Halloween party ideas 2015


Дыйканчылыктын зекети же үшүрү онго бир дейт ко. Мен бир ислам негиздери тууралуу китептен 20/1 деп да окудум эле. Кайсынысы туура болот?
Жооп: Сиз туура эмес китепти окугансыз же туура эмес түшүнүп алгансыз. Зекетти карызы бар болсо, карызын чыгарган соң берет. Үшүрдө карызга карабайт. Жерден чыккан жемиштин ондон бирин бере берет. Сугарган сууну сатып алып же кыйынчылык машакат менен чыгарып, сугарганда ондон бирдин жарымын – 20/1 берет. Жерди ижарага алсаңыз, мисалы бир гектарды эки миң сомго алдыңыз дейли, анда бул акчаны чыгарып туруп анан бересиз. Бирок тракторго, жумушчуларга мынча төлөгөм деген сыяктуу чыгымдарды чыгарбастан үшүр бересиз.
Мен корейлердин ашканасында иштейм. Бул жерде чочко, кээде иттин эттеринен тамак жасалат. Мен тамак жасайм, бирок даамын да көрбөйм. Өзүн мусулманмын дегендер да келет. Мындан канчалык күнөкөр болуп атам деп сурайын дегем.
Жооп: Ал жерден чыгып башка жерге иштеп кете алганга мүмкүнчүлүгүңүз болсо, табарыңыз менен дароо, эч кармалбастан кетиңиз.
Сизге жазып, суроолорго жооп алгандай сайтыңыз барбы?
Жооп: Орусиядан келген бир-туугандарга деп бир жолу аракет кылганбыз, бирок менин убактым тартыш болуп, келген суроолорго жооп бере албай калдык. Ошондуктан «МаралFM» радиосунан гана 1,5 саат чыгып суроолорго жооп бергенге мүмкүндүк таап атабыз. Андан сырткары жума сайын сабактарыбыз бар. Ушул «Саресеп» гезити аркылуу да суроолорго жооп берип турабыз, ушул гезит аркылуу байланышсаңыз жакшы болот. Сурооңуз олуттуу, мурун жооп берилбеген болсо, жообун аласыз.
Мага чоң атам бир кыз, чоң энем башка кыз таап атат, кайсынысына үйлөнсөм.
Жооп: Кудай Тааладан суранган истихара намазын билесиз. Адам кайсыл жолду тандаарын билбей калган кезде, Пайгамбарыбыз ушул истихара намазын окууга буюрган. Анын дубасын Курандын аяттарын жаттаткандай жаттаткан дешет сахабалар. Сиз биринчи чоң атаңыз тапкан кыз тууралуу истихара намазын окуңуз, андан кийинки күнү чоң энеңиз тапкан кызга окуңуз. Кайсыл истихара намаздан кийин көңүлүңүз жай алып калса, ошого багыт ала бериңиз. Энеси кандай экенин караңыз, эшигинин туткасын караңыз кирби же жокпу, андан кийин үйлөнө берсеңиз, буюрса, жакшы болот.
Жакында машина менен баратып кырсыктап калдым. Соттошуп, сотубуз бүтө элек. Мен кан чыгарып, түлөө өткөрүп коёюн дедим эле. Аны соттон кийин өткөргөнүм туурабы? Жол-жобосу кандай? Бири айтат бышырып тарат деп, экинчиси чийки бойдон деле тарат, үчүнчүсү элге тамак берсе болот дейт.
Жооп: Эми түлөөнүн так жол-жобосу деле жок. Мал союп, эт жемей. Сот бүткөнүн деле күтүүнүн кажети жок. «Түлөө» «тилөө» деген сөздөн келет. Кудайдан тилейсиз. Колуңуздан келсе кыласыз, тартыштык болсо, милдеттүү эмес. Жети, он токоч бышырып деле элге таратсаңыз болот. Аны кылуунун шарты – Алла Тааланы ыраазы кылуу ниетинде, айрыкча колу жука кошуна же медреседе окуган балдарга берсе жакшы. Бирок өзүңөр муктаж болуп турсаңар, өзүңөр союп, өзүңөр жеп, андан кийин дуба кылсаңыздар, кабыл боло берет. Сөзсүз бышырып же чийки таратуу деген талап жок.
