген кырсык жана тагдырыма ыраазы болбогон, жактырбаган жана жиберген балээлериме сабыр кылбаган кул менден башка Кудай издесин. Жер бетинде кулум катары жүрбөсүн!» деп буйрук кылган.»*


Бизге катталыңыздар!  

▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒
⚡ facebook.com/Formulasy
⚡ ok.ru/formulasy
⚡ vk.com/formulasy
⚡ instagram.com/formulasy
⚡ youtube.com/FormulaKG
⚡ plus.google.com/ FormulaKG
⚡ formulasy.blogspot.com
⚡ WhatsApp: +996700334493

©‍‍‍ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

✍Куулук - жалганчылык, көз бойоочулук, алдоо, жаңылтуу деген маанилерге келет. Бир нерсени башкача көрсөтүп адамдарды алдоо деген сөз. Бул өз кезегинде жаман мүнөзгө жатат жана арам болуп эсептелет. Расулуллах алейхиссалам буудай сатып отурган бир кишинин буудайына мубарек манжаларын салды да төмөнкү жагынын сууланганын көрүп: «Мунуң эмне?» - деп сурады. Сатуучу адам: «Жамгыр суулап жиберген го»,- дегенинде: «Эмне үчүн сууланган жерин жашырып көрсөтпөй жатасың?
Куулук кылган адам бизден эмес», - деди. Хазрети Имам Газали «Кимия-и саадет» китебинде мындай деген: «Куулук менен ырыскынын көбөйбөй турганын жакшылап билип алуу керек. Балким, мал-мүлктүн колдон чыгуусу мүмкүн. Куулук менен аз-аздап жыйналган нерсе күтпөгөн бир балээ менен толук жок болуп, артында жалгыз гана күнөөлөрдү калтырат. Бир сүт сатуучу адам сүтүнө суу кошчу эле. Бир күнү күтпөгөн жерден суу ташкын болуп, уйу сууга агып кетет. Алиги адам шашкалактап, ойлонуп турганда баласы: *«Ата, сүткө кошкон сууларыбыз жыйналып, сел болуп уйду алып кетти»,*- деди. Расулуллах алейхиссалам да: *«Соодага кыянат аралашса берекет кетет»,*- деп айткан.

Береке – аз мүлктүн көп пайда алып келүүсү, көп ишке жароосу деген сөз. Аз гана мүлк берекелүү болсо көптөгөн адамдардын ырахатына, көптөгөн жакшы амалдардын ишке ашуусуна жарайт. Ээсинин дүнүйө менен акыретте жамандыкка учуроосуна себеп боло турган көптөгөн берекесиз дүнүйө-мүлктөр бар. Мындай болгон соң мал-мүлктүн көп болушун эмес, берекелүү болуусун тилөө керек.

✨Береке ишенимдүү, адилеттүү адамдарда болот. Көбүнчө ишенимдүү соодагерлерде болот. Анткени, ар бир кардар (сатып алуучу) ишенимдүү сатуучуга барат. Кыянат кылуучуларга (куулук кылгандарга) эч ким барбайт. Өмүрү жүз жылдан ашпай тургандыгын ар бир сатуучу ойлоосу керек. Ал эми акыреттин соңу жок. Бир нече күндүк өмүрдө алтын менен күмүшүн көбөйтүү үчүн түбөлүк өмүрүн ким эле зыянга түшүргүсү келет. Мындай ойлогон сатуучу кыянат кыла албайт. Расулуллах алейхиссалам мындай деди: «Ла илаха иллаллах дегендер дүнүйөнү дининен жогору койбосо Аллахтын азабынан (каарынан) кутулган болот. Динди таштап дүнүйөгө жабыша турган болсо, бул тавхид калимасын айтканында Аллаху таала аларга: «Жалган айтасын», - деп айтат».

Куулук кылбоо – парз. Куулук кылуу жана аны жашыруу - харам. Өлчөгөндө, таразага тартканда куулук кылбай, туура өлчөө керек. Мутаффифин сүрөсүнүн биринчи аятында :

 «Бергенде* *кем кылып,алганда артыгы менен өлчөгөндөргө оор азаптарды кыламын»*- деп айтылган.

Дин аалымдары ар алгандарын бир аз кемитип, бергендерин бир аз ашыгы менен өлчөшкөн. *«Бул аз гана айырмачылык тозок менен арабыздагы парда» дешкен. Муну дал өлчөй албоо коркунучунан жасашчу. «Жети кабат жер менен жети кабат асмандын аймагындай Бейишти бир нече тыйынга саткандар эмне деген акмак, жана бир нече арпа даны үчүн Тозок азабына дуушар болгондор эмне деген акмак!» дешчү эле. Расулуллах алейхиссалам эмне сатып алса да акчасын бир аз ашыгыраак берчү. Фудайл бин Ийад хазреттери уулунун соодада колдонулган алтындарынын кирин тазалап отурганын көрүп: *«Эй уулум, Бул жасап жаткан ишин сага эки нафил ажылыктан жана эки умрадан да пайдалуу»,* - деди.

Дин улуктарыбыз мындай дешкен:

Жамандын эң жаманы – алганда көп, сатканда аз кылып өлчөгөндөр. Кездеме алганда бошотуп, сатканда тартып өлчөгөндөр да ушундай. Сөөгүн адаттан тыш көп салып жиберген касапчылар да ушундай болот. Дан эгиндеринин ичине топурак аралаштырып саткандар да ушуга жатат. Товардын жакшысы менен жаманын аралаштырып бардыгы жакшы деп саткан соодагерлер да ушуга кирет. Булардын бардыгын жасоо арам. Соода-сатыкта бардык адамдар менен туура (адил) катнаш кылуу важип болуп саналат. Жада калса, өзү уккусу келбеген сөздү башкаларга сүйлөбөө керек. Мындай арамдардан оолак болуу үчүн өзүн дин бир туууганынан жогору көрбөө керек.

Жыйынтыктап айтканда, эч кимге калп айтпоо керек, куулук кылбоо керек, өлчөө аспаптарын туура колдонуу керек, жумушчунун эмгек акысын, маңдай терин кургатпай туруп берүү керек. Калп айтуу менен, куулук кылуу менен мал-мүлк көбөйбөйт, берекеси кетет.

*✔Бизге катталыңыздар!* ▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒
⚡ facebook.com/Formulasy
⚡ ok.ru/formulasy
⚡ vk.com/formulasy
⚡ instagram.com/formulasy
⚡ youtube.com/FormulaKG
⚡ plus.google.com/ FormulaKG
⚡ formulasy.blogspot.com
⚡ WhatsApp: +996700334493

©‍‍‍ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Технологии Blogger.