Биздин ит төрөп, төрт баласы болду. Күйөөм алысыраак алып бар дегенинен, дарбазанын сыртына чыгарып койсок, экөө өлүп калыптыр. Кийин башынан ысык өтүп, калган экөө да өлүп калыптыр. Өзүбүздү күнөөлүү сезип, бир сыйра ыйлап аябай жаман болдум. Катуу күнөөлү болуп калдымбы?
Жооп: Ит төрөбөйт – тууйт, бала эмес, күчүк тууйт. Албетте, күнөөлүү болуп калдыңар. Тообо кылгыла. Итке ыйлачу эмес, бирок капа болгонуңар жүрөгүңөрдүн тирүүлүгүнөн кабар берет. Мен да Арашан айылында жашап жүргөндө, бир канчык ит жүдөгөн күчүгүн ээрчитип келди. Тамак берип жүрдүк, көрсө бооз да экен. Ал жети-сегизди тууду. Мурдагы күчүгү менен бирге бир короо ит болуп жатып калды. Же куусак кетпейт. Кийин келген коноктор «Чубак ажы ит багып алыптыр» деп жүрүштү. Акыры элге таратып берип кутулдук. Акыркысынан кантип кутулабыз десек, башка айылга алып барып таштап койгула деген кеңеш беришти. Көк-Жар айылынын боюна таштап өтүп кеткем жумушума. Жумуштан кайтып атсам, асфальт жолунун чекесинен машина уруп кетиптир. Мен көп убакыт капа болуп жүрдүм. Өзүмдү аябай күнөөлүү сездим. Үйдө жүрө берсе болмок деп. Итти үйгө эмес, муктаждык болсо, короого бакса болот. Сиздер да короодон чыгарбай эле койсоңор, күчүктөрү торолгондо таратып берип коёт элеңер.
Менин көп жылдан бери бутум ооруп жүрдү. Диагнозу чыкпай молдокеге барсак, жин кирип кетиптир дейт. Акыл-эсим ордунда эле. Жин болушу мүмкүнбү?
Жооп: Мен жин боюнча адис эмесмин. Кээде ошентип айтышат жин тууралуу. Бул маселе боюнча КАСИ мечитиндеги Нурмухаммад карыга жолугуп көрүңүз. Ал сизди карап, диагноз койгонго аракет кылса жарашат. Алла шыпаа берсин сизге.
Мен кыргызмын, бирок Москвада намаз окуп баштагандыктан кавказдык бир-туугандардан үйрөнүп, шафи мазхабында намаз окуйм. Алар бир мазхабдан экинчисине секиргенге болбойт дешкен. Эки жылдан бери Бишкекетемин. Сиздин сабактан таасирленип, өзүбүздүн ханафи мазхабына өтөйүн дейм, бирок өзүмдү күнөөлүү сезип атам. Кантсем болот?
Жооп: Сиз, таксырым, ханафи мазхабына өтүңүз. Себеби биздин аалымдарыбыздын баары ушул мазхабда. Ошентсеңиз башаламандыкка себеп болуудан кутуласыз. Себеби сиздин шафи экениңизди билбей, адамдар «салафи» деп чочуп, жаман көрө бериши мүмкүн. Эгер зарылчылык болбосо, мазхабдан мазхабга өтүү туура эмес. Бирок сиздики – зарылчылык. Себеби элибиздин баары жана аалымдарыбыздын 90%ы ханафи мазхабында. Имам Шафинин кара чечекей шакирти имам Музанинин шакирти имам Тахави ханафи мазхабына өтүп, биздин мазхабдын улуу аалымдык даражасына жеткен.
Эрди-катын уруша кетип, аялы эрин катуу каргап салса эмне болот?
Жооп: Эчтеке болбойт. Эрди-катын урушат, эси кеткен болушат, түнү бирге жатышып, таңга жуук табышат. Ошондой эле болот. Ага капа болбош керек. Бир урушуп койсо эле кыжалат болбош керек. Аял деген алсыз болот, айтып коет. Ушинтип айкансың деп, анын сөзүн кайталап айткан эркек, эркек эмес. Аялды Кудай кандай жаратса, дал ошондой бойдон сүйүш керек. Аны «Эркек кылам, чоң апам, апам кылып алам» деген сөз – болбогон кеп. Ачуусу келгенде унчукпай туруп, ачуусу тараганда сүйгөндү уланта бериш керек. Сен минтип айткансың, моминтип урушкансың деп аялга өчөшүп алган эркектин аялдан айырмасы калбай калат. Мурункуну козгоп, 99-жылы, 88-жылы, 76-жылы ушинткенсиң деп жазып алган эркектер бар экен, тообо. Андайды түштүктө «катын каляш» деп коет. Бул "эркектин касиетин жоготкон" деген сөз. Катын каляш болбош керек эркек деген.
Адамга оору келгенде, күнөөлөрү кечирилет деген хадис жөнүндө айтып берип коесузбу?
Жооп: Бардык кемчиликтен таза Алла өзүнүн сүйгөн пендесине оору берет. Анткени ооруган адам Кудайга жакыныраак болот. Кокустан кетирген күнөөлөрүнөн арылып, жеңилдеп, даражасы көтөрүлөт. Оору берилгенде Кудайга ыраазылык айтып, арызданбастан, көп үшкүрүнүп, онтобостон ооруну конок катары кабыл алган жакшы. Себеби ким оорубаган. Ооруну берген Кудайым, аны өзү алат. Бул да Алла Тааланын сыноосу. Оору даражабызды бийиктете турган тепкич, трамплин деп айтсак да туура болот, урматтуу бир-тууганым.
Устаздан дуба жана насаат
Алла ооруп жаткан бир-туугандарыбыздын баарына, анын ичинде биздин апабыз менен келинчегибизге шыпаа берсин, Москвада өрттөн каза тапкан бир-тууган карындаштарыбыздын балдарын жетимдей кылбасын, Ош-Бишкек жолунда, башка жолдордо тез-тез эле кырсыктагандар болуп атат, алардын жакындарына көңүл айтабыз, өтүп кеткендердин баарын Кудайым Бейиштик кылсын.
Айланайын бир-туугандар, келгилечи, адамча жашайлычы, унааны катуу айдабайлы. Келгилечи, жол тартибин сактайлычы. Ырыскы Кудайдан келет, ал тез айдагандан тездеп кетпейт. Уйкуну кандырып жолго чыгалычы. Бирибизге бирибиз аяр мамиле кылып, жүрөктөрдү оорутпастан, катуу сөз айтпастан, улуу адам бололучу. Кыргыз качан ушинтип калдык эле? Качан бири-бирибизди шашкандан басып өлтүрүп кетип калдык эле?
Урматтуу бир-туугандар, уурдабайлычы, айрыкча мамлекетибизден уурдабайлычы! Ырыскыны Кудайым берет. Кудайым берген ырыскыдан ашыгын оозуңа тыгып жей албайсың. Сенин ырыскың башка биринин оозуна кирип кетпейт. Иш-кагаздарын жасалма кылып, акча алган – арам оокат. Бул сага жакшылык алып келбейт. Балаңдан, небереңден, өзүңдөн чыга берет. Кыяматка барганда тозокко түшөсүң. Уурдаган өлүп кетсин, башкага асылбайлы, ар ким өзүбүздү билели. Ар адам өзүн оңдосо, ошондо мамлекет оңолот. Мамлекет болсо биздики. Табаа эмес, тообо кылдым, канча деген элдер мамлекетсиз жүрөт. Миллиондогон элдер мамлекети жок жүрөт. Чоңдорубуз намаз окуп атат. Коррупция кылгандан тыйылалычы. Биз оңолууга ниет кылбасак, анда болбойт. Балам мамлекетти тоноп, пара алып жыргасын деген түшүнүк жок болуп баратат. Адал эмгек менен жан багалы деген түшүнүктү айта берсек, айта берсек, айта берсек, балдардын кулагына кадимкидей кирет. Бул акыйкат сөз. Мамлекетке кошкон негизги салымыбыз ушул. Келгиле, баарыбыз балабызга адал тамак жегенди үйрөтөлү.
"САРЕСЕП"

Отправить комментарий

Технологии Blogger